бир таанышымдын уйкусун кудай берген да саат кечки 11лерде жатып эртеси куну тушку 3тордо турат. Жолдошу экоо уктай беришет. Курсактары да ачпайт алардын.
Бир күндө канча саат уйку жетиштүү?
#242 22 Август 2014 - 14:05
Мен обедте саат 12 де зоорго туруп жатам, өзүмдөн өзүм уялып, өзумдү зордоп эле, курсагым ачканы үчүн туруп кетем. 1 аптадан бери ушинтип калдым.
#243 22 Август 2014 - 14:47
7-8 саат. Намаздан сон ым этсем 8 саат. Уктай албай калсам 7 саатле уктап калып жатам. Кыргызстанга кетсем. 6 сааттан коп уктай албасам керек.
#244 22 Август 2014 - 16:15
6-7 саат норма болчу. Акыркы кундору коп уктап жатам. Чарчаган окшоймун.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#245 24 Август 2014 - 01:19
Уйку канбоо - ден соолуктун бузулушуна алып барат. Төмөнкү суроолорго жооп берип, толук кандуу эс алып жатасызбы же жокпу, сизге канча уйку жетишпейт, билип алыңыз.
1. Сиз угуш үчүн будильниктин үнү өтө катуу чыгышы керекпи?
А) ооба
Б) жок
2. Будильник шыңгыраганда басып коюп андан ары уктай бересизби?
А) ооба
Б) жок
3. Ойгонгон соң төшөктөн турушуңуз абдан кыйынбы?
А) ооба
Б) жок
4. Кээде будильниктин үнүн укпай да каласызбы?
А) ооба
Б) жок
5. Дем алыш күндөрү башка күндөргө караганда көп уктайсызбы?
А) ооба
Б) жок
6. Өзүңүздүн "тур, жуунуп, жумушка жөнө!" деген буйругуңузду аткаруу жеңилби?
А) ооба
Б) жок
7. Күнүмдүк милдеттериңизди аткаруу сиз үчүн оор жана кызыксызбы?
А) ооба
Б) жок
8. Бош отурганда же гезит-журнал окуганыңызда уйкуңуз келип кетеби?
А) ооба
Б) жок
9. Телевизор көрүп отуруп уктап каласызбы?
А) ооба
Б) жок
10. Чогулушта, лекцияда же театрда отуруп уктап каласызбы?
А) ооба
Б) жок
11. Түшкү тамакты тоё жегенден кийин уйкуңуз келе баштайбы?
А) ооба
Б) жок
12. Эгерде унаага отуруп бир сааттан ашык жол жүрсөңүз үргүлөй баштайсызбы?
А) ооба
Б) жок
13. Машина айдап баратып авто тыгынга туш болгондо уйкуңуз келеби?
А) ооба
Б) жок
14. Бир кружка сыра, бир бокал вино же башка спирт ичимдиги сизге катуу таасир этеби?
А) ооба
Б) жок
15. Сиз бир күндө төрт кружкадан көп кызыл чай же кофе ичесизби?
А) ооба
Б) жок
Эгерде сиздин жообуңузда "ооба" деген жооп 4 же андан аз болсо:
Сиздин уйкуңуз жетиштүү. Сизде эч кандай чарчагандыктын жана уйкунун жетишпестигинин белгилери жок.
5-6 "ооба" деген жооп:
Сиздин да уйкуңуз жетиштүү эле. Кээде гана уйкуңуз канбай калат. Аны ордуна келтирип алуу оңой.
7-8 "ооба" деген жооп:
Сизде уйку канбоонун белгилери бар. Бул сиздин ишиңиздин натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн. Уйкуңуз жакшы канбай, көңүлүңүз бир жерде болбогондуктан, жумушта майда катачылыктарды кетирип коёсуз, айрым нерселерди көз жаздымыңыздан кетирип коёсуз. Мындай учурда сизге кылган ишиңизди кайра-кайра текшерүүгө туура келет.
9-11 "ооба" деген жооп:
Сиздин уйкуңуз көп эле жетишпейт. Жумушта чоң катачылыктарды кетирип коюшуңуз мүмкүн. Атүгүл экинчи жолу текшергениңизде да ошол катаңызды байкабай каласыз. Уйку канбоонун бул деңгээли маанайдын түшүшү, болбогон нерсеге кыжырдануу сезимдери менен коштолот.
12-13 "ооба" деген жооп:
Уйку канбоонун мындай деңгээлинде олуттуу жагымсыздыктар болуп кетиши мүмкүн. Бир гана жумушуңузга эмес, жашоодогу көп нерселерге болгон кызыкчылыгыңыз жоголот. Мындай учурда бирөө менен сүйлөшүүнү да каалабай каласыз. Сизге бардык фильмдер кызыксыз, телеберүүлөр маанисиз, китептер менен музыкалар тажатма сезилип калат. Өзүңүзгө өзүңүз ишенбөөчүлүк сезими пайда болуп, өзүңүздү эч кимге кереги жоктой сезесиз. Бул болсо депрессияга жеткирет. Ал эми депрессияны уйку менен айыктыра албайсыз.
14-15 "ооба" деген жооп:
Мындай упай топтогон адамдар өзүнүн жашоо образын шашылыш түрдө алмаштыруу керек. Анткени, алардын физикалык жана психикалык абалына чоң коркунуч келүүдө. Эгер сиз дагы ушундай адамдардын тобуна кирген болсоңуз, тезинен психологго, невропатологго көрүнүңүз.
***
Ушундай тест бар экен.

В каждой шутке есть доля правды...
#246 24 Август 2014 - 13:37
Ушул кундордо аз эле уктап жатам.
Ой менен алышып атып эле, уйкум качып атат.

#247 24 Август 2014 - 13:49
Мага 24 саат деле норм. Тестен 12-13 ооба деген жооп болду.....((((((((((((
Умей говорить в глаза, a не за спинoй.
#248 30 Август 2014 - 13:11
Уктоонун да
өз эрежеси бар
Жашообуздун жарым бөлүгү уйку менен өтөөрүн эске алганда, убагында уктоо - бул биздин ден-соолугубуздун мыкты болуп, жакшырышына өбөлгө болооруна ынанабыз. Андыктан, ден-соолуктун булагы болгон төмөнкү эрежелерди эсиңизден чыгарбаңыз.
1. Жатаар алдында тамактанбаңыз!
Тамактангандан кийин ал 2-3 саат аралыгында организмге сиңет. Ашказанда тамак сиңирүү процесси нормалдуу өтүү үчүн мээнин активдүү иштеп туруусу зарыл. Ошондуктан, жатаар алдындагы тамактануу ашказандагы тамактын жакшы сиңүүсүнө терс таасирин тийгизип, майдын топтолушуна жана холестериндин пайда болушуна шарт түзөт. Натыйжада, ашказандагы ар кандай оорулардын пайда болушуна жана ашыкча салмактуулукка алып келет.
4. Төшөнчүнү туура тандаңыз!
Сиз ойлогондой, төшөнчү канчалык жумшак болсо, уйку ошончолук жакшы болбойт. Тескерисинче, ден-соолугуңузга залакасы тийбеш үчүн матрац орточо катуу болууга тийиш.
2. Түнкү саат 11ден кеч уктабаңыз!
Организм жакшы эс алыш үчүн жок дегенде 6-7 саат катуу уйкуда болуш керек. Андыктан, өзүңүздүн уктоо убактыбызды жакшы иштеп чыгыңыз. Идеалдуу деп түнкү саат 23төн таңкы саат 7ге чейин уктоо эсептелинет. Эгерде жумушуңузга карасаңыз, анда кечирээк жатып, кечирээк туруңуз. Эң башкысы, саат 2ден 4кө чейинки убакытты өткөрүп албаңыз. Себеби, дал ушул сааттар аралыгында терең уйкуга кирип, жакшы күч-кубат алабыз.
5. Жаздыктын көлөмү жана формасы
Жаздык канчалык жука болсо, ал ошончолук моюн бөлүгүңүзгө жана кыр аркаңызга пайдалуу. Чоң жана жумшак жаздык моюндагы жана ийиндеги өнөкөт оорулардын пайда болушуна алып келет. Мээдеги кан айлануунун бузулушунан улам бат чарчап, ишке болгон жөндөмдүүлүгүңүз начарлайт.
3. Фэн-шуйдун айткандарына көңүл буруңуз
Байыркы кытайлык философтордун айтуусун туура кабыл алыңыз, анткени, алардын айтылган кеп-кеңештери жөн жерден чыккан эмес. Ошондуктан, фен-шуйдун уйкуга байланышкан кеңештерин кулак сыртынан кетирбеңиз. Маселен, түндүк жакты баштанып жатыңыз, керебеттин мандайына күзгүнү койбонуз дегендей…
7. Уктоочу бөлмөдөгү температураны бир калыпта сактаныз!
Жатаар алдында уктоочу бөлмөнү желдетип, абаны алмаштырыңыз. Таза аба терең уйкуга жана тез уктоого жардам берет. Мындан тышкары, мээ кычкылтек менен камсыз болуп, сиз эртең менен мыкты маанайда ойгоносуз.
6. Туура абалда уктоону унутпаңыз!
Ар бир адамдын уктоо абалы ар башкача. Мына ошол туура эмес уктоо абалынан улам ден-соолугубузга чоң зыян келтирип алабыз. Бул нерсени алдын алып жана органдарыңызга зыян келтирбеш үчүн уктаганда оң жак капталыңыз менен кырыңыздан же чалкаңыздан жатыңыз. Такай сол каптал менен уктоо жүрөккө терс таасир этет. Эң негизги туура эмес уктоо абалы - бул көмкөрөсүнөн уктоо болуп эсептелинет. Муну менен биз дем алуу органдарына жана жүрөккө күч келтиребиз.
8. Эртең мененки коңгуроо -
бул организм үчүн стресс
Организм уйкудан акырындык менен ойгонууга тийиш. Анткени, чоочуп ойгонуу организмди жабыркатып, акылыбызга зыян келтирет. Натыйжада, уйкусуздук жана кыжырлануу келип чыгат. Эгерде сиз өз алдынча ойгоно албасаңыз, коңгурооңузга жай, жагымдуу мелодияны тандаңыз жана ал акырындык менен көтөрүлүп отурууга тийиш.
9. Уйкуңузду бөлбөңүз!
Уктаганда уйкуну бөлбөө керек. Биз терең, узакка созулган уйкуда укташыбыз керек! Ошондуктан, уктаар алдында көп суюктук ичпеңиз, эгер ичсеңиз, түн ичинде дааратканага чыгууга туура келет. Ошондой эле белгиленген убактан эрте ойгонуп алсаңыз, кайра уктаганга аракет жасабаңыз, андан көрө пайдалуу иш менен алек болуңуз.
10. Релакс-терапия
Уйкубуздун терең жана узакка созулушу үчүн сиз өзүңүздү даярдап алыңыз. Жатаар алдында жылуу ванна кабыл алып, массаж жасатыңыз же кечки сейилдөөгө чыгыңыз.
Наргиза ЖУМАШОВА
Деген макала бар экен.

Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#249 15 Октябрь 2015 - 10:44
Мен учун 3-4 сааттык уйку жетет. Жаш кезде окуп-иштеш керек деген принципке таянам. Ансыз да бир кун туболук уйкуга кеттебиз.
#251 15 Октябрь 2015 - 10:59
Мен учун азыр беш сааттык уйку жетиштуу.ушундай тартипке конуп да калдым
#252 15 Октябрь 2015 - 14:26
Мен акыркы убакта 6-7 саат уктайм. Сабакка эрте барабыз даъ
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#253 15 Октябрь 2015 - 14:49
Өткөндөрү 10-12 саат уктап жаттым эле жыргап, эми болсо баарын кошсоң 3-4 саат болот окшойт.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#254 15 Октябрь 2015 - 19:25
6-7 саат,андан аз уктасам болбой калат,коп уктасам эзилип калам.)
#257 20 Октябрь 2015 - 17:44
Максимум 6-7 саат, копчулук учурда 3-4 саат уктайт экем. Конуп калат экенсин "сова" болуп))
♔ Aytku(love)a ♔
#258 20 Октябрь 2015 - 17:47
Акыркы убакыттар уйку бузулду
Бул нерсени жонго салуу керек !