Ар бир айым айызы келгенде ооруну сезет. Айырмасы, ал оору биринде жеңил болсо, экинчисинде катуу болот. Бизди ай сайын кыйнап турган бул оорунун себептери жана аны кантип басаңдатуу тууралуу төмөнкү макалада сөз болот.
Себептери
Белгилүү болгондой, ай сайын аялдардын организминде жумуртка клеткасы бышып жетилет. Эгер бойго бүтүү болбосо, ал өлөт. Ал эми организм өзүндөгү ашыкча нерселерден арылууга аракет жасайт: жатындан керексиз ткандарды жана суюктукту бөлүп чыгарат. Ашыкча нерселер жакшы бөлүнүп чыгыш үчүн бул учурда организм булчуңдардын жыйрылуусуна жардам берүүчү простагландин аттуу затты иштеп чыгарат. Эгер бул зат өтө эле көп иштелип чыкса, анда оору менен коштолот. Бул албетте, айыз учурундагы оорунун жалгыз эле себеби эмес, мындан башка да төмөнкүдөй себептери бар:
Гинекологиялык оорулар. Эгер айымдын ички жыныс органдары сезгенген болсо, жыныс органында инфекция болсо, анда айызы келген учурда айым катуу ооруну сезет. Бойго бүтүүдөн сактоочу спираль да оорунун бир себеби болушу мүмкүн.
Физикалык кыймылдын аздыгы. Көп кыймылдабай бошоп калган булчуңдар организмдеги ар кандай өзгөрүүлөрдү оор көтөрөт. Андыктан, айыз келгенге чейин спорт менен машыгуу керек.
Тукум куучулук. Эгер сиздин апаңыз айызы келген учурда ооруга кабылса, анда ушул эле көрүнүш сизде да кайталанат.
Кальцийдин жетишсиздиги.
Организмде кальцийдин жетишсиздиги да айыз учурунда ооруну жаратат. Мындай учурда курамында кльций көп азыктарды көбүрөөк пайдалануу керек. Кальций сүт жана сүт азыктарында,
брокколи капустасында,
төө буурчакта, бадамда көп.
Магнийдин жетишсиздиги.
Магний булчуңдардын калыптагыдай иштешине таасир этет. Эгер организмде магний жетишсиз болсо булчуңдар жыйрылып, айыз учурунда оорутууга жеткирет.
Ооруну басаңдатуунун ыкмалары
- Ысык ваннага түшүңүз
- Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз. Бул жыйрылган булчуңдарды бошоңдотуп,
ооруну азайтат.
- Туздуу, майлуу, таттуу, ошондой эле сүт азыктарын азайтыңыз. Айрыкча айызыңыз башталаарына бир жума калганда. Ал эми жашылчаларды көбүрөөк жеңиз.
- Чөп чайлар, мисалы, ромашканын чайы да оорунун басаңдашына жардам берет.
- Курамында кофеин бар коюу кара чай, кофе, шоколад сыяктуу азыктардан жана алкоголдон качыңыз. Кофеин ооруну күчөтөт, ал эми алкоголдук ичимдиктер суюктуктун бөлүнүп чыгышын жайлатат.
- Айыз келип жаткан учурдагы ашыкча кыжырдануу,
жинденүү, стресс болуу - ооруңузга оору кошот. Андыктан, өзүңүздү тынч алып жүргөнгө аракет кылыңыз.
- Такыр эле оору басылбай койсо, анда таблетка ичүүгө туура келет. Анальгин, баралгин, спазган, но-шпа ооруну басат, бирок буларды көп ичүүгө болбойт.
Айыз учурундагы оору. Мужчинам вход воспрещен)).
#2 24 August 2014 - 04:03
Жакшы маалыматтар экен, рахмат. Эч жери эч кандай оорубайле уйкусу келе бергендер не кылыш керек экени жок бекен?))
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#3 24 August 2014 - 05:03
Коп кыймылдасам айызым келгенде ооруксунууну деле байкабайм,иштебей жургон кездерде бир аз ооруксунуп келчу.Керектуу маалыматтар экен.Бирок,
"Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз"
деген жери ойлонтуп койду.Ысык нерсени басса болот бекен озу тажрыйбалуу чон эжелер жооп берип койсо жакшы болмок.
#4 24 August 2014 - 10:28

Ваннаны келгенге чейин болсо жакшы болуш керек. Келген убакта сууга тушсо коп келет, келген монооту 1-2 кунго узарып кетет менде, жон гана устуртон даарат кылып турганы он, озун жылуу кармаш керек.
Анан ыссык нерсе басуу зыян келтирбейби экен? Озу ооруп келгендер нарагынан ошондой болсо керек. Бироолордон уккан элем келгенде тырышып жатып калат экен... андайда калемпир жеп алышат экен, бул да зыян болсо керек озу?
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#5 24 August 2014 - 10:42
Спираль мн меники катуу ооруп жатат акыркы айларда. Эмне кылыш керек? Толгоо келгендей ооруйт
#6 24 August 2014 - 11:03
Айыз учурда ваннага жатпайт, душка тушуш керек. А то кызыл жаян болгонун аз келгенсип, матка ачык учурда ар кандай инфекция кирип кетиши мумкун. Мен кыз кезимде белим катып, жаным козумо корунгончо ооручу . Обезбаливающий ичип жаным калчу. Кандай кыз болбой калдым оору жоголду. Азыр келип жатканда кыйналбайм,
сезбейм,оорубайм.
#7 24 August 2014 - 14:55
Айыз келген катуу оорутуу бул уже паталогия. Лечение и лечение керек. Жылуу душ кабыл алса болот бирок ванна эмес. Бассейинге тушууго да мумккн эмес. Негизгиси бутту жамбашты жылуу кармаш керек.
Туруу айыз келгенде бир аз ооруксунуу дисеомфорт болот бирок катуу оорутуп келсе дароо врачка корунуп дарылануу керек.
айыз келгенде негизи дары дармек кабыл алынбайт даже лечения алып дары ичип жаткан болсон да убактынчалуу токтотуп турууга туура келет.
Анальгин, Боральгин бул дарылар айызды дароо токтотуп коет.
Ошондуктан кыздар дегеле айымдар оз ден соолугунарга кайдыгер карабагыла.

#8 24 August 2014 - 15:00
Озумо байланыштуу суук кундордо женилиреек журсом ооруйт кээде оорубай келет биринчи келген куну ооруйт белдерим
#9 24 August 2014 - 15:30
Эсимде турмуш чыга элек мезгилде, этек кир келгенде аябай ооручу. Бир кун кечке буктолуп жатчумун.
Айызым жакындаган сайын журок сыгылчу.
Тан калычтуусу турмушка чыккандан кийин ошол оору калды. Келээрде бир аз билинет бирок мурдагыдай эмес.
Айыз мезгилде ванна кылуу болбосо керек.
Душка тушуу менен женил даарат алуу жакшы.

#10 24 August 2014 - 15:36
Ошо да…
Ваннага түш дегени мени да ойлонтуп койду.
П.С. Бул тармакта адис эмесмин.
Көчүрүп койдум маалымат үчүн.
Ваннага түш дегени мени да ойлонтуп койду.
П.С. Бул тармакта адис эмесмин.
Көчүрүп койдум маалымат үчүн.
В каждой шутке есть доля правды...
#11 24 August 2014 - 15:38
Аа, баса.
Мамам айтат:
"Бул оору турмушка чыккандан кийин жок болуп кетет. Т.е. оорубай калат" деп.
Тезирээк турмушка чыгалы.
Мамам айтат:
"Бул оору турмушка чыккандан кийин жок болуп кетет. Т.е. оорубай калат" деп.
Тезирээк турмушка чыгалы.
В каждой шутке есть доля правды...
#12 24 August 2014 - 15:41
Коп кыймылдасам айызым келгенде ооруксунууну деле байкабайм,иштебей жургон кездерде бир аз ооруксунуп келчу.Керектуу маалыматтар экен.Бирок,
"Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз"
деген жери ойлонтуп койду.Ысык нерсени басса болот бекен озу тажрыйбалуу чон эжелер жооп берип койсо жакшы болмок.
Ашказан ооруганда ысык нерсе басуу противо показано.
А, тигини билбедим.
Мен эч нерсе кылбайм да. Көзүмдү жалдыратыыып жүрө берем… Чыдап.
Мурун биринчи күнү ооруучу. Азыр кээде бүткөнчө ооруйт.
В каждой шутке есть доля правды...
#13 24 August 2014 - 15:43
Негизи, эч жер оорубай эле келиш керек. Ооруса, демек суук тийип калган, дарыланыш керек.
#15 24 August 2014 - 16:09
Аа, баса.
Мамам айтат:
"Бул оору турмушка чыккандан кийин жок болуп кетет. Т.е. оорубай калат" деп.
Тезирээк турмушка чыгалы.
Мамам айтат:
"Бул оору турмушка чыккандан кийин жок болуп кетет. Т.е. оорубай калат" деп.
Тезирээк турмушка чыгалы.
Мен да ушинтип коп угам.
Сен да каттуу ооруйсун го сыягы, "тезирээк турмушка чыгалы"-деп калыпсын .
Калып кетсе жакшы болсок.
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны.
Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете,
любит Вас…
#16 24 August 2014 - 19:50
Эч качан ооруу басандатуучу дары ичпегиле,кыздар
!!!Мен бир да дары ичпейт болчум.Себеби бул да табият.Табиятка каршы чыга албайсын.Бир аз чыдап коюу менен бирге ден соолукка кам коробуз.Анан жаман кандарды сыртка чыгартпай дары ичип алсак элестеткиле эмне болот.
#17 24 August 2014 - 20:25
Айыз учурда ваннага жатпайт, душка тушуш керек. А то кызыл жаян болгонун аз келгенсип, матка ачык учурда ар кандай инфекция кирип кетиши мумкун. Мен кыз кезимде белим катып, жаным козумо корунгончо ооручу . Обезбаливающий ичип жаным калчу. Кандай кыз болбой калдым оору жоголду. Азыр келип жатканда кыйналбайм,
сезбейм,оорубайм.
Менде азыр сиз айткандай болуп ооруйт.Келээрине 2 кун калганда эле оорусу башталат.Ал эми но шпа 15-20 мин гана басат
#18 24 August 2014 - 22:48
#19 25 August 2014 - 00:14
Коп кыймылдасам айызым келгенде ооруксунууну деле байкабайм,иштебей жургон кездерде бир аз ооруксунуп келчу.Керектуу маалыматтар экен.Бирок,
"Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз"
деген жери ойлонтуп койду.Ысык нерсени басса болот бекен озу тажрыйбалуу чон эжелер жооп берип койсо жакшы болмок.
Туура ысык нерсени басуу,ооруну басандатат. Бирок бул сиздин ден соолугунузга бир топ эле зыян.Анткени ысык нерсе,канды коюлтуп,катырып коюшуда ыктымал...
Акчасына карап кесип тандаба.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
#20 25 August 2014 - 00:19
Саламатсыздарбы форумчулар,
менин сурайын дегеним торогондон сон канча убакытта айыз келет?

Супер-Инфо
super.kg
видео