Суперстан: Айыз учурундагы оору. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Айыз учурундагы оору. Мужчинам вход воспрещен)).

#1 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   24 Август 2014 - 01:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Ар бир айым айызы келгенде ооруну сезет. Айырмасы, ал оору биринде жеңил болсо, экинчисинде катуу болот. Бизди ай сайын кыйнап турган бул оорунун себептери жана аны кантип басаңдатуу тууралуу төмөнкү макалада сөз болот.

Себептери
Белгилүү болгондой, ай сайын аялдардын организминде жумуртка клеткасы бышып жетилет. Эгер бойго бүтүү болбосо, ал өлөт. Ал эми организм өзүндөгү ашыкча нерселерден арылууга аракет жасайт: жатындан керексиз ткандарды жана суюктукту бөлүп чыгарат. Ашыкча нерселер жакшы бөлүнүп чыгыш үчүн бул учурда организм булчуңдардын жыйрылуусуна жардам берүүчү простагландин аттуу затты иштеп чыгарат. Эгер бул зат өтө эле көп иштелип чыкса, анда оору менен коштолот. Бул албетте, айыз учурундагы оорунун жалгыз эле себеби эмес, мындан башка да төмөнкүдөй себептери бар:
Гинекологиялык оорулар. Эгер айымдын ички жыныс органдары сезгенген болсо, жыныс органында инфекция болсо, анда айызы келген учурда айым катуу ооруну сезет. Бойго бүтүүдөн сактоочу спираль да оорунун бир себеби болушу мүмкүн.
Физикалык кыймылдын аздыгы. Көп кыймылдабай бошоп калган булчуңдар организмдеги ар кандай өзгөрүүлөрдү оор көтөрөт. Андыктан, айыз келгенге чейин спорт менен машыгуу керек.
Тукум куучулук. Эгер сиздин апаңыз айызы келген учурда ооруга кабылса, анда ушул эле көрүнүш сизде да кайталанат.
Кальцийдин жетишсиздиги. Организмде кальцийдин жетишсиздиги да айыз учурунда ооруну жаратат. Мындай учурда курамында кльций көп азыктарды көбүрөөк пайдалануу керек. Кальций сүт жана сүт азыктарында, брокколи капустасында, төө буурчакта, бадамда көп.
Магнийдин жетишсиздиги. Магний булчуңдардын калыптагыдай иштешине таасир этет. Эгер организмде магний жетишсиз болсо булчуңдар жыйрылып, айыз учурунда оорутууга жеткирет.

Ооруну басаңдатуунун ыкмалары
- Ысык ваннага түшүңүз
- Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз. Бул жыйрылган булчуңдарды бошоңдотуп, ооруну азайтат.
- Туздуу, майлуу, таттуу, ошондой эле сүт азыктарын азайтыңыз. Айрыкча айызыңыз башталаарына бир жума калганда. Ал эми жашылчаларды көбүрөөк жеңиз.
- Чөп чайлар, мисалы, ромашканын чайы да оорунун басаңдашына жардам берет.
- Курамында кофеин бар коюу кара чай, кофе, шоколад сыяктуу азыктардан жана алкоголдон качыңыз. Кофеин ооруну күчөтөт, ал эми алкоголдук ичимдиктер суюктуктун бөлүнүп чыгышын жайлатат.
- Айыз келип жаткан учурдагы ашыкча кыжырдануу, жинденүү, стресс болуу - ооруңузга оору кошот. Андыктан, өзүңүздү тынч алып жүргөнгө аракет кылыңыз.
- Такыр эле оору басылбай койсо, анда таблетка ичүүгө туура келет. Анальгин, баралгин, спазган, но-шпа ооруну басат, бирок буларды көп ичүүгө болбойт.

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 24 Август 2014 - 01:09

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   dina   24 Август 2014 - 04:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Жакшы маалыматтар экен, рахмат. Эч жери эч кандай оорубайле уйкусу келе бергендер не кылыш керек экени жок бекен?))
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Jamalym   24 Август 2014 - 05:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Коп кыймылдасам айызым келгенде ооруксунууну деле байкабайм,иштебей жургон кездерде бир аз ооруксунуп келчу.Керектуу маалыматтар экен.Бирок, "Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз" деген жери ойлонтуп койду.Ысык нерсени басса болот бекен озу тажрыйбалуу чон эжелер жооп берип койсо жакшы болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Aygul   24 Август 2014 - 10:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 700
  • Катталган: 06 Апрель 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 12:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Супер"Кыргыз"стан

Просмотр сообщения Jamalym (24 Август 2014 - 04:03) жазган:

Коп кыймылдасам айызым келгенде ооруксунууну деле байкабайм,иштебей жургон кездерде бир аз ооруксунуп келчу.Керектуу маалыматтар экен.Бирок, "Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз" деген жери ойлонтуп койду.Ысык нерсени басса болот бекен озу тажрыйбалуу чон эжелер жооп берип койсо жакшы болмок.


Ваннаны келгенге чейин болсо жакшы болуш керек. Келген убакта сууга тушсо коп келет, келген монооту 1-2 кунго узарып кетет менде, жон гана устуртон даарат кылып турганы он, озун жылуу кармаш керек.
Анан ыссык нерсе басуу зыян келтирбейби экен? Озу ооруп келгендер нарагынан ошондой болсо керек. Бироолордон уккан элем келгенде тырышып жатып калат экен... андайда калемпир жеп алышат экен, бул да зыян болсо керек озу?
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   kyzy   24 Август 2014 - 10:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 06 Август 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2014 20:10

Спираль мн меники катуу ооруп жатат акыркы айларда. Эмне кылыш керек? Толгоо келгендей ооруйт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   LEDI7MERI   24 Август 2014 - 11:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 08 Май 14
  • Соңку аракети: 30 Май 2015 16:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токмок-Москва

Айыз учурда ваннага жатпайт, душка тушуш керек. А то кызыл жаян болгонун аз келгенсип, матка ачык учурда ар кандай инфекция кирип кетиши мумкун. Мен кыз кезимде белим катып, жаным козумо корунгончо ооручу . Обезбаливающий ичип жаным калчу. Кандай кыз болбой калдым оору жоголду. Азыр келип жатканда кыйналбайм, сезбейм,оорубайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   momuntay   24 Август 2014 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 755
  • Катталган: 06 Апрель 14
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 15:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орто Азиядагы Байыркы шаар

Айыз келген катуу оорутуу бул уже паталогия. Лечение и лечение керек. Жылуу душ кабыл алса болот бирок ванна эмес. Бассейинге тушууго да мумккн эмес. Негизгиси бутту жамбашты жылуу кармаш керек.
Туруу айыз келгенде бир аз ооруксунуу дисеомфорт болот бирок катуу оорутуп келсе дароо врачка корунуп дарылануу керек.
айыз келгенде негизи дары дармек кабыл алынбайт даже лечения алып дары ичип жаткан болсон да убактынчалуу токтотуп турууга туура келет.
Анальгин, Боральгин бул дарылар айызды дароо токтотуп коет.
Ошондуктан кыздар дегеле айымдар оз ден соолугунарга кайдыгер карабагыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Gulnazz93   24 Август 2014 - 15:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

Озумо байланыштуу суук кундордо женилиреек журсом ооруйт кээде оорубай келет биринчи келген куну ооруйт белдерим



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Nariste...12   24 Август 2014 - 15:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Эсимде турмуш чыга элек мезгилде, этек кир келгенде аябай ооручу. Бир кун кечке буктолуп жатчумун.
Айызым жакындаган сайын журок сыгылчу.

Тан калычтуусу турмушка чыккандан кийин ошол оору калды. Келээрде бир аз билинет бирок мурдагыдай эмес.

Айыз мезгилде ванна кылуу болбосо керек.
Душка тушуу менен женил даарат алуу жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   24 Август 2014 - 15:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Ошо да…
Ваннага түш дегени мени да ойлонтуп койду.Сүрөт

П.С. Бул тармакта адис эмесмин.Сүрөт
Көчүрүп койдум маалымат үчүн.
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   24 Август 2014 - 15:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Аа, баса.Сүрөт
Мамам айтат:
"Бул оору турмушка чыккандан кийин жок болуп кетет. Т.е. оорубай калат" деп.
Тезирээк турмушка чыгалы.Сүрөт
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   24 Август 2014 - 15:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Jamalym (24 Август 2014 - 05:03) жазган:

Коп кыймылдасам айызым келгенде ооруксунууну деле байкабайм,иштебей жургон кездерде бир аз ооруксунуп келчу.Керектуу маалыматтар экен.Бирок, "Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз" деген жери ойлонтуп койду.Ысык нерсени басса болот бекен озу тажрыйбалуу чон эжелер жооп берип койсо жакшы болмок.


Ашказан ооруганда ысык нерсе басуу противо показано.
А, тигини билбедим.
Мен эч нерсе кылбайм да. Көзүмдү жалдыратыыып жүрө берем… Чыдап.
Мурун биринчи күнү ооруучу. Азыр кээде бүткөнчө ооруйт.
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Neffertiti   24 Август 2014 - 15:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 669
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Май 2017 09:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Скрытенбург.

Негизи, эч жер оорубай эле келиш керек. Ооруса, демек суук тийип калган, дарыланыш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   nagi82   24 Август 2014 - 15:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 14 Март 14
  • Соңку аракети: 10 Апр 2015 09:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жер бетинде

Манада ушул макала керек болчу рахмат автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   orhideya   24 Август 2014 - 16:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 263
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Уроссия гой ))

Просмотр сообщения Sweet-Lika (24 Август 2014 - 15:38) жазган:

Аа, баса.Сүрөт
Мамам айтат:
"Бул оору турмушка чыккандан кийин жок болуп кетет. Т.е. оорубай калат" деп.
Тезирээк турмушка чыгалы.Сүрөт


Мен да ушинтип коп угам. :crazy-girl:
Сен да каттуу ооруйсун го сыягы, "тезирээк турмушка чыгалы"-деп калыпсын . :D
Калып кетсе жакшы болсок. ;) а то таблеткалардын адебин берип атабыз. :crazy-girl:
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Jamalym   24 Август 2014 - 19:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Эч качан ооруу басандатуучу дары ичпегиле,кыздар :unsure: !!!Мен бир да дары ичпейт болчум.Себеби бул да табият.Табиятка каршы чыга албайсын.Бир аз чыдап коюу менен бирге ден соолукка кам коробуз.Анан жаман кандарды сыртка чыгартпай дары ичип алсак элестеткиле эмне болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Angel92   24 Август 2014 - 20:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Просмотр сообщения LEDI7MERI (24 Август 2014 - 11:03) жазган:

Айыз учурда ваннага жатпайт, душка тушуш керек. А то кызыл жаян болгонун аз келгенсип, матка ачык учурда ар кандай инфекция кирип кетиши мумкун. Мен кыз кезимде белим катып, жаным козумо корунгончо ооручу . Обезбаливающий ичип жаным калчу. Кандай кыз болбой калдым оору жоголду. Азыр келип жатканда кыйналбайм, сезбейм,оорубайм.


Менде азыр сиз айткандай болуп ооруйт.Келээрине 2 кун калганда эле оорусу башталат.Ал эми но шпа 15-20 мин гана басат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   LEDI7MERI   24 Август 2014 - 22:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 08 Май 14
  • Соңку аракети: 30 Май 2015 16:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токмок-Москва

Просмотр сообщения Angel92 (24 Август 2014 - 17:25) жазган:

Менде азыр сиз айткандай болуп ооруйт.Келээрине 2 кун калганда эле оорусу башталат.Ал эми но шпа 15-20 мин гана басат

Мен темпалгин иччумун. Бир таблеткасы бир кундук ооруну басчу. Ичип кор может жардам берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Alima96   25 Август 2014 - 00:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 703
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Дек 2018 08:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Jamalym (24 Август 2014 - 05:03) жазган:

Коп кыймылдасам айызым келгенде ооруксунууну деле байкабайм,иштебей жургон кездерде бир аз ооруксунуп келчу.Керектуу маалыматтар экен.Бирок, "Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз" деген жери ойлонтуп койду.Ысык нерсени басса болот бекен озу тажрыйбалуу чон эжелер жооп берип койсо жакшы болмок.

Туура ысык нерсени басуу,ооруну басандатат. Бирок бул сиздин ден соолугунузга бир топ эле зыян.Анткени ысык нерсе,канды коюлтуп,катырып коюшуда ыктымал...
Акчасына карап кесип тандаба.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   pro100.jumka   25 Август 2014 - 00:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 25 Мар 2015 23:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош.ш

Саламатсыздарбы форумчулар, менин сурайын дегеним торогондон сон канча убакытта айыз келет?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 03:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: