Ошол китепте ачуусу келгенде айтса талак тушпойт деп так жазылыптырбы?
??
Ажырашуу (талак). Шариатка ылайык (ханафий мазхабында гана) күйөөсү үч жолу гана катары менен "талак"
деп чын ниетинен айтса, ал ажырашуу үчүн айтылган сөз катары күчү бар болуп эсептелет. Күйөөсү менен аялы ажырашкан болуп саналат жана аял башка күйөөгө чыгып, ажырашып келмейинче кайра никеге тура алышбайт. Ошондо гана мурунку биринчи күйөөсү менен кайра никелеше алат. Бирок биздин коомдо "талак"
(ажырашуу) сөзүн үч жолу айтуу менен үй-бүлөө институтунун бузулушуна алып келип, балдар азап тартууда. Ошондуктан азыркы шарттарда бүткүл мусулман дүйнөсүндө ханбалий мектебинин "үч жолу талак деп айтуу (бир жолу айткандай) бир талак катары эсептелсин"
деген фатвасын (чечимин) алышат. Ошентип катары менен үч жолу айтылган "талак"
сөзү никени бузбайт. Жубайлар үй-бүлөөлүк мамилелерин калыбына келтирүүгө жана никени сактап калуу укуктарына да ээ. Ошондой эле ачууланып жаткан учурда же акыл-эсинен айнып жаткан учурда айтылган "талак"
сөзү дегеле эсептелбейт.
227-228-бетинде жазылган.

Супер-Инфо
super.kg
видео












