Мончону ден соолукту чыңдоочу жай десек жаңылышпайбыз.
Чогулуп алып пайдалуу менен жагымдууну айкалыштырып чер жазыша сүйлөшүп да, ден соолугуна пайда келтирип да турган курбулар көп. Мончо зат алмашууну активдештирет жана иммунитетти көтөрөт экен. Ошондой эле косметологдор бир жолку мончо процедурасы он косметикалык каражатты алмаштыра алат деп эсептешет. Бирок мончонун пайдасы муну менен бүтпөйт. Ал...
Теринин тешикчелерин ачат
Теринин тешикчелери аркылуу белгилүү бир сандагы кычкылтек биздин организмибизге кирет. Мончодогу жогорку температуранын таасиринен терибиздин тешикчелери ачылат да, андан тер менен кошо организмибиздеги шлактар чыгып кетет. Мына ушул үчүн мончодон соң болуп көрбөгөндөй жеңилдик сезилет.
Муун ооруларын дарылайт
Ревматизмди,
радикулитти,
остеохондрозду жылуулук менен дарылаары баарыбызга белгилүү. Демек, мончо бел, муун ооруларын ийгиликтүү дарылайт.
Денени өлгөн
клеткалардан тазалайт
Суткасына тери клеткаларынын 20%ы өлүп, ордуна жаңылары пайда болот. Мына ошол өлгөн клеткаларды алып салуу зарыл. Мончодо бууланган денеден өлгөн клеткалар чыгып, тери жумшак, серпилгич, жаш болуп калат. Эгер денеңизге бал сүйкөсөңүз,
териңиз андан бетер жагымдуу болуп калат.
Арыктатат
Мончодогу жогорку температура кан айланууну тездетет. Натыйжада, май клетчаткаларына кычкылтектин жетүүсү да тездейт. Мончонун бул жааттагы пайдасы, организмде зат алмашуу жакшырат, атүгүл целлюлит жоголот.
Иммунитетти көтөрөт
Жогорку температурада биздин кан тамырларыбыз кеңейет, ал эми кадимки температурада тарыйт. Андыктан, буулануучу бөлмөдөгү 80 градус менен жуунуучу бөлмөдөгү 20 градусту улам алмаштыруу менен биз организмибизди бекемдейбиз.
Демек, бул иммунитеттин көтөрүлүшүнө чоң жардам берет.
Чарчоону жазат
Мончодо чарчоо менен чыңалуу эң сонун жазылат. Дал ушул мончодо гана биз чындап эс алып, жылуулукту организмибиздин ар бир клеткасы аркылуу сезебиз.
Маанайды көтөрөт
Мончодон ачуулуу, бир нерсеге нааразы болуп же жаман маанай менен чыккан адамды кездештирүүгө мүмкүн эмес. Жогорку температура маанайды тез көтөрөт жана жакынкы 1,5-2 саатка чейин тери астындагы клетчатка жылуулукту кармап турат.
Мончого барганда
төмөнкүлөрдү эске алыңыз:
Буу бөлмөсүнө киргенде башыңызга сөзсүз бир нерсе кийиңиз. Эч болбосо сүлгүнү чалма кылып ороп алыңыз.
Бууга кирип чыккан аралыкта суюктук ичип турушуңуз керек: ит мурундун маңызын, чөп чайлардан же жөн гана суу. Канчалык көп суюктук ичсеңиз, тер ошончолук көп бөлүнүп чыгат да, аны менен кошо ашыкча туздар, шлактар сыртка чыгат.
Бууда көп отурбаңыз. Бир жолу узак убакыт отурганга караганда бир нече жолу кирген жакшы.
Жумасына бир жолудан мончого барып турган жакшы.
Мончого барганда кара чай, кофе ичүү сунушталбайт.
Анткени, бул суусундуктардын курамындагы кофеин, танин сыяктуу заттардан организмиңиз жаңы эле тазаланды. Ал эми көк чай ичүүгө мүмкүн.
Мончодо косметикалык процедураларды колдонуу өтө ыңгайлуу. Анткени, маска менен крем бул учурда териге жакшы сиңет.
Мончо шыпыргысы
эмне үчүн керек?
Мончону шыпыргысыз элестетүү кыйын. Андай болсо анын сыры эмнеде? Адистердин айтымында, мончо шыпыргысынын сыры мында:
- ал булчуңдардын,
тери астындагы клетчаканын,
теринин кан айлануусун тездетет
- организмдин зат алмашуу процессин жакшыртат
- тердин жакшы бөлүнүп чыгышын шарттайт
- тери тешикчелеринин жакшы ачылышына жардам берет
Эң негизгиси, шыпыргынын жалбырактарынын курамында бактерияларга каршы касиети бар фитонцид заты жана зат алмашуу процессин жакшыртып, карылыктын алдын алуучу эфир майы бар.
Кош бойлуулук учурундагы мончо
Көпчүлүгүбүз кош бойлуулук учурунда мончого баруу кооптуу деп эсептесек, айрымдар тескерисинче пайдалуу деп эсептешет. Ден соолугунда эч кемчилиги жок айым үчүн мончо коопсуз болушу мүмкүн. Бирок бүгүнкү заманда андай адамды табуу кыйын. Андыктан, кош бойлуу айым мончого барганда сөзсүз түрдө кан басымы көтөрүлөт же түшөт. Бул болсо түйүлдүккө зыян. Анткени, түйүлдүктүн кан айлануусу толук бойдон энесинин кан айлануусунан көз каранды эмеспи. Өзүңүздүн да, балаңыздын да организмине залал келтирүүнүн эмне кереги бар? Айрыкча кош бойлуулугунун алгачкы үч айында мончого көп барган эне баласынын ден соолугун тобокелчиликке салган болот.
Кимдерге жана качан
мончого барууга болбойт?
- бөйрөк, боор ооруларынан жабыр тарткандар
- жүрөк оорусу барлар
- тез-тез муруну канагандар
- астмадан жабыр тарткандар
- дене табы менен коштолгон сасык тумоо учурунда
- ачка жана тескерисинче,
өтө тоюп алганда
Нуриса БАЯЛИЕВА
Мончонун айымдарга кандай пайдасы бар? Же, "Жеңил парыңыз менен!").
#3 24 August 2014 - 17:37
Мммм билип алдык....
Сонун тема го.
Сонун тема го.
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны.
Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете,
любит Вас…
#4 24 August 2014 - 20:45
Мончону суйом го,суйом.Денеге,
бетке арналган ар кандай маскаларды жасап,муздак газдалган суудан ичип коюп отурсан кандай сонун бах-бах
кош бойлууларга болбойт дегенинен азыр барбай калдым.Баргым келип кетти...
#5 25 August 2014 - 15:58
Жакшы кенештер экен. Автор рахмаат ) Билгенинден билбегенин коп деген ушул да
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#7 25 August 2014 - 16:04
Мончого киргенде температура канчалык жогору болсо үшүй берем парга киргенде муздак тер чыгат. Ойлоп көрсөм чыкканга шашат экем. Дарылык касетин ден соолукка пайда экенин билчум кошумча маалымат учун рахмааат!
#8 25 August 2014 - 18:39
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны.
Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете,
любит Вас…
#9 30 August 2014 - 01:43
Ох мончого баргым келип кетти. Лика кыз ушунча көп маалыматтарды кайдан таап аласыз?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#10 30 August 2014 - 02:14
Үйлөнсөм жубайымды мончого, жумасына 2,3 жолу киргизип турам)) Мыкты кеңештер экен...
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#11 30 August 2014 - 02:44
Мончо мага да жагат. Пардын пайдасы да коп негизи. Бирок кан басымы кан айлануусу начар адамдарга мончо кооптуу болуп саналат.
[size="2"][/size]
#12 30 August 2014 - 12:58
Мончо деле жакканына жагат.
Айкош айтмакчы, мен дагы парга кирсем чыйрыгам бир сыйра.
***
А маалыматтар башка эле бир сайттан көчүрүлгөн.
Айкош айтмакчы, мен дагы парга кирсем чыйрыгам бир сыйра.
***
А маалыматтар башка эле бир сайттан көчүрүлгөн.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#13 30 August 2014 - 13:35

Супер-Инфо
super.kg
видео

















