Ар замандын кыздары-деген темада уч замандын кыздарын жазгым келди.Менин таэнем каргашалуу уркунго туш келген экен.Ошондо 7 жашар кыз бел куда делип,кайындап койгон экен.Апатуу уркун баштала баштаганда таэнемдин атасы заман бузулуп турат.Аманатымды тапшырайын мойнумда карыз болуп калбасын деп кызын кудасынын колуна тапшырат.Кудасы уркуп кытайга кызды ала кетет.Кыргыздар учун апаат кун келип жолдо кырылганы кырылып кырылбаганы кытайга жетет.Таэнемдин кайын журту бай киши экен,Кытайда деле жакшы жашап калат .Бирок кыргыздардын шоруу болуп улуу тумоо оорусу каптап кетет.Ошондо таэнем 7 жашар болсо жигитти 8 жашта болот.да улуу тумоодо оору жугуп каза болуп калат.Жангызым олсо колуктусу кара кийет деп кара кийгизип,тескери каратып отургузуп койот.Тескери каратып мандайына узонгу,чылбырды илип берет,киши жок болсо ошолорду кагыштырып ойноп отурчу экен да киши келе атса эне байкуш узонгу чылбырды ойдо илип,ыйла деп кара сандан чымчып узуп чырылдатып озу жанына отуруп ыйлап кошуп калчуу экен.Жыл отуп,отпой эле кайын энесине жугуп ал киши да каза болот.Таэнемеда жугат бирок ал киши сакайып кетет.Ошо кундон кудасын издештирет бирок каранкалгыр заманда кудасын таба албайт.Ал киши да ооруп калганда таэнемди "Балам астымда чункур ороо бар,эгер олсом эч кимге билгизбей казып алтындарды алгын да Ыссы -Колго кайт балам,жакшы адамга туш болуп,алтындарды берип элиме жеткир десен жардам берер балам "деп керез айтып,аттин тар заман жакшынын баары олуп,жаман жум андар калды аларга мен ишенбей турам деген экен.Алысыраак тууганын чыкырып мал жанды сага тапшырдым,мынабу секелек баламды сага тапшырдым,сени кудайга тапшырдым.Колго кайткан адам болсо кошуп жонот бир минги бер да жеп ичип кеткенине бир мал бер,калган мал жан сеники.деген экен.Ал кашини жерге койгондон кийин таэнемди алдап колго адам кетип атат ала кет десем дилде сурап атат атанан калган алтын болсо бер деп талап койот.Кол десе суйунуп бала нерсе байякы орону айтып берет.Алтынды да алып,кичине 10 жашка келип калган го озуно токол кылып нике окутуп алат.Кор азап жер азап менен колго келет.Таэнеме чал бир азап берсе кундоштору бир азап берип коргон куну тозок болот.Таэнем колго келгени ата энеси сураштырып тымызын издоо салат.Чалы угуп калып тикенекти кыйдырып келип жерге тошоп таэнемди жаткырып устуно да тикенекти таштатып туруп камчы менен менен сабатат да чала олтуруп сарайга таштатып койот.Таэнем озуно келгенде тикен кирген жерлер ириндеп баштаган болот Колу жеткен жерлерн эптеп тазалап алат,жетпеген жерлери жанын жеп оорутуп,азап чегет.Итке берген оокатан аз куйуп берип турушат.Ошол учурда колдон бир зайып чыгып,токолдорду боштондука чыгарып аткан болот.Таэнемдин кабары жетип ошол аял издеп келип тапай калат жигиттеине издегиле деп жаман тамга кирсе кашектердин арасында кынылдап чала олук жатат дейт.Ошондо ачуусуна чыдабай жигитерине таэнемди тикенге болотуп кандай урса ошондой кылып чалды урдурган экен.Караколго алып келип больницага жаткырып тикендерин карап туруп тердирген экен.Ошол учурда таэнем тируу олук болуп арыктап адам чыдагыс сасып кеткен экен.Тикендерин терген орус месесетралар ыйлап журуп терген дешер эле.Колдон чыкан азамат зайып таэнемди жакшы кылдырып,окутуп комсомолго откозуп турмуштун козун уйроткон экен.
Таятама жакын тууганы олсо ошонун аялын зордоп алып беришкен экенТаятамдан коп эле жаш улуу болгон дешер эле..Агаларына таарынып Караколго орустарга малай болуп жалданып кирип алат да сабатын жойот.Уркундон аман эсен келишсе заман онолуп бай манаптар жоголуп колдо тынчылык болот.Сабаты бар жигит ишке орношуп тез эле алынып кетет.Камсомолго отот анан таэнеме жолугуп бири бирин жактырып баш кошушат.Таэнем 20 торойт бирок 7 кыз 1 уулу гана тируу чонойот.Мына 1916- жылкы бир кыздын тагдыры.Экинчисин кийинерек жазам.
Таятама жакын тууганы олсо ошонун аялын зордоп алып беришкен экенТаятамдан коп эле жаш улуу болгон дешер эле..Агаларына таарынып Караколго орустарга малай болуп жалданып кирип алат да сабатын жойот.Уркундон аман эсен келишсе заман онолуп бай манаптар жоголуп колдо тынчылык болот.Сабаты бар жигит ишке орношуп тез эле алынып кетет.Камсомолго отот анан таэнеме жолугуп бири бирин жактырып баш кошушат.Таэнем 20 торойт бирок 7 кыз 1 уулу гана тируу чонойот.Мына 1916- жылкы бир кыздын тагдыры.Экинчисин кийинерек жазам.
Аябай кызыктуу экен. Ошол чалды ырас кылыптыр.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















