Зилзала себептерин үйрөнгөн ислам аалымдарынан бири Аллама Суюти жазат:«Зилзаланын болуусуна геологиялык кубулуштардан башка коомдук жашоодогу кубулуштар да себеп болот. Буга далил катары мен, алдын ала айткан кабарларынын бири калбай орундалып келе жаткан пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын төмөндөгү хадисин келтиремин. Ал мындай деген: «Олжо (муктаждык үчүн эмес) шоорат үчүн алынганда, адамдар бирөөнүн аманатын өзүнүн байлыгы катары эсептеп калганда, зекеттер берилбей, (байлардын колунда) чогулуп калганда, илим динден башка максат үчүн окулганда, эркектер аялына моюн сунуп, апаларына жек көрүнүп, досторун кадырсыз кылып (сатып), аталарынан алыстаганда, адамдар мечитте кыйкырып сүйлөп, урууларды пасык адамдар башкарып, элдерди жүзү кара адамдар бийлеп калганда, адамдар кимдир бирөөлөрдү жамандык кылуусунан коркуп «урматтап» калганда, ырчы аялдар жана кылдуу күү аспаптары чыкканда, арак-шарап көп ичилип, бул үммөттүн акыркылары мурдагыларга наалат айтып сүйлөй баштаганда. .. мына ошондо кызыл, оттуу шамалды, зилзаланы, жер жутууну, караңгылыктарды жана ар түрлүү кыйроолорду күтө бергиле!» « ...Ошондой эле пайгамбарыбыз (сав) дагы бир хадисинде мындай деген: «Беш нерсе беш нерсенин келүүсүнө себеп болот: паракорлук жер титирөөлөргө жана жер жутууларга, акимдердин зулуму -кургакчылыкка, зина - бузукулук өлүмдүн көбөйүүсүнө, зекет бербей коюу - туяктуулардын кырылуусуна жана кайсы бир өкмөт башка пикирдеги элге зомбулук кылса, өкмөттүн бул иши бийлик ошолордун колуна өтүүсүнө себеп болот».


Супер-Инфо
super.kg
видео





















