Bizge bul daary jetip kelgin4e dagy kan4a bar.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1581 23 Август 2014 - 23:50
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#1583 25 Август 2014 - 17:39
Иттерге байланыштуу дүйнө жүзүндөгү кызыктуу жана күлкүлүү мыйзам тыюулар.
Канадада иттерге Найк үлгүсүндөгү спорттук кийимдерди кийгизүүгө тыюу салынган. Андоррада да болсо, өз итине кыйкырып жаткан жаранды көрсөңүз, аны ур-токмокко алсаңыз болот. Оклахома штатында иттердин идиш-аягынан тамактануу болбойт. Ал эми Румынияда болсо, эгер сизге ит үрүп, артыңыздан кубаласа, кыйкырбаш керек. Тескерисинче, кайра сүйүнүү зарыл, анткени ит - адамдын досу.

#1584 25 Август 2014 - 17:41
Кызыктуу фактылардан:
Батыш Африкада эң таттуу деп табылган өсүмдүк - Кетемф. Ал кумшекерден 100 000 эсе таттуу келет. Эгер 1 тонна сууга 10 грамм кетемф кошсоңуз дагы, суу өтө таттуу болуп калат. Окумуштуулардын далилдөөсүнө ылайык, адам баласы башка бирөөнүн байкоосу алдында идеалдуу болууга умтулат. Эгер өзүн-өзү тейлөөчү ашканаларга көздөр тартылган чоң сүрөттү илип койсо, адамдар сөзсүз түрдө артынан жыйнаары анык.

#1585 25 Август 2014 - 17:42
Венесуэла дүйнөнүн эң кооптуу өлкөсү деп табылды.
Жарандык коопсуздук көрсөткүчүн чет элдик аналитикалык компаниялардын бири эсептеп чыкты. Белгилүү болгондой, аталган мамлекеттин жашоочуларынын дээрлик 74 пайызы полицияга ишенбейт жана чоңдордун 19 пайызы гана кечкисин сыртка чыгуудан коркпойт. Сурамжылоого катышкандардын 20 пайызы болсо качандыр бир убакта талап-тоноого дуушар болгондугун мойнуна алган. Ал эми Латын Американын эң эле коопсуз өлкөсү деп эксперттер Никарагуаны атоодо.

#1586 25 Август 2014 - 17:43
#1587 25 Август 2014 - 17:44
АКШдагы ресторандардын биринде тамак алдында бата кылган кардарларга арзандатуу берилүүдө.
Кудайга азык үчүн ыраазычылык билдирген адамдар 15 пайыз акча үнөмдөп алса болот. Ошол эле кезде мындай эреже ресторанда көрсөтүлгөн эмес, андыктан кардарлар арзандатуу жөнүндө алгач билишпейт. Ресторандын ээси түшүндүргөндөй, ал жакырчылыкты өз башынан өткөргөн. Андыктан ар бир күнү дасторкон үстүндө отурганың - Жараткандын белеги. Ал эми ошол үчүн ыраазы болуп, тамакты бата менен ачып жүргөн адам сыйлыкка татыктуу.

#1588 25 Август 2014 - 17:46
#1589 25 Август 2014 - 18:50
Аял коляскадагы баласы менен сейилдеп, баңгизат сатып жүргөн.
Тажикстандык жаран Москвада баласы менен сейилдеген маалда баңгизат сатып жүргөн. Анын үйүн тинтигенде, айрандын бөтөлкөсүнөн 600 грамм баңгизатын таап чыгышкан, - деп билдирет маалымдоо каражаттары.
"УФСКНнын Россия жана Москва боюнча кызматкерлери тарабынан 1977-жылкы Тажикстандын жараны баңгизатты таратканы үчүн кармалган. Аял героинди кардарларга атайын сүйлөшүлгөн жерлерге катып таркаткан. Бул кылмышка ал өзүнүн кичинекей баласын алып сейилдемиш болуп билгизбей наркотикти эл көп болчу жерлерге таштап койчу," - деп билдирген аталган уюмдун басма сөз кызматкери.
Анын айтуусу боюнча, ал эл отурган тактайдын астына баласынын бутундагы боону байламыш болуп ката калган учурда кармалган. Анын өзүн тинтигенде жанынан катып койгон 37 грамм героин табышкан.

#1593 26 Август 2014 - 11:07
Бокс боюнча дүйнө чемпиону 7 жылга эркинен ажырады.
Бокс боюнча дүйнө чемпиону - Жеймс Пейдж 7 жылга эркинен ажыратылды. Маалыматтарга караганда, атактуу мушкер банк тоногондугу үчүн айыпталууда. Дүйнөлүк бокс ассоциа́циясынын версиясы боюнча (WBА) 1998-2000-жылдардагы бокс дүйнө чемпиону, былтыркы жылы июнь айында кармалган. Аны түндүк Калифорнияда бир канча банктарды тоногонго катыштыгы бар деп шектенүү менен кармашкан. Ал эми сот жараянында атактуу мушкердин күнөөсү тастыкталып, 7 жылга эркинен ажыратылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, "Могучий Куинн" деген такма ат менен дагы белгилүү болгон мушкер 25 жеңиши, анын ичинде 19 нокаут менен ийгиликке жеткен. Анын артында болгону үч гана жеңилүү бар. Ал дүйнөлүк бокс ассоциа́циясынын версиясы боюнча (WBА) 1998-2000-жылдардагы бокс дүйнө чемпиону наамын алып жүргөн.

#1594 26 Август 2014 - 11:11
Дүйнөдөгү эң мээримдүү эне.
Бүгүн дүйнөдөгү эң мээримдүү Тереза эненин туулган күнү. Ал 1910-жылы албаниялык жемиш сатуучунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Он сегиз жашынан баштап, кечилдик жашоону тандап алат. Калькутта шаарында 20 жыл бою ыйык Мария айымдардын мектебинде сабак берген. 1948-жылы Тереза эне Рим чиркөөсүнөн уруксат алып, эркин кечилдикке өтөт. Аалам кезип кайрымдуулук кылууну максат кылат. 1965-жылдан баштап 20 чактыдай оорукана куруп, 50 миңдей адамды бага ала тургандай даражага жетет. Азыркы учурда дүйнөнүн 111 өлкөлөрүндө 400гө жакын бөлүмү жана 120 өлкөдө 700 кайрымдуулук үйлөрү бар. Тереза энеге 1979-жылы "Нобель" сыйлыгы ыйгарылган. Жүрөгүнө ааламга жетээрлик сүйүүнү батырган - улуу эне 87 жашка чыгып көз жумган. Азыр биз Тереза эненин айтып кеткен миллиондогон адамдардын жүрөгүнө орногон, акыл берметтерине саресеп салып көрөлү:

- Бардык кылган ишиңерди сүйүү менен кылгыла же такыр кылбагыла.
- Эгер силер адамдарды күнөөлөп баштасаңар, анда аларды сүйгөнгө убактыңар калбай калат.
- Сиз бүт дүйнөдөгү тынчтыкты сакташ үчүн эмне кылууңуз керек? Үйгө барыңыз дагы үй-бүлөңүздү сүйүңүз.
- Узактагыларды сүйүү - жеңил, ал эми жаныңардагыларды сүйүү кыйын.
- Сөзсүз эле чоң иштерди жасоонун кереги жок. Биз кичине иштерди дагы улуу сүйүү менен жасашыбыз керек.
- Дартка даба болчу эң маанилүү дары - бул назик сүйүү жана кам көрүү.
- Үй-бүлө күтүш үчүн сүйүү жетет. Ал эми аны сактоо үчүн чыдамкайлуулукка жана кечиримдүүлүккө үйрөнүшүбүз керек.
- Жаныңа келген бардык адамдар өзүн жакшы жана бактылуу сезип кетсин.
- Өзүңдөн канчалык акылдуулукту, сулуулукту жана боорукердикти ача алсаң айланадан дагы ошолорду көрө баштайсың.
- Кудай бизге сыноолорду жеңиш үчүн жиберет. Андан кайрат, күч алып чыңалышыбыз керек.
- Сүйүүнүн нурун бардык жерде чачыңыз. Кайда гана болбоңуз. Эң биринчиден үйүңүз сүйүүгө бөлөнүп турсун.
- Сүйүү деген бардык учурда жетиле турган мөмө. Ага баардыгынын колу жете алат.
- Эң оор жокчулук - жүрөктөгү жокчулук.

#1595 27 Август 2014 - 18:12
Жыландарга болгон аёо сезим 550 гектар аянты менен токойду пайда кылды.
Кумдун үстүндө көптөгөн жансыз жыландарды көргөн индиялык бала, сойлоочулардын жашаганга жери жок деп ойлогон. Анда ал бак-дарактарды өстүрүп баштаган. Бул үчүн ал атайын ошол жерге көчүп барып, ар түрдүү бак-дарактарды жана жашылчаларды отургуза берген. Бүгүнкү күндө бул токойдун аянты 550 гектардан ашат. Учурда анда миңдеген жаныбарлардын түрү жашайт. Кызыгы, Индия бийлиги бул ири токойдун бар экенин 2008-жылга чейин билген эмес.

#1596 27 Август 2014 - 18:13
Эркектин кулагы ичинде көпөлөк бир нече күн жашады.
Улуу Британиянын 43 жаштагы тургуну уктаар алдында китеп окуганды жакшы көрөт. Бул адатынан ал катуу жабыркады. Жарыкка учуп келген көпөлөк анын кулагына кирип, 3 күн бою оорута берген. Оорунун себебин билүү үчүн дарыгерге кайрылган эркек, кулагы ичинде көпөлөк бар экенине таң калууда.

#1597 27 Август 2014 - 18:15
Кытайда кардарларды роботтор тейлөөчү кафе ачылды.
Алар жадакалса тамак-ашты даярдоодо. Мындай кибер-коллектив өзүнүн ишин өтө так аткарат. Кафенин ээси ар бир робот үчүн 6.500 доллар төлөгөн. Бирок аны кубандырганы мындай жумушчулар ооруп калбайт, жумуштан сурана бербейт, айлык акыны көбөйтүүнү талап кылбайт. Аларды болгону 5 саат сайын кубаттап туруу зарыл.

#1598 27 Август 2014 - 18:16
Бириккен Арабия Эмираттарында руль аркасында макияжды оңдоого тыюу салынды.
Чиновниктердин пикиринде, мындай иш-аракет өтө кооптуу. Чачты же беттеги боёкту оңдоо жадакалса телефон менен сүйлөшүүгө караганда, айдоочуга коркунуч келтирет - дешет алар. Эреже бузган аялдар 272 доллардык айыпка тартылат. Мындан тышкары, алар айдоочулук күбөлүктөн 1 айга ажырап калышы мүмкүн.

#1599 27 Август 2014 - 21:02
Колдору башынан да чоң болуп кеткен бала.
Индияда 8 жаштагы Калим (Kaleem) сейрек кездешүүчү оорунун айынан алакандары башынан да чоңойуп кеткен. Маалыматтарга караганда, баланын ар бир алаканы 8 килограмм салмакта. Ал эми билегинен манжаларына чейин 33 сантиметр узундукта. Аны айыктырууга баланын ата-энесинин мүмкүнчүлүктөрү жок. Мындай сейрек кездешүүчу оору менен бала кичинекейинен бери алпурушуп келет. Колдору улам чоңойуп отуруп, ал классташтарынын жана башка балдардын күлө беришкендигинен окуусун үйүндө улантууда. Калим айрыкча бут кийиминин боосун байлап же тамактанууда кашык, вилкаларды кармай албай кыйналат. Атасынын айтымында, болгону эки манжасы гана жакшы кыймылдайт. Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, алар балага кандай жардам берээрин билбей жатышат. Анткени медициналык энциклопедияларда жана интернетте мындай оору катталган эмес. Ал эми баланын ден соолугу жана акыл эси ордунда. Тескеринче эң акылдуу бала катары билишет.

#1600 27 Август 2014 - 21:07
Дүйнөнүн эң ири крокодили кармалды.
АКШнын түштүк жээгинен Алабама дарыясынан эң ири крокодил кармалды. Бул жерге жакын бир үй-бүлөнүн кармаган крокодилинин узундугу 4.5 метр, салмагы болсо болжолу менен 500 килограммдан ашат. Маалымат каражаттары бул крокодилди дүйнөнүн эң чоңу болгондугун жазышууда. Аны жергиликтүү тургун Менди Сток көрүп калып, адамдарга кол салбасын деп аңдып жүрүп, үй-бүлөсү менен кармашкан. Бул жерде негизинен кичине гана крокодилдер кезикчү. Менди ал крокодилдин артынан бир жума жүрүп араң кармаган.
Буга чейинки эң чоң делген крокодил 2007-жылы Техаста кармалып, салмагы 400 килограмм болгон. Андан бери бул чөлкөмдө мындай ири крокодил көрүнө элек болчу.