Окуя болгон жерден 9 миллиметр калибрлүү 6 гильза, уюлдук телефон, кара түстөгү спорт сумкасы табылган.
Оперативдүү маалыматтарга караганда, Алтынбек Арзымбаевди футбол ойноп, үйүнө келе жаткан маалда атышкан. Ага алты ок тийген.
Кара-Көл шаардык кеңештин депутаты Алтынбек Арзымбаев кылмыштуу топтун мүчөсү эместигин 17-июнда маалымат жыйынында айтып чыккан болчу. Анын айтымында, бейбаштык кылуусун Кара-Көл шаарынын мурунку мэри Иляс Эркеев атайын уюштурган. “Ооба, мен жабырлануучуну сол колум менен ургам. Бир жума өткөндөн кийин ал милицияга менин үстүмөн арызданды. Бул Эркеевдин уюштурганы. Мен анын мамлекеттин казынасынан акча уурдагандыгын жана баңгизат сатуу менен алектенгендигин далилдейм ” деди Арзымбаев. Ал соттун чечимине нааразычылыгын билдирип, апелляцияга жазаарын кошумчалаган. Маалыматка ылайык, ал бир жылга шарттуу кесилген. 7-мартта Жин каймана аты менен таанылган Арзымбаев адам өмүрүнө кол салуу жана бейбаштык кылмыштарына шектелип кармалган болчу.
20-августта Ички иштер министри уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар депутаттарды атаган. Алардын ичинде бул инсан дагы бар болчу:
http://www.super.kg/ kabar/news/78379/
Бул адамды ким өлтүрдү? Балким ошол кримдүйнөнүн (достору) өкүлдөрү менен бир нерсе бөлүшө албай калган?
А балким, Кара-Көл шаарынын мурунку мэри Иляс Эркеедин заказы?
Же КРде дагы бир "БОРЕЦ за СПРАВЕДЛИВОСТЬ" чыкты?
Билдирүүнү түзөткөн: Bosaya: 27 Август 2014 - 18:14