Жашоо маңызы ушул экен. Кечээ эле биз да жаңы тутүн булатып турмуш курдук эле. Кечээ эле балдарым чымын-куюн болуп көчөнүн чаңын ызгытып ойноп жүрүштү эле. Бүгүн минтип уулдарым бой жетип, замандын илебиби же буйруганыбы,
улуусунан озунуп кичүү балам үйлөндү. Эч ойдо турган кезде, сюрприз болду ..... Уулдарымдын туруктуу иштеген иши жок эле. Жаштык кылып сезимге алдырып коюшкан экен, келин кош бойлуу болуп келди. Башкаларга окшоп териштиргим келген жок, Алланын буйругу - анысына мейли деп, колдо болгон шартыбызга жараша салтты жасап алдык. Мурун эч нерсени этибар албай жашачу элек, келин келгенден бери жашообуз жаңы нукка өтүп менин жашоомдун жаңы барагы башталды. Сөздүн ачыгы: балдарды жалгыз өстүрдүм, ошол себептүү чечимди да жоопкерчиликти да өзүм кабыл алам. Тапкан да мен, баккан да мен .... Азыр баарыбыз чогуу жашайбыз, колдон келсе бөлүп салат элем, шарт жок. Келиним жакшы чыкты, оокатты айттырбай кылат. Кээде болуп калат анча-мынчалар,
көз жуумп коём. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр татуу мамиледебиз.
Тилегим: экөө ынтымакта болуп көп жашашсын. Уулум жеңил ой м-н сүйлөшүп жүргөн экен. Кызы кош бойлуу болуп калганда мага айткандан коркуп жүрүптүр. Достору андай кылбай айт деп мажбурлашканда гана айтыптыр. Эми турмушту түшүнүп, олуттуу болуп коз карашы өзгөрүп калды. Баягы эркелиги жок, максаты пайда болуп, оокат кылайын, бүлөмдү багайын деп аракет кылып жатат. Буйруксуз аш болбойт деген чын экен. Мен азыр Аллага аябай ыраазымын, келиндүү кылганына, жашым элүүдөн өтүп, баягыдай оокат кыла албай калгам. Кошуна колоң- эл журттун баары ыраазы болуп жатышат уулума рас болбодубу деп. Эл эмне дейт деп чочулаган уулум, элдин колдоосун укканда көңүлү көтөрүлүп, алга умтуулусу, шыктануусу ойгонуп жатат. Мени сүйүнткөн нерсе, үй- бүлөмдүн жакшы нукка багыт алганыбыз, уулумдун жакшы жакка өзгөргөнү, келинимдин жакшы чыкканы, кудаларым м-н тил табышканыбыз .. Бул өмүрдө байлык, мансап роль ойнобойт экен. Дүйнөдөгү чексиз баалуулук -ҮЙ-БҮЛӨ. ҮЙ-БҮЛӨҢДҮН ЫНТЫМАГЫ -. ЖАШООНДУН ЖЫРГАЛЫ Замандаштар,
жашоомдогу жакшы жаңылык м-н бөлүшкүм келди.
- (7 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Келин келди... Келиндин жаңы бүлөгө келиши.
#2 28 Август 2014 - 10:44
Ушул бактыныздын туболугун берсин кудайым.
Мындай олуттуу тема ачпасаныз, сизди жаш форумчулардын катарында гана кабыл алмак экенбиз. Улуу муундун вирт жашоого аралаша, турмуш сабактарынан болушуп турганы бизди кубандырат.
Балдарыныз учун сарптаган эчендеген нервдер, опол тоодой мээнетиниз доолоттуу каарылык менен кайрылып келсин! Буйруса алдей айтып, небере жытын искениз!
Мындай олуттуу тема ачпасаныз, сизди жаш форумчулардын катарында гана кабыл алмак экенбиз. Улуу муундун вирт жашоого аралаша, турмуш сабактарынан болушуп турганы бизди кубандырат.
Балдарыныз учун сарптаган эчендеген нервдер, опол тоодой мээнетиниз доолоттуу каарылык менен кайрылып келсин! Буйруса алдей айтып, небере жытын искениз!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#3 28 Август 2014 - 11:05
Бактылуу уй булоолор кобойо берсин.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#5 28 Август 2014 - 11:37
Эненин бактылуу жузун коруу бул жаш00д0 тени жок бакыт .Уул-келиндериниздин кызматын коруп ,ысык чайын ичип,небелеринизди эркелетип мындай арыда бакытка болонуп журунуз! Эч жамандык корбонуз!
#6 28 Август 2014 - 11:43
Kg.lady (28 Август 2014 - 10:44) жазган:
Ушул бактыныздын туболугун берсин кудайым.
Мындай олуттуу тема ачпасаныз, сизди жаш форумчулардын катарында гана кабыл алмак экенбиз. Улуу муундун вирт жашоого аралаша, турмуш сабактарынан болушуп турганы бизди кубандырат.
Мындай олуттуу тема ачпасаныз, сизди жаш форумчулардын катарында гана кабыл алмак экенбиз. Улуу муундун вирт жашоого аралаша, турмуш сабактарынан болушуп турганы бизди кубандырат.
Чынында улуу муундун замандан артта калбай , вирт. дуйного аралашуусу жаштарды кубандырат!
#7 28 Август 2014 - 12:23
авторду менда жаш элестетип кеттим башын окуп атканда. Уй булоолук бакыт каалайбыз балдарыныздын бактын берсин. жалгыз бой чонойтуп ушу даражага жеткирипсиз сизге рахмат. кудаларыныз менен куулашкан эмес сыйлашкан кудаалардан болунуз эми бул жагына каарылыктын жакшыыы кундорун суруп небере чеберелердин чайын ичиниз
#8 28 Август 2014 - 12:29
Балдарыныздын сыйын коруп балпайган байбиче аталып тордун корку болуп журо бериниз. Ылайым сизге окшогон улуу муундун окулдору форумубузда кобое беришсин!
[size="2"][/size]
#9 28 Август 2014 - 13:16
Eje baktyluu bolunuz, bardyk kyiynchylyktar arta kalyptyr,baldarynyzdyn syiyny korup ech kachan oorubai,baktyluu kaarylyktyn doorunu surunuz!
#10 28 Август 2014 - 13:48
Жараткан бул бактылуу кундорунуздон туболукко айрыбасын.Эки дуйнодо да бактылуу болунуз.
#13 28 Август 2014 - 15:38
Аял жакшы, эр жакшы дейт беле?
Балаңыздын жашоого болгон көз карашын өзгөртүптүр.
Бактылуу болушсун.
Балаңыздын жашоого болгон көз карашын өзгөртүптүр.
Бактылуу болушсун.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#15 28 Август 2014 - 18:22
Балаңыз да таштабай, ал кызды алып сиздин маңдайыңызга келиптир. Шарт жок дебениз, бизге окшогон эки баланыз байлыгыныз бар экен. Алар аман болсо эле баары боло берет. Сиздей түшүнгөн энелердин катары көбөйсүн. Эми жаш үй-бүлөгө жол көрсөтүүчү,
акыл насаат берүүчү акылман эне болуңуз. Үй-бүлөлүк тынчтык, ар бир үйдө өкүм сүрсүн.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#16 28 Август 2014 - 19:16
балдарыныз ылайым эшиктуу,бешиктуу,
кешиктуу болсун. жаштыкта жанылганын туура тушунгонунузго сизге терен таазим
#17 28 Август 2014 - 22:37
Көңүлдү кубанткан мындай калоолорду күткөн жок элем. Баардыгыңыздарга рахмат! Жалгыздын иши жалгыз да... Кантип келин алам, кудага кантип барам?- деп акыркы жылдары көп ойлончу элем.... Анын үстүнө, биринен аша бири дүңгүрөтүп той бергендерди көрүп, аябай санааркачумун.
.."Балдарым иштесе, акча топтоп үй- жайды короону оңдосок, эл катары тойканада той өткөрсөк"
- деп кыялданчумун.
Кудайдын буйругу экен, уулум үйлөнбөсөм болбойт дегенден кийин создуктурбай үч күндөн кийин шар эле апкелип алдык. "Куданыкын кудай камдайт"-
деген чын экен. Дүңгүрөтүп кафеден той бере албасак дагы, үйдөн той берип эл-журттун батасын алдык. Жолубуз ачык болду. Айлыкты карап оокат өтчү эле, керектүү акча да табылды. Бир күндө көшөгөсүн, кийим-кечесин камдадым. Келинге көйнөк тандап, анан Мадинадан көшөгөсүн алып жатсам, саткан келин аябай батасын берди. Көз жашымды токтосо алсамчы... Сүйүнгөнүмдөн бир кубанам, бир ыйлайм...Мен келин болуп барганда раматылык кайненемди абысындары чычалатышыптыр эле, алтынчы келин алып жатасың, толкунданып жатасыңбы деп. Анда кайненем, сыр билгизбей, эмнеге толкунданмак элем, келин алып көнүп калбадымбы деп коюп, машинанын үнү чыкканда карбаластап ыйлап алыпмын деп калчу эле. Раматылык кайненемди да эстедим... Көрсө, келчү жакшылык күттүрбөй келет экен, жашоо шартыңа, материалдык абалыңды карабайт экен. Алеки заматта берип коёт экен жакшылыгын.
Ошондуктан айтаарым, шарт керек, акча керек деп өмүрүңөрдү создуктурбай,
кетенчиктеп,
жакшылыкты качырбай, буюрган маалында кармап калгыла. А акча, байлык, баш аман болсо табылат.....
#18 28 Август 2014 - 22:55
Тай энем айтып калат, жакшылык иш буто берет, эл бар, тууган бар анынсынарындай жакшылык иш оз иизи менен эле бутуп кететда. Алгач ирээт уйунузго баш киргизип, башыныздарга баш кошуп жаткан экенсиз, албетте санаркоо, толкундануу болот. Эми ошол алган келининиз ак жолотой болуп, коп жакшылыктар биринин артынан бири жылоолосун.
А сиз ар дайым биздей жаштардын катарынан алыстабай калдайган караан болуп, кеп-кенешинизди берип турунуз! А баса, келиниздида бул жака жетелей келиниз.
Жалганды коро туруп, кормоксон болгончо, чындыкты чыркырата айтып, олгон жакшы![
#19 28 Август 2014 - 22:55
...
Билдирүүнү түзөткөн: Akul-Kara-chach: 28 Август 2014 - 23:00
Жалганды коро туруп, кормоксон болгончо, чындыкты чыркырата айтып, олгон жакшы![
#20 28 Август 2014 - 23:33
kadam,
Бактыңыздарга көз тийбесин!
Ошондуктан айтаарым, шарт керек, акча керек деп өмүрүңөрдү создуктурбай, кетенчиктеп, жакшылыкты качырбай, буюрган маалында кармап калгыла. А акча, байлык, баш аман болсо табылат
Ушул жазган сөздөрүңүз аябай таасирленти!
Бактыңыздарга көз тийбесин!
Ошондуктан айтаарым, шарт керек, акча керек деп өмүрүңөрдү создуктурбай, кетенчиктеп, жакшылыкты качырбай, буюрган маалында кармап калгыла. А акча, байлык, баш аман болсо табылат
Ушул жазган сөздөрүңүз аябай таасирленти!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
- (7 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »