Бугун коптон бери ачылбай жаткан эски кутучамды таап алдым. Ичинде жаштык кездеги каттар, белектер. Баарын бирден окуп чыгып, бирде кулуп, бирде ыйлап отурдум. Ойлоп корсом, чындыгында бала кездеги суйуу эн таза жана унутулгус экен. Мектепте окуп журуп, далайлаган каттарды алып, ар кайсыл майрамдарда журокчо открытка, белектерди коп алчумун. Апамдарга корсотуудон уялып, уйго келээр менен ушул кутучага салып, кулптап койчумун. Менден кийинки эжем оло шумдук болчу. Жашырган жеримден таап алып, бычак, кайчы иши кылса колуна кирген учтуу нерселер менен сайып журуп ачып алаар эле. Ызама чыдабай ыйлап жатып калчумун. Бир куну мектептен келсем комузум экиге болунуп, сынык жатат. Эшиктен киралбай жатып " баа " - деп эле ыйлап кирдим. Атам Бишкектен сатып келгенине эки ай да боло элек болчу. Эми гана комуз кружогуна барып, маш-ботой, молмолум, кербезим деген куулорду уйронуп жургон кезим эле. Менин ыйлаганымды коруп, эжем да кошо ыйлап кирди. Атам жанысын сатып берет, азыр муну сага супер клей менен жамап берем деп, мени сооротуп жатат. Ого беттер ачуум келип, комузду алып дубалга чаап-чаап жибердим. Майдаланып жер менен бир болуп чачырап калды. Ошол бойдон мен комуз кружогуна барбай койдум, комузду да уйроно албай, арманда кала бердим. Азыр ушул кутучадан ошол комузумдун тумарын коруп, ошол окуяны эстеп кеттим. Каттарды окуп, жан дуйном тазарды. Анткени, ал катта жалан гана аруу суйуулордун ашыктыгы жазылган. Астында жараланган журоктун суроту, сынган бокал, коз жаштын тамчысы, анан мен жакшы коргон эркектер себинген атыр жыттын жыты бар эле. Ал жыты дагы деле кетпептир. Атырындын жытын жактырганымды билип, ар жазган катына себип койоор элен. А мен аны тан атканча жыттап жаткандан тажабачумун.
Ал кезде он биринчи класска кочуп, окуучулук кундордун кызуу доорунда элем. А сен студент. Таанышып калганыбыз деле кызык болгон.
- (2 )
-
- 1
- 2
Алгачкы сүйүү Tema boyuncha: avtorgo taandyk emes
#3 29 August 2014 - 14:48
Сен мени ким бироого окшотуп, артымдан келип козумду жумганынды билем. Чоочуп кетип колунду силкип салдым, а сен адашытырп алганына тан калып, бирде куноолуудой кечирим сурап кирдин. Аябагандай бир дос кызыма окшош экенсин, ошол го.. деп келатып кулуп жибердин. Андан ары мени мектебимден кайтарчу болдун. Жаны жылга эки кун калганда келип, эртеге Бишкекке жоноп жатаарынды айтып, жаны жылда болбошунду айтып, алдын ала куттуктап койойун деп, козумду жумдуруп, мойнума таккан кумуш занжырды белек кылдын. Кетпесем болбойт, ата-энем уйлондуробуз деп жатат, сен окуунду буткончо мен жазга келип калам дедин да коштоштук. Сагынычтарды телефон аркылуу тогушуп суйлошуп журдук. Бир кун эле кокус айылга келип калдын. Сабакта отурсам, бироодон мени чакыртып, чыксам колума тойго чакыруу кагазын карматтын. Нес болуп туруп калдым. Суйлойун десем, оозумду колун менен жабып, баарын озун айтып бердин. Чон атамды ооруп жатат, тез келбесен болбойт деп, ата-энем алдап чакырышыптыр.
Келээрим менен тууган-урук ортого алып, бир кызга куда тушуп койгонун, уйлонушум шарт экенин айтып, акыры кондурушту.
Ата-энемдин созуно конбосом да, чон эне, чон атамдын созун эки кылалбадым,
Баары бутту. Мен уйлонуп жатам дедин. Козумдон аккан жашымды ката албай, унсуз гана жер тиктеп турдум. Айыбым менин окуучу болгонумда,
жашым он сегизге толо элегимдеби дедим. Башынды шылкыйтып, кутууго жол койушпады, болбосо кутмокмун дедин. Мойнумдан кумуш занжырынды чечип, колуна карматтым. Мунун ээси эми башка, мен тага албайм дедим. Колумду артка туртуп, ээси сенсин, мен атайы сага атап алгам дедин. Алалбайм деп, чонтогуно сала бергенимде,
кыздуу болсом атын сен деп койом дедин. Бул занжыр биздин аруу бирок, кол жеткис суйуубуздун символу болуп калсын, мени унутушунду каалабайм. Бул занжырча мени эстетип турсун, а кызыма койгон сенин атыңды мен унутпай журом дедин. Аргасыз башымды ийкеп, кайра алдым да, чуркаган бойдон класска кирип кеттим. Кызыгы тойуна да барып, сырттан коруп келдим. Ал кезде тойлор эшикте болчу эле, уйдун алдында. Ак калпак, ак кийим узун бойуна жарашып, татынакай куйоо бала болуп турупсун. Жанында сен билбеген, тааныбаган колуктун. Андан кызганып турдум сени. Биздин мамилебизди билген айланадагылардын баары мени карайт. Ыйлабаганга аракет кылдым. Эки жагынды каранып, мени издеп жатканынды тушундум. Коздор бир-бирине чагылганда кирпик ирмебей копко тигилип карадык. Микрафондо каалоо айтып жаткан адамдардын созун уккан жоксун. Чыдабай кетип, артыма кайрылып жонодум. Ыйлаганымды коргозуп албайын, эл байкап калбасын деп, чуркап бараттым. А сен артыман чуркап келип, бооруна каттуу басып, унсуз турдун. Эркектин ыйлаганын ошондо биринчи жолу кордум. Аялдын ыйлаганы эч нерсе эмес, бирок эркек ыйлабасын экен. Ыйлар гана суйлошуп жатты.
#4 29 August 2014 - 14:50
Артыбыздан келген менин досум жана сенин досун, сени издеп жатышканын айтты. Бар дедим, бугун сенин тойун, сен эми башканын жарысын деп умутумдун акыргысын узуп, уйумо кете бердим. Ошол бойдон кезикпедик.
Сен уйлонуп эле борборго келе бердин. Жакында соц. тармакатан мага достук жибердин, коштум. Бирок эч нерсе жазбадын, мен да. Жада калса учурашпадын,
балким сага оор болгондур. Мен да тенелип унчукпай койдум. Жалгыз бир суротун бар экен. Озгорбопсун.
Бирок келинчегиндин,
балдарындын суроту жок экен. Саламдашканга алым жетпеди. Бир чети ошол тентек суйуумдон уялдым. Жаш экенбиз да ошол кезде, азыр эстесем кулом. Бирок, сезимде жакшы эскеруу болуп жашап келет. Кызыгы, кыздуу болдун бекен? Атын менчилеп койдун бекен ошол мага табышмак. А кумуш занжырынды куйутумо чыдабай Кадамжай шаарындагы чон каналга ыргытып жибергем..Мени кечир, аманатынды сактай албадым. Бул жазуумду окуп, сен озунду жазбай тааныйсын деп ишенем. Дагы бир ирет кош бол менин суттой таза, жетпей калган, балалык биринчи махабатым!
#5 29 August 2014 - 15:07
Мыкты жазылыптыр.
Бирок суйуунуз арман болуп калганы жаман болуптур.
Внешность - это козырь , но не туз…
#6 29 August 2014 - 15:28
Kudum oz jawoomdu okugandai boldum. Menin suiuktum kai bir kezde. Azyr al kyzduu boldu. Kyzyn atyn menin atymy koiuptur. Ugup suiundum nege birok bilbeim. Maga belek kylgan chynchyryn kyzyna belek kyldym. Baktyluu bol menin tun suium.
#8 29 August 2014 - 15:59
эх соонун тимеле окуй берчу тагдыр экен.сизчилеп мен дагы балалык аруу суйууго кезиккенмин.
алдагы уйлонгон, азыр кызынын аты Мээрим менин атымдан койгону ал мага соз бергени эле. жашоодо дагы ушундай дал келуулор болобу? сиздеги тагдырдын тою кана жок экен мендеги суйуудо.анткени тоюнда орусяда элем. бирок мага кумуш цепочка бергени дагы сиздикине окшошун каран.ал цепочканы тагынбайм азыр.
#9 29 August 2014 - 16:01
озу корчулук эле мектеп суйуулору белеке цепочка танышат окшойт деп койдум.
#10 29 August 2014 - 16:41
Сонун жазылыптыр,
жетпей калганын окунучтуу экен.Бактылуу бол!
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#11 29 August 2014 - 17:10
Тизмектелген суйуу создору, куюлушкан ар бир созу жан дуйнону аралап откондой болду го..
Балалык кездеги суйууну эске салып.....
Автор жетпеген суйуу барктуу жана да аруу таза сакталат дейт эмеспи.
Ар бир пенде суйгонунон ажырабай, бактылуу болгонго эмне жетсин!
Балалык кездеги суйууну эске салып.....
Автор жетпеген суйуу барктуу жана да аруу таза сакталат дейт эмеспи.
Ар бир пенде суйгонунон ажырабай, бактылуу болгонго эмне жетсин!
#18 31 August 2014 - 03:53
Аябай тушунуктуу,
мазмундуу жазылыптыр.
Мектептеги алгачкы суйуулорду да эстеп алдык оушойт...
#19 31 August 2014 - 04:18
Бактылуу бол! Жетпей калган сүйүү барктуу болот экен да...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#20 31 August 2014 - 04:44
Жетпей калган суйуу барктуу болот. Бактылуу бол! Жакшы окуя экен.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео


















