Булар экологдорго өтө оор маселе жаратууда. Андыктан буларды сатууга кээ бир өлкөлөрдө тыюу салынган.
Полиэтилен пакеттерин колдонууга:
- Россияда чектөө жок.
- Данияда акысыз берилген пакеттер үчүн налог көтөрүлгөн, колдонуу 90%га төмөндөгөн.
- Германияда кардарлар колдонулган пакеттерди сатуучуларга кайтарып беришет, сатуучулар кайрадан колдонууга экинчи ирет иштетүүгө беришет.
- Ирландияда мындай пакеттердин баасын көтөрүп салышкан. Колдонуу 94%га төмөндөгөн. Азыр ал жакта материалдан жасалган сумкаларды колдонушат.
- АКШда ири супермаркеттерлерде жана аптекаларда пакеттерди колдонушпайт.
- Сингапур, Бангладеш, Тайвань жана Индиянын кээ бир штаттарында 2003-жылдан баштап колдонууга тыюу салынган. Себеби, пакеттердин айынан суу каптоолор жана канализацияларда тыгынды болгон.
- Танзанияда полиэтилен пакеттерин чыгаргандарга, алып келгендерге, колдонгондорго 2000 доллар штраф же 1 жыл түрмө.
- Занзибар тыюу салынган.
- Австарлияда 2004-жылдын январь айынан баштап полиэтилен пакеттерди колдонууга тыюу салган. Бул пакеттер Австралиянын жаратылышына жаман жагынан катуу таасир берген.
- Англиянын жарандарынын көбү материалдан жасалган сумкаларды жана 4 жыл ичинде биологиялык бузулууга бериле турган пакеттерди, кагаз пакеттерин колдонушат, бирок полиэтилен пакет да колдонулат.
- Латвияда аз колдонуу үчүн налог көтөрүлгөн.
- Кытайда 1-июндун 2008-жылынан баштап калыңдыгы 0,025 ммден аз болгон пакеттерди колдонууга, чыгарууга, сатууга тыюу салынган.
- Италияда 2011-жылдын 1-январынан баштап полиэтилен пакеттерин колдонууга тыюу салышкан. Азыр биопакет же сумкаларды колдонушат.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















