Биз Сулаймандын квартирасына жеткенде орто жашап калган,чынынын сыныгындай,
сөөгү таза бир аял көрүндү.
-Апа!Келиниңизди көрүндүк бербей эле көрүп аласызбы?-Катарлаш келаткан Сулаймандын жолдошу Маркаш аялдын алдын тосту.Четте турган балжуурандай аппак,татынакай тестиер кыздын ботонукундай жайнаган кирпиктүү көздөрү күзгүгө чагылышкан күндүн нурунан бетер,бир Сулайманга,
бир мага жалтылдайт,
кыткылыктап күлөт.
-Берейин алдыңа кетейин,кантип баламдан аянайын.-Эне бетимден аймалап өпкүлөп жатты.
Ыңгайсыз абалда калдым.Астыртан Сулайманга көз чаптырдым. "Апасынын мында экенин айтпай ээрчитип келгенин кара"-дедим ичимен.
-Апаке!Сизди Гүлканга айтпай алып келдим.Болбосо келбейт эле.
-Гүлкан болгонуңдан секет кетейин,уялбай эле кой.Курсагың ачкандыр,олтуруп тамак иччи каралдым.Сен да бирөөнүн көзүңдү карап,көкүлүңдү тараган жалгызы окшойсуң.-Дасторконун жайып,тамак-
ашын калдактап коюп жатты.Өзүнчө эле кимдир бирөогө жалынып жүрөт.
Эне аттуунун баары эле ушундай мээримдүү болсо керек.Карасаң устүмө үйрүлүп түшүп,өз энемден бетер эбедейи эзилип турганын.Байкуш энелердин келини кем акыл чыгып,кендири кесилбесе,балага жазыктуусу жок го.
Маркаш үйлөнүү тоюна арналган чакыруу билетти чыгарып келиптир.Сулайман экөөбүздүн сүрөтүбүздү эки жагына коюп,асты жагына биздин институт менен баягы мен жаткан оорукананын сүрөту түшүрүлуптүр.
Сулаймандын энеси бир опко жадырап тиктеп турду да,анан экөобүздү эки өөп алды.
-Бактылуу болгула,тилеген тилегиңерге,
самаган оюңарга жеткиле.Оо,эгиз козудай окшошкон жамандарым эй...
Сулайман мени узатып чыкканда саат ондон өтүп калган.Ал мени жатакананын алдына жеткирип коюп кайра кайтты.Эртең түшкү саат бирде Сулаймандын квартирасынан жолугушмак болдук.Бая күнү Сулайман экөобүз убадалашкандын эртеси ата-энемден уруксат сурап кат жазганбыз.Эмне үчүндүр катка жооп келбей калды.Ага карабай биздин үйдөгүлөрдү үйлөнүү тоюна чакырып,телеграмма жибергенбиз.
Тойдон кызык тамаша эми болду.Жатаканага бир бутум кирип,бир бутум кире электе швейцар аял атамдын катуу ооруп жаткандыгы жөнүндөгу телеграмманы колума карматты.Түштөн бери таякемдер келип,мени издеп таппай жүрүшкөнүн да айтты.Бир заматта оюм быт-чыт болуп,асман кулап алдыма түшкөндөй болду.Атам өлгөн экен деп ойлодум.Болбосо щмындай коркунучтуу суук телеграмманы кантип жалган беришсин.Кат жазбай жаткандарынын себеби да ошол болсо керек.
Бир тууган таякем ушул жерде иштечү.Бир маалда машина алып таажеңем экөо келип калышты.Иш терс жагына айланды.Мен Сулайман менен жооптошпой жөнөп кеттим...
Өз колхозубуздун чегине жеткенде шофер машинасына суу куйганы токтотту.Талаа көркүнө чыгып,тим эое укмуш болуп кетиптир.Көк жашыл тарткан тилкелер кудум Ысыккөлдүн жайкы толкунундай акырын чайпалат.Айланага суктануу менен көз чаптырып,көөдөн кере дем алдым.Жүрөгүм капысынан аткып алды.Бизден анчалык алыс эмес жерде Сапар окшогон бирөө жанында турган кишиге колун катуу шилтепбак-бак сүйлөп жатты.
-Көзүң жокпу,борозду эмнеге кыйшык салдың.Уктап кетсең керек.Далай картошканын түбүнө жеткен турбайсыңбы?
Мындай борозду биринчи жолу салып жэатканын айтып тигиниси актангансып жатты.
-Тууралап айдасам деле болбой эмнегедир кыйшайып кетет.Анын үстүнө түндүн иши түн экен да.Айдын жарыгы деген менен...
Сапар тракторго секирип чыкты.Мотор күрүлдөй баштады.Айлана шаңга бөлөндү.Тракторист болсо турган ордунда катты да калды.Сапар бизден улам алыстап баратты.Плантациянын башына чыгып кайра тартканда тигил жигит адымдай басып трактордун алдын тосо жөнөдү.
--Сапар экен,-деди жанымда шапкесин колуна кармап,жылаңбаштанып,
костюмун желбегей жамынып турган таякем,көздөрүн бат-бат ирмегилеп.-Жаш да,чарчаганды билбейт.Болбосо талаага түнөгөнсүп ушул убакта ким деген жүрсүн?
Машинага кайра олтурдук.Кыштактын түндүгү түрүлдү.Көчөдө жүргөн адамдардын саны көбөйө баштады.Биздин үй жактан дымыр эткен жан көрүнбөйт.Эшиктин алдында байланган ат,тигилген боз үй бар бекен деп элеңдеп карайм.Дарбазага жакын келип токтодук.Машинадан учуп түшүп,үйдү көздөй жүгүрдүм.
Астра гүлү Зуура Сооронбаева
#22 23 August 2014 - 20:18
Атам төшөктүн жанында чапанын желбегей жамынып отурган экен.Көздөру ары кирип,беттеринин албырган нуру жоголуп,бир кыйла арыктап калыптыр.
-Атакебай,аман- эсен көрдүмбү сени?!-Бакырып басып жыгылдым.Сүйүнгөнүмдөн эмне дээримди билбей суйдаң сыйда сакалынан кайра-кайра жыттап да,бети-башынан тушкелди өпкүлөп да жаттым. А атам болсо адатынча эти кетип сөөгү калган тарамыштуу арбайган арык колдору менен чачымдан сылап,чекемден кор жыттады:
-Секет кетейин королум,келип калдыңбы.Мени эмне кылат элең,ичээримди ичип жээримди жедим.Өзүң жакшы болуп кеттиңби? Ооруган жериң жокпу?Кана көрсөтчү,дөгдүр кайсы жериңди сойду.Энең баарын айтты.Дөгдүрүнө да ыракмат өкмөттүн.
Атам ушул сөздү айтканда жүрөгүмдү бирөө чымчып алгандай тыз дей туштү.Эсиме Сулайман келди.Көзүм чайыттай ачылды.Эртеңки медициналык институтта өтүүчү комсомолдук үйлөнүү тою көодөнүмдү жарып жиберчүүдөй, акылымды чакчелекей түшүрдү.Ой десең,андан кийинки салтанат үйдө өтмөк эмес беле.Жараткан ай,кандай шумдук болуп кетти.
Менин бул жакка минтип келгенимди Сулайман билбейт.Түшкө чейин чакыруу билеттерин таратып бүтөт.Ал анан саат бирде мени күтөт.Анан эмне болот? Жок дедим өзүм менен өзүм кеңешип,кайра тез кетишим керек.Мындан башка ылаажы жок.Атама каралап энем баралбаса,жеңеми жиберээр,Сагаалы абам бараар...
Убакыт өткөн сайын тынчым кете баштады.
Ашканада эрте мененки тамактын камын көрүп жаткан Шааркан жеңемдин жанына бардым.
-Атам жакшы эле турбайбы.Эмне үчүн минттиңер?Мен силерди күтпөдүм беле?-Шолоктоп ыйлап жибердим.
Жеңем мээрин чача сүйлөдү.Көзүмдүн жашын колу менен сүрттү.
-Секет кетейин кичине кыз,кечирип кой бизди.Бара албай калдык.Айткан жерде балээ жок дейт,акемди Кудай сактасын.Кыскасын айтканда ал күйөогө барууңду мындагылар каалаган жок.Сапаш! ..
-Сапарды айтып жатасызбы?Ошондой деңизчи?Ага менден башка тапкан кызыңар болсо бере бербейсиңерби? Билесизби,тигинде бизди канча киши күтүп жатат?
-Мындагы күткөндөр киши эмеспи?Ата-эне кош көрбөгөн жерге кандай барасың секет?
-Сөзүм бүтүп,убадам өтүп калса эмнеге барбайм?!Мен Сулайманды гана сүйөм,андан башка кишинин мага кереги жок.Айтыңызчы, чыныңыз менен сиз да мага душман болоюн дедиңизби?
-Душман деген эмнеси?Мен сага ар-дайы бакты-таалай тилеп жүрбөйүмбү! Анан калса сүйүү десе оозуңар эп дей түшөт экен.
-Койчу жеңе тилеген бактыңыз бул болсо,тилебеген шоруңуз кандай болду экен а.Жеңе кызга жакын дейт,жакындыгыңыз кайсы?Тфу,уятыңар жок экен!Кайсы заманда жашап жатканыңарды билесиңерби?

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#23 23 August 2014 - 23:44
Жеңем кекээрлүү күлүмсүрөдү.
Мен ордумдан ачуулуу турдум.
-Эмне күлөсуз?
-Күлдүрбөйсүңбү?
-Күлө бериңиз.Мен кеттим.
Кайгыга күйүп бараттым.Эмне кылаарымды билбей,жалындап турдум.Көчөгө далбастап чуркап чыктым.Жеңем артымдан жетип мени колдон алды.Колун силкип жибердим.
-Коё бериңиз.
-Жүрү үйгө ушинтип турганыбызды ары-бери өткөндөр көрсө уят.
-Уятты билесиңерби?
Кара күчкө каткырып күлдүм.
-Эгер чыныңар менен күч колдоно турган болсоңор,тирүү калат экен деп ойлобой эле койгула.Мен Сапарга барбайм,уктуңбу, эч качан...
Шааркан мага жалбарып,жабыша баштады.Мен аны көкүрөктөн ары түртүп жибердим.Кызарып- татарган жеңем силкине басып үйгө кирип кетти.Бир кезде энем йдөн ачуу бүркүп чыкты.
-Эмне деп башыбызды айландырып жатасың.Токтот сөзүңдү!Качантан бериөзүңдү өзүң биле баштагансың ыя?-үйдү көздөй дегдеңдетип жетелеп кирди.
-Уятсыз!Бетиң бетпи же чокойбу?(Бетимден үзүп алды).
Эл оор уйкуга киргенде үйдөн качып чыктым.Түз эле шаарга кетүүчү шоссе жолду көздөй кулач урдум.Артымды кылчак-кылчак карап,алымдын барынча жүгүрүп келатам,жүгүрүп келатам.Бир кезде бир чуңкурду жаздым басып оңкомдон кеттим.Жүрөгүм үзүлүп кеткендей көзүм караңгылай түштү.Бутумду оорутуп алыптырмын, санымды сүйрөп эгин талаасынан зорго чыктым.
Жогору тараптан алыста-алыста бүлбүлдөгөн машинанын жарыгы көрүндү.Бул машина алса сөзсүз кутулдум дедим,душмандын чек арасынан чыккансып.
Машина менден өтө берип токтоду.Шофёр мени көрүп үрпөйө түштү:
-Жигит десем кыз белең,караңгыда башыңа эмне күч келди,бийкеч?
-Жайынча эле,кечтен бери машина чыкпай ушул убакка калдым.Жакшылык кылып автовокзалга түшүрүп коёр бекенсиз?
Шофер башын чайкады.
-Таң атканча талаада түнөмөк белең.Жүрү,биздикине барып жатып ал.Эртең менен каалаган жагыңа кете бересиң.Мээримиңизге ракматЖакшылыгыңызды өмүр бою унутпайын,автовокзалга жеткирип коюңуз.-деп жалдырадым. Мен барганда машиналардын жүрүшү эчак токтоп,демейде жүргүнчүлөргө жык толгон чакан аянт жымжырт.Вокзалга кеч келип үйлөрүнө кете албай калгандарбы, же эртең эрте кетүүчү жүргүнчүлөрбү ,айтор эки-үч адам баштарына чемодандарын жазданып уктап жатышат. А мен болсом самандай саргайып кирпик көзүн какпай таңдын атышын,күндүн чыгышын күтүүдөмүн. Мага эрмек болгон түпсүз терең санаа.Сулаймандын жолдошторунун арасында өөдө карай албай,супсуну сууп,башын мыкчый кармап олтурганы көз алдыма келди.Анан маңдайымда Сапардын сөлөкөтү тура калгандай болду."Акылсыз Гүлкан.Мени чансаң да ата-энеңдин акыбалына карасаң боло.Мындай болооруңду билгенде өзүмдү сага кор кылбайт элем!..." Башым айланып,кулагым чуулдады.Чын эле алдейлеп баккан ата-энемден кол жууп каламбы?!
Азыр эле караңгылыктын кучагында тунжурап жаткан шаар жандана баштады.Рейске чыкчу жеңил такси машиналары менен автобустар биринин артынан бири келип токтой баштады.
Колунда пулу жок адам мунжу менен барабар экен го.Акыры үстүмдөгү кымбат баалуу кофточкамды жол акысы үчүн акчага баалап шофёрго берүүгө туура келди.
Машинада мени менен үч киши болду.Дагы бир киши табылганча күтуш керек.Сааттын жебеси жетиден өтүп баратат...Көзүң жамандыкты көрбөсүн энем менен жеңем түз эле мен олтурган машинаны көздөй келатышат.
-Мынча болду бизди өлтүрүп кет!-деп бакырды энем өңгүрөп.-Жүрөгүмдү күйгүзүп,көңүлүмдү муздаттың.Сыйың менен кайра тарт.Душманга таба,тууганга күлкү кылба,Гүлкан! -Энемдин жер-сууну бузган үнүнөн улам бизди сонуркап караган эл тегерегибизге толуп кетти.
Жанып турган жакшы үмүтүм бир паста шамал урган булуттай жок болду да калды.Энемдин коштоосунда автовокзалдан чыгып бараттым.Өөдө- ылдый чыккан элдин сөзү кулагымдын сыртынан кетип жатты.
-Кемпирдин каары катуу келиптир.Бечара кыз кайсыл жагынан айыптуу болду экен.Үйүнөн качканына караганда бир окуя бар го.
-Ушуга түшүнбөй турасыңбы?-деди бирөө.-дейди өсүп,көктөйүндө соолуп бүткөн да.Анан калса чыбыгы кыргыйдай болуп татынакайлыгын кантесиң.
-Татынабаса өлүп кетсин.Өнөрдүн баары ушундай өңү жылмалардан чыгат.Менин кызым ушундай болсо тирүүлөй уу берип өлтүрүп коёт элем.
-Жулкунганына караганда кептин баары кемпирде сыяктанат.Балким кыз байкушта күнөө жоктур.Кебетесин деле көрбөйсүңөрбү тарбиялуу эле бала.Мына бул как баш...
Энемдин өңү купкуу болуп кетти.
-Уктуңбу элдин сөзүн.Мындан көрө өлгөнүң артык.
-Энелик жүрөгүңүз кайда кеткен?
Жүрөктөн айлан,эне дебе.Тигинден аркы жети атам тааныбаган, жердин жети түбүнөн келген бирөөгө баарыбызды садака чапкың бар ээ?
-Сапарды жүрөгүм каалабайт,баарыбир ага барбайм.
-Сенин жүрөгүң менен үйгө барганда сүйлөшөм.Экөобүз эне-бала болобуз же биротоло топурагыбызды түйүп беребиз.
Энем айтканын аткарды үйгө барганда,жолдо келатканда айткан шартын алдыма тартты.Канчалык кайрат кылып,далбас урганым менен колумдан эч нерсе келбестигине көзүм жетти.Менин сөзүмдү сүйлөйт деп караан туткан атам да айнып калыптыр.Бир кезде таягын колуна алып,чапанынын сыртынан бейкасам узун курун белине кындай курчанып,ак топусун кыйшайта кийген атам,калчылдай басып менин жаныма келди.
-Э секет кетейин Гүлкан,энеңди эмне мынча беймаза кылып жатасың?
Мен атамдын бутун кучактай жыгылдым.
-Сакалыңдан айланайын атаке,ракым этиңиз,аяңыз мени.Жалгыз кызыңаоды ушинтип сыздатмак белеңер?!- деп ыйлап жаттым.
-Өөдө болчу балам!-Атам эңкейип башымды жөлөп,колумдан тартып тургузду.-Атаңдын бир ооз сөзун угасыңбы,Гүлкан?
-Угайын,ата.
-Көргө буту салаңдап өлүү менен тирүүнүн ортосунда турам.Көзүмдүн тирүүсүндө конушуңа кондуруп,кор болбой тургн жериңе табыштап,аз да болсо кубанычыңды көрүп калайын.Атаңды көрүндө тынч жатсын десең,тилимди ал,Сапарды чанганың атаңды көрүндө душманга сатканың.Мен билген иш болсо сөз ушундай болсун.Болбосо ыйлап туруп тескери батамды берем,көшөгөң көгөрбөй калат кулунум...
-Мындан көрө көгөрбөсө көгөрбөй калсын!Тойдум мындай бактысыз турмуштан! (Атама жакындап бастым).Өлүп берип жаныңарды тындырсам сонун гана болгону турат.Бирок мен жалгыз кызын жазыксыз сыздаткан атам Жакыбалы үчүн,энем Күмүш үчүн эмес,сүйгөн жарым Сулайман үчүн өлгүм келбейт.Аны көргүм келет,бирге жашагым келет.Сапарыңды болсо көрөйүн деген көзүм,угайын деген кулагым жок.Уктуңбу ата!Мени Сапарга барып,аны менен үй-бүлө болот экен деп эч качан ойлобогун.Түшүнүктүүбү ата?!
Атамдын муруту сербейип,өңү кумсара баштады.Таяк кармаган колу калчылдап,буттары титиреп турду.Энем каруусунан алып төрдү көздөй жетелей берди.Атам мүдүрүлүп барып жыгылып кетти.
-Жалгыз кызымдан уккан сөзүм ушул болсо,жаттан көрөр жакшылыгым кайсы?!Оо Жараткан,жаман бүлөгө кор кылбай аманатыңды тарт.
Атам ушул сөздү күбүрөдү да,деми буулуп маңдайынан тер чыпылдады.Ал бир топ тынчтыктан кийин гана аз-аздан эсине келе баштады.Анан колу башын ушалап отурган энеме көзүн жашылдантып:
-Кызың кайда?
-Ар жакта отурат.
-Чакыр.
-Мына мен,айта бериңиз.
-Атаңа айтар жообуң барбы?Бул менин сенден сураган биринчи да,акыркы да сөзүм,Гүлкан?
-Ак менен караны ажырата билген эстүү киши да өз баласынын өзөгүнө өрт коёбу?Сиз да ушундай кара ниет экенсиз ээ,ата?
-Көп күттүрбө балам,кандай жооп айтасың?
-Хайыр,болбодуңуз ата,каалаганыңыз Сапар болсо барайын.Бирок баарыбир аны менен турбайм,акыры кетем.Ушуга макулсузбу?
-Кетем дейсиңби?! -атам мыскыл күлдү.

#24 24 August 2014 - 00:02
...Өпкө-өпкөмө батпай солкулдап ыйлап жаттым.Айла канча,күчүмдү көз жашыма чыгардым.Жакшылыктан үмүтүм биротоло үзүлдү.Сулайманга болгон наристе сүйүүм,капаска түшкөн алсыз торгойдой чулдурап жатты...Үйдөгүлөр мени качып кетет деп чочлаштыбы,
мурдагы планын ошол замат өзгөртүштү.
Алар Шааркан жеңемди Сапарга жиберип,бүгундөн калбай ЗАГСка турушсун деп айттырып жиберишиптир.
Мени шаардан кайра алып келгендиги жөнүндө,булар жан кишиге билдиришкен жок.Саат он ченде мени таажеңем менен Шааркан,Сагаалы абамдын үйүнө баштап киришти.Биз киргенде Сапар аркы-терки басып туруптур.
-Саламатпы Гүлкан!-Мени көздөй өзүнташтады. Кыпкызыл болуп шишимик тартып чаалыккан көзүмү делөорүй карады.Эмнеге мындай (ал чоочулай сурады) ооруп турасыңбы?
Көзүм көзүнө октой кадалды.
-Жеңе эгер Гүлкан мени каалабаса бекер дүрбөп жүрбөйлү?
Сапардын бул сөзүн угуп жандана түштүм. "Намыссыз, мен сени эч качан сүйбөйм,сүйгөнүм башка,билесиңби ошону?"-деп айта жаздап барып токтодум.Атамдын сакалы ылдый кулаган көз жашы көз алдыма келди."Мени сыйлап аталыкка санасаң айтканымды аткар.Сапарга бар,балам.Болбосо ыйлап туруп тескери батамды берем,көшөгөң көгөрбөй калат" деген сөзү кулагыма кайталап угулгандай болду.
Шааркан шаңкылдап сүйлөдү.
-Кичине кыз менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө бардыгы ачык айтылган.Сен үчүн,сени сүйгөн үчүн келди да мында.Койчу айланайын Сапар,ой жоруган сөздү айтпай.Бул сөзүң мага жакпады күйөө.Кызыдн кабагынын шишип калганына ошентип жатсаң керек.Э ботом,кайсы кызды көрдүң эле,атасынын төрүнөн ыйлабай чыккан.-Жеңемдин каратып туруп калп айтканына айраң-таң калдым.Турмушта ушундай кишилер да болот экен ээ...

#25 24 August 2014 - 00:28
Мен бул иштин жай маанисине кийин түшундүм.Сулайман экөөбүз ата-энеден уруксат сурап жазага баякы кара жолтой катушул иштин башталышына түрткү болуптур.Катты адегенде энем атама окуп берет.Сулаймандык Бадахшандык экени жөнүндө жазылган сөз булардын жүлүнүнө кадалган октой болот.
-Кыргызстандан киши табылбай,Тажикистандан тааптырбы?-дептир атам мурутун сербейтип.-Ишибиздин оңолуп,кызыбыздын кыйын чыкканы ошол.
Анан Шааркан менен Сагаалыга буюра сүйлөйт.
-Кучкачтай болгон бир кызга алыңар жетпей калдыбы?Эч кимге билдирбей мени өлдү деп дилгирем жибергиле.Касыйга кабар кылгыла,дилгирем бараары менен Гүлканды бул жакка алып жөнөсүн.Жалгыз баламдын сөөгун Нургапта калтыра турган алым жок...
Биздин үйдөгүлөр менен Сапардын энесинин сөзү башынан эле бир болчу.Алар Салкынды чакырып алып,болгон ишти ачык айтышат.Адегенде бүркөлүп отурган аял,менин келээримди укканда күлүп жиберет.Атамдын колунан тура калып өбөт.
-Сапарды маа койгула Жаке,ансыз деле Гүлканды жакшы көрөөрүн билем.Гүлканым колума буюруп тийсе,өз жаныма жакшы болоор эле.Канча айткан менен колдо өскөн өз бала да.О-О жараткан маанайымды пас кыла көрбө...
Булар Сапарга билгизбей туруп,ишти чукулунан баштоого убада кылышат.Негизги шылтоо атамдын ден-соолугуна байланыштуу жүргүзүлүптүр.
Достор жакшы жаткыла,бат- баттан жазып бүтүргөнгө аракет кылам.Азыр балдарым уктаган маалда мен да эс алып алайын.

#27 24 August 2014 - 17:24
Шааркан эшикке чыгып,үйүн көздөй түшкү тамакка өтүп бараткан Сапарды көрүп,астын тосо басат.
-Сапаштын бетинен өөп,салам айтып кой деген бирөөнүн аманаты бар эле.
Сапардын көзү Шааркандан өтө жалжылдайт.
-Саламат болсун,жеңе, ким экен,айтсаңыз?
-И,кечинде кыз менен сүйлөштүк.Кайта- кайта эле сени сурайт.
Сапар Шааркандын сөзүнө ишенип калат."Гүлкан мен сүйөт экен да,болбосо өөп кой деп жеңесине айтат беле.Кайдан жүрүп сени ушунчалык жакшы көрүп калдым экен".
Сөздүн күчү оңой эмес окшобойбу.Ошентип, Сапардын мен деп соккон дилгирлүү жүрөгүн ого бетер асманга учуруп,жаш көңүлүн жайлантышат.
Жер-сууга батпай толкундан турган Сапарды атам кечинде жанына чакырып алып,ден соолугунун күндөн-күнгө начарлап баратканын бетине кармап мындай дептир:
"Бир топ күндөн бери ар кайсыны,өткөн кеткенди көп ойлоп санаачыл да болуп кеттим.Маркум Жусупбек жигиттин гүлү эле.Гүлдөп турган кезинде жок болуп кетти.Мен андан улуу болгонум менен асылкечтен артык элек.Бир тууган бул жакта калсын,ата-баладай ынтымактуу болучубуз.Эртең согушка жөнөймүн деп жатканда,ары сенин жентегиң деп элден бата алганы,ары ага тууган менен коштошкону айыл-апаны чакырып тамак берип калды.Тамактан кийин эшек дарбыса кошо дарбыйт болуп,эл менен чогуу тополоң түшүп,кепичимди кийип жатсам "Жаке,жеңем экөөң кайда шашып жатасыңар.Кетээрсиңер, олтуруп тургула.Айтар аманатым,кеңешер кебим бар"деди. Ата-а,айтса-айтпаса төгүнбү,деп өзүмдүн шашмалыгыма уяла түштүм.Эл кеткенден кийин кобурашып эт бышымга олтурдук.Сенин төрөлгөнүңө ошондо үч-төрт күн эле болсо керек.Кызыл эт балапандай кылып,сени Жусупбек жылаңач этине салып,бооруна басып олтурду." Уулум менен жыт алышып кетейин деп жатам,Жаке" ,-деп жаркылдап күлдү.Кайрылып келип эл-журтту көрөмүнбү,көрбөйүмбү, ким билет.Сапарым атасыз өсүп калмак болду.Сакин болсо турмуштун ысык-суугун көрө элек,али жаш.Ушул эки жетимге көз кырыңызды сала жүрүңүз.Өлбөй тирүү келсем жакшылыгыңызды билермин,өлүп калсам айла жок.Сапашыма өлөк-жөлөк боло жүрүңүз"деген эле кайраным.
Жусупбек айткандай өзүңө өлөк-жөлөк болмок турсун,биротоло ата болгону олтурам минтип.Энең бардыгын айтты,бардыгына түшүндүм,Сапаш. Менин сөзүмдү да уккандырсың өзүн.Гүлкан эртең келсе эртең,бүгүн келсе бүгүн убакытты бекер созбой кол кармаштырайын деп турам.Бул тилегимди кандай дейсиң балам,оюңду айтчы?
Атамдые аталык мээримине чексиз ыраазы болгон Сапар,ойдо жок жерден чыккан мындай сөзгө,тура калып эки колун бооруна алып,башын йип өзүнүн макулдугун билгизгендей болот.
-Болуптур,Сапаке, камыңды көрө бер,-дейт атам,анын чекесинен өөп...
Бул жөнүндө кийин уктум дебедимби.
...Айланада эмнелер болуп жаткандыгына түшүнбөдүм. Мени үйдөн алып чыгышканда Сапардыкына алып барышат деп гана ойлодум.Бирок андай болгону жок.Түз эле селолук Советтин конторасын көздөй бет алдык.Сапар экөобүз бир топ кишинин узатуусунда үн катпай жүрүп отурдук.Сельсоветте отургандар биздин келээрибизди билишет окшойт.Орундарынан тура калышып,мээримдүү тосуп алышты.Никелешүү башталды.
-Гүлканды сүйөсүңбү Сапар?
Сапар толкундап сүйлөдү.
Сүйөм.Эгер сүйбөгөн болсом никелешүүгө келбейт элем да.
-Сенчи,Гүке?
-Кызык сүйлөйсүң да,кыздан сурабай эле жазуучуңду жаза бербейсиңби? Заабадай болгон абаларынын алдында,сүйөм деп кантип айтат.-Жеңемдин сөзү өктөм чыкты.
Жумушум бүттү.Сапар закондуу күйөөм болду.
-Сапар,-дедим селолук Советтин конторасынан чыгып баратып,-болоору болду,мөөрөй сеники.Бирок менин бир өтүнүчүмдү аткараарсың?
Жүзүмө жалдырай эңиле карап алып,колтугумдан алды.
-Эмне деп айтаарымды да билбей турам.Ушундай да бактылуу да күн болот экен ээ.Бүгүндөн баштап,ар дайым сенин эркиңдемин. Кандай тапшырма бербегиниң, Сапарың дайым даяр.
-Ата-энеге таянып жүрүп акыры максатыңа жеттиң.Биздин бүгүн Фрунзеде үйлөнүү тоюбуз өтмөк.Кыянаттык кылдың,кара ниет экенсиң.
-Антип айтпа Гүкөн.Балким тамаша кылып жаткан чыгарсың.Бирок мындай жагымсыз сөздү ойносоң да,экинчи кулагыма угузба.Сүйгөндүгүм үчүн күнөөлөсөң өзүң бил,кечирим сурайм.
-Кечирбейм го,Сапар!
-Кечиресиң,алтыным, кечирбегенде кайда барат элең.Айтайын деген сөзүңдү айтчы?
-Шаарга телеграфка барып келели.
-Ошол элеби?
-Ошол эле.
Гүлкан экөобүз шаарга барып келели деген Сапардын өтүнүчүнө ата-энем көнбөй жатып,акыры жеңемди кошуп беришти.Телеграфка келгенде калтыраган алсыз колум менен мындай деген кыскача телеграмманы жаздым:
"Фрунзе шаары,Сахалин көчөсү...
Бакиров Сулайманга
Гүлкан күтүлбөгөн жерден кечээ каза болуп,бүгүн жайына коюлду.
Сапар".
-Ме,муну жибер,-жазылган телеграмманы колуна карматтым.Сапар чок басып алгандай секирди.
-Ушул да кеппи.Деги эмне деп жазгансың?-Сапар теңселе түштү.-Башкача берүүгө болбойбу?Эч нерсеге түшүнбөйм...
-Кара ниеттикти жасаганды билген киши,андан аркысын да жасайт.Өзүм уруксат бергенден кийин жибере бер.Болбосо өзүм жиберем.
Өңү өчкөн Сапар телеграмманы жиберүүгө аргасыз болду...
Биздин үйлөнүү тоюбуз бир жумага чейин эки үйдүн ортосунда салтанат курду.Жумуштан кийин чакырылган жаштар биринен сала бири чубашып келип жатты.Келгендердин арасынан издегеним Ажар.Жанараак Шааркан жеңемди чакырып алып,экинчи жолу жиберткен кишим кайра келди.Ажар үйүндө жок экен.Колхоздон биротоло бошонуп,Рыбачьедеги эжесиникине кетиптир.
Эрдимди кесе тиштедим,каңырыгым түтөп,ичимден сыздап турдум.Өзү эле жарыла жаздап араң турган жаралуу жүрөгүм Ажарды эстеген сайын ыйлап да,сыздап да жатты.
-Жөн эле айтылган сөз болуп жүрбөсүн.Ажарды кечээ эле түшкө жакын көчөдөн көрдүм эле,-деди олтургандардын ичинен бирөө.
Колхозчулук талаачылык бригадасынын бухгалтери көөдөнүн кере сүйлөдү:
-Расчет ала элек.Бирок колхоздон кетээрин кетти.Башкарма арызына кол коюп мага берген.
-Качан?
-Сапар менен Гүлкан Бакыт үйүнө качан барды эле,ошонун эртеси...
Анан олтурган жаштар эки-экиден күбүр-шыбыр боло башташты.Алардын сүйлөшүп жатып,Сапар экөөбузгө алдыртан алмак-салмак кадалган көздөрү мага жагымсыз да,көрксүз да болчу.

#28 24 August 2014 - 17:57
Санааркап жүрүп жүдөп кеттим.Куурайдай болуп арыктадым.Баягы кыз кезимдеги шайыр күлкүм,жайдары мүнөзүмүн бирөө да калбады.Бардык оюм Сапар менен ажырашуу ачык түрмөгө окшогон ушул жагымсыз үйдөн кутулуу...
Фрунзедеги таякемдин мени менен теңтуш кызы бар.Ал экөөбүздүн жолдоштук мамилебиз жакшы болчу.Ага Сулаймандан кабар алып бергин деп жазган катыма жооп келиптир.Сулаймандын аты жазылган бул кат жүрөгүмдөгү дартты жеңилдетмек турсун,кайгыма кайгы,күйүтүмө күйүт кошкондой болду.Ал бардыгын жазыптыр.Мени өлдү деп берилген телеграмма Сулаймандын жалгыз керт башын эмес,бүт үй-бүлөсүнө кара кийгизип,кан жуткузуптур. Биздин үйлөнүү тоюбузга карата Сулаймандын ага-жеңеси,эже- карындаштары, жолдош-жоросу болуп бир топ киши келиптир.Өлгөндү угуп,ыйлап-сыктап бүткөндөн кийин күйүттөн баш көтөрө албай боздоп-какшап жаткан Сулайманды кантип сооротуну билбей олтургандардын айласы кетет.Акыры күйүттүү күйөөнүн өтүнүчүн угуп,бардыгы макул болушат.Алар Сулайманды алып биздикине барып,ата-энеме көңүл айтып,мага бата окуп келишмекчи болушат.Биринчи аракет Сулаймандын мен деп соккон армандуу жүрөгүн суутуу экен.Булар ошентип жолго камынып жаткан кезде менин теңтуш кыздарым Сулайманга келген жоболоңдуу телеграмманы көтөрүп алышып институтка барышат.Капысынан келген бул кабар ал жердеги колективге да дүрбөлөң салыптыр.Алар институтка кабар келбегендигинен кооптонушуп, ошол замат селолук Советтин председателине телефон чалышат. Андан алар менин өз каалоом боюнча сүйгөн жигитиме турмушка чыккандыгым жөнүндө жооп алышат. Буга анча ишене бербеген биздин деканыбыз Гүлкандын өзүн телефонго чакырып берүүсүн талап кылыптыр.Алар менин ордума кимдир бирөөнү алып келип сүйлөштүрүшкөн имиш. "Сапар менин мектепте окуп жүргөн кезимде сүйлөшүп жүргөн жигитим болчу.Орто жолдо бузукунун тилине кирип,Сапарга таарынып,Сулайманга турмушка чыгууга намыс-күчүмдөн, андан өч алыш үчүн макул болгонмун.Бирок Сапар мен ойлогондой, мен уккан сөздөрдүн бирөөнө да окшобой чыкты.Өз сүйгөндүгүмө кеткендигим үчүн Сулайман капа болбосун,кечирсин мени"-дептирмин. Ошондон кийин анын Ысыккөлгө баруусуна эч ким макул болбоптур,руксат бербептир... . Мен каттан ушуну окудум.

#29 25 August 2014 - 15:35
-Желмогуздар,
бузукулар,каракчылар,
-дедим өкүрүп ыйлап.Баарынан да анын Салиманга үйлөнгөнүн угуп өлүп кете жаздадым.Мен Сулайманды эч кимге ыраа көргөнүм жок.Ич тарык кылдым,күнүлөдүм.
Менин Сулайманыма барып,бактылуу болгон теңтушума көралбастык кылдым.Эмнеси болсо да,бактысы тоодой кыз экен. Мен башка күйөөгө барып,Сулайман ошону алат деген кимдин оюнда бар эле.Өлүп ажырашпасак,
тирүү ажырашпайбыз дечү эмес белек.Анан эмне болду?!
Бардыгына мен өзүм күнөолүүмүн. Жок,жок мен эмес ата-энем күнөөлүү,анан Сапар күнөөлүү.Ооба, Сапар болбосо Сулайман экөобүз кайдан ажырашат элек.Оо,Сапар, сен Сулайман экөобүздүн ортобузга чыккан тикен болдуң го.
Мен колумдагы катты мыкчый кармаган боюнча талып калыптырмын. Арадан канча убакыт өткөнүн билбейм.Карасам Шааркан мени алдына алып отуруптур.
Менин кебетемди көргөн энем да өкүнгөн сыяктуу.
-Курган балам ай,-дейт оор үшкүрүп.-Сенин мынчалык болооруңду кайдан билдим.Көп эле кыздар күйөөгө өз ыктыяры менен чыкпаса да тез эле алынышып кетет экен.Асты сага окшогон көк бетти ким көрүптүр. "Гүлкан начар келин чыгып калды.Сапардын шору бар жигит экен" деген сөздү укканда өлөт экенсиң.Жаман ниетиңден кайра тарт кулунум.Сапар өңдүү күйөөнү төгөрөктүн төрт бурчун төрт айлансаң да таппайсың.Сен кызыбыз болсоң,Сапар уулубуз болуп уучубуз узарат дедик эле.Жок дегенде кайын энеңди сыйласаң боло.Сенин жаман-жакшыңды билгизбей жууп-чайып,мамыр- жумур кылып отурган ошол.Оо,шордуу арам,жалгыз баласынын колуктусунан сый көрбөйт деген эмне жакшылык болсун.Атаң тигинтип орто жолдо жатат.Сапаш келгенде энеңерди ээрчитип алып биздикине барып тамак ичип келгиле.Догдур үйгө чыгарып бергенден кийин анын мал болбогону ошол.-Энем ыйлап кетти.
"Сулайман болгондо атам өлбөйт эле" деп ойлодум.
Ушул эшикти келин болуп аттап киргени Сапар менен чогуу басып көчөгө чыга элекминАл бир жакка барып келели десе эле,ошол замат менин ичим,же тишим,же башым ооруп калган болот. Ошентип эч жакка барбай калабыз.Кетирген кемчиликтеримди көрүп турса да "мурдуңа муз тоң" дебейт. Көрсө көрмөксөн,билсе билмексен. Айтор Сапардын мүнөзү менен ички сырын билүү өтө кыйын эле.Анын мага кылган мамилесин көрүп терең ойго кетем."Бул бир болсо ашкан акылдуу жана көтөрүмдүү, же барып турган арсыз,ысык менен суукту бирдей деп түшунгөн акмак" дейм.
Сапар мурда ар дайым жадырап-жайнап күлүп жүргөнүн байкайт элем.Өмүрундө кабагын бүркөп,бирөө менен айтышып жеңилбейт го деп ойлочумун.Бирок кийинки учурларда мунун жарашыктуу жайдары мүнөзү чөгүңкү,шалпысы бош.Оозуна ачкыл албаган Сапар кээде ичип келүүчү болду.Ал балким,өз дарты өз ичинде болуп,өз махабатынын азабын өзү тартып жүргөн чыгар,ким билсин.
Сапар иштеген ишине байланыштуу көп убактысын талаа-түздө өткөрөт.Үйгө кээде абдан кеч кайтат.Бирок мен үчүн анын эрте келгени менен кеч келгенинин айырмасы жок эле.
Энем айткандай кирпигиме кир жугузбай жууп чайыган кайын энем.Кеч жатып,эрте турат.Үрүл-бүрүлдөн туруп уюн саап,анан аны бадага кошуп,сүтүн тартып,айран уютат.Мен турганча үйүн жыйнап,короо- жайын сарамжалдап коюп,самоор коюуга шашат.А мен болсо жалган түштө да жалынтып-жалбартып араң турам.Менин кеч турганымды эрөөн көрмөк турсун,өзөгүңө кан уюду деп капааттанат.
Түшкү тамак да биздин үйдө саатка карап бышырылат.Мен ички үйдө китеп окуп отурат элем.Кошуна аялдын үнү кулагыма шак дей түштү.
-Байкуш Салкыншоруң көп ургаачы экенсиң.Эртеден кечке элеңдеп жумушуң бүтпөйт сенин. Келиндүү болуп учуң узарат десек,түйшүгүң көбөйдү го курган неме.О-о,баласы да куруп калсынчы,эненин кадырын билгенче качан.Сыягы, Сапардын камчысы бош болсо керек.Ошон үчүн келиниң...
Кайын энем калтаарый түшкөндөй болду.
-Эмне дегени турасың?Балдарымдын оокатын жасабаганда атамын башыныкын жасаймынбы? Гүлканым жаныма күйүмдүү.Бекер жаманаттылаганың жакшы эмес.Бул өңдүү кыздар күйөөгө чыкпай алчаңдап окуусун окуп,атасынын төрүндө жүрөт.Уктап уйкусу кансын.Оокат керек болгондо экөөбүздөн сурабай эле жулунуп өзү турат.Мындан ары мындай жагымсыз сөзүңдү кулагыма угузба кошуна.Иччү чайыңды сыйың менен жөн ич.Гүлканым укса капа болот.
Аял тайсалдап калды.
-Жөн эле,жамандык ойлобой айта салдым эле,кечирип кой.
Ал чыгып кеткенден кийин кайын энем үстүмө кирди.
-Астыңа кетейин,жаман күңүм,кайпактап жүрүп кечки тамакты да кеч бышырып калдым.Жүру балам,тамак ичели.Сапашка күткөнүбүз менен эзилип кетчүдөй.Курсагың ачты го.
Кайын энеме биринчи жолу боорум ооруганын билдим.
"Байкуш эне,сенде эмне жазык.Бүлөм бүлө болуп,шаар бараан болуп кетсе дегенден башка эмне жамандыгың бар".Тамак ичип жатып азып кеткен эненин мээримдүү көзү көзүмө кадалды.Жүрөгүм ысып,көңүлүм жибий түштү.Аны менен эне-балача сүйлөшүп,көңүлүн көтөргүм келип кетти.Бирок эмнени сүйлөп,сөздү эмнеден баштоо керек.
-Энеке,айтыңызчы атам айыгаар бекен?-Мен ага энеке деген сөздү биринчи жолу айттым.
Кайын энемдин Сапардыкына окшош кирпиктүүбакыракай, сурмалуу кара көздөрү балбылдап кетти.
-Кудай сактасын балам!Жакшы болуп калаар.Тамагыңды суутпай иччи каралдым.Куданын аман турганы бизге да аттай аркатоодой бел эмес беле.Айла жок,атаганат, дагы бир беш-алты жыл туруп берсе жакшы болбойт беле.-Жашып барып чыйрала түштү.-Байкуш Сапарды атадан Кудай айткан эмес белем.
Күн кечтеп калды.Эшикке токсон чыгып,токсон кирдим.Эртең мененки энемдин сөзүнөн кийин атамды ойлоп тынчсыздана баштадым.Сапарды күтпөй эле кайын энем экөөбүз баруудан үйдөгүлөрдөн жазгандым.Сапар келсе артыбыздан бараар,экөөбүз бара береличи,Гүлкан- деген кайын энемдин сөзүнө болбой койдум. Анткени Сапар менен чогуу барганым мен үчүн эмес,ата-энем үчүн жакшы эле да. Атамдын көңүлү көтөрүлүп калсын деп ойлодум.Алар Сапарды менден да жакшы көрүшө тургандыгын жакшы түшүнөм.
Мурдума күтүлбөгөн жерден өлүмдүн кайгылуу жыты келгенсип көңүлүм тынчсыздана баштады.Атамдын мага кылган кара ниеттиги,жалбыракка түшкөн күзгү кыроодон бетер уламдан-улам эрип бараткансыйт. Чиркин ай,балага ата ошон үчүн ыйык,ошон үчүн кымбат беле.Чуркап барып көкүрөгүнөн кайра-кайра жыттап.кайра- кайра өпкүм келди.Ата мээримин көксөп,ага болгон балалык кумарлануумдун чектен чыга ашынып тургандыгын билдим.Короо жактагы терезенин пардасын ачып,бир демге тышты колум менен калкалап карап турдум да кайра жаптым.Эч кимдин карааны да,дабышы да билинбейт.
-Эмне эле кайра-кайра карап жатасың балам?
-Сапарды көрүнөбү десем жок.Капырай, эне уулуңуз эмне мынча кечикти.-дедим алыстан чыккан кандайдыр аттын дабышына кулак түрүп.Менин ушул берген суроом,Сапарды күтүп тынчсыздануум ага канчалык таасир бергенин билбейм. Айтор,анын көптөн бери убайымда жүргөн муңайыңкы жүзүн бир заматта кубанычтын толкуну басып кеткендей болду.Муун-жүүнү бошоп,алтымыш эки тамыры эрип бараткандай үнү каргылданып чыкты.
-Сапар дейсиңби каралдым?Сапар деп айткан оозуңдан тегеренип кетсин энең!-Ал тамак иччү тегерек столун үстүндөгү идиш-аяктарды чала жыйыштырган калыбында,суу жоолук кармаган колун столдун үстүнө койду.-Келе турган убагы деле болуп калды го.Агроном дегени да азаптуу жумуш турбайбы.Курган баламдын же кышта жаны тынсачы,же жазда жаны тынсачы.Төтөн күркүрөгөн күздө күчөйт турбайбы иши. Апийими да бир жактан кычап кирди. Жана бригадир келип:"Кол жетишпей жатат,жардам бербесеңиз болбой турган"-дейт. "Келим-кетимди көрүп турасың,келин болсо жаш,быйылча жумушка чык дебей коё тур"-дедим. Кыңырылып туруп бастырып кетти.Апийимдин быйылкыдай сүт бергенин колхоз колхоз болгону көргөн жок элек деп мактап жатышат. Айла жок.Атаганат, баладай багып,кулагынан чоюп өзүм өстүргөн участканын түшүмүн жыйнап берсем жаман болбос эле.Сапашымдын күнү-түнү чапкылап жүруп кылган эмгегин талаага кетирбей кол кабыш кылсам кана?..
-Атамдын абалын көрөлү.Жакшы болуп,берикарай турган болсо,элге жаман көрүнүүнун кереги жок.Мен жардам берем сизге эне.
-А жардамыңдан тегеренейин. Сени көк муштум кылып,үрүл-бүрүлдөн тургузуп,шүүдүрүмгө чылантып иштетпей калайын.Барсам өзүм барармын,балам. Барбасаң да барм деп көңүл улап койгонуңа төбөм көккө жетти.
Эмнеси болсо да Сапардын энеси жөнүндө көп ойлонуп калдым.Чындыгында эле кайын энем кадырлоого татыктуу жакшы ургаачы да.
Тыштан аттын дүбүртү угулуп,шылдыраган суулуктун үнү угулду.Эшикке кандай атылып чыкканымды билбейм.
-Сапаш,сен бүгүн эмнеге мынча кечиктиң?-Бул менин Сапарды күтүүдөгү биринчи суроом эле.
Көздөрү жайнап,жүзү албырып кетти.Чылбыры чубалып колунан түштү.Кучак жая мени көздөй умтулду.Жаш балача мени жерден таптак көтөүп алды.
-Мени чын эле күттүңбү,жаным? -Көздөрүмдөн алмак-салмак өпкүлөдү.Көзүмө Сулайман элестеп кетти.Сапардын ушул жолку үнү да,сөзү да Сулаймандыкына окшош эле.
Мен ага ыктала бердим.
-Атама барып келелик.Энем экөөбүз сени абдан күттүк.
Бул кеч Сапардын биринчи бактылуу болгон күнү эле.
Ошондон кийин тез эле атамдын оорусу катуулай баштады.Жашылданган көздөрү өлүңкү,өңү купкуу болуп,эриндери кеберсип,бут серппей мемирөөдө.Таң сүрүп калган ченде көзүн ачып,айланасын дыкаттык менен карап алды да:
-Бул олтурган ким?-деди Сапарга тигилип.
-Мен,ата,Сапармын.
-Сапарсыңбы? Ата деген оозуңдн кагылайын.Гүлкан кайда?
-Мен мында,ата.
-Атаң астыңарга кетээр бекен экөөңдүн.Мен силерди убара кылдым ээ.Күн чыга элекпи?
-Таң сүрүп калды.
-Гүлкан!
-Ии.
-Сапар экөөң ынтымактуу болгула,балам. Салкынды сыйла,кулунум. Өлгүм келген жок эле,бирок ажал алкымдан алды.Экөөңдүн кубанычыңардын келечегин көрбөй кеттим.Баланын баласы балдан таттуу дечи эле,ошол арман.-Атамдын үнү каргылданды, ыйлайын деп ыйлай албай койду.-Жетимиш жылдык өмүрүм бактын түбундө асмай тартым көлөкөлөп отурганчалык көрүнбөй кетти го. Дүнүйө жыйып,мал таптым.Колума эмне кармап баратам!Бир чымындай жаныма аралжы боло турган ошол дүнүйөбү?Атасынын көрү жарыкчылыкта бир келип кете турган мейман экенбиз.Ыйлашпай сыйлашып өткүлө.Эл үчун иштеп,ак эмгектен баар тапкыла,балдар. Арам ашты оозуңарга салбагыла.Бир үйдө байкуш кемпир жалгыз калды.Ошол энеңди...Сапар. ..Гүлкан,энеңди. ..Энеңди балдарым! -Атам энемдин колун өзүнө тартты.-Жакшылыгыңдан башка жамандыгыңды көрбөдүм,байбиче. Көңүлүңдү оорутуп,катуу айткан сөзүм болсо кечирип кой.Мен сага ыраазымын.-Энемдин колун кыса кармап,анан акырын оозуна алпарды да аймалап өөп,кумарлана жыттап жаткандай болду.-Байкушум жаныңды бак.
-Мен да сага ыраазымын,Жакып. Эгер мени сыйлап,менисүйө турган болсоң мында көпкө калтырба.Алың жетсе ала жат!Сенден калып көргөн күндүн,сүргөн өмүрдүн кереги жок.Сен жер астында куурап жатсаң,менин жер үстүндө дуулаганым курусун.-Энем өпкө-өпкөсүнө батпай солуктап жатты.
Атам баарыбыз менен бир сыйра коштошуп чыкты.Сапар экөөбүздүалмак- салмак чакырып алып маңдайыбыздан ылбыраган жансыз муздак эрди менен кайра-кайра өптү.-Акыркы коштошконубуз ушулбу балдарым?Атакөйү жамандар,карыган жаман атаңарды өлөт деп ыйлап жатасыңарбы? Ый кара жерге кирсин,кайраттуу болгула.-Энемди кайра чакырды.-Энеңер жаныма келсинчи.Эми силер менден обочороок...
Энемдин жанакы айткансөзү жагымсыз угулду."Мени сүйө турган болсоң" дегени кызык.Кудая тобо,бала-чакасынын көзүнчө энемдин жазганбай айткан сөзүн кара!Буга чейин мен буларды сүйүүдөн кабарсыз,жөн гана бири-бирин сыйлашып келаткан эрди-катындардын бири деп ойлочумун.Көсө сүйүүнүн да адамдын адамкерчилигине жараша өмүр бою өчпөй,картайганча канында сакталып калуучу касиети күчтүү ушундай жагы бар турбайбы.
Бирок мен күлгүндөй жаш кезимде мындай ыйык энчиден кур жалак калган жаралуу көгүчкөнмүн. Оо,айланайын ата,ардактуу эне,өзүңөр даамын таткан бул бактыдан мени кантип куру калтырдыңар экен?..
Атам жан таслим кылган күндөн баштап үн баспай ыйлаган Сапар эртеси сөөгүн жайына коюп келгенге чейин жерден боорун көтөргөн жок.Өлүккө киргендер тыштан Сапарды көрүп ыйлашса,ичтен энем менен мени көрүп көздөрүн шыпырып жатышты. Келген кишилер өлүккө ыйлабастан, анын бала-чакасынын көз жашын,көкүрөк дартын көрүп анан бошойт тура.
Сапар тез эле шапайып өңүнөн азып кетти.-Капырай кайын атасына катуу күйду.Күйөо болсо ушундай болсун-деген сөздөр дүрүлдөйт.
Атамдын жетилигин белгилеген күндүн эртеси энем мага уруксат берди.
-Гүлкан үйгө барсын Салкын кудайгый.Өзүң жумушта болсоң,жакшы эле отурду.Жакыбалыны ыйлагандан тапсак,эмгиче табат элек.Эки үйдүн ортосу карыш жок,келип-кетип турар.
Мени үйгө алып баргандан бери Сапар менен кайын энем мурдагыдан бетер өмөчүктөп,үстүмө үйрүлүп түшөт.
...Бүгүн күндөгүдөн кеч ойгондум.Үйдө дымыр эткен жан жок.Тышкы үйгө чыксам электр плитасына коюлган чоң чайнек жан-алы калбай бака-шака түшүп кайнап жатыптыр. Жаңы саалган сүттү муздак сууга салып койгонун байкадым.Тегерек столдун үстүндө бизге арналган тамак-ашын даярдап,үстүн ак суу жоолук менен жаап коюптур.Сүткө көптүрүлгөн акталган таруунун жанында колго бышырылган бир чай чыны каймак турат.Бул менин бала кезимден жакшы көрө турган тамагым боло турган.Сапар эки көтөрмөнү колуна кармай киргендиктен, эки үйдүн уюн бадага кошуп келгенин билдим.Ал меникөрө сала эркелете сүйлөдү:
-Келчи,эркем, аттанар алдында жакшылап туруп бетиңден сүйүп,бек кучактап алайын.
Боюма жууттпай көкүрөккө түрттүм.
-Тамагыңды ичип,жумушуңа жөнөбөйсүңбү. Деги менин ал-абалымды түшүнөсүңбү. Сага тамаша керек.
-Түшүнөм.Бирок өлгөндүн артынан өлгөндү көрдүң беле.Сени тамаша кылып табалагандай душманың эмесмин го...Абалыңды көрүп турам,түшүнөм. Сага кыйын болуп,мага жеңил дейсиңби.Деги мени жакшы көрсөң мокочонун баласындай эле көрөсүң ээ.Атам өлгөнчө мен өлсөм жакшы болмок.Анда сенин багың ачылат эле.Багыңды байлаган мен болуп турам.
-Өзүңдү бактылуумун деп турасыңбы?
-Бактылуумун.
-Бактысызсың.
-Эмне үчүн?
-Мени сүйгөндүгүң үчүн.
-Антип айтпа,Гүлкан. Мен сени сүйгөндүгүм үчүн өзүмдү эч качан күнөолөбөйм. Көп кыздардын ичинен сени тандап сүйгөн жүрөгүмө,анан сага өмүрүм өткөнчө карызмын.Ушуну түшүнөсүңбү?
-Мага баарыбир.
-Антпе.Сенин кабагыңдын ачылганын көрбөй эшиктен чыгат экен деп ойлобо.
Сапар мени бооруна сыга кучактап,көзүмө тигилди.
-Айт,сүйөм де.
-Коё бер.
-Бир...эки..айт, сүйөсүңбү?
-Кабыргам сынды.Өпкө-боорум куушурулуп барат,өлтүрөсүңбү? дагы мурдагыдан катуурак кысты.
-Сүйөм де.
-Сүйөм байке,жан соога.-ый аралаш күлүп жибердим.
Эй,байкуш Сапар дейм ичимден,анын тулкусун ээрчий карап."Сурап ичкен суу ичкен,тартып өпкөн жел өпкөн" эмне үчүн сен мынчалык махабатыңдын кулу болдуң?!
Апийимдин кеч жетилчү сортуна бычак салган күнү кайын энем талаадан өңү түктөйүп,ар кайсы жерим деп онтолоп келди.Таң атканча эти от менен жалын болуп,чабалактап чыкты."Жаны тынбай жүрүп,зоругуп кеткен го" деп ойлодум.
Кайын энем жаткан бөлмөгө кирсем Сапар энесинин төшөгүн оңдоп,кайра жаткызып жатыптыр.Мени көрүп кайын энем кейиди.
-Гүлкан,сен да келдиңби,балам. Тынч эле уктай берсеңерчи куурабай.Ансыз деле көзүңөрдүн чарасы толуп,кана уктай элексиңер экөөң тең.Сасык тумоодон Кудай алат дейсиңерби мени.Окшошкон ырыстарым,кирип уктагылачы. Сапаш,сен менден коркпочу балам,эртең эле жакшы болуп калам.
Сапар кайра кирип жаздыкка башы тийери менен уйкуъга кетти.Узунду кечке мээ кайнаткан ысыкта ат үсүндө жүрүп чарчаса керек.Берки столдо Сапар окуган бир топ газета,журналдардын жаңы сандары баш аламан жатат.Кайын энемдин жанына кийинки жолу чыкканым боюнча уктаганым жок.Көшүп баратып кайра ойгоном.Көзүмдү чоң-чоң ачып,кирпиктеримди бат-бат ирмеп уйкумду бөлгөн болом.Бечара энемдин эмгегин текке кетирбейин деген ой мени апийим талаасына жетелеп тургансыды. Үйдүн ичи сүттөй жарык.Айдын шооласы батыш тараптан терезеге кыйгач тийип,түнкү сапарын аяктап бараткансыйт. Үстүмдөн арта салынган Сапардын салмактуу колун акырын түшүрдүм да,ордумдан туруп дубалда илинип турган сааттын жебесине тигилдим.Кайын энем дайыма ушул убакта кетүүчү.Саат төрт болуп калыптыр. Кийинип,кечинде камдап койгон калагымды белимдеги курга илдим.Анан апийимге кеткенимди айтайын деп энемдин жанына кирдим.Тынч алып уктап кетиптир.Мурду менен бат-бат алган демин тыңшап бир аз баш жагында,кроваттын жанында жүүртө басып отуруп кайра турдум.Бир барак кагаз алып кат жаздым да,энемдин жаздыгынын үсүтнө койдум.Бутумдун учу менен дабышымды чыгарбай басып олтуруп,эшиктин алдына келип токтоп калдым.Лампаны өчүрүп койсом бекен деп ойлодум.Жарык болуп турганда жакшы уктай албайм дечү эмес беле.Көзүм кайын энемдин мээримдүү жүзүнө дагы бир жолу урунду.Куш жүнүнөн жасалган шейшептүү калың матрастын үстүндөгү кучак жеткис ак жаздыктын ичине чөккөн анын денесин,үстүнө жапкан чүмкөмө шейшептүү атлас жууркан алда кимден жашыргансыйт. Уяда жаткан балапанды көргөндөй жүрөгүм элжирей түштү.Ушул жуурканды каптап,шейшеп кийгизип үстунө биринчи жолу жапканымды эстедим." Ракмат.Өркөнүң өссүн балам,жакшы төшөккө жаткандан качат белем,оор шейшепти жууйм деп өзүңдү убара боло деп аяп жатам" деген.Кайын энем ушундан кийин "Сапарга бүлө болуп туруп калды го" деген ишеничте эле.Аны дагы бир жолу көңүлүм толо карап алдым да светти өчүрүп чыгып кеттим.
Тышка чыкканымда чайкамага салгандай чаңкайган көпкөк асман мөлмүлдөп,жылдыздар суйдаң тартып,чыгыш тарап агарып таң белгисин бергенсийт. Ар кайсы короодон үн алыша кыйкырган короздордун созолонгон үндөрү угулат.Көчөнүн туш-тушунан адамдардын кобур-собуру, топулдаган буттардын дабышы чыгат.Айылдын орто ченинен мотордун күрүлдөгөн үнү менен аралаш анда-санда берилген автомашинанын сигналы,таңкы соккон сыдырым желге туруштук бере албагандай алда-кайда закымдап учуп кайдадыр сиңип жок болуп жаткансыйт.
Машинанын айланасында топтошуп турган элдин четине жакындай келип,обочо токтодум.Гараж жактан дагы бир машинанын жарыгы көрүндү.
-Түшкүлө,кийинки келгендер тиги машинага олтурушсун, -шофер кабинага кирди.
Кырмачылардын арасынан Шаарканды күлкүсүнөн тааныдым.Машинага түшкөнү жаңы гана кузовго жеткен жеңемдин көзүн бастым.
-Күзгүбү,таракпы?
Жеңем мени дароо тааныды.
--Күзгү,кызыкебай.
Колумду тартып алдым.Аялдар жандана түштү.
-Гүлкансыңбы, балакетиңди алайын?
-Салкын жакшы болуп калыптырбы?
-Энеңдин ордуна келгенсиң го,ошнт садага,-деген сыяктуу чаржайыт берилген суроолор дүрүлдөп кетти.
-Апийим кырганды унутуп калган жоксуңбу,кичине кыз?-Шааркан жеңем тынчсызданды. -Же сенин апийимиңди кырып бүтүп,анан меникин кыралыбы?
-Кантип эле унутуп калайын.Ракмат, өзүм эле кырам.
-Бармактай кезинде апийимди кырып тилгенди жакшы билет дешчи эле,унутпаган чыгар.-Жеңемдин жанында отурган аял мага ишенимдүү карады.
-Кайын энесине кайрымдуу келин болду деп угуп жакшы көрүп жүрөбүз сени.Атанын баласы эмессиңби.Туура кыласың кызым.Салкын да жаман аял эмес.Кадырына жете бил.Ошол сени күйөөң деп эчен-эчен менменсиген жигиттердин башын аттаган.Салкын эмне,ушул бойдон энесинин ичинен түшкөн дейсиңби.Кезинде ал да кер маралдай керилген өңдүү түстүү келин эле.Маркум Жусупбек Салкынды атынан айтпай Сакин,Сакин деп эле эркелетип тура турган.Атасын тартса Сапар да аялга жаман боло койбос.Иши кылып бактылуу бала экенсиң,жакшы күйөо,жакшы кайын энеге туш болдуң.
-Анын эмнеси жакшы.Ошол Салкынды жаман көрүп калган жайым бар.Баякы жылы колхоздо саанчы болуп жүргөндө,өмүрүмдө бир жолу сүт сурап барсам,өткөрүп ийдим деп бир чыны сүткө жараган эмес.Ошондогу шагымдын сынганы ай.Колхозду байытчудай болгон байкуш,өмүр бою уй саайм деп ойлоду го.
Кайын энем жөнүндө күтүлбөгөн жагымсыз сөз угуп көңүлүм чөгө түштү.
-Бир кашык сүт үчүн ушуну айтып жатасызбы?Элдин баары менин кайын энемдей телегейди тең санаса,бул колхоздо коммунизм эчак эле курулат болчу.
-Темреңдеп кошо айтышканын жарыбагырдын. Бул кебетең менен Салкындын жазасын бергенге жарайт экенсиң.
-Энемдин бизден башка,биздин энемден башка эчтекебиз жок.Сиз көп...-Аялдын улуулугун сыйлабасам, энем үчүн анын катыгын берип коюуга даяр элем.Ичим күйүп калды.Шааркан жеңем капталымдан нукуп алгандыктан унчукпай калдым.
Аялдар аны туш-туштан жаалап кетишти.
Машинада отурган жаштар жалпы ырдаганга өтүштү.Жакшы ырдалган ыр,жагымдуу күлкү көңүлдүн кирин бир заматта жууп таштады.Апийим талаасынын жанына барып машина токтоду.Шааркан жеңем мени менен чогуу басып энемдин тилген жерин көрсөтүп коюп,өз солун көздөй бет алды.
Айлананын абасын бузуп,адамдын башын айландырган жагымсыз жыт мурунду жарат.Апийимдин бооруна сагыздай болуп узунчасынан жумуру тартып чыпалактай калың турган сүттүү баштар мени күтүп тургансып делебени козгоп,таңкы желге боюн термешет.Иштин алгачкы башталышында калакты кармоого анчалык эбим келбей,колдорум коошпой жатканын сездим.Элдин эң артында калып уят болот экенмин деген өкүнүч көңүлүмдү тынчытпады. Бир жактан апийимдин баштары таза кырылбай жатканын көрүп андан бетер камыга баштадым.Бирөо келип көрсө: Сырьёну коромжулукка учуратып жатыптырсың деп нааразы болоорун эстеп,булганыч, чала кырылган баштарды кайра-кайра кырам. Мурда кандай кыруучу элем...Эсиме аз-аздан түшүрө баштадым.Барган сайын апийимдин боору таза алына баштады.Азыр эле бушайман болуп камыкканым бир заматта абага көтөрүлгөн буудан бетер көздөн кайым болду.Бара-бара тоңу жаңы эрип бараткан жаш чырпыктай,апийимдин тарактарына манжаларым тийген сайын биринен сала бири чимирилип артта калып жатканын байкап көңүлүм эргигенден эргий берди.
-Укмуштай кырмачы турбайсыңбы, Гүлкан.-жанаша солдогу аял мага күлмүңдөп карады.-Айласы жоктон жиберди го сени.Болбосо апийимдин ичине эмес,четине жолотпойт эле.Жакшы болуп кетсин байкуш.Өлбөй жүрүп силердин убайыңарды көрсүн.Кечээ кечке үйүңө кет десек болбой,ушул жерде жанын оозуна тиштеп жүрүп иштеди.
Мени байкаган айланадагылар көргөн көздөрүнө ишенбегенсип аңкайып карашат.
Шаша басып апийимди тапшыруучу талаа станына келдим.Эл көп.Кырмачылар биринен сала бири жыйналган сырьёсун өткөрүп жатышты.Кезек мага да келди.Идишимди таразага койдум.Сапар гирдин ташын жылдырып,эки жагын карабаган калыбында:
-Бул кимдики?Идиши менен бир кило сегиз жүз,-деди.
Тургандардын баары дуу күлүп жиберишти.
-Тааныбайбыз. Жаңы кырмачы экен.
Сапар башын ылдам көтөрдү.
-Гү-кен!Сеникиби? -Ыраазы болгондой бажырая тигилди.-Менин Гүкеним мыкты кырмачы экен го.-Бир заматта эки бети тамылжып,мандайынан майда тер чыбырчыктады. Ал менин мурда апийим тилип жүргөнүмдү билбегендиктенби же ушул ишке өз көңүлүм менен келип иштегендигимден дошенттиби, айтор кубанычы койнуна батпай турганын байкадым.
Үйгө көңүлдүү келдим.Кайын энем тумчуланган кебетесинде мени эшик алдынан тосуп алды.
-Астыңа кетейин ай,куурадың го.Апийимге кетээриңди билгенде жибербейт элем.Шүүдүрүм өтүп ооруп калбагай элең.
-Жаш киши да оорумак беле.Өзүңүз жакшы болуп калдыңызбы? Эмне үчүн турдуңуз?
-Жакшы болуп калдым.-Бирок энемдин өңүндө дагы деле кыйналгандыктын белгиси бар болчу.
-Коюңуз,тилимди алып тынч жатыңызчы.Дары ичтиңизби?
-Кантип гана ошончо жерди кырып бүттүң экенсиң,балам. Же бирөо жаржамдаштыбы?
-Жок,энекебай өзүм эле.Билесизби, мен укмуштуудай кырмачы экемин.-Биз үйгө кирдик.-Элдин баары мага таң калып жатышат.Ал эми Сапар болсо..күлүп жиберди.Ал ушунчалык сүйүндү дейсиз.
Энемдин чечекейи чеч болуп,айтаарга сөз таппайт.
Ушул күндөн баштап энем менен Сапардын каршы болгонуна карабай жумушка чыга баштадым.

#31 26 August 2014 - 14:53
Таза аба көпчүлүктүн арасы кандай сонун.Ыр менен чоор,оюн менен күлкү ошол эмгек талаасынан башталат тура.Көңүлүм көтөрүлүп,сергек тартып кеттим.
Кайын энем экөөбүздүн ортобуздагы эне-балалык сүйүү күн өткөн сайын отко салган болоттой чыңалууда.Мен ал кишиге кантип жакын болуп кеткенимди өзүм да билбей калдым.Ооба, ак пейили менен баласындай урматтап аш менен урганын таш менен ургум келген жок.Акыры эне-бала гана эмес,моюнча өскөн асылкеч теңтуштардай болуп кеттик.
Энемдин көңүлү ооруп,жүрөгү күйбөсө экен дейм.Анын ар дайым бойго жеткен кыздан бетер татынакай,жарашыктуу, таза кийинип,жадырап- жайнап жүрүүсүн каалайм.Өзү курдуу абысын-ажын. тели-теңтуштарынын арасында жаркырап,кумдун ичинде жаткан алтындын кетигиндей болуп бөлүнүп турса экен деп далалат кылам.Кайын энем менен алынышып кеткенден кийин Сапарга да мүнөзүм өзгөрдү.Ага мурдагыдай орой мамиле,жагымсыз сөздөрдү айтпай калдым.Маңдайына бүткөн жалгыз баласынын жүрөгүн оорутканым, ал кайын энемдин жүрөгүн оорутканым, Сапарды кейиткеним ал кайын энемди кейиткеним эмсе беле.Ооба десеңиз,уулунан башка ал кишинин эмне каралдысы бар.Байкуш асыл энем,ошентип биз үчүн жаралган ортобуздагы алтын данакер болду да калды.
Жумуштан үйгө келгенден кийин да жаным тынбайт.Баякыдай кеч туруп,эрте жатуу менден четтей баштады.Колумдан канча келсе ошончолук энемдин жеңилин жерден,оорун колдон алгым келет.Муну көргөн Сапардын төбөсү көккө жетип,мени мурдагыдан да каттуу кадырлай баштады.
Огородубуз жакшы болучу.Ичи толгон апорт.Арасында эки түп жайкы алма,бир түп абрикос бар.Ал эми кара карагат менен малинанын шагы ийилип көздүн жоосун алат. Жер жайнаган жемиши туруп бул арадан кандайдыр бир нерсе жетишпегендей көңүлүм коңултактайт. Эмне үчүн минтем?Эмнебиз жетишпейт?
Бир күнү кечинде жумуштан кайтып келатып Павловдордун эшигинин алдынан өтүп калдым.Үйдүн жуп тушуна жеткенде тушагандай токтодум.Кандай асыл адамдар,тим эле гүл дегенди ушунчалык айдаптыр дейсиз,укмуш. Көчө жакты караган терезелеринин алды жагындагы Астра гүлдөрү байчечекейдей жайнап көз жоосун алат.
Ошол замат чуркап кирип,анын тумсак жытын жыттап,боорума кыскым келип кетти. Жүрөктөгү жаткан эски жаранын картын тырмап алгансып калтырай түштүм.Ошол замат ооруканада жаткан мезгилим эсиме кылт этти.Обходдон чыгып баратып жолдошторунун артында калган Сулайман бир учу кроваттан ооп калган одеялды оңдой берип,көз учкунун мага жалт эттирди.Андан кийин тумбочканын үстүндө турган көгүлтүр айнек вазага салынган астра гүлүнө суктана карап турган няняны көрдүм...
"-Кантсе да жигитиңиз жиберсе керек."
"-Эмне үчүн жигитим?"
Жигитиң деген сөзгө сыймыктанып кеттим.
Няня жаңы гана астра гүлүнүн өмүрү жөнүндө сүйлөй баштаганда "-Гүлкан! "-деген Сапардын үнүнөн бакырып жибериптирмин. Күйөөм ыңгайсыз абалда калды.Бир чети мага таң калды.
-Эмне мынча чочудуң?Мен байкабай эле...
Жүрөгүмдүн тушун колум менен басып бир демге Сапарды жалооруган, армандуу көзүм менен тиктеп туруп калдым.
-Сага эмне болду?-Атынан секирип түштү.Эмне дээримди билбей мукактана түштүм.
-Жүрү кеттик.-Сапар чылбырын сол колуна алып,мени колтуктады.
-Сапаш!Тигил астра гүлүнөн сурап берчи,-дедим.
-Ошол элеби?Башкасынан эмеспи?
-Башка гүлдүн кереги жок.Мага астра гүлүн...Түшүнүп жатасыңбы?
Сапар түшүндүм дегендей башын ийкей берип,тигилердин короосуна кирип кетти.Бир маалда колуна кайчы кармаган ак байбиче күлмүңдөп бери басты.
-Сапар бул сенин келинчегиңби?
-Ооба,Надежда Семеновна,таанышып коюңуз.
-Гүлкан...
Үй ээси чоң десте гүлдү колума карматты.
-Мындан ары келип-кетип жүр,кызым.Гүл керек болсо мына.-Келин болуп башыма жоолук түшкөнү мынчалык кубанган эместирмин, кайта-кайта ракмат айтып Надежда Семеновна менен коштоштум. Мен мындан кийин Надежда чоң эне менен абдан жакын болуп кеттим.Ошентип, биздин үйдө фарфор вазага салынган
астра гүлүнүн дестеси пайда болду да калды.
Келээрки жазда бул гүл өзүбүздүн короодо да болот. Анан мен андан каалагандай гүлдестесин жасап,аны улам жаңы гүлдөр менен алмаштырып турарымды эстейм. Ушундан кийин гана огородубузга жетишпей жаткан Астра гүлү экенин билдим...
Кайсы убакта үйгө кирбейин,көзүмө биринчи эле ошол гүлдесте урунат.Анан Сулаймандын арык чырай сөлөкөтү көз алдыма тартылат.Аны менен бирге өткөргөн Фрунзенин жайкы күндөрү биринин артынан бири экрандагы кинонун тасмасындай көз алдыман тартылып өтөт.Кайра баштан күтүлбөгөн өкүнүчтүү санаалар самсып,жүрөгүмдү чымчылап ар-намысымды козгойт.
Ата-эненин көз жашын көрүп,алардын чабуулуна каршы тура албай торго түшүп берген алсыздыгыма өзүмдү өзүм жемелеп кетем...эми ойлосом атам акылдуу киши экен.
Күркүрөгөн күз бүтүп,кыш да келди.Биздин колхоз бардык көрсөткүчтөрү боюнча райондо биринчиликти алды.Институтту сырттан окуп бүтүүм үчүн которулгандыгыма эки жыл болот.Быйыл кышкы семестрге барганымда Сулаймандын өз районунан келип,Оштун бир ооруканасында башкы врач болуп иштеп жатканын уктум.Өз жеринин абасы бийиктик кылып жакпай бул жакка которулуп келиптир дешти.Салиман болсо баякы эле мен окуган институтта окуйт экен.Мен аны сыртынан ,жакын эле жерден Сапар менен баратып көрдүм.Бирок кезигишкенибиз жок.Балким ал да мени көрсө да көрмөксөн болду бекен,ким билсин. Сапар экөөбүз театрга "Атабектин кызы" деген спектаклди көргөнү барсак,ошол жерден Маркаш жолдош-жоросу менен кезигип калса болобу.Элдин көзүнчө бирдеме деп айтып жиберип,шагымды сындырабы дедим эле,андай болгон жок. Тек гана,кайдыгер өң тааныштардан бетер салкын учурашты да "Жигитиң менен тааныштырбайсыңбы, Гүлкан" деди.
-Бул менин жолдошум,таанышып коюңуз.
Маркаш менен Сапар бири-бирин буттарынан тартып баштарына чейин карап келип,тиктеше түшкөндөй болду.Сапар Маркаштын колун катуу кысты.Маркаш билинеер-билбес күлүмсүрөдү.
-Сапар!
-Маркаш!
Адегенде Сапар Маркашты Сулайман менен алмаштырып жатканын дароо билдим.Качан Маркаштын атын уккандан кийин гана чыйрыгып турган денеси жибий түшкөндөй болду.
Башка түшсө адам баласы эмнелерге гана көнбөйт дейсиз.Бара- бара Сапардын салмагы менин салмагымды басты.Өзгөчө балалуу болгондон бери турмушубуз кадыресе ынтымактуу үй-бүлөнүн катарында өтө баштаган сыяктуу.Сапар болсо мени биринчи күнү кандай сүйсө,бүгүн да ошондой сүйөөрүн түшүнөм.Ал эми менчи? Сырт жагымдан сыр билгизбегеним менен жүрөктөгү жаранын тагы өмүрүм менен бирге жашап,бирге жата турган.Ак никелүү жарымдын көп жакшы жактарын билсем да,муздаган жүрөгүмдү ал каалагандай жылыта албадым.Аны Сулайманды сүйгөндөй сүйүп,бир жолу болсо да ак пейилим менен сүйүндүрүүгө кубатым жетпеди. Сапар мага эзилип туруп "Кучактап койсоң,өөп койсоң,оң карап жатсаң,сүйлөшүп жаталы да" деген сыяктуу өтүнүчтөрүн ар күн,ар түн сайын жалбарып кайталайт.А мен болсо качан гана Сулайманды эстеп,Сулайманды сагынып турган учурумда,Сапарды эсимен чыгарып аны Сулайман деп өөп,Сулайман деп кучактап,Сулайман деп жүрөгүмдү толкутуп жан жыргаткан мезгилдерим аз эместир.
Кыз-келиндер институтун сырттан окуп бүтүп,ушул жерден он жылдык мектепте иштөөгө дайындалдым.
Коллективге аралашкандан бери дүйнөгө жаңы жаралып келгендей болдум.Кун өткөн сайын көңүлүмдү көтөрүп,тун кызындай туу кылган кайын энем менен булбулдай сайраган жазыксыз эки балам эки жагымдан чыгып энелик мээримимди элжиретип бараткансыйт. Ал эми мектепте болсочу.Ал жер мага өз үй өлөң төшөгүмдөй сезилет.Кечээ эле жакында өзүм олтурган ушул ак жолтой парталарда бүгүн жоогазындын гүлүндөй болгон инилерим менен сиңдилерим олтурушат.Мен аларды көргөн сайын жүрөгүм толкуп,көңүлүм көтөрүлүп,кабагым жаркып,качкан бактым кайра кайрылып жаныма келип тургандай сезилет. Мен эми кызыл мугалиммин, балдарды тарбиялай да,окута да билүүм керек,-дейм өзүмө өзүм ишеним коюп. "Гүлүм сен өзүңө кесипти абдан туура тандагансың. Жаштарды окутуп-тарбиялоого татыктуу педагог болооруңа ишенем.Мүнөзүң жумшак жана көтөрүмдүүсүң, чыдамкайсың, жайдарысың,жаным. Биз балалуу болсок,анан аларды өзүң окутуп,өзүң тарбияласаң. Бах дечи,врач менен педагогдун ортосунан чыккан балдар кандай болор эле Гүкөн".Сулаймандын бир убакта айткан ушул өздөрү мектепте келгенден бери көңүлүмө көп түшүүчү болду.Мага болгон анын алгачкы,тунгуч сүйүүсүн актай албасам да,ушул айткан асыл ишениминин өтөлгөсүнө чыга аламбы деген ой жүрөгүмдү бийлейт.Анан мен качандыр бир мезгилдерде аны менен жолугушууну, бир жолу болсо да көрүүнү эңсейм."Рахмат, Гүкөн,мага кылган күнөөңдү элге берген эмгегиң менен актадың", -деген бир ооз сөзүн угууга татыкттуу болсом дегенде уктап жатсам ойгоном.Ошентип, Сулайман мени алыста жүрүп алга үндөп,бийикке кол булгагандай болот.
Кырсыкты кайдан дегенге болбойт тура.Күндөрдүн биринде биздин үйдө күтүлбөгөн бир жаман окуя болду.
Колхоз сырттагы пайдаланыбай бош жаткан жерлерди өздөштүрүп, ага арпа менен сулунун,көп жылдык чөптөрдүн чыгышын практикалоо үчүн Көөлүдөн бир нече гектар жердин дыңын буздурган болучу.Бул демилгени көтөргөн Сапар эле.Адегенде башкарма мүчөлөрүнүн бири туура тапса,экинчиси Сапарды мыскылдап күлүшкөн учурлары да болгон.
-Эй,бала,ошондой эле ашып-ташып турган күчүң болсо ушул жерде эле көрсөт элге.Жети ата,жети тукумубуз сыртка чөп айдап көргөн эмес.Ал жерге беде эмес,жанакы сен өзүң айткан арпа менен ак сулу бул жакта турсун,кара сулу өнбөйт.Бекер уят болосуң,элдин эмгеги текке кетет,-дешкен. Айтканынан кайтпаган,эмгек десе эт бетинен кеткен Сапар өз максатынын өтөлгөсүнө чыгуу үчүн бардык аракетин жумшады.Акыры колхоздун көпчүлүк жыйналышында колхозчулар бул демилгени бир добуштан колдоп кетишти.Ошентип, Сапар өз максатына жетти.Муну уккан малчылар Сапарга ууз баталарын берип жүрүштү.Эми сыртта кыштай турган малдар үчүн чөп-чарды ашуу ашып,таш басып алыстан ташып убара болбойбуз деп кубанышты.
Сапар ушул жайдан баштап сыртчыл болуп кетти.Ал кийинки жолу барганда эспарцетттин үрөнү кошулуп себилген сулудан баштап арпасына чейин тегиз кыр жаап калган болчу.Сапардын колхоздун борбордук базасына барып машинадан түшүп жатканын алыстан көрүп тааныган карыя учуп жетти.
-Салоомалейкум, ата!-Сапар утурлай басты.
-Аллейкумассалом. Келип калыптырсын, чырагым.
-Келдим,ата, мынабул чөп-чардын маани-жайын байкайын дедим.Өзүңөр кандай турасыңар,мал- баш аманбы? Күүлүсүзбү?
-Э балам,жайлоодогу киши да жаман туруучу беле.Баардыгы жайында.Малыбыз аман,башыбыз эсен.Чөп-чарың болсо минтип көк ыраңың көйкөлтүп алынсындап барат.Малчылардын чоңунан баласына чейин эле корукчу болуп кетти көрүнөт.-Карыя чокчо кара сакалын сылай күлүм сүрөдү.
-Рахмат,ата. Бул кызматыңар үчүн эмне деп алкыш айтаарымды да билбей турам.Кыскасы, баардыгыңарга карыздар болуп калдым окшойт.
Көлдөн келген агрономдун кабарын уккан малчылар толуп кетти.Сапар толкунданды. Алар менен жайма-жай олтуруп,ээн эркин сүйлөшүп жатты.Бирок артында башка машина менен түн катып келе турган санакчылар жөнүндө ооз ачкан жок.Колхоздо болгон жаңылыктарды дыйканчылык боюнча кандай иштер иштелип,эмне жумуштар аткарылып жатканы жөнүндө көп сөздөрду баяндады.Анан "ЗИС автомашинасына сылай жүктөлгөн азык-түлүктөргө колун жаңсай:
-Бул колхозчулардын силерге жиберген белеги,жолдош малчылар.Биринчи максатым азык-түлүк жеткизүү болсо,экинчи максатым...-Сапар тамагын жасай,эки жагын карады.Ондогон көздөр көзүнө кадалды.
-Кулагыбыз сенде,биздин колдон келе турган иш болсо тартынбай айта бер,-деген үндөр абага көтөрүлдү.
-Жердин алыстыгына байланыштуу жакадан киши алып келе ала тургандай эмеспиз.Анан үстүнө күч ал жакта да жетишпей жатат.Көпчүлүк малчылар,төрт көзүңөр түгөл,бул жерде турасыңар." Кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей,бардык аракет силер үчүн.Ошондуктан, айдалган жерлерден мүмкүн болушунча арбын түшүм жыйнап алуу максатында тоюттук звенону алдын ала түзсөк деген максатым бар.Буга кандай алымча-кошумча киргизесиңер?
Олтургандар жандана түштү.Кадырбек карыя ордунан жеңил козголду.Айланасындагы малчыларды бир сыйра карап алды.
-Жер карай турган эч нерсе жок.Кечээки кан күйгөн согушта миңдин ордуна бир киши иштеп жүргөндө кайда элек.Ушул алакандын отундай жерди алтымышыбыз бир жүрүп асырай албай,кудай алды дейсиңби,Сапар балам.Эмне десең биз даярбыз.Айта бер сөзүңдү.
-Звено болгондо канча киши болот?Алар эмне иш кылат?-Четте тамеки тартып олтурган жаш жигит өөдө көтөрүлдү.
-Быйылча айдалган жалпы аянтыбыз жыйырма гектар.Жашыл массаны көп алсак,эспарцеттин түшүмүн арбын жыйнасак,келеркиде алардын аянтын эки-үч эсеге көбөйтөрүбүздү кайталап айтып кереги жок.Ошондуктан мал эмес,чычкандын тишин тийгизбей өсүп жетилгенче көз салуубуз керек.Буга звенонун мүчөлөрүнөн тартып,жалпы малчыларга чейин милдеттендирилет. Звенону канча кишиден түзүү өзүбүздүн ишибиз.Адамдын санына жана алардын шартына жараша чектелет. Кийин тоюттук чөптөрдү коромжулукка учуратпай,өз убагында чаап-жыйнап алуу жумушу да ошол звено мүчөлөрүнүн милдети.Жетишпеген киши күчүн малчылардын эсебинен толуктоону звеновой өзү уюштурат.Буга макулсуздарбы?
Кубаттаган үндөр дүр этти.
-Обол мурун звенолорго жетекчи болуучу адамды тандашыбыз керек.
-Ооба,ооба,ызвынаны шайлаш керек.Малчылар туура айтып жатат.-Кадырбек карыянын бул сөзүн экинчи бирөө бөлүп кетти.
-Какемдин өзүн дайындасак кандай болр экен?Кандидатураны жактаган үндөр,чабылган колдор күлкү аралаш көтөрүлдү.Көпчүлүтүн сунушу кубатталды. Кадырбек карыя тоюттук звенонун звеновою болуп дайындалды.
Бул жерде көзү жок сыртынан шайланган эки кишини чакырып келүүгө адам жиберилди.Эгерде кимде ким айдалган жерлердин чөбүн малга тебелетип,көгүн коромжулукка учурата турган болсо,анын келтирген зыяны ошол күнөөлүү кишилерден өндүрүлуп алына тургандыгы токтомго киргизилди. Ошентип,бүгүнкү жыйналыштын жыйынтыгы,малчылардын өз демилгеси боюнча кабыл алынган милдеттенме үйдөн-үйгө,короодон короого желдей тарады.
...Капысынан жүргүзүлгөн мал санак Аманбекти күтүлбөгөн жерден күйүткө салды. Анын коросунан бакандай болгон отуз эки ирик жетпей калды.Эми ал санакчылардын асты-үстүнө түшүп,күзгө чейин ордун бастыра тургандыгын айтып,кечирим суроону ойлоду.Санакчылар узаардын алдында бир жашар уулун бетине кармап,көтөрө баскан чабан тигилердин астын тосту.
-Үйгө кирип,даам ооз тийип,тигил кара күрпөңдү жеп кетишсин агаларым,деп сурайт уулуңар.
Тигилер бир ооз сөзгө келбей аттанып кете баштаганын көргөн Сапар Аманбекке кайрылат.
-Ушунча баш ириктин жок болуп чыгышын кол жоолук жоготкон менен бирдей көрбө.Малдын ээси эл,колхоз.Бизге кол куушуруп кой сойгонуң да,жетпегениңди жетелеп келип берет деп турасыңбы.Андан көрө кой сойгонду коё туруп,жоготкон малыңды толукта.Жебей кеттик деп сага эч ким таарынбайт. Катуу кетсем кабатыр болбо,Амантай.
-Сапар,сен мага бакшы да жакшы да боло.Жебесеңер жеңиңерден сүйрөй турган эч ким жок.Каалабасаңар, жолуңарга түшүп,унчукпай кете бергиле.Менден көп төлөмөрлөр деле жүрөт,аларды көрбөй...
-Түшүнсөң күйгөнүмдөн айттым.Маа десең сен козу эмес,бээ казыла.-деп Сапар жөнөп кетти...
Санакчылардын түнкү дүбүртүн алыстан уккан Кадырбек карыя адегенде" Чек арачылар" бекен деп ойлогон.Анткени бул жер чек арага жакын болгондуктан, чек арачылар малчылар кези келгенде келишип кетишип турушат.
Санактын жайын уккан карыя өзүнүн бирин-экин менчик кой-козусун бөлүп алууну өтүндү.Комиссиянын мүчөлөрү ишке киришти.Кадырбектин короосу түгөл чыкты.Санакчылардын дагы башка короолорго бара тургандыгын түшүнгөн чабан,эртең келип түштөнө кеткиле деп өтүндү...
Санак бүттү.Меймандар чогуу-чаран Кадырбектин үйүнө келип түштү.Жаңыдан эле чай алдыга келгенде кызымтал болгон Аманбек камчысын сүйрөй,отургандардын үстүнө салам айтып,жулунуп кирди.
-Иттин баласы...(Ал түз эле Сапарды көздөй атылды.)Бышып турган ашыма түкүргөн сенсиңби?Керек болсо тигине өткөрүп ал койду.
-Жинди го,Сапар сага эмне кордук көрсөтүп жиберди,ыя?- Кадырбек ордунан турду.
-Өлтүрөм муну.
-Тапкан экенсиң,оңой жерден өлтүрүүчү кишини.Жетишет, көп былжырабай чык эшикке.-деп Кадырбек Аманбектин жеңинен чойду.
Кыжыры келген жигит карыянын колун силкип салды.
-Коё турчу,Кадырбек аба!-Ал кайра эле Сапарды демите баштады.-Кой жетпесе кой алат колхоз,же киши алат бекен.Даам татып кеткиле деп сыйласа,бул мени колдон түшкөн мусапыр кылгысы бар.Кадырбек май берипменн уу берет белем.Шашпа (Сөөмөйүн кезеп,силкилдетти), өлүм бир,кезек эки. Карындашымды колхоздон куугунтуктаганың да жетишет.Мен аны эч качан унутпайм.-деп Аманбек тишин кычыратты.
-Деги эмне демексиң?Менин жаным сенин колуңда болсо аянба.-Сапардын көздөрү жалындап кетти.Каны ичине тартып,таноолору кыпчылды.Ак жеринен Ажар үчүн бул өңдүү жагымсыз сөздү укканда каны кайнап турду!Ажарды сүйбөгөндүгү үчүн күүнөлөйбү, кызык! Сапар колхозго жаңы келип иштеген мезгилин эстеди.Бир күнү көчөдөн өтүп баратса Аманбектин Жамал деген кичинекей карындашы көчөгө атып чыкты.
-Сапар аба,сизди кымыз ичсин деп чакырып жатат.-Оюнда эч нерсе жок Сапар бура тартты.Үйдө Ажар жалгыз экен.Кирерин кирип,ыңгайсыз абалда калды.
Кыз чоң кесеге мелтилдете куюлган кымызды Сапарга сунду.Кымыз кыздын колунда майда толкун чыгарып,өзүнөн- өзү титиреп турду.Ажардын көзү-көзүнө урунду.Сапар көзүн тартып кетти.Эмне үчүндүр көңүлүн иренжиткен жагымсыз абалды сезди.Суусап турганына карабай кымызды кере жутту да,чыныны терезеге койду.
-Неге ичпедиңиз,Сапаш. -деди Ажар ордунан козголбогон калыбында,дубалга сөөнө муңайыңкы телмирип.
-Ракмат,Ажар, азыр эле үйдөн ачкыл ичип алдым эле.
-Анда кайра өткөндө иче кетиңиз.-деди кыз жалооруй тиктеп.Сапар ордунан турду.Эшиктен Аманбек баш бакты.Сапар алардын үйүнө экинчи келген жок.Болгону ошол.
Анан ал баякы колхоздун бир кемер чөбүн өрттөгөндөн кийинки окуяны ойлоп кетти.Жолдоштук соттун журүп жаткан кезиндеги эки алаканы менен бетин басып алып,Ажардын ыйлап жатканы көз алдына тартылды! Кандай жаза берсеңер өзүңөр билгиле,-деп титиреди ал.-Күнөөмдү толугу менен мойнума алам.Жерди көздөй салаңдаган башын салмактуу көтөрдү.Канталаган убайымдуу көздөрү мөлтүр жаштар чайылып турду.Сапарды капысынан жалт карап алып,жүзүн буруп кетти.Анан ал Сапардын чыгып кетишин талап кылды...Сапар чыгып кетти.Ал кийин жолдоштук соттун чечими менен:"Ажар аны сыртынан сүйө тургандыгын айткан экен.Гүлкан менен Сапар Сагаалыныкында олтурганын көрүп,булардан өч алуу масатында ушуну иштедим"дептир. Ажардын мындай оор абалын уккан Сапар өзүн күнөөлүүдөй сезди.Бирок канчалык бул кыз жөнүндө ойлоп,канчалык тынчсызданганы менен өзүнүн тырмактын агынчалык болсо да жылт эткен махабаттын учкунун таба албады...
Аманбектин кыйкырык-чуусу Сапардын оюн бузуп жиберди.Ордунан ыргып турду.
-Сапаш,бул акмак менен теңелбечи.Арак ичпей эле жин ичип келген окшойт. Олтургандар Аманбекти үйдөн сүрүп чыгышты.Мал санакка барган комиссия мүчөлөрүнүн өткөргөн актысы боюнча Аманбек чабандыктан бошотулуп,анын ордуна башка киши жиберилди.Аманбек айылга көчүп келди.
...Сапарга канттип жамандык издөөнүн айласын таппай жүргөн колхоздун мурдагы башкы агроному Аманбекке жакын болуп кетти.
Үйүнө келген "мейманды" Абдыразак мээримдүү тосту. Ичкиликтен ак көрпө жайыл болуп,ала буурул тартып отурган эки дос айтууга сөз,кеңешерге кеп таппайт. Абдыразак оюнга шоотуп жүлүнгө тийе сүйлөдү.
-Ээ,кайран береним,энөөлүгүңдү эчактан бери билем.Жер жүзүн өрт каптап жатса да, сүткө тойгон музоодой болуп каамырабаган жайың бар.Сен чабандыктан бошонууңа Сапар себепкер дешет го,Чынбы?
-Болсо-болоор ал экөөбүз жакшы эмеспиз.-Аманбек шылкя түштү.
-Кантип калп айтайын,башкарманын жыйналышында жалгыз ошол каршы чыгып туруп алыптыр.Болбосо отуз эки кой чепуха да.Эптеп күзгө илинап алсаң,бир эле иригиң бери болгондо эки койдун туягын тургузат эле.Алыш-кериш кылып.Бирин- бирине чабыштырып жиберсең бардыгы жайында болмок да калмак.Бул жерде сенин ишиңе кийлигише турган Сапардын кенедей да жөнү жок болучу.Же бир ветврач же зоотехник болбосо.Мен агроном болуп турганда малчылардын жанына ким бастырып барыптыр,койлорду короосу менен көчкү алып жатса да жумушум жок эле.
-Мен аны көрөйүн деген көзүм жок.Эчен жерден жайлап сала жаздап астапырылда келтирдим.-деп алдындагы алты кыр стаканга жайпай куюлган ракты тартып жиберди.-Бах, дүйнөдө ушул арактай таттуу тамак болду бекен ыя,Абдыш. Тамак болбосоң коё кал ай.-Башын силкип алып куурулган жумурткадан сузам деп суза албай убараланып жатты.
Сапардын өмүрүнө кандай жол менен өрт коюунун амалын ойлоп жүргөн зөкүр Абдыразактын асмандан издегени жерден табылгандай болду.Анын жаман оюнда Сапар кызматын атайын кастык менен жтартып алгандай ойлоочу,ошондуктан ал өлгүдөй жаман көрүүчүюӨзүнүн ишсиздиги,ичкичилдиги, оомачыл,кара ниеттиги жөнүндө ойлоп да коюучу эмес.
Кийинки жуткан жинди суу Аманбектин ар-намысын арбытып көптөн бери көөдөнүнө батпай жүргөн армандуу сырын топтой тээп ыргытты.
Аманбек сөзүн баш аягы жоу айтып бышактап ыйлап жатты.Тигилердин үстүнө жаңы кирген Абдыразактын аялы аяшынын сөзүн угуп чочуп кетти.
-Эмне деп дөөрүп жатасың,Аманбек? Өз абийириңди өзүң булгаган кандай уятсыз немесиң.Сапарды дайыны жок жаманаттылаба. Бир чети айылдашы,бир чети карындашы сыйласа сыйлап жүргөндүр.Сен айтып жаткан алдагы сөзүңдүн баары жалган.Күнөөнүн баары Ажардын өзүндө.
Абдыразак алдында турган чыныны ала коюп тап берди:
-Бас жаагыңды! Качан болсо эле Сапардын таламын талашып чыйылдай бересиң.Деги анын жаман жагын көрөр күнүң болобу?Сап-а- ар,Са-па-а-ар! Сенин Сапарың экөөңдү....
-Сапардай болсоң мен сенден айланат белем.
-Эмесе,ошого барып тийип ал,уктуңбу!
-Жетишет оозуңа келгенди оттой бербегин,уят кокуй.
-Жогол,дейм.
-Жогол дебесең да жоголом мындан аркыңа чыдай албайм.Сендей айбан менен күн көргөнчө жалгыз жүргөнүм артык.Сапар менен башкарманын зоотехник,фермерлердин, парторг,бригадирлердин үстүнөн үстөккө босток арыз жазып жатып эмне таптың,ыя?Ара жолдо акмак болгондон башка...
Өкүрүп-бакырып аялын үйдөн сүрүп чыкты.Калган аракты көңтөрө беришти.Бирде ый аралашкан үндөр чыкса,бирде өөдө ылдый чыккае сөздөр менен кошо баш-аягы жок ырдаган үндөр угулуп жатты.
Эки дос көптөн кийин темтеңдей басып үйдөн чыгышты.Эч кимге сыр чыгарбаш үчүн кайра-кайра кол алышып,кайра- кайра өбүшүп жатышты.
Арадан бир күн өттү.Сапар жумуштан жаңы келип атын мамыга байлап,үйүн көздөй басты.Мезгил каш карарып,түн пардасы тартылып калган убак болучу.Кош оозду колуна коомай кармап дарбазадан баш баккан Аманбек калиткага урунуп алды.Сапар жалт карады.Аманбектин мында өмүрүндө келбегенин билген жигит токтой калды.
-Аманбексиңби, жол болсун баатыр.Караңгыда кайдан:
Аманбек жаңыдан көтөрүлүп бараткан колун шалак түшүрдү.Калтырап кетти.
-Үйгө кир.
-Кирбейм.Мен жөн эле...-мукактана түштү.
-И-и,анчалык эмне болду?Эшиктин алдына келип алып,кайра кирбейм дегениң кызык экен.Тамак ичип кет.Ууга чыкчудай мылтык көтөрүп алыптырсың. -деп Сапар Аманбекти колтуктап үйүн көздөй басты...
Айылдан качан чуу чыгат деп кулак түргөн Абдыразак чарчаганда үйүнө кирди.Бул кезде Аманбек Сапардын үйүнждө булоолонуп тамак ичип отурган кези болчу.
Эртеси Абдыразак Жолдошунун намысына тийип,жанын ачыта сүйлөдү.
-Суу жүрөктүгүңдү билгем.Сапарды көргөндө жөргөлөп калдым дечи.
-Киши өлтүрүү оңой эмес көрүнөт.Чын эле өзүмдү жогот уп коюптурмун.
-Эгер сенин ордуңда мен болсом туулдум өлдүм демекмин.
-Мейли,бир күн болсо да жашап турсун.
-Оп-бали.Бая эле ушундай дебейсиңби? ..
...Арактан тоё ичип алган Аманбек кош оозду таштап,чып этмени октоду.Аягы сай таппай эки-үч күндөн бери шойкомдонуп жүргөн уулунун кебетесин көргөн атасы:
-Мылтыкты эмнеге эле алмак-салмак октоп калгансың?Азыр жайына кой,бирдин ичинен чыкканы жүрөт окшойсуң.-деп ачууланды.
Аманбек атасын алач карап,суук түрүн салып,жооп айтпай жулунуп чыгып кетти.
Эспарцеттин биринчи чабыгы жаңы башталган.Автомашиналар жол бууйт.Силостук траншеяларга тууралган жашыл массаны бири төгүп жатса,экинчиси кетип жатат.Быйыл эспарцеттин түшүмү жер көтөргүс.Гектарына канча центнерден айланып жатканын жаңы эле учетчик менен бирдикте өлчөп бүткөн Сапар тракторист менен бирдемелер жөнүндө кыйкырып сүйлөшкөн калыбында комбайндын жанында басып келатат. Бункерден түшүп жаткан тууралган көк чөп жагымдуу жытын алда-кайда буруксуп,машинанын кузовасын жаба берүүдө.
Капысынан мылтыктын үнү үрөйдү учуруп,жүрөктөрдү болк эттирди.
-Кокуй,Сапарды атып салды!-деген аянычтуу добуш айлананы дүрбөлөңгө түшүрдү. Жүрөк тушун кош колдоп баскан Сапар жерди көздөй эңиштеп баратты.
-Кайсыл ит болсо да жеди!Машина! -деп кыйкырды ал кардыккан үнү менен.Иш токтоду.Механизаторлор менен шоферлор айланага кымкуут болуп ,толуп кетти.
-Тезирээк, түз эле шаарга!-деди Сапар акыркы командасын берип жаткан командирге окшоп.Жылжып аккан кан кочкул жылуу кан бир заматта гимнастаркасынын
сыртынан билинер-билинбес сарыгып барып анан жайыла баштады.
Сапардын башын жөлөп отурган штурвалчы жолдошторуна олунду.
-Ой,бай болгурлар,араң жаткан баланы тебелейсиңерби? Көзүңөргө ак түшсүн,жаман жорук баштап эмнеге ыйлап жатасыңар.Деги үнүңөрдү баскылачы.Аба жетпей калды желди тоспой арыраак тургулачы.
-Элди тыйып,акыл айтып коёт.Өзүн эмнеге ыйлап жатасың.Айланып кетейин эр жалгызым ай ушундай күндү көрмөк экенсиң ээ?
-Бир кишиге жамандыгы болсочу.Башыңдан балээ кетпеген ит,сени атканча баласын атсачы.
Көздү ачып жумганча ЗИЛ автомашинасына жаңы чабылган эспарцетти толтуруп жиберишти.Сапарды тынчтандырып жаткырышты. Айланасында өңчөй механизаторлор менен шофёрлор,колхозчулар. Батпай калгандары экинчи,үчүнчү машинага секирип түшүп жатышты.
-Силер кайда барасыңар,-деди мас болуп жаткан Сапар көзүн ача берип.-Бир киши өлөт деп бүт колхоздун ишин кайраңдатпагыла. Угуп жатасыңарбы мени.Чөп...
-Чөптү Кудай албайт.Сени жиберип коюп кантип санаабыз чыдайт.
-Мени кыйнабагылачы кана түшуп калгыла.
Машина жолго чыкты.Аңды-дөңдү карабай сексен,токсон менен учуп келе жаткан зор машинаны көргөндөрдүн үрөйү учуп жолдон чыга берип жатышты...

#33 26 August 2014 - 18:00
Күтүлбөгөн жерден оор жарадар болуп келген Сапардын абалын көргөн врачтар шашып калышты...
Операция столунун айланасында турган врачтардын жүздөрү сүрдүү да,суз да.
-Жамила,кислород. -Врачтын үнү өкүм чыкты.Сапардын кең көкүрөгү бир заматта адаттан тышкары бирде көтөрүлүп,бирде ылдый түшүп дем ала баштады.
Жамила,эфир! -Кислород эфир менен алмаштырылды. Сапар мемирегенден мемиреп,уйкуга кетип баратты.
Врачтар ишке киришти.Хирургиялык аспаптар шамдагайлык менен биринин артынан бири алмашып жатты.Врач мезгил-мезгили менен кыска суроо берет.
-Пульс!
-Нормалдуу жолдош доктор!
-Кандын басымы?
-Төмөндөп баратат.
Сапардын ал-абалына кылдаттык менен байкоо жүргүзүп турган врачтар менен медсестралардын арасында бир заматта тынчсыздануу пайда болду.Операцияда жаткан жарадардын терең дем алуусу бат-бат дем алуу менен алмашылып таратты.Столдун баш жагында турган врач аптыга сүйлөдү.
-Көздүн кареги жайылып баратат.Дем алуусу бузула баштады.
Операция жасап жаткан врач шашып калды.Ал өзүнүн ишинен алагды болбой калдат кыймылдап жаткан калыбын өзгөртпөй беркилерге сөз ыргытты.
-Кандай болуп кетти?! Операция али бүтө элек! Кандын басымычы?-Экинчи жолу суроо берди.
-80-60 миллиметрртутностолба, -деп калтыраган күч менен жооп берди медсестра.
-Мм.Анда иш чатак.Ичине толгон канды тазалап,жабыр тарткан кан тамырларды калыбына келтирүүгө толук үлгүрө албай калдым.Окту алууга андан да кеч болуп калды.Боор менен өпкөнүн ортосундагы баштыкчасын таарый берип,кыр аркага такалыптыр.
Жанында турган медсестранын улам сүрткөнүнө карабастан, врачтын маңдайынан тер мончоктоп жатты.
Эфир кислород менен алмаштырылды. Операция бүттү.Оорунананын алды жагы машинадан жол бууйт.Кайдан- жайдан угуп келгени белгисиз,эл көп.
Операциянын толук аяктабай бүткөнүн уккан кишилердин жылдыздары жерге түштү.Алар,ичтеги окту алса эле Сапар ордунан туруп,тез эле сакайып кетчүдөй ойлошту.Ал эми жабыр тарткан кан-тамырларынын ал-абалы жөнүндө эстеринде эч нерсе жок эле.Операциянын толук жыйынтыгын уккандан кийин гана жаш жигиттин келечек өмүрүнө кооптонуу туулгандыгын бардыгы тегиз билишти...Сапарды Фрунзеге жөнөтүүдөн башка арга калбаган сыяктуу.
Райкомдун секретары Фрунзеге шашылыш телефон чалып,ошол эле замат санитардык авиациянын начальниги менен байланышууга жетишти. "Айыгаар оорунун дарысы өзү табылат" дегендей,мындан беш эле минут мурда шаардык оорукананын биринде жаткан башынан операция болуучу катуу оорулууга невропатолог Асанбаев самолет алып кеткендигин угуп,секретарь Сапарды кошо ала кетүүгө мүмкүндүк алды.
Талаадан сокур ичеги болуп,ооруканага алып кетти дегенди укканда Салкын анчалык этибар алган жок. Сокур ичегини кесип таштоо докторлор үчүн,колго кирген сары тикенди алып таштоо менен бирдей деп жүрүшпөйбү. Эчтеме болбос,докдурлар бар эмеспи деп ойлоду.
-Эне,башкарма абам машине жибериптир, балаңызга барып келейин,-деди эшиктен кирген Гүлкан кайын энесине.
-Мен эле барайын,балам. Тамак-ашыңды алып эртең эле бараарсың.Силердикине алыстан мейман келет деп жатты эле.Энеңди жалгыз таштап кеткениң болбос.
-Уулуңуз капа болбосо.
-Ии,ботом,жөнү жок эмнеге капа болмок эле.Сапашым анчалык ырайымсыз эмес го,балам...
Салкын оорукананын алдында топтошкон элди,каз-катар турган машиналарды көрүп жүрөгү атып кетти.
Райкомдун биринчи секретары эненин алдын утурлай басты.
-Ээ,айланайын, Болот балам,бир шумдук бар го.Сапашың аманбы,деги.
-Оо,жарыктык десе,мынчалык неге үрпөңдөйсүз. Чочубай эле коюңуз,жолдо келатып сокур ичегеси жарылып кетиптир.Тез айыктырыш үчүн Фрунзенин ооруканасына жөнөтөлү деп кеңештик.Республиканын иши республика да.
-Кагылайын ай,жарылганы эмнеси.Узун жаны аман болсо болду го.Баламды өз көзүм менен көрөйүнчү.Келинчегин да келтирбей койбодум беле,кокуй.- Эне андан ары сөзүн өзүнчө сүйлөп,кобурап эс-мас болуп келатты.
-Кулунум,ырысым, жакшыдан калган белегим,тирегим. ..
Салкын киргенде Сапарды самолетко салууга камынып жатышкан.Өң- алатсыз насылкада кыймылсыз сулк жаткан уулун көргөндө эненин бүткүл денесин калтырак басты,бети менен кете жаздап барып токтоду.Көңүлү караңгылап, акылынан тая түштү.
-Са-а-паа-р,ка- рал-дым!-Салкын уулун бакырып барып басып жыгылды.
-Э-не-ке-бай! -деди Сапар Салкынды үстүнөн тургузуп бараткан көпчүлүтү онтой карап.-Билдиңизби? Алыштыбы?
-Эмнени алыштыбы дейт айлананйындар. -Салкын улам бирөөнө жалжылдады. Артынан бирөо шыбырагандай болду."Алды" -деп айтыңыз.Эне эч нерсеге түшүнгөн жок.А Сапар болсо ичиндеги ок жөнүндө сурап жаткан болчу.
-Ооба,алышты балакетиңди алайын каралдым.Коркпой эле кой.Анча-мынча ооруга көтөрүмүң жок белем.Сокур ичеги менен көп эле киши ооруп жүрбөйбү балам.
Сапар энесинин эч нерсе уга электигин түшүндү.Анан билинер билинбес күлүмсүрөп койду...
Арадан көп убакыт өтпөй Сапарды салган самолет абага көтөрүлдү.
Бул мезгилде оор жарадарды алып келе тургандыгын уккан республикалык хирургиялык бөлүмдүн медиктери операцияга даярдык көрүп жатышты.Үйүнөн жаңы эле чакырылып келинген жаш жигит шыпылдай басып кабинетке кирди.
-Алло!Алло! Санавияциябы? Аа саламатсызбы? Пржевальскийге жиберилген самолеттун келгенин билейин дедим эле...Ракмат! -Трубканы шак илди да,ордунан атып турду.Жигит эшиктин алдына жаңы жеткенде телефон кайра шыңгырады.
-Алло!Ооба мен угуп жатам.Тез жардам машинасы короого кирди дейсизби?Жакшы. Рентгенологиялык кароодон өткөндөн кийин түз эле операция столуна.
Башкы сестра оорунун тарыхын толтуруп жатты.
-Бүттүм жолдош доктор.Таанышып чыксаңыз болот.Рентгендик сүрөт мына.
-Канынын группасы чыктыбы?
-Чыкты,чыкты, Биринчи группа экен!-Врач оорунун тарыхына дыкаттык менен көз чаптырды.Бир демге кирпиги ирмелбей,деми чыкпай,көздөрү бакырая түштү.Жаңы ган чаккан ширенкенин талы оозундагы тамекиге жетип-жетпей барып,жалындай түшүп жалп өчтү. "Сапар Жусупбеков! Мм!"-Колундагы кагаздардын бир баракчасы учуп жерге түштү.Өңү өзгөрүп кетти. Анан көңүлүн жанына келген медсестра бузду.
-Бардыгы даяр болду,Жолдош доктор!
Ал сестрага бирдеме дегендей болду.Эч нерсеге түшүнбөгөн кыз кайталап сурады.
-Райкомдун секретары менен колхоздун башкармасы дебедимби!
-Энеси да кирем деп ыйлап жатат.Руксат сурагандар көп.
-Операциядан кийин деп айткыла.Баарына түшүндүрүлгөн. Жигит дагы бир жолу колун каруусуна чейин щеткалап жатып самындап,бир нече жолу көбүртө жууп,таза чайкап,анан желдеткичке колун тосуп кургатты.Андан кийин акыркы жолу колун спирт менен тегиз жууп,манжаларын чычайта көтөргөн бойдон медсестранын жанына келип токтоду.Кыз колундагы масканы врачтын бетине байлады.Башына калпакчасын кийгизди.Операцияга толук даяр врач колун сырайта көтөрүп,бет маңдайындагы бөлмөгө бет алды.Врач операция столуна жаңы жаткырган Сапардын жанына барып токтоду.
-Кандай Сапар Жусупбекович! Жакшысызбы?
-Көрүп турбайсызбы, жолдош доктор!Жакшы болсом ушинтип жатат белем.
-Сабыр кылыңыз,баары жайында болот.Бирок операцияны наркозсуз жасайбыз.
-Көтөрө алар бекенмин.Мурда да бычак жеп калдым.
Врачтын көзү Сапардан өттү.А Сапар болсо мага берериң өмүрбү же өлүмбү дегендей ага алагар көзүн жалжылдатып жалооруй тигилди.Врач оор дем алды.Анан Сапардын мурда кесилген жерине кареги кадала түштү.Эрдин тиштеп,башын тез буруп кетти.
-Коркпоңуз.Операциянын ийгиликтү аяктаарына ишенип коюңуз.
-Оозуңа май,айланайын иним.Колуңдан келген жакшылыгыңды аяна көрбө.Бул кызматың үчүн... Ага кирген башкарманын сурмасыз,кичинекей тегерек көзүнүн кычыгына жаш толо түштү.
-Жакыныңызбы?
-Белдүү кызматкерим. Адамгерчилиги артык,эстүү жигит.Жакшыда жадоо жок дегендей,өз баламдан кем көрбөйм.Анын үстүндө астында ага,артында иниси жок.Атасы Улуу Ата Мекендик могушта курман болгон.
Терең ойго чөмүлүп башкарманын сөзүн угуп турган врач оор күрсүнүп алды.
-Андай болбогон күндө да Сапардын өмүрү үчүн күрөшүү биздин милдетибиз. Бардыгы сиз ойлогондой болоор,аксакал. ..
Кайын энемди узатып коюп,балдарды кийиндирип алып көчөгө чыктым.Энемдин элтеңдей биздикин көздөй чуркап келатканын көрүп токтой калдым.
-Айтчы,батыраак, эмне шумдук болуп кетти?Сапашты сойгону алып кетишти дегениң кандай?-Энем ыйлап жиберди.-Кагылайын кулунум ай,эртең менен үйдөн таптаза аттанбады беле?
-Жашыңыз кирпигиңиздин учунда илинип эле араң турат.Талаадан приступ болуптур.Сокур ичеги дейт.Мен барайын десем энем болбой койду.
-Деги ошондой эле болсун.Баса, артынан башкарма,сельсовет, парторг баштап көп киши кетти,оорусу катуу окшойт деген сөздү угуп жаным чыгып кетпедиби.
Биз үйгө кирип,жайма- жай олтуруп калдык.Конок камын көрүш керек болучу.Бир маалда кошунанын тестиер болуп калган уулу кирди.

#34 27 August 2014 - 00:32
-Чоң эне,тигинде көп милиция келди.Сапар абамды аткан кишини машинага колун байлап салып,түрмөгө алып кеткени жатышат.Силер эмне үчун барбайсыңар,
энем менен атам ошол жакка кетишти.
-Э кокуй Гүлкан, кара көзүбүз кашайган го?Бул жубарымбек эмне деп тамтаңдап жатат.Кокуй ай,ушундай бир шумдуктун бар экенин сездим эле да!..
Деним өлө түштү.Энем галошун кийбей,маасычан эшикти көздөй жыгылып-туруп чыгып баратты.Элдир- селдир эс кирип калган ынтымак жамандыкты сезгендей чыңырып ыйлап жиберди.Агасынын үнүнөн чоочуган Жылдызбек ээгин эмшеңдетип эки жагын карайт.Энем экөөбүз жуп жеткенибизде машина жүрүп кетти. Ал жерде турган эл бизди көрүп чайпала түштү.Бардыгынын өңдөрү суз,көздөрү убайымдуу.Сапарга каттуу кейип,санааркап тургандары ар-кимисинин жүзүнөн байалып тургансыйт.
-Бул итти атпай эле,кескилеп өлтүрсө сооп болот эле!
-Айланайындар ай,балам аман бекен?-деп энем тургандарга жалдырады.
-Балаңыз аман,байбиче. Жанакы итти ушул жерден тирүүлөй керип салалы десек бербей коюшпадыбы.
-Ансыз деле мүргүп араң турат.Милициялар келгенче эле чөп чапкан балдар көк челек кылып салышыптыр.
-Чала болот!Баладан жаралган балага кол салсачы,чочко!
-Айткылачы эл,ким атыптыр,эмне үчүн?-деген энемдин көзү канталар кетти.
-Аманбек атыптыр.
-Аманбек!Туз урган айбан.Түндө эле биздикинен тамак ичип кетпеди беле.
Энем экөобүз эки баланы алып,түн катып шаарды көздөй бет алдык...Сапарды таппадык.Эчак эле Фрунзеге алып кеткенин угуп,супсунубуз сууп кайра тарттык.Үйгө жакындаганыбызда бизди көргөн кошуна-колоң айланабызга толуп кетти.Бири бирди айтса,экинчиси бирди айтат.Ар кимдин оозун тиктеген калыбымда таштай каттым.
"Жараты оор,мал болоор-болбосу арсар" деген сөздөр башымды тумандатып, көңүлүмдү караңгылаткансып, колу-бутум шалдырай баштады.Канча кылса эки баланын атасы.Сулайманга болгон сүйүүм,кусалануум көңүлүмдөн жаңы гана оолактай баштаган кезде мындай окуянын болушу арзанга турган жок.Турмушка жаңы көз ачып келаткан Сапардын күлгүндөй жаш өмүрүнүн мезгилсиз кыйылгандыгын ойлоп,анын бардык жакшы сапаттарын, мага кылган мамилелерин чар-жайыт эсиме түшүрүп жаттым.Аны өлүмгө ыраа көргөнүм жок.Сапар көп адамдын бир адамы эмес да.-Каңырыгм түтөдү.О-о,ак пейил,жазыгы жок,жалгызым. -Кайын энем эсиме түшкөндө ысык темир жүрөгүмдү каарып алгандай болду.Сапардын күйүтүн кантип көтөрө алаар экенсиң,байкуш энем. Сенин күйүткө толгон көз жашыңды,көкүрө дартыңды көрбөсөм экен.Алдымда олтурган Жылдызбек салаа-салаа болуп агып жаткан көз жашымды бытырайган кичинекей колдору менен чукулап ойноп жатты.
-Сыз жерге отурбачы,Гүлкан балам.-деген кимдир бирөөнүн сөзүн угуп,ордумдан таштай салмактанып зорго козголдум.
Жолго чыгууга анча-мынча даярдык көрүп бүкүлү бойдон балдардын жанына кыйшайдым.Уйку менен тамак,күлкү- үчөөндө ар жок деген чын окшойт.Санаам сандап,жүрөгүм өрттөнүп жатып көзүм илинип кетиптир. Телефондун үстөккө-босток шыңгыраган үнүнөн чочуп ойгондум.Күн чыгып калыптыр.Фрунзеден экен.
-Гүлкан!Секет кетейин ак жолтоюм,сүйүнчү, Сапашың жакшы.Кудагыйга айтып кой,коркпосун. Санаасы тынбай жаткандыр байкуштун.Мен дагы көңүлүм тынчып,Сапашымды көргөндөн кийин телефон чалдырып жатам.Азырынча бул жакка келебиз деп дүрбөбөгүлө, балам.Күн ысык,балдарың менен куруп каласың.Сапаштын жанында бир-эки күн туруп жолго чыгам.Мен барганча коркпой-үркпөй, балдарыңды ыйлатпай оокатыңды кылып тур.Ынтымакты энесине бер.-деди.
Анткени Ынтымакты өз энем багып алайын деп айтканынан Сапар экөөбүз,аны бергибиз келбей,Жылдызбекти ыйгарганбыз. Муну угуп кайын энем капа болгон.Баладан баланын кандай айыпмасы бар.Каалап,алам деп айткан баласын бергиле.Бир үйдө энеңердин жалгыз отурганына жаныңар кейибейби.-деп урушкан...
Эми дагы ошол жөнундө айтып жатат.

#35 28 August 2014 - 13:06
белка эже бул теманын аягын куто берип жинди болдук го кайта кайта эшик каккылап. жазып бутуруп коюнчу сураныч.!
#37 28 August 2014 - 20:31
бүгүн дагы жоксузго белка эже ..эшикти каңк каңк деп сүзүп алыпатам
жазыңчы
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#38 29 August 2014 - 01:20
...Кайын энем келе турган күнү өзүм барып тосуп алдым. Самолеттон кабагы ачык,көңүлү куунак түштү.Сүйүнгөнүнөн сөзүнүн баш-аягын таппай,көңүлдөгү кубанычын чар-жайыт сүйлөп жатты.
-Операцияны ким деген жасады?
-Кыргыз дөгдүр.Сапашыңдай эле жаш жигит экен.Ыйлайт дедиби мени киргизбей койду.Ботом, дөгдүрдүн баары өзүбүздүн балдар болуп кеткен тура. Кыргыздын өсүп-өнгөнү ушул сыймыктанып калдым.Сапашымдын ичиндеги окту камырдан кыл сууругандай кылып алып салды го,бечара.Адамга жакшылык кылганынан көгөрөр.Адамкерчиликтүү, кичипейил бала экен.Сапар чыкканда машина жиберем келбей койбо-деди го башкарма.Кетеримде атайын үстүнө кирип колунан өөп,Сапаш чыкканда чогуу биздикине барып келгин балам,деп жакшы эле жалынып жалбардым.Ай, келбейт го.Иши чачынан көп экен.Эмнеси болсо да өмүрлүү болсун,ак жолтой болду...
Мен Сапарга жөнөгөнүмдө өз энем кошо кетти. Күйөомдүн баягы жылы мен жаткан оорукананын хирургиялык бөлүмүндө жатканын укканымдан кийин Сулайманды кайра-кайра эсиме түшүрө баштадым.Сапар менен Сулайман алмак-салмак көз алдыма тартылат.Жолдо катар бирде Сапарды бирде Сулайманды ойлоп бараттым. Кайдагы бир ой көңүлүмө кылт дей түштү.А балким Сулайман ушул жерде иштесечи? "Өз жериме караганда мага Фрунзенин абасы абдан жагат экен" деген сөзү кулагыма угулду. Жүрөгүм булкуп алды. Өзоюмдан өзүм чочуп,өз пикиримден өзүм чегингендей боло түштүм. "Жок,-дедим өзүмө-өзүм ишеним коюп.-ал бул ооруканада иштебейт.Мургап менен чектеш Кыргызстандын түштүк районунда иштеп жатыптыр деп укпадым беле.Аны мен эми эч качан көрбөйм,Сулайман мени жек көрөт.Ооба,сөзсүз жек көрөт!" Өткөндөгү бирге жүргөн бактылуу минуталарым көз алдыман берметтей тизилип өтүп кетти.Өзүмдү- өзүм өлдү деп берген телеграмманы алгандагы Сулаймандын оор абалы,мөндүрдөй көз жашы,көкүрөк дарты... Кийин телефон чалып менин дайнымды билгенден кийинмөңүнүн бирде албырып,бирде кубарып туруп "Ал өз эрки менен кетен жок.Кудай урсун,ишенип койгула мага,Гүлкан мындай ишке эч качан бармак эмес.О-о,шордуу жаным,ушундай да бактысыз жигит болоорсуңбу. .."-деп өкүрүп-өксөгөнү. "Артынан барам,барбай койбойм.Душмандын колуна мен аны бир түнөтпөйм.Телефондо Гүлкандын өзү менен сүйлөштүк деп ишенип турасыңарбы. Жок,жок,ал Гүлкан эмес.Мен түшүнөм..." -деп жинди болгон эмедей эшикти көздөй атылганы,аны тууган-туушкан, жоро-жолдоштору коё бербегенин укканымды эстедим.
Менин жердешим Жапаралы менен эчен жолу кезигишип,эчен жолу бирге болгон учурларында бир жолу болсо да Гүлканды көрсөм экен дебегени,эч качан эскерип сүйлөбөгөнү менин кусалуу дилимди артка түрткөндөй болгон.
Сапарга кирүүгө уруксат алганы ординатордук кабинетке киргенибизде жаш кыз кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан экен.
-Жусупбеков дейсизби?Тынчсызданбасаңыз да болот,Сулайман Бакирович.Жакшы, жакшы,уктап жаңы гана ойгонду.-деди.
Медсестра телефондун трубкасын рычагга жай гана илип,мага карады.А мен болсо акыл-эсимден ажыраган,тили эч нерсеге келбеген дудук адамдан бетер оозу-башым өзүнөн өзү кыбырап,жансыз сөлөкөттөй турдум.Көзүм жашка толуп,төгүлүүгө даяр турганын да билбедим.
-Кулагым сизде.-деди менин көрүнүшүмдөн тынчсызданган кыз.
-Айтыңызчы Бакиров ушул жерде иштейби,ал түштүктө иштечү эмес беле?
-Сулайман Бакировичтин бул жерге келгени качан.Аны оорукана өзү кийлигишип жатып сурап алышкан.Жакыныңыз болобу? Бир демге эрдимди кесе тиштеп туруп,башымды чайкадым.
Муун-жүүнүм бошоп,жүрөгүм алып-уча баштады.Бир заматтын ортосунда бүткөн боюмду муздак тер басты.Чиркин ай,турмуш деген кандай татаал,кандай буйткалуу. Бир кездерде жүрөгүмдү жаралап,бир күн көрбөй калсам көзүмдөн учкан Сулаймандын атын угуп,арстандан корккоон коёндой боло түшкөнүмдү карачы. Шылтоого шыйкоо табылса бакырып ийүүгө даяр элем. Тамагым кысылып,үнүм буулуп турду...
Сапардын үстүнө киргенде өпкө-өпкөмө батпай ыйлап жаттым.Байкуш Сапар менин ар менен-корго, арман менен муңга,сүйүү менен күйүүгө жык толгон көз жашымды өзүнө алды көрүнөт,жаздыктан башын көтөрө берип,колумду кыса кармап:"Ыйлабачы Гүлүм,мен жакшы болуп калдым.Врачтарга ракмат,өлүмдөн алып калышты.Мени операция жасаган жигит мыкты хирург экен.Балким, ал болбогондо тирүү калышымды Кудай билет эле.Алкыштан башка айтаарым жок".
Жаштуу көзүм Сапардын чарасы бөксөрүп кыйналган бажыракай сурмалуу көзүнө тигилди.Бир заматта анын көрүнүшү мага ушунчалык аянычтуу көрүнүп кетти. Иши кылып,алтын жаныңдын аман калганына каниет деп ойлоп жаттым.Анын врач жөнүндө чыккан мээримдүү сөзү бүткөн боюмду чыйрыктырып, калтыратып баратты.
Жаныма келген медсестра каруумдан тартты:-Врач келатат,мүмкүн болсо уруксат этиңиздер,убактыңар бүттү.
Шашып калдым.Көзүмө Сулайман кирп келаткандай элестеп кетти.Аны менен бет алышууну каалабай турганымды сездим.Сапардын көңүлү чөгөт болбосун дедимби,анын түндөй кара уюлгуган тармал кара чачын колум менен жумшак сылап,чекесинен өптүм.
-Биз тышка чыгып туралы,Сапаш.
Сапаш балдарын эңкейип улам бирин алмак салмак өөп да жыттап да жатты. Ынтымак Сапарды колдон тартты:
-Жүйү папа,кетебиш үйгө.-уулум атасын таштап кеткиси келбей ыйламсырады.
Энем менен балдарга кылчактай эшикти көздөй бастым.
-Гүкө таякемдердикине барып эс алгыла.Эртең келээрсиңер. -деди Сапар артымдан. Палатадан жаңы гана чыгып,узунунан кеткен кең коридорду ортолоп келгенимде, оң жактагы палатанын эшиги шарт ачылды.Кимдир бирөөнүн тааныш көзү көзүмө чоктой кадалды.Бири- бирин арбашып жаткан макулуктан бетер турган ордубузда каттык.
Жүрөгүм көөдөнүмдү жарып чыкчудай дик-дик урду.

#39 29 August 2014 - 01:23
бүгүн дагы жоксузго белка эже ..эшикти каңк каңк деп сүзүп алыпатам
жазыңчы
Бүгүн келдим бирок аз гана зорго жаздым. Кайын журтум конокко келген ошолор менен болуп жатам,азыр баары уктаганда кичине жазымыш болдум.Эртең кеч бүтүргөнгө аракет кылам.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!

Супер-Инфо
super.kg
видео