Гүлкан!-деди ал мени көздөй жүткүнүп.-Сенсиңби?
Сулайман,кечир мени...-Биринчи эле ушул сөз оозума кириптир.Бет ылдый мөлтүлдөп агып жаткан көз жашымдын кычкыл даамы оозума кирип жатты.Үйдүн дубалдары бир жагына кыйшайып бараткансыды.
Өмүрүмдө мындай оорунун экинчи жолу кайталанышы эле.Анан ал мени жерден таптак көтөрүп бооруна баскан бойдон кандайдыр сендиректей басып бараткансыды.
Энем менен балдарым мени издеп жүрүшүптүр.
Аларды баштап бир сестра менин үстүмө алып кирди.
-Капырай балам,таптаза туруп эмне болуп кетти.Энемди көргөндө Сулайман ордунан ыргып турду.
-Гүке!Бул киши сенин апаңбы?-Ал утурлай басты.-Саламатсызбы,
апаке!Чочубаңыз жүрөгү бир аз начар экен.Кичине приступ болуп өттү.
Апам менен кол алышты.Андан соң Жылдызбек менен Ынтымакка далбастап кучак жайды.Ылаачындан корккон жөжөдөн бетер экөө бирдей мага ыкташты.
-Окшошкон макоолор,эмнеге качасыңыр?Кана өптүрүп койгула.Бул-
аба!-Балдарымды эркелетип,маңдайынан жыттадым.
Энем алда немеден шек алгандай мостоё түштү.Сулаймандын жаш чайган көзүнө аянычтуу тигилип турганын байкадым.
-Балдарың барбы,балам?
-Жок,апаке,балалуу боло элекмин.
Энем жер тиктеди.Сулаймандын бул жообу жүрөгүмдү сайып алды.Сулайман Жылдызбекти экинчи жолу бооруна кысып,кайта-
кайта жаагынан сүйө,мага берип ордунан турду.
-Оорулууларга барышым керек,Гүкө.Капа болбосоңор бир аз күтүүгө туура келет.Анан өзүм узатып коём.
-Балдардын курсагы ачты го,Гүлкан!
-Энем кетсек дегендей кылды.
-Азыр апаке тез эле келем.
-Сапаштын дөгдүрү сенсиңби,балам?
-Ооба,менмин.
-Сулайман токтой калды.
-Ымтырагансыйт эле ымтырагансыйт.
Түбөлүгү түзбү,кагылайын?
-Сизге эркелеп жатса керек,апа,болбосо көңүлү ачык,ден-соолугу жакшы.Аз күндө жаныңызда болот.
Сулайман чыгып кеткенден кийин энем дароо өзгөрүлө түштү.Мага ыраазы болбогондой карады.
-Мунуң баякы өлүп-тирилип,
сүйүп-күйүп жүргөн жигитиң го.Анчалык азабын тартып куурагандай Сапардан деле артыкчылыгы көрүнбөйт го. Тобо,бир заматта кайдан табышып калдыңар.Чолпондой болгон күйөөң тигинтип орто жолдо жатса,оюңда эчтеке жок кыналышып жанында олтурасың.Сени жыгылып калды дегенди угуп,курган балам керебеттен учуп кете жаздады.Бизди таштап качан чыгып кеткениңди да байкабай калыптырмын.
Ай балам,ай балам,эр болсо Сапарчалык эле болоор.Көлдүгүнөн,
көтөрүмдүүлүгөн көгөрүп жүрүп бүлө кылды го сени.Тилимди алсаң тигиниңди кошоматтатпай өзүбуз эле кетели.Сапар угуп калса эмне бетибиз калат.Карыганда калжаңдап,кызына жеңе болуп жүрүптүр деп көңүлүнө кетип калбасын.
Мурда эле ата-энемден үшүккө чалдыккан жүрөгүм эми биротоло муздак сууга жулуп ыргыткандай көңүлүм иренжий түшту.
Астра гүлү Зуура Сооронбаева
#42 30 August 2014 - 00:43
Катуу айтып жибере жаздап барып,өзумдү-
өзүм араң токтотту.Энемди телмире тиктедим.
-Ушунчалык таш боор болбосоңуз кантет.Эркимдин боштугунан, ата-энелик баркыңарды сыйлап,жалгыздыгыңарды кыйбай айтканыңарды аткардым.Мөөрөй силердики болбодубу.Эми мага энелик мээримиңизди бир жолу төгүп койсоңуз эмне болот.Сулайман менен мындан чыккандан кийин аз убакыт бирге болууга айкөлдүк кылыңыз....
Энем жумшара түштү.Мага сыр алдырбаганы менен анын оюнда Сулайманды жактырып турганын билип турдум.Мына, Сулайман да келип калды.
-Кана,кеттикпи, -деди халатын чечип жатып.-Силерди көпкө күттүрүп койгон жокмунбу?
Энемдин алдында уктап жаткан Жылдызбекке умтулду.
Кеч кирип калыптыр.Сулайман бизди жеткирүү үчүн атайын чакыртканбы, айтор,оорукананын алдында машина күтүп туруптур.Сулайман экөөбүз Жылдызбекти алып,машинанын артына отурдук.Энем болсо баласы менен алдынан орун алды.Сулаймандын оюна алда немелер түшкөндөй,ысыктан албырып,чачынын арасы чыбырчыктап, терден чыпташып турган Жылдызбектин жумшак көкүлүн үйлөп желдетти да,анан артын көздөй сылап,кашкалуу жазы маңдайынан жыттап койду.Анын мага кадала түшкөн көз карашынын тереңинен:" Ушундай дүйнөдө жок бактыны мага бербей кантип башкага бердиң.Карачы Гүкө,билбеген бирөө көрсө,ушул жигиттин балдары,ушуд жигиттин үй-бүлөсү деп ойлошор беле бизди?Мен көксөгөн,мен жетпеген,мен сагынган картина!" -деген жазууну окудум.Дагы эле көзүмдөн көзүн албай тиктеп туруп,мостоюңку улутунду.
-Курсагыңар ачкандыр,тамактаналы?
Башымды ийкедим.Иши кылып Сулайман менен көбүрөөк бирге болууну каалар турдум..
Тамактанып чыккандан кийин энем балдарды таякемдикине түшүрүп коюп,Сулайман экөөбүз кайра тарттык.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#43 30 August 2014 - 01:51
XXII партсъезд көчөсүнө келгенде борбордук почтодон имерилип,Дзержинский бульвары менен вокзал тарапты көздөй бет алдык.Сулайман эки колун артына алган калыбында үнсүз.Анда-санда гана башын өодө көтөрүп,бийик үйлөрдүн үстү жагына,жылдыздуу ачык асманга көз чаптырып,эртеңки күндүн аба-ырайына байкоо жүргүзүп жаткан метеорологдон бетер айланага суз телмирет.Унчугушпай жүрүп олтуруп,үчүнчү көчөнү ортолоп калганыбызда:
-Күйөөң түзүк жигит көрүнөт,элге алымдуу экен. Аны мен кайдан көрдүм десем,сүрөтү менен "Айыл чарба" журналынан окуган экенмин.Сенин жолдошуң экенин ооруканага келгенде оорулуунун тарыхын окуп,ошол экен деп билдим.Фамилиясын Жапаралы айткан эле.-Ал дагы бир демге унчукпай калды.-Сапар сени катуу сүйсө керек.Же жалган айтамбы? (Башымды ийкедим). Эмнеси болсо да сүйгөнүнө баш кошкон бактылуу жигит экен.
-Жок,Сукен,ал бактысыз.
-Эмне үчүн?-Ал мага жай карады.
-Алган жары ардактап сүйбөгөндөн кийин,жалгыз бир кишинин сүйгөнү жел учурган камгактай дейм.Болбосо Сапар,Сапар дегендей эле артык жигит,көрдүң го өзүң. Бирок эмне үчүндүр сенчелик көрбөйм,Сулайман.
Сулайман артына алган колун түшүрүп,колтугумдан бош алды.
-Адам келечекте эмне болоорун билбейт тура.Кээде турмуш адамды селге кеткен чамындыдай белгисиз тарапка ылактырып салуучу күчтүү нерсе экен го.Дагы алдыда бизди эмнелер күтүп турганын ким билсин.Билесиңби, иш боюнча өз ордумду тапканым менен,керт башыма келгенде мен да сенин түгөйүңмүн. Салиманды мага эч ким таңуулабаганы менен,мен аны сүйүп үйлөнгөнүм жок.Сенден алган сокку ойдо жок жерден ушуга алып келди. Анын жүрөгүн сен үчүн эмгиче оорутам.Гүлканым болгондо сени карап өтмөк эмесмин дейм. Салиман деп чакыргандын ордуна "Гүлкан,Гүлүм, Гүкөн"-деп бутташтырган убактым аз дейсиңби.Калп болсо да анын көңүлүн көтөрүп коюучу учурлар келип калганда,сени эстеп туруп кучактап,маңдайынан сүйүп койгонум ал үчүн бакыт экенин билип турам. Биринчи түнү,биринчи күнү ага кандай салкын мамиле кылган болсом,азыркы күнгө чейин ошол мунөзүмдүн катуулугун жаза албадым.
Сулайман ушул жерге келгенде,душманымдан аз да болсо өчүмдү алгансып,күнүлүү жүрөгүм бир аз бөксөргөндөй боло түштү. "Оо,Жараткан, -дедим ичимден.-бул да мен окшогон армандуу байкуш беле.Эмне үчүн тагдыр бизди күкүк менен зейнептей арабызды алыс бөлүп таштады". Терең ойго батып тунжурай түшкөнүмө Сулайман тынчсызданды.
-Чарчадыңбы? Бир аз олтуруп эс алалычы.Көп бастык окшойт.
-Чарчаганым деле жок.
Түз жолдон бурулуп скамейкалардын бирин көздөй бет алдык.
-Эмне үчүн-сүйлөбөйсүң? -Көзүбүз көзүбүзгө кадалды.
-Көп өзгөрүп кетиптирсиң, Сулайман.-Ал мага мурдагыдан келбеттүү да,сүрдүү да,сулуу да болуп көрүнду.
-Сырт келбетим өзгөргөнү менен,жүрөгүм дагы деле сен деп согот.
-Сен мага таарындыңбы? -дедим мен.
-Телеграмманы алып,чын эле өлгөн экен дебедимби,жаным. Ысыккөлгө кеткениңди эртеси швейцар аялдан укканмын.Ал атасы катуу оору экен деген.Жолдо баратып аварияга учураган экен деп өбөктөй түшпөдүмбу. Эмне үчүн ушундай суук телеграмманы жиберттиң?Же мени биротоло күйүткө күйүп өлсүн дедиңби?
-Өлгөнүм жалганбы,тирүү болсом сени менен бирге болбойт белем?
-Сапарга кандай кеткениңди кийин толук уктум. Ашык күнөөлөй албайм сени.Бирок бир арманым элдин сөзүн укпай,артыңдан барганымда, балким кайра алып келет белем.Же айыл үстүлүк кылып кетишет беле,ким билсин.Айтор, ошол кезде аз эле жерден жинди болбой калдым.Адамдын турмушунда эки залкар кубаныч болот дейт.Бирок ал экөөнөн тең бактысызмын. А сен бул экөөнүн бирине жетпегениң менен экинчисине жеттиң.
-Кантип?
-Билбейсиңби ушуну?Тнгуч сүйгөн жарга баш кошуу-бул бир де,анан ал жарыңдан биринчи балалуу болуу-бул эки де.Же калп айтып жатамбы.Сүйгөнүнө баш кошкон ушундай бактылуу үй-бүлөнү көргөнүмдө кандай суктанаарымды өзүм гана билем.-Сулаймандын үну дирилдеп чыкты.

#44 30 August 2014 - 02:21
-Түшүнөм.Эгер сени менен баш кошуп,анан биз балалуу болсок ушинтип муңканат блем,Суке.Ынтымакты төрөгөндө жерип да жүрдүм.Канткен менен бала энеге кымбат тура.Бара-бара байкушумду жакшы көрүп кеттим.Адегенде алдырып салайын деп докторго барсам болбой коюшту.Кеч кайрылыптырмын.
-Аның акылсыздык болмок.Биринчи баланы аборт кылдырууга болбойт,алтыным! Балким,оорукчал же такыр төрөбөс болуп калат элең.Төрөп алганың жакшы болуптур,жылдыздуу балдарың бар экен.Аман болушсун.Мен кубанбасам да сен кубанып жүрчү,жаным.
-Менин саатым алдыда окшойт,саатың канча болду,Суке?
-О-хо,эки.
-Анда туура экен.Бат эле ушунча убакыт болуп кеттиби?
Айланага биринчи жолу көз чаптырдым.Дымыр эткен жан жок.Бет маңдайыбызда күйүп турган лампочкалар сүттөй жарык нурун жалгыз биз үчүн төккөнсүп жымыңдашат. Жогору тараптан соккон салкын абанын толкуну жалбырактарды акырын сеңселтип,анын жагымдуу жытын бизге желпип жаткансыйт. Сулайман көодөнүн кере рахаттана дем алат.
-Сүйүү да ушул таза аба сыяктуу адамдын жашоосуна зарыл керек каражатпы дейм.Сүйгөнүнө баш кошкон адам көпкө чейин картайбаса керек.Аша чаап атпасам,мени бир топ ментимен тайдырып кеттиң.Кантейин.
Эрдимди кесе тиштедим.Сулайман сөзүн кайра улантты.
-Балдарыңды алып,апам менен биздикине барып кет. Салиман сени жакшы күтөөрүнө ишенем.
Башымды чайкадым.Эңилип колумдагы саатка кайра үнулдүм.
-Кетели деп турасыңбы,жаным. -Сулаймандын эрди дирт дей түштү.-Бир түнкү уйку эмес,сен үчүн канча түндү кирпик көзүн какпай узатканымды билбейсиңби?
Көзүм бет маңдайыбызда жылдызча кылып эгилген тааныш гүлгө урунду.Балким, Астра гүлү болуп жүрбөсүн?Ордумдан жеңил козголдум,Сулайман колумдан алды.
-Кайда барасың?
-Эч жакка барбайм.Тетигил кайсы гүл?Астра эмеспи?
Сулайман колумду кармаган бойдон кошо басты.
-Туура тааныптырсың, Астра.
-Бирди үзүп алайынбы?
-Өзүң бил.Бир кезде Астра жакшы көргөн гүлдөрүмдүн бири эле.Мен азыр аны жаман көрөм.
-Мен аны сүйөм.Аны мен сени кандай көрсөм ошондой көрөм.Биздин үйдөАстра гүлүнүн дестеси дайыма болуп турат.
-Кара жолтой дебейсиңби?
-Гүлдө эмне күнөө,бирди үзүп алайынбы?

#45 30 August 2014 - 03:00
-Мен үзүп берейин.
Сулайман беш тал гүлдүүзүп берди.-Эмне үчүн бешти үздүн? Мага бирөө эле керек болучу.
-Сен жалгыз эмессиң да,жаным. Бул экөө уулдарың,үчүнчүсү Сапар,төртүнчүсү өзүң.А бул ашып калган түгөйү жок бешинчиси мен.
Жүрөгүм сыздап кетти.Оозума сөз кирбей калды.Көздөрүм ысык жашка толуп,кирпигимдин ирмеми менен төгүлчүдөй болуп мөлмүлдөп араң турду.
-Баса,Гүке,Сапар мени конокко чакырды.
-Сапаштын энеси айткан.Кайын энем да ченде жок эстүү киши.Сени жактырып барды.
-Менин энемден да жакшыбы?Байкуш апакем,сени алигиче унутпайт.
-Унутпайт дечи...Ал кишини мен да унуткан жокмун.Энелерде эмне айып.-Көзүмдүн жашы булактап кетти.
Сулайман бетин бетиме такады.
-Ыйлап жатасыңбы?
-Жок...
-Сага капа болууга жарабайт.Минте берсең ден-соолугуңду талкалап аласың.Анда эмне болот?
-Айтчы,Суке, биздикине барасыңбы?
-Сен билчи,барайынбы? Кийин Сапар көңүлүнө албайбы?
-Ал андай жеңил-желпи, ичи тар,эси жок жигиттерден эмес. Чын пейили менен кадыр салып чакырса сөзсүз баргын.Барбай койбо.Мен сени күтөм.
-А сен эмне үчүн мен чакырсам барбайсың? Жалгыз баргың келбесе,Сапар чыкканда экөөндү бирге чакырам барасыңбы? Жок дегенде жакшы жолдош катары келишип-кетишип жүрөлү.Минтүүгө эмне үчүн болбосун.Ойлонуп көрчү.Анда мен сени күндө болбосо да анда-санда көрүп турар элем туурабы?
-Байкап көрөйүн.Эгер Сапар каршы чыкпаса.Саат үч болуптур,кетелиби, Суке?
-Болуптур,сүйгөнүм кетели десең кетебиз да.Жок дегенде көңүүмдү көтөрүп бир өптүрүп койбос белең?!
-Бир тууган болуп жүрөлүчү,Суке?
Сулайман ойлоно түштү.
-Жүйөөлүү сөз.Кол үзүшпөйбүз ээ?
-Эч качан.
-Келе колуңду.-Колубузду кармашып,бир демге токтой калдык.
-Суке,Сапашымды жакшы кара,жарайбы?
-Сөзсүз,жаным. ..
Шаар караңгылыктын кучагынан суурула баштады.Айлана жанданып бараткансыды. Мен үйгө келгенде,энем көчөгө чыгып менин жолумду тосуп жүрүптүр.Сапар медсестра аркылуу эки-үч жолу звонить эттирип,менин ден-соолугума тынчсызданганын айтты.
Энем ыйламсырады.
-Түндөтөн бери Сапар экөөңөрдүн турмушуңарды ойлоно берип кирпик көзүм какпай таң атырдым. Сага да,Сапашка да,анан жанагы дөгдүр балага да бактысыздыкты алып келген менминби,чын эле?Олдо айланайын кулундарым ай,эмне үчүн жүрөгүңөрдү оорутуп,сөөүңөрдү сыздаттым экен.Жерге кирейинчи... Убалыңар...
-Кеч ойлонуп калдыңыз,энеке!
Энем шолоктоп ыйлады.Астра гүлү колумда титиреп турду.
Гүлкандын аңгемесин ушунчалык кунт коюп уккандыктан, биз олтурган машина автовокзалга бурула берип токтогондо гана эки жагымды элеңдеп карап,сапарыбыздын аяктаганын билдим.
Келиндин жүрөгүн чексиз жаралаган махабаттын жалбырттаган өжөр учкуну менин тынч көңүлүдү бир эсе толкутуп,бир эсе чөгөрүп кеткендей болду...
-Мүмкүн булар бирөөлөргө сабак болоор деп ойлоймун.Эмесе, Гүлкан,кош бол!
(аягы)

#46 30 August 2014 - 03:01
Кокуй жанталашып жазып бүтүрсөм,эч ким калбаптыр го))).
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#47 30 August 2014 - 03:08
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#48 30 August 2014 - 04:25
Автор сага чон рахмат. Дагы ушундай кызыктуу чыгармалардан болсо жазып тур. Биз кутуп-кутуп окуп туралы.
#50 30 August 2014 - 14:16
Ушул чыгарманы окуган сайын ыйлай берем... карасан, эми да кайра көздөрүмдөн жаш токтобой жатат...
эч качан... эч качан мындай тагдыр кайталанбаса экен... баардык сүйгөн түгөйлөр түбөлүк бактылуу болушса экен!

)))
#52 30 August 2014 - 14:33
Жакшы чыгарма экен.
Суйушкондор ажырабасынчы. ..
Сапар менен Гулканга окшоп бактылуу уйбулоонун кейпин кийген жубайлар коп болсо керек...биздин элде.
Журок оорутчуу чыгарма экен. Козумо жаш тегеренип аран окуп буттум.
Автор дагы жакшы чыгармаларды кутобуз.
Ийгилик!

#54 31 August 2014 - 02:34
Сиздер окуп ырахат алып,рахмат айтып койгонуңар эле өзү чооң рахат тура. Силерге да рахмат адабият сүйүүчүлөр.
Анан ушундай соонун чыгарманын автору Зуура эжекеге даңк!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#56 01 September 2014 - 11:26
Сиздер окуп ырахат алып,рахмат айтып койгонуңар эле өзү чооң рахат тура. Силерге да рахмат адабият сүйүүчүлөр.
Анан ушундай соонун чыгарманын автору Зуура эжекеге даңк!
Саламатсызбы!
Зуура Сооронбаеванын башка чыгармаларын да жаза аласызбы? Мүмкүнчүлүгүңүз болсо жазсаңыз аябай жакшы болот эле.
)))
#57 02 September 2014 - 01:49
Чоочун киши м-н Жетимдер ди бироо алды эле КРга кетип калыптыр кайра ала алсам илип коём.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#58 02 September 2014 - 02:07
Ушул чыгармаларды эч тойбой, кайра- кайра окуй берем. Мээнетинизге таазим!
Адамга адам кымбат болуш керек....
#60 02 September 2014 - 15:43
)))

Супер-Инфо
super.kg
видео