Кыстап ичириш кыргыздардын,
көнүмүш адаттарынын бири... Кыстаса эле, көңүл үчүн деп, алып ийген, бул каалап турган адамдын иши... Бир эки кыстаса эле, иче бересиңерби?
"Сенин көңүлүң өлгүчө, арактын көңүлү өлсүн" деп, төгүп салыш колуңардан келбейби?
Кыстап ичиргендерден кутулуш үчүн, хиджап кийиш керек, хиджап кийген кызды, эч ким кыстабайт, "көңүл"
үчүн алып ий десе эле, ала бербеш керек... Андай жерден миңге коюп, качыш керек. Өзүңөр ичкиңер келип турса, бир эки кыстаса алып ийесиңер да, анан кыстамайды шылтоолоп коёсуңар. Ырас ичпейсиңби,
до конца ичпе...
Эмнеге ичимдикке кысташат?
#21 02 September 2014 - 05:04
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#22 02 September 2014 - 06:30
дос душман деген ушул да,сен да кызык екенсин ал десе еле алып ийип
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#23 02 September 2014 - 07:39
Кыстаса эле иче бересинби? "ден соолугум которбойт, ичпейм" де болду. Ушул созду тушунсо тушунот, тушунбосо анык жинди. Адам каалабаган нерсени, зордуктап каалатмак беле.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#24 02 September 2014 - 11:43
Достор көөбүнүздөр эле билсеңиздер керек тойлордо, туулган күн кечелерде жигиттердин кыстамайы башталат "бул эми жөн эле вино да" деген сыяктуу, кайра-кайра "жок" дегенге болбой кыстай беришет. Жакында эле курбу кызымдын тойунда " частичку яда для нее ичип кой" деп туруп алышты беш, алтоосу аргасыздан ооз тийгенге туура келди ооз тийсен "до дна" деп, акыры сылык жооп берсен болбойт экен деп катуу-катуу эле айтып салдым. Бул менен эмнени билдиргилери келет? Кыздарды кыстап ичиргенден кандай пайда түшүнбөдүм.
Жакында эле дагы бир курбу кызым жолдошу менен урушуп кеткенин айтып ага себеп ошол күнү кечеге барып ал жерде аяштары кыстап, а менин досум такыр ичпей коюптур, үйүнө келгенде жолдошу жанжал салып "сен мени уят кылдын ичип коюшун керек эле" деп ызы-чуу салыптыр. Деги эле ичимдике кыстаганда кантип кутулуу керек?
Иччу жерден ичиш керек ичпечу жерден ичпеш керек. Кыздарга ичкен вообще жарашпайт.
#25 02 September 2014 - 12:01
Бирде жон эле ооз тийип койчу, бай болгур, дегенде маакул конулунор калбасын деп туруп, колума алып, оозума жакын алып келип, ийинден ары артты карай тогуп салып, идишин комкоруп коюп койгом.
Билбейм, кээбироонун ачуусуда келгендир, ичимдикти суйгондордун ичида ачышкандыр,
ушуга бергенче, мага бербейби деп)). Ошондой кылганга мажбур болгом, кыстоодон тажап. Туура кылганымды,
туура эмес кылганымды билбейм, бирок окунбойм.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#26 02 September 2014 - 12:04
Мени билгендер рюмка, бокал, айтор алкоголь куюлган идишти карматышпайт,
дароо эле кийинкиге узатылат)))
Бирок ар кандай учур болуп калат, бейтааныш чөйрө менен отуруп калганда "ичип кой эми, баарыбыз эле ичип жатпайбызбы" дешипчи... Орой жазып алышым ыктымал, бетке айта албасам да, маймылдар менен кошо маймыл болууга эч бир каалоо жок! Бул ченин билип ичкендерге карата эмес, албетте! Көбүнесе "кечирип койгула, мен чокунам" деген азил-чыны аралаш сөз менен кутулам))) Каткырып күлүшөт да, эмнегедир, андан ары кысташпай калышат)))
Болгону бир жолу бир жагымсыз окуяга күбө болуп калып, ошондон бери катуу жийиркенип калганым бар. Ичкиликтин бир тамчысы организмиме кире турган болсо, ошол картина менин башыма тарс деп жыгылып түшчүдөй боло берет.
Бирок ар кандай учур болуп калат, бейтааныш чөйрө менен отуруп калганда "ичип кой эми, баарыбыз эле ичип жатпайбызбы" дешипчи... Орой жазып алышым ыктымал, бетке айта албасам да, маймылдар менен кошо маймыл болууга эч бир каалоо жок! Бул ченин билип ичкендерге карата эмес, албетте! Көбүнесе "кечирип койгула, мен чокунам" деген азил-чыны аралаш сөз менен кутулам))) Каткырып күлүшөт да, эмнегедир, андан ары кысташпай калышат)))
Болгону бир жолу бир жагымсыз окуяга күбө болуп калып, ошондон бери катуу жийиркенип калганым бар. Ичкиликтин бир тамчысы организмиме кире турган болсо, ошол картина менин башыма тарс деп жыгылып түшчүдөй боло берет.
Эбак эле боштук ээлеп, баары күйгөн...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
#27 02 September 2014 - 12:38
Бизде сыйламай бар, кыйнамай жок! Ичкени ичэ берет, токтоткон да киши болбойт, уртап коюп отурганы уртап коюп отура берет. Таккыр оозуна албаганын тамашалап коёбуз; "Ии ырасс болбодубу сенин ичпегениң...
бизге көбүрөөк ашат" - деп. Кыскасы кимиси канча ичет, баарыбызга белгилүү. Ден-соолук үчүн деп алып отурган эле жакшы, аша-чабып, андан ары ден соолукка зыяны тийип, кузуп-чычып калганча ичкен - бул эми арам тамак болуп калатго... Эң негизгиси эс алганды, бири-бирин сыйлап отурганды билиш керек.
#28 02 September 2014 - 12:39
Карап турсам ичпегендер чогулуп алыптыр. Тиги кафелерде, шашылык жасап пикникке чыгып, пиволорду кылтылдатып жутуп отургандар деле бирдеме десе болмок, же алар форумга кирбейби, же ичкенин айткандан уялымыш этип жатышабы, кудайдан жашырбагандарды пенделерден жашырымыш этип.
Аса-ака айткандай жездей болуп отуруп бериш керекда, ич деп кыстамак тугул, сунгандан коркушат.
Аса-ака айткандай жездей болуп отуруп бериш керекда, ич деп кыстамак тугул, сунгандан коркушат.
Жалганды коро туруп, кормоксон болгончо, чындыкты чыркырата айтып, олгон жакшы
Супер-Инфо
super.kg
видео






















