Суперстан: Төрөтканадагы кызыктар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (42 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Төрөтканадагы кызыктар толгоо убагы...

#1 Пользователь офлайн   Begimkyz   06 Сентябрь 2014 - 18:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Эне болуу кандай гана бакыт... Бул сезимди биз апалар гана даана билебиз жана апаларыбыздын ошондо анык кадырын, биз үчүн азап чеккенин денебиз аркылуу туябыз. Саат, күн, сутка толгоо тартып, жанды эзген оорууга чыдап, наристебизди көкүрөгүзгө жаткырганда жытын искеп ааламдагы эн бактылуу аялдын катарына киребиз...

Айткым келгени ошол толгоо учурунда үйүңүздөбү же төрөт канадабы? Айтор, кандай кызыктуу, күлкүүлү учурларды башыңыздан өткөргөнсүз? Кийин эстегенде уялгансызбы кылыгыңызга?

Пы. Сы эркектер жубайыңыздын күлкүлүү кылыктарын жазсаныз болот ошондогу. Флудтамай жок.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Begimkyz   06 Сентябрь 2014 - 19:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Мен өзүм баштап берейин. Кечки тамактан кийин уктаганга камынып жургом, абысынымдын кызы ыйлап калганынан 2 жашар, эркелетип көтөрүп жүргөм. Аны атасына берип бөлмөмө кирсем белим башкача ооруп чыкты көтөрбөй эле койбой деп ойлонуп жүрөм. Анан эле тездей баштады. Кайненемди карасам жатып алыптыр. Жолдошум көчөдө жүргөн, айлам кетип чакырдым. Бул убакта оорууганына 3-4 саат болуп калган түнкү саат 01:00. Жолдошум мени көрүп эле "эртераак чакырсан не болосун" деп урушуп машинасына салып төрөт канага бардык. Барсак танкы 7-8ге төрөйт деп чыгарып койду. Кайра үйгө келе бердим. Төрөт канага жакын эле жашайт элек. Үйгө келип ооруусуна чыдабай колума илешкен эле нерсени мыжыгып ыргыта бердим. Күзгүнүн жанында тизилгендин баарын талкалап коюпмун. Аны кийин көрүп уялып атпаймбы. Кайненеме оорууп атам деп айткандан уялып айтпай аткам да,жолдошум акыры чыдабай ойготуп чыгыптыр. Тамак жасап берди, ысык чай апкелди болбой эле бөлмөмдү чача бердим. Качан саат 7-8 болот деп эле ошону күтөм мен. Бир саат сурасам 04:00 болду деген да, кайра көөп убакыт өткөндөй болгон дагы сурасам 04:05 дейт. Сенин саатын иштебей калганбы деп жолдошума жиним келет. Чыдабай кетти окшойт төрөт канага жеткирип салды. Коридордо басып журсөм бир өзбек келин чачыны жайып "апа,апа" деп бакырып кирди эле, "эй жапчы оозунду сен эле төрөп атсан дагы, жыйначы чачынды нары" деп ага жок жерден "баатыр" болуп алгам. Род залдагы өзүмдүн бакырганымы айтпай эле коеюн. Ошентип 06:05те кызымды жарык дүйнөгө алып келдим. Эртеси палатада жатсам баардык келиндер келип бир карап кетишет "эрте менен кыйкырган келин сенби? Кичине эле төрөпсүн го? Ошого ушунча тополоңбу? " деп сүйлөнүп кетишет. Элдер ошондой оңой эле төрөйт окшойт, мени эле айтышат да деп ойлонуп коем. Төрөтканадан үйгө чыгып барып, бөлмөмү көрүп уялганым иий. Дагы жакшы кайынсиндим иреттеп коюптур.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   rumaika5544   06 Сентябрь 2014 - 19:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Сонун тема экен,бошогондо жазып кетпесем!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   meerim8793   06 Сентябрь 2014 - 20:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 976
  • Катталган: 02 Февраль 14
  • Соңку аракети: 07 Янв 2022 16:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:ТАЛАС

Антип коркутпагылачы бизди.

Ооруга чыдай албай десеңер менин жүрөгүм түшүп атат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   poitoska   07 Сентябрь 2014 - 00:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 16 Янв 2018 16:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где всегда хорошо

Оо кудай! Эне болуу озунчо эле керемет! Мен 18 саат толготтум. Башында белим акырындан ооруй баштаганда толготуп жатканымды билдим. Бирок 6-7саат чыдап отура бердим. Оюмда акырын эле ооруйт турбайбы, толгоо жаман деп эле мени коркутушуптур деп коем. Анан мына сага башталды. Кайнене, кайнатадан уялдым. Уятыман чыдадым. Ун каткан жокмун. Болгону торот залдан айла жок кыйкырганга туура келди :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   belosnejka1   07 Сентябрь 2014 - 02:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 396
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Апр 2018 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Venera

Просмотр сообщения Begimkyz (06 Сентябрь 2014 - 19:15) жазган:

Мен өзүм баштап берейин. Кечки тамактан кийин уктаганга камынып жургом, абысынымдын кызы ыйлап калганынан 2 жашар, эркелетип көтөрүп жүргөм. Аны атасына берип бөлмөмө кирсем белим башкача ооруп чыкты көтөрбөй эле койбой деп ойлонуп жүрөм. Анан эле тездей баштады. Кайненемди карасам жатып алыптыр. Жолдошум көчөдө жүргөн, айлам кетип чакырдым. Бул убакта оорууганына 3-4 саат болуп калган түнкү саат 01:00. Жолдошум мени көрүп эле "эртераак чакырсан не болосун" деп урушуп машинасына салып төрөт канага бардык. Барсак танкы 7-8ге төрөйт деп чыгарып койду. Кайра үйгө келе бердим. Төрөт канага жакын эле жашайт элек. Үйгө келип ооруусуна чыдабай колума илешкен эле нерсени мыжыгып ыргыта бердим. Күзгүнүн жанында тизилгендин баарын талкалап коюпмун. Аны кийин көрүп уялып атпаймбы. Кайненеме оорууп атам деп айткандан уялып айтпай аткам да,жолдошум акыры чыдабай ойготуп чыгыптыр. Тамак жасап берди, ысык чай апкелди болбой эле бөлмөмдү чача бердим. Качан саат 7-8 болот деп эле ошону күтөм мен. Бир саат сурасам 04:00 болду деген да, кайра көөп убакыт өткөндөй болгон дагы сурасам 04:05 дейт. Сенин саатын иштебей калганбы деп жолдошума жиним келет. Чыдабай кетти окшойт төрөт канага жеткирип салды. Коридордо басып журсөм бир өзбек келин чачыны жайып "апа,апа" деп бакырып кирди эле, "эй жапчы оозунду сен эле төрөп атсан дагы, жыйначы чачынды нары" деп ага жок жерден "баатыр" болуп алгам. Род залдагы өзүмдүн бакырганымы айтпай эле коеюн. Ошентип 06:05те кызымды жарык дүйнөгө алып келдим. Эртеси палатада жатсам баардык келиндер келип бир карап кетишет "эрте менен кыйкырган келин сенби? Кичине эле төрөпсүн го? Ошого ушунча тополоңбу? " деп сүйлөнүп кетишет. Элдер ошондой оңой эле төрөйт окшойт, мени эле айтышат да деп ойлонуп коем. Төрөтканадан үйгө чыгып барып, бөлмөмү көрүп уялганым иий. Дагы жакшы кайынсиндим иреттеп коюптур.

Бир адамдын ичинен бир жандын чыгышы оной эмес да. Мен ичиме сактап кыйкыралбалбай жаткан жеримди эле ургулай бергем муштум менен. Же ордумдан тура албайм байлап коюшкан озум жалгыз комнатада же тушо албайм. Телефон менен чалып бироону чакырайын десем. Акыры жарым саат калганда тыпырап врачтар кирип келишкен ичимден ух деп суйунуп бираз женилдетет дер укол беришти оору келген сайын ыкын деп атышып уул торогом ) алым куруп оозум кургап экинчи торобойм деп чыккам !)
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Jamalym   07 Сентябрь 2014 - 02:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Дагы-дагы коооп жазгылачы,тажрыйба топтоп алалы :crazy-girl: буюрса аз калды бизге да.

Билдирүүнү түзөткөн: Jamalym: 07 Сентябрь 2014 - 02:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   belka   07 Сентябрь 2014 - 02:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Мен биринчи уулумда үч күн толготконмун бирок кыйкырбай эле ыйлап жерде жөрмөлөп жүрө бергем,үчүнчү күнү такыр айлам кетип кесерово кылгылачы деп сурангам өзүң төрөйсүң деп макул болбой коюшкан,таңдын атышын ушунчалык күтөм азанды күтөм,азан айтылса эле таң атат,таң атса эле төрөйм деп өзүмдү ишендирип алгам анан саат 5 ке жакын төрөдүм карасам аааппак сулуу бала экен)))ииий мынча сулуу деп коём,шалдырап курсагым ачып жатсам азан айтылган, экинчисин быйыл РФ да төрөдүм, кокуй кырк неделя болсо да кабар жок го деп шаарды бир жума бою жөө түрө кыдырдым,дале кабар жок анан отуруп алып ошол 16-июнь күнү түнкү саат экиге чейин камып жайып пахлава, медовик торт бышырдым да жатып алдым эле эки сааттан кийин башталды ооруганда бүрүшө калып чыдап бир саат жаттым,анан пробка ачылды 1-этажга түшүп чай коюп түнкү пышырган шириндиктеримен өлө-тириле жеп алайын күч болот деп коём,каякта өтпөдү. Саат 9 да күйөөмү ойготтум скорый чакырың болбой калдым деп,барып эле дубалдарга жөлөнүп сойлоп жүрүп төрөп салдым.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   sterva   07 Сентябрь 2014 - 09:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Мен почти 3кун толготтум((. Роддомго барсам оуу али эрте,жакындаганда кел дешти,жок мени алып калгыла деп,тааныштарды ортого салып бир отделениесине жатып алдым))...анан башталдыыы, бир кучойт бир азаят,ичимден ойлоп коем,толготкон жаман дешет,чыдаса болоткен го деп....барган сайын кучоп,акыры врачтарга жалына баштадым,кесерово кылгылачы деп,себеби толгоо ыстрашный болуп кучоп кетти,родзалга киргизип коюштуле,ичинде баржокту тытып салдым,кровать, кушеткаларды ары-бери жылдырып,шейшеп- пейшептерди чачып,жыртып, раковина барле,муздак сууну чыгарып,чачып баржокко иий)),жерге жатып алып аттым ичимди басып,врач келип урушат,"бас ары бери,шарикке отур"деп, кайдан отурам,жаным чыгайн деатса)),врачты кучактап,колдорун тытып салдым,эжемдин досу болгон учунле унчукпай,менин кылыктарыма чыдап атты)).Кыйкырбайн десем да,кыйкырып, ыйлап жаттым,боль невыносимая, ужасная была.Бир келмелерди жаттаганлем, толгоом женил болсун деп,аларды айтканга куч калбаган.Шейка матки толук ачылбай кыйналган экем.Акыры 3пальцы менен тородум,ичинен да,тышынан да разрыв болуп((.Бирок канча кыйналсан да,торогондон кийин ,баланды ичине жаткырганда, баржокту унутуп каласын,эч нерсе болбогондой, о3унчоле бакыт)))
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   JenaOfisera   07 Сентябрь 2014 - 10:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 898
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Авг 2020 22:48
  • Жынысы:Аялзаты

Врачтарыныздар ж.о да жаза кетсездер,алдын ала суйлоштунор беле,акча бериш керекби?Деги эле кандай карашты ж.а больницанын условиялары? Кайсыл жактан тородунуз,врачыныз аты жонун дегендей.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   MARGO55   07 Сентябрь 2014 - 11:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 876
  • Катталган: 25 Июль 14
  • Соңку аракети: 12 Май 2015 15:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу Кыргыз жери.

Аябай соонун тема экен.Мен да чон баламды РФ да тородум толгоом башталып жатаарга камынып калган элек ичим ооруп кыжаалаттанын нары бери басып журдум тез тез эле ажатканага киргим келе берди кирем Бир аз отурам кайра чыгам ванна менен ажаткана Бир болгону учун эжем чомулуп жаткан эле,аны да тажаттып ээй эшикти ач аааач Дей берип акыры ал жинденип жаппай эле коём кенири кирип чыга Бер деп койду,ошентип чон эжем айылчылап кеткен эле аны чаккырттык анын ортосундале иним тез жардам чакырып коюптур,эжем келээри менен тез жардам да келди нарыдан бери набат чай жасай калайын деп жетишпей мени тез жардам алып кетти.Биринчим болгону учун аябай кабатырландым тез жардам акырыыын айдап бири бири менен суйлошуп бээ капар акыры торот уйуно алып барышты,ал жерде мени ары жакка кирип чечинип чык деди чечинип анан кайра уялып ич кийимимди кийип чыга калсам,а сен эмне ич кийим менен торойсунбу? деп сураганынан сурдоп жаман болгом ошентип торот уйуно халаттарын берип болмого киргизип койду нары бери басып болмодон чыгып эки уч жолу суранып ажатканага бардым Бир белим сыздатып оорутуп акыры даагы адатканага барып келейин деп сурансам,болду Эми барбайсын деп столго чыгарышып торотушкон, эээээх ошондогу коз ирмемдер ошондогу сезимдер жулуу суйунучтуу коз жаштарым баардык ооруларды жууп кеткен,ошентип уулумду Жарык дуйного алып келгем,а кызым тууралуу дагы жазып кетем.
Мен бактылуумуун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Topcubai   07 Сентябрь 2014 - 11:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Анда мен да баштайын.Сегиз айдан тогузунчу айга отуп калганда жумушта отурсам "тез келиниз,куссам кусундум кызыл болуп чыгып жатат,мен коркуп жатам"-деп ыйламсырайт. Анан жумуштан суранып,учкан октой жетип бардым да,ата-энемди кутпой боль-а алпардым.Анан медайымдар текшерип коруп,баары жайында,кааласанар направления жазып беребиз,облусска барып жатат бизге жатканга болбойт,баланар да ото эле кичине экен,июнга барып торойт деп куду озунон буткондой айтып,оозду ачырат.Мен эсептеп да,жаткан кунумдон бери айтып чыркырасам да,жок,сен жанылышасын деп болбойт,анан Узи деген балакетке салдырып,меники туура чыкса да,мени наборот урушуп,узи да адашат деп,кыйкырыша кеткенбиз.Акыры ачуум келип,направлениясын жаздырдым да,ошол эле куну областной боль-а алып барып текшертсек меники туура чыгып,буйруса жакында ата эне болосунар деп кубанткан.Анан ошол жактагылар менен суйлошуп жаткыргам.Анан толгоосу да бир жумадай эле болуптур,бул ж-о мага кийин айтып берген.Акыры впачтар озу торой албасына козу жетип,кесер жолу менен торогон.Ата болуу бактысы ушинтип насип кылган.Кийин райондогу врачка барып,кордунбу сенин божомолундун кандай болгонун,мына минтип эле тороп алды деп аябай уят кылгам копчулук иштешкендеринин арасында
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Kymbat-02-04   07 Сентябрь 2014 - 12:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 10 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 18:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Озгон

Ай-кунун жетип калган кун, буга чейин аябай кутком озумду пайлам кайра кайра. Ичим озунчо эле ооруйт, оюма келбептир башталды толгоо деген. Анан эле чыдатпай ооруй баштады, жолдошум башталган окшойт десе "жок" деп урушуп коем. Чыдабай кайненемди чакырды. Байкуш кайненем менден мурун эле озу торой тургандай коркуп алган. Аны коруп мен ыйлап ой-ай деп аста. Торотканага барсак акушерка текшерип "2 пальцы эми ачылыптыр, азыр эле мынча ой-айлайсын тооба, чыда да!" деп кайненемдин козунчо кагып койгон. Аябай уялдым. Анан ошол аялдан коркуп ыйлабай, кыйкырбай толготуп журо бердим. Апам козумон учат "8 жолу ушинтип кыйналдын беле?!" ушинтип суйлонупмун. Акыры кушеткага чыгарышты, врачтар дын айтканын кылганга аракет кылдым. Анан эле бир нерсе тушкондой болду, " кыз!" дешти. Бах! Кандай бакыт ээ?! Ичиме жаткызып коюшту, бир козун ачып, кичинекей манжаларын кыймылдатып коет. Эмчегиме жакындатып койсо, соруп коет . Ушинтип эне болгом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Nariste...12   07 Сентябрь 2014 - 13:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Кызыктуу тема экен. Мен дагы жазып кетейин.
Биринчимде кечинде белим ооруп башталды. Танкы саат 5 ке чейин алыштым го. Жолдошума жиним келип, уктай бересинби? Мен кыйналып жатсам дейм. Бирок оюма толгоо экенин билбептирмин.
Ал болсо: не кылайын колумдан эч нерсе келбесе? Дейт. Белимди ушалап берчи деп же аны тынч уктатпайм, же озум уктап калсамчы....

Ошентип анын жини келип, сыртка чыгып кетти эле.
Бир убакта кайын энем кирип эле, иии мага не айтпадынар?
Даярдангыла, кеттик деди.
Корсо толгоо болуп аткан экен.
Больницага барып 3-4 сааттай кыйналып саат 10 дон 10 откондо баламды жарык дуйного алып келдим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   nurka85   07 Сентябрь 2014 - 14:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 178
  • Катталган: 15 Январь 13
  • Соңку аракети: 07 Май 2018 12:49

Мен да жаза кетейин. Мындан сегиз жыл мурун кызымы торогом. Экинчи торот болгондуктан коркпой эле жургом. Анын устуно врач да декабрдын башында торойсун дегенинен беймарал эле журдум. Ошентип ноябрдын 15 нен 16 сына караган тун. Куйом кечинде тойдон мас болуп келген. Уктап жатабыз. Бир маалда эле тошоко сийип койгондой болдум. Ойгонуп кетип, уялып жатам эми точно олдум, уят эле куйоомо, уккан кайын журтка деп. Жооок. Корсо тон жарылып, суу кеткен экен. Толгоо башталып, ичим ооруп жатыптыр. Анан куйооду ойготуп баштадым. Тур эй больницага баралы, мен торойм десем, куйоом : терезени карап коюп, тан ата элек, карангыда каяка торойсун, жатып укта башты оорутпай саар кун чыкса деле торой бересин деп койот. Бееймарал, камырабай уйкуга киришти. туртуп жатып аран ойготтум. Анан апамдар менен жолдо бара жаиабыз. Жарым жолго жеткенде, бензин тугонуп , машинабыз токтоп калды. Кайнем урушуп жатат, кундо загска чыгасын, аялын торошун билесин, бензин куюп койсон юолбойбу деп. Танкы беш болчу. Анан кудайдан болуп бир озбек киши келип калды. Ошонун машинасында роддомго баргам. Жетип эле 10 минутка калбай кызымы торогом. Азыр эстеп кулуп калабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Nariste...12   07 Сентябрь 2014 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Ал эми экинчимде числосун да берген болчу. Дагы бар деп жургом. Бир аяшыбыз уйуно чакырып калды.
Жалан аяштар кээде чогулуп турчубуз да.
Анын уйуно барып отурганбыз. Менин эки бетим кызарып, ичим ооруй баштады. Аяшымдын кайын энеси мени коруп эле, эмне толгоо болуп атасынбы? дейт. Мен" жоок" жакшы эле деп коем.
Ошентип уйго келип, кайын энемдер менен отуруп, кеч да кирди. Ошондо жолдошум Москвада болчу. Мен балам, анан Чон энебиз менен жатчумун.
Кечинде жатканда эле башталды.
Эрте эле барып албайын деп, эч кимге айтпай чыдап жата бердим. Бирок саат 5 тен откондо чыдамым кетип баштады. Жанымдагы 90 дон откон энем
" ай балам эмне ичин ооруп атабы? Деп калды".
Ооба, эне ооруп атат бирок эч кимге айтпай эле коюнузчу, тан атсын, эрте менен айтаарбыз дедим.
Кой, ошентчу беле? Деп суйлонуп эптеп , сыртка чвгып
Кайын энеми ойготуп келди. Апам коруп эле, шашкалактап калды. Эмнеге мени ойготпойсун?
Уйго тороп койсон эмне болот? деп калды.
Кайним бир жакка кетип, ошол куну келбей калды эле. Же кыштын кунундо машина тапсакчы... Ага чалсак очук. А мен болсо, болбой калгам, азыр эле тороп койчудай болуп.
Бир убакта жолдошумдун классташы келе калды.
Роддом бизге жакын ашып кетсе15 -минуттук жол.
Бирок ошентсе да жетпей койдук. Роддомдун алдына келгенде чыдамым кетип , отура калып, тура калып кыйкырып да жибердим окшойт.
Эптеп жетип эле акушер ай ий болуп калыптыр. Дароо эле торотуучу болмого алып кирди. Ашып кетсе 10-15 минутта анча мынча кыйынчылыкты эске албаганда , менин кичинекей ширинтайым ынаалап жарык дуйного кирип келди.
Ошентип мен экинчи жолу эне статусун алдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Gulzar_88   07 Сентябрь 2014 - 20:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 52
  • Катталган: 14 Август 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2014 23:08

Мени 85-жылгы жаш врач кыз тороткон атын унутуб жатам раддомго кечки алтылардада кайненем кайнатам алб келгендэр келгенимдэ еми толгоо башталган экен врач ерте менен торойсун ары бери бас залда дэб 2чи родзалга жайлады еми айтпа атангоруу толгону бирок жаным бышшык екен бир да кыйкырбадым тан атканча жаным менин алышыб танкы 6дан 5 минут отконда Камила аттуу айымды тородум кубанычыма чек жок кызымды устумо жаткырыб коюшту биринчи наристебиз; 3 кун козумо жаш алгам азыр кызым бир жарым жашта.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Gulnazz93   07 Сентябрь 2014 - 20:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Nariste...12 (07 Сентябрь 2014 - 14:04) жазган:

Ал эми экинчимде числосун да берген болчу. Дагы бар деп жургом. Бир аяшыбыз уйуно чакырып калды.
Жалан аяштар кээде чогулуп турчубуз да.
Анын уйуно барып отурганбыз. Менин эки бетим кызарып, ичим ооруй баштады. Аяшымдын кайын энеси мени коруп эле, эмне толгоо болуп атасынбы? дейт. Мен" жоок" жакшы эле деп коем.
Ошентип уйго келип, кайын энемдер менен отуруп, кеч да кирди. Ошондо жолдошум Москвада болчу. Мен балам, анан Чон энебиз менен жатчумун.
Кечинде жатканда эле башталды.
Эрте эле барып албайын деп, эч кимге айтпай чыдап жата бердим. Бирок саат 5 тен откондо чыдамым кетип баштады. Жанымдагы 90 дон откон энем
" ай балам эмне ичин ооруп атабы? Деп калды".
Ооба, эне ооруп атат бирок эч кимге айтпай эле коюнузчу, тан атсын, эрте менен айтаарбыз дедим.
Кой, ошентчу беле? Деп суйлонуп эптеп , сыртка чвгып
Кайын энеми ойготуп келди. Апам коруп эле, шашкалактап калды. Эмнеге мени ойготпойсун?
Уйго тороп койсон эмне болот? деп калды.
Кайним бир жакка кетип, ошол куну келбей калды эле. Же кыштын кунундо машина тапсакчы... Ага чалсак очук. А мен болсо, болбой калгам, азыр эле тороп койчудай болуп.
Бир убакта жолдошумдун классташы келе калды.
Роддом бизге жакын ашып кетсе15 -минуттук жол.
Бирок ошентсе да жетпей койдук. Роддомдун алдына келгенде чыдамым кетип , отура калып, тура калып кыйкырып да жибердим окшойт.
Эптеп жетип эле акушер ай ий болуп калыптыр. Дароо эле торотуучу болмого алып кирди. Ашып кетсе 10-15 минутта анча мынча кыйынчылыкты эске албаганда , менин кичинекей ширинтайым ынаалап жарык дуйного кирип келди.
Ошентип мен экинчи жолу эне статусун алдым.
Наристе эжеке сиздин торотторунунуз женил болот экен ылайым бизге да ушундай болсо экен :достор: балдарыныздардын омурлоруу узун б.н! :suyoom:



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Begimkyz   07 Сентябрь 2014 - 20:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Просмотр сообщения JenaOfisera (07 Сентябрь 2014 - 07:38) жазган:

Врачтарыныздар ж.о да жаза кетсездер,алдын ала суйлоштунор беле,акча бериш керекби?Деги эле кандай карашты ж.а больницанын условиялары? Кайсыл жактан тородунуз,врачыныз аты жонун дегендей.

Врачтар жөнүндө айтканда эми ар кандай врачка туш келип калышың мүмкүн да, кимисинин смени болсо ошонусу төрөтө берет. Мен алдын ала сүйлөшкөн эмесмин, болгону төрөгөнүмдөн кийин кайнатам менен жолдошум сүйүнчү акча беришкен. Андан кийин өзүмдүн ата энемен да өндүрүштү. Акушерка, санитаркасына чейин акча үмүт этишет экен. Мен төрөт канадан үйгө чыгып баратсам эки санитарка сумканы мен көтөрөм, мен көтөрөм деп урушуп кетишти, көрсө сумкамы алып чыгып бергенине да акча алат экен да. Кызымды ороп берген детский врач да көрүмдүк берсең кызыңарды көрөсүңөр деп кызымды бербей койгон жолдошума, чөнтөгүнө акча кыстарып атып алып кеткенбиз.

Өзгөндө төрөдүм шарттары жакшы эле экен. Болгону жылуу суу жана ашканасы жок болчу. Врачтын аты эсимде жок экен. Аткени родзалда экөөбүз катуу урушканбыз, ал байкуштун колун тытып салыпмын төрөйм деп жатып.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   aijan   07 Сентябрь 2014 - 21:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Хех!
Мен тимеле биринчи торотумо даярданып, сумкамды салыштырып алып отурам. Толгоо жок. Анан бир- эки кун отуп башталды. Озумчо партизан болуп чыдап 2 кун журдум. Анан 3- куну тимеле коп чыдап жиберген кишидей "жок дегенде 5 палец болсо керек" деп торотканага барсам, балээсиби, башталышы эле экен :)
Родзалда менден болок дагы бир келин бар эле. Анын 2- тороту экен. Улам- улам "ухх" деп коюп эле белин укалап журуп бат анан оной эле тороп алды. Аны коргон жаным "ии, торогон оной эле турбайбы" деп коем. Кайдаан? Апамдын буттарын когорто мыжыгып салыптырмын. Апам "ии, бала кандай экен?" деп коет.

Экинчимде "начало" десе уят болбоюн деп чыдап журо бердим. Мунусунда да 3 кун толготтум: кундузу анчалык байкалбайт да тункусун кармайт. Ансайын уйку басат. Акыркы суткада толгоо болгондо букуройо креслонун кармагычын мыжыгып эптеп чыдайм да, басандаганда ошол эле креслодо ургулоп уктамай. Танды эптеп атырып, корунгону барсам врач текшерип эле куйполоктоп "в родзал" деп калды. Бир медсестра сумкамды алды, бири мени колуман таяп жетелеп шаштырып алган. Мен "Шашпаныз, мен жетмейинче торобойм" деп тепкич менен 3- кабатка которулуп бара жатам. Жеттим. 10 мин отуп- отпой тородум. Мунусунда апамды кыйнабадым :D

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (42 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Июл 2025 19:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: