КыргызстанИслам Университети жана «Дилазык» басма үйү
«Пайгамбарыбыз тууралуу окуйбуз» аттуу конкурс жарыялайт
Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алайхи васаллам) тууралуу так, туура маалымат таратуу максатында китеп окуу конкурсу жарыяланат.
Конкурстун шарты боюнча жашаган жерине, улутуна, жаш өзгөчөлүгүнө карабай бардык окурмандар катыша алат.
Конкурс Пайгамбарыбыздын өмүр баяны тууралуу жазылган
3 китептин негизинде өткөрүлөт. Алар:
· ЧЕКСИЗ НУР
· ПРОРОК МУХАММАД (саллаллаху алайхи васаллам)
· СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД (саллаллахуалайхи васаллам)
Конкурска катышууну каалагандар 2014-жылдын 10-ноябрына чейин, тизмеге катталуусу керек. 22-ноябрда сынак өткөрүлөт.
Аты-жөнү: __________________________________________
Жашаган дареги: ____________________________________
Шаар: ____________________________________________
Облус: _____________________________________________
Район: _______________________________________________
Байланыш телефону: ____________________________________
электрондук почтасы: ____________________________________
Тандаган китеби: _______________________________________
Өзүңүз тууралу суралган маалыматтарды толтуруп төмөндөгү электрондукпочтабызга жөнөтүңүз
e
-mail
: okuybuz@gmail.
com
Сурап-билүү үчүн телефондор
:
Тел.: 0777 59 1744, 0557 77 26 26, 0702 88 20 33, 0770 36 27 97
Веб маалыматтар:
http://www.dilazyk.
kg
http://www.kiu.kg
https://www.facebook.
..dilazykbasmauyu
Кандай сыйлыктар берилээри тууралуу маалымат төмөндөгү сүрөттө көрсөтүлгөн.
- (2 )
-
- 1
- 2
«Дилазык» басма үйү сынак жарыялайт Катышып, утуп алыңыз.
#2 07 September 2014 - 19:20
таак, окуйт десе эле жон эле окуп коюш керекпи? жакшы тушуно албай калдым. Жана бул китептерди кайдан таба алабыз?
brother
#4 07 September 2014 - 19:34
таак, окуйт десе эле жон эле окуп коюш керекпи? жакшы тушуно албай калдым. Жана бул китептерди кайдан таба алабыз?
Жок, жөн эле окулбайт. 22 -ноябрь күнү сынак болот. Менин түшүнгөнум боюнча сынакка катышуучуларга жогоруда аталган китептерден суроолор берилет. Ар кайсы китепти тандагандар үчүн ар башка сынак өтөт. Ал эми китептер мечиттердин алдындагы дүкөндөрдө сатылат.
#6 07 September 2014 - 20:30
Ийгилик!
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#7 07 September 2014 - 20:37
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#8 07 September 2014 - 22:16
Мынча сонун саамалык!
Идеяны ким сунуштаган болсо да азамат экен!
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#9 07 September 2014 - 23:18
Сыйлыктар чоң экен акчалай түрүндө жана УМРА сапарына 2 жана 1 ден жолдомолор бар экен аябай жакшы конкурс экен))
Умра сапарына билеттер болсо, эн жакшыго
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#10 08 September 2014 - 01:07
Ошондо, сынак Бишкекте болотда, туш тараптан сынакка катышыш учун барышат, ушундай тушундумда,
туурабы?
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#11 08 September 2014 - 12:32
логикалык жыйынтык чыгарсак - бул китептер бул басма уйдун азыктары? жакшы, жакшы.
brother
#12 08 September 2014 - 15:30
Өзүм билген маалыматтар менен бөлушө кетейин. Конкурстун шарты боюнча жашаган жерине, улутуна, жаш өзгөчөлүгүнө карабай бардык окурмандар катыша алат. Демек, бул конкурста жашаган жери мааниге ээ эмес. Андай болсо Ошто өзунчө, Бишкекте өзүнчө өткөрүлөт болушу керек. Анткени конкурска катышуу үчүн бир жерден башка жерге барууга бардык эле окурмандардын мүмкүнчүлүктөрү боло бербейт. Минтип ойлоп жатканымдын дагы бир себеби Дилазык басмаканасы Адеп Башаты фондуна таандык басмакана. Ал эми Адеп Башаты фонду бул сыяктуу сынактарды көп жылдан бери жыл сайын өткөрүп келет. Катышып жүргөндөр билет. Ошол сынктардын баары ар кайсы жердерде өткөрүлүп келген. Оштогулар Оштон, Бишкектегилер Бишкекетен катышышчу. Бирок мурдакы сынактарда атайын суроолор түзүлүп, ал суроолор гезит бетине жарыяланып,
ал суроолорго жооп берүү үчүн бир канча убакыт (1-2 ай) берилчү. Ошол убакыт аралыгында окурмандар суроолордун жоопторун жазып жөнөтүшчү. Мунусунда жогоруда айтылган үч китеп боюнча сынак өткөрүүнү чечишкен тура.
Эми китептер жөнүндө бир аз маалымат бере кетсем: СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД (саллаллахуалайхи васаллам) аттуу китеп мындан 7-8 жыл мурда биринчи жолу чыккан. Китеп 600-700 беттен турат. Кызыгып окуган адам бир жумада окуса болот. Анткени мен бул китепти бир жумада окуп бүтүргөнүм эсимде. Китепти жазууда колдонулган булактар Ислам дүйнөсүндөгү белгилүү, таанымл китептер. Китептин мазмуну боюнча эч кандай көйгөй жок. Албетте 600-700 беттик китепке Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) тууралуу бардык маалыматтар батпайт. А бирок, ошого карабастан андан Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) тууралуу көптөгөн маалыматтарды алууга болот. Бул китеп Ислам университетинин окуу программасына да киргизилген. 1- жана 2- курста ушул китеп окутулат.
ЧЕКСИЗ НУР китеби түрк тилинен которулган китеп. Мен бул китептин кыргызчасын окуган эмесмин. А бирок түркчөсү жакшы жазылган. Кыргызчага канчалык деңгээлде которулгандыгын билебйм. Бирок ичиндеги маалыматтар боюнча жогорудагы үч китеп окшош эле. Болгону кээ бир айырмачылыктар болуп калуусу мүмкүн. Б.а. биринде айтылбаган маалымат, экинчисинде айтылган болуусу мүмкүн дегендей. Андыктан булардын бирөөн окуган адам, үчөөндө тең айтылган маалыматтардан кайсы бир деңгээлде кабардар боло алат.
Дилазык басмаканасы жөнүндө айта турган болсом: бул басмакана Адеп Башаты фондуна тиешелүү экенин жогоруда айтып өттүм. Дагы бир айта турган нерсе бул басмакана сапаттуу китептерди чыгараары менен да айырмаланат. Менин бир таанышым китеп чыгарткан болчу. Аябай сонун чыгарышкан. Андан сырткары өздөрүнө таандык китептердин да сапаттары мыкты. Алардын кандай китептери бар экенин алардын сайтына кирип көрүүгө болот.

#13 08 September 2014 - 15:32
Балким кээ бирөөлөргө бул басмакана өз китептерин өткөрүү үчүн, реклама катары бул сынакты өткөрүп жаткандай көрүнүүсү мүмкүн. Бирок мен антип ойлобойм. Анткени:
Биринчиден: жогоруда айтып өткөнумдөй Адеп Башаты фонду ар жыл сайын эле бул сыяктуу сынактарды өткөрүп келет. Алардын биринде да мына бул же тигил китеп боюнча деген сөз болгон эмес. Жөн гана суроолор түзүлүп, ошол боюнча гана сынак жүргүзүлүп келинген. Ал суроолордун жооптору интернеттен алынабы же китептерден алынабы айырмасы жок болчу. Максат, адамарга ошол суроолорго жооп издетүү аркылуу аларды кайсы бир даражада диний маалыматка ээ кылуу болгон.
Экинчиден: биз адамдардын ичиндеги ниеттерин билбейбиз, ошондуктан алардын сөздөрүнө жана кылган ишетерине карап гана баа беребиз. А сынактын жарыясында Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алайхи васаллам) тууралуу так, туура маалымат таратуу максатында китеп окуу конкурсу жарыяланат деп айтышкан. Ошондуктан биз алар айткан сөзгө карап баа бере беребиз.
Үчүнчүдөн: мусулман адамдар жөнүндө мүмкүн болушунча жакшы күмөн кылабыз. Анткени динибиз бизди ушул нерсеге буйруйт. Жаман күмөн кылуунун өзү күнөо деп эсептелет.
Төртүнчүдөн: Жеке мен Адеп Башаты фондунда иштеген бир канча байкелерди тааныймын жана алар жөнундө мындан башкача ойду айта албайм. Анткени алар жөнүндө башкача сөз айтууга эч кандай негиз жок.
Бешинчиден: Бул китептер рекламага муктаж эмес китептер. Анткени китептер чындыгында сонун жазылган. Бул сынак болбосо деле аларды бир сыйра окуп коюу керек. Негизи эле Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алайхи васаллам) өмүр баяны тууралуу кыргыз жана орус тилинде жазылган китептер саналуу эле. Алардын үчөө жогоруда айтылган китептер. Андыктан араб тилин билбеген адамдар бул китептерди сөзсуз түрдө окуулары керек деп билем.

#14 08 September 2014 - 18:50
логикалык жыйынтык чыгарсак - бул китептер бул басма уйдун азыктары? жакшы, жакшы.
Дауд мырзанын жообун озумо кабыл алдым. Мынтип сураган себебим, окулуучу китептер жонундо так маалымат берилбептир: автору, басмаканасы, кайсы жылы чыкканы, кайсыл тилде. Ошондуктан дукондордон "бул басма уйдун китеби" - деп таба алабызбы деген мааниде сурагам. Катышкым келип жатат, ошондуктан чукулаганым.
brother
#15 08 September 2014 - 20:55
Дауд мырзанын жообун озумо кабыл алдым. Мынтип сураган себебим, окулуучу китептер жонундо так маалымат берилбептир:
автору, басмаканасы,
кайсы жылы чыкканы, кайсыл тилде. Ошондуктан дукондордон "бул басма уйдун китеби" - деп таба алабызбы деген мааниде сурагам. Катышкым келип жатат, ошондуктан чукулаганым.
Жок, антип өзүңүзгө албаңыз. Сиздин сөзүңүз кандай мааниде айтылганын түшүнгөн жок элем. Бирок, башкаларда туура эмес ой пайда кылуусу мүмкүн экенин байкадым. Бирок, менин жогорудагы сөздөрум сизге багытталган эмес болчу. Жогорудагы сөздөрдү жазганымдын себеби, менин оюма китеп рекламалап жатат бекен деген ой кыска бир убакытка келип кеткен болчу. Ой күлүк эмеспи? Анан ойлоп калдым, эгер менин оюма келген болсо, башканыкына деле келиши мүмкүн деп. Ошого өзүмө өзүм берген жооптуу, бул жакка да жазып коёюн дедим.
Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) бир күнү Сафия энебиз менен түндө көчөдөн баратса, Ансарлардан эки сахаба жолдо турган болот, Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) аларга: "Бул силердин энеңер Сафия" - деп айткан убакта, сахабалар "Субхаана Аллах! (кантип сиз жөнүндө жаман ойлоймок элек)" - деп жооп беришет. Анда Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) : "Шайтан адамдын каны менен жылып жүрөт" - деп жооп берген.
Бул хадистен көрүнүп тургандай Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) башкаларда жаман ой пайда кылуусу мүмкүн болгон нерсеге, алар ойлобосо да жооп берип бул иштин алдын алган. Менин деле максатым ошол болчу.
Китептер жөнүндө дагы бир аз маалымат: СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД (саллаллахуалайхи васаллам) аттуу китеп Адеп Башаты фонду тарабынан бир канча ирет кыргыз тилинде басылып чыккан. Жылдары жөнүндө так билбейм. Адеп Башатынын китеби десеңиз оңой эле таба аласыз.
ЧЕКСИЗ НУР (кыргыз тилинде) жана Пророк Мухаммад венец рода человеческого (орус тилинде) китептеринин автору Фетхуллах Гулен. Булар Кыргызстанда жакынкы аралыкта эле басылып чыкты окшойт. Анткени мен бул китептерди быйыл көрүп турам. А бирок Пророк Мухаммад венец рода человеческого деген китеп бир канча жыл мурда Казакстандан басылып чыккан. Автору бир эле. Бизден басылып чыккан менен анын айырмасы барбы же жокпу билбейм. Анткени мен билгенден Казакстанда басылып чыккан китеп эки томдук болчу. А биздеги китеп бир гана томдук болуп чыгыптыр. Балким Кыргызстандан чыккан китеп кыскартылгандыр. Кыскартылбаган деле болушу мүмкүн. Так билбейм. Анткени мен Кыргызстандан чыккан китепти окуп көрө элекмин. Билгендерим ушул экен.
Сизге жана башка катышуучулардын баарына ийгилик каалайм!
#16 09 September 2014 - 13:52
ЧЕКСИЗ НУР (кыргыз тилинде)
жана Пророк Мухаммад венец рода человеческого
(орус тилинде) китептеринин автору Фетхуллах Гулен. Булар Кыргызстанда жакынкы аралыкта эле басылып чыкты окшойт. Анткени мен бул китептерди быйыл көрүп турам. А бирок Пророк Мухаммад венец рода человеческого деген китеп бир канча жыл мурда Казакстандан басылып чыккан. Автору бир эле. Бизден басылып чыккан менен анын айырмасы барбы же жокпу билбейм. Анткени мен билгенден Казакстанда басылып чыккан китеп эки томдук болчу. А биздеги китеп бир гана томдук болуп чыгыптыр. Балким Кыргызстандан чыккан китеп кыскартылгандыр.
Кыскартылбаган деле болушу мүмкүн. Так билбейм. Анткени мен Кыргызстандан чыккан китепти окуп көрө элекмин. Билгендерим ушул экен.
Сизге жана башка катышуучулардын баарына ийгилик каалайм!
Сизге жана башка катышуучулардын баарына ийгилик каалайм!
ЧЕКСИЗ НУР (кыргыз тилинде) чыкканына коп эле болуп калды китептин туп нускасы озу 2 томдон турат.
Кыргызчасы деле башында 2 том болчу кийинчерээк экоону бириктирип коюшкан. Бизден басылган менен айырмасы деле жок.
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#17 09 October 2014 - 10:52
Аллахым..озуп келе жаткан муунга Билим берсе экен Ислам жагынан..менин тилегим Билимдуу Туура дин жолунда жургон адамдар кобойсо экен..мен да Мухаммед Пайгамбарыбыздын омур баянын окуп буттум..абдан кызыктуу, катышкым келет.утуп алсам ата энеме бермекмин белекти..
#18 09 October 2014 - 19:21
Ну даа. Сонун сынак экен. Ушундай диний сынактарды кобойтконго эмне жетсин. АЛЛАХ Ж.Ж жолунда утуп алган кичинекей белекта, берекелуу ж.а ото даражалуу болот. Бул сынака озу катышуу чон сыймык, ута албасада. Таакс. Анда бизда форумда бираз сынак уюштурсакпы айымдар учун. Кичинекей белектерден койуп дегендей. Уюштуруучу топ барбы форумда, ким маалымат бере алат кенениреек кылып...?
#19 18 November 2014 - 16:49
Конкурска катталуу мөөнөтү аяктады!
22-ноябрда сынак өткөрүлөт.
Аймактар
Китептин аттары
Убактысы
Сынак өткөрүлчү дарек
телефондор
Бишкек: Кыргызстан Ислам Университети, Гоголь көчөсү 57.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав)
10:00
12:00
Чексиз Нур
12:00
14:00
Пророк Мухаммад (сав)
14:00
16:00
0702882033
0777591744
0557772626
0770362797
ОШ: Н. Исанов 73, ОшМПИ, Юго-Восток, студенттер шаарчасы
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав)
10:00
12:00
Чексиз Нур
12:00
14:00
Пророк Мухаммад (сав)
12:00
14:00
0770208275
Талас: Талас Мамлекеттик Университети, Нуржан көч. 59
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав)
10:00
12:00
Чексиз Нур
12:00
14:00
Пророк Мухаммад (сав)
12:00
14:00
0771608130
Нарын: Нарын ш., Ленин көч 144а
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав)
10:00
12:00
Чексиз Нур
12:00
14:00
Пророк Мухаммад (сав)
12:00
14:00
0555194663
Каракол: Каракол ш., Х. Карасаев көч. (Въезд Ак-Суу), Каракол медресеси
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав)
10:00
12:00
Чексиз Нур
12:00
14:00
Пророк Мухаммад (сав)
12:00
14:00
0779873808
Баткен: Баткен ш., Муаз бин Жабал медресеси( Борбордук мечиттин жанында)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав)
10:00
12:00
Чексиз Нур
12:00
14:00
Пророк Мухаммад (сав)
12:00
14:00
0777 065211
Кызыл-Кыя: Кызыл-Кыя ш., Хрипченько 187, Секом
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав)
10:00
12:00
Чексиз Нур
12:00
14:00
Пророк Мухаммад (сав)
12:00
14:00
0771 192041
Жалал-Абад: Жалал-Абад ш., Ленин көч. 131А, (SECOM)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав)
10:00
12:00
Чексиз Нур
12:00
14:00
Пророк Мухаммад (сав)
12:00
14:00
0777885870
25-декабрда жыйынтык чыгарылат. Жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер тапшырылат.

#20 05 March 2015 - 20:16
Мурдакы сынакка катышкандар катышып, өз байгелерин алышкандыр.
Ошол байге тапшыруу кечесине катышкандар билишет, ошол күнү бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президентти Саид Баюми ошол күнү бул сынакты жактырып, дагы кудум ушундай сынак өткөрүү убадасын берген эле. Ошол убакыт келип, жаңы сынакка катышам дегендер үчүн каттоо башталды.
Сынакка катышуу бекер. Уткандарга сыйлыктар бар. Андыктан катышыңыздар.
Сынактын шарттары, убактысы тууралуу маалымат сүрөттө камтылган.
Сынакка катышуу бекер. Уткандарга сыйлыктар бар. Андыктан катышыңыздар.
Сынактын шарттары, убактысы тууралуу маалымат сүрөттө камтылган.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео