Суперстан: Түйүлдүктүн каты - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Түйүлдүктүн каты кош бойлуулар үчүн

#1 Пользователь офлайн   Jamalym   06 Сентябрь 2014 - 03:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Түйүлдүктүн каты
"Курсагымдагы бала кантип пайда болду? Кандай өсүп жатат? Төрөлгөнгө чейин ага кандай кам көрүшүм керек?" деген сыяктуу көп суроолор ар бир кош бойлуу эненин жүрөгүндө тогуз ай бою жашайт. Ушул жана башка суроолорго адистин түйүлдүктүн тили менен берген жоопторун сунуштайбыз. Анда али жарык дүйнөгө келе элек чүрпөңүздүн сиз менен ой бөлүшкүсү келет. Анын каттары сизге бактылуу көз ирмемдерди жана пайдалуу кеңештерди бере алат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Jamalym   06 Сентябрь 2014 - 04:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Түйүлдүк жаңы пайда болгон сааттар
Менин сүйүктүү апакем!

О, кандай керемет! Мен бир гана жумуртка клеткасында болсом да мен адаммын. Азырынча көлөмүм эки жүз микрон болгону менен менде Жараткан берген жан жана рух бар.
Апаке, сиз мага өмүр тартуулайт экениңиз жөнүндө али биле элексиз. Мен атам экөөңөр үчүн сыр болуп дагы эки жума жашай алам. Андан кийин сиздин денеңиздеги башкача сезимдер аркылуу мени байкайт болушуңуз керек. А мага атам экөөңөрдүн ушул сырды алгач билгенде кандай абалда болоруңар өтө кызык.
Сиз менин пайда болгонумду билгениңиз менен менин абалымды так биле албайсыз, ошондуктан мен сизге өзүм тууралуу маалымат кат жазып турам. Азыр менин көлөмүм тууралуу билгиңиз келсе, мен кичинекей чекиттей элемин. Бирок менде менин кандай болорум тууралуу билдирген 46 хромосома бар. Алардын жыйырма үчүн сизден, жыйырма үчүн атамдан алганмын. Окумуштуулар мени адам дебей, "зигота" деп кызыктай атай беришет. Бирок мен адаммын! Ар бир эле киши, сиз да, атам да жаңы пайда болгонуңарда жайгашкан түйүлдүк жаратуучу жумурткада жайгашкам. Мен акырындап трубалар аркылуу жатынга келе жатам. Ушул саякатым ийгиликтүү болсо мени сактай турган эң ыңгайлуу үйүм болгон сиздин ичиңизде жашай баштайм. Бул үчүн төрт-беш күн керектелет. Алдыда кантип жашай баштаганым жана да кандай өзгөрүүлөр күтүп турганын сизге сөзсүз жазып жиберем. Апоу :kiss2: , менин пайда болгонум алгачкы күндөрдө сизге кыйындык, денеңизге ыңгайсыздык жаратса кечирим сурайм. Анткени мен сиздин организмиңиз үчүн жаңылыкмын да! Бирок ишенип коюңуз, баары жакшы болот, сизди бактылуу кылчу мүнөттөр али алдыда!
Атам экөөңөрдүн табышмактуу чүрпөңөр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Jamalym   06 Сентябрь 2014 - 04:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

***
Алгачкы айлар
Алтыным апа, менин пайда болгонума бир ай болду. Ичиңиздеги мен үчүн даярдалган жылуу-жумшак орундук мага аябай жакты. Менин жуурканым болчу тонумдун калыңдыгы 10-15 миллиметр, менден жетимиш беш эсеге чоң. Ал тим эле таптаза экен. Эки жумага чейин менин өзүмдө азык болгондуктан сиз ­ ооруп калып дары ичкен же чочуп, толкунданган болсоңуз мунун баары мага таасир эткен жок, бирок азыр мен сиз аркылуу гана тамактана баштадым. Сиз жеген тамак-аштын баары мага келет. Мен тамактардын даамын биле баштадым, андыктан даамдуу тамактарды жеп, жакшы эс алып жатканыңыз менин толук кандуу өсүшүмө жардам берет. Бул үчүн атама да рахмат айтып коюңуз. Анткени мунун баарына ал кам көрүп
жатпайбы.
Кебетемдин кандай экенине кызыксаңыз, мен ширенкенин талындай элемин, салмагым 0,05 грамм гана. Ушул кез аябай назик убагым.Суранарым катуу чочубай, көйгөйлөрдү эмоция менен кабыл албай мен үчүн өзүңүздү бир калыпта кармаганга аракет кылсаңыз жакшы болот. Мен он сегизинчи күнүмдө мага жүрөк пайда болгонун айтпай калган турбаймынбы, алгач ирет ушул күнү жүрөгүм сого баштаган. Ушул кичинекей жүрөгүм менен атам экөөңөрдү чексиз сүйөм. Муну атама да кабарлап коюшуңузду суранам.
Сиздин кичинекей наристеңиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Jamalym   06 Сентябрь 2014 - 04:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

***
Жаным апа, мага бүгүн эки ай болду. Бул мен үчүн чоң майрам. Атам экөөңөрдүн камкордугуңар мени коргоп келе жатат. Менин кебетемди көрсөңүз күлмөк болушуңуз керек. Анткени менин башым бүт денем менен тең. Салмагым болсо 1,5 грамм, узундугум 2 сантиметр. Акырындап колу-бутумду кыймылдата баштадым. Бирок бул азыр сизге сезилбейт. Анткени мен жайгашкан тондо суу көп, мен чоң бассейнде эркин сүзүп жүргөндөймүн. Менин кыймылымды он-он эки жума болгонумда байкайт болушуңуз керек. Теримде каш-киригимдин, чачымдын орду пайда боло баштады, жакында өсөт. Өңү кандай экенин төрөлгөнүмдө гана биле аласыз. Ошондой эле кулактарым жетиле баштады. Сиздикине окшойбу же атамдын кулагындай болобу мага сыр боюнча. Буту-колума тырмактын кызгылт изи түшө баштады. Мурдумда жыт билүү сезими ойгонууда. Төрөлгөндө жыттарды жакшы айырмалап калам. Апакебай, мен баарынан кайсы жытты жакшы көрөрүмдү билесизби? Сүрөт Сиздин сүтүңүздүн жыты! Ошондой эле мен жарык менен караңгыны айрымалай баштадым. Ар кандай үндөр да угулат. Мага өзгөчө сиз менен чогуу жагымдуу музыка уккан жагат. А сиздин жүрөгүңүздүн кагышы мага өзүнчө эле классика! Дагы бир жаңылыгым: бөйрөгүм заара бөлүп чыгара баштады. Эми ультра добуштуу изилдөөчү аппарат менен менин кыз же эркек экенимди болжолдоого болот. Бирок мен кичине кезде аппарат жаңылып да калышы мүмкүн. Мейли, кандай болсо да, кызмынбы же эркекминби силер мени баары бир сүйөсүңөр да ээ :angelochek: ? Ошондуктан мен төрөлгөнгө чейин бул сыр болуп калса деле макулмун. Менин терим да жакзинашы жетиле баштады. Азыр мага кичине бир нерсе тийсе да сезе алам. Атам экөөңөрдүн мени назик сылап эркелеткениңер мага аябай жагат. Ал эми ичиңизге катуу нерселердин тийип кетишине жол бербешиңизге ишенем. Анткени мага бул зыян экенин сиз жакшы билесиз да ээ? Сүйүктүү атама менден ысык салам!
Силердин кичинекей перзентинер :kiss2: .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   belka   06 Сентябрь 2014 - 14:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Толкунданып кеттим.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   meerim8793   06 Сентябрь 2014 - 14:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 976
  • Катталган: 02 Февраль 14
  • Соңку аракети: 07 Янв 2022 16:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:ТАЛАС

Эхх, соонунго. Аябай таасирлүү экен.

Дагы жазыңызчы кийинки айларын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Aza1983-1991   06 Сентябрь 2014 - 22:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 07 Июнь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2020 14:20
  • Жынысы:Аялзаты

Оох озумчо эле козум жашылданып зорго окуп чыктым,куда каласа октябрда наристеми жыттап эле жатып калам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   hihikayu   06 Сентябрь 2014 - 22:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Сонунго,ким жазсада укмуш жазыптыр
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Jamalym   07 Сентябрь 2014 - 01:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

***
Сүрөт
Сүйүктүү апаке, менин пайда болгонума үч ай болду. Мени менен кошо тонум чоңоюп, андагы суу да көбөйүп жаткандыктан сиз 700 граммдай салмак кошуп калдыңыз. Ата, апа, кымбаттууларым, менин бет түзүлүшү экөөңөргө окшошуп бир формага келе баштады. Өсүшүм жакшы. Бул силердин эмгегиңер. Мени өз убагында даамдуу тамактар менен азыктандырганыңарга ыраазымын. Кечээ күнкү жер-жемиш менен сүт абдан жакты :good: . Апа, сиз табитиңиз ачылып тамакты мурдагыдан көп жей баштаганыңызды байкасаңыз керек. Мунун себеби сиз экөөбүз үчүн тамактана баштаганыңызда. Сиз эмнени жесеңиз ошонун баары мага эки-үч саатта жетет. Атам экөөңөр мени жакшы багып жатасыңар, ошондуктан менин салмагым 14 грамм, узундугум 6 сантиметрге жетти. Бир нече күндөн бери бармагымды соро баштадым. Бул мага аябай жагат. Анткени эмчек эмгенге жакшы машыгып жатам. Медициналык текшерүүдөн өтүү мезгили да келип калды :ukol: Доктурга барып текшерилиңиз. Анткени сиздин саламаттыгыңыз мен үчүн канчалык маанилүү экени белгилүү да!
Апа, кийинки каттардан кабарлашканча жакшы туруңуз. Атама салам айтыңыз. Сиз мени менен гана алек болбой ага мурдагыдай жакшы көңүл буруңуз. Анткени ал менин атам да, анын маанайы жок болсо экөөбүзгө ким көңүл бурат?..
Эмки кабарлашканча силерди сагынам.
Наристеңер :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Jamalym   07 Сентябрь 2014 - 01:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Сүйүктүү апаке, кичинекей уячамдан сизге салам айтам. Мага кылган камкордугуңуз, мээримиңизге бөлөнүп бүгүн төрт айга толдум :wub: Мага кечээ күнкү атам үчөөбүздүн сейилдегенибиз аябай жакты. Бирок мындан кийин бутуңузга ыңгайлуу бут кийим кийиңизчи. Жаратылышка эс алууга чыкканыңарда чөпкө жылаңаяк басыңыз. Бул мага абдан пайдалуу. Ошондой эле мен сиз менен сууда сүзгүм келет. Бул менин аткарыла элек кыялдарымдын бири. Мүмкүн болсо көлгө же бассейнге барып келеличи, ээ? Сүрөт
Эми организмим тууралуу айтып берейин. Күн сайын тондогу сууну көп ичкендиктен бөйрөктөрүм заараны көбүрөөк бөлүп чыгара баштады. "Заараны кайда чыгарып жатасың?" деп сурагыңыз келип жатабы? Башка айлам жок, ал ошол эле сууга чыгып жатат. Бирок коркпой эле коюңуз, менин заарам туптунук суудай таза болгондуктан жыттанбайт. Менин организмим сизден келген бардык азыктарды аш кылууга жарап калды. Бардык даамдуу, пайдалуу тамактарды тандап берип жатканыңар үчүн атам экөөңөргө чоң рахмат. Апаке, сиздин ичиңиздин чоңойгонунан улам башкалар мен жөнүндө билип калгандыр Сүрөт же толуп калыптырсың деп сизди уялтып жатышабы? А үйдө болсо атам экөөңөрдүн мен жөнүндө сөйлөшкөнүңөр, менин кимиңерге көбүрөөк окшош болорума кызык­каныңар мени ушунчалык кубандырат. Бул биздин үй-бүлөдөгү мамилени сүйүү жана үмүт менен бекемдейт.
Ал эми атама сиз баарынан сулуу көрүнөрүңүздү ишендирип айткым келет. Анын канынан-жанынан жаралган перзентин көтөрүп жүргөн сизди аяп, сүйүп жүргөнүн ал сиздин ичиңизди сылап жатканда сезгем. Мен да жооп кылып атама кичинекей колдорумду сунгам :makul: Атамдын сизге айткан жагымдуу сөздөрү мени да сүйөрүн билдирет да, чынбы? Апа, менин каттарымды атама окуп берип, ысык саламымды жеткирип туруңуз.
Бетиңерден өөп, көпөлөгүңөр :kiss2:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Jamalym   07 Сентябрь 2014 - 22:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

***
Жаным апа, сиздин тентегиңиз беш айлык болду. Азыр атам менен эс алуу үчүн эки жакка чыгып алыңыз. Мен дагы чоңойгондо салмагыңызды оорлотом, а төрөлгөндө түйшүгүңүздү арттырам. Баса, апа, экөөбүздүн ден соолугубуз үчүн дарыгерге бат-бат көрүнүп туруңуз.
Сизден суранам, эртели-кеч таза абада сейилдөөнү токтотпоңузчу. Мен шамалдын шуулдаганын, шар аккан сууну, жалбырактардын шуудураганын укканда абдан сүйүнөм. Айрыкча чымчыктар сайрап, чегирткелер чырылдаса жомокто жүргөндөй болом Сүрөт
Сизге сезимдерим жөнүндө жаза берип көптөн бери кебетем тууралуу айтпай калган турбаймынбы. Барган сайын дене түзүлүшүм чоң кишилердей калыптанып, келбеттүү боло баштагам. Бир сааттын ичинде 50дөн 100гө чейин кыймыл-аракет жасайм. Бул менин булчуңдарымдын чыңалышы үчүн пайдалуу. Ошондой эле угуу органым жакшы өнүгүп жатат. Байкасаңыз ар кандай үндөргө так секирип чочуй баштадым. Ал эми ичиңизди сылап, созолонто ырдаган бешик ырыңызды жаным жыргап угам. Мен сиздин ичиңизди көбүрөөк тепкилей баштадым. Кээде топ куугандай секирем Сүрөт кээде кысылганымдан тыбырчылайм. Мунума ачууңуз келбей "тентегим, менин тентегим" деп эркелеткениңизде, ушунчалык кубанам дейсиз...
Апаке, ичиңиз оорлогон сайын белиңизге күч келип жатканын билем. Ошондуктан белиңизди түз кармап басканга аракет кылыңыз. Катуу матраска жука жаздык жазданып жатыңыз Сүрөт Эгер атам белиңизге айры менен жер тырмагандай абалда манжалары менен өйдө-ылдый массаж жасап турса абдан жакшы болмок. А сиз, апаке, анча-мынча жумушуңуз жасалбай калганына, үй тиричилигине жетишпей жатканыңызга карабай эң биринчи ден соолугуңузду караңыз. Анткени сиз денеңизде дагы бир адамды көтөрүп, зор жумуш аткарып жүрбөйсүзбү. Бирок көбүрөөк кыймылдасаңыз төрөтүңүзгө жардамы тиет, полду жууганда тизелеп төрт аяктап жуусаңыз пайдалуу. Бирок абайлаңыз, өтө оор жумуштар мени сизден ажыратып коюшу мүмкүн!
Менин сүйүктүү атакеме салам айтыңыз Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Jamalym   07 Сентябрь 2014 - 23:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

***
Кутмандуу күнүңүз менен, апа. Сүйүнчү, бүгүн мага алты ай! :74: Мурункудай эле мен 16-20 саат уктайм. Ойгонор замат ичиңизди тыкылдатып белги берем. Эгер мен көп кыймылдабай, тепкилебей калсам, дароо доктурга көрүнүңүз. Апаке, менде жаңылыктар бар. Ички органдарымдан өпкөм калыптана баштады. Ошондой эле мен азыр жөн гана укпастан, түшүнүп уга баштадым. Экөөбүз калганда үнүңүздү чыгарып мага пландарыңызды айтып, ой бөлүшкөнүңүздү жактырам. Төрөлгөндө үнүңүздү угар замат тынчтанып калам, анткени ага азыртан көнө баштадым. Эгер атам да мени менен үн чыгарып сүйлөшсө, кийин ал мени колуна алар замат уйкуга кетет болушум керек. Сиз мен жөнүндө ойлонгонуңузда жүзүңүз бир башкача жаркырап жайнап кетет. Бул башкаларга да сезилет. Мени ичиңизге катып алып томпоюп басып баратканыңызды көргөндөр сизге суктанып, кээ бирөөлөр кубанычын жашыра албай жылмайып өтүшөт. Ошондуктан дүйнөдө кош бойлуу аялдан өткөн сулуу адам жок дешет Сүрөт
Апа, мен чоңойгон сайын табарсыгыңызды
басып калып сизди бат-бат дааратканага чуркатып жатканым өкүнүчтүү. Айрыкча түнкүсүн тынчыңызды алганда өзүмчө ыңгайсыз болом, мунум үчүн кечирим сурайм. Анан калса сиздин бөйрөгүңүз экөөбүз үчүн тынбай иштеп жатпайбы. Мен боюңузга бүткөнгө чейин ден соолугуңузду жакшы караганыңыздан мен эч кыйналбай чоңоюп жатам, бул үчүн сизге чоң рахмат. Ал эми сиз кыйкырып, эмнегедир кейип-кепчисеңиз же ызаланып ыйласаңыз мен да кыйналам. Кичинекей жүрөгүм дүкүлдөп, нормадан ашык сого баштайт. Башкача айтканда, "стресс" болом. Эмоцияга алдырганыңызда сиздин каныңыздагы чоң толкун (адреналин) мага келет да жагымсыз жагдайды пайда кылат. Азыр ыйлай албасам да коркконумдан сизди тепкилеп жиберем :108: Ушул нерселерден абайлаңызчы, суранам. Атам экөөңөр жакшы маанайда олтуруп жай музыка угасыңар го, ошол мага аябай жагат.
Сиз тууралуу билгендеримди да айтып берейинби, ээ. Сизде күн санап кандын көлөмү көбөйүүдө. Анткени эми сиздеги кан эки кишиге жетиш керек да. Мен төрөлөр маалда ал 0,5-1,5 литрге көбөйөт. Ошондуктан эттүү тамактарды көп жеңиз. Күн сайын балыктан эки-үч кесим болсо да жешиңиз керек. Койдун, уйдун боор эти да абдан пайдалуу. Көк чөптөрдү, жер-жемиштерди, өзгөчө алманы азайтпаңыз. Газдуу суусундуктардын зыяндан башка пайдасы жок, апа. Андан көрө кургатылган жемиштерден компот жасап ичкениңиз экөөбүзгө тең пайдалуу. Кургатылган курма, өрүк, бадам, жаңгак, мейизден күнүнө эки-үч даанадан болсо да жеп жүрүү биздин организмибизди витаминдерге байытат.
Ушуларды убагында алып келип бизди жакшы карап жаткан атама рахмат. Мен аны ушунчалык жакшы көрөм.
Силерди түйшүккө салган эркеңер :perishte:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   aqua-94mema   07 Сентябрь 2014 - 23:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

эх !!ушул кунго ар бир аял жетуусуно тилектешмин .кандай бакыт
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Narynbek   07 Сентябрь 2014 - 23:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Бөбөктөр аман-эсен төрөлө беришсин! Жаңы төрөлгөн бөбөктүн жыты жагат да.Кызымдын быйтыйган шапкесин ала келип жыттап жүрчүмүн.

Билдирүүнү түзөткөн: Narynbek: 07 Сентябрь 2014 - 23:17

Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Samarbek-Nurelim   07 Сентябрь 2014 - 23:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 303
  • Катталган: 03 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Май 2017 16:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эх кандай соонун жазылган. Менин да мына мына 1 аптанын аралыгында жарык дуйного келуучу ичимдеги наристем м.н суйлошкондой болуп кеттим. Иншаа Аллах аз калды Аллахымдын белегин кучагыма алаарыма.
Аллах чексиз мээримдуу,чексиз кечиримдуу, чексиз ырайымдуу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Jamalym   07 Сентябрь 2014 - 23:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Samarbek-Nurelim (07 Сентябрь 2014 - 23:42) жазган:

Эх кандай соонун жазылган. Менин да мына мына 1 аптанын аралыгында жарык дуйного келуучу ичимдеги наристем м.н суйлошкондой болуп кеттим. Иншаа Аллах аз калды Аллахымдын белегин кучагыма алаарыма.


Срогубуз бир экен анда :) эсен-аман бошонуп алалы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Dinakg   08 Сентябрь 2014 - 00:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 25 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 17 Июн 2020 22:50

Jamalym (07 Сентябрь 2014 - 23:54) жазган:

Срогубуз бир экен анда :) эсен-аман бошонуп алалы.


Мен да катты окуп толкундандым. Жамалым сага рахмат кочуруп жазганына.Бизден бир жума чон экенсинер,аман -эсен женилинен берип наристелерибизди тороп алалы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Jamalym   08 Сентябрь 2014 - 01:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Dinakg (08 Сентябрь 2014 - 00:35) жазган:

Мен да катты окуп толкундандым. Жамалым сага рахмат кочуруп жазганына.Бизден бир жума чон экенсинер,аман -эсен женилинен берип наристелерибизди тороп алалы.


Рахмат,силерге да женилинен берсин!


Бир гезиттен кочуруп жазып жаткам.Калганын ошол гезит чыкканда жазам.Ага чейин сабыр кылып туралы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Kg.lady   08 Сентябрь 2014 - 02:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Аябай жакшы жазылыптыр. Кош бойлуу кезимди эске салды!
Ал эми болочок энелерге чыдамкайлык тилейм, мининен отуп, бири калыптыр. Жаратканымдын белегин колго алып, жытточу кундорду насип этсин!
Анан, гезиттин кийинки саны чыкканча Жамалым торот уйуно кетип калсанызчы, ким улантат:)

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Begimkyz   08 Сентябрь 2014 - 16:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Кандай сонун ээ ичиңде жөн жатпай тыбырчылап, пытырап, тебинип ары бери кыймылдап атканы. Адамдын төрөгүсүн келтиресиңер да просточу)
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 15:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: