-Жаман деп жаткан ким бар?
-Коё бер колумду.
-Жездеңди айтсам ачууланасыңбы?
-Кызык.Эмне эле кайта-кайта жездең-жездең дейсиң?
-Деги жездеңди жакшы көрөсүң ээ?
-Ооба,жакшы көрөм.Дагы айтаарың барбы?
-Жок.
-А болуптур жок болсо...
Мен почтага кирип кеттим.Сегизинчи март майрамына карата чыгарылган ак роза гүлдүү бланкага жазылган телеграмманы колума алып,ичин шашып ачтым. "Майрамбек"
деген сөз көзүмө биринчи чалдыкты.Колумда турган кагаздан от чыгып кеткенсип,андан урган ысык жалын удургуй түшүп,жүрөгүмдү аралап барып,анан бүткүл денемди каптап өттү. Бул кайсыл Майрамбек болуп кетти,дедим көргөн көзүмө ишене бербей.Майрамбек аттуу өзүм тааныган кишилерди эсиме түшүрө баштадым. Бирок мен өзүм билген Майрамбектен башка,бир да кишинин атын канчалык издесем да таба албадым. Үйгө келгенде эжеме эчтеке дебесем да өзү сурады.
-Телеграмма кимден келиптир?
-Ким жибергенин өзүм да билбейм.
-Тааныбаган киши жибериптирби?
Аты-жөнү жок бекен?
-Бар.-Майрамбек деп айтууга даай албай,телеграмманын өзүн сундум эжеме.
-Майрамбек дейби?Охо,Жетөгүздөн жиберилиптир.
Жети-Өгүз деген сөздү окуган эмесмин.Эжемдин айтканынан улам Майрамбектин телеграммасы экенине эми анык көзүм жетти. Чындыгында андан мындай телеграмма алам деп ойлогон эмесмин. Батыш эжемдин алдында айыбым ачылып бараткансып,
жаңы байланган фартугумдун этегин чогулта кармап,кош колдоп мыжый бердим.
Жапайы розалар Зуура Сооронбаева
#62 08 September 2014 - 01:21
Эжем биздин жаныбызга,бир газетаны жая кармап келаткан жездеме кайрылды.
-Эламан,сен билесиңби,Жетөгүздө канча Майрамбек бар?
Жездем көз айнегин чыгарып колуна алды.
-Канча Майрамбек деген эмнеси?Мен бир эле Майрамбекти билем.Өзү деле биздикине келип-кетип жүрбөйбү.Гүлай абысыныңдын инисин билбей калдыңбы?
-Ии,аны билем дечи.Андан башка Майрамбек жок дедиңби?
-Мына,бул баланы таанычу белең?
Жездем газетаны эжеме сунду.Эжем сүрөткө тигилди.
Ии,катыгүн,Макеним турбайбы! Мен дагы ким экен десем.
Тамак ичип жатып көзүмдүн кыйыгы менен столдун үстүндө жаткан газетадагы Майрамбекти эжем менен жездеме байкатпай уурдана карайм...
Ал түнү тамактан кийин эчтеме окугум да,эчтеке жазгым да келбеди.Эс алуудан башка иштей турган иш жоктой сезилет. Телевизор да көрбөдүм.Бөлмөмө келип төшөгүмдү салып,жатууга камындым.Халатымды чечип,жарыкты өчүрдүм.Ой,бул эмнеси!Үйдүн ичинде ары-бери жылып мени ээрчий тийген шооланы көрүп,жалт бурулдум.Жарык мага таамай түшүп турду.Ары бассам ары,бери бассам бери ээрчийт.Эжем менен жездеме айтсамбы деп ойлодум.Эшикке жаңы жеткенимде терезе акырын тыкылдады. Айнектин ары жагынан Махабат деген эркек кишинин добушу кулагымды сайып өттү.
-Сиз кимсиз?

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#63 09 September 2014 - 00:18
-Мен,Айдармын,
Мыкат.Сенде бир эле ооз сөзүм бар эле.Ал терезенин ачык форточкасына жете көтөрүлгөндө далдайган зор дене терезени бүт жаап калды.Ачууга буулдум.
-Эмне болгонсуз,түн жарымында бирөөнүн терезесине асылып.Кетиңиз азыр сыйыңыз менен.Болбосо эжем менен жездемди ойготом.Милицияга биздин үйдүн жанында бир хулиган жүрөт деп телефон чалам.Сизге жагабы ушул?
-Адамдын убал-сообунан коркпосоң каматып сал азыр.Же Айдарга убал жок деп турасыңбы?Кечтен бери сени сыртка чыгар бекен деп күтүп туруп тоңуп калмак болдум.
-Эмне келдиңиз?Күдөрүңүздү менден үзүңүз деп канча айттым.Же эр-жигитте ар-намыс болбойбу?
-Кийин бекер эле аша чаап,катуу айткан экенмин деп өкүнүп жүрбө,кечирип кой байкеси деп суранып калба.
-Аны убагында көрө жатаармын.
Эжемдер жаткан бөлмөнүн эшиги ачылгандай болду.Чуркап барып төшөгүмө кирип чүмкөнүп алдым.
-Ким менен сүйлөшүп жатасың?
Эжем лампочканы күйгүздү.
-Айдар!
-Айдар?Ал кайда жүрөт?
-Терезенин ары жагында турат.
-О-о-й,куураган бала десе.Түңүлбөгөн кандай неме эле,катыгүн. Көрсөң,жети түндө темтеңдеп,кеттиби?
-Билбейм.
-Жатып эс ал эми.Эртең эрте турасың.Саат да бирге жакындап калды.Э кокуй,терезенин пардасын тартып койбойсуңбу анан.
Батыш эжем парданы тартып,жарыкты өчүрдү.Мен көпкө чейин уктай албай жаттым.Көзүм илинип баратса эле терезе чертилип кеткенсийт. Айдардын үнү угулгансыйт. Мени чакырат.Чочуп ойгоном.Айдар терезе менен терезе болуп дагы эле баякы бойдон тургансыйт. Уйку-соонун ортосунда кулагымды басып,жууркандын жакасын тартып,башымды катам...

#64 09 September 2014 - 00:45
Эртең менен Батыш эжемдин муздак алаканы маңдайыма тийгенде ойгонуп кеттим.Ордуман учуп турдум...
Институтка жаңы жетип,эшикти ача бергенимде арт жагымдан мени чакырган үндү угуп,колумдагы каалганын туткасын кармап токтодум.Сандарбек экен.Менде кандайдыр зарыл жумушу бар немедей,тепкичтен чуркап чыгып келатканын көрүп,жумушу болсо келер деген ой менен ичкери кирип кеттим.
-Саламатпы,Мыкат.
-Саламатчылык.
Кол алыштык.
-Эмне көзүң киртийип калган?
-Киртийип калыптырбы? Кеч жаттым эле.
-Актанбай эле кой.Чыныңды айтчы жездеңби же Айдарбы?..
-Эмне деп жатасың?Ириген ооздон чириген сөз чыгат.
Колун силкип жибердим.Пальтомду чечип,башымдагы кубанкамды гордеробкага өткөрүп,бет маңдайымда турган чоң күзгүнүн алдына келип жакаларымды түзөп,прическамды оңдогон болдум.Сандарбек ыржаңдап күлдү:
-Тамашаны билбейсиңби?
-Тамашанын тамашасы бар.Бирок жездем сага тамаша эмес да.Мындан ары ойносоң да ойлоп сүйлөп жүргүн жолдош.-Бурулуп бастым.Сандарбек мени колтуктап алды.
-Кечирип кой,бардыгы тамаша.Айдар сага записка берген,ошону берейин деп эле.
-Тарт колуңду.
-Урушпачы деги.
-Кана,Айдардын каты?
-Мынакей бийкеч.
Ошол замат колума тийген конверттиүч- төрт бөлүп ортосунан айрыдым да,урнага ыргытып жиберип басып кеттим.Сандарбектин оозу ачылды.Ар жактан колтугуна китеп кыскан жездем кабинетинен чыкты.
-Эмне кечиктиң?
Саатымды карадым.
-Кечиктимби?
Экөөбүз катарлаша бастык.Кылчайып артымды карадым.Сандарбек залдын ортосунда бизди тиктеп туруптур.Акмак дедим ичимден жийиркене.Аудиториянын эшигин жездем ачып, мага жол берди.Студенттер ордунан дүр деп турушту.

#65 09 September 2014 - 00:58
Кыз бала бойго жеткенде анын азабы да,асылы да көп болуучу неме окшобойбу. Айдардын ала качам деген сөзүн укканбы же башка бирөөлөрдөн шек санайбы,айтор,
эжем менден тынчсызданып жүрдү. Институтта түнгө чейин кармалып калган учурларымда эжем келип,өзү келалбаса жездемди жиберип мен келгенде күтүп алыша турган болду. Жездемдин келишин каалабайм. Сандарбек айткан ушактан корком. Бирок бул жагымсыз сөздү канчалык чынчыл,канчалык ачык болгонум менен эжеме оозум батып айталган жокмун. Эстеген сайын ичимден сызып,купуя кайгыга түшөм да турам. Бул үйдөн кетип калууну да ойлойм.Бирок эмне деген шылтоону таап,өзүмдү бул жакшы адамдардан оолактатуум керек эле?Кантип?Же турмушка чыгып кетишим керекпи?Бир кезде ойлоп жүргөн опасыз ойлор кайра баштан көңүлүмдү бороондой сапырат.Мага сөз айтып жүргөн жигиттерди көз алдымдан өткөргөн болом,аларды сынайм.Мага кимиси ылайык болоор эле деп ойлойм.Жар болууга жарай турганын издейм.
Майрамбек эсиме түшкөндө шыбактын жаңы ачылган көктөмдөгү жалгыз түп жоогазынды көргөн сыяктуу көңүлүм эргий түшөт.Эмне үчүндүр ал бардык адамдан бийик тургандай, андай жигит кыргыз жергесинде жоктой болуп сезилет мага.Анын оттой күйгөн сурмалуу кой көзү көз алдымда жалдырайт да турат...
Агитпункта эртеңки шайлоого карата акыркы даярдыктар көрүлүп жатты.Эки күндөн бери тынымсыз жүгүрүп жүрүп,толук эс албагандыктанбы, иштен бошой түшкөндө диванда олтуруп көзүм илинип кетиптир.
-Махабат,-деп ийнимден тарткан окгругдук шайлоо комиссиясынын председателинин үнүнөн чочуп кеттим.-Сиз катуу чарчадыңыз окшойт.Түнкү саат үчкө чейин бошсуз.Үйүңүзгө барып эс алып келиңиз.
-Чарчаган деле жокмун,Николай Семенович,силер иштесеңер мен кетип калсам жакшы болмок беле?
-Сиз жасай турган эч нерсе деле калган жок.Дежурныйлар бир сыйра алмашкандан кийин баарыбыз кетебиз.Сиз бара бериңиз...
Тышка чыксам Зайра,Бермет, Эркингүл баш болгон бир топ кыз институттун алдынан жолугушту.Алар менен кажылдашып олтуруп,үйдөн өтүп кетиптирмин. Бирок эч кимге айтпаганым менен Майрамбек деген бир күч мени почт жакка жетелеп бараткан болучу.Шатыра- шатман болуп почтага чогуубуз менен кирдик.Кыздар менен кезекке турдум.Алдымда турган Турсун мага карап,күлүп койду.
-Сен кат-кабарды институттан алучу эмес белең.Же довостребованиеге кат жазуучу алыстан жигит күткөнсүңбү?
-Күтсө эмне экен?-студенттик книжкамды кат берүүчү кызга узатып.
Эми эле көөдөнүмдө жан-алакет түшүп,чабактай туйлап аткан жүрөгүм "Сизге кат жок" деген жоопту угуп солгундай түштү.

#66 09 September 2014 - 01:13
Кыздар менен тышка чыкканымда коштошпой кетип баратканымды эстеп,почтанын алдында токтоп калдым.Жолдошторумдун жапырт мен жакты карап турганын көрүп оң колумду көтөрүп,манжаларымды кыймылдатып койдум. Жолдо келатып эртең болуучу шайлоону эстеп көңүлүм жайлана түштү. Денемде кандайдыр бир белгисиз кубанычтын зери ойноп турганын билдим. Ырдагым келет.Кимдир бирөөнү сагынгансып,
алда кимди күткөнсүйм.
Ушлу таңдын атышы менен көптөн күткөн бакыт кушу учуп келип колума конуучудай болом.Сүйүнөм,
кубанам.
Көчөнүн бурулушуна жеткенде эсиме күтүүсүз жерден бир ой түшүп токтоп калдым. "Ах,мен жинди.-дедим эрдимди тиштеп,-Эмне үчүн Майрамбекке куттуктап телеграмма жиберген жокмун?!" Артымды кылчайып карадым.Почтадан кыйла узап кеткенимди билип,кайра барсамбы,жиберсемби жибербесемби деп,эки анжы болуп турдум.Ансыз деле үйгө чукул келип токтоптурмун. Эламан жездем пиджамачан, жылаң баш дарбазанын алдында турат.Жанында атам,сүйүнүп кеттим.Чуркап келип мойнуна асылып,чекесинен, анан мурдунун учунан өптүм.Атам саамайымдан шуу жыттады. Экөөбүз көрүшүп бүтүп,бири-бирибизди карап токтодук.Көздөрүнөн да,уурттарынан да кубанычтын толкуну төгүлөт.
-Сени сагындым атаке.-Башымды ийнине жөлөдүм.
-Кичинекей королум.-Атам сол колу менен жаагымдан сылап,төбөмдөн жыттады.-Сенсиз мага өмүр да, жашоо да көңүлсүз экен.Эки жылдан бери көнө албадым го,кызым...
Пальтомду чечип жатсам атам аркы үйгө кирип баратып кылчая карады:
-Эжеңди жалгыз күйпөңдөтпөй жардамдашып жибер садага.
Эжем,жездем экөөбүз жакшы көргөн мантуну түйүп жатыптыр.Биринчисин эчак касканга салып,отко коюп коюптур.
-Эжеке,калганын мага бериңиз.
-Бүттүм,садага. Тарелка,вилкаларыңды коюп даярдай бер.
Тамак алдыга келгенде эки-жагымды карабай туруп,эки-үч мантуну катар жеп ийип көөдөнүмө тиреле түштү.Эжем табактагы мантудан алып,атамдын алдындагы тарелкага,анан менин тарелкама үйө салды.
-Жей кой,ашкабак мантуну жакшы көрүүчү эмес белең.Жайнак аба,алсаңыз.
Атам чалкалап көөдөнүн кере дем алды.
-Мантуң манту экен айланайын,ыкыя түштүм.Бара турган жер калбай калды...
Тамактын артынан малинадан кайнатпай тартылган варенье менен бир-эки чыныдан чай ичтик.Атам дасторконго рахмат айтып,эжем менен жездемден уруксат сурады.
-Качан болсо эле шашып жүрөсүз.Конуп кетиңиз.
-Махабатымды көрөйүн дегенмин көрдүм.Анын үстүнө эртең шайлоо.
Байкуш атам ар-дайым мени көргөнү,мени менен учурашканы келет.Чын эле сагынат окшойт.Атамы үчөөбүз тең узатып чыктык.Кайра келип,жездем экөобүз шахмат ойноого отурдук.
-Атаң өтө эле баласаак киши ээ,Мыкат.Бир сөз айтсам капа болбойсуңбу?

#67 09 September 2014 - 16:02
Калганы качан ыя, сулуу.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#68 11 September 2014 - 02:17
-Айтыңыз,капа болбойм.
-Капа болбосоң,ал кишиден акча алып эмне кыласың.Жаш балдары бар,өздөрү оокат кылсын.
-Албайм десем болбойт...-Жездемдин сөзүнө жыгылып калдым.
-Өз стипендияң өзүңө жетет.-Жездем колундагы пешканы жылдырды.-Атаңдын айтканын уктуңбу?Кызым Лениндик стипендиянтка болгондон бери боюм өсүп,төбөм менен көк тиреп тургансыйм. Эл ичинде барандуу өңдөнүп калдым дейт.
Пешканы кол учум менен басып,кандай көчөөрүмдү ойлонуп тургам.Жездем унчукпай калды.Мен атамды ойлоп алагды болуп кетиптирмин. Жездем дагы жүрдү.Ырас эле атам ачылгансып, мырдагыдан жашаргансып калыптыр.Ушунун баары мен үчүнбү?
-Кана,көчпөйсүңбү Махабат?
-Азыр...
Уктаганы жатып да Эламан жездем менен Батыш эжемди ойлойм.Деги ушулар эрди -катын өңдөнүп чаң-чуң болушат бекен?Ушунча убакытттан бери бирге жашап,бири-бирине кабак бүркөгөнүн көрбөйм. Мени өз кызында йөрүшөт.Бой көтөргөндү да билишпейт. Экөө бирдей адамга жакшылыктан башканы ойлошпойт.Жетим жүрүп жетилгемин деп калат жездем. Ушинтип жатып өз айлыбыздагы Торөбай деген аганын сөзүн эстедим. Эрди-катынды бөлуштүрүп жатканда Бир жаманга-бир жакшы,Бир жакшыга-бир жаман деп эркек менен ургаачынын жаманын жакшысына,жакшысын жаманына чабыштырат имиш.Тагдырды таразалап жаткан олуя катуу чарчап кеткендиктен бир жакшыга бир жакшы, же бир жаманга бир жаман деп оозунан чыгып кетээр имиш. Ошон үчүн жакшыга жакшы кемден кем баш кошо деген сөз айтылып калган дешет. Эжем менен жездем ошондой кемден-кем кездешүүчү асылдардан болсо керек.Мезгил жетип турмушка чыгып калсам,ушулар сыяктуу ынтымактуу жашасам деп ойлойм.Күйөөмдү Батыш эжеме окшоп сыйлап турууну эңсейм. Адегенде түшүнбөй Батыш эжем жездемден коркот деп ойлоп жүрүпмүн.Көрсө, сыйлагандыгынан, сүйгөндүгүнөн көзүнүн агы менен тең айланат тура. Эжемдин кызматтагы мүнөзү менен үйдөгү мүнөзүн айырмалай албайсың.Кызматташтары менен студенттерге кылган мамилеси да жибектей жумшак.Чоңду чоңдой,кичүүнү кичүүдөй сыйлайт. Ар дайым бир калыпта,токтоо жүрөт.Башкалар сыяктуу орду жок жерден шаңданып да кетпейт.Ашык сүйлөгөндү да каалабайт.Шарты келгенде маңызын чыгара,көңүлгө түшүрө сүйлөйт.Ал эми эжемдин үйдө, жездемдин жанында тургандагы мүнөзүн карап олтуруп ичи нден элжирей бересиң.Кыргыздын карапайым келинчегинин жакшынакай сыпайкерчилиги, тартынчаактыгы, кичипейил,элпектиги, жароокерлиги эжемдин жүзүнөн да,мүнөзүнөн да жаркырап көрүнүп турат.Көшүп кетиптирмин.

#69 11 September 2014 - 02:21
...Майрамбек экөөбүз жетелешип Көкжайыкта бараттык.Бет маңдайыбызда кичинекей дөбөчө турат. Жигит колумду коёберип кыйма-чийме өскөн кызыл-тазыл гүлдөрдүжапыра басып,мага жапайы ак розаларды издейт. Майрамбек жаңыдан эле бүр байлап келаткан бир түп жапайы розанын жанына келип эңкейди эле,гүлдөр анын колуна өзү үзүлүп,чогуусу менен келди.Анан бардыгы жан кирген немедей көз ирмемде туш-тушунан чанактар пайда болуп,анан жарылган ак розалар бажырай түштү. Мен буга чейин мынчалык ачылган сулуу,жытуу розаларды көрө элек болчумун.Тоого да розалар өсөт экен ээ.-дейм жигитке.
-Сага берейин деп атайын айдап койгомун,ушул Жүрөктоого.
-Жүрөктоо дейсиңби?-Тоолорду таңдана карадым.
-Ооба,жүрөккө окшош бекен?Менин жүрөгүм да ушул тоолордо! -Майрамбек гүлдөрдү мага сунат.-Алгын Махабат ал.Мен сени гана сүйөм.Ушуга түшүнөсүңбү?
Окуудан кечиккенимди эстей коюп кетейин деп ойлодум.Тоодон жерди карасам башым айланып кетти.Жигитти кош колдой кармай калып,жанымдын бардыгынча коркконумдан кыйкырып жибердим.
-О-о-о-ой,жыгылды- ы-ым,жы-гыл-ды- ым.
Чочуп ойгондум.
...Ошол күнү мен баатырдык кылып Майрамбекке, өз атым менен жазылган биринчи телеграмманы жибердим.
Шайлоо участкасындагы ызы-чуусу көп тополоңдуу сааттар мага өзгөчө жагымдуу да,көңүлдүү да.Бул күнү мен жалгыз гана Майрамбек үчүн иштеп,Майрамбек үчүн күлүп,Майрамбек үчүн жашап жаткандай сыяктанам.Аны менен кошо бактылуу болгондой сезем өзүмдү...

#70 11 September 2014 - 02:27
Биз бюлеттендерди саноону аяктап,жыйынтыктоо баракчасына колубузду коюп бүткөн кезде кимдир бирөө эшикти ачып кайра жапты.
-Эламан Орозович! -деп жанталашып кеткен председателдин үнүн угуп селт эттим.Мени күтүп келген экен деп ойлодум.Жездем кайра кирди.
Бардыгы орундарынан тура калып,учурашып жатышты.
-Балдызыңызга келсеңиз керек.Азыр бүтөбүз.Олтуруңуз, Эламан Орозович.
Жездем жалын дал ортосуна келтирип тигилген кыска кулун тонун кийип алыптыр.Башындагысы да кулундун терисинен тигилген окшош тумак.Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көздөрү жездемден мурун үстүндөгү тону менен тумагына түштү.
-Эламан Орозович,тонуңуз мыкты тон экен.Жаңы алгансыз го.-деди олтургандардын ичинен бирөө.
-Өзум да жаман болбосом керек.
-Албетте.
-Ушул жердеги дүкөндөргө түшуптүрбү? Баасы канча экен?
-Жыйырма үчүнчү февралда аялым тартуу кылган.Ал киши өзү тигиптир.
-О-х-о-о,Батыш Иманалиевнанын ушундай да өнөрү бар беле?Жакшы,жакшы тим эле заказ менен тигилгендей, Эламан Орозович.
-Ушундай жакшы аялга да арман кылаарсыз ээ?
Жездем каткырып күлдү.
-Чын эле менин аялым жакшы кишиби ээ?
-Жакшыны жакшы деш керек.Көрүнгөн аялдын баары эле Батыш Иманалиевна боло бербес.Эмне үчүн антип сурадыңыз?
-Ажырашсамбы деп жүрдүм эле.-Күлүп желкесин кашыган болду.
-Оо,коюңузчу. Батыш Иманалиевнадан артык аялды жер шарын жети айлансаңыз да таба албассыз.
Жездемдин тамаша сөзүнө түшунүп турсам да ичиркене түштүм.Сандарбек өңдүү чуу кулактар укса,чын эле ректор аялын кетиргени жүрүптүр,өз оозунан уктум деп айтаары да бышык эле.

#71 11 September 2014 - 02:31
-Койдум,койдум.
-деди жездем менин жаныма келип токтоп.-Өмүрүм Батышым менен эле өтсүн.Балдызым мени жаман көзү менен карап,ыйлап жибергени турат.Бардыгы тамаша.-Мага эңилип көзүмө карады.-Чарчаган түрүң жок го.Баса шайлооңор кандай өттү?-Жездем түзөлө калып председатель жакка карады.
-Жаман эмес.Жараксыз, каршы чыккан бюллеттендер жокко эсе.
-Куттуктайм.
-Ракмат,Эламан Орозович.
-Мыкатка уруксат бересиздерби, же...
-Руксат,руксат кете берсин.Балдызыңызга шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн атынан алкыш айтып коюуга руксат этиңиз.Эмгегин баалабай коюуга болбойт.Эжеси Батыш Иманалиевна эмеспи...
Эртең менен саат ондон өткөндө ойгондум.Ордумдан туруп,кыңылдап ырдаган бойдон терезенин пардасын тартып,форточканы ачтым.Колумду желкеме алып,муздак абадан көөдөнүмдү кере дем алып тура калдым.Анан спорт костюмумду кийип,төшөгүмдү жыйып коюп,ачык абага чуркап чыктым.Биринчи эле короонун ортосунда турган турникке келип тартындым.Гимнастикадан кийин короонун ичинде чуркап жүрдүм...
Душка киргенде жамгырдай нөшөрлөгөн муздак суунун алдында денем муздагыча бирде бетимди,бирде көодөнүмдү, бирде далортомду тосуп ырахаттандым.
Суудан чыккандан кийин гана кардымдын катуу ачып турганын билдим.Тамакты газга коюп,кайсаңдап буфеттин ичин аңтара баштадым.Бир колума стакан,бир колума бутылкадагы каймакты алып,столдун жанында тикемен туруп иче баштаганымда терезе чертилди.
Бурул экен.Чуркап чыгып дарбазаны ачтым.Кучакташып өбүшө кеттик.
-Батыш эжемден сурасам сени үйдө эс алып жатат деди.Шайлоодон кутулганга боюнан бошонгон аялдай болсоң керек ээ?
-Боюнан бошонгон аялдын кандай болоорун сен билбесең,мен биле элекмин.Шайлоонун ийгиликтүү өткөнү жеке эле мен үчүн эмес,бардык адамдар үчүн жакшы болду.
Бурул мостоюп мени карап турган болучу.
-Мен эмне,тууп жүрүптүрмүнбү? Кызык сүйлөйсүң...
Мойнуна асыла кеттим.
-Тамаша кылууга болбойбу.Деги акыры төрөйбүз го,досум.
Бурул шаңкылдап күлдү.
-Төрөөрүмдү эстесем күйөөгө такыр чыккым келбейт,сенчи?

#72 11 September 2014 - 02:38
-Ал жөнүндө ойлоно элекмин.Бирок ургаачы болгондон кийинбалалуу болуу керек го дейм.
-Сенин эжең төрөбөйт ээ?Баласы жок болсо да бактылуу,эстүү аял да.Мен эжени абдан жактырам.
-Жактырбаган ким бар дейсиң.Акылдуулук жагынан Батыш эжемдей болсом дейм.
-Cен да так эле менин оюмдагыны айтпадыңбы. Баса,Махабат мен сени конокко чакырып келдим.Батыш эже уруксат берди.
-Баралбайм.Сабактан артта калдым.Окушум керек.
-Барасың.
-Барбаймын.
Биз ушинтип жатканда эжем да келип калды.Бурул алдындагы тарелкасын ары жылдырып,даттанып кирди.
-Мыкат барбайм деп жатат эжеке.
-Эжемди бетиңе кармабай эле кой.Ансыз да чарчап турам.
-Үйүң кайда эле Бурул?-деди эжем колундагы сумкасын коюп.
-Бул жерде эле,Өрнөк колхозунда.
-Кайсы,Жетөгүздүн Өрнөгүбү?
-Ооба ошол.
-И,кокуй,өзүбүздүн айыл тура.
-Мен Эламан байкемди,сизди жердеш катарында билем.
-Сен билгениң менен мен биринчи жолу угуп олтурам.Байкең кайдан билет,айылга анда-санда барабыз.Жакын туугандары жок эмеспи.
-Ооба укканмын.Акылбек агайдыкына барып каласыздар кээде.
-Жакшы,жакшы. Эламан агайыңа карындаш болот турбайсыңбы? Мурда эмне үчүн айткан жок элең.Мындан ары келип кетип тур.
Акылбек агай менен Өрнөк колхозунун кабарын укканда менде бир башкача толкундоо пайда болду. Эмне үчүн барбайм деп айттым.Мен Бурулдун үйүнө барсам эле Майрамбекти көрүүчүдөй болуп турдум.

#73 11 September 2014 - 02:42
-Эжеке Махабатты бар десеңиз.Эртең менен эрте биринчи автобус менен жүрө беребиз.
-Барсын.Бирок жалгыз-жарым болуп,өзүңөрчө ээн баш баса көрбөгүлө.
-Кадырыңыз жан болсун,ал жөнүндө ойлобой эле коюңуз.
-Мыкат барып кел кагылайын.Чакырган жерден калбагын,өзүң басып барбагын деген сөз бар эмеспи. Букендин бөбөгүнүн жашка толгон күнү экен.Мына бул сумкада алып баруучу белегиң бар. Өзүң шайлоо деп күнү-түнү чуркап жүрүп,чарчап бүттүң.Абага чыгып кичине сергип келсин деп жатам.
Макулдугумду билдиргенсип күлүп койдум.
Жолдо катар Бурулдун оозунан Майрамбек жөнүндө сөз чыгар бекен деп канчалык күтсөм да,андай болуп чыкпады. Кыздын өзү жөнүндө,үй-бүлөсү жөнүндө сүйлөгөн сөздөрү тузу жок боткодой болуп,мени тажатып да жиберди.Чыдабай өзүм сурадым.
-Силердин айылдан,бир чабан депутат болду ээ?
Бурулдун сөзүн ушинтип буздум.
-Ооба,ооба.Майрамбек деген жигит депутат болду.Биздикине келсе көрсөтөм сага.Сонун жигит...
Коноктор көп чакырылыптыр. Жаштар өзүнчө бир үйдө уу-дуу.Мен Майрамбекти күттүм.Бирок ал келген жок.Көпчүлүктүн ичинде үйрүнөн бөлүнгөн жабагыдай бейтааныш кишилерден жатыркап,көңүлсүз олтурган жалгыз мен.Комуз чертилип,сармерден кызый баштаган кезде эшикке чыгып кетүүнү ойлодум.Ордумдан турайын деп козголуп баратсам,жанымда мени менен келгенден бери тийишип сүйлөп отурган ак жуумал,арык чырай жигит колумдан кармады.
-Кайда барасыз!Эшикке чыгууга уруксат жок.
-Коё бериңиз эми,чыгарбасаңыз чыгарбаңыз.
Менин бет маңдайымда олтурган боз бостон костюмдун ичинен көгүш нейлон көйнөк кийген кара каш жигит экөөбүз тиктеше түштүк.
-Кана,Түлкүбек баатыр,заулдат. -дедеи ал жанындагы жигитке көз кысып.-Жүрөгүң жок немесиң го,ыя?
Ар жакта отургандар сөзгө аралашып кетишти.
-Төө тукумун болучудай болгон бечара,бол эми.
-Ырдоочуларга кезек бересиңби же чыныны кармап отура бересиңби?Кызык экенсиң.

#74 11 September 2014 - 02:49
Тигил мени менен оро-пара отурган жигиттин сөзүнөн улам,ырдай албай жаткан жигиттин аты Түлкүбек экен деп ойлоп койдум.Эгер мага кезек келсе эмне деп ырдайм. Билген ырларымдын ыңгайлуусун эстей албай жаттым.Жигиттин коңур үнү угулду:
Ак жибек сенин көйнөгүң,
Айлымдан сендей кеөрбөдүм...
-Бали!Бали! -Сүрөөн дуулдай түштү.Жигит ырынын эки сабын тыныгуудан кийин кайра улады:
Көл үстүндө көп аккуу,
Көңүлүм келбейт башкага.
Үйдүн ичи кыраан-каткы күлкүгө толду.
-Ой,бали ушундай эле дейм да.
-Быйылкы ырдын алды болду сеники.
Манаттай кызарган Түлкүбек дасторкондун үстүнөн ыр чыныны биз тарапка сунду.
-Кимге бери жатасың?-деди жигиттердин арасынан бирөө.
-Алдагы чоочун карындашка.
-Андай болсо туруп кайра ырдап сун.
Менден жогору отурган жаш келин Түлкүбек ары караганда эликтеп койду:
-Булоолонгон байкуш колго түшкөнсүгөн. Тим койгулачы кыйнабай.
-Майрамбек келбес болдубу эми?-деди кимдир бирөө.
-Жибербей коюшту.-Улага жакта олтурган эткээл кара жигит калпагын желкесине жылдыра берип,жооп берди.
-Кап,Майрамбек болгондо эмне,олтурушту көркүнө чыгарат эле.Эсиңерде болсун,эртең чогуубуз менен барып куттуктап коёлу.Сунуш киргизген кыздын сөзүн коштогон үндөр угулду.
Эң эле назик сүйлөгөн эме экен.Анан калса жаз алды менен бүрүн ачкан жаш чырпыктай болгон келбетине жарашып,кийген кийими да нары кымбат,нары таза. Коюу кара чачын желкесине асемдеп түйгөн калыбында жылаңбаш олтурганы ак жуумал жүзүнө да, өзүнө да жарашып сындуу. Күлмүңдөгөн тегерек кара көздөрү мага сырдуу туюлат.Ал ушул учурда Майрамбекти эстеп көлдөй толкуп,бакытка балкып,аны сагынып олтургандай өз ичимден кооптоном...
Түлкүбек ордунан туруп,жаштардын арасынан мени көздөй ырдап келатканын түшүмдө,уйку- соонун ортосунда көрүп жаттым.Күлкү аралаш үндөргө аралашып жигиттин ыры алыстан угулгансыйт. Мен бул учрда Майрамбек менен Жүрөктоого чыгып,жапайы розаларды таңдана карап турган болучумун. Колдор шатырап чабылганда артымдан ийилип,чынысын кош колдоп сунуп турган жигитти көрүп кыялым бытырап кетти...
Жалпы тыныгууга чыккан бойдон мен тышта калдым.
-Бурул.-дедим жанаша басып келаткан курдашымдын ийнине колумду коюп.-Алиги төрдө олтурган жашыл жемперчен сулуу ушул айылдык кызбы?
-Кыз эмес ал.Азыркы сага чыны сунган жигиттин келинчеги.Күйөөсү экөө тең мектепте иштешет.
Бурулдун сөзүн угуп жеңилдене түштүм. Огородко кирип баратып,тоо тарапты карап токтой калдым. Айдын аппак нуруна бөлөнгөн Жетиөгүздүн бийик аскалары ала буурул тартып,алда кайдан заңкаят.Тетигил жылдыздуу ачык асмандын алдында уузга тойгон кулундай терең уйкуда жаткан Көкжайыктын атыр жыттуу түндөрү Майрамбектин өзүнө гана таандык сыяктуу элестейт.Баякы түшүмдө көргөн Жүрөктоо кайсыл жагында болду экен деп ойлодум.

#75 11 September 2014 - 02:57
-Түн сонун болуп турат ээ?-Бурул менин суктанып турганымды билгендей жылмаят.
-Жүрөктоо деген тоо барбы ушул жакта?-деп сурадым мен.
-Кайсы?Алиги курортко кире бериштеги Кызылжарды айтасыңбы?Аны Жүрөктоо дебейт,Жарылган Жүрөк деп айтышат.
-Аны билем.А Жүрөктоо деген өзүнчө тоо жокпу?
-Уккан эмесмин.Баса, Мыкат,Майрамбекти көрөсүңбү?
-Келиптирби?
-Активдер менен тигил чоң үйдө олтурушат.Жүрү, терезеден көрсөтөйүн.
Экөөбүз бутубуздун учу менен дабыш чыгарбай басып келип,терезенин тушуна токтодук.Бурул мага айта электе эле сан кишинин арасынан көзүмө биринчи урунганы Майрамбек болду.
-И-и Кудай жалгап,Майрамбек биз жакты карап олтуруптур. Тигине,тетигил ак көйнөк,кара костюм кийген жигит.Көрдүңбү?
-Көрдүм.-дедим аптыгып.Жигиттин ак көйнөгү жарашып,кара кочкул галстугу лампочканын жарыгына чагылышып тынымсыз кубулуп жалт-жулт этет.Ден-соолугу ашып-ташып,жадырап- жайнап турган жаш жигиттин көрүнүшү мурдагыдан бир далай сыймыктуу,салабаттуу өңдөнүп көрүндү мага. Мен көргөндөгүдөн толубураак тартып калыптыр. Субагай жүзү тегерек өңдөнүп,көздөрү оттой күйүп,бийик кабагынын астында тынымсыхз балбылдап сүрдүү.Шадылуу манжалары менен алдындагы комуздун бирде кылын,бирде тепкесин кармалап олтурган калыбында үнсүз.Бир кезде Майрамбек башын салмактуу көтөрүп,терезе жакты карай бергенде биз айнектен боюбузду тартып алдык.
-Биздин Майрамбек жакшы жигит бекен,жактыбы көңүлүңө?
-Түзүк көрө албадым.
-Кантип эле.
-Кокус олтургандар байкап калбасын депжалтандым окшойт.
-Жүрү анда кайра баралы.-Бурул менин билегимден кармап кайра тартты.Биз терезеге жеткенде Майрамбектин ордунан туруп эшикти көздөй басканын көрүп жалт бердик.Огороддон чыгып,калиткага жеткенибизде Майрамбек бизди көрүп,бурулуп кетти.
Сол каруумдан эки колдоп орой кучактап мага кыналып келаткан Бурул башын өөдө көтөрдү.
-Токтой турчу.О-о-й шумдук,жүрөгүң дайым ушундай согобу?
-Эмне экен?
-Билбейм,жаман коркуп кеттим.Менин жүрөгүмдү басып көрчү,эчтеке билинбейт.-Кыз менин колумду жүрөгүнүн тушуна алып барып басты.-Кандай экен?
-Ким билет.
Ал кайра менин жүрөгүмдү басты.
-Карасаң ай,сокконун. Соо жүрөк мынчалык катуу сого деп уккан эмесмин.Оорубайбы?
-Азырынча сопсоо.Кийинкисин билбейм.
-Карасаң,карасаң, тим эле колумду сыртка тээп дүкүлдөгөндөй болсо бир укмуш...

#76 11 September 2014 - 03:00
Эмнеси болсо да шаарга көңүлдүү кайттым.Ал эми Бурул болсо ушул күндөн баштап көзүмө ысык,жүрөгүмө жакын сезилип,ага боор толгой берүүчү болдум.Бул менин Майрамбектин жердеши катары ага жакшы санаалаштыгым болуу керек эле.
Турсунайды көп эстей турган болуп кеттим.Аны ойлогондо жүрөгүм шуулдайт. Энемди да ойлойм.Ал мени жаман көрсө да,туубаса да тутунган эне.Атамдын аялы,түбөлүтүү жолдошу.Ал эми Асан менен Үсөнчү.Турсунайды да эл Жайнактын кызы деп айтышат.Ушундай ойлор эсиме түшкөндө Майрамбекти экинчи эсиме алгым келбейт.Бул сыяктуу адепсиз оорудан оолак болгум келет.
Кокустан Майрамбек экөөбүз бири-бирибизди сүйүшүп калдык дейин.Анын баякы Турсунай турмушка чыгам деп жатып жигитиненби же өзүнөнбү,айтор, орто жолдо куржалак калганын ойлосом башым айланат.Кокустан мен жаңылсам Жайнактын кыздары жаман чыкты деген наалат атама калат.Майрамбек менен тим гана таанышып жүрүүнү ойлойм.Жакшы жолдош катары мамиле түзүүгө кантип болбосун.Мен ушинтип Майрамбектин сыртынан көлөкөгө тон бычууга өзүмдү-өзүм аргасыз кылып жаттым.
Жайкы каникул күндөрү эле.Окуу жылы башталарга саналуу күндөр калган.Колхоздо жумушта жүргөн жеримен алдырып келишти.Анткени менин сыртыман,өзүбүздүн институт жаштардын республикалык слетуна делегпт кылып шайлашкан экен.Шаарга келсем,эжемдер самалетко билет алып коюшуптур...
Үйдөн чыгаар алдымда Батыш эжем Гүлай абысынынын үйүнүн телефон номерин берип жатып мындай деди:
-Менин ошол жердеги №1-ательеге заказ берген пальтомдун квитанциясы Гүлайдын атына жазылган. Эмгиче эчак бүткөндүр.Өгүнкү барганымда акыркы примеркасын көрүп келгемин. Барганда Кыргызстан мейманканасына түшөсүң.Ар бир номерде телефон бар. Ошол жерден звонить эт. Батыштын сиңдисимин, эжемдин альтосу даяр болсо ала кетем де. Бизден салам айтып кой.Кечинде алар менен өзүм да байланышам.
-Жакшы болот,эжеке!
Көңүлүмдө Майрамбектин врач эжесин көрөт экенмин деп ойлодум...

#77 11 September 2014 - 03:04
Мен мурда Фрунзеде боло элек болчумун.Борбордун бир эсе кооздугуна,
бир эсе тазалыгына суктанып басып эле жүргүм келет.Жаштар катуу даңазалап ырдаган Дзержинский бульварын көрүүгө ынтызарланам.
Мен өзүм менен бирге конок үйүндө жаткан кыздар болуп,ошол жакты көздөй бет алдык. Мейманканадан бир аз узай бергенибизде Махабат деген үн кулагыма шак дей түштү. Артымдан арышын кере таштап,ылдамдай басып келаткан Айдарды көрүп:
-Бул дагы слетко келген экен.-деп ойлодум.Мончого түшүп чыккан немедей терлеп алыптыр.
-Сламатпы Мыкат,эртең менентн бери сени издеп жүрүп...-Жигит колун биринчи мага сунду.-ЦК комсомолго барсам,регистрациядан өтүп кетиптирсиң. Уйкаш фамилия менен бутташтырышкан окшойт,Ак-Сайда дегенинен Ак-Сайга,андан таппай Киргизияга бардым. Кыргызстан мейманканасы такыр эсимде жок.Көрсө,ошондо түшкөн турбайсыңбы.
-Слетко келдиңизби?
-Жок...И-и баса,слетко келдим.
Жок деп коюп,кайра слетко келдим дегени эмнеси деп ойлодум.Сөзүнүн чын-төгүнун текшерип жаткансып,көзүнө тигиле карадым.Ысык аптаптан көздорүнүн агы болор-болбос канталап,каректеринен от бүркүп турган Айдардын сулуучумак жүзү мага кунарсыз көрүндү. Анын бизден ажырабасын билип турдум.Чогуубуз менен мороженое сатуучу ларекту көздөй бастык.Айдар чөнтөгүнөн акча чыгарганча болбой колумдагы кичинекей намыяндан тыйын алып,сатуучунун алдына таштадым.
-Мен төлөйүн дебедим беле?
-Сиз болор-болбос нерсеге жаманатты болбой эле коюңуз.-деди кыздардын бири.
-Мен анчалык сараң жигиттерден эмесмин.Керек болсо,кара башымды сыйлап коюудан кайра тартпайм.
-Марттыгыңызды көрсөтөм деп көрүнгөн кыздарга башыңызды сая берсеңиз баркыңыз баалуу болоор бекен?-Экинчи кыз каткырып күлдү...
-Көрүнгөн кызга башымды саямын дегеним жок,карындаш. Мен Махабат үчүн айтып жатам.
Кыздар унчукпай калышты.Алар Айдарды менин жигитим деп түшүнүшөөрүн дароо билдим...Ошол күнү Айдар мейманкананын алдынан кеткен жок.Орун сураса,бош орун жок деп бербей коюшуптур. Жигит болгон окуяны жашырбастан, менин артымдан кандайча келгенин айтып,залга коюлган диванда катарлаш олтурат.
-Автобустан түшсөм,жездең бирөөлөргө кеп салып жатыптыр.Балдызымды узатып келатабыз деп.Слетко кеткениңди угуп,сенден кийинки самолетко олтуруп келе бердим.Туура кылыптырмынбы?
-Эмнеси туура?Мен сизди артымдан келгин деп чакырдым беле?
-Кой эми ачууланба.Жүрү киного барып келеи?..
-Барбайм.Өзүңүз бара бериңиз.
-Мен барбасаң,мен да барбайм.Мен сен үчүн келдим бул жерге,түшүнсөң. Сен деп жүрүп жинди болуп кетеминби деп жүрөм.Эгер өз ыктыярың менен макул болбосоң күч колдоном го.-Айдар акыркы сөзүн тамашага сала сүйлөгөнү менен мага чындай туюлду.
-Күч колдонуп,кыз ала качуучу мезгил калган.
-Колуңдан келбейт деп турасыңбы?Кел мелдешели.
Каткырдым.
-Көңүлү жок кишини эч ким ала кача албайт. Көңүлү бар кыз туйламыш болуп туруп,тузакка өзү түшүп берет. Анан зордуктап ала качып кетиптир деп чуу түшүп калышат.
-Сен ала качтырбайм дечи!
-Ооз кесири болбосун.
Ары-бери өткөндөр экөөбүздү көзүнүн кыйыгы менен карап өтүшөт.
-Келе колуңду мелдешели.
-Мелдешели...

#78 12 September 2014 - 22:34
Белка, Сизге Рахмат! Бул чыгарманы мектепте окуп жүргөн кезимде окуган элем, ошондон кийин бир топ убакытка чейин Махабат деген кыздар болсо эле, ушул "Жапайы розалардын"
Махабатындай элестете берчү элем. Эсимден кетпей, жакшы көргөн чыгармам болчу, азыр кайталап окуп жатсам, өзүмдү дале мектепте окуп жүргөнүмдөй элестетип кеттим. Тез эле улантсаңыз абдан жакшы болоор эле...
#79 12 September 2014 - 22:36
белка эжеми шаштырбай туралы бала чакасын уктатып коюп жазаар бизди унутпай 
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .

Супер-Инфо
super.kg
видео