Салам достор, кенешчилер,
сырдаштар...
Бул жакка мен кундолук жазып жаткан сыяктанам. Чыныгы кундолуктон айырмасы- коптогон адамдардын окуп, мага кенеш беруусу. Анан албетте менин анонимдуу болушум.. Мени ото таасирлентип,
адам болуп калыптанышыма,
ой жугуртуумо жана жада калса жашоо образыма таасир эткен анча мынча коз ирмемдеримди сиздер менен болушуп турууну чечтим, албетте каршы болбосонуздар.
Анда эмесе биринчи окуям.
Биринчи курсмун ал кезде. Такылдап, эч кимге соз бербеген жаным бир топ эле жудоп кеттим. Негизи менин бир жерге адаптация болуу процессим ото кеч ишке ашат. Жаны адамдар, жаны жерлер, жаны жашоо... Албетте жаны да жакшы, бирок, эскинин эстен кетиши мени аябай эле кыйнап коет. Окуяга кайталы.. Окуу жайдан ой басып, кадам санап келе жаттым. Кочодо кадимкидей ызы-чуу: токтобогон машиналар, ишине, жолугушууга шашкан адамдар.. Бир убакта жагымдуу музыканын уну угулду кулагыма. Токтоп тыншадым да ун чыккан тарапты издей жонодум аландап. Ото деле коп отпой музыканын булагын тапканыма суйунуп кеттим. Башына бередка кийген башка улуттагы абышка. Чачтарын ак басканы менен жузунун нуру кадимкидей туюлуп жатты. Колунда флейта, козу жумулуу музыканын ичине сунгуп кеткендей. Ал музыка менин кан тамырым менен журогумо кирип, дем алуум тездеп, тушунуксуз сезимдер курчап турду. Мен негизи искусствону коп тушуно бербеген адаммын. Мисалга алсак боек чачылган суроттордун кайдагы миллион доллаларга бааланышы кулкумду эле келтирет. Бирок ал учурда мен искусствонун кереметине баа бердим. Каккан казыктай канча турганымды ким билсин, музыка токтогондо озумо келдим. Абышка мени жылмайып карап туруптур. Алдында коробка турат, коробканын ичинде бирин-серин тыйындар. Иштин чоо жайын эми тушунуп жеттим да, козумо дароо жаш толо калды. Шаша-буша сумкамдан акча алып коробкага ийилип койдум да, бат бат басып кеттим. Бара жатып ойлондум: Мен музыка жалан гана той-топурда,
майрамдарда,
маанайын жакшы кезде, эс алаарда, суйунуп бийлегенде конул аччу искусство туру деп билчумун, корсо музыка адамдын жан дуйносун эншерип, журокторго туз сээп, коздордон ачуу жашты агызат тура. Сыйкырдуу флейта уну жана мага жылмая караган абашканын жузу дале болсо коз алдымда....
Жашоомдогу коз ирмемдер... менин кундолугумдон.....
#3 04 September 2014 - 18:02
II.
Студент кезимде ото катуу депрессияга кабылдым. Себеби.... себеби ото коп болчу. Сыртымдан билдирбегенге аракет кылып журдум копчулуктун арасында. Бирок, ошол куну... Унутулгус жаман окуя уктум.. Козумдун жашы он талаа. Жашагым келбей, мага бул жашоодон эч бир нерсенин кызыгы калбай калгандай болду. Карангы комнатада отурдум. Саат тунку 12-1 чамасы. Бул учурда эч нерседен кабары жок курбу кызым чалды.
-Алтышка, бир нерсе айтайын дедим эле.
Ыйлаганга унум каргылданып чыкты:
-Айт,
-Сага эмне болду? деди чоочуп.
-Бир аз уктап калыпмын,-дедим бат бат жооп берип.
-Аа, деп конулун жайгарып алып созду улады.
-Менин реферат темам жонундо интернеттен информация кочуро келчи. Менин интернетим жок азыр............, андан аркысын угуп укпай:
-Макул.
-Сен эч качан мындай суйлошпойсун. Эмне болду*?? деп жалдырай сураганда мындан ары озумду кармай албадым. Ыйлап жаттым.
-Мен азыр барып калам,-деди.
Мен "кел" же "келбе" дей электе тууут тууут деген ун уктум. Калыбымды бузбай отура бердим. Мен негизи кыздардын достугуна ишенбейм. Кыздар дос болсо бир максаты бар, копчулугу за компанию дос болот деп ойлойм. Университетке, кечелерге, кафелерге, магазиндерге, жада калса уборныйга чогуу барчу копаньон керек кыздарга. Бирок башына оор кун тушуп, "досун учун жанынды бересинби?" десе кыздардан "макул" деген жооп чыкпаса керек. Макул, менин жаман ойлорумду ананга калтырып, окуяга келели.
Курбу кызым кечигип кетти. "Келе жатасынбы, кайда келдин" деп да сурабадым. Такси менен 20 минутту келчу курбу кызым бир жарым сааттан кийин эшик каккылады. Козунун усту канап, ону бозоруп кетиптир. Эшикти ачкан калыбымда катып калдым. Ал мени кучактап туруп калды. Менин негедир козумдон жаш куюлуп баштады.
-Эмне болду? Неге ыйлап жатасын?,-деп суроо артынан суроо узатат. Бир топ убакыттан кийин озумо келип:
-Сага эмне болду?,-деп сурадым бар кучумду топтоп.
Тундо качып чыгып, атасынын машинасы менен келе жатып бир жерди сузуп алганын, ал жерден милициялар келип сураштырган сон, ошол жерде калтырып коюп, таксиге отуруп келе бергендигин айтты. Экообуз кайра кийинип алып кыштын чыкылдаган суугунда такси менен машинанын жанына бардык. Болгон тааныштардын туну менен тынчын алып машинаны тан атаарды СТОго жеткиргенибиз эсимде...
Ошентип бир аз мурда сиздер менен болушуп жаткан жаман ойлорум унутулуп, курбу кызымдын кашынын алдындагы шрамды коргон сайын "кыздардын достугуна" кайра кайра ишенип кетем.
П.С. Курбу кызым кийин гана ошол куну катуу коркуп калганын билип, кыргызча журок котортуп, психологдорго барып журду.

#4 09 September 2014 - 15:20
Бир убактарда мен дагы кыздардын достугу туруктуу болбойт көңүлүнө туура келген күнү сатып кетет деп курбу кызымдын бетине айтып экообуз копко таарынышып жүргөнбүз. Ага чыдабай мен айылга кетип калгам ал жакка барып эч кимге үс сөз чыгарбай " айча жүрүп кайтып келсем мамилеси оңолуп калыптыр кийин ошол сөзүмө аябай өкүнгөм. Азыр ал менин эң жакын жалгыз адамым
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#5 09 September 2014 - 17:56
Кызыктуу окуялар экен. Кыз менен кыз дос боло алат албетте. Бирок экоотен конулу таза адамдар болсо гана, деп ойлойм. Чоон эле 40 50уго чыгып калган эжелер деле барго жаштыгындагы достору менен катташып жургон.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#6 11 September 2014 - 21:21
Dostuk jok kyzdardyn ortosunda ew kandai! Larakroff tuura aitat, kyzdar za kompaniya ele choguu juruwot. Men bir jyl murun ele owentip oilochun. Kyzdarda dele chynygy dostuk bolot dep. Men katuu adawkan ekem. Meni en jakyn dep eseptegenderim arkaman bychak uruwtu. Owentip menin kyzdardyn.dostuguna bolgon iwenuum da urady!!! Koz irmemde talkalandy!!!
Azyr dosbuz degender mn za kompaniyu ele jurom je bilbeim. Birok iwenbeim men alarga. Kandai gana oor. Syrtyman.kulom a birok ichimde bowtuk. Ew kandai dostuk sezim jok.
Men syrdawchu kundolugum bar, akkan suu bar. Sebebi alar meni aldawpait da.

#7 14 September 2014 - 16:32
менин да досум болгон ал экообуз коп убакытка чейин дос болуп журуп анан ачык жузун кордум мен катту достуктан жанылгам ага бут сырымды айтып журчумун адащкан экенмин корсо эээх азыр кыздар менен сый мамиледе болом бирок сырдашпайм сырымды кундолуко же ичиме гана каттам
#9 16 September 2014 - 16:20
Менин ишенген, эч качан сатпаган, ар дайым тушуно билген достор жонудо эстесем менде жалгыз, жападан жалгыз бир курбум бар экен. Экообуз жаштайыбыздан.
мектептен эле жакны курбуларданбыз.
Ал экообуздун ортобузда эч качан чыр чатак болбойт, ар дайым ал мага оор болсо да чыныгы журогундогу кенешин айтат жана эч нерсени жашырбайт Коз тийбесин. Мен да ошондоймун.
Ортобузда башкача сый бар. А калган курбуларымды билем, ар кимимси оз пайдасы учун, кээде ошол нерсе ачык эле билинип калат, ушул учурда конулум ооруп кетет. Мен деле аларга ошондой мамиле кылганга отком ачыгы.
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#10 16 September 2014 - 21:58
Башында жазып кеткен абышканы Бишкекте жашагандар,
айрыкча Чуй проспекти м.н коп жургондор жакшы тааныйт болуш керек. Мен да ошол кууго байланыштуу бир окуяны эстеп кеттим.
Мен да анда борборго жаны келип окуп жургон кезим эле. Ошол куну жамгыр коноктоп жаап, жаздын салкын кундору болчу 6-март, анык эсимде 6-март! Ошол куну мени эн жакын адамым сатып кеткен. Тарых музейинин алдынан кыйла тартышып анан Чуй проспекти мене жоо уйго жоногон элем. Жолдон дал ошол абышкага тыйын таштадым,абышканын чалган куусу кыйла жерге чейин жанырып барды,ал ан сайын мен кадамымды жайлатам, жамгыр коноктойт,ага уда-уда коз жашым агып жатты. Ал эми ары жагымдуу,ары кайгылуу болгон куу менин журогумо бирде бейпилдик берип тынчтандырса, бирде мыкчып алып чыркыратып жатты. Ушундай керемет куу эле...

Внешность - это козырь , но не туз…
#12 17 September 2014 - 01:22
III
Анча-мынча жайда соз бербей шылдындап адамдарды жаман акыбалга калтырчу жайым бар. Сиздерге айтып берип жаткан жашоонун анча-мынча сабактары болбосо, онолчудай эмесмин. Ал кезде жумушка орношконума 2 айча болгон. Бир аз конушуп, иштин козун билип калган учурум. Теорияны жакшы оздоштургондуктон эч кимге ал жагынан ат салдырчу эмесмин. 2 ай откон сон жумушка жаны бала келди. Университетти ошол жылы бутсо да, менден 3-4 жаш улуу. Ал бизге жардамчы сыяктуу ары-бери иштерге жугурот. Мени 2 ай отуп сындан отту дештиби, же кыз деп сыйлаштыбы айтор андай чурката турган периоддон отуп калган болчум. Кабинетте 4 киши отурабыз. Бироосу жаны жумушка орношкон бала, бироосу мен, анан 2 улуу тажрыйбалуу агайлар. Коносамент, чартер-партия, чек, акция, облигация сыяктуу баалуу кагаздар жонундо суйлошуп жатсак, жаны жумушка орношкон бала: "Коносаментти кайсы принтерден чыгарабыз?" ,-деп кепке кошулуп калды. Улуу агайлардан бироосу "Аны биз чыгара албайбыз, ал баалуу кагаздын бир туру",-десе мен аран турган жаным катуу кулуп жибердим. Тиги байкуш кызарып-бозоруп эшикке чыгып кеткенде агай мага карап: "Сен буларды билип торолдун беле?" деп мени ачуулуу караганда ото жаман акыбалда калгам. Ойлосом мен жаны ишке баштаганда эселек кездеги кыялдарымдан кутула элек болсом керек. Кийин ал уялгандан мага суйлой албайт, мен уялгандан андан кечирим сурай албайм, айтор ал ситуация менин кыялымдын чоноюшуна салым кошкон. Азыр антип сурагандарга кулбостон, жакшылап уйротуп коем.

#13 17 September 2014 - 09:20

Бул эмне сериалбы?
#17 18 October 2014 - 14:17
IV
Жаратылыштын бизге тартуулаган озгочолукторун сактап калуу да озунчо бир талант экен деп калдым. Ал кезде 2-курста окучумун. Кээ бир лекцияларга ар кайсы курс же группалар менен бирге кирчу элек. Менин жаныма дайыма бир бала келип отуруп калгандыктан, экообуз убакыттын отушу менен жакшы тааныш боло калдык. Башка балдар сыяктуу эмес, ашыкча "заботливый" болчу десем туура болсо керек. Кийинчерээк университеттин кантининде чогуу отуруп кофе да ичип калчыбуз бош убактарда, "окно" деп коюшат го. Адамдардын энергиясы бирин бир тартса бат эле тушунушуп кетет деген сыяктуу экообуздун оюбуз коп жерден бир чыкчу. Ал менин кулгонду жакшы коргонумду билгендиктен жаны жаны анекдоттор менен кубантып турчу. Ошентип 2-курсту аяктап калган кезде Дзержинскийде отуруп суроо узатып калдым:
- Сенин суйлошкон кызын жокпу?
Башын чайкады тек гана.
-Озун келбеттуусун, жакшы адамсын. Кантип эле?,-дедим тамашалап козумдун кыры менен карап.
Дагы деле суйлобой ийин куушуруп койду. Ал кезде суйуу менен башым оорубачу менин деле.
-Кел достошобуз? ,-дедим. Кайсы акылым менен айтканымды ким билсин, уялуу-тартынуу дегенди билбеген жаным аны уялтайын дедимби. Мындайча айтканда "жигитим болбойсунбу" деген ойдо айттым. Мени карап тан калып туруп калды. Мен болсо анын кебетесин коруп кулуп баштадым. Мага бир ооз соз айтпай туруп кетти. Шылдындады деп ойлоп таарына тушту го деп кечинде чалдым:
- Ээй капа болбо, мен деген кайсы ой менен айтканымды да билбейм,-дедим актана.
-Баары жайында, капа эмесмин. Бирок бир нерсе айтайын дегем,-деди
-Айта бер, кулгым сенде.
-Телефондон айтылчу соз эмес.
-Ии, анда жолугалы,-деп алып оюма туркун нерселер келе тушту. Эми чын эле "сени суйчумун" деп салса эмне кылам деп озумду жемелеп жаттым кайдагы жорукту баштаганга.
Дайыма жакшы коргон кофейня бар болчу Ахунбаева-Белинский кочлорундо. Ал жактан жолуктук. Демейдегидей шандуу эмес ойлуу отурду. Мен адатымча ар нерсени суйлоп алаксытып жаттым.
-Ширин,-деди бир убакта созумду болуп.
-Ооу,
-Бир нерсе айтышым керек,-деп кофеси бар чашкасын айландырып жатты. Анын бул кыймылынан канчалык "напряженный" болуп жатканын сезип турсам да шаштым кетип:
-Айтчы эми батыраак,-дедим.
Тайсалдап менден козун ала качып:
-Мен геймин,-деди.
Ал учурга чейин ар кандай жашоо образы бар досторум болгон, бирок мындайды куткон эмесмин. Козумду алайтып, суйлоорго соз таппай отуруп калыпмын. Тынчтыкты менин колумдан жерге тушкон кашыктын уну бузду.
-Ой,-деп жерге ылдый болуп алайын дегенче башымды столго уруп алдым. Колдорум эпке келбей, ал жерден качкым келип турдум. Ал куноолуу адамдай унчукпай отура берди.
-Туралыбы, -дедим коп кутпой. Шашкалактап сумкамды алып бат бат басып чыктым да, светофордо токтоп турган маршруттук таксиге тушуп кетип калдым. Балким аны ошол учурда жаман абалда калтырдым, бирок мен бул сыяктуу адамдарды тушуно албайм негедир. Кийин канча жолу суйлошуп, оюн озгортуусун сурансам да болбоду. Себеби эмне бул нерсенин? Эмненин айынан адамдар ушул сыяктуу болуп калат?
Достор бул жазганым такыр дискриминация эмес, ал бала менен азыркыга чейин жакшы эле суйлошуп турабыз дос катары, бирок анын гей экендигин эстегенде азыркыга чейин жаман болуп кетем.

#18 20 October 2014 - 13:44
V.
"Жакын адамындын сатып кетуусу" тууралуу далай кинолорду коруп, далай китептерди окусам да башыма келет деп ойлободум эле го. Же чын эле бул дуйнону, адамдарды аруу деп кабыл алдым бекен. Мен чын эле ушунчалык ишенчээк, ушунчалык акылсыз белем?
Негизи "дуйшомбу синдрому" деген койгой менен мен да жабыркайм. Эс алуудан кийин дуйшомбу куну ишке оор келип, ошол кундун бутушун тилеп гана отурам. Бугун да ошондой болду. Эрте менен эч нерсе жегим келбей, кабагым туйулуп келдим жумушка. Адаттагыдай компьютерди ачтым да столго башымды коюп жата кеттим. Анан... Бир нече минуттардан кийин эле ошол жаман кабарга кубо болдум. Тагыраак айтканда жумуштагы эн жакын деген курбу кызымдын менин аркамдан жаман нерселерди кылганын билип алдым. Эмне кылганын, ким айткандыгын айтпай эле коеюнчу.. Ишенгим келбей дароо чала калдым, анткени ал башка кабинетте отурат. "Мен андай кылган эмесмин" дебестен, мойнуна алгандай куноолуу отуруп берди. Канчалык куноологум келип, суроолорду сурагым келип турсам да унчукпай трубканы койдум да ишимди уланттым. Ичим орт болуп ызаланып турам. Ага таарынып да, ачууланып да турам. Балким, ал кечирим сурап, конулумду алат чыгаар. Бирок мен мындан кийин ачуу болсо да бул чындыкты кабыл алып, жазылбаган мыйзамдарымдын катарына кошуп койдум: "Мен эч кимге эч качан чын журогумдон ишенбейм" . Анткени менин жан дуйном ото катуу ооруп, ото кеч айыгат.

Супер-Инфо
super.kg
видео