Nurjanka (14 Март 2014 - 19:39) жазган:
Сагындыңбы, мен да сагындым,
Кусалуу бир күнгө кабылдым.
Буйругу жок ушул тагдырга,
Таарындыңбы, мен да
таарындым.
Кайырма:
Жоолугушуу болду арманым,
Жолукпайбыз эми, ардагым.
Жолду карап эми издебе,
Жалгыз аяк жолдо калганмын.
Кыйналдыңбы, мен да
кыйналдым.
Мүдүрүлдүм, бирок сынбадым.
Жүрөгүңдү эзип жалгыздык,
Унуттуңбу, унута албадым.
Кайырма:
Ыйладыңбы, мен да ыйладым,
Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым.
Жанга баткан жалгыздык ырын,
Ырдадыңбы, мен да ырдадым.
Кайырма:
