Дал ушундай ураан алдында белгилүү өндүрүүчүлөр тарыхта калган, миллиондогон адамдардын жүрөгүндө из калтырган атырларды чыгарган. Эмесе, назарыңыздарда эң кымбат атырлардын тизмеги:
Биринчи орунда DKNY (ди-ки-эн-уай) соода маркасынын атыры. Анын баасы 1 миллион доллар. Бул атырдын идишин эле жасоого 1 жумадан ашык убакыт талап кылынат. Себеби ал толугу менен алтындан жасалып, бриллиант менен кооздолот.
Экинчи орунда Гирлиян фирмасынын атыры - анын баасы 300000 евро.
Үчүнчү орунда турган атыр Клив Кристианстын баасы 435000 долларга жетет. Кызыгы, аны жасоодо 200 компонент колдонулуп, аны жыттаган адамды гипнотикалык транска киргизип коёт.
