Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 81
  • 82
  • 83
  • 84
  • 85
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1641 Пользователь офлайн   MACKA   01 Сентябрь 2014 - 20:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сиздин жытыңыз эч качан унутулбайт.

Дал ушундай ураан алдында белгилүү өндүрүүчүлөр тарыхта калган, миллиондогон адамдардын жүрөгүндө из калтырган атырларды чыгарган. Эмесе, назарыңыздарда эң кымбат атырлардын тизмеги:

Биринчи орунда DKNY (ди-ки-эн-уай) соода маркасынын атыры. Анын баасы 1 миллион доллар. Бул атырдын идишин эле жасоого 1 жумадан ашык убакыт талап кылынат. Себеби ал толугу менен алтындан жасалып, бриллиант менен кооздолот.
Экинчи орунда Гирлиян фирмасынын атыры - анын баасы 300000 евро.
Үчүнчү орунда турган атыр Клив Кристианстын баасы 435000 долларга жетет. Кызыгы, аны жасоодо 200 компонент колдонулуп, аны жыттаган адамды гипнотикалык транска киргизип коёт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1642 Пользователь офлайн   Aikoo2014   02 Сентябрь 2014 - 02:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Просмотр сообщения MACKA (01 Сентябрь 2014 - 20:46) жазган:

Сиздин жытыңыз эч качан унутулбайт.

Дал ушундай ураан алдында белгилүү өндүрүүчүлөр тарыхта калган, миллиондогон адамдардын жүрөгүндө из калтырган атырларды чыгарган. Эмесе, назарыңыздарда эң кымбат атырлардын тизмеги:

Биринчи орунда DKNY (ди-ки-эн-уай) соода маркасынын атыры. Анын баасы 1 миллион доллар. Бул атырдын идишин эле жасоого 1 жумадан ашык убакыт талап кылынат. Себеби ал толугу менен алтындан жасалып, бриллиант менен кооздолот.
Экинчи орунда Гирлиян фирмасынын атыры - анын баасы 300000 евро.
Үчүнчү орунда турган атыр Клив Кристианстын баасы 435000 долларга жетет. Кызыгы, аны жасоодо 200 компонент колдонулуп, аны жыттаган адамды гипнотикалык транска киргизип коёт.

Сүрөт






Вау моо атырды.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1643 Пользователь офлайн   MACKA   03 Сентябрь 2014 - 20:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Турист Россиянын гимни жаңырганда турбай койгону үчүн таш бараңга алынды.

Окуя Анапанын пляжында болгон. Диджей Россиянын гимнин коюп, “Мекенин сүйгөндөрдүн баары тургула! А ким турбаса, ага таш ыргыткыла! ” - деп микрофонго кыйкырган. Бул маалда кумда жаткан аялга эркек басып келип, ага таш ыргытты. Кийин Светлана аттуу айым түшүндүргөндөй, ал чарчаган болчу, андыктан турууну каалаган эмес.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 03 Сентябрь 2014 - 20:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1644 Пользователь офлайн   MACKA   03 Сентябрь 2014 - 20:10

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Британияда 73 жаштагы аял пластикалык операция жасатып, таанышуулар сайтында жылдызга айланды.

Жолдошу көз жумгандан кийин байбиче жеке турмушун жөнгө салууну чечкен. Джейн пластикалык операцияга 16 миң доллардан ашык акча коротту. Жыйынтыгында анын сырткы келбети 50 жашка жакындады. Эми ал сайттарда таанашып, өзүнө болочок жолдош издеп жүргөн кези.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 03 Сентябрь 2014 - 20:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1645 Пользователь офлайн   MACKA   03 Сентябрь 2014 - 20:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Келин 8, күйөө бала 12 жашта.

Ооганстанда жаш балдарды эртелеп үйлөнтүү күч алууда. Өткөн жумада өлкөнүн түндүгүндөгү Балх шаарчасында 8 жаштагы Мина аттуу кыз менен 12 жаштагы Сердардын үйлөнүү үлпөтү өттү. Маалыматка караганда атасы 2000 миң доллар калыңга сегиз жаштагы кызын сатып жиберген. Атасы Мюминдин пикири боюнча баардыгын туура жасаган. Анткени жокчулуктун айынан кызын берүүгө аргасыз болгон. Мюмин алган калың акчасы менен балким, бир аз да болсо оңолуп кетебиз деген ойдо. Ал эми 12 жаштагы Сердар кабарчынын суроосуна деле жообу жок. Болгону жакшы жашасак болду деп билдирген.

Ооган мыйзамдарына караганда балдарды жаш кезинде үйлөндүрүүгө тыюу салынган. Бирок бул мыйзам аткарылбай келүүдө. Бириккен Улуттар уюмунун акыркы маалыматтарына караганда жаш кыздардын 57%ы секелек кезинде т.а. 18 жашка чыга элек жатып турмушка чыгышат. Буга да өлкөдөгү жокчулук себепчи болууда.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1646 Пользователь офлайн   MACKA   03 Сентябрь 2014 - 20:16

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

127 жаштагы улгайган чоң эне узак жашоосунун сырын ачты.

Эң узак жашаган 127 жаштагы мексикалык Леанарда Бекерра Лумбрерас узак жашоосунун сырларын бөлүштү.

Маалыматка ылайык ааламдын эң узак жашаган байбичесине азырынча расмий наамдар бериле элек. Бирок акыл-эси тунук чоң эне күнүгө шоколад жеп, өтө көп уктайт. Ал эч качан турмушка чыккан эмес.

Леанарда Беккера Лумбрерас (Leandra Becerra Lumbreras) 1887-жылы төрөлгөн. Ал төрөлгөн жылы британиялык Виктория ханайымы 50 жылдык мааракесин өткөрүп жаткан. Адамдар ал учурда радио эмне, баскетбол жана учак эмне экендигин биле элек болчу. Бул айым Мексикада эки дүйнөлүк согушту башынан өткөрдү. Ал расмий түрдө турмушка чыкпаса дагы 5 бала төрөп алган. Анын 20 небереси, 73 чөбөрөсү жана 55 кыбырасы бар. 43 жаштагы небересинин айтканына караганда, акыл-эси тунук жана өзү революционер болсо дагы ал тууралуу айтканды жаман көрөт. Анткени, төңкөрүшчүлөрдүн лидерин өмүр боюу сүйүп келген жана анын мылтыгын азыркыга чейин сактап жүрөт.

Сүрөт СүрөтСүрөт Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1647 Пользователь офлайн   MACKA   04 Сентябрь 2014 - 09:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 04 Сентябрь 2014 - 10:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1648 Пользователь офлайн   Dadin1   04 Сентябрь 2014 - 11:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 262
  • Катталган: 30 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

Просмотр сообщения MACKA (01 Сентябрь 2014 - 20:43) жазган:

Индияда ээсине туура жол көрсөтө турган бут кийимдер чыгарылды.

2011-жылы эле ойлоп табылган бут кийимди учурда 50 гө жакын адам кийип жүргөнү белгилүү болду. Кызыл түстөгү мындай бут кийимдер GPS аркылуу ээси турган жерди жана маршрутту аныктайт. Тийиштүү багытты көрсөтүү үчүн бут кийимдеги атайын жабдуудан вибратор иштеп, ээсине багытты өзгөртүү боюнча белги берет. Бут кийим Bluetooth сигналы аркылуу башкарылып, кадимки батарейкалар менен кубаттанат. Анын орточо баасы 100-150 доллар.

Сүрөт



Арзан эле экен.... бирок не кереги бар ?
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1649 Пользователь офлайн   Dadin1   04 Сентябрь 2014 - 18:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 262
  • Катталган: 30 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

Прикрепленное изображение: 79991_2.jpgjpg]
Шумдугун кургур индияда эркек атуу куруп калгансып кыздар иттерге турмушка чыга башташыптыр. )))

Индияда 18 жаштагы Мангли Мунда аттуу кыз жолбун итке турмушка чыкты. Иттин үлпөт тойго унаада алынып келингенин жана аны тургундар кыйкырык-сүрөөндөр менен тосуп алышканын 4-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Кыздын итке турмушка чыгуусун айылдагы аксакалдар кеңеши кабыл алган. Алар бул жөрөлгө менен кызга, анын үй-бүлөсүнө жана бүткүл айылга тие турган каргыштан сактанууну ниет кылышууда. Эгер ал итке тийгенден баш тартса бактысыз болорун аксакалдар эскертишкени белгилүү болгон. Мангли Мунда бир нече айдан кийин гана эркекке турмушка чыга алат. Ага чейин кыз үй жаныбарына кам көрүшү керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Dadin1: 04 Сентябрь 2014 - 18:08

Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1650 Пользователь офлайн   MACKA   05 Сентябрь 2014 - 01:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШда ДНК боюнча таанышуу сайты ачылды.

Анын колдонуучуларына ДНК анализине зарыл шаймандар үйүнө жиберилет. Адам ага керектүү маалыматтарды чогултуп берип, кайра компанияга жөнөтөт. Алынган ДНК маалыматтар колдонуучунун профилинде пайда болот. Андан соң, атайын программа ага ылайыктуу өнөктөш таап берет. Сайттын жаратуучулары билдиргендей, ДНКнын иммундук системасы жана “бакыт гормону” деп аталган серотонин заты, адамдар ортосундагы тартылуу күчүн аныктайт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1651 Пользователь офлайн   MACKA   05 Сентябрь 2014 - 01:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

37 жыл мойну тескери жашады.

Бразилияда мойну артты карап төрөлгөн жана дарыгерлер жашай албайт деген Клаудио Оливерия 37 жашка чыкты. Маалыматтарга караганда дүйнөдө сейрек кездешүүчү мындай артрогрипоза менен оорулуу баланы дарыгерлер ондоого да, жашоого да үмүт жок дешкен. Мойну тескери караган бала баардык кыйынчылыктарга карабай жашоосун улантып келүүдө. Бүгүн Клаудио Оливерия тагдыры тууралуу буларды айтууда.

"Кичине кезимден бери бирөөгө көз-каранды болгондон кутулууга аракет кылдым. Азыр өзүм эле телевизор коё алам. Уюлдук телефонго жооп берем жана радио коюп, интернет колдонгонду билем," - деп сыймыктанып айтууда.

Мойну тескери караганына карабай колдорунун ордуна оозу менен жазууга үйрөндү. Буту баспай калганда тизеси менен басып барат. Ал баардык тоскоолдуктарга карабай окууну ийгиликтүү аяктады. 8 жашынан баштап тизеси менен басып, майып коляскасын колдонуудан баш тарткан. Ал эми Клаудио Оливериянын достору анын мыкты ыр ырдап, бийлеп бергендерине таң калышат. Турмушта дайыма алдыңкы болууга умтулган досубуз деп сыймыктанышат.

Сүрөт СүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1652 Пользователь офлайн   MACKA   05 Сентябрь 2014 - 02:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Монголияда динозаврдын жумурткасы табылды.

Монголияда окумуштуу-изилдөөчүлөр тобу Гоби аймагында динозаврдын жумурткасын табышты.

Маалыматка ылайык Монголиянын түндүгүндөгү Гоби аймагында окумуштуу-изилдөөчүлөр тобу уникалдуу табылга табышкан. АКШнын жана монгол окумуштууларынын биргелешкен археологиялык казууларында мыкты сакталган динозаврдын жумурткасы чыкты. Окумуштуулардын бүтүмүнө караганда, бул аймакта жумурткалар бузулбай сакталып калышынын себеби; төрт мезгил боюу тынбаган кургак шамалдар болгон. Бөксө тоолордун боорунда сакталып калган ааламдын байыркы ири жаныбарларынын жумурткаларын эми окумуштуулар изилдеп, кайсы убакта жана кандайча бул чөлкөмдө туруп калганын аныкташат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1653 Пользователь офлайн   Oceana   05 Сентябрь 2014 - 09:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Bawy arkaga karagan bala strawnyigo tooba.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1654 Пользователь офлайн   MACKA   09 Сентябрь 2014 - 17:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1655 Пользователь офлайн   MACKA   12 Сентябрь 2014 - 12:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Англияда сынып калган отургуч аялдын арыкташына жардам берди.

23 жаштагы Люси Миллер мугалим болуп иштейт. Анын салмагы 110 килограммга барабар болчу. Сабактардын биринде бийкечтин салмагын көтөрө албаган отургуч анын алдында сынып калган. Муну көргөн окуучулардын баары каткырып, эжесине күлүшкөн эле. Намысына каттуу тийген бул окуя бийкечти чечкиндүү түрдө арыктоого түрттү. Жыйынтыгында бир жылга жетпеген убакытта мугалим 35 килограммдан арылды.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1656 Пользователь офлайн   MACKA   12 Сентябрь 2014 - 12:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Берлинде дөңгөлөктөрү бар чемодандарды колдонууга тыюу салынды.

Тактап айтканда Кройцберг шаарында. Жергиликтүү жашоочулар чемодандардын дөңгөлөктөрү көчөдө катуу добуш чыгарып, түнкүсүн жана таңкы маалда эс алууга тоскоол болуп жатканына даттанууда. Андыктан эми туристтер оокаттарын азыраак алып, же жүктү көтөрүүчү адамды жалдашы керек.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 12 Сентябрь 2014 - 12:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1657 Пользователь офлайн   MACKA   12 Сентябрь 2014 - 12:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайлыктар тамактанууда колдонулуучу “акылдуу” таякчаларды ойлоп табышты.

Бул тууралуу BBC news маалымдайт. Электронндук таякчалар тамактын коопсуздугун, канчалык ысык жана анда канчалык витамин бар экенин аныктай алат. Андан тышкары таякчалар тамактагы туздун жана майдын сапатын анализдейт.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 12 Сентябрь 2014 - 12:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1658 Пользователь офлайн   MACKA   12 Сентябрь 2014 - 12:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Samsung ноутбуктарды чыгаруудан баш тартышы мүмкүн.

Быйыл түштүк кореялык компания болгону эки ноутбук өндүрдү. Ал эми жаңы моделдерди чыгаруу ою анда азырынча жоктой. Андыктан АйТи адистердин божомолу чындыкка жакындады. Алардын пикиринде, Самсунг ноутбук өндүрүү бизнесинен баш тартуу ниетинде. Эми компания толугу менен жаңы планшеттерди чыгарууга бет алышы күтүлөт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1659 Пользователь офлайн   MACKA   12 Сентябрь 2014 - 13:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Беш мүнөттүк сейилдөө кыймылсыз жашоонун кесепеттерин алдын алат.

Америкалык окумуштуулардын айтымында, адам жумушта көпкө отура бергенде анын булчуңдары начар жыйрылып, жүрөккө кан келүүсү да солгундайт. Андан улам кан буттарга түшүп кетет. Иликтөөгө таянсак, артериялардын иштеши бир сааттык отуруудан эле 50 пайызга начарлайт. Ал эми беш мүнөткө ары-бери басуу бул кемчиликти толук жоёт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1660 Пользователь офлайн   MACKA   12 Сентябрь 2014 - 13:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Австралияда жаш жигит комадан чыккандан кийин кытайча сүйлөп баштады.

22 жаштагы Бенджамин МакМахон эки жыл мурда жол кырсыгына кабылып, эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Кома эки жумага созулган. Жигит көзүн ачкан соң, жанында турган азият улутундагы мээрман эжеге кытайча сүйлөп баштаган. Мындан тышкары, кытайча жаза билери да аныкталды. Ал эми эне тилин, тактап айтканда, англис тилин эске түшүрүүгө жигитке эки-үч күн талап кылынды.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 81
  • 82
  • 83
  • 84
  • 85
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 03:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: