Эртең менен Айдар мени мейманканын алдында күтүп туруптур. Тамактанууга чогуу кирдик.Буфеттен чыккандан кийин опера-балет театрына чейин келди.
...Айдардан ойлоп отуруп чочулай баштадым.Аны менен мелдешкениме өкүндүм. Санаага баттым. Президиумга шайлангандардын тизмеси окулуп жатканын бир билем. Бирок кимдердин шайланганы кулагыма кирбей,бүт ой-санаам башка жакта болуп туруп алды.
-Пржевальский пединститутунан Жайнакова Махабат барбы?-деген эркек кишинин үнү чыкканда ордумдан учуп турдум.
-Мен!-дедим эчтекеге түшүнбөй.
Залда олтургандар дуу күлдү.
-Президиумдан орун алыңыз.
Мен өзүмдүн президиумга шайланганымды эми түшүндүм.Башкалардын бардыгы олтуруп калышыптыр.
Уялганымдан килем төшөлгөн түз жолдон жыгылып кетүүчүдөй аярлай басып сүрдөнүп келаттым.
Бир кезде блокноттон айрылган бир баракча кагаз колдон колго өтүп олтуруп мага жетип келди. Бир демге өзүмдүн фамилияма тигилип туруп,кагаздын бүктөөсүн ачтым.
"Саламатпы Махабат!Мен сенин келгениңди азыр билдим.Өзүм да сени келип калар бекен деп ойлогон элем.Кайда түштүң?Мага Кыргызстан мейманканасынан орун берген имиш.Бирок үйүм бар да.Келгениме бир саат да боло элек.Самелеттон түшүп түз эле бул жерге келдим.Анан чыкканда кезигишели!
"
Кат келген тарапты бир карап алдым.Ойдо жок жерден Майрамбектин бул жерде олтурганын билип, жүрөгүм опкоолжуй түштү. Мен караган убакта Майрамбек да мени тиктеп олтуруптур.
Анын маңдайкы тамыры көбө түшүп,жүзү алоолоп,көздөрүнөн ысык жалын учкундап,чыкыйыма чыга атылды.
Жапайы розалар Зуура Сооронбаева
#82 13 September 2014 - 02:12
Кызык.Көрө электе көрсөм деп,көргөндө минтип... Аны эмне үчүн эстеп,эмне үчүн сагынып,эмне үчүн күтүп жүргөнүмдү ойлодум.Менин алдымда чечүүчү мезгил сагалап тургандай туюлду.Турсунайдын квартирасына барып,мейманканага чакырып записка калтырганымды эстеп,ага Майрамбекти айтсамбы,айтпасамбы деген ойду чече албай жаттым.Бул кезде Турсунай фабрикада иштеп жаткан кези болчу.Мен барганда ал кызматында экен.Иштеген жерине издеп бардым.
Фабрикага кире бериштеги кичинекей үйдө күзөтчү аял олтуруптур. Ал колундагы окуп жаткан китебин жанындагы столдун четине коюп,көз айнегин чыгарып,мени бурулуп карады.Саламдашкандан кийин Турсунайды чакырып берүүсүн өтүндүм.
-Кайсы цехте,фамилиясы ким?
Турсунайдын иштей турган ишин да түзүк биле берүүчү эмесмин.
-Фамилиясы Мукамбетова. Кайсы цехте иштээрин билбейм эже.
Ал өз атасына жазылуучу.Аял ийинин куушуруп баратып:
-Мукамбетова дейсиңби?Биздин Турсунай эмеспи?
Аялдын сөзүн угуп кубанып кеттим.
-Ооба,ооба Турсунай.
-Аны тышта илинип турган портреттердин ичинен көргөн жок белең?Кайсы цехте иштегени жазылуу.Ал фабрикадагы көрүнүктүү алдыңкы кыздардан.Завцех болуп иштейт бизде.Эгер,Турсунай эжең болсо эмне үчүн билбейсиң?
-Кечиресиз,Пржевальскийден келдим эле.
-Аа,ошондой де.Бирок эжеңди таба албайсың го.Азыр сенин алдыңда шаардык комитеттен телефон чалып,издетип жатышкан. Калп айтпасам парткомдун секретары экөө ошол жакка чыгып кеткендей болду...
Кетип баратып дубалдын бетине илинген плакаттарды, ураандарды,чакырыктарды, ушул жерде иштеген эмгек азаматтарынын портреттери илинген Ардак тактаны көрүп толкундап кеттим. Келатканда көңүл бурбаганыма таң калдым. "Т.Мукамбетова, фабриканын алдыңкы жумушчусу,эркектердин сырткы кийимин тигүүчү цехтин башчысы". Кайра-кайра окудум.Турсунайга ыраазы болгонумдан жүрөгүм толкуп турду...
-Жайнакова,Сиз сүйлөйсүзбү? -деген суроо угулду.-Тизмеге жазып коёюнбу?-Алды жагымда олтурган жигит кылчая карады.
-Сүйлөймүн.- дедим ордумдан козголо берип.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#83 13 September 2014 - 02:18
-Жарыш сөз башталганда,
бирден кийин чыгасыз.Сиздин сүйлөгөнүңүздү Пржевальскиде комсомолдун областтык конференциясында укканмын.Жакшы сүйлөгөнсүз.
Кызарып кеттим.Мен жарыш сөзгө чыгып сүйлөөнү мурда эле ойлогон болучумун. Колумда атайын жазылган материалым болгону менен блокнотумда сүйлөй турган сөзүмдүн томосу болучу.Мен ар дайым ролун күн мурун жаттап алган сахнадагы актерго окшоп айтайын деген оюмду жыйынтыктап шар сүйлөчүмүн. Уккандар ушундай жөндөмдүүлүгүмө суктаныша турган.
Майрамбек экөөбүз антрактта,тыныгуу учурунда кездештик. Мен анын жаныда жаш денем жалындап,бардык олку-солкулукту унутуп койгондой толкундап турдум. Ушул жерде өзүм башта эч качан даамын тартып көрбөгөн ырахаттын кучагында термеле бердим. Төшүндөгү Ленин орденинин катарына тагылган депутаттык значогуна карегим кадала түштү. Майрамбек менин оюма дароо түшүнгөндөй, алда-немени эстегендей толкундап турганын байкадым.
-Рахмат сага,Махабат, куттуктоо телеграммаңды алып,аябай ыраазы болдум.Башка бардык кубанычымдан да сенден алган кубаныч артык болду.Ишенесиңби?
-И баса жогорку наамыңыз менен дагы бир жолу куттуктап коюуга уруксат этиңиз.-Уялыңкы колумду сундум.Жигит серпиле түшүп,манжаларымды шашыла кармады.
-Рахмат...
Биз президиумга кайра келгенде Майрамбек өз ордун алмаштырып менин жаныма келип олтурду. Жарыш сөз башталды.Биринчи кишинин атын атагандан кийин,слетту алып бараткан киши "Даярдансын Жайнакова" -деп үнүн көтөрүңкү чыгарды. Майрамбек мага ыктала берип шыбырады.
-Даярдандың беле?
Башымды ийкедим...

#84 13 September 2014 - 02:29
Трибунага кичинекей блокнотумду кармай чыктым.Айлана жымжырт. Бул жерде менден башка жан киши жок сыяктууүнүм бирде көтөрүңкү,бирде каалгый түшүпжай чыккансып жатты. Мен өзүмдүн институтум жөнүндө,студенттер жөнүндө,комсомолдук уюмдун айрым орчундуу жумуштары жөнүндө сүйлөдүм. Окуусун бүтпөй,күйөөгө чыгып кеткен кыздар жөнүндө айттым. Мисалдарды келтирдим. Жаштардын жалпы орто билим алуусуна,өндүрүш менен чарбаларда иштөөдөн качып,арабөк калган айрым жаштарга токтолдум.Бир кезде колдор чабылып,айлана күүлдөп кетти. Мен токтоп калдым. Тамагымды жасап,стакандагы суудан ууртадым.Залдын ичин кайра баштан тынчтык басты...
Мен сөзүмдү бүтүп,ордума келип олтурганда колдор тынымсыз чабылып жатты.Майрамбек колумду кысты.
-Куттуктайм. Жакшы сүйлөдүң.Мен мындай болот экен деп ойлогон эмесмин.
-Ракмат.
Биздин алды артыбызда олтургандардын бардыгы мага көңүл бөлө карап жатышканын сездим.
-Карындаш оратор турбайсызбы. Өлбөй турган жакшы артыкчылыгыңыз бар экен. Фактыларды келтирип,цифраларды жаңылбай адамдын аттарынан тартып,жаттап алгандай сүйлөдүңүз. Бекеринен Лениндик стипендиантка болбоптурсуз.
Рас эле мен ушунчалык жакшы сүйлөдүмбү деп ойлодум.Майрамбекти карасам анын жүзүнөн да, көзүнөн да кубанычтын, ыраазы болгондуктун кумарлуу учкуну чачырап,талмоорсуй тиктейт мени. Биз слеттон чогуу чыктык. Айдардын келем деп айткан сөзү көңүлүмдө миң кайталанып жатты. Эки жагымды чолуй тиктейм,Майрамбекти сүйсөм да,сүйбөсөм да ушул жерден иренжитип албасам экен деп жүрөгүм дүпөйүл согот. Элдин арасы суюла түшкөндө эки жагын элеңдей карап турган Айдарды көрүп өңүм өзгөрө түштү. Ал мени акмалап турганын дароо билдим. Элдин шарданы менен бул жерден тезирээк узап кетүүнү Майрамбекке кантип билдирээримди билбей муунуп турдум.

#85 13 September 2014 - 02:43
-Кайсы жерге барып тамактансак болот?Же мейманкананын ресторанына кирелиби?
-Ресторанга да кирбейм,тамак да ичпейм ракмат.
-Ал эмне дегениң? Экөөбүз жакшы күндө,жакшы жерде кезиккендигибиздин урматы үчүн да тамактанбайбызбы? Ресторанга кирбесек,башка жакка деле барабыз. -Экөөбүз жаңыдан эле театрдан узай бергенибизде арт жагыбыздан бирөө келип мени токтотту.
-Мыкат!
Мен анын Айдар экенин билип,жүрөүгүм оозума тыгылды.
-Сени чыга элек деп тура бериптирмин. Кайда барасың?Бул жигит ким? Жүргүлө чогуу эле тамактаналык.
-Ракмат.Убара болбой эле коюңуз,биз башка жакка баратабыз.
Майрамбек экөөбүз басып кеттик. Айдар турган жеринде таштай катты. Бир далай жерге чейин унчугушпай келдик.Мен Майрамбекти сүйөмбү чын эле деп ойлойм ичимден.Эгерде, жөнөкөй эле жакшы көрүүнүн азап-тозогу адамдын баарына ушундай таасир берсе,чын сүйүү дегени кандай керемет болду экен деп өзүмө-өзүм суроо берем. Айдардын артыбыздан ээрчибей калып калганына сүйүнгөнүм менен Турсунайдын мейманканада күтүп турганын ойлоп тынчсыздандым.
-Деги мен жолтоо болгон жокмунбу?-деди бир оокумдан кийин Майрамбек.
Жигитти жалт карадым.
-Эмне үчүн антип айттыңыз?Тескерисинче, Сизге мен жолтоо болуп жаткан болбоюн.
-Ошентип ойлойсуңбу? Сени менен кезигүүчү мезгилди канча күндөн бери күтпөдүм дейсиң. Токточу,ушул жерден сүйлөшүп алалы. Жакын жерден тамактанып алып шаар көрөлү.Ары-бери басалы.Каршы эмессиңби?
-Мейли...

#86 13 September 2014 - 02:49
Биз ресторанга кирип,столго олтураар олтурбастан эле жаныбызга колуна блокнот кармаган официантка жетип келди. Жигит менюну мага сунду.
-Эмне жейли.Сен тандачы Мыкат...
-Жок,сиз тандаңыз...
Майрамбек заказ бере баштады.Карапайым чабан деген бул жигиттин бир жерине таң калдым. Мен билбеген укмуштуудай тамактардын атын билет экен. Анан заказ алып жаткан кыз менен орус тилинде эркин,кичипейил сүйлөшүп жатканына кубанбай коё алган жокмун.
-Ичкиликти бекер заказ берип жатасыз?
-Эмне үчүн бекер,көп болбосо да аз-аздан ооз тийип олтуралы.
Бир заматта столдун үстү тамак-аш менен жер-жемиштерге толуп кетти.
-Суусадым деп жаттың беле,Махабат! Бир минут чыдасаң мен сага кымыз жасап берем:-Майрамбек эки бокалга тең минералдык суудан толтуруп,бирөөнө каймак куюп аралаштыра баштады.Жигиттин колундагы дары суу бокалдан аша баржактап кетти.
-Аябай чаңкап турган окшойсуң,Мыкат. Кана, ак жалгасын деп ушуну көтөрүп коёлу...
Анын көзү мени караган сайын балбылдап,жүрөгүмдүн тереңине от ыргытып жаткансыйт. Көөдөнүмдөн ысык аптап көтөрүлүп демим буулат.
-Такыр ичкилик ичпейсизби? -деп сурадым мен,колундагы рюмкадагы коньякты болоор-болбос бөксөрткөн бойдон,кармалап олтурган жигитке карап.
-Шарты келгенде ушинтип ууртап-татып иче коём...-Бир демге унчукпай калды.Салаңдап ойго чөмө түшүп,башын кейиштүү көтөрдү.-Ичкиликтин зыянынан башка пайдасы жок да.

#87 13 September 2014 - 02:53
Анын ушул сөздү айтып жаткандагы үнү,кандайдыр көөдөнүнүн тереңинен күч менен сыгылып чыгып жаткандай кулагыма алсыз угулду. Ошол саамда Майрамбектин өңү адегенде албырып барып, кайра бозоро түштү. Анан ла кайра кызарып, чекесинен тер чыпылдап чыкты. Майрамбек чөнтөгүнөн бет аарчысын алып,терин сүрттү.
-Сени Эламан байкемдикинен көргөн жерде эле,ойдо жок жерден көңүлүм да,жүрөгүм да сен жакка ооп кеткендей болду.Мен мурда издеп таппай жүргөн бактымдын ачкычы сенде экенин ошондо билдим.Чындыкты жашырганда эмне,жашырбаганда эмне,айтор өзүңдү көргөн секунддан тартып, жүрөгүмдүн башы күйө турган бир ооруга чалдыкты да калды.
Мен ойо түшүп кетиптирмин. Майрамбек жөнүндө көргөн түшүм көз алдыма тартылды.Чанагынан ачыла жаздаган жапайы розалар айланама толуп кеткендей,байчечекейдей жайнап,дуу коюп биринин артынан бири ачылып жатты...
-Чыныңды айтчы,мени көрсөм деп ойлочу белең?
-Өзүңүзчү?
Майрамбек талмоорсуй түшүп,карегин аты жогумдагы мала кызыл таштуу шакекти оң колум менен ары-бери кылып тынымсыз жылдырып жаткан манжаларыма жылдырып келип токтотту.
-Ойлогондо да кандай ойлоду дейсиң.Мен өзүм жөнүндө сага кандай деп айтып түшүндүрөөрүмдү билбей олтурам. Көзгө көрүнбөгөн, кулакка угулбаган көңүлдөгү бороон санаамды самандай сапырып,өзүңдү көздөй үйлөйт да турат.Бирок. ..
-Айтыңыз,эмне бирок!Сөзүңүздүн аягына чыкпай токтоп калдыңыз!
-Көңүлүңүз жылдыздабы дейм да.

#88 13 September 2014 - 03:00
-Кызык.Эч нерсеге түшүнбөгөн жокмун.
-Мисалы,билимдүү, окумушу бар киши менен карапайым кишинин ортосунда айырма болобу?
Мен токтолбой жооп бердим:
-Албетте,болот.
-Мен сенден ушундай жооп угаарымды билгем.
-Анан кандай жооп беришим керек эле?
Ийнимди куушурдум.Майрамбек столго жабылган дасторконду сылап жаткан оң колумдун үстүн жазы алаканы менен басты.
-Мына көрдүңбү,чабан менен студент бири-биринин тилин да,дилин да түшүнбөй жатышат.
Мен жигиттин сөзүнөн кандайдыр бүдөмүк түшүнүк менен аны карайын десем,ал дагы ушул саамда мени көзүнүн үстү менен суроолуу тиктеп туруптур.Экөөбүз тең күлүп жибердик.
-Карапайым чабан,же жөнөкөй жумушчу менен билимдүү адамдардын ортосундагы айырманы сурап жаткан жоксузбу?
-Ооба эми таптың.Ошону сурап жатканмын.Балким, мени менен олтурганыңызга ыраазы эместирсиз.
-Кызык суроо!-дедим Майрамбектен көзүмдү албай.-Азыркы малчы,азыркы жумушчу,азыркы механизатор мындан 20-30 жыл мурдагы муундагы адамдар эмес да. Азыркы кайсы гана кесиптин ээлери болбосун,колунан баары келет.Окуйм десе окушат,иштейм десе иштешет.Мен өзүмдү сизден өөдөмүн деп эсептесем,биерге келбейт элем да...
Биз тышка чыкканда күн кылкылдап өзүнүн чоктой кызыл нуру менен асманды алоолонтуп уясына батканы баратыптыр. Майрамбек асманды айланта карады.
-Эртең күн ачык болот экен. Азыр жаан-чачындын деле анчалык кереги жок.Чөп чабык учуру.
-Астрономдук жайыңыз да бар беле?
-Анча-мынча. Кааласаң үйрөтөм.Карачы, аба да сонун болуп туруптур.Бүгүн менин көзүмө дүйнө күлүп,дүйнө ырдап жаткансыйт.

#89 13 September 2014 - 03:04
Ооба бул күнгө чейин ичим мынчалык ачылбагандай,
көөдөнүмдү Майрамбек айтып суктанып жаткан салкын аба жууп,тазартып таштагандай шоолдойт.Түз жолдо,алдымда келаткан бирөө менен жөөлөшүп калдым.Мени четти көздөй колтуктап,каруумдан кармаган жигит жарк этти.
-Троллейбуска олтурабызбы же...
Бир топ жерге келип калганыбызды ен ошондо билдим.
-Басып кетсек деле болот го.
Майрамбек айтаарга сөз таппайт.
-Капа болбойсуңбу, Мыкат!Кокустан өзүңдү сыйлоодон,өзүмдү алып жүрүүдөн кемчилик кетирсем кечирип кой. Канча кылган менен тоолуктун иши тоолук,койчунун иши койчу да. Сенин алдыңда маданияттуурак болоюн дегеним менен оңчулуктуу окшобой жатат көрүнөт бейм.
Мындан артык дагы кандай болгусу бар деп ойлойм ичимен.Малчынын баары Майрамбектей болсо,шаардыктардын маданиятынан тоолуктардын эмне айырмасы бар экен.Менин көзүмө жигиттин тула боюнда кемчиликтин кемтиги жоктой болуп көрүнөт.Анын сүйлөгөнү да,күлгөнү да өзүнө жарашып турат.Баска- турганы шайдоот.Кичипейил. Сүйлөгөн сөздөрү орундуу.Жигитти карап олтуруп кыздардын жүрөгүнө чок сала турган көп жакшы жактары бар экенин байкадым...
Биз мейманканага жакындыганда скамейкада олтурган эркек менен аял орундарынан туруп,обочо барып токтошту.Биз бош скамейкалардын бирине келип олтурдук.Алиги эркек менен аял бизге көз чаптырып турганын байкап,Майрамбекке карадым.
-Тигилер эмнеге бизге карашат?
-Кимдер?
-Аккуу фонтанынын аркы бетинде тургандар.
Жигит башын көтөрүп эки-жагын кайдыгер карап келип,алиги экөө турган жакка жүзүн бурду. Алар Майрамбек карап келатканда башка бир нерсеге алагды болгон сыяктанып калышты.
-Ой,менин эже-жездем тура.Кечирип кой,Мыкат,мен алар менен телефон менен гана байланышкан элем,учураша элекмин.Барып келсем капа болбойсуңбу...

#90 13 September 2014 - 03:11
Ордунан учуп турду.Майрамбектин эжеси да жездеси да инисин көрө замат күлүп жиберишти.Сыягы,
атайын чыгышкан көрүнөт.Үчөө жайбаракат басып,меймандар үйүнөн узап баратышты. Мен Майрамбекке,
Батыш эжемдин Гүлай эжеге айттырган аманатын айтпаганыма,
кечээтен бери алардыкына телефон чалбаганыма өкүндүм. Гүлай эже ушул болду бекен,же Майрамбектин башка эжесиби?-деген ойдо алардын артынан аңкая карап кала бердим... Эмне үчүндүр Майрамбек кечиге баштады.Айдарды ойлойм.Ал азыр ушул жерге келүүчүдөй болуп туюлду. Майрамбекти көпкө күтүүдөн корко баштадым.
Комнатага кирсем бирге келишкен кыздар жасанып-түзөнү киного барууга камынап жатышыптыр.
-Кечигип жүргөндүгүң үчүн сага штраф,жолдош Жайнакова! -Баары тең бир үндөн жарыша сүйлөштү.-Же жигиттүү киши эле курдаштарды карабай калабы.
-Кечиресиздер! -деп эки колумду көтөрүп тура калдым.Кыздар күлүп калышты.Алар менен киного барганым жок.Майрамбекти күтүшүм керек болду.Жолдошторум чыгып кетишти.Эшикти ичинен бекитип алдым. Кийим которуп албасам күндүзгү кийимим менен кантип басууга болот. Жаңыдан эле шифоньерден алган көйнөктү мойнума салганы жатсам эшикти бирөө тыкылдатып калды.
-Ким!
-Айдармын!
Жүрөгүм атып кетти.Ачпай койдум.Чертти- чертти.Анан эшикти туткасынан кармап катуу жулкулдатты. Ар жактан аялдын үнү чыкты.
-Ал комнатада кыздар жатат.Ким керек сизге?
-Кечирип коюңуз,ушул комнатада карындашым жашоочу эле.
Майрамбек келип күтүп турганын билсем да,чыртка чыга албай камалып жаттым. Ал муну көрсө,эмне деп ойлоду экен?Бир топтон кийин Айдардын дабышы чыкпай калды.Жука,көк шерстен тигилген жеңи кыска,жашыл түс көйнөгүмдү кийген бойдон чачымдын прическасын бузуп,бир өрүп артыма таштап койдум. Бийик такалуу кара лакталуу туфлимди кийгениме сыныма чыгып,көйнөгүм да,чачым да өзүмө жарашып калгандай болуп көрүндү.Күзгүгө каранып,кашымды колум менен чогулта сыладым...

#91 13 September 2014 - 03:14
Бул күнгө чейин Майрамбекти күткөнчөлүк,
эч кимди күтүп көрө элек болчумун. Айдардын Пржевальскиден Фрунзеге чейин артымдан кубалай келгени,Майрамбектин бир көз карашына да татый турган эмес. Көөдөнүмдүн башын Майрамбек деген бир күч тээп тургансыйт.
Кыздар кинодон келгенге чейин же жатпай,же олтурбай,же сыртка чыкпай үйдүн ичинде аркы-терки басып жүрдүм. Эми мага бардыгы көңүлсүз боло баштады.Ичим күйүп,өзөгүм өрттөнөт.Ыйлагым келет...Жайсыз уктап турдум.
Ордумдан тураарым менен Батыш эжемдин тапшыруусу боюнча трубканы колума алып,номерди тере баштадым.
-Алло квартира угуп жатат.-Жаш кыздын үнү чыйылдады.
-Гүлай эже барбы?
-Бар,бар.Азыр чакырам.-Кыздын энесине айткан сөзү трубкадан угулуп турду.-Ма-ма, ма-моч-ка!Сени телефонго чакырып жатат!
-Алло,мен угуп жатам.
-Саламатсызбы эже!
-Саламатчылык. Бул ким?
-Мен,Батыштын сиңдисимин.
-А-а,Махабатсыңбы? Жакшыбы айланайын.
-Сизге эжекем салам айтты эле.Анан ательедеги. ..Сөзүмдүн аягына чыгарбай сөзүмдү бөлдү.
-Пальтосун үйгө алып келип койгом. Сенин слетко келгениңди ошол эле күнү айтышкан. Кабарың болбогондуктан бүгүн издеп чыгайын деп жаттым эле.Кыргызстан мейманканасында турбайсыңбы. Болуптур кечинде өзүм таап алам...
Эртең мененки гимнастиканы терезени чоң ачып коюп комнатада ойноп,муздак душка түшүп,кийинип алып залга чыктым. Ал жерде иштеген аялдар менен учурашып,ачкычты берип кайра бурулуп,лифтти көздөй бастым.Артымдан үн чыкты.
-Пай-пай-пай, жигиттер сени эмдигиче алып качып кетпей кантип жайыңа койду экен?Түндө бир жигиттен өлгөн-талганда кутулсак,таң атпай дагы бирөө келип алыптыр.Анык жигитиң экөөнүн кайсынысы,бийкеч? -Тамашага чалса да,өз оюндагысын айтып жаткандай туюлду мага.Админстратор эже жеринен тамашакөй, жайдары,ачык- айрым жан болсо керек.Чынымды айтсам,Майрамбектин келгенин угуп,териме батпай чытырап турдум.

#92 13 September 2014 - 03:23
-Эжеке,айтыңызчы,
сиздин көңүлүңүзгө экөөнүн кайсынысы көбүрөөк жагат?
-Мага жакканы сага да жагабы?
-Айтсаңыз.-Кайра келип токтодум.
Аял ордунан көтөрүлө берип кулагыма шыбырады.
-Менин жактырганым, тышта сени күтүп турган депутат жигит.
Каткырып жибердим. Аял менин колумдан жетелеп,терезенин жанына келип токтоду.Бешинчи кабатта турсам да Майрамбектин залкар денеси көзүмө күндөй чагылышты.Ал түндө Айдар олтурган скамейканын бир жак четине олтуруп,жанында бош жаткан газеталардын улам бирин алып ары-бери оодарып,көз жүгүртөт...
Мен чыкканда Майрамбек газеталарын баш-аламан жыйыштырып мени көздөй басты.
-Кандай,жакшы жатып жайлуу турдуңбу?-кол алышты.
-Жаман эмес.Өзүңүз?
-Сака-чүкө аралаш.Менин келгеним качан?
-Көргөм.
-Кайдан?
-Терезеден.
-Мен сени телефондон сурасам уктап жатат деди.Качан ойгоноор экен деп күтүп отурам.Биротоло чыктыңбы?-деди ал.-Башка жактан барып тамактаналы. Азыр эле ушул жерден кечээки Айдар деген жигитти көрдүм.Мейманканага кирип кеткендей болду.Түндө ал да келиптир.Бири- бирибизди ушул жерден букача тооруп калганыбыздан кетип калгам.Ал калган.Пржевальскиде иштейби?
-Биздин колхоздо зоотехник.Колхозчулар өз ишин жакшы билет дешет.Айыл ичинде кадыры бар.
-Сыртынан түзүк эле жигит сыяктанат.Сүйүү деген адмды дөө болсоң да,жинди кылат окшобойбу.Анын ысык-суугун, азап-тозогун ар-ким өз башынан өткөргөндө билгендей.Сыягы, мага окшоп көлөкөгө тон бычып,жүрөгүнүн азабын тартып жүргөн бечаранын бири көрүнбөйбү.
-Болсо болоор.Бирок анда менин кандай жумушум бар?
Сөз ушуну менен токтоду.Экөөбүз тең ал жөнүндө кайра кеп козгогонубуз жок.Тамактан чыгып слет башталганча ары-бери басып жүрдүк.

#93 13 September 2014 - 03:34
-Ак көйнөк сага жакшы жарашат экен.Бүгүн аккуудай болуп эле койкоюп калыптырсың,
Мыкат...
Күлүп койдум.Саат онго жакындаганда опера-балет театрын көздөй бет алдык...
Слет бүткөн күнү Майрамбек экөөбүз чогуу келип мейманкананын бешинчи кабатына көтөрүлдүк. Эшикте кыпчылып турган катты көрүп ачкычты колума кармаган бойдон токтодум.Турсунайдын колу экен.Бүктөөсүн шашып ачтым."Мыкат! Сен келгенден бери колум бошоп кезиге албадым.Кечирипкой. Азыр атайын чыгынып чыксам жок экенсиң.Кайра келем.Эч жакка кетпе.Турсунай" .
Бул убакта Майрамбек менин колумдан ачкычты алып эшикти ачып жаткан болучу.
-Кат кимден экен?-Столдун үстүнө койгон записканы колуна алды.
-Тур-су-най! -Майрамбек селт этти.-Кайсы Турсунай?
-Ал менин эжем.Кааласаңыз тааныштырам.
-Жок,башка убакта таанышалы.
-Кетесизби?
-Мен сени тышта күтөм.
Жигит чынып кетти.Майрамбектин дабышы узап баратты.Бир заматта мага бардык сулуулук абага учуп,айланам ээн калгандай аңгырай түштү.Ойго түшүп,көпкө отурган көрүнөм.Бир маалда эшик тыкылдап калды.Турсунай келген экен деп ойлодум.Эшикти ачып жибердим.Санитарка экен.
-Сени тышта бир айым чакырып жатат.
-Азыр.
Мен чыкканда залдын ортосунда сүйлөшүп,тикесинен турган биздин колхоздун парторгу менен Айдар көзүмө чалдыкты.

#94 13 September 2014 - 03:39
-О-х-о-о,Махабат!
-Парторг мени көздөй басты.Айдар мени кайдыгер карап койду.Кабагы карыш түшүп,көңүлү жайында эместей.Экөөбүздүн бая күнү мелдешкенибизди эстеп,күлүп койдум.Малик агай эртең кетээрин айтып,чогуу кетели деди.Дароо самолетко билет алып койдум деп калп айтып жибердим.
-Анда капа болбогун.
-Рахмат.Эмнеге капа болом.Мен Турсунайды күтүп жаттым эле.
-Болуптур анда эртеңге чейин дагы көрүшөөрбүз. ..Эки жагымды карап туруп мен тааныган эч кимдин жогунан сурайын деп,алиги санитарканын жанына басып келдим.Балким, биринчи кабаттадыр.
-Айтыңызчы,мени ким чакырды эле?Тигил жигиттер эмеспи?
-Жок,жок,булар эмес.Бир кыргыз келин чакырган болучу.Азыр эле ушул жерде турбады беле?Көз боочудай кайда учуп кетти.И-и тигине,өзү да келатат.
Мен бейтааныш аялды таңдана тиктедим.
-Батыштын сиңдиси сен эмессиңби садага?-Арыкчырай, орто бойлуу,бутуна жапыс така ак туфли,үстүнө ак чулоктон кыска жеңдүү көйнөк кийген жаш аял менин жаныма келип токтоду.
-Ооба,эжеке, менмин.Сиз Гүлай эжесизби?
-Батыш менен азыр эле сүйлөшүп чыктым.Сени звонить этсин деди.Эламан эртең Москвага учат экен.
-Көпкө кетип жатыптырбы?
-Анысын сурабадым.Үйгө барганда өзүң сүйлөшүп угасың да.Кеттикпи?
-Эжеке,мен ушул жерде иштеген эжемди күтүп жаттым эле.Келем деп записка калтырып кетиптир.Келип калса болбойт го.
-Күт,күт,айланайын. Мен олтуруп турам.

#95 13 September 2014 - 03:43
Турсунайдын келем деп болжогон саатынан өтүп кеткен болучу.Акыркы кабатка түшкөнүбүздө Гүлай эже эки жагын карап токтоп калды.Анан тышка чыктык.
-Э ботом,менин иним ушул жерде турмак эмес беле!Кокустан жолдоштору кезигип калып,ошолор менен бир жакка басып кеттиби?Ресторанга кантип кирсин,менин келгенимди көрүп туруп.Сен ушундай туруп турчу,тааныган бирөо болсо издетейин.
Гүлай эже сумкасын мага берип,ары басты.Ошол замат артымдан бирөө каруумдан кармады.Кылчая карасам-Майрамбек.
-Мен силердикине баратам.Эжең чакырып келиптир.
-Чогуу конок болот экенбиз го.Баса,эжең келдиби?
Башымды чайкадым.
-Анан эмнеге мынча кечиктиңер? -деди эки жагынан бирөөнү издегенсип. -Эжекем кайда кетти?
Гүлай эже ар жактан эле сүйлөнүп келатты.
-Э,Макен садага,кайда жүрөсүң издетип?
-Ушул эле ченде турганмын.Сизди мен ресторанда жумушу бар го деп ойлоптурмун.
-Тапкан акылын.-Гүлай эже күлүп койду.-Жалгыз мага ресторанда суутуп коюптурбу?
Колумдагы сумканы Майрамбек алды.Жүрөгүм дүкүлдөйт. Менин келеримди Гүлай эженин үй-бүлөсү да күтүп турушкан окшойт.Звоноктун үнү чыгар-чыкпастан эле балдар дүбүрөп калышты.
-Мамочка,Махабат эже ушулбу?-деди тестиер кыз энесин кучактап.
-Ооба,Махабат эжең ушул.
Балдар мени жылмая карашат.Жол бошотуп,адеп көрсөтүшөт.
-Апа,тамак даяр болду.
-Апа,чай кайнап жатат.
Балдар ашкана менен биз олтурган үйдүн ортосунда чуркап жүрүштү.Карап олтуруп бактылуу аял экен деп ойлодум.Жапжаш туруп төрт баласы бар экен.Анан дагы заказ менен төрөлгөнсүп экөө кыз,экөө эркек. Батыш эжемдин балам жок деп басынышынан да жөнү бар экен да. Ал үйдө да ушундай булбулдар сайрап турса көркүнө чыкпас беле.
Айыл-чарба институтунун сырттан окуучу студенттеринин жаңы программасы жөнүндө Майрамбекке түшүндүрүп жатканына караганда,жездеси зоотехникалык бөлүмдүн кафедра башчысы болсо керек деп түшүндүм.
Айланамда олтурган үй ээлеринин көздөрү кичинесинен чоңуна чейин мага тигилгенсийт. Кайра-кайра карашат. Мени сынап,мени байкап жаткандыктарын түшүнүп олтурдум. Эч кимисине карагым келбей, чайыма бир чакмак кант таштап коюп тынымсыз аралаштыра берем. Мендеги сүрдөө менен толкундоо тең жарышат. Келгенден бери Майрамбекти тик багып биринчи жолу даап карадым.Баарынан да анын өз өңүнө жарашып турган кызгылтым калың ээрди мага көбүрөөк жагат. Жүрөгүм сызыла түшүп,кандай бактылуу кыз ушул эринди өбөөр экен деп ойлодум.
Гүлай эже төркү бөлмөдөн чыгып менин жаныма келип токтоду.
-Махабат садага,төшөгүңдү салып койдум.Саат бир болоюн деп калыптыр.Жатып эс алгыла.-Чачымдан сылап бир демге токтой калып,өрөпкүй түшүп сүйлөдү.-Сени келин кылып алып кетирбей койсом эмне болоор эле,же Макенимди койчу деп чанасыңбы?

#96 13 September 2014 - 03:44
Жүрөгүм болк дей түштү.Аялды мостоё тиктедим.
-Макениме жарашыктуу колукту болоор элең?
-Гүлай,сен эмне деп баланы чочутуп жатасың.-Барыктабас жезденин сөзүн угуп,ордумдан козголо берип,башымды акырын көтөрдүм.-Тамашанын да тамашасы бар.
Майрамбекти карасам кыпкызыл болуп кетиптир.Гүлай эже каткырып жиберди.Мени чачымдан дагы сылады.
-Махабат эмне,тамашаны түшүнбөгөндөй макоо кыз бекен.Жакшы көрүп ичим элжирегендиктен эмне деп эркелетээримди билбей айткан бир сөз да.-Колумдан тартты.-Жүрү төшөгүңдү көрсөтүп коёюн...
Мага туш-туштун баары эле эшик өңдөнүп көрүндү.Майрамбектин кайсы үйгө жатарын да билген жокмун.Жүрөгүмдүн дүпүлдөгөнү, өз төшөгүмдү көргөндөн кийин гана басаңдаган өңдөнүп,көңүлүм жайлана түштү.

#97 13 September 2014 - 07:34
Рахмат сизге belka.Ушундай кызыктуу чыгарманы биз менен болушконунузго.
Иштеринизге ийгилик.Тун жарымында ширин уйкунузду болуп жазганынызга.
Жапайы розалар башталгандан бери ойгонуп эле окуганга киришем.
#98 14 September 2014 - 01:12
Уйкум ачылып кетти.Убакыт өтпөй,түн бир жерге байланып калгансыйт.
Жалгыз гана азоо тайдын дабышындай дүпүлдөп соккон жүрөгүмдүн урушу,жанымды жай алдырбай күчөгөндөн күчөп удургуйт. Кулагыма дабыш угулгансыйт.
Бирөө дем алгансып сезилет. Ана,эшикке жакындап калды дейм ичимден думугуп. Башымды жаздыктан көтөрө берип,дабышты элее тыңшайм.Алда кимден коркконум,же күткөнүм экени белгисиз бир күч тынчымды кетире баштады.Азыр эле кулагыма угулуп жаткан дабыш кайра баштан тымтырс боло түшөт. Коңшу бөлмөдөн кимдир-бирөөнүн керебетти кычыратып тынымсыз оодарылып жатканын угуп,Майрамбек ушул бөлмөдө,менин катарымдагы эшикте жаткан экен деп ойлойм.Керебет эми мурункусундай көп кычырабай калды.Уктап баратат дейм,башымды кайра жаздыкка коюп.
Бир кезде мен жаткан бөлмөнүн эшиги болор-болбос кыйт дегендей болуп калды.Башымды көтөрүп дабышты кайра тыңшайм.Үйдүн светин кимдир бирөө жарык кылып жиберди.Башымды жулуп алдым.Көзүмө эшик алдында турган Майрамбек көрүндү.Секирип туруп,керебеттин үстүндө олтуруп калдым.Колунда журнал.Анын али жата электиги көрүнүп турду.Анткени ал кийимчен болучу.Эмне үчүндүр калтырай баштадым.
-Мыкат!-деген ички сезимден чыккан алсыз үн угулду.-Мен сени менен кичине сүйлөшүп олтурайын десем,жатып алган турбайсыңбы?
-Кетиңиз.
-Эмне болду?Же мени түн жамынган каракчы деп коркуп турасыңбы?
-Антип деле ойлогон жерим жок.Эртең деле убакыт бар го.
-Жаныңа беш эле минут олтуруп кетейин.Сен кийингенче мен чыга турайын.Ушуга макулсуңбу?
Сүйүнүп кеттим.Кандай акылдуу,тартиптүү жигит деп ойлодум,баякыда Айдардын камынтпай туруп кучактап,күч менен өбүүгө аракет кылганы кылт эсиме түштү. Майрамбек чыгып кетти.Мен ордумдан секирип туруп,кийине баштадым.Чачтарымды оңдоп,күзгүгө карандым.
Майрамбек кайра киргенде,бир жакка баруучудай болуп толук кийинип алган болчумун.Ал мени кумарлуу тиктеп туруп,колумдан жетелеп кирип креслого олтургузду. Жигиттин мага урунган колунан титиреп,майда калтырак басып турганын билдим.Биз бири-бирибизди күлүмсүрөп кароо менен үндөшпөй,бир топко олтура бердик.Менин билгеним,мага туюлганы күч менен дөшүгө тийген болот балканын үнүнө окшогон бир добуш бүткүл үйдү солкулдатып жаткандай болду.Мен аны өз жүрөгүм же Майрамбектин жүрөгү экенин ажырата албай,эки магниттин ортосунда калгансып манжаларымды кайра-кайра кырсылдатып, өз колумду өзүм кармалай бердим.Бир кезде Майрамбек ордунан салмактуу козголду.
-Ишенесиңби, Мыкат,мен өз тагдырымды, өз жүрөгүмдү,өз сүйүүмдү cага бердим.Ал,баарын ал сен...
Майрамбек мени өзүн көздөй тарты.

#99 14 September 2014 - 01:29
-Эмне кылып жатасыз?Коё бериңиз мени.Жөн сүйлөшөлү.
-Коё бербейм.Оозуңдан сүйөм деген бир ооз жакшы сөз укмайынча таң атканча,күн чыккыча ушинтип кучактап олтура берем.
Эмне деп жооп берээримди билбей ойлонуп жаттым.Эгермен анын ушул сунушунан баш тартсамэле, Майрамбек эртең эле Фрунзенин сулуу кыздарынан бирди сүйлөшүп алып кетүүчудөй көрүндү.Менин бардык жакшы ой,жакшы тилегимди кыйратып жаткан жалгыз гана окуу болду.Өзүмдүн жаман оюмда,Майрамбекке сүйөөрүмдү билгизсем эле,ал мени эртең эле өзү менен кошо ала кетүүчүдөй туюлду.Атам менен Батыш эжемдин,өз кызындай өмөчөктөгөн Эламан жездемдин ишениминен ажырап калуучудай болдум.Ал эми Майрамбектен ажыроо андан да оор болоорун билип турдум.Менин жанымда олтурган бул сүйкүмдүү жигитти өзүбүздөн үйдөн биринчи жолу көргөндө эле жактырып калганымды өз жүрөгүмдөн башка жан киши билүүчү эмес.Алдымда келечек тагдырымдын чечүүчү мезгили сагалап турду.Ушул жерге келгенде катуу онтоп жибердим.Ооба, бул жашоо да.Жашоо турмуш оюнчук эмес да.
Эмне кылаарымды билбей башым маң болуп,санаам самандай сапырылат.
-Махабат!
-Ии.
-Эмне мынча үшкүрдүң?
-Үшкүрбөй турган иш болуп жатабы?
Унчугушпай калдык.
-Ойлоп көрчү,сен экөөбүздүн тилегибиз бир жерде болсо,бардыгы жайында болот.
-Кантип?-Майрамбектин колдорун өзүмдөн бошото албай жаттым.
-Сен деп соккон жүрөгүмдү жерге тепсебе...

#100 14 September 2014 - 01:35
-Мени жайыма койчу,Макен.
Обол мурун окуумду бүтүрөйүн.Бул сөз ошондон кийин болсун...-Мен сени окууңду ташта деп жатамбы?Окуй бересиң.Мен сырттан окуйм.Экөөбүздүн бүтүшүбүздүн ортосунда 2-3 жылча айырма болот.Андан кийинки турмуштун баары каалашыңча өтөт.-Майрамбек дагы эле калтырап,үнү дирилдеп чыгып жатты.-Макулдугумду алып,өзүнө жаржамчы чабан кылып алат экен деп жатасыңбы?Жок,
жаным,такыр андай болбойт.-Анын жүрөгү менин жүрөгүм менен үн алышкансып угулат.-Өзүң айткандай эле болсун.Он жыл күт десең он жыл,он беш жыл күт десең он беш жыл күтөйүн.Макул деп койчу.-Чынбы?
-Өлүп кетейин,карыганча күт десең да күтөм.Майрамбектин сөзүнө ишендим.Окуумду бүткөндөн кийин да көрө жатаарбыз деп ойлодум.Унчукпай калдым.Эки колун эки жаагыма коюп,оозун оозума жакындатып келатканын байкап башымды буруп кеттим.Мен Майрамбектин жүрөгүнүн согушу мурдагыдан да катуулап баратканын билдим.Коркуп кеттим.Ушул жерде кокус жүрөгү жарылып кетпесин деген ой көңүлүмдү чагылгандай аралап өттү.Мен буга чейин мынчалык катуу соккон жүрөктү биле элек болчумун.Ал эми муунунун титиреп,бүткөн боюнун калчылдаганычы.
Ушунун баары мага бир укмуш керемет,жалганда жок жаңылыктай болуп туюлду.Баякыда Бурулдун айтканын эстедим.Ошондо менин жүрөгүм да ушул Майрамбектин жүрөгүнө окшоп соккон экен. Деги жүрөктөр кызык болсо керек.Жакшылык менен жамандыкты өзүңдөн мурун сезип,өзуңдөн мурун түйшүгүн тартат.Жер жүзүндө жүрөктөй жүк көтөргүч баатыр болбосо керек.-Мыкат,
жаным,таалайым,
жооп берчи батырак.Макул дечи.-Айтпадымбы.
-Эмнени айттың?Эчтеке укканым жок.Айтсаң эми сүйөм деп.-Жигит мени өпкүлөп жиберди.Сүйөм деген сөздү жүрөгүмдө миң кайталап,оюмда кыйкырып жатсам да Майрамбектин алдында төгө албай турдум.Өпкөм көөп,беттерим чыңалып чыкты. Көөдөнүмдөн чыккан бир наристе үн дүйнөгө жаңы көз ачып,жумурткадан жаңы чегилип аткан жансерек балапандай алсыз чыкты.-Сү-й-өм.
..Майрамбектин денеси отко салган темирдей денемди каарып,жаагыма тийген бетинен тер төгүлүп жатканын сездим.-Өмүрүм өткөнчө,күчүмдүн жетишинче төбөмө көтөрөм.Ракмат.
Сүйгөнүм,сүйүнтөөрүм.
Сүйөм деген оозуңдан...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!

Супер-Инфо
super.kg
видео