Суперстан: Наристелүү апаларга жардам - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (380 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Наристелүү апаларга жардам Жаңы төрөгөн жаш балалуу энелер үчүн кеңештер

#361 Пользователь офлайн   Kg.lady   30 Август 2014 - 11:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Просмотр сообщения Gulzar_88 (27 Август 2014 - 22:16) жазган:

Салам баарына сиздэрдэн кенеш сурайн дэгем кызымда курту бар екен аналздэн чыкты каныда эмэс богунда экен.Врач дары жазыб берди еч жактан таппай койдум аны.Артын емес алдын еле чукуб ыйлаб жатат курт ошол жагына да кириб кеткен окшойт урматтуу мээримдуу енелер те3 арада сиздэрдин кенешиниздэр керек

Чучок курт бар окшойтго, ошентип кычыштырып баланы жудото берет. Таблетка даарыканаларда бар, бироону канча бир болукко болуп ичиресизда майлуу тамактарда токтото турасыз. Точнасын унутуп жатам, пенсилин менен кайсы бир таблетканы аралаштырып туруп клизма жасасада курттарды суруп тушурот. Бирок, педиатрдын уруксатысыз эч нерсе кылууга болбойт. Анан баланын гигиенансын жакшы сактаныз. Курт деген кыймылдууда, ар жакка жылып кете берет.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#362 Пользователь офлайн   Gulzar_88   30 Август 2014 - 22:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 52
  • Катталган: 14 Август 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2014 23:08

Рахмат кенешинизгэ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#363 Пользователь офлайн   shura89   02 Сентябрь 2014 - 19:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Июн 2018 15:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Просмотр сообщения ANGEL_ (27 Август 2014 - 00:42) жазган:

Баланы 6 айга чейин жалаң гана эмчек сүтү менен багуу зарыл. Себеби алардын тамак синируу органдары жакшы калыптана элек. Эмчек эмген балдар ден соолукта болушат. Алар аллергияга жана инфекциялык ооруларга туруштук берет.Балага 6 ай болгондо гана кошумча тамак берсе болот.

Сутунуз аз болуп жатса, кучтуу витаминдуу тамактардан жешиниз керек.

балам ошо малитвага уронуп алды аны ичпесе уктабайт экен 3 айга эми толду эне сутуно тойбойт экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#364 Пользователь офлайн   Gulnazz93   03 Сентябрь 2014 - 07:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения shura89 (02 Сентябрь 2014 - 19:40) жазган:

балам ошо малитвага уронуп алды аны ичпесе уктабайт экен 3 айга эми толду эне сутуно тойбойт экен
Малютка дейин дегенсизго э менимче? :rolleyes:



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#365 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Сентябрь 2014 - 11:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Ымыркайды кантип кароо керек?
Дүйнөгө жаңы бир бөбөк келди. Аны багуу да бир топ жоопкерчиликти жана түйшүктү талап кылат. Ар бир эне ар кимден алган кеңештер менен баласын өз билгениндей карайт. Бирок баары эле туура боло бербейт. Андан эне өзүнчө түйшүккө жана убарачылыкка дуушар болот. Бул учурда ар бир эне өзүнө бир канча суроо берет. Ага жооп табуу зарыл. Анда эмесе энелерге берилүүчү кеңеш:


Эне сүтү коюуланса сапаты начарбы?
Төрөгөндөн кийин эне сүтү коюуланып, андан коюу түстөгү сары жана кызгылт сары сүт пайда болот. Ал тескерисинче жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн абдан пайдалуу азык. Бул сүт, бир канчалаган керектүү заттарды аз гана өлчөмдө суюктук ичинде топтогондугу үчүн көп болуп саналат.

Көп суу ичкенде сүт көбөйбөйт
Баарыбыз билгендей эле эне сүтү суу менен байланышпайт. Ал бала менен эненин ортосундагы талап жана сунуш болуп эсептелет. Бала сүттү каалаган учурда эненин сүтүн эмүү менен кардын тойгузат. Анын сүт менен эч кандай байланышы жок. Эне сууну канча кааласа ичсе болот, бирок анын сүткө эч кандай тиешеси жок.

Эне ар кандай тамактарды жесе баланын ичи көбөбү?
Албетте, эне тамак-ашты ылгабай жесе сүт аркылуу баланын ичи көөп кыйналышы толук мүмкүн. Эгерде ушундай жагдайларга туш болгондор кайсы азыкты жегенден кийин бала тынчсыздана баштаганын билүүсү зарыл жана ага жараша тамак-ашты алдын алуу керек.

Баланы тез-тез жана каалабаса да эмизүү туура эмес
Жаңы төрөлгөн ымыркайды тез-тез эмизүү керектелбейт. Бөбөк өзү курсагынын ачканын билдирүү үчүн ыйлаганда кардын тойгузуу керек. Ал эми бала көп эмип алып, кусат деп коркпой эле койсоңуз болот. Ал канча кааласа жана курсагы тойгуча сүт менен азыктанса болот.

Бөбөктү ар дайым көтөрүп жүрсө, көнүп кетет дебеңиз
Ымыркай жарык дүйнөгө келгенден тарта эне аны менен алек болот. Тактап айтканда, эне 24 саат бою баланын жанында болот. Мына ушундай учурда бөбөк ыйласа көтөрүп жүрүү ар бир эненин адаты. Бирок бала бара-бара ага көнүп калса, ыйлашы толук мүмкүн. Андай учурда эне туура эмес кылып, өзүмө берилген жүктү дагы да оорлоштурдум деп кыжаалат болушу мүмкүн. Бул туура эмес. Бала биринчи болуп энесин тааныйт жана ага жакын болот. Мындай учурда бала да энесин жанынан карыш жылдырбай калат. Баланы эне сүйүүсү жана эне мээрими менен эркелетүүсү зарыл. Мындай учурда эне мээримин төгүп кучагына алып көтөрүп койсо бала өзүн бактылуу сезет.

Бөбөгүңүздү ашыкча жана калың кийиндирбеңиз
Бала жаңы төрөлгөндөн тарта анын үшүп же үшүбөгөндүгүн билүү зарыл. Төрөлгөндөн кийин ага энесинин кийингенинен бир аз калыңыраак кийинтүү зарыл. Бир айдан кийин энесинин кийиминдей, т.а. энеси кийген кийимдери менен үшүбөсө, баласы да бөбөк кийимдери менен үшүбөйт. Эгерде сыртта аба-ырайы суук деп же дагы башка шарттарга ылайык ашыкча калың кийиндирсеңиз, ымыркайдын температурасы жогорулап кетет. Ал эми үшүбөйт, же эч нерсе болбойт деп, жука кийиндирип койгон камырабаган энелер баласын үшүтүп алуусу толук мүмкүн. Бала багуу чоң жоопкерчиликти жана эмгекти талап кылаары бышык.

Бөбөк сүт эмип жаткан учурда чакап калса эмне кылуу керек?
Бир тобу буга анча маани беришпейт. Кээде жөнөкөй деген нерсе опурталдуу ишке айланып келет. Бөбөк сүт эмип жаткан учурда кокустан чакап калса, аны көмкөрөсүнөн жаткырып, далы тарабына беш жолу акырын ургулоо керек. Андай учурда баланын дем алуусуна да көңүл буруу абдан зарыл. Эгер ага да болбосо, тезинен тез жардам чакыруу зарыл.

Баланын киндигине спирт же болбосо йод сүйкөө керекпи?
Жаңы төрөлгөн ымыркайдын киндигине да сак болуу зарыл. Эски ырым-жырым же көз-караштарга таянып баланы мерт кылып алуудан алдын алыңыз. Учурда технологиянын өнүгүшү менен ар кандай жаңы медициналык каражаттар чыгып жатат. Эски ырым-жырымдарды көп колдонуу туура эмес. Кээ бири кир же колдонулган медициналык каражаттар менен баланын киндигин кесүүдө ар кандай микробдордун кирип кетүүсүнө байланыштуу зыяндуулукка учуратат. Аны алдын алуу үчүн жана айыктыруу максатында спирт жана йод колдонулуп келет. Баланы дарыгердин колуна гана тапшыруу керек.

Көп кускан бөбөк салмагын жоготпойт
Ар бир бөбөк алгачкы 18 айга чейин оңой жана тез-тез кусуп турат. Себеби ашказан жана кызыл өңгөчтүн ортосундагы аралык өтө назик жана жумшак болот. Анын артынан бөбөк азыктарынын аш боло албаганын кусуу аркылуу кайра сыртка чыгарат же ичи көөп газ абалына келет. Андай учур кардын ашыкча тойгузгандан улам пайда болот. Баланын кусуусу ата-энелер тарабынан көңүлгө алынып туруусу шарт. Эгерде ашыкча кусса анда дарыгерге көрсөтүү зарыл. Бирок баланын салмагын көзөмөлгө алуу зарыл. Ал үчүн дарыгердин таразасына түшүрүп туруу керек. Баардыгы туура болуп жатса, кусуудан шектенбөө зарыл. Бирок ага карабастан арыктап жаткан болсо, дарыгердин кеңешин алуу шарт.

Унаанын ичинде бөбөктүн коопсуздугу үчүн атайын отургучтарды колдонуу керек
Баланын коопсуздугуна, өмүрүнө кам көрүү ар бир ата-эненин милдети. Бирок кырсык каш менен кабактын ортосунда дегендей, унаада бара жатып кырсыкка кабылган учурда, бөбөк эненин кучагында болсо эзилет же сыртка ыргып кетет. Анын алдын алуучу атайын бөбөктөр үчүн отургучтар колдонулган. Ал баланын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана ишенимдүү.

Баланы 40 күнгө чейин сыртка чыгаруу жана тырмагын алуу зарыл
Мындай адат бизде көнүмүшкө айланган. Ымыркайды жарык дүйнөгө келгенден тарта 40 күнгө чейин сыртка чыгарууга, ал гана эмес тырмагын алууга да болбойт деген ырымдар бар. Бирок алар туура эмес. Албетте 40 күн деген туура. Бирок баланы ушул аралыкта таптакыр сыртка чыгарбай коюуга болбойт. Эгерде эне төрөттөн кийин абалы жакшырып, өзүн жакшы сезсе бөбөгү менен сыртка сейилдеп келсе болот. Бул энеге да, балага да жакшы болот. Андан тышкары тырмагынын таптакыр узарып кетүүсүн күтпөстөн бир аз өскөндөн кийин колунун тырмагын жумасына бир, бутунукун айына бир жолу алып туруу зарыл.

3 айлык кезинде колун тез-тез оозуна алуусун алдын алуу керекпи?
Бөбөк ушул айларда колун же манжаларын оозуна салып, эмгенди жакшы көрөт. Бирок андай сапатты каалабагандар эки колун ороп коюшат. Муну менен баланын кылгысы келген нерсени жасатпай жаткан болушат. Бирок анын эч кандай зыяны жок. Ал 2 жашка жетпей эле мындай адатын таштап коёт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#366 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Сентябрь 2014 - 11:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым...
же ата-эне баласына кандай кам көрүшү керек?
Кээ бир бөбөктөрдүн тили кеч чыгып, кеч сүйлөй баштайт. Ал эми кээ биринин тили булбулдай сайрап эрте чыгат. Бирок ал учурларда тили чыкканы менен ар бир сөздү так жана туура айтып бере албагандан кийин, алар бөбөк тилинде бир нерселерди айтып, түшүндүрүүгө аракет кыла баштайт. Ата-энелер бал тилдүү баласынын сүйлөгөн ширин сөздөрүнө жетине албай аны менен бирге бөбөк тилинде сүйлөй баштайт. Үй шаңга бөлөнүп базарга айланат. Сиз канчалык бактылуу болсоңуз да, бөбөгүңүздүн тилинин өнүгүүсүн алга жылдыруунун ордуна артка тартып жатканыңызды эске албайсыз. Балаңыз ата же апа сөзүн туура эмес колдонуп жатса, ошого магдырабай, тескерисинче сөздү оңдоп-түздөө керек. Мисалы, "мага бер", деген сөздүн ордуна "мага бей" деп жатса, туурасын айтуу зарыл. Баланы тарбиялоо ата-эненин милдети. Андан тышкары, кеч сүйлөгөн балдар болсо, сөз менен айтып түшүндүрө албагандан кийин, алар кыймыл-аракет аркылуу түшүндүрүүнү каалашат. Мисалы, бөбөгүңүз суу ичкиси келсе, айтып олтурбастан стаканды колу менен жаңсап көрсөтөт, андан кийин аны иче тургандыгын түшүндүрүүгө аракет жасайт. Аны менен ата-эне баланын эмне каалап жаткандыгын түшүнүп, айтканын аткарышат. Бирок бул жаңылыштык экенин билишсе да аны оңдоонун жолун табышпайт. Аны менен катар, бала тил үйрөнүүгө аракет кылбай жалкоо боло баштайт. Албетте, сууну колу менен жаңсап койсо, маңдайына суу келе калса, оюнчукту көрсөтсө ал да даяр болсо, балага жагат жана сүйлөөгө аракет кылбайт.

Аны алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
Төрөлгөндөн тарта бөбөгүңүзгө жылуу жумшак мамиле кылыңыз. Андан тышкары аны өзүнүн ысмы менен чакырыңыз. Анын жанында унчукпай эле тура бербей, аны менен маектешиңиз, же ага карата көбүрөөк сүйлөңүз. Балаңыз сөз, үндү ажыратууну үйрөнгүдөй болушу керек. Уктоочу бөлмөсүнө жана бешигине ар кандай түстөгү мукам үндүү оюнчуктарды асып коюңуз. Андагы чыгып жаткан үндөргө жана кыймылдарга маани берсин. Төрт айдан кийин анын оюнчуктарды кармоосуна мүмкүнчүлүк түзүңүз. Жалгыз жарым калтырбоого аракет кылыңыз. Бир киши менен болсо да бир канча сөз үйрөнөт. Кечки тамакка олтурган учурда балаңыз сиз менен чогуу болсун. Кичине болсо да аны менен ойногонго аракет кылыңыз. Бул балаңыздын бардык нерселерди үйрөнүүсүнө шарт түзөт. Ага көбүрөөк ыр ырдап бериңиз, жомок айтыңыз. Андан тышкары жеңил жана бөбөктөргө ылайыктуу музыкаларды угузуңуз. Ыйлабасын деген шылтоо менен баланы телевизордун маңдайына олтургузуп коюу туура эмес. Андан сиз балаңыздын эрте сүйлөөсүнө жана акыл-эсине зыян келтирип жаткан болосуз. Ал эми 1,5 жашка келгенден кийин аны өзү менен тең балдар менен чогуу ойноосуна шарт түзүңүз. Керели кечке үйдө олтуруудан балаңыз тажап, кыйналып кетиши ыктымал.

2 жаш, суроону мөндүрдөй жаадырган учур
Бул жашта балаңыз басууга, чуркоого даяр болгон кез. Эки жашында бардык нерсеге кызыгып, тынч турбаган тентек балага айланат. Чуркайт, жыгылат, бир жерин көгөртөт, кайра чуркайт, тепкичтен ылдый түшүп чыгат. Кечинде чарчап келет. Аны менен катар, жөн эле ойноп жүрө бербестен бал тили кечке чейин сайрайт. Жөн гана сайрабай, кызыккан нерсени билүүгө жасаган аракети катары суроону мөндүрдөй жаагызат. Албетте бул курактагы жаш баланын суроо берчү убагы. Мындай учурда ата- энелер туура жана түшүнүктүү кылып, жооп берүүсү зарыл.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#367 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Сентябрь 2014 - 11:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Мен бир тууганымды эмнеге кызганам?
Бир туугандардын ортосундагы кызганычтык сезимдин пайда болушу да бекеринен эмес, мисалы, улуусу жаңы төрөлгөн кичүүсүн кызганган учурлар көп кездешет. Ал ата менен эненин кылган мамилесине жараша да болот. Алгач тун баласын эркелетип жакшы карайт, экинчи бала жарык дүйнөгө келгенден кийин мамилелери кескин өзгөрөт. Себеби, алар кичүү балага көңүл бурушат. Андай учурда улуусу мындай абалды оңой гана кабыл алчулардан эместиги анык болот.


Жакшы көрүү жана жек көрүү сезимдери

Бала жаңы төрөлгөн ымыркайга карата эки башка сезим менен жашайт. Жакшы көрүү жана жек көрүү. Ал кичинекей бөбөгүн жек көргөндүгүн же кызгангандыгын айтса, ата-энеси жана чөйрөдөгүлөрдөн тил угат, аны менен катар уятка калтырылат. Ал эми жакшы көргөндүгүн айтса, анда ошол эле адамдардан мактоо угат. Ошол себептен "азаматсың" деген сөз угуу ага жагат эмеспи, ошондой эле уккусу келбесе да айласыздан угууга мажбур. Ал үчүн бөбөгү ыйласа ата-энесинен мурун барып аны көтөрүп, сооротууга аракет жасайт. Анын бир тууганына жасаган мамилесин көргөн ата-эне жактырбай койбойт. Бирок бала бөбөгүн көтөрүү учурунда катуу кучактап жиберип аны ыйлатып алып, мактоо угуунун ордуна тил угат. Андан бала мынчалык тил уккудай эмне кылдым деп таарынат, ыйлайт. Баланын абалын түшүнгөн жан болбойт. Бирок мындай абал бир тууганы үйгө келгенден тарта пайда болгондугуна ишенет да ага карата жек көрүү сезими күчөй баштайт.

Бири-бирин салыштырбоо зарыл
Кызгануу сезимдердин эң чокусунда турганда ата-эне абдан сак болушу керек. Алгач эки бир туугандын ортосунда бири-бирин салыштырбаңыз. "Сен ыйлааксың, ал эми бир тууганың акылдуу, ыйлабайт" деген сөздөрдү айтуу менен ата-эне ката кетирген болот. Себеби балаңыз тентек болсун же ыйлаак болсун, ар бир баланын кыялы, ою ар башка. Сиз бири-бирин салыштыруу менен балдарга ынтымактуу болууну үйрөтүүнүн ордуна, жек көрүүгө түртүп жатасыз. Көпчүлүк ата-эне мындай абалга келтирбөө үчүн балдарын бөлүп карашат. Мисалы, эне жаңы төрөлгөн ымыркайды, атасы улуу баласын карай баштайт. Мындай абал да туура эмес. Эне күнү-түнү бөбөгү менен алектенип, улуусуна көп көңүл бөлбөй калат да анысы өзүн жаман сезип энесинин кичинекей бөбөккө ушунчалык көп көңүл буруп жаткандыгына нааразы болот. Өзүн болсо жалгыз калгандай сезет. Албетте, ата менен эне бирдей карашы кажет.

Ага аз да болсо жоопкерчилик жүктөңүз
Экинчи бөбөгүңүз жарык дүйнөгө келерге аз убакыт калганда улуу балаңызга ымыркайдын жынысы, ага керектүү нерселер (бешик, жаңы кийимдер ж.б.) туурасында да айтып бериңиз. Бул анын жаңы бир тууганы жакында үйгө келээри туурасында алдын ала билип даяр турганга керек. Ымыркай келгенден кийин ага болгон кичинекей жоопкерчилиги бар экенин да эсине салып коюу зарыл. Анын бөбөккө байке же эже болору, ал бир аз чоңойгондон кийин сенин жардамыңа муктаж экенин түшүндүрүү аны бир тууганына карата бир канча жоопкерчиликтин өзүнө тийиштүү экендигин билиши керек. Балаңыз бөбөгү ыйласа сооротууга аракет жасагысы келсе, аны кагып-силкпей, тескерисинче, сиздин көзөмөлүңүз аркылуу бир аз жардамын алганыңыз оң. "Колуңдан келбейт", "кыла албайсың" , "ыйлатасың" ж.б. деген сөздөр менен урушуу баланын жинине тийүү аркылуу жоопкерчиликти мындай коюңуз, ал өзүн дүйнөдө жападан жалгыз калгандай сезет. Ошондуктан аны бөбөгүнүн жанында жана ар дайым мактап туруу керек.

Убакытты чогуу өткөрүңүз жана аларга болушпаңыз
Ымыркай там-туң басып, андан кийин тили чыга баштаганда улуу кичүү бир туугандар бири-бири менен уруша башташат. Андай учурда ата-эне эмне кылуу керек? Болушуу керекпи? Бала деген бала, бирде ыйлайт, күлөт, таарынат. Андай учурда экөөсү ойноп жатканда бир пикирге келе албай урушуп жатышса болушуунун кереги жок. Талаш-тартыштарын өз ара чечишип алгандары дурус. Мындай абалда ата-эне болуша кетип, сөзсүз түрдө бирин таарынтып алышы ыктымал. Андан көпчүлүк учурда улуусу тил угат жана ал тил уккандыгы үчүн өзүн күнөөлүү сезет жана жогорудагыдай сезимдерге туш болот. Андыктан алардын уруш-талашына көңүл бурбаңыз. Беш мүнөт мурда урушат, он мүнөттөн кийин элдешип, мойтоңдошуп ойноп жаткан болот. Бири-бирин жек көрүүгө эмес, жакшы көрүүгө жана сыйлоого түрткү бериңиз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#368 Пользователь офлайн   Topcubai   12 Сентябрь 2014 - 11:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Какраз бизге пайдалуу кенештер экен.Фейжи оркунун оссун!!
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#369 Пользователь офлайн   bermet104   13 Сентябрь 2014 - 17:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 509
  • Катталган: 01 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2022 14:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс жактарда...

Ветерянка болуп атабыз...
Убакыт даарылайт деген созго ишенбей бараткандаймын. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#370 Пользователь офлайн   akzuura   13 Сентябрь 2014 - 18:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 11 Январь 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 11:22
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения bermet104 (13 Сентябрь 2014 - 17:51) жазган:

Ветерянка болуп атабыз...

Ветриянка бул кичинесинде чыкканы жакщы ал кычыштырат Жана суусу чыгат дененин баардык жагына чыгып анан кайра кайталанбайт. ага толка зелёнка улам улам койуп тур таттуу бербе малочный болбойт сууга жуунтпаш керек.денесини жакшы карасан жадакалса коздорунун ичинеда чыгат кулагын ичинеда чыгат экен. Вот мен билгенден ошол .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#371 Пользователь офлайн   shumkar929292   13 Сентябрь 2014 - 22:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 105
  • Катталган: 25 Январь 12
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 20:11

Жылуу кийинтип зел койсо тез эле жакшы болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#372 Пользователь офлайн   Jamalym   17 Сентябрь 2014 - 22:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Кыздаар мен да балам менен силердин катарынарга кошулдум.Эмчегим сутко толуп колдо саасам кол тийгизгис болуп ооруп атат саап салуунун оной жолдорун ким билет.Кенешинерди болушо кетсенер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#373 Пользователь офлайн   Leanor   18 Сентябрь 2014 - 03:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Июль 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 18:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Планета Земля

Салам кыздар.Биз уулум экообуз да катарынарга кошулдук.Баарыбыз оорубай,сыркабай аман-эсен торолуп алалык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#374 Пользователь офлайн   Leanor   18 Сентябрь 2014 - 03:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Июль 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 18:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Планета Земля

Просмотр сообщения Jamalym (17 Сентябрь 2014 - 22:44) жазган:

Кыздаар мен да балам менен силердин катарынарга кошулдум.Эмчегим сутко толуп колдо саасам кол тийгизгис болуп ооруп атат саап салуунун оной жолдорун ким билет.Кенешинерди болушо кетсенер.

Бизде да ушундай болду.Мен TOKI деген молокоотсосту колдонуп жатам.Кол менен саасан оорутат и еще кеч дагы болот.Молокоотсостун турлору болот,озуно жакканын тандап аласын.Мага CHICCO(1200сом) менен TOKIнин(700сом) модели жаккан,бирок аз эле колдонсом бекер эле иштетилбей калып кетет деп арзаныраак TOKIни тандадым и не жалею.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#375 Пользователь офлайн   Leanor   18 Сентябрь 2014 - 03:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Июль 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 18:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Планета Земля

Ким кайсы подгузникти колдонот?Озум болсо 2 чон балдарыма только Памперс колдонгом.Азыр деле Памперс менен баштадык,бмрок кечээ аптекадагы балама Хаггиз жумшак ошону колдоном деп айткандан кийин ойлонуп калдым.Озунор колдонгон подгузниктерди жаза кеткиле...Дагы акыркы убакта Merries,Moony деген японскийлерди угуп жатам.Ушуларды колдонгондор барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#376 Пользователь офлайн   Leanor   18 Сентябрь 2014 - 04:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Июль 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 18:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Планета Земля

Просмотр сообщения bermet104 (13 Сентябрь 2014 - 17:51) жазган:

Ветерянка болуп атабыз...

Ветрянкага тез-тезден зеленка сыйпа,жидкость коп берип бир температурада кармасан бат айыктырып аласын.Уйдо дагы болок жаш бала болсо,ага дагы жугат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#377 Пользователь офлайн   aijan   18 Сентябрь 2014 - 15:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Jamalym (17 Сентябрь 2014 - 22:44) жазган:

Кыздаар мен да балам менен силердин катарынарга кошулдум.Эмчегим сутко толуп колдо саасам кол тийгизгис болуп ооруп атат саап салуунун оной жолдорун ким билет.Кенешинерди болушо кетсенер.

1. Ото тар ич кийим кийбениз.
2. Канча коп саасаныз, ошончо коп келет. Так ышто, до облегчения чуть- чуть 5- 10 гр дай сааныз. Эн идеалдуусу, тынбай акырын укалап акканын агызып салуу. Аягына чейин саасаныз, кайра эле толуп чыгат.
3. Эгер оорутса, уплотнение болсо, ошол тарапты балага эмизе бериниз(так ошо ооруган тарабына баланын ээк тарабы дал келсе андан да жакшы), баладан откон дарыгер жок.

Молочных вам рек:)

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#378 Пользователь офлайн   aijan   18 Сентябрь 2014 - 15:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Leanor (18 Сентябрь 2014 - 03:58) жазган:

Ким кайсы подгузникти колдонот?Озум болсо 2 чон балдарыма только Памперс колдонгом.Азыр деле Памперс менен баштадык,бмрок кечээ аптекадагы балама Хаггиз жумшак ошону колдоном деп айткандан кийин ойлонуп калдым.Озунор колдонгон подгузниктерди жаза кеткиле...Дагы акыркы убакта Merries,Moony деген японскийлерди угуп жатам.Ушуларды колдонгондор барбы?

Мен да мерриес, мунилерди жакшы деп уккам, баасы да ошондой "жакшы" экен.

Хаггиз бизге болбоду.

Жанагы эле памперс.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#379 Пользователь офлайн   LEDI7MERI   18 Сентябрь 2014 - 15:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 08 Май 14
  • Соңку аракети: 30 Май 2015 16:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токмок-Москва

Просмотр сообщения Leanor (18 Сентябрь 2014 - 00:58) жазган:

Ким кайсы подгузникти колдонот?Озум болсо 2 чон балдарыма только Памперс колдонгом.Азыр деле Памперс менен баштадык,бмрок кечээ аптекадагы балама Хаггиз жумшак ошону колдоном деп айткандан кийин ойлонуп калдым.Озунор колдонгон подгузниктерди жаза кеткиле...Дагы акыркы убакта Merries,Moony деген японскийлерди угуп жатам.Ушуларды колдонгондор барбы?

Мен кызыма памперстин premiym care дегенин үч айына чейин колдонгом. Андан кийин памперс менен хаггисти аралаштырып. 8-9 айлыгында gerl трусыларын колдонгом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#380 Пользователь офлайн   Jypargul   19 Сентябрь 2014 - 20:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 12 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Май 2016 09:37
  • Жынысы:Аялзаты

Эмне кылыш керек билбей жатам . Уулум ар 2 минут сайын сийип жатат, шымдан - шым , колготки , трусаларын баарын бүгүн булгады тообо . Шаштымды алды , кантсем , эмне кылсам болот . Жүзүм жеди эле ошондон да болушу мүмкүнбү , Сибирдебиз балким аба ырайынандыр ? Эжелер жардамга :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (380 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июн 2025 11:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: