Суперстан: Түйүлдүктүн каты - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Түйүлдүктүн каты кош бойлуулар үчүн

#21 Пользователь офлайн   Jamalym   08 Сентябрь 2014 - 20:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Просмотр сообщения Kg.lady (08 Сентябрь 2014 - 02:05) жазган:

Аябай жакшы жазылыптыр. Кош бойлуу кезимди эске салды!
Ал эми болочок энелерге чыдамкайлык тилейм, мининен отуп, бири калыптыр. Жаратканымдын белегин колго алып, жытточу кундорду насип этсин!
Анан, гезиттин кийинки саны чыкканча Жамалым торот уйуно кетип калсанызчы, ким улантат:)

Ошол жонундо ойлонбоптурмун :crazy-girl:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Nura.1012   09 Сентябрь 2014 - 12:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 313
  • Катталган: 25 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Июн 2023 23:47
  • Жынысы:Аялзаты

Ичимдеги чурпом менен суйлошкондой болдум гоо.Журогум эзилип кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Samarbek-Nurelim   11 Сентябрь 2014 - 12:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 303
  • Катталган: 03 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Май 2017 16:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Инша Аллах!
Аллах чексиз мээримдуу,чексиз кечиримдуу, чексиз ырайымдуу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Nariste...12   16 Сентябрь 2014 - 18:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Сонун жазылыптыр.
Жамалым калганын да улантсаныз жакшы болмок.
Кутуп калдык.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   sezim1111   18 Сентябрь 2014 - 17:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 37
  • Катталган: 26 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 08:54

Жамалым наристесин колго алып жыттаап жатса керек азыркы учурда? Омурун берсин кудайым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   love8994   18 Сентябрь 2014 - 18:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 30 Июн 2020 22:06
  • Жынысы:Эркек

Эн жагымдуу ото жакшы тема жазыпсыз ыраазычылык .наристенин жарык дуйного келиши ата энеге чексиз бакыт тартуулайт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 12:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

[size="3"] Жамалым эже кап этпесениз бул жагын улантып коюууга уруксат этиниз[/size]Сүрөт

Саламатсызбы апаке, минтип мага жети ай болду. Салмагым болсо 1 кг болуп калды.
Жаңылык, мага каш-кирпик чыгып, тырмактарым өсө баштады. Сиздин каныңыздан алган минералдык туздардын жардамы менен сөөктөрүм бекемделип жатат. Менин өсүүмө кам көрүп сүт ичип, быштак, балык, сыр жеп жатканыңызга рахмат. Анткени бул азыктарда мага эң керектүү болгон фосфор, кальций көп. Анан да мага азыр Д витамини өтө зарыл. Ал үчүн күнгө көбүрөөк чыгыңыз­чы? ! Ушундай кылсаңыз мен чачтарым коюу болуп төрөлөм.
Сиздин ичиңиздин чоңойгону төрөтүңүздүн жакын экенин эскертип жаткандыр. Андыктан ошол убакта пайдасы тийчү көнүгүүлөрдү жасай бериңиз. Алардын эң керектүүсү - туура дем алып-дем чыгаруу жана денени бош кармоого үйрөнүү. Жасап көрөлүбү: терең дем алыңыз, кайра жай, денеңизди бош кармап дем чыгарыңыз. Бул жөнөкөй эле көнүгүү сезилгени менен төрөт убагында жасоо оор, ошондуктан азыртан жасап көнө бериңиз. Ушул көнүгүүнү жасап жатканда беттин булчуңдарынан баштап буттун тырмагына чейин бош кармоо маанилүү.
Апа, бутуңуз шишип кыйналгандырсыз. Жети-сегиз айда бутуңузга массаж жасап, эс алган сайын өйдө көтөрүп жатканыңыз жакшы. Анан велосипед тээп бараткандай абалда көнүгүү жасаңыз. Ыңгайлуу убакыт болсо тизелеп, төрт аяктап турганыңыз да өтө пайдалуу. Пол жууганда ушул калыпта жууганыңыз ашыкча болбойт. Ден-соолугуңузга жакшы кам көрүңүз. Сүйүктүү атама ысык салам айтыңыз.
Силердин мотурайган кичинекейиңер.
***

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 19 Сентябрь 2014 - 12:12

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 12:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Жаным апа, сүйүнчү, мен сегиз айга толуп, көздөрүм ачыла баштады. Боюм болжол менен 28 см болсо, салмагым 1700 граммдан ашып баратат. Сиз түнкүсүн уктай албай жаткандырсыз. Ошондуктан уктаар мезгилде таза абага сейилдеп, бир чайканып жатсаңыз денеңиздин клеткалары ачылып, өпкөнүн иштеши жеңилдейт да мага кислородду жетишерлик бере баштайт. Душтан кийин бир чай чыны сүткө бир чай кашык бал кошуп ичип жатсаңыз уйкуңуз таттуу болот.
Отуруп-турганда башыңыз айланып, көзүңүз караңгылап кетип жатса коркпой эле коюңуз, кан басымыңыз мен чоңойгон сайын төмөн боло бериши мүмкүн. Витаминдүү азыктарды жеңиз, анда да болбосо чыдагандан башка айла жок. Төрөөргө жакын уйку басып, унутчаак да боло баштайсыз. Бул өзгөрүүлөргө сарсанаа болбой эле коюңуз. Анткени төрөгөнүңүздөн кийин мунун баары калыбына келип калат.
Апа, бүгүн сизге тондогу суу жөнүндө айтып берем. Тондогу суунун 98 пайызы жөнөкөй суу, калганы белок, глюкоза жана витаминдерден турат. Микробдор жок. Ошондуктан мен аны чочулабай иче берем. Тондогу суу менин кичинекей бассейним. Ал мени сырттан тийип кетчү катуу нерселерден сактап турат. Ошондой эле үшүтпөйт. Анткени анын жылуулугу 37,5 градусту түзөт Ушундай жаңылыктарым бар, сизге жолукканча дагы кат жазып турам. Атама салам айтыңыз.
Силерди көрүүгө ашыккан балапаныңар.
***
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 12:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Кымбатым апа, тогуз айлык балаңдан салам. Ичиңизге дарбыз салып алгандай абалга келип калганыңызды билем. Киндигиңиз да топчудай болуп чыгып калгандыр. Мунун баары сиздин энелик бакытка бөлөнөөрүңүзгө аз калганынан кабар берет. Бул минуталарды мен да сагындым. Мен мурдагыдан бир топ чоңоюп калгандыктанбы, айтор, ичиңиз тардык кыла баштады. "Чемоданда" камалгансып колу-бутумду кайчылаштырып алып кысылып олтурам. Дагы жакшы, тондогу суу баштагыдан көбөйгөн. Мурункудай башым чоң күлкүлүү абалым жок, азыр келбеттүүмүн. Башым менен ылдый карап, жарыкка чыгууга даярдык көрүп жатам. Эгер сизге доктурлар дагы деле башы ылдый карай элек дешсе толкунданбаңыз, кыймылдап жылып бүтө элекмин. Кээ бир балдар ушундай абалда деле нормалдуу төрөлүп жатпайбы?!
Бүгүн сизге окситоцин гормону тууралуу айта­йын деп жатам. Окситоцин сиздин каныңызга келип, жатынды кысат, башкача айтканда толгоону баштайт. Төрөттөн ки­йин бул гормон жатындын мурунку абалына келүүсүн шарттайт. Анткени жатын мен алгач боюңузга бүткөндө 50 грамм болсо, мен жарыкка келерде мени менен кошо 1кг га чейин чоңоёт. Ушул окситоцин гормону сизди төрөттөн кийинки кан агуудан да сактайт. Ошондой эле мен үчүн ууздун бөлүнүп чыгуусуна жардам берет. Энелик инстинктти пайда кылып, күчөтөт.
Апоу, төрөөр алдында үй-жайды тазалай баштаганыңыз мени кубандырды. Өзгөчө мен үчүн даярдалган орун. Ага азыр эле жаткым келип кетти. Атамдын мага деп сатып алган оюнчуктары да сонун экен. Мындай даярдыктар менин силер үчүн канчалык маанилүү экенимди билдирет эмеспи?!
Сизге айтчу эки каа­лоом бар. Биринчиси, төрөлөрүм менен сиздин көкүрөгүңүзгө жаткым келет. Бул учурдагы байланыш мен үчүн өтө маа­нилүү. Эң алгач сиздин назик колдоруңузга барып, мээримдүү үнүңүздү уккум келет. Экинчиси, төрөлгөндөн бир нече мүнөт өтпөй ак сүтүңүздү эмгим келет. Көрөсүз го, эмиш үчүн кандай гана аракет кылаар экенмин. Ушул учурда атам жаныбызда болсо, ал да ичи ысып кубанат болуш керек.
Кайран апам ай, бул кубанычтуу көз ирмемдер үчүн тогуз ай бою сай сөөгүңүз сыздаса да чыдадыңыз. Ичиңизде кырк жума, тактап айтканда эки жүз сексен күн жашадым. Кош бойлуу кезиңизде 9-16 кг.га чейин салмак кош­туңуз. Менин салмагым болжол менен 3-4 кг болсо, тондун салмагы 0,5-0,7 кг болду. Тондогу суу 0,7-1,0 литрге чейин болсо, жатындын салмагы 0,8-1,5 кг. Кандын өлчөмү 0,5- 1,5 литр, калган суюктуктар 1,0-2,0 литр, майдын запасы 2,4 - 4,0 кг болду. Бул көрсөткүчтөр сизди таң калтырса керек. Анан да көптөр өз башынан өткөн төрөттөр тууралуу айтып жүрөгүңүздү түшүрүшү мүмкүн. Аларга көп көңүл бурбаңыз. Анткени кээ бир гана абалда окшош болуп калбаса ар бир толгоо же төрөт ар башка болот. Анткени ар бир аялдын организми ар башка эмеспи.
Азаматсыз апаке, канткен күндө да кош бойлуулуктагы түйшүктөрдүн баарына чыдадыңыз. Мунун баары оңой болгон жок, аны ичиңизден сезип жаттым. Чоңойсом бул түйшүктөрдү, мага берчү ак сүтүңдү актайм, апа. Ии, баса, мага ысым тандадыңарбы? Ой-ой-ой, толгоо башталды окшойт. Жатын мени катуу кыса баштады. Ал менин жарыкка чыгышыма жардам берип жатат окшойт.
Апа, кечир, катымды токтото турайын. Толгоо күчөп, мен ылдый сүрүлө баштадым. Төрөлөөр саа­тым келди окшойт. Баа­ры таң калычтуу болуп жатканы менен мен корк­кон жокмун, сиз да корк­поңуз, толкунданбаңыз. Андан көрө Жараткан жеңилинен берсин деп тилейли. Мейли апа, жарык дүйнөдөн жолукканча- а-а!!!
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   aayjamalka   19 Сентябрь 2014 - 14:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 173
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2017 18:07
  • Жынысы:Эркек

Иии жаным десе бизда 9айлык болуп калдык
mmm
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   aykyz   19 Сентябрь 2014 - 16:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 07 Август 13
  • Соңку аракети: 16 Окт 2020 17:24

Саламатсызбы апаке, минтип мага жети ай болду. Салмагым болсо 1 кг болуп калды.
Жаң ылык, мага каш-кирпик чыгып, тырмактарым өс ө баштады. Сиздин каның ыздан алган минералдык туздардын жардамы менен сөөкт өр үм бекемделип жатат. Менин өс үүмө кам көр үп сүт ичип, быштак, балык, сыр жеп жатканың ызга рахмат. Анткени бул азыктарда мага эң керектүү болгон фосфор, кальций көп. Анан да мага азыр Д витамини өт ө зарыл. Ал үч үн күнг ө көб үр өө к чыгың ыз­чы?! Ушундай кылсаң ыз мен чачтарым коюу болуп төр өл өм.

Сиздин ичиңиздин чоңойгону төр өт үңү зд үн жакын экенин эскертип жаткандыр. Андыктан ошол убакта пайдасы тийчү көн үг үү лөрд ү жасай бериң из. Алардын эң керектүү сү - туура дем алып-дем чыгаруу жана денени бош кармоого үйр өн үү . Жасап көр өл үб ү: терең дем алыңыз, кайра жай, денең изди бош кармап дем чыгарың ыз. Бул жөн өк өй эле көн үг үү сезилгени менен төр өт убагында жасоо оор, ошондуктан азыртан жасап көн ө бериң из. Ушул көн үг үү нү жасап жатканда беттин булчуң дарынан баштап буттун тырмагына чейин бош кармоо маанилүү .

Апа, бутуң уз шишип кыйналгандырсыз. Жети-сегиз айда бутуң узга массаж жасап, эс алган сайын өйд ө көт өр үп жатканың ыз жакшы. Анан велосипед тээп бараткандай абалда көн үг үү жасаң ыз. Ыңгайлуу убакыт болсо тизелеп, төрт аяктап турганың ыз да өт ө пайдалуу. Пол жууганда ушул калыпта жууганың ыз ашыкча болбойт. Ден-соолугу ңузга жакшы кам көр үңү з. Сүй үкт үү атама ысык салам айтың ыз.

Силердин мотурайган кичинекейи ңер.

***
Жаным апа, сүй үнч ү, мен сегиз айга толуп, көзд өр үм ачыла баштады. Боюм болжол менен 28 см болсо, салмагым 1700 граммдан ашып баратат. Сиз түнк үс үн уктай албай жаткандырсыз. Ошондуктан уктаар мезгилде таза абага сейилдеп, бир чайканып жатсаң ыз денең издин клеткалары ачылып, өпк өн үн иштеши жеңилдейт да мага кислородду жетишерлик бере баштайт. Душтан кийин бир чай чыны сүтк ө бир чай кашык бал кошуп ичип жатсаң ыз уйкуң уз таттуу болот.

Отуруп-турганда башың ыз айланып, көз үңү з караң гылап кетип жатса коркпой эле коюңуз, кан басымың ыз мен чоңойгон сайын төм өн боло бериши мүмк үн. Витаминд үү азыктарды жеңиз, анда да болбосо чыдагандан башка айла жок. Төр өө ргө жакын уйку басып, унутчаак да боло баштайсыз. Бул өзг өр үү лөрг ө сарсанаа болбой эле коюңуз. Анткени төр өг өн үңү зд өн кийин мунун баары калыбына келип калат.

Апа, бүг үн сизге тондогу суу жөн үнд ө айтып берем. Тондогу суунун 98 пайызы жөн өк өй суу, калганы белок, глюкоза жана витаминдерден турат. Микробдор жок. Ошондуктан мен аны чочулабай иче берем. Тондогу суу менин кичинекей бассейним. Ал мени сырттан тийип кетчү катуу нерселерден сактап турат. Ошондой эле үш үтпө йт. Анткени анын жылуулугу 37,5 градусту түз өт Ушундай жаңылыктарым бар, сизге жолукканча дагы кат жазып турам. Атама салам айтың ыз.

Силерди көр үү гө ашыккан балапаны ңар.

***
Кымбатым апа, тогуз айлык балаң дан салам. Ичиңизге дарбыз салып алгандай абалга келип калганың ызды билем. Киндигиң из да топчудай болуп чыгып калгандыр. Мунун баары сиздин энелик бакытка бөл өн өө рүңүзг ө аз калганынан кабар берет. Бул минуталарды мен да сагындым. Мен мурдагыдан бир топ чоңоюп калгандыктанбы, айтор, ичиңиз тардык кыла баштады. «Чемоданда» камалгансып колу-бутумду кайчылаштырып алып кысылып олтурам. Дагы жакшы, тондогу суу баштагыдан көб өйг өн. Мурункудай башым чоң күлк үл үү абалым жок, азыр келбеттүү мү н. Башым менен ылдый карап, жарыкка чыгууга даярдык көр үп жатам. Эгер сизге доктурлар дагы деле башы ылдый карай элек дешсе толкунданба ңыз, кыймылдап жылып бүт ө элекмин. Кээ бир балдар ушундай абалда деле нормалдуу төр өл үп жатпайбы?!

Бүг үн сизге окситоцин гормону тууралуу айта­йын деп жатам. Окситоцин сиздин каның ызга келип, жатынды кысат, башкача айтканда толгоону баштайт. Төр өтт өн ки­йин бул гормон жатындын мурунку абалына келүү сүн шарттайт. Анткени жатын мен алгач боюңузга бүтк өнд ө 50 грамм болсо, мен жарыкка келерде мени менен кошо 1кг га чейин чоңоёт. Ушул окситоцин гормону сизди төр өтт өн кийинки кан агуудан да сактайт. Ошондой эле менүч үн ууздун бөл үн үп чыгуусуна жардам берет. Энелик инстинктти пайда кылып, күч өт өт.

Апоу, төр өө р алдында үй-жайды тазалай баштаганы ңыз мени кубандырды. Өзг өч ө мен үч үн даярдалган орун. Ага азыр эле жаткым келип кетти. Атамдын мага деп сатып алган оюнчуктары да сонун экен. Мындай даярдыктар менин силер үч үн канчалык маанилүү экенимди билдирет эмеспи?!

Сизге айтчу эки каа­лоом бар. Биринчиси, төр өл өр үм менен сиздин көк үр өг үңү зг ө жаткым келет. Бул учурдагы байланыш мен үч үн өт ө маа­нилүү . Эң алгач сиздин назик колдоруң узга барып, мээримдүү үнүңү зд ү уккум келет. Экинчиси, төр өлг өнд өн бир нече мүн өт өтп өй ак сүт үңү зд ү эмгим келет. Көр өс үз го, эмиш үч үн кандай гана аракет кылаар экенмин. Ушул учурда атам жаныбызда болсо, ал да ичи ысып кубанат болуш керек.

Кайран апам ай, бул кубанычтуу көз ирмемдер үч үн тогуз ай бою сай сөөг үңү з сыздаса да чыдадың ыз. Ичиңизде кырк жума, тактап айтканда эки жүз сексен күн жашадым. Кош бойлуу кезиң изде 9-16 кг.га чейин салмак кош­туң уз. Менин салмагым болжол менен 3-4 кг болсо, тондун салмагы 0,5-0,7 кг болду. Тондогу суу 0,7-1,0 литрге чейин болсо, жатындын салмагы 0,8-1,5 кг. Кандын өлч өм ү 0,5- 1,5 литр, калган суюктуктар 1,0-2,0 литр, майдын запасы 2,4 - 4,0 кг болду. Бул көрс өтк үчт өр сизди таң калтырса керек. Анан да көпт өр өз башынан өтк өн төр өтт өр тууралуу айтып жүр өг үңү зд ү түш үр үш ү мүмк үн. Аларга көп көңүл бурбаң ыз. Анткени кээ бир гана абалда окшош болуп калбаса ар бир толгоо же төр өт ар башка болот. Анткени ар бир аялдын организми ар башка эмеспи.

Азаматсыз апаке, канткен күнд ө да кош бойлуулуктагы түйш үкт өрд үн баарына чыдадың ыз. Мунун баары оңой болгон жок, аны ичиңизден сезип жаттым. Чоңойсом бул түйш үкт өрд ү, мага берчү ак сүт үң дү актайм, апа. Ии, баса, мага ысым тандадың арбы? Ой-ой-ой, толгоо башталды окшойт. Жатын мени катуу кыса баштады. Ал менин жарыкка чыгышыма жардам берип жатат окшойт.

Апа, кечир, катымды токтото турайын. Толгоо күч өп, мен ылдый сүр үл ө баштадым. Төр өл өө р саа­тым келди окшойт. Баа­ры таң калычтуу болуп жатканы менен мен корк­кон жокмун, сиз да корк­поң уз, толкунданба ңыз. Андан көр ө Жараткан жеңилинен берсин деп тилейли. Мейли апа, жарык дүйнөдөн жолукканча-а-а!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   aykyz   19 Сентябрь 2014 - 16:57

#33 Пользователь офлайн   Begai.93   19 Сентябрь 2014 - 23:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 30 Август 14
  • Соңку аракети: 02 Сен 2018 08:40

Кандай кана сонун жазылган ) окуп алып козум жашылданып кетти
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Jamalym   20 Сентябрь 2014 - 15:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Feijipiao,рахмат синдим улантып койгонуна.Чын эле баламдан колум бошой албай атты эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Jamalym   20 Сентябрь 2014 - 15:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Иий,айтмакчы, автору: врач-педиатр, гинеколог-физиолог, медицина илимдеринин кандидаты "Балдар ооруларынын толук энциклопедиясынын" түзүүчүсү В.Н.Самарина.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Emu-Janyl   25 Сентябрь 2014 - 15:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 497
  • Катталган: 18 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Мар 2018 21:53
  • Жынысы:Аялзаты

Эн сонун жазылыптыр, журогум эзилип,менин да козумон анча-мынча жаштар тамып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Topcubai   25 Сентябрь 2014 - 22:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Аябай соонун жазылыптыр. Келинчегим экообуз жаны эле окуп бутурдук.Жаныбызда жаткан балабызды карап,кулуп, опкулоп жатабыз.Авторго, Фейжиге чоон рахмат айтты келинчегим
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   jyzka87   26 Сентябрь 2014 - 21:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 97
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Фев 2019 22:12

Кандай соонун жазылган. соз жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   bai.kymbat   27 Сентябрь 2014 - 19:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 356
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 18:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва-каракол

окуп жатып озунчо бир толкунданып алдым, биз буюрса 6 болдук. Азыр папабыз жумуштан келсе балан салам айтты деп ачып берип окутайын деп ойлоп койдум. Чоон рахмат сизге автор :gul:
келечек алдыда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   angel-dina   28 Сентябрь 2014 - 04:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 24 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Апр 2023 21:36

Мынча соонун.... Бизге да ушул кундор насип кылаар бекен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 15:12

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: