-Кеңешип кескен бармак оорубайт дейт,Жайнак аба.Өзүңүз менен кеңешели деп ууруларча түн жамынып келип олтурабыз.Оюңуз менен бололу.Балдар бири-бирин сүйүп үйлөнүп жатса,кыянаттык кыласызбы?Мындан ары эмне кылалы?Күйөо балаңыз азыркы шарт боюнча ата-энемди чакырып,комсомол тоюн өткөрөм деп камынып жатат.
-Камынса камына берсин.Бирок мен үчүн убара болбосун,айтып койгула экөөнө.Бир айтаарым кызым окуусун таштабасын.
Ачуусуна чыдабай муруту сербейип,өң-
даалаттан кетип,таноолору кыпчылып турган атамдын көңүлүн кандайча кылып тындыраарын билбей Акылбек ага мындай дептир.
-Махабаттай кызды тарбиялап өстүргөн ата-энеге ыраазыбыз.Бирок эжесинен мурда кетти деп балаңызды күнөөлөп олтурасыз.Менимче,
бул шылтоо эмес.Улуусунан муруп кичүүсү колукту албасын,кыздар күйөөгө чыкпасын деген кантип болсун.Майрамбекке колукту болуп баруудан Махабат жаңылган жок.Жакшы жерге,жакшы күйөөгө туш болду.Өзүңүз деле Махабаттын энесине кызыл кыргын,кара сүргүн менен баш кошкон турбайсызбы.
Эки жаштын тунгуч сүйүүсүнөн бүткөн балабыз деп атын өзүңүз Махабат деп койгон экенсиз.Же жалганбы?Багына каршы чыгып олтурганыңыздын себебине түшүнбөй олтурабыз,аксакал.
Балдарга эмне деп жооп айтып баралы.
Атам дасторкондун четин бир далайга кармалап,үнсүз олтургандан кийин ээгин көтөрүп,күндө калган эски бөздөй болуп каны качкан жүзүн олтургандарга буруп,оозун бүлк эттириптир:
-Айта турган сөзүм,бере турган жообум түгөнүп,башыма түн түшүп турганын өзүмдөн,аялымдан башка эч ким билбейт.Ойлонуп көрөйүн.Ары кетсе он күн,бер кетсе бир жумада мына бул Бердалы менен Ажардан жообун айтайын.Болсо-
болгонун,болбосо болбогонун угасыңар...
Атама баргандар ушуну айтып келишти...Атамдын,
эмне үчүн баргандарды капа кылып узатканына түшүнүгүм жетпеди.Майрамбекти койчу деп чанабы?Он күнгө чейин ким менен кеңешет болду экен?Кызык.Күйөөгө кеттиң деп, балалыктан кечип кетеби?Же эрден чыгарып алам дейби? Ушундай санааларды ойлой берип,башым маң болду.Эмне үчүн Турсунайдан мурда күйөөгө кеткенимди күнөөлөйт?Атам да акылынан адашкан экен деп ойлойм.Чын-чынына келгенде айлам кетип калды.Мага сыр беришпегени менен Майрамбек да,кайын энем да капа. Айтор,биздин үйдө кабагы ачык,көңүлү куунак жүргөн киши жок сыяктуу.Бардыгы мени алдашат,мени сооротушат.
А Майрамбек болсо жалынып-жалбарып,
өөп-жыттагандан башка мага берээри жоктой.Үйдө турганда имерчиктеп,
жанымдан чыкпайт.Үйдөүлөрдөн жазгырып,кандай кысталыш мезгил болсо да бир өөп алмайын кумары таркабайт.
-Жүрөүм жүрөгүң менен,боорум бооруң менен чогуу бүтүп калса керек.Көргөн сайын көргүм,өпкөн сайын өпкүм келет да турат.Чын ашыктар баш кошушпайт дешет экен.А экөөбүз кантип табышып калдык,ыя Махабат!Атың да Махабат,Өзүң да Махабатсың.
-дейт Майрамбек.
Күйөөм жанымда турганда өзүмдү телегейи тегиз,өмүрүндө кемчилик көрбөгөн толтура адамдай сезем.Кайын энем биз уктап жатканда ойготпостон,
койлорду кээде өзү чыгарып кетет.Анан калса Майрамбек экөөбүздүн оңойлук менен сөзүбүз бүтүп,сүйүүбүз таркар эмес.
Жапайы розалар Зуура Сооронбаева
#123 16 September 2014 - 18:20
Айланайын Махабат, жаза кор, ой Белка 

, тоюн биз да күтүп жатабыз, тезирээк той болсун!!
!
#124 16 September 2014 - 18:26
Мен да күткөнский.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#127 16 September 2014 - 21:49
#128 17 September 2014 - 00:17
Ой, сиз буякты күткөнскийди кое туруңуз, тияктагы "Доуэлдин башын" бүткөнский кылыңыз...
!!!
Ага бүткөнскийге көп бар.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#129 17 September 2014 - 00:57
Кайын энем бир күнү койлорун короодон чыгарып,үйдөн эчак алыстап,тоо таянып кеткен уулунун караанын эмне үчүндүр кадала тиктеп турганын көрүп,ууртумдан жылмайып койдум.Эмне ойлоп турат болду экен?Же баласын малдын артынан жүрүп куурады дейби дедим газ толтурулган баллонду боз үйдүн босогосунан ичкери тоголотуп баратып. Кайын энемдин үнү артымдан ээрчий кирди.
-Э,Махабат.
-Ии.-Түзөлүп тура калдым.
-Тигил Макендин көзү койдо эмес эле,үйдө болуп баратат.Барчы балам,сенин жасаганыңды мен деле жасайм.Күйөөңдүн кой жайган жерин кошо барып көрүп кел.
Айталбай турган сөздү угуп,сүйүнүп кеттим.Майрамбектин артынан жемпирмиди колунан кармаган бойдон үйдөн жүгүрүп чыктым.Бир заматта өр таяна бердим. Күйүккөнүмө карабай учуп келаттым.Демим көөдөнүмө батпай жүрөгүм дик-дик согот.Барган сайын тоолор да,жолдор да бийиктегенсип чарчай баштадым.Маңдайымдан тер чыпылдайт.Койлор жайылып бараткан белести карап токтодум.
-Майрам-бэ-э- к!Май-рам-бэ- э-э-к!
Күйөөм турнабайды көзүнө салып,мен тарапты аң-таң болуп карап турганын билдим.Эмне болуп кетти деп чочулайбы,бир орундан жылбайт.Анан мени чакырып,колун булгалай баштады.
-Ма-ха-бб-а-а- а-т!Ма-ха-бб- а-а-а-т!
Майрамбектин үнүн туурагансып капчыгайлардын ичи да: "-Ма-ха-бб- а-а-а-т!Ма-ха- бб-а-а-а-т!" -деп кошо жаңырат.Ал мени көздөй,мен аны көздөй жүгүрөм.
Жайдын толуп турган кезиндеги жайлоонун көркү кандай болду экен деп ойлойм.Чөп-чардын өзөгү катайын деп,эрте ачылган гүлдөр күбүлүп,кеч ачылчулары чанагын жаңы жарып,жапайы розалардын кээ бир гулсүз жалбырактары болбосо,бул мезгил да өзүнчө кооз,өзүнчө март.Көзүмө бул жердин суусу эмес,ташына чейин сүйүү болуп көрүнөт.Айланада кандайдыр бир жагымдуу жыт жашаган Аркар от деген майда жалбырактуу жыттуу чөп болот экен.Ошондон тутамына толтуруп терип келген күйөөм:
-Жыттачы,сенин жытыңа окшоп кетет.-Мурдума жакындатты.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#130 17 September 2014 - 01:01
-Бах,сонун экен.-Кайра-
кайра шуу-шуу жыттайм.Экөөбүз көптөн бери көрүшпөгөнсүп кайра баштан кучакташып,
кайра баштан өбүшөбүз. Болор-болбос кыярып бараткан,жашыл тукабага окшогон бетегенин үстүндө сулк жаткан мени бооруна сыга кучактаган күйөөм,эки эмчегимдин ортосунан кумарлана жыттайт.
-Сүйүү адамды жашартып,өмүрүн өмүргө улап турат деп айткан экен бир акылман.Кандай туура айтылган сөз.Мен сени менен бактылуумун, жаным!
-Мен дагы,Макен! ..
Анын чачтарын кош салаалап артын көздөй тарайм.Майрамбектин алдында ар-дайым Батыш эжем сыяктуу назик да,абийирдүү да болгум келет.Ушинтип бардык ишке,ысылуу- суукка бел байлатып,тобокелге салып турган Майрамбек экөөбүздүн ортобуздагы балтыркан сүйүү.Качып кеткенди уккандын эртеси биринчи болуп келген Батыш эжем.Өзүбүздүн үйдөн Ажаркандан башка киши каттай элек.
Акылбектер баргандын эртеси атам эч кимге айтпай,кайдадыр бир жакка кеткен бойдон келе элек деген.Энеме кимдир бирөө менин Майрамбекке качып кеткенимди айтып коюптур.Ошондон баштап кабагы карыш түшүп,жоодон жеңилип,душмандын колуна түшкөн туткундан бетер тилсиз олтуруп калган имиш.Мен буга чейин энемди кишиден жеңилет деп ойлогон эмес болучумун. Азыр жа энем жөнүндө,Турсунай жөнүндө ойлоп,жүрөгүм сыздап турду.
-Асканын башын алая тиктеп,эмне мынча ойлонуп кеттиң?-Башын тиземе коюп чалкасынан жаткан Майрамбек колумдан кыса кармап,жүзүмө жоодурай тигилди.
-Эчтеке!-Чекесинен сыладым.
Экөөбүз тең ордубуздан турдук.Алды жуушай баштаган койлорду сууну көздөй имердик.Жезбилек ушуну эле күтүп тургансып,койлорду өзөндү көздөй күргүчтөнтүп айдап жөнөдү.
-Жезбилек! -Майрамбек кыйкырып жиберди.Ээсинин ачуулуу үнү чыкканда куйругун шыйпаңдатып келип бир таштын үстүнө чочоюп отуруп калды.-Чоң тойгон койлорду эмнеге үркүтүп жатасың?Өрөпкүтпөй акырын айда.Угуп жатасыңбы?-Сөөмөйүн кезеди.
Жезбилек кулагын тикчийтип,Майрамбекти бир демге тиктеп туруп жаагын кере ачып,каңшылаган болуп таштын бетин эки алдыңкы буту менен тырмап койду.
"Жөнө,кокустан койлорго ит-куш кабылып калбасын.Суу ичип жатканда шаштырбай алыстан көзөмөлдөп тур,кана ичишсин.Биз мына артыңдан кеттик."
Ит ордунан боюн кере козголду.Артын жалтаңдай караган дөбөт мурункудай чагарактабастан куйругун булгалап,бөрү желишке салып,койлордун артынан кетип баратты.
-Итиң акылдуу ит экен,ээ,-дедим Жезбилектен көзүмдү албай.
-Буга тапшырма гана керек.Айтып койсоң койду короосу менен өзу жайытка айдап барып,кечинде кайра айдап келет.Бирок иттин иши ит да.Ар-дайым мени менен ысык-суукту бирге көрөт. Көзүн ача элек кезинде,окуудан тарап жайлоого кетип баратып,бадалдын түбүнөн таап алгамын.Ошондон бери достугубуз бекем.
Жезбилек бизден узап баратып,шоңшоюп отуруп калды.Ой тараптын абасын тумшугун көтөрүп,мурдун кыймылдатып искеп-искеп алып,борс этип койду.
-Бирөө келатат деп жатат окшойт.Кана, көрөлүчү!

#131 17 September 2014 - 01:04
Майрамбек асынып жүргөн дүрбүсүн боосун оңдоп көзүнө кармады.
-Мына айтпадым беле,Болотбек келаткан тура.
-Берчи,мен да көрөйүн.-Майрамбектин кармап турган дүрбүсүн алмакчы болуп,боосунан кармадым.Ал турнабайды мойнунан чыгарып мага сунду.
Карагайлуу капчыгай,жалама зоолор бет алдыма келди.Төмөнкү кыяда карагердин оозун жыя кармап,шайбырлай бастырган жаш улан үзөнгүсүн чирене теминет.Жогорку бетте кара комоктой болуп бир үйүр жылкы жайылып жүрөт.Сүмбөдөй болгон эки бышты моюн алышып,жалдарынын түбүнөн жытташат.Анын бери жагында жүнү жерге тийген топоздор тобу менен асканы көздөй чубап баратат. Кимдир бирөө киши бою келген жаш балаты менен катар өскөн топ четиндин ортосунда атын оңдоп токунуп жатканы көрүнөт.Алыста- алыста укуругун сүйрөгөн бирөө салган бойдон тигил жылкылардын туура тушунан чыга келди.
Жаратылыштын сулуулугуна тойбой,айланага кыдырата көз чаптырам.Эмне деген ажайып жер деп ойлодум.Эгер мен художник болсом,ушунун баарын өзүндөй кылып кагаз бетине түшүрө алаар белем.Адам! Жаратылыш! Жайылган төрт түлүк!Жомокто айтылып жүргөн бейиштин өзү.Ооба,бейиштин өзү.Адам баласынын сүрөттөөгө сөзү жетпей турган ушул сыяктуу ажайып жерди мекендеп турган кишинин да арманы болор ээ.Садагаң кетейин кыргыз жергеси ай.Карасаң,Макен.
Майрамбек сулуулуктан өзүн бөлө албай менменсип тургансыйт.
Жылкычынын күүсүн ышкырыкка салып чыбызгыдай толкуган үн туура жагыбыздан угулду.Дүрбүнү көзүмдөн жулуп алып,ошол жакты жалт карадым.Болотбек бизге жакын келип калыптыр.Ал Кадыркул аганын баласы болучу.Бизди чакырып келиптир.Койго аны таштап,Майрамбек экөөбүз үйдү көздөй бет алдык.Ал койду такай жөө жаят экен.Кол кармашып алып,эңкейиште жүгүрүп келаттык.Түзгө түшүп,боз үйлөр көрүнгөндө жоолугумду салынып,Майрамбектин колундагы жемпиримди кийдим.Биз жакындаганда энем алдыбыздан утурлай басты.
-Ажаркан кудагый келди.
-Ким менен келиптир,өзү эле бекен?
Майрамбек энесинин далысына жабышкан чөптү алгандан кийин,жоолугунан чыгып турган саамай чачын ары киргизди.
-Мыкаттын инилери дейт,жанында эки бала бар.

#132 17 September 2014 - 01:08
Асан менен Үсөндун келгенин укканда сүйүнүп кеттим.Кантип жиберди экен деп ойлодум,энем жөнүндө.Биздин дабышыбызды уккан бөбөктөрүм үйдөн октой атып чыгышты.Үчөөбүз кучакташып калдык...Үйгө кирип жеңем менен учурашып болуп,атамды сурадым.
-Атам кечээ келди,Фрунзедеги кызыныкына барыптыр.
Кызык.Турсунайдыкына эмнеге барды экен деп ойлодум. Майрамбек экөөбүз бири-бирибизди карадык.
-Акылдуу кишиге айла жок экен,сыпайы кудагый.Менин кайын агам телегейди тең санаган,теңиз киши.(Атам жашына жетпей алжый баштаган экен деп ойлодум.Он күндө жооп берем дегени Турсунай менен кеңешем дегени го.Мунун эмнеси акылдуулук, теңиздиги кайсы?)-Эл орунга олтура ушул жерден түшкөн такси менен түз эле Турсунайдын үйүнө барып түштүм дейт.Ошол күнү кызынын кубанычы чоң экен.Кечки университетке кабыл алыныптыр. Атаң өз оозу менен айтып олтурду бизге.
"Ойдо жок жерден мени көргөн Турсунай:А-та- ке-е-е!-деп бир бакырып алып,кучактап жыгылды.Ал да ыйлады,мен да ыйладым.Экөөбүз тең ыйладык.Жакшы эле бек элем,кандай жашык болуп кеткенимди билбейм,өзүмдү не кармай алайын.
Бир заматта дүйүм тамакты алдыма төгүп салды.Үстүмө үйрүлүп түшүп,чарк көпөлөк айланат.Тамак үстүндө бир суу жоолукту астыма жаап,бир суу жоолукту жаныма койду.Атайын эле кагылып адам болуп калыптыр.Мен аны мындай болот экен деп эч ойлогон эмес элем.Тез өзгөрүп кеткен экен.Тамак ичип бүткөндөн кийин экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук.Атайлап барган жумушум Махабат жөнүндө болсо да,оозума ал жөнүндө сөз кирбеди.Мыкат кайда ата?Дени сак жакшы жүрөбү?-деп Турсунай өзү сурады.
Эмне деп жооп берээримди ойлонуп,бир аз олтургандан кийин минтип айттым:
-Махабат куруп кетсин,күйөөгө качып кетиптир.
-Күйөөгө дейсизби?-Шалдая түштү.-Капжок дегенде окуусун бүтүп алып чыкпай,шашып кеткен экен.Кантебиз бактылуу болсун.

#133 17 September 2014 - 01:11
-Ой,ошонун багы менен жерге кирсин.Ал бактылуу болгондо канча кишини жан сактатат эле.
-Деги дайынын айтыңызчы,кайда кетиптир?
-Майрамбек деген койчуга.
-Ыя?Чын эле ошого кетиптирби?
Турсунайдын башы шылк дей түштү.Жүзүнө тик багып карай албай турдум.Ал бир топтон кийин башын көтөрдү.
-Болуптур,ата, барса жакшы болуптур.Майрамбекке кетээрин мурун эле билгем.
(Сөз ушул жерге келгенде эч нерсеге түшүнбөй,оозум ачылып калыптыр.Турсунай Майрамбекти кайдан тааныйт болду экен?-деген суроо чыкыйыма чыга түштү.)
-Билгем дейсиңби?Андай болгондо мурдатан эмне үчүн айткан жок элең бизге,кызым?
-Эмне деп айтам,кызык сүйлөйсүз.
Үндөшпөй калдык.Бул жерге,Турсунайдын өзүнө эмне жумуш менен келгенимди унутуп калгандай,алдымдагы лимон салынган чайдан көзүмдү албайм.Кызымдын үнү чыкканда кашым серпиле түштү.
-Орун салып койдум,жатып эс алыңыз.Калган сөздү эртең сүйлөшөлү.
Махабаттын жайын укканда,мен Турсунайды мындай кабыл алат экен деп ойлогон эмесмин.Баякы камгактай учкан,шайкелең бойдон го дечүмүн.Өкүрүп- кыйкырып төрт айламды түгөтөр бекен дегенмин.Бирок андай болгон жок.Керебеттин башы менен тең кылып,керилитип төшөк салып,ак шейшепти жайып салыптыр. Кызымдын кайсы убакта жатып,кайсы убакта турганын да билбейм.Эртең менен турсам таң атпай тамак жасап жатыптыр.
-Жата турбай,эмне үчүн эрте турдуңуз?
-Эртерээк кетейин,мени узат,балам.
Кызымдын кабагы түйүлө түштү.
-Бүгүн эле кетип каласызбы?Эртең кетпейсизби?
-Болбойт айланайын.Колхоздо кан күйүп жаткан учур.Эч кимге айтпай да,суранбай да чыктым эле.Бул жакка кеткенимди башкалар эмес,энең да билбейт.Бир жакка барып өлүп калган экен деп,тополоң түшүп жатышпаса эле болду.
-Баса эгин чабуу башталбадыбы? Аштыктын тушүмү кандай?
-Жакшы,балам. Атаң алты метр узабай эле бункерди кызылга толтуруп алып,машина кичине кечиксе эле комбайндын гудогун озоңдото берет.Быйылкыдай тушүмду өмүрүмдө көргөн эмесмин.Ташыганга шофёрлордун шаасы жетпейт.Шаардан жардамга дагы машина келет деп жаткан. Кишиден машина көп.Тим эле кара таан.Бир эле комбайндын аркасында беш-алты машина.Механизаторлордун суусун жутаарга чамасы жок.Ушул абалды көрүп туруп,шерменде болдум го.
Шартымды уккандан кийин кызым жумшарып калды.Ошол эле күнү эртең мененки тамактан кийин жолго чыкмак болдум.Махабат жөнүндө сөз түнкү боюнча жаңыртылбады. Эмне деп айтаарымды билбей,ордумдан туруп баратып,стулдун четине кайра көчүк бастым.Турсунай ички үйдөн бир калың конвертти алып чыгып,колума карматты."
Майрамбектин энесинин эки көзү чекчейип,жеңемди тиктеп турган.Ал ортодо болуп жаткан сөзду жактырбагандай, колунда кармап турган чайын же ичпейже жерге койбой таңдана сурады:
-Кагылайын Ажаркан кудагый,бизге башка айтаар сөзүң жокпу?Келгенден бери Турсунай,Турсунай эле дейсиң.Аныңар эмне болгон Турсунайыңар эле.Ал кыздын Майрамбек менен Махабаттын турмушуна кийлигише турган кандай жөнү бар неме?
Мен Майрамбекти карадым.Эмне үчүндүр анын өңү бузулуп,көздөрүнөн зил чачып турганын көрүп,жүрөгүм дүпөйүл тартып,бир нерседен шектенгендей бүткөн боюм жыйрыла туштү.

#134 17 September 2014 - 01:20
-Кудагый,-деди женем кайненеме тигиле,баланын өзүн тууган менен анын кыял-жоругун кошо туубайт тура.Махабаттын энеси көз жумгандан кийин,кайнагам ушул азыркы кудагыйыңарга үйлөнгөн.Турсунай ээрчите келген кызы эле.
-Ээрчите келгенин эчак эле укканбыз.Кудабыз улуу кызыман мурда кичүү кызым кетти деп,баргандарга тыңгылыктуу жооп бербей узатса,эми сен анын үстүнө кат деген балакетти кошуп алыптырсың. Сөздү чоё бербей,ошол олуя кызыңар жазган каттын жөн-жайын айтчы...И,Турсунай кат алып чыгып берди атасына,анан эмне болду?..
Ажаркан сөзүн улады:
-Мен кудаңыздын сөзүн айтып жатам,шашпаңыз, азыр баарын түшүнөсүз.
-Ушуну энеме алып барып бериңиз,-дептир кызы.
-Катпы?Эмне деп жаздың?-деп кайын агам сураптыр.
-Махабат жөнүндө эле,ата!
-Махабат жөнүндө дейсиңби?-дедим дейт.
Башын ийкептир кыз.
Катты колума коомай кармап турдум.Эмне деп жазганын сурай албай дендароо болдум.Мени түшүнгөндөй, Турсунай колума кармап турган катты кайра алып,костюмумдун топчулугун чечип,алиги катты ортосунан бир бүктөп төш чөнтөгүмө салды.
-Энеме айтыңыз,шашпай түшүнүп толук окусун...Үйг жеткиче эси-дартымдын, баки-жогумдун баары жанымдагы катта болду,-дейт атаң.
-Үсөндү жибергенинен Бердалы экөөбүз барсак,ушулар жөнүндө айтканы чакырышыптыр. Угуп алып аябай сүйүндүк.Бул жакка кетээрде столдун тартмасында турганынан окутайын деп,чөнтөгүмө салып алдым эле.Турсунайдын катын окугандан бери энең баякы эне болбой,момун болуп калды.Мен туйлаганым менен кызым кеңдик кылып кечирип жатса,айлам барбы.Барып айтып кел,кечтим күнөөсүн.Келебиз дешсе келе беришсин деди.Атаң эрте менен жолго чыкканы жатсам,биздикине келиптир.Жалгыз кызымды малга сатпасымды күйөө балам менен кудагыйым эсине алсын деп эскертти.Өз малым өзүмө,өз оокатым өзүмө жетет.Керек болсо менден алышсын.Шарттары келсе,кыйналып- кысталышпаса келип,тели-теңтуштарын чакырып,ага- тууганга үйлөнүү салтын жасап кетишсин.Биз да камыналы,өздөрү да камынышсын. Ата-баланын да сеники-меникиси болобу.Мынча болбосо болот эле,болгондон кийин тапкан-ташыганм ошол экөөнүкү.-деди атаң.Сыягы энең экөө ушинтип кеңешишсе керек.Баса,Турсунайдын каты мынакей,окучу Мыкат.
Мен катты алып ичимден купуя окуй баштадым.

#135 17 September 2014 - 01:28
Достор чыгарманын бүтөөрүнө аз калды.Бүгүн аягына чыгарып салайын деп канча аракет кылсам да бүтпөй калды. Эми үч-төрт күн жаза албайм. Мени урушпагыла ээ? Үйүмө Кыргызстандан коноктор келет азыр 20 минутадан кийин келишет.Эми ошолор кеткенден кийин жазып бүтүрөм буюрса
.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#137 17 September 2014 - 02:26
ообаэже сизди шаштырбайлы беймарал кыла берини ишинизди
биз куто турабыз
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#139 20 September 2014 - 00:06
Men tuwugon jokmun tursunay mn mayrambektin ne baylaniwi bar anan da ogoy enesi nege momun bolup kaldi?please answer
#140 20 September 2014 - 08:46
Аягына чыксан тушунобузго дейм. Мен дагы сен ойлогондой байланыш барбы деп турам.

Супер-Инфо
super.kg
видео