Бирин өлүп бирин кал мага чын жүроктон баари бир ушуну көрмөксүнөр
Аалам сырлары 2 Эфирде
#122 12 March 2014 - 18:26
Кимдин созуно ишенууну да билбейсин киши.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#123 13 March 2014 - 13:38
"Аалам сырлары" жабылабы? Мындан эки жыл мурун КТРКда жаңы теледолбоор ачылып, анда Россиядагы "Битва экстрасенсов"
берүүсүндөгүдөй болуп көзү ачыктар өз касиеттерин элге көрсөтүшкөн.
Финалга үч экстрасенс чыгып Фатима аттуу карта менен баарын билип койгон көзү ачык жеңип кеткен. Ошол берүү эфирге чыгып карапайым калктын арасында эми гана популярдуу болуп баратканда мусулмандар бул берүү Алланын жалгыз экенине шек туудуруп, элдин аң-сезимин бузуп жатат, адаштырып жатат деп каршы чыгышкан эле. Ошентип долбоордун 1-сезону жыйынтыкталган соң ушуну менен "Аалам сырлары" бүттү го деп баары унутта калган эле. Анүстүнө бир гезит "Аалам сырларынын"
алып баруучусу жана автору Назира Айтбекованы тамашалай коебуз деп, анын чыры Россиянын мамлекеттик телеканалы аркылуу көрсөткөнгө чейин жеткен. Көпкө созулган бул окуядан кийин жогорудагылардын баары унутулган болчу. Жыл жаңырары менен КТРК аркылуу кайрадан кете баштаган "Аалам сырларынын"
2-сезону мусулмандарды кайрадан реакция жасоого түртө баштады. Анүстүнө мурунку сезондун финалисти белгисиз себептерден улам өлтүрүлгөн Кубаныч Мурзаевдин өлүмүн да ушул берүүгө байланыштыргандар болбой койгон жок. Жакында экс-муфтий Чубак ажы Жалилов, ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу, жаштар арасындагы активисттер болуп атайын бул теманын тегерегинде пресс- конференция уюштурганга да жетишти. Бул пресс-конференцияда алар КТРК жетекчилигине эскертүү беришип, керек болсо нааразылык акциясына чыгарын да билдиришсе,
депутат Турсунбай Бакир уулу Кубат Оторбаевди кызматтан алуу маселесин президентке сунуштаарын айтты.
Оторбаевке тиш кайрагандар жашыруун деле эмес...бизде баарын эле саясий оюнга айлантып жибергенге машпыз деги...
#124 13 March 2014 - 13:45
Чубак ажы ЖАЛИЛОВ, экс-муфтий:
- Асмандык диндердин бардыгы, Кудай тарабынан китеп түшүрүлгөн диндердин бардыгы көзү ачыктыкка, ошондой эле жокту билип айтып берүүгө каршы келет. Мындай кадамдар, мындай берүүлөр шариятта ыйман жолунан чыгара тургандардын бири болуп эсептелет. Алла Таала Курани Каримде өзүң билбеген нерсени айтпагын деп мына ушундай көзү ачыктык кылгандардын туура эместигин баяндаса, пайгамбарыбыздын осуятында кимде ким көзү ачыктарга ишене турган болсо, ыймандан чыгып, мусулманчылыктан кетет. Ал эми ишенбей туруп жөн эле кызыкчылык үчүн көрө турган болсо 40 күнгө чейин намазы кабыл болбойт деп айтып кеткен. Биздин өлкөнүн калкынын 80 пайыздан ашыгы ислам динин тутунушса, башка салттуу диндегилер да мындай көрүнүштү туура эмес деп айтышат. Ал эми дин боюнча түшүнүгү жоктор билбей телевизордон көрө бериши мүмкүн. Мунун башка дагы зыян жактары бар. Адамдын келечекке болгон ишенимдерин жоготот. Сен мындай болосуң, тигиндей болосуң деп айтып бергенде ал аткара турган жумушун аткарбай, келечектен үмүтүн үзүп коюшу мүмкүн. Кыскасын айтканда, биздин өлкөдөгү жалпы мусулман дүйнөсү дагы, православ дүйнөсү дагы бул нерсеге каршы турат. Биз демократияны четке какпайбыз, бирок демократиянын шарттарында көпчүлүк адамдардын пикирин эске алуу керек деген маселе бар экенин эске салабыз.

Добушка коюп туруп эле билбесе копчулук каршыбы же макулбу, Кыргызстандын бардык тарабынан суроо жооп жургузушу керек андай болсо, андан кийин айтса болчудай канча %ы каршы ,канчасы макул экенин.
#125 13 March 2014 - 13:49
Асыл Аппасова: "Дана cайттарга ыйлап чыга электе фейсбук баракчасына мени мактап жазган."
«Аалам сырлары» теле долбооруна байланыштуу чуулгандуу аудиожазуу чыкканы коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып келе жатат. Дана Абдыбекованын айрым гезит беттерине берген маалыматтарына караганда Асыл Аппасова ызы-чуунун башында турат жана аны курал катары колдонгон. Чындыгында ким ак жеринен күйүп, ким өзүн актап жатат? Бул суроолор көпчүлүктү бүдөмүк ойлорго түртүүдө. Асыл Аппасова чындыгында Дана айымды курал кылганбы? Жоопту өз оозунан угалы…
- Асыл эже, алгач чуулгандуу аудиожазуудан кеп баштасак?
- Аудиожазуу интернет сайттарында чыккандан кийин дароо эле жетекчиликке чалгам. Чаларым менен Кубат Оторбаев: «командаңды чогултуп тезирээк, Дана менен Индираны алып кел» деп калды. Чогулуш өткөрүп баарын чакырдык. Дана келери менен эле: «эже, мен минтип сүйлөгөн эмесмин, бул монтаж, мен аны менен беттешип, бетине коюп берем» деп айткан. Беттешсе беттештирип көрөйүн деп Индира Исманкуловага чалсак албай койду. Дана менен биргеликте Индираны издеп үйүнө барсак үйүндө да жок экен. Биз аны таппай жүрсөк, сайттардан «мени коркутуп кетишти» деп өзү чыгып калды. Андан көп өтпөй эле дал эле ошол сайтка Дана Абдыбекова ыйлап чыкты. Көрүп алып күлкүм келди. Кечээ эле мунун баары монтаж деп жатып, бүгүн минтип Асыл Аппасова мени куурчак кылды деп жатпайбы. Менин оюмча бул бирөөнүн акылы менен эле «жатып өлгөнчө атып өл» дегендей өзүн актап жатат. Биз эч кандай акча сурабайбыз. Акча талап кылууга да негиз жок. Теледолбоор тынч эле иштеп жатканда көп адамдар каршы чыгып жапкыла дешкен. Ошентсе да ишибизди улантып келе жатканбыз. Бул көрө албастардын кылган эле иши.
- Дана Абдыбекова менен кандай байланышыңыз бар эле?
-Дана менен 2006-жылы продюссер болуп келгенде таанышкам. Мен 2010-жылы декреттик «отпускам» бүтүп, барганымда ал бир кабинетти ээлеп отуруптур. Менин кабинетим жок ар кимдин кабинетинде иштеп жүрүп, Дананын жанына киргем. Ошентип баарыбыз бирге иштеп калганбыз. Кийин экөөбүздүн ортобузда ич ара пикир келишпестиктер болуп кеткендиктен жумуштан кетире албай койгом. Ушул чуулгандуу окуя болгондон кийин, сайттарга ыйлап чыга электе фейсбук баракчасына мени мактап жазган болчу. Мен аны дароо сактап койгом. Бир нече гезиттерге «бул монтаж, Асыл эженин тиешеси жок» деп интервью берип туруп, кайра 15 күндүн ичинде мени жамандап ыйлап чыгып атпайбы. Эгер туура анализ кылган адам болсо, Дана эки башка сүйлөп жатканын дароо баамдайт.
- Мурда - кийин катышыңыздар бар туруп эмнеге ооруканага барган жоксуз?
- А мен эмнеге барам? Ал мени жумурай журтка уят кылып атымды каралап жатпайбы?! Мен антип айткан эмесмин деп алып, кайра мени жамандап чыгып жатат. Мен Индира менен эч кандай сүйлөшкөн эмесмин. Алар кайдан жолугушкан, эмнеге жолугушканын да билбейм. Биз финалга жетип калганбыз. Финалда эч ким эч нерсе чече албайт. Жеңүүчүнү түз эфирде смс добуш берүү аркылуу эл өзү чечмек. Түз эфир учурунда мен пульта болом. Ары жакта эмне болуп жаткандыгы менен ишим да жок. Былтыр да ушундай эле болгон. Быйыл дагы ошондой смс аркылуу жеңүүчүнү аныктамакпыз.
- Чындап эле бул аудиожазууну кимдер кылган деп ойлойсуз?
- Алгач командабыз биргелешип ойлонуп көрдүк. Балким атайын бизге өчөшүп жүргөн массалык маалымат каражаттары кылды. Балким жапкыла деп жүргөн айрым инсандар. Бул нерсени бир эле кудай билбесе ким кылганын айта албайм. Индира Исманкулова да эки башка сүйлөп жатат. Алгач ооруканада отуруп жаздыргам десе, эми укук коргоочу органдар менен биргеликте жаздыргам деп жатат. Мага: «эгер силерде күнөө жок болсо, сотко бербейсиңерби? » дешкенде, «бул нерсе ушактын деңгээлинен көтөрүлсүн» деп жооп бергем. Ушактын деңгээлинен көтөрүлө албай жатсак, жөн эле сотко бара беремби? Анда азыркы экөөнүн эки башка айтылган сөздөрү чыга элек болчу. Бир аз күттүм эле, эми минтип иштин чоо-жайы өзү эле ачыла баштады. Ушактарга теңелип, кыйкырып чыга калбайын деп күтүп жатсам, айрымдар «Асыл качып атат» деген ойдо калышыптыр. Мен буюрса ушунун баарын чогултуп сотко берип, пресс-конференция өткөрөм.
- Балким Индира Исманкулованын сиздерге болгон кандайдыр бир таарынычы бардыр?
- Жумуш процесси жүрүп жатканда ар кандай сөздөр айтылат. «Сен ары тур, сен бери тур» деп катуу айтышыбыз мүмкүн. Бул деген жумуш. Ага таарынып, капа болуунун кажети жок. Бир болсо ушундай гана таарыныч болбосо, андан артык катышуучуларга эч нерсе кылган эмеспиз.
- Жакынкы аралыкта Айбек деген ысым тарап кетти. Ал ким? Эмне себептен «жашырынып жүрөт» деген имиштер чыгып жатат?
- Айбек биздин редактор. Ал «Жаш канат», «Контроль для взрослых» сыяктуу бир нече долбоорлорду алып барып жүргөн. Жаңы жылдык дискотеканы тартып жатканда «катуу оорудум» деп февраль айынын башында эмгек өргүүгө кеткен. Бул ызы-чуу баштала электе кеткендиктен, анын эч кандай тиешеси жок. Эми кайдан-жайдан эле Айбек чыга калды. Буга керек болсо өзүм да таң калып атам. Аны Абдыбекова эле кошуп койду. Отуруп алып эле ар нерсени айта берсе боло берет экен да.
- Сиздерге ызы-чуу баштала электе эле берүүнү жапкыла деп көп адамдар сунушташканы баарына маалым. Ошол учурда айтылган сунуштарга эмне деп жооп бергенсиз?
- Бул менин жумушум. Мага берилген тапшырманы аткарышым керек. Мага эмнени тарт десе, ошону тартам, ал жерден эч кайда кача албайм. Дин өкүлдөрү пресс-конференция да беришип, жабууну талап кылышкан. Керек болсо фейсбук баракчаларыбызга чейин жазышкан болчу. Бир жолу чогулуп отуруп: «ушул сезон бүтсө, эмкисин жөн эле коёлучу» деп өз ара кеңешкенбиз.
- Демек бул долбоордун идеясы сиздики эмес экен да?
- Идея негизинен Назира Айтбекованыкы. Ал келип сунуштагандыктан биргелешип иштеп баштаганбыз. Назира бир жолу келип: «Абу Али Ибн Сина жөнүндө кино көрдүм, ал адам жаңы гана медицинаны өнүктүрүп баштаганда каршы чыккандар көп болуптур. Бизге да ушул сыңары каршы адамдар чыгып жатышат» дегенинен, «көзү ачыктык балким илим болуп жүрбөсүн, кайсы бир убактарда элдер астрологиялык изилдөөлөргө ишенген эмес. Азыр ар бир гезиттин бетинде астрологиялык изилдөөлөр бар. Биз аны илим катары кабылдап жатабыз. Көзү ачыктык да бара бара илимге айланаар, кимдир бирөө изилдеп чыгаар» деп койгон болчумун. Керек болсо илимдер академиясына да барып келгем.
- Коомдук биринчи каналдан четтетилди деп уктук?
- Бардык эле иште кандайдыр бир ызы-чуу чыкса, иштин чоо-жайы аныкталып, жыйынтык чыкканга чейин убактылуу жумуштан четтетет. Бул туура эле көрүнүш. Биз ушул иш аягына чакмайынча иштен четтетилдик. Дана болсо штаттан сырткары бизге жардамчы катары иштеп жүрчү.

Учурдан пайда корууну коздогондор оздоруно эле эмес , жалпы КТРКкага жана жетекчилерине чейин соз тийгизишти го дейм.,
#126 13 March 2014 - 23:20
Uwul dolboordu u9wturgandardy kudai ozu jazalait. Myna bawy bawtaldy wermende bolup jatywat.
#127 06 April 2014 - 12:47
Адам баласы бир жаман ишти жасаганда ага Кудай Таала сабыр кылат бир кун эсине келээр деп. А болбой эле кыйшаландап жалжактап оозуна келгенди оттоп жасай берсе, Кудайым ага акырын жазасын берип койот. Эми булар каяка барып дагы артистенет , буларды соттош керек начальнигин баш кылып.
#128 19 August 2014 - 03:41
Акыры эмне менен бутту? Мен эч эле тушунбой калып кеттим. Супер инфо кийинки сандарда жазабыз деген боюнча жазбай эле койду го.
#129 23 August 2014 - 08:51
#130 23 August 2014 - 09:05
Тииги Назира кайда болду экен деп эле кызыгуум артты да.Шаншып эле басып журот эле тып эле жоголду го.
Мен бактылуумуун.
#131 23 August 2014 - 09:41
Ал турктордун киносуна тартылып журот экен, интригадан тажаган имиш.
Сен бар учун...
#133 19 September 2014 - 12:45
Эми "Аалам сырларынын сырлары" деген долбоор иштеп чыгышпаптырда))))
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин келет!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео