Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 83
  • 84
  • 85
  • 86
  • 87
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1681 Пользователь офлайн   KARL-MARKS   18 Сентябрь 2014 - 11:52

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 861
  • Катталган: 24 Июль 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2015 21:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Өлдүң го даддиң...:rofl:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1682 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 12:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1683 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 12:41

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1684 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 12:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1685 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 12:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1686 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 12:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1687 Пользователь офлайн   Dadin1   18 Сентябрь 2014 - 13:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 262
  • Катталган: 30 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

Прикрепленное изображение: s38252342.jpgjpg]Прикрепленное изображение: s20186281.jpgПрикрепленное изображение: s43632330.jpgПрикрепленное изображение: s80287395.jpgПрикрепленное изображение: 365.jpgПрикрепленное изображение: 1212.jpgПрикрепленное изображение: fatchiks_6.jpgПрикрепленное изображение: fattestwoman_02.jpgПрикрепленное изображение: i.jpgПрикрепленное изображение: 1356082623_levitina.jpg
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1688 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 13:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Философ Аполлоний Тианский өлгөндөрдү тирилтчү.

Биздин замандын биринчи кылымында жашаган гректердин белгилүү ойчулу Аполлоний Тианский сырдуу адам болгон. Анын замандаштарынын айтуусунда, Аполлоний оокаттарды, буюмдарды же адамдарды ордунан жок кылып, кайра пайда кыла алчу экен. Андан сырткары келечекте эмне күтүп турганын айтып, өлгөндөрдү тирилте алган касиетке да ээ болуптур. Жөн жеринен дүйнөнүн мен күчтүү деген көзү ачыктары коркпосо керек. Аполлонийдин кичине кезинен эле башкача ойлонуп, өзү курдуу балдардан башкача экендиги байкала баштаган. Ал өзү абдан сулуу жигит болсо дагы, башкаларчылап бош убактысын кыздарга коротпостон, акылман, даанышман, аалымдар менен пикир алмашып отурганды жактырчу экен. Ойчулдар менен отуруп, Аристотель, Платондун эмгектерин үйрөнчү. Эттен жасалган тамактарды жана балыкты жечү эмес экен. Өзүнүн айланасындагы адамдарды өзүнүн көз боёмочулугу менен абдан таң калтырып, тамактанып жаткан элдердин көңүлүн өзүнө бурдурчу. Мисалы тамактанып жатканда идиштерди өзүнөн өзүн жылдырып, тамактарды үстөлгө өзү келип кала турган кылып салганда, Аполлонийдин жанына үймөлөктөшүп калышчу тура. Анан дагы таштан жасалган айкелдердин турушун өзгөртүп койчу экен. Бир жолу ал жолдо кетип бара жатса, кыз каза болуп тажиясы болуп жатыптыр. Жакындарынын көздөрүнөн жаш мөлтүлдөп жатканын көрүп боору ооруган Аполлоне сөөктү жерге койгула, мен силердин көз жашыңарды тыям дептир. Таң калган эл көтөрүп бара жаткан кыздын жансыз денесин жерге койгондо Аполлоне бир нерселерди сүйлөп, кыздын колун кармаганда, каза болгон кызга жан кирген дейт. Дагы бир жоругуна кеп сала турган болсок, ал бир жерде туруп, экинчи бир жерге кайып болуп учуп жетип калган экен. Бир жолу Эфеске барышым керек деп туруп бир секунддун ичинде Эфесте болуп калыптыр. Римдиктер аны көрө албай, көз боёмочу, өлкөнү саткан саткын деп соттомой болушат. Сот залына келип ага карата тагылган күнөө жазылган баракты ачса эле баягы жазылган айыптар жок таза барак болуп калыптыр. Аполлонийдин жанында хрусталь ташы дайыма жүргөн. Ал таш менен оорулууларды сакайтып жүрчү.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1689 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 13:23

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Көп жашагандар аралы.

Бизде жүзгө чыккан адамдар абдан эле аз. Эгер жүзгө чыкса анда ал элдердин кызыгуусун арттырат. Бирок Окинава аралында жүзгө чыкмак турсун, андан ашкандардын саны өтө эле арбын. Бул аймакта жүзгө чыккандар дагы каратэ менен машыгып, бакча иштерин жасашат. Ал эми узак жашагандарынын сыры болсо, алардын жашоо образын туура пайдалангандыгында десек болот. Алар жашылча-жемиштерди, күрүчтү жана деңиз азыктарын көп колдонушат. Алар тамакка отурганда да шашпай, жайдары ичип, кооз идиштерди пайдаланышат. Иче турган суусу да кальций иондоруна бай келгендиктен ден соолукка абдан пайдалуу. Анан дагы Окинавалыктар ар бир күндү кубануу менен тосуп, жайдары жүрүшөт. Ошон үчүн көпкө жашашат болуш керек.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1690 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 13:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Жер титирөө туурасында кызыктуу фактылар:

Сан-Франциско Лос-Анджелес тарапка жылына 5 см. жылып турат. Бул тектоникалык плиталардын аралашуусу менен байланышта. Мына ушунун негизинде бир канча миллион жылдан кийин эки мегаполис “кезигишет” десек болот. А Калифорния болсо океанга чөгүп кетпейт. Себеби, плиталар түндүк жана түштүктөн карама-каршы багытта алмашып турат.

  • Биз билгендей март айында жер титирөөлөр көп болот. АКШда, Аляскада 1957-64 -жылдары дал ушул айда кубаты 9,1-9,2 баллга жеткен жер титирөө катталган.
  • Жыл сайын жер жүзүндө 500 миң жер титирөө катталат. Анын кеминде 100 миңин адамдар туят. Түштүк Калифорнияда эле жылына 10 миңге чукул жер титирөө катталат. Бирок көбүн жашоочулар сезбей деле калышат.
  • Бизге жарык берген күн жана ай жер титиретет.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1691 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 13:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Индиялыктар эмнеге жыландан коркушпайт?

Жылан, анан дагы уулуу жылан ар бир адамдын жүрөгүнүн үшүн алат. А Индияда болсо эң уулу жылан Падыша кобрасы. Ошентсе да ал кобра алардын каада-салтынын символу катары каралат. Элдер аталган кобрадан коркмок түгүл, анын атына жылына атайын майрам уюштурушат. Жылан баккандардын көрсөткөн шоусу ал күнү элдин кызыгуусун арттырат. Жыландын тилин билгендер жыландарды ар кандай ойнотушат. Бири шапкесин чечтирсе, экинчиси куйругун кармап, башын өйдө каратат. Бул көргөзүүсү аяктаган соң, жыландарга жаңгак берип, кайдан алып келсе, ошол жакка алып барышат. Индиялыктар кобра аларга зыян алып келет деп коркушпайт. Ал абдан уулуу болсо дагы статистика боюнча кобранын чагуусунан адамдар аз өлүшөт. Анын уусу пилди да өлтүрүп коё алат. Ал эми кобрадан башка уулуу жыландардын чагуусунан жылына 50 миң киши бул жашоо менен кош айтышат. Эмнеге Падыша кобрасы адамдарды өлтүрбөйт десеңиз, ал болгону адамдарды коркутуп гана коёт. Ал эми уусун өзүнүн жей турган тамагына калтырат. Индиялыктардын айтуусунда Падыша кобрасы гана алардын мантрасынын тилин түшүнгөн акылдуу жаныбар.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1692 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 13:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Адамдын чачы жана тырмагы жөнүндөгү кызыктуу фактылар:

  • Беттеги жүндөр тез өсөт.
  • Күн сайын адамдан 60тан 100гө чейин чач түшүп турат.
  • Аялдардын чачы эркектердикинен эки эсе ичке болот.
  • Адамдын чачы 100 гр. салмак көтөрө алат.
  • Ортондогу тырмак башка манжалардыкынан тез өсөт.
  • Блондиндердин чачы коюу болот.
  • Колдун тырмагы буттукуна караганда төрт эсе тез өсөт.
  • Адамдын чачынын жашоосу 3-7 жыл.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1693 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 16:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сербияда Путиндин атынан кафе ачышууда.

Сербиянын Нови-Сад шаарынын борборунда Россиянын президенти Владимир Путиндин аты менен кафе ачылууда. Кафенин ээси Радивой Миляничтин айтуусу боюнча: “Шаардыктардын көбү Путинди сыйлашат жана жакшы көрүшөт. Демек кафеге ал кардарлар тез-тезден келип турушат. Анын үстүндө мен мындай кадамым менен саясий позициямды билдиргим келди,” - дейт бизнесмен. Кафенин сырткы жарнагы үчүн Милянич орустардын желегин жана Путиндин сүрөтүн тарттырган. Кардарлар үчүн “Путин” жакынкы күндөрү ачылат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1694 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 16:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Документинде көргөзүлбөгөн телефондун сырдуу функциялары:

Өткөн жумада “Уюлдук телефонуңуз сизди аңдып турат” - деген макала чыкты эле, окуп ишенбегендер болсо керек. Кече ошол теорияны далилдеген бир кызыктуу окуя интернет булактарына чыкты. Кристиан Агюляр аттуу жигиттин өлүгү табылгандан бир топ убакыт өтпөй эле, 20 жаштагы анын досу Педро Браво аттуу жигитти укук коргоо кызматкерлери камакка алышты. Анткени анын “айфонунда” бир топ кызыктуу маалыматтар камтылган. Эң негизгиси - “досумдун өлүгүн эми кайда катам?” - деген аудио жазуу сакталып калыптыр. Албетте ал жазууну Педро өзү эмес, анын телефонундагы “Siri” аттуу жардамчы-колдонмосу жаздырып алган. Телефонду терең анализдешкенде, Кристиан өлгөн түнү аппараттын чырагы 9 жолу күйгөн. Уруштун себеби Педронун мурдагы сүйлөшкөн кызы Кристиан менен жүрүп алгандыгы болгон. Жигиттин күнөөсүн сот чечет дечи, бирок биздин кымбат гаджеттерибиз дагы кандай биз билбеген сырдуу функцияларды камтыйт болду экен…


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1695 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 16:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Чыгырык.

Балдардын таянып басуусу үчүн колдонулуучу чыгырык (ходунок) мындан 4 кылым мурун эле пайдаланылчу. Анда бири отургуч сыяктуу болуп, ортосу тешик болсо, экинчиси дөңгөлөк менен иштеген юбка сыяктуу болчу. Бирок балдар ага отурбай, таянып жүрүшчү.
Көптөгөн сүт эмүүчү жаныбарлардын балдары, анын ичинде адам баласы да 6-7 айга чейин мурду менен гана дем алат. Жаңы төрөлгөн наристе жашыл жана кызыл өңдөрдү көрө алат. Көк өңдү көрө албайт. Бардык сүт эмүүчүлөрдүн ичинен пилдер жана адамдар гана башы менен тура алышат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1696 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 17:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Өлүп тирилген келин.

Талас жергесинин тургуну, жетимиш жашка таяп калган Жыпар эже өзүнүн башынан өткөн мындай окуяны айтып берген эле. Жыпар эже кичинесинде агасы экөө ата-энесинен жетим калып, балдар үйүнө жиберилген. Кичинесинен Жыпарды балдар үйүнөн балага зар болгон бирөөлөр багып алган экен. Бөтөн үй-бүлөдө чоңойгону менен эч нерседен кем-карч болбоптур. Багып алган ата-энеси аны кирпигине чаң жугузбай, өз кызындай кылып чоңойтушкан. Өзү асыранды кыз экенин билген эмес. Он сегизге чыкканда турмушка чыгат. Бир кыздуу болуп, кызы кичине чоңойгондо колхозго кирип иштеп калат. Иштеп жүргөн күндөрдүн биринде ойго келбеген окуяга кабылат. Күндөгүдөй эле иштеп жүргөндө түшкү тамакка үйүнө келип, чай кайнаганча жата турайын деп, ошол бойдон көзү илинип кетет. Уйку-соонун ортосунда жатканда кара кийиимчен бир киши аны жетелеп белгисиз жакка ээрчитип кетет. Аны ээрчип тепкич менен ылдый түшүп отуруп, тоннелге киришет, тоннель менен кетип баратып бир чоң бөлмөгө туш болушат. Биринин артынан бири тизилген көп эл кезекте турушуптур. Ак кийинген кишилер кезекке турган адамдарды бирден өткөрүп, сурак жүргүзүп жатыптыр. Ал да кезекке туруп, өзүнүн кезеги жеткенде кимдин кызысың, аты-жөнүң ким деп сурашат. Баланчанын кызымын дегенде, сен анын кызы эмессиң, эмне калп айтып жатасың дешет. Сенин атың баланча, атаңдын аты баланча деп айтышат. Ошондо өзүнүн чыныгы атын, баккан атасы эмес, тапкан атасынын атын ошол жерден билет. Сурак жүргүзүп жатканда мында күнөө жок, бул сетер күнөөлүү эмес экен дешет. Сетер деген сөздү ошол жактан биринчи жолу угат. “Муну эмне эрте алып келдиңер. Мунун жашай турган күнү бүтө элек. Жаңылып алып келген турбайсыңбы. Каяктан алып келсең, ошол жакка кайра жеткирип кой” - деп кара кийинген кишиге кайрылат. Кетип баратып бейиштин төрүндөй бир жерди көрөт. Топтошуп алып ойноп жаткан наристелерди кезиктирет. Көрсө, булар бул дүйнөдөн эрте кеткен күнөөсүз наристелер экен. Бейиштин кооздугуна суктанып кетип бара жатып, шагы ийилген алма бактан үч алма уурдап алат. Бул жактагы мөмөнү жегенге укугуң жок деп, колундагы бир алманы тартып алышат. Койнунда калган эки алманы катып алып жөнөп кете берет. Кетип баратып тозокту да көрөт. Кыл көпүрөдөн өтүп баратып, отко жыгылып жаткан адамдарды көрүп, таң калат. Отко күйүп жаткан адамдарды иттер куйругун сууга малып кайра чыгарып айрымдарына чачып жатканын көрөт. Итти канчалык жакшы бакса, ал кийин тиги дүйнөдө тозок отунда күйүп жатканда суу чачып жардам берет экен дегенди Жыпар мурда уккан экен. Өзүн жетелеп кеткен кара кийимчен неме караңгы жерден чыгып, ачык жерге жетелеп келгенде эми өзүң кетип кал деп тааныш бир адамга кошуп жиберген экен. Катуу уктап кеткен турбаймынбы, бир укмуш түш көрдүм деп ал эсине келет. Ошондо баягы Жыпардын “өлгөнүнө” эки күн болуп калыптыр. Жыйылган эл аны көмгөнү көрүстөнгө алып келип, коёрдо жакын кишиси акыркы жолу көрүп калайын деп бетин ачканда нары-бери кыймылдап, “Суу!” - деп жибериптир. Баягы киши “Суу!” - деп жатат, деп көрдүн ичинен бакырып чыгат. Чоочулаган элдин баары кыйкырган бойдон качып кетишет. Мүрзөдө болгону молдо менен агасы калат. Молдо ошол жерден агасын жооткотуп, мындай нерселер боло берет, табыты менен алпарсак болбойт, андан көрө үйүңө барып кийиз алып кел дейт. Уйку-соонун ортосунда жаткан келинди кийизге ороп үйүнө алпарышат. Кандай кийинип жатса, ошондой кылып кайра кийинтип, ордуна жаткырып койгула деп молдо айтат. Ордуна жаткырып койгондон кийин молдо өзүнө келе албай жаткан келинден эмне сыр көрдүң, ошонун баарын айтып берчи дейт. Узак түш көрдүм деп көргөнүнүн бардыгын молдого айтып берет. Келиндин аман калганына сүйүнүшүп, мындан ары жакшылык болсун деп мал союп, азан чакырып, келинге кайра ат коёт. Эл чакырып, эт тартылып, эттен калган сөөктөрдү чогултуп, бош калган көргө көмүп салышат. Жыпар эже тиги дүйнөнү көргөндө үзүп алган үч алмасынын бирөөнү алып алышканы минтип эркек бала төрөп, аным чарчап калаарын билгизген турбайбы, бир арманым эркек балага жетпей калганым деп айтып калаар эле…

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 18 Сентябрь 2014 - 17:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1697 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 17:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ээсин издеген кол.

Мадали колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста эле. Айылда ал кишинин алдынан кыя өткөн жан болчу эмес. Улуу-кичүү дебей “Мадакелеп” урматтап турушчу. Ал да өз баркын билгендиктен, анча-мынча кишини басынтып да койчу. Бир күнү эшик жасап жатканда аскерде чогуу кызмат өтөгөн теңтушу келип калып, ишин токтотуп, ага дасторкон жайып, арак-шарабын жайнатып сыйлайт. Досу шашылыш экен, бат эле узайт да, Мадали кайра ишине киришет. Бирок алагүү кылган “ак молдо” аздык кылып, дасторкондо калган бир шише аракты жанына коюп алып, улам жүздөн ичип коюп иштеп жатып, кызып калат. Электр тогу менен иштеген араа станогуна жыгач араалап жатып мас неме колун араага оңбогондой эле алдырып, кансырап кулайт. Аялы Гүлжамал колунун жарааты жедеп ырбап кеткенде гана күйөөсүн догдурга алып барат. Врачтар консилиум жасап, устанын колун чыканагынан кесип салбаса аз өтпөй гангренага айланып кетээрин белгилешип, аргасыз кол кесилип ыргытылат. Ооруканада жатканына бир ай чамалаганда Мадалинин түшүнө өзүнүн кесилген колу кирип, улам зекий берет: “Мадали, мен сени канча бактым, а сен болсо менин кадырыма жетпей, мас болуп кестирдиң! “ Эки-үч түн өтпөй ал кол түшүндө ээсин бетке чабат. Жарым ай өткөн тушта экөө түн ичинде кадимкидей салгылашып чыгышчу болду. Ал үйүнө бир колу чыканагынан жок мунжу болуп чыгып барганда да, кол анын артынан калбады. Дале түшүндө кыйнаганын койбой, атүгүл күчөттү. Мадали көп таяк жечү болду. Эртең менен чын эле бети-башы көк-ала болуп калмайы адатка айланып, ал жинди болуп кетпесем экен деп далбас уруп невропатологго көрүнсө ал, “Түшүң - түлкүнүн куйругу! Бар, бара бер, соп-соо элесиң!” - деп айдап чыгат. Бир күнү баягы кесилген колу тикесинен муштум түйүп: “Мени догдурлар ыплас жерге ыргытып, көөмп коюшту. Тап. Таппасаң эми ийниме чейинкисин да алам. Чирийсиң! ” - дейт. Мадали: “Жок дегенде болжолдуу дайынын айт” - десе, кол айтып берет. Эртеси мунжу уста айыл молдосун, эки жигитти алып, түшүндө көргөн жол менен барып, таап, ырым-жырымын жасап көмүшөт. Ошондон кийин Мадалини кесилген колу кыйноого салбай, тынчып калат.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1698 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 17:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Асмандан түшкөн кара киши.

Бул окуя Тоо-Терек айылынын келини Алмаштын башынан өткөн. Күйөөсү аскерде болгондуктан, жаш келин ал тамда жалгыз жашачу. Бир күнү келин эшигин илип, айнектерин жабып, уктап калат. Түн бир оокумда кайдан келгени белгисиз - бир Кара киши жанында жатат. Ойгонуп кеткен Алмаштын жүрөгү оозуна тыгылып, былк этпейт. Тиги аны атынан чакырат: “Алмаш, сен менден коркпо, экөөбүз мындан ары дайыма бирге болобуз, бирок эч кимге айтпа, мен дайыма түнкүсүн келем, сени кор кылбайм!” - дейт дагы баягы Кара киши таңга маал чыгып кетет. Келин илбей калдымбы деп эшигин караса, илинүү. Алмаш колхоздун жумуштарына барып, тамеки парнигин даярдоодо иштеп жүрөт. Мурда шайыр, шайдоот, адамгерчиликтүү эле. Эми өз курдаштары менен сүйлөшпөй, өз алдынча башка бирөөлөр менен сүйлөшкөнсүп, күлүп жүрө берет. Аны көргөндөр жинди болуп калдыбы деп сөз кыла баштайт. Алмаш экинчи түнү Кара киши келип калбасын деп айнектерин, эшигин темир калкандап бекитип, уктай албай жатса, кайдан-жайдан алиги Кара киши келип, чечинип, келиндин койнуна кирет. Күндөр өтө берет, баягы Кара киши келе берет. Ага чейин Алмаштын көңүлүн тапкан колхоз жетекчиси бар эле. Ал Алмашка түн ичинде уурданып келчү. Бир түнү келсе, Алмаштын ойношун короосунун ичинен чоң кара дөбөт арылдап киргизбейт. Сан этин үзө тиштейт. Аңгыча Алмаш үйүнөн чыга калат. Башкарма таарынат: “Бул ит кайдан келген, мурда жок эле го. Мындай кабанаак итти байлап койбойсуңбу! ” Алмаш короодо ит жогун айтат. Анан экөө таң калышып, тамды айланта карашып, итти чакырышса, жок! Жым-жырт! Ошондон кийин башкарма коркуп, Алмаштыкына барбай калат. Жай келип, тамеки үзүп-тизүү маалы болду. Алмаш бир күндө үч келиндин жумушун өзү жалгыз аткарып коёт. Муну көргөн келиндер таң калышып, “колдоочусу бар” деп сөз кыла баштайт. Алмаш курбу-курдаштарына айтайын дейт, бирок Кара кишиден коркот. Бул окуяны Алмаш акыры апасына айтат. Апасы коркуп, кызын үйүнө көчүрүп келет. Баягы Кара киши дале келе берет. Бир түнү кызы коркуп, ата-энеси жаткан бөлмөгө жатат. Түн бир оокумда келин баягы Кара киши асмандан түшүп келе жатканын көрөт. Катуу чыңырып энесин ойготот. Алар карашса, Кара киши асманга жөргөмүштүн желесиндей тартынып өйдөгө чекит болуп кетип баратканын көрүшөт. Эртеси түлөө өткөрүшөт. Кызына дем салдырышат. Бирок кызы молдодон жакшы болбой, акыл-эсин жоготуп көз жумат. Атасы кызымды көчүрбөй эле койсом болмок экен деп арманда жүрүп өтүптүр.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 18 Сентябрь 2014 - 17:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1699 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 17:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ээси бар тоо.

Мындан он жыл мурда 10-классты бүтүрүп жатканда беш бала тамак-аш, палатка алып тоого чыкканбыз. Жөө-жалаңдап араң тоого чыккан соң, бир аз эс алып, тамакка тоюнуп алып, палатканы бир чоң арчанын жанына тигип койдук. Бизден бир кыр ары дагы бир чатыр тигилүү экен. Кызыгып барып, ал үйдөн кымыз ичип, ширеңке сурадык. Үйдүн ээси: “Чатырды кайда тиктиңер?” - дегенде бир кыр ылдый тиккенибизди айттык. Ал башын чайкап: “Ал жерге бекер тиктиңер, биз жакка тиккиле” - десе, биз кенебей койгонбуз. Анда карыя: “Кечинде ал жерге от жакпагыла” - деди. Ошентип кеч кирди. Курсак ачты. Тамак бышырабыз деп от жактык. От бир аз жылыгансыды эле, “Сүйрөбө! ” - деп бири-бирибиз менен урушуп жаттык. Эмне болуп жатасың, сүйрөгөн жокмун, өзүң түртпө! - деп кыжылдашып, жакалаша кеттик эле, тиги чын эле өзү тоону көздөй от кетип баратты. “Жардамга! ” - деп Таланттын үнү угулду. Көрсө, Талантты кошо сүйрөп алган экен. Анын артынан жетип, эптеп күч менен тартып алдык, палаткага кийирсек ал кара терге түшүп, кыйналып, онтоп, башын көтөрө коюп, кайра бакырып жыгылат. Карай койсок киши көтөрүп бараткандай жаккан от ордунан кургак арчаны көздөй жылып баратыптыр. Ага чуркап барып эптеп өчүрдүк. Түнү менен таң аткыча тиги жыгылган балабыз менен алыштык. Эртең менен биз кымыз ичип, ширеңке сураган абышкадан мунун сырын сурасак, ал бул жердин ээси бар экенин айтты.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1700 Пользователь офлайн   MACKA   18 Сентябрь 2014 - 19:41

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ондогон жылдардан бери алгачкы жолу жынсылардын популярдуулугу төмөндөп кетти.

Алсак, бул шымдардын тарыхый мекени болгон Америкада анын сатыгы акыркы бир жылда алты пайызга кыскарды. Маркетологдор мындай көрүнүштү, жынсылардын ордуна алда канча ыңгайлуу жана саркеч шымдардын түрлөрү пайда болгону менен түшүндүрөт. Буларга пахтадан тигилген шымдар, спорттук шымдар, леггинсылар жана джеггинсылар кирет. Кошумчаласак, жынсыларга акыркы чоң атаандаштыкты 1970-жылы вельветтен тигилген шымдар жараткан.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 83
  • 84
  • 85
  • 86
  • 87
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 10:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: