Маданият министрлигине 13 талапкер сунушталды,
арасында КТРКнын экс-директору Кубат Оторбаев жана ырчы Урмат Усенов бар
Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына 13 талапкер сунушталууда.
Муну 19-сентябрда "Ар-намыс"
фракциясынын катчылыгы билдирди. "Азырынча мынча талапкер деп так айтуу кыйын, анткени арызын кайра кайтарып алып жаткандар болууда",
- деп билдиришти катчылыктан.
Маалыматтар боюнча, талапкерлер булар:
Садык Шер-Нияз, кинорежиссёр
Алтынбек Максүтов, режиссёр
Султан Раев, экс-министр
Кубат Оторбаев, КТРКнын мурунку жетекчиси
Жылдыз Бакашова, Улуттук китепкананын башчысы
Роза Аманова,
ырчы
Исирадин Аманбаев, ырчы
Кайрат Иманалиев, КТРКнын башкы директорунун орун басары
Максат Чакиев, Туризм департаментинин директору
Гүлмира Жумагулова,
Эсептөө палатасынын инспектору
Мукталы Бектеналиев,
Кинематография департаментинин директору
Урмат Усенов, эстрада ырчысы
Айнагүл Чылабаева
, ЖКнын депутаты Мамытбай Салымбековдун жардамчысы
http://www.super.kg/
kabar/news/81955/
- (2 )
-
- 1
- 2
Маданият министри ким болот? Урмат Усенов?
#2 19 September 2014 - 11:07
Адилеттуу тандоо болот болду бекен же ким коп шапка берсеби? Кызык! 
Баарын тен министрликке татыктуу деп билбейм. Садык Шер Нияз менен Султан Раев более чем.
Баарын тен министрликке татыктуу деп билбейм. Садык Шер Нияз менен Султан Раев более чем.
#3 19 September 2014 - 11:09
Азыр айтып деле болбойт ким татыктуу ким татыктуу эмес экенин. Урмат Усеновго эмне бар дейм да. Атын чыкпаса жер ортто болуп же бир жонокой мам кызматта иштебеген адам бир министрликти алып кете алабы? Этегине карап ышкырсп болмок. Ал эми ким болсо ощол болсун эл учун иштеген адам болсун.
ЖАН ДОСУМ ЭЛДИН МУНУН БИЛЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
#4 19 September 2014 - 11:31
Баягы Борончу президенттикке кандидатурасын койгондой болуп жаткан го. Роза Аманованы адам катары же мамлекеттик ишкер катары билбейбиз да, андыктан ырчы болуп жургону эле жакшы го. Урмат Усенов азырынча жаш. Султан Раевге улуу муундагы атактуу инсандар таарынычтарын айтып келишет, калп эле эл артистисин ар кимге тарата берет деп. Депутат министр болбой эле койсунчу. Чыгармачылыкка жакын адам болсо туура болчудай.
Прежде чем судить ошибки других, обратите внимание на себя.У того, кто бросается грязью не могут быть чистые руки, душа и ум.
#6 19 September 2014 - 12:06
Кубат Оторбаев маданият министрлигине талапкер болуудан баш тарты
Бүгүн, 19-сентябрда "Ар-намыс" фракциясы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине болгон талапкерлер менен таанышууда. Айта кетсек, фракцияга бул кызматка 11 талапкер арыз берип, алардын үчөөсү өз талапкерликтерин артка алышты.
Талапкерлердин тизмеси:
Алтынбек Максутов, режиссёр
Жылдыз Бакашова, Улуттук китепкананын башчысы
Роза Аманова, ырчы
Максат Чакиев, Туризм департаментинин директору
Гүлмира Жумагулова, Эсептөө палатасынын инспектору
Айнагүл Чылабаева , ЖКнын депутаты Мамытбай Салымбековдун жардамчысы
Эркинбек Каимов "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик мекеменин басма сөз катчысы
Урмат Усенов, эстрада ырчысы
Өз талапкерлигин алгандар:
Кубат Оторбаев, КТРКнын мурунку жетекчиси
Кайрат Иманалиев, КТРКнын башкы директорунун орун басары
Мукталы Бектеналиев, Кинематография департаментинин директору
#7 19 September 2014 - 12:09
Урматты карт борулор иштетишпейт!
Гарантия 80%! Ал жаш болуп адилеттуу боло калат да, аны буттан тартып тушуруп коюшат, аты булганат!
Андан коро кое турса дагы 5-10 жыл, кийинчерээк кое бермек. Ага чейин анда-санда политикага аралашып ким ким экенин билип алганы он!
#8 19 September 2014 - 12:28
Бүгүн, 19-сентябрда “Ар-намыс” фракциясынан отурумунда маданият, маалымат жана туризм министри кызматына талапкер шайланат. Фракциянын лидери Феликс Кулов: “Биз бул маселени көпкө созо албайбыз. Ошондуктан бүгүн тез арада бир чечимге келишибиз керек”,- деди. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында,
маданият министри кайсы бир чиновниктин тууганы болбош керек. “Эгер мындай болуп калса, биздин фракциябыз коомчулук тарабынан катуу сынга алынат. Мындан тышкары бул министр экономикалык тармакты да жакшы түшүнүшү зарыл”,- деди эл өкүлү.
Башка "ар-намысчы" депутат Бөдөш Мамырова: “Маданият, маалымат жана туризм министринин бир гана чыгармачыл адам болушу жетишсиз. Талапкерлердин арасында ырчылар көп болууда. Бирок бул министрлик бир гана маданият эмес, туризм жана маалымат тармактарын көзөмөлдөйт” ,- деп өз пикири менен бөлүштү.
Айта кетсек, аталган министрликтин мурунку башчысы Камила Талиева 16-сентябрда кызматынан бошотулган.

#9 19 September 2014 - 14:42
Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына талапкер, ырчы Урмат Усенов депутаттарды өзүнүн программасы менен тааныштырды.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда мектептердеги окуу программасында окутуунун советтик элементтери сакталган. “Окуу жайларда гана эмес, жалпы өлкөбүздө ар түрдүү маданияттардын кагылышы орун алгандыгына күбө болуп жатабыз. Ошондуктан өзүбүздүн маданиятыбызды сактап, аны өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүп беришибиз керек”,- деди Усенов.
Андан соң талапкер тил маселесине токтолуп, китептердин электрондук варианттарын чыгарууну сунуштады. “Кыргызстанда окуучуларга планшеттерди алып берүү мүмкүн. Кыргыз элинин руханий баалуулуктарын пропагандалоо максатында ушул темадагы китептердин электрондук түрлөрүн чыгара баштасак, жаштарыбыз өздөрү кызыгышып, аларды окуй башташат” ,- деп түшүндүрдү ал.
Кинематография боюнча да өз пикирин билдирди ырчы. “Өлкөбүздө жыл сайын жүздөн ашык тасмалар тартылып жатат. Жакшы тарбия берген жана оң таасир тийгизген тасмаларды чыгарууга режиссёрлорго түрткү жасаш үчүн сыйлыктарды уюштурууну туура деп ойлойм”,- дейт ал.
“Туризм тармагын өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Өлкөбүздүн аймагында туристтерге кызыктуу тарыхый объектилерибиз көп. Ошол эле учурда тейлөө кызматы начар болууда. Бул кызматта жаштар убактылуу эле иштешет. Ошондуктан тейлөө кызматын өнүктүрүүдө тиешелүү шарттарды түзүү жана анын сапатын жогорулатуу зарыл”,- деп кошумчалады Усенов. Урмат Усенов өз баяндамасын айтып берген соң "Ар-намыстын" лидери Феликс Кулов аны мактады. "Усенов бир гана ырчы эмес, ал мыкты уюштуруучу, парламенттик шайлоолорго да катышып келет. Биздин жаштар өз ата-энелеринин жардамы менен гана өсүп келе жатышат. У.Усенов өзүнүн күчү менен атын белгилүү кылган. Кошумчалай кетсем, ал биздин партиянын мүчөсү",- деди Кулов.

#10 19 September 2014 - 15:23
Урмат, сен беш-он жылдан кийин гана министрликке талапкер катары oзунду сынап кoрсoн болот. Азырынча эрте го. Неля экooнoр бала-чаканар менен аман-эсен болуп, кош жылдыздай жанып чыгармачылыгынарды oркундoтуп, эгиз козудай ээрчишип ырдап журo беришинерди чын журoктoн каалаймын. Супер ийгилик!
#11 19 September 2014 - 15:27
Ниме да ниме
Жаны маалымат!
Урмат Усеновду Феликс байкебиз бекеринен мактабаптыр да! Урмат "Ар намысчы" экен. Так что Урмат министр болоруна 60-70% гарантия!
#12 19 September 2014 - 15:29
#13 19 September 2014 - 15:33
Кимисине насип этсе ошол инсан министир болотко эми
Урматта саясатка аралашайын деген умуту бар экенда
Урматта саясатка аралашайын деген умуту бар экенда
#14 19 September 2014 - 16:08
Урмат, сен беш-он жылдан кийин гана министрликке талапкер катары oзунду сынап кoрсoн болот. Азырынча эрте го. Неля экooнoр бала-чаканар менен аман-эсен болуп, кош жылдыздай жанып чыгармачылыгынарды oркундoтуп, эгиз козудай ээрчишип ырдап журo беришинерди чын журoктoн каалаймын. Супер ийгилик!
Ото жаш. Болок бир карт борунун куралы болуп калат. Анан элге тиги карт бору эмес, Урмат жаман корунот. Ошол учун мен дагы каршымын. Жашынакай адамды бузуп салышат.
#15 19 September 2014 - 16:09

#16 19 September 2014 - 17:07
Менин пикиримче, министр болууга кандидатурасын койгондордун ичинен Садык Шер-Нияз, Султан Раев татыктуу. Султан мырза бул чөйрөнү жакшы билет, анын үстүнө аны иштеп жаткан учурунда күтүүсүздөн,
Камилага орун керек болуп калып эле алып түшүштү. Раев болгондо "Көчмөндөр оюнун" Өкмөтсүз эле уютуруп коймок. Ага буга окшогон иш-чаралар катардагы аткарылып жүргөн иштердин бири болчу. Алдым-жуттумдугу жок, ички маданияты терең, адамдарга бирдей мамиле жасай билген адам.
#17 19 September 2014 - 17:23
Сөзсүз эле карт бөрү деп карыганда министрликке коюш керекпи? Кайра жаштар жакшы иштемек, көралбастык эле болбосо мен Урмат Усенов болсо жакшы эле болмок. Эч нерсени билбеген Камила Талиева деле министр болуп кетти го.
Журоктор ыйманга толсун.
#18 19 September 2014 - 17:42
Жаңылбасам, Раев 1958-жылы (56 жаш), Садык Шер-Нияз 1969-жылы (45 жаш) туулган. Эң жакшы курактар.
#19 19 September 2014 - 17:51
Усеновдун оозу ачылып берген создоруно турбаганын коргон эмесмин анан ар дайым озун жакшынакай кармап орду орду менен суйлоп журот ошондуктан ал болсо жакшы болот беле деп ойлоп калдым а башкаларды тааныбайткем
Жүрөгүмсүң
#20 19 September 2014 - 18:34
Кыргыздын руханий байлыктарын,
мурастарын сактап калуу, дегеле маданият жаатына кылдат мамиле кылып жургонун байкайм Садык Шернияздын.
Ошол кишини колдойм. Айтыш фонду, киноматография сыяктуу нерселерге ардайым оз салымын кошуп келет.
Урмат Усенов азырынча тажырыйбасыздык кылышы мумкун. Балким эстраданы гулдототтур. ..
Анан, Ибрагим Жунусов туркиянын элчилигине дайындалды дейби?
Урмат Усенов азырынча тажырыйбасыздык кылышы мумкун. Балким эстраданы гулдототтур. ..
Анан, Ибрагим Жунусов туркиянын элчилигине дайындалды дейби?
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео