Туура эмес жайга ачып алсам,таламай жок
1-класска барган күнүңүздү эстеңиз
#62 19 September 2014 - 10:48
1-сентябрь!
Эсимде... Таң атпай туруп алып, "Ай бүгүн сумкасы жок эле бар, бүгүн окубайсыңар деле" дегенине карабай, жаңы сумкага мурунку күнү алып берген бооолгон нерселердин баарын тыгып алып, мектепти көздөй жөнөгөм. Чоң атамдын кызы, эжем үчөөбүз! Анан да баары аппак фартук, мен элден бөтөнчө кара фартук! "1-сентябрьда аппак кийинип барыш керек! Мектепке киргизбей коёт, чеч алдагыны!
" - деп апамдын безилдегенине карабай, эжемдин кара фартугун кийип алгам, кыйын болуп... Тырышып чечпейм, такккыр! Жолдо келе жатып, чоң атамдын кызы экөөбүз ант "ичип" келеатабыз,
"экөөбүз бир класска киребиз!"
- деп.
Балээниби!
"А" класс, "Б" класс деп бөлүштүрүп баштаганда экөөбүздү эки жакка бөлүп кетишти! Көрсө үйдөгүлөр экөөбүздүн тагдырыбызды кап-качан эле "чечип"
коюшуптур!
"Экөө бир класста окушса, биринин жүнүн бири тытып жешет, бөлүп салалы!"
- деп эки башка класска жаздырып коюшуптур. Биз кайдан билели...
Жаңы класска кирип алып, жакшы кургай элек красканын жытына окшуп, аябай кузгам!
Калганын айтпай эле коёюн, бооруңарды тытып жатып каласыңар.
Жаңы класска кирип алып, жакшы кургай элек красканын жытына окшуп, аябай кузгам!
#63 19 September 2014 - 10:55
#64 19 September 2014 - 11:12
Ушунча болуп калды эми жазып койо бериниз боорду бир тытып каткырып жатып калалы.
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
#66 19 September 2014 - 12:51
1чи сентябрьда мектепке баруу менин бешенеме жазылбаптыр.
Ооруп калган учурум экен, окуу башталгандан 15кундон кийин мектепке баргам 1класска. Ушундай кыскасы. : )
#67 19 September 2014 - 15:21
Мен уйдун кенжесимин.
7 бир тууганбыз мен мектепке барган жылы бешообуз мектепте, бири универде, бири турмушка чыккан убак экен. Апакай кофта, тиземен келген кара юбка ак сызыктары менен анан аbс деген жазуулары менен кеда. Сумкамы айтсам кулосунор да. Айта берейинчи сары 50 тыйындык пакеттер боло турган роза гулдун суроту бар прозрачный ошондой, 6 тетрадь 1 ручка салып баргам. 1 ай кундо пакеттин ар башка тустогусун которуп баргам. Чон класстар кулгону да эсимде. Анан орус базардан сумка алып келип берген апам кубанганымды айтпа. Ошол кезде ата энеме кыйын болсо керек ошончобузга жеткируу.
#68 19 September 2014 - 15:42
Эске тутууңар өтө күчтүү го.Мен эң биринчи 1-сентябрда эмне болгонун эстей албай койдум го деги эле.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин келет!!!
#69 19 September 2014 - 16:10
Сонун окуялар го...
А мен кичинемен чон ата,чон энемдин колунда журуп,сентябрга жакын келгенмин.Где- то бир ай калганда келсем керек эле. Атам тамгалары бар плакат сатып берип,синдим экообузду жарыштырган. Ким биринчи жаттап бутсо шоколад алып берем деп.Синдим менден бир жашка кичуу эле,садикке барчуу да,тыкылдаган чыйрак кыз эле.Менден биринчи жаттап койгон. Мен байкуш кой оозунан чоп албаган жоош элем.
Ошентип биринчи сентябрь келип,атам жетелеп мектепке алып барса,баары толуп калыптыр.Мектебибиз эки корпустан турчуу.Чонуна бардык.Зангырайт тим эле,уч этаж.Барып бир эжеге жолугуп,фамилиямы жазып алган.Ошентип окуп калганмын.Кызыгы ошондо эле кийимди озум тандап кийчуумун.Бабочкасы бар кара,лакированный туфли кийип барганмын.Ошондо мода болгон экен эле.Ошо анан калганы эсимде жок.
#71 19 September 2014 - 23:36
1-сентябрда 1-класска апам алып барган,анча деле эсимде жок экен,бирок 1-класстагы окуялар эсимде,тамгаларды бири-бирине кошуп окуй албайт элем,апам окуп берип койсо жаттап алып эжекеме шатыратып окуп берет болчум,ошентип журуп уйронгом,кудайга шугур азыр отличницамын!
#72 20 September 2014 - 00:00
Мен 1-класска барганда эжелерим бир кызга жамай беришчу ошол кызга деп 4 роза кыркып бершкен. Уялган жаным ал гулду ыргытып ийип барып койдум го. Кайран розалар
#73 20 September 2014 - 18:32
Дале эстей албай жатам, тообо!
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#74 20 September 2014 - 18:58
Ушунча болуп калды эми жазып койо бериниз боорду бир тытып каткырып жатып калалы.
Жазып койо бериңиз чындап эле бир жатып туралы
Анан звонок болуп калды, баарыбыз эшикке чыктык! Оор сумкамды сүйрөгөн боюнча мектептин алдынан аккан сууну көздөй чуркадым түз эле. Мен жуунуп, тазаланганча окуучулар кирип кетишиптир. Мектепке кирип, кайсы класстан чыкканымды эч эстей албайм да! Иши кылып бир класска кирип барып отуруп алдым. Таккыр башкаале балдар-кыздар! Маалим деле мени көңүлүнө алган жок, "жаңы келген окуучуугооо" - деп ойлосо керек... арткы партага отургузуп койду. Ручкамды оозума салып отура бердим. Ар жак, бер жакты карап коём, бир маалда биздин көчөдө жашаган аябай тентек бала бар эле, аны тааный салып эле класстан атып чыктым! Анткени ал 3-класс эле да.
#75 21 September 2014 - 00:08
Анан звонок болуп калды, баарыбыз эшикке чыктык! Оор сумкамды сүйрөгөн боюнча мектептин алдынан аккан сууну көздөй чуркадым түз эле. Мен жуунуп, тазаланганча окуучулар кирип кетишиптир.
Мектепке кирип, кайсы класстан чыкканымды эч эстей албайм да! Иши кылып бир класска кирип барып отуруп алдым. Таккыр башкаале балдар-кыздар!
Маалим деле мени көңүлүнө алган жок, "жаңы келген окуучуугооо&
img src="http://www.
super.kg/superstan/public/
style_emoticons/default/
biggrin.gif" />
#76 21 September 2014 - 02:12
Мен 1-сентябрда жайлоодон келе албай калсам керек эле
... Эстеп коруш керек экен
#77 21 September 2014 - 10:46
1-сентябрга барган кунум есимде жок бирок 1-классты бутуп жатканда акыркы конгуроодогу есимде бар... Акыркы конгуроодо 1-класстын кызын 11-класстын баласы которуп конгуроо чалат эмеспи. Мени эжекем айткан сен чаласын даярданып тур деп анан мен озумчо суйунуп даярданып турсам еле наржактан башка кызды которуп чыгып калган.. Корсо ошондо тааныш билиш кылыпиришкен экенда, ал кыз биздин мектепте иштеген бир мугалимдин кызы екен еле
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#79 21 September 2014 - 11:56
Мен 6 жашымда окуйм деп өжөрлөнүп, сентьябрдын жарымында мектеп босогосун аттагам, барарым менен тетрать кармап, даярдоо сабактарынан өтпөгөнүм үчүн биринчи күндөн жүдөгөм, мектеп мүдүрү "Кыйналып бир жумада сабака келбей коёт" деп айтканына өчөшүп окуп кеткем... Эсте кала турган окуя ушул...
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#80 21 September 2014 - 12:33
Супер-Инфо
super.kg
видео