Салиман апа: «29 жаштагы
кызымды 5 жылдан бери жаш
баладай кылып багып калдым»
Жүрөк үшүн алган оорулардын түрү күн санап
өсүп барат. Аты жок жаман кеселге кабылган
Наздагүл жарык жашоого келген күндөн бери
жалгыз алышканы - оору. Кызынын
амандыгын тилеп, жакшы болуп кетишинен
үмүтү үзүлбөгөн эне гезит аркылуу элге
кайрылып кайрымдуулук сурайт .
«Түк баскан эт кызым чоңойгон сайын кошо
чоңоё берди»
- Биз Кочкор районунан болобуз. Абышкам
экөөбүздүн сегиз балабыз бар. Наздагүл
көкүрөк күчүгүбүз эле. Бул кызым төрөлгөн
1985-жылдан бери дарт үстүндө эле келе
жатат. Кызымды абдан кыйналып төрөгөм.
Ымыркай кезинде денесинде кара тактар бар
эле. Анан оң жак колунун чыканагында түк
баскан домпок жер бар болчу. Башында анысы
кал сыяктанганынан улам анчейин маани
берген эмеспиз. Кийин кызым улам эс тартып,
бой жеткен сайын ал жериндеги эт улам чоңоё
баштады. Ошентип, чоңоё баштаганында
кооптонуп мындан 10-12 жылдай мурун
ооруканага алып баргам. Райондун доктурлары
операцияга сунуштаганда борборго келгем.
Бирок, борбордун доктурлары «жакшы болуп
кетерине кепилдик бере албайбыз» дешти. Эне
үчүн эң маанилүү нерсе баласынын амандыгы
эмеспи. Анан кызымдын өмүрүнөн коркуп
операциядан баш тартып койгом. Убакыт өтүп
кызым орто мектепти аяктады. Андан кийин
жогорку окуу жайга окутууга деле дараметибиз
болгон жок. Өзү да оору менен алышып
өскөнгө окууга анчейин ыктай албады.
Ошентип олтуруп акыркы беш жыл ичинде
колундагы эт абдан күч алып өсүп, заматта
чоңоюп кетти.
«Доктурлар «бычак тийгизгенге болбойт» деп
коюшту»
- Ушул жылдын кышында биздин үй-бүлө үчүн
кызымдын оорусу азап болду. Колундагы эти
ооруп кыйналганда доктурга жаткырдык. 10
күндөй дарылашкандан кийин райондун
доктурлары «эми жакшы болбойт го, алыбыз
келбей калды» деп үйгө чыгарып берип
коюшкан. Анан кызымды үйдөн карап жаткан
маалда абдан кыйналды. Кыргызча айтканда
көр оозунан эле кайра келди. Улам сайын
онтоп чыдабай калганда тез жардам чакыра
берип, алар биздин дайын-дарегибизди жатка
билип калгандай болушту. Айла издеп борборго
алып келсек бул жактагы дарыгерлер «бычак
тийгизгенге болбойт» деп коюшту. Кызымдын
аманчылыгы үчүн ары жак, бери жактардан
сураштырып олтуруп, борбордогу Канатбек ажы
дегендин кабарын алып калдым. Ал адам
кыргызча чөп дарылар менен дарылайт экен.
Учурда ошол киши кызымды карап, дары
чөптөрдү жазып берген. Ошолор менен
дарылап жатканыма бир айдай болуп калды.
Эми жакшы болуп кетсе дегенде эки көзүм
төрт болуп турат.
«Колуна өскөн эттин салмагы 3 килограммдай
чыгат»
- Кызымдын колундагы эт денесиндеги
мындай эттердин эң чоңу. Салмагы 3
килограммдай чыгат. Андай эттен денесинде
үчөө бар. Экинчиси эмчегинин тушунда.
Анысынын өсүүсү дагы оңой эмес болуп жатат.
Көкүрөгүнүн тушунан өсүп келип киндигине
жетти. Дагы бири чекесинде, анысы азырынча
кичине. Алардын ичинен абдан коркунучтуусу
колундагысы.
Ириң аралаш кан тынымсыз
агып турат. Күн сайын жылуу сууга жууп,
кийимдерин алмаштырып турам. Болбосо
жагымсыз жыт сасып кетет. Саат, мүнөтүнөн
кечиктирбей молдо берген дарыларды коём.
Колундагы эттин көлөмү чоң болгондуктан
кийимдердин жеңи батпайт. Ага атайын жең
каптарды тигип койгом. Улам суу болгонун
алмаштырып жууп турам.Өзү абдан арык
болгондуктан кыймылы алсыз. Таңдан кечке
бир орунда эле олтурат. А тамак берген,
жуунтуп-таранткан,
ажатканага алып барып
келген бүт менин мойнумда. Айтор, 29га келип
калган кызымды акыркы беш жылдан бери
жаш баладай эле кылып багып калдым.
«Колуңардан келген жардамыңарды аябагыла»
- Абышкам экөөбүз тең карылыкка таяп,
пенсиянын көзүн карап калганбыз.Жалгыз
уулум дагы айылда ишсиз. Кыздарымдын ар
кимисинин өз турмушу бар. Наздагүлдүн он
жылдан бери алып келе жаткан 3 миң сом
пенсиясы эч нерсеге жетпейт. Буга чейин кылып
келген бар амалдарыбыз да түгөнүп, эч
айлабыз калбай калганда минтип элге
кайрылууга аргасыз болуп олтурам. Кызымдын
дары-дармеги үчүн каражат абдан көп
сарпталып жатат. Бир күндө эле миң сомго
чукул акча кетет. Андан тышкары дары жакшы
таасир этиши үчүн күчтүү тамак-аш керек
экен. Бирок, анысын да ырастап бере албай
кыйналып турам. Баарыңарда меникиндей кыз,
кызымдай бир боор бир тууган бар эмеспи.
Колуңардан келген жардамыңарды аябагыла,
айланайындар.
Бизге кылган жакшылыгыңарды
Кудайым кайрып берсин.
Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү дарекке
чалыңыздар
0779 46 06 04 апасы
0777 31 65 10 Наздагүл
0771 56 50 68 эжеси
Гүлайым Калыбекова
- (2 )
-
- 1
- 2
Жардамыбызды аябайбыз деген үмүттөмүн Дуа кылып, жок дегенде
#1 21 September 2014 - 19:56
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#2 21 September 2014 - 20:01
Сүрөтүн иле албай койдум, эти аябай эле өсүп кетиптир.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#4 21 September 2014 - 20:11
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#5 21 September 2014 - 20:35
Анаркүл апа: "Кызым 100 миң адамдын бири гана ооруй турган дартка чалдыгыптыр. "
Чыдап угууга оор... Карап турууга кыйын... Унутуп салууга мүмкүн эмес... Сырттан караган адамга ушундай кыйынчылык туудурган оорулуу жаранды багуу кандай азап экени айтпаса да түшүнүктүү.
Кызынын чайын ичип төрдө олтурчу маалда 35 жаштагы кызын жаш баладай багып жаткан эненин арманын угууга милдеттүүбүз.
"Башынын ооруганы бутуна түшүп баспай калды"
- Кызым Жеңишгүл 35 жашта. Ал орто мектепти жана Бишкек гуманитардык университетин эң жакшы деген баага аяктаган. Жеке жашоосунда турмушка чыгып бир уул, бир кыздуу болгон. Бирок, кызым минтип ооруп калгандан кийин өзүмдүн колума алып келдим. Абалын башынан түшүндүрсөм, кызым 2006-жылдын аягында алгач "башым ооруп жатат" деп баш оорунун дарыларын ичип жүрдү. Кийин башынын ооруганы бутуна түшүп, аксап басып калды. 2007-жылдын башында Бишкекке борбордук ооруканага алып барып неврологдорго көрсөтсөк, "кызыңар амиотрофикалык- склероз дартына чалдыгыптыр. Негизи аталган оору менен 60 жаштан өтүп калган карылар ооручу эле. Бул оору менен жаш кыздын ооруганын биринчи жолу кезиктирип жатабыз. Биз жардам бере албайбыз. Мындай ооруну айыктыруучу заманбап техника жана дары-дармектер бизге келе элек" деп айтышты. Көрсө, бул оору адамдын органдарын акырындык менен иштен чыгара берчү оор илдет экен. Бул оору менен дүйнө жүзү боюнча алганда жүз миң адамдан бир адам ооруйт тура.
"Кызым барган сайын соолуп баратат"
- Убакыттын өтүшү менен жылдан-жылга кызымдын абалы начарлап отуруп, акыры баспай төшөккө жатып калды. Буту баспай калганда Ысык-Ата ден соолукту чыңдоочу жайына алып барсак, "биз өз алдынча баса албагандарды кабыл албайыз" деп баш тартып коюшту. Үмүттүн шооласы үзүлбөйт эмеспи, "мен табыпмын, айыктыра алам" дегендердин бардыгына барып, какпаган эшигибиз калбады. Бирок эч кандай жардам болгон жок. Кызым барган сайын соолуп, баса албай калганы аз келгенсип, булдуруктап таптакыр сүйлөй албай да калды. Жок дегенде колун жаңсап көтөргөнгө да жарабайт. Жаңы ооруга чалдыккан жылдары кичине сүйөп-таяп, эптеп дааратканага алып келип жүргөн болсок, акыркы кезде дааратканага да жетпей калды.
"Жолдошунун башкага үйлөнүүсүнө өзү уруксат берди"
- Дайыма бирөөбүз тамагын берип, эртеден-кечке жанында болуп карап турабыз. 3-класстагы кызы "апакелеп" айланчыктап, суу берип, тамактандырганга жарап калды. Ал эми жолдошунун башкага үйлөнүп, өз жашоосун улантып жашай беришине өзү уруксат берди. Балдарына убактысы менен чай берип, кирин жууп карай албаса, жолдошун иштен күтүп ала албаса, өзү мындай бакма оору болсо, бул чечимин баарыбыз эле туура көрдүк. Күйөө балабыз азыр жаңы жашоо баштап, өз тирилигин кылууда. Уулу менен кызына акчалай жардам берип, мектепке керектүү каражаттар менен камсыздап, көңүл буруп турат.
"Европада чыгарылган дарыны алып келип берсем дегенде эки көзүм төрт"
- Биздин үйдө мен жалгыз иштейм. Мен жумушта кезде кызымды атасы карайт. Түштөн кийин өзүм болом. Жалгыз аялдын тапканы канча акча болмок эле. Эптеп күнүмдүк жашоого жеткиргенге аракет кылабыз. Кээде кызыма керектүү дары-дармектерин алып бергенге акча таппай калабыз. Жардам сурап барар жерим жок. Жаратканга жалбарып жашап атам. Ар бир аткан таңда Кудайдан "кызымдын бутун бастырып бер, мурдакысындай сүйлөп калган күндү көргөзчү" деп тилеп келем. Мамлекет тарабынан менин кызыма окшогон биринчи топтогу майыптарга керектүү дары-дармектер бекер берилсе жакшы болмок. Барсам эле "сиз сураган дарылар бекер берилчү дарылардын тизмегинде жок, сатып алышыңыз керек" дешет. Айлам кетип сураштырып, изилдеп олтуруп интернеттен кызымдын оорусуна жардамы тие турган бир дарыны таптым. Ал Европада чыгарылат экен. Ошол дарыны алып келип берсем дегенде эки көзүм төрт болуп турат. Ага керектүү каражат табылып, кайрымдуу адамдар алыскы жерден алып келип беришсе батамды берет элем. Кызымдын тагдырына кайдыгер карабаган боорукер жарандар бар чыгар деген үмүтүм бар.
ОАО Айыл Банкы, Кочкор филиалы
Банк реквизиттери Алуучу: Садыкова Анаркул
Эсеп счету: 1350722015815410
Садыкова Анаркүл апанын байланыш номери 0772 82 79 85
#11 21 November 2014 - 20:51
Э кудаай өзүң жардам бер......акча сурашса жакшы болмок экен,жакшы болоор эле
Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир.Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.Неге атың жаздым экен жүрөккө?Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн? У.Амираева
#12 01 December 2014 - 15:24
Аллах жардам берсин
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#14 10 December 2014 - 01:10
altyn alba dua al dua altyn emespi ? Uwul temany okugan forum4ular mende mumkun4uluk bolgondo debesten en 4on jardam duba kylaly Alah wypaasyn,dabaasyn bersin omin
#18 18 December 2014 - 17:22
Менде жардам бергим келтет брок, өзүмда жардамга муктажмын дува кылудан башка аргам жок Алахым тез арада жашолорунда кубаныч тартуласын !
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео

















