Олтурсам үйдө чай менен,
Олчоёт төрдө кайненем.
Д. Жапаров
Акын Дүйшөн Жапаровдун ырлары
#22 26 Апрель 2014 - 23:02
Бул кандай жаз
Бул кандай жаз? Билбей менин тегимди,
Добул менен күбүп кетти шагымды.
Жамгыр эзди бош урулган жеримди,
Шамал менен үйлөп кетти шамышды.
Жер тамандан, асман кысып төбөмдөн,
Асыл максат артка карай чегинди.
Күлкүгө окшойт караганга төмөндөн,
Тиштенгеним жыйып соңку демимди.
Көрөлекмин дене жазып түзөлүп.
Билбейм дагы боюм канча экенин.
Ушул бойдон жүз тирилип, жүз өлүп,
Күн баткандай жерге батып кетемин.
Д.Жапаров.
Бул кандай жаз? Билбей менин тегимди,
Добул менен күбүп кетти шагымды.
Жамгыр эзди бош урулган жеримди,
Шамал менен үйлөп кетти шамышды.
Жер тамандан, асман кысып төбөмдөн,
Асыл максат артка карай чегинди.
Күлкүгө окшойт караганга төмөндөн,
Тиштенгеним жыйып соңку демимди.
Көрөлекмин дене жазып түзөлүп.
Билбейм дагы боюм канча экенин.
Ушул бойдон жүз тирилип, жүз өлүп,
Күн баткандай жерге батып кетемин.
Д.Жапаров.
#23 22 Сентябрь 2014 - 13:26
Бир акын айтыптыр Дуйшондун саптары тоо матектей деп Анысы кандай мен да бирин жаза кетейин
#30 06 Август 2016 - 18:55
Дүйшөн Жапаров.
Олтурсам үйдө чай менен,
Олчоёт төрдө кайненем.
Олтурсам үйдө чай менен,
Олчоёт төрдө кайненем.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 06 Август 2016 - 18:56
#31 15 Июнь 2017 - 22:09
Дүйшөнгө
Көгүш жашыл көздөрү бакырайган,
Көөнө чачы, көөнө өңү атырайган,
Дүйшеевдин иниси Дүйшөн акын,
Дүмбүлүндөй макенин жапырайган.
Чылбыры жок бараткан басышынан,
Чыга калсам көчөдөн капысынан.
Бир аз жандап, байкушум, токтой калат,
Бригадирдин колдогу аты сыңар.
Ырың кандай, сураймын жайың кандай,
Ыдыраган заманда шайың кандай?
Дүйшөн иним "жакшы" деп көзүн бардайт,
Дүкөнү көп аялга кабылгандай.
Билем, иним, үйүң жок экендигин,
Үйсүз жазган ырлардын бекемдигин.
Балдарыңды жетелеп батир издеп,
Баш-аяксыз түгөрүн нечен күнүң.
Арчып терин жаагынан аккан чубап,
Анткени менен өзүнө батпай турат.
Арак алып берсемби десем эле,
Ат-Башысын калтырып баскан турат.
Аман болсоң ичерсиң арагымды,
Андан көрө айта жүр саламыңды.
Сары-Коонун талаасы күтүп жүрөт,
Сагынычтуу сап толгон барагыңды.
Дүйшеевдей мас жүрдүң, ката жүрдүң,
Дүйнөң түгөл, антсе да таза жүрдүң.
Мен унуткан күндөрү Чеч-Дөбөнүн,
Сен унутпай бир жагын жаза жүргүн.
Туяк сынса тулаңы кепил болот,
Тузун таткан турпагы кепин болот.
Тууганынан айрылган жетим эмес,
Тууган жерден айрылган жетим болот.
Биз экөөбүз балдардын башкасыбыз,
Бир жыгачтын кошулган ашташыбыз.
Билгендердин көзүнө кетер кезде,
Бир көрүнүп жок болчу ак казыбыз.
Күнөө болот жазам деп жазбашыбыз,
Күндөй ысык, желдей курч максатыбыз.
Сен сарбагыш, мен черик болгон менен,
Ат-Башыбыз, Дүйшөн биз - Ат-Башыбыз! ..
ШАКЕҢ.
(Шайлообек Дүйшеев)
Д.Жапаров. Жоголгон ырлар. -Б., 2013, 3-4-бб.
Көгүш жашыл көздөрү бакырайган,
Көөнө чачы, көөнө өңү атырайган,
Дүйшеевдин иниси Дүйшөн акын,
Дүмбүлүндөй макенин жапырайган.
Чылбыры жок бараткан басышынан,
Чыга калсам көчөдөн капысынан.
Бир аз жандап, байкушум, токтой калат,
Бригадирдин колдогу аты сыңар.
Ырың кандай, сураймын жайың кандай,
Ыдыраган заманда шайың кандай?
Дүйшөн иним "жакшы" деп көзүн бардайт,
Дүкөнү көп аялга кабылгандай.
Билем, иним, үйүң жок экендигин,
Үйсүз жазган ырлардын бекемдигин.
Балдарыңды жетелеп батир издеп,
Баш-аяксыз түгөрүн нечен күнүң.
Арчып терин жаагынан аккан чубап,
Анткени менен өзүнө батпай турат.
Арак алып берсемби десем эле,
Ат-Башысын калтырып баскан турат.
Аман болсоң ичерсиң арагымды,
Андан көрө айта жүр саламыңды.
Сары-Коонун талаасы күтүп жүрөт,
Сагынычтуу сап толгон барагыңды.
Дүйшеевдей мас жүрдүң, ката жүрдүң,
Дүйнөң түгөл, антсе да таза жүрдүң.
Мен унуткан күндөрү Чеч-Дөбөнүн,
Сен унутпай бир жагын жаза жүргүн.
Туяк сынса тулаңы кепил болот,
Тузун таткан турпагы кепин болот.
Тууганынан айрылган жетим эмес,
Тууган жерден айрылган жетим болот.
Биз экөөбүз балдардын башкасыбыз,
Бир жыгачтын кошулган ашташыбыз.
Билгендердин көзүнө кетер кезде,
Бир көрүнүп жок болчу ак казыбыз.
Күнөө болот жазам деп жазбашыбыз,
Күндөй ысык, желдей курч максатыбыз.
Сен сарбагыш, мен черик болгон менен,
Ат-Башыбыз, Дүйшөн биз - Ат-Башыбыз! ..
ШАКЕҢ.
(Шайлообек Дүйшеев)
Д.Жапаров. Жоголгон ырлар. -Б., 2013, 3-4-бб.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 15 Июнь 2017 - 22:15