Кош бойлууларга кеңеш Кыз-келиндерге кенеш
#1741 21 Сентябрь 2014 - 02:32
#1742 21 Сентябрь 2014 - 05:09
#1743 21 Сентябрь 2014 - 08:05
#1745 21 Сентябрь 2014 - 14:00
#1746 21 Сентябрь 2014 - 14:19
#1747 22 Сентябрь 2014 - 03:46
Варикозду таптакыр дарылап жок кыла албайсынар, оорлошкон сайын кобоюшу мумкун. Болгону оор которбой, жатканда бутту которуп жатып, коп алыстыка баспай дагы 4 жарым ай этият болуп турсанар, бала торолоору менен жоголуп кетет.
#1748 22 Сентябрь 2014 - 13:53
#1749 22 Сентябрь 2014 - 14:34
aidinaernur (19 Сентябрь 2014 - 21:36) жазган:
Биз да метрика ала элекпиз. Бир жума мурун алганы барсак азыр жок эми келип калат деген, бирок точно качан келет экенин айтышкан эмес. Кичинекей бир кагаз мн эле журобуз. Анан бир суроо, бизге роддомдо БЦЖ берген жок. Вакцина жок деп, азыр да вакцина келе элек экен. Бир айга чейин созсуз алыш керекпи?
#1750 22 Сентябрь 2014 - 18:52
#1751 22 Сентябрь 2014 - 22:20
#1752 22 Сентябрь 2014 - 22:25
#1753 22 Сентябрь 2014 - 23:09
DaRhaN. (22 Сентябрь 2014 - 22:25) жазган:
Варикоз - аял кош бойлуу кезинде вена кан тамырларында өзгөрүүлөр болот да, төрөттөн соң калыбына келет. Кээ бирлеринде болсо кээ бир себептерден улам калыбына келбей, биротоло калып калышы да күтүлөт. Варикоздо гормондордун өзгөрүшүнүн айынан аялдар төрөттөн эрте калып да калышат.
Дарылоо:
Консервативдүү дарылоо:
Бул - атайын багытта чыгарылган трикотаж кийимдерди: Колготки, байпакты кийүү; дары-дармекти кабыл алуу; дарылык багыттагы физкультура менен машыгуу. Дарыларды кабыл алуу менен катар, аталган кийимдерди туура кийип жүрсө, төрөттөн кийин кеңейип кеткен веналар калыбына келет же алардын саны азаят.
Хирургиялык дарылоо:
Склеротерапия. Дарт чалган вена иштен чыгып, кан соо тамырлар аркылуу ага баштайт. Склеротерапияда ошондой иштен чыккан веналар атайын аппараттын жардамы менен алынып салынат. Бул жумасына бир жолудан жасалат. Мындай ыкма менен дарт чалган веналардан толук кутулуу убактысы оорунун формасына жараша болот.
Флебоэктомия. Наркоз же жергиликтүү анестезия менен операция жасоо аркылуу оорудан кутултуу.
Варикоздун алдын алуу боюнча кеңештер:
- Бир орунда узакка отуруудан же туруудан качыңыз. Чуркоо, сууда сүзүү менен алаксып, жөө сейилдөөнү адатка айлантыңыз;
- Балтыр эттин булчуңдары иштөөсү үчүн, татаал эмес гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасаңыз;
- Эс алганда, бут өйдө көтөрүлүп туруу үчүн, бут алдына жаздыкча төшөп коюу жакшы;
- Бутту кайчылаштырып отуруу варикозго алып келерин эске алып, мындай адатыңыз болсо, таштаңыз;
- Тар шым менен ичке, бийик такалуу бут кийим кийүүдөн, катуу курларды пайдалануудан баш тартыңыз;
- Ичимдиктерди ашыкча ичүүдөн, ачуу татымалдарды көп колдонуудан качыңыз;
- Кош бойлуу аялдар ашыкча тамактануудан баш тартканы оң. Себеби, ашыкча салмак бутка күч келтирет;
- Буттар чарчаганда, деңиз же аш тузу, болбосо дары чөптөр салынган ванна кабыл алуу зарыл. Бутту муз менен сүртүү, массаждоо да эс алдыраарын жадыңызга түйүңүз;
- Жылына, жок дегенде, кан-тамырлар боюнча дарыгерге кайрылып, врач-флебологдун текшерүүсүнөн өтүп турууну унутпаңыз.
#1754 23 Сентябрь 2014 - 00:29

***
Боюндагы бала 18жумалык экен. Өзү грипп болуп калыптыр.
Аптекадан Инсти чайын (деп жазыптыр) алдым дейт, ичсе болобу деп сурап жатат. Жооп күтөм).
#1755 23 Сентябрь 2014 - 00:49
aijan (07 Январь 2013 - 15:51) жазган:


Айжан айым кенештериниз сонун да. Боюнда бар аялдарга керектуу кенештер экен. Рахмат.
#1756 23 Сентябрь 2014 - 00:56
raia (18 Июль 2013 - 22:05) жазган:
Ачуу бадамды кайнак сууга кошуп, чай кылып ичсе, толгоо учурунда чооон жардам берет экен да. Мээге сактап коюш керек , жакшы кенеш экен.
#1757 23 Сентябрь 2014 - 02:54
#1758 23 Сентябрь 2014 - 08:20
#1759 23 Сентябрь 2014 - 09:49
Nariste...12 (23 Сентябрь 2014 - 00:56) жазган:
Ачуу бадам деген эмне?
#1760 23 Сентябрь 2014 - 10:06
ROZI (23 Сентябрь 2014 - 09:49) жазган:
Миндаль.
Бадам - роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак же бадал өсүмдүгү. Гүлү ак же кызгылт,данеги ширин, анда 54% май, 21% азоттуу, 13% азотсуз заттар бар. Токойдогу кээ бир бадамдын данеги ачуу болот. Ал амигдалин деген уулу заттын көп болгондугу менен байланыштуу. Ар гектарынан 400 кг-га чейин түшүм алынат. Айрым дарагынан 10 кг дан ашуун таттуу данек алууга болот. Кондитер өнөр жайында данеги пайдаланылат. Мындан тышкары бадам майы да чыгарылат. Ал косметикада колдонулат.