Барынардыкы кызыктуу экен , биздагы классташтар коп эле олтурдук анан аларды алып келбейбиз башка мектептин кыздарын алып келебиз , деп балдар атрандап атып кыздарыбыз аз келген кундор да болгон, ананда мен атайын кечигип барчымун кичине кызыгы чыканда барайын деп ...)
Ата-энелер кубалап жөн отургузбаган отуруштар. Ар бир жаштын,окуучунун эстеп күлгөн эскермелери
#61 07 Январь 2014 - 21:54
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#62 19 Январь 2014 - 21:36
Мен Ата энемдер бизди аябай каттуу кармашат. Ошондуктан бир да отуруштарга барып коргон эмесмин. И озумда коп андай ызы-чуу отуруштарды барганды жактыра бербеймин.
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#63 19 Январь 2014 - 21:48
Мен да айта кетейин 2010-жыл 12-июнь 11 классты бутуп жатканда бир досумун туулган куну болуп чакырды классташтардын баарын , кыздарыбыз барбады бири да себеби озбек- кыргыз согушу эми башталган болчу. Балдардын бири калбай бардык туулган кун башталды , ичип жеп олтуруп тун бир убак болуп калды , балдардын баары кызып калган .Арабыздан бироосу кеттик сарттардын уйун орттойбуз деп калды , кызуулукта баары кеттик деп эшике чыгып , суротко туштук абдан. Эми жол жака чыксак аяш эне- аяш атамдар эшикте соорудо жаткан экен балдар кыйкырып суйлогонубузго ойгонуп кетишти окшойт, баарыбызды киргиле уйго деп эшикти сыртынан култап койгон, эрте мененге чейин эрте мененге чейин. Эрте менен туруп уйго барсам омурумдо корбогон туугандарыбыз уйго топтолуп калыптыр, биздин айыл кыргыздар жашаган айыл болгон учун баары келип алган экен.
#64 19 Январь 2014 - 21:56
А биздин кыздар оздору барышат эле мектеп убагында,кыйналбайт элек топтоп, болбосо "А"класстын балдарына окшоп,кызынызды бугун берип турунзчу,туулган кун отурушубуз бар эле деп,апасынан сурабайт элек.
Анан биздин кыздар экиге болунот эле,1-сорттогу, 2-сорттогу деп.
1-сорттогулар келбей калса,2-сорттогулар учуп эле келет эле кысталак.
Ошол кундорда отуп кетти.
"ТУТАМАС" деген ырга женил бийге тушуп атып.
"ТУТАМАС СЕН МЕНИН БУЙУРИМ"деген жерине келгенде,кызыны катуурак бооруна кысып озунчо эле,бактылуу болуп.
Кайран ошол кундорум кана,кайрылып келгенде азыр аа!

Баарынарды 2о14 жаны жылынар менен чын журоктон куттуктайм,
ушул жыл тынчылыктын барчылыктын жылы болсун кыргызстаныбыз онуксун эч жамандык болбосун ошондой эле бойдоктор ушул жылы бир башыбызды эки кылайлы!!!
#65 19 Январь 2014 - 22:39
Атам тартипти катуу талап кылган киши болгондуктан отуруш дегенге эч жибермек тугул,ал жонундо соз да болбойт болчу.Өзум барбасам да бир коңшу менден бир жаш кичуу кыздын айткандары эсимде.Бир классташ баласы отуруш откормок болуп уйуно барышат.Бардык дасторкон жайнайт,кирер замат эле чай келди дейт.Эми эле бир чыныдан ичкенче болбой,суйук тамак келди.Ачка элек ичип алдык.Эми бир бийлеп черден чыгабыз дегенче болбой манты бышып калды деп топурап манты алып киришти аны да жеп отурсак эле.Аш даяр деп,аш тартып калышат экен.Ии,ата-
энеси тамак-ашын берип койуп эс алышат деген ойдо кенири отурса классташ баласынын улуу агасы келип:Курсак тойдубу?-деп сурайт.Ии тойду десе.Анда эмесе Оомийин уйунорго тарагыла отуруш бутту деп чыгып кетет экен.Айла жок,тарайлы деп камданып да журобуз,классташ баланы да сөгуп да журөбуз.Үйдөн аран суранып чыкканыбызды айт,барып тамака айда тойуп айдалганыбызды айт деп эле эстегенде кулдуруп калчу.Ошондо алар 9-класс болчу.Биз мектепти бутуп кеткенче эле байкуш отуруш кылган баланы элдин баары отуруш бутту Оомийин деп чакырышчу.

Сени да ийген тура турмуш заары,
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
#66 19 Январь 2014 - 22:49
Warsaw (19 Январь 2014 - 21:56) жазган:
...
Ошол кундорда отуп кетти.
"ТУТАМАС" деген ырга женил бийге тушуп атып.
"ТУТАМАС СЕН МЕНИН БУЙУРИМ"деген жерине келгенде,кызыны катуурак бооруна кысып озунчо эле,бактылуу болуп.
Кайран ошол кундорум кана,кайрылып келгенде азыр аа!
Ошол кундорда отуп кетти.
"ТУТАМАС" деген ырга женил бийге тушуп атып.
"ТУТАМАС СЕН МЕНИН БУЙУРИМ"деген жерине келгенде,кызыны катуурак бооруна кысып озунчо эле,бактылуу болуп.
Кайран ошол кундорум кана,кайрылып келгенде азыр аа!
Романтиксиз го.

В каждой шутке есть доля правды...
#67 19 Январь 2014 - 23:40
Мен учунда отуруш дегендердин 'о'су жок эле. Анткени отурушка барган кыздар женсоветте башын шылкыйтып,бетин кызартып турчуу.А женсовет дегени апамдын катышуусуз отчуу эмес,башкаларды барба деп тыйып атса мен барбалсам болбой калатго))
Жогоруда айтып кеткендей бир классташ балабыздыкына барганда диванына секирип ойноп жатсак,апасы уйду чаныттынар кеткиле деп кууп чыккан))))Чооон болуп калсакда секирип ойногонубузду кара
Апасыда аябай стерва эле, кирип эле баарыбызды кууп чыккан,ошентип беште башталган отурушубуз жетиде эле,кун бата электе бутуп калган.Классташым коншу болгон учун апамды арандан,зорго кондуруп бииир отурушка барсам,алда кыска нуска болгон
Жогоруда айтып кеткендей бир классташ балабыздыкына барганда диванына секирип ойноп жатсак,апасы уйду чаныттынар кеткиле деп кууп чыккан))))Чооон болуп калсакда секирип ойногонубузду кара

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#69 23 Сентябрь 2014 - 22:39
Отуруш уюштуруп алып баары даяр болгондо уй таппай кыйналчубуз.
Сенин апандан сурайлы деп класс боюнча чогулуп алып,жаш,тушунуктуу апаларга барчубуз.Атам менен апама айтып коюп кетип калчумун.Бир,
эки сааттан кийин аркаман акелеримдин бироосу барып,урушуп кууп келчу.Классташтарымдын алдында оло уялчумун...
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#70 23 Сентябрь 2014 - 22:40

#71 24 Сентябрь 2014 - 00:03
Ал күнкү окуялардын бирисин айтып өтөйүн.
Бир достун үйүнө отуруш уюштуруп калдык.Нооруз болсо керек эле.Кыздарыбызды сөгүп койуп алар бизге таарынып өздөрүнчө олтуруш уюштурушту. Кошуна айылдан кыз алып келүүгө кеткен достор өзүлөрү келишти сепсеңдеп.Ана сага кочкор отуруш башталды.Бир жакшынакай олтурганбыз. Болгондо да ошол досубуздун (отуруш кылган) атасы мугалим.Бир маалда эле бир досум жөн эле тамашалап тушунда олтурган досумду томпок (жөлөнгүч) менен уруп калды.Анан анысы жооп кайтарды.Анан бир түгөтүбүздүн сунушу менен ортодогу дасторконду жыйыштырып экиге бөлүндүк да томпок урушуп баштадык.Томпоктордун пахтасы чыгып үйдүн "дабдаласи" чыгып кетти.Төшөктөр жыртылып,жүктөр көчүп үйдүн ичи илайим тооба болуп калды.Тердеп көл-шал болуп,чарчаганда гана токтоттук.Анан курсактар ачып эле "кетээрде жейбиз" деп терезеге койуп койгон беш тортубуздан төрт тортубуз жок.Анан бир тортту талашып жеп бүттүк да көчөгө "жоголгон тортторду" издеп чыктык.Эки сааттай издеп жүрүп тапканбыз.Көрсө аны бир класс ылдый окуган балдар үй дүкүлдөп жатса "эмне болуп атат экен?" деп кире калышып терезеде турган тортторду көрүп калып колдорун сунуп эле алып койушуптур. Алдыртканбыз камокко зордоп ээрчитип барып
.Эхххх эстен кеткис күндөр да ошол күндөр.....

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин келет!!!
#72 24 Сентябрь 2014 - 16:54
Томпок урушканынар боорду эзди да чон эле балдар

Т.б.Мен эми эле чоноюп сегизинчи класс болгондо,жер которуп кочуп кетип,жаны мектепке окуп калганмын.
Жаны классташтарым менен таанышып,антип мынткиче эле отурушка барчуу убагым отуп кеткен.Анан калса чогуу жургон дос кыздарым да андай жерге барбачу да.Ошентип бир да жолу отурушка барбай калгам

Т.б.Мен эми эле чоноюп сегизинчи класс болгондо,жер которуп кочуп кетип,жаны мектепке окуп калганмын.

♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
#73 24 Сентябрь 2014 - 18:05
Мен андай отуруштарга кызыкпаймын дагы барбайтта элем,,эми эле студент болуп анда санда шеринелерге барып койом бирок баарына эле бара бербейм,.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#74 25 Сентябрь 2014 - 08:00
Биздин үйдө ушундай атамдын козүнүн агы менен тен айланып турабыз,өзүбүз клаасташтар уюштурбайт элекда анан 11-класста башталды кой союп чыкырмай кооп эле атам жибербей койду анан акыркы үйдөгү вечер деп классташтарым үйгө келип атамдан сураса жок класс жетекчин болбосо барбайт десе эжекем чалып 1саатка сурады,карасак саат 11,атам 12 де келип кал деген.Кетейин деп карасам бут кийимим жок,эшик илинүү балдардын баарына жалынып жатам,карасам үйдөкүлөр чалышпайт анан айла жок калдым баарыбыз таркап үйгө барсам саат 4 экен.Эшикти тартсам бек турат,жүрөөөгүм оозума кептелди айлана карангы эшиктин алдында шумдуктарды элестетип,болгон келмелерди айтып жатам унуткан келмелерда эске түштү ошентип олтуруп саат 5 болуп атам даарат алганы чыкты эле жашыныыып үйгө кирип,кийим котордумда намазга турган адам болуп жүрөм билгизбей.Анан жайлоого чыкырмай башталганда 4жолу бардым,эрте менен кетип кайра шамга чейин келип калат элек,бир сумка өөл кийим которуп.
Сен бар учун...
#76 02 Ноябрь 2014 - 15:18
Мектепти буткучо барбадым,окууну буткондон кийин бир жылдан кийин гана барып эле кайра келгем,апам таккыр жоноткон эмес азыр ойлосом апам рас эле кылган экен.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#77 02 Ноябрь 2014 - 15:58
Byiyl oturuwtar koboidu,kundo mayram kundo toy boltat.

Билдирүүнү түзөткөн: Oceana: 02 Ноябрь 2014 - 15:58
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#78 04 Ноябрь 2014 - 06:23
бир жылдары жумасына вечеринка эле 5 жылдан бери вечеринкага бара элекмин .классташтар токтолду окшойт. Эми үйлөнсөк пияла гап уюштурабыз

#79 04 Ноябрь 2014 - 10:12
Men " b" klassta okuit elemda. Anan oturuw dese bir juma murun uidogulorgo patxot kylat elem. Arandan zorgo barat elem. Men aiyldyn chetinde jawagan uchun kuzotuwko kelgende ech kim indebeit ele. Anan " a " klassta okugan kowuna balamy erchitip barat elemda. Apamdardy uktatyp terezeden kachkan kundorda bolot ele existe estesem sonun kundoreken.
#80 08 Ноябрь 2014 - 00:31
Мен да айта кетеинчи кем калбай.
Анда отуруш дегенди эми эле баштаган элек да.Бирибиз нан алып келсек бирибиз картошка же дагы башка нерсе.Корочи ар кимибиз ар нерсе алып келет элек.Бир досубуз шалы эгет эле да.Уйунон куруч узулбоййт болчу.Анан дайым ошого куручту жуктоп коет элек.Озу энесинин колунда оскон бала.Энеси уктаганда кампасына секин кирип шапкесине толтуруп алып чыгат болчу.Энеси кары болгону менен яман кыйтыр эле да.Бир жолу ал кармалганынан бир досум экообуз кабар алганы анын уйуно отуп бардык.Ал болсо энесинин укташын кутуп олтуруптур. Бир маалда энеси да уктайм деп кирип кетти эле.Биз экообуз кампасына кирип бардык куруч уурдап чыкканы.Мен менен келген досту эшикти кооруп тур деп калтырып койгон болчук.Биз кирип чыптанын боосун чечип куручту шапкеге толтуруп кайра чыптаны оозун жип менен бууп атсак эле сырттан энесинин уну угулуп калды.Келип эле эшикти ачып бир сыйра карады да анан калиттап туруп кетип калды.Биз болсо бекинген жерден чыга албай олтура бердик.Дагы жакшы энесинин козу карангыда жакшы корбойт экен эле.Бир эки саттан кийин баякы кайтарып тур деген досубуз досторду ээрчитип келип шыйпырды ачып бизди ошол жактан чыгарып алышкан.Кайтарып тур деген досубуз энеси чыгып келатса бизге айтпай жылып ийиптир да галдир.Ошентип ошол куну отурушту саат тунку учтордо баштаганбыз. Аш да жеген эмеспиз.Аш жасап берчу аяш энебиз бизди кутуп олтура берип уктап калыптыр.