Суперстан: Жашарып,семирип,сулуу болгум келет! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жашарып,семирип,сулуу болгум келет!

#101 Пользователь офлайн   Feijipiao   28 Июль 2014 - 22:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Эгер салмак кошкуңуз келсе
Кандай кылып салмак кошконду билбей жатасызбы? Демек, салмак кошот элем дегендер үчүн кеңеш. Ар бирибиз эле биле бербейбиз, канчалык салмак кошуу жеңил эместигин. Арыктайм деп жүгүрүп, ар кандай диеталарга отурган жеңил, ал эми салмак кошуу жеңилдик туудурбайт. Эмне үчүн арыксыз, ушул суроону өзүңүзгө бир нече ирет берсеңиз керек. Адамдын арык болушунун да ар кандай себептери болушу мүмкүн.


Адамды арыктаткан себептер
Тамакка болгон табитиңиз жок;
Тамактануудагы ар кандай оорчулуктар;
Дайыма кыймылда жүрөсүз;
Стресс;
Эс алууга убактыңыз жок;
Депрессия;
Тамакты аш кылуудагы түйшүк;
Аллергия;
Гормондук жактан түйшүктөр;
Онкология оорулары;
Салмак кошуу үчүн
алгачкы кадамдар
Тамактанар алдында жарым стакан жашылча, же жер-жемиштен жасалган ширеден ичип, тамакка болгон табитиңизди ачып алыңыз,
Күнүнө 5-6 жолу, бир маалда, бир убакытта ичип туруңуз.
Өзүңүз үчүн тамак тизмесин түзүп жатканда, сөз жок жакшы көргөн тамагыңызды кошууну унутпаңыз.
Аябай тамактанып алгандан кийин мисалы үчүн түштөнүү маалында сөз жок жарым саат жатып эс алыңыз.
Мелисса кошулган чай ичиңиз, ал сизди тынчтандырып, тамагыңызды жай сиңирет.

Билип алганыңыз оң
Биринчиден, сиздин диетаңызда калориясы аз тамактар болушу шарт. Калория акырындык менен көбөйөт, күнүнө 3000-3500 ккал болгончо. Белок 15%, май-30%, кычкылтек-55% болуш керек.
Кандай тамактарды күнүгө ичип турсаңыз болот?
Эртең мененки тамактанууда сизге быштак жана какао керек. Мындан тышкары, сүттү бышырып алып, ага жумуртканын сарысын кошуп бышырып жесеңиз болот. Күрүчтөн жасалган ботко да сизге салмак кошууга жардамы чоң.
Ал эми түштөнүү маалында жаш уйдун этин биринчи сууга бышырып алып, андан соң жашылчалардан кошуп кууруп жеңиз. Айта кетчү нерсе, куурулган этке картошка пюресин, каймак же май кошуп жесеңиз болот. Бир гана эт менен чектелбестен, түштөнүү маалында балык да салмак кошуунун бирден бир бөлүгү.
Түштөн кийинки тамагыңыз жеңил жашылча салаттары, мисал үчүн капуста менен жасалган салатка олив майын кошуп даамын чыгарып жесеңиз болот. Жер жаңгакка да кичине басым жасаңыз. Сүт, айран да болот.
Ал эми кечки тамакты жумуртка кошулган тамактар менен бүтүрсөңүз болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Aygul   29 Июль 2014 - 08:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 700
  • Катталган: 06 Апрель 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 12:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Супер"Кыргыз"стан

Сулуу болушка дагы бир кадам. Адам ички денесин сулуу кылыш керек, ак конул болуп, ниетин таза кылса сулуулугу сыртына чыгып турат. Жаш да корунот. Дайыма жылмайып журуш керек (жылмайып десе жыртайып эмес).
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   momuntay   30 Июль 2014 - 15:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 755
  • Катталган: 06 Апрель 14
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 15:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орто Азиядагы Байыркы шаар

Просмотр сообщения Leila86 (18 Январь 2013 - 16:32) жазган:

:капамын:
Кулбогуло, бирок чынында жашарып, семирип анан сулуу болгум келет. аябай аркытап кетим, кантип семирем эч ким айтпайт балдарым бар деп танкалат кантип тородун деп:). Тамакты жакшы эле жеп жатам, бирок кейигенде суу да отпой калат, ошонум жаман да. кыскасы куйоом былтыйып семир деп жатат , жайында же нормально койнок кие албайм, анорексия болуп кетти го меники таза:(


Анорексиядан алла озу сактасын. Врачка диетологго, эндокринллогго, психиологго корунунуз. Анализ тапшыртырат. Себебин аныктап алып, дары дармек, витаминдерди жазып берет. Норм образ жизни туз деп кенештерин берет. Албетте жолдошунуздар экоонуздор барып бирдей кенеш алганыздар он. Совсем арыктоо же совсем семирип кетуу жаш эле туруп бкл оору б.с эмеспи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Elnuram090   12 Сентябрь 2014 - 02:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 584
  • Катталган: 20 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 09 Мар 2018 15:40
  • Жынысы:Белгисиз

арык адамга эч нерсе жарашпай куник болуп кететда ото арык болсон алсыз болуп кыйнала бересин менда ушул проблемада журом жардам бергилечи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Сентябрь 2014 - 11:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Ар дайым куунак болуу сиздин акыл-эсиңизди жана дене турпатыңызды туура алып жүрүүгө шарт түзөт. Ал үчүн бактылуу болуу биринчи орунда турат. Андан кийин анча-мынча кырдаалдарга алдырбаганга, маани бербегенге аракет кылууңуз жетиштүү. Бирок кантип жасоо керек? Аны изилдөөчүлөр иликтеп сизге төмөндө көңүлдүү болуунун 5 жолун сунушташат:
1. Тышкы көрүнүшүңүздү сактаңыз: Ар дайым өзүңүздү көңүлдүү алып жүрүүнү кааласаңыз, тышкы кебетеңизге көңүл буруңуз. Ашыкча салмак сиздин маанайыңыздын чөгүшүнө шарт түзөт. Андыктан ар күнү арыктатуучу көнүгүүлөрдү жасаңыз. Ал сиздин стресске кабылышыңызды алдын алат. Бристол университетинин изилдөөчүлөрүнүн иликтөөсүндө, жумушка баруудан мурда жана түштө ар кандай машыгууларды жасагандар, ачуулануудан жана стресстен узак турушат.
2. Чөйрөңүздү кеңейтиңиз: Изилдөөчүлөр, үй-бүлө жана достору менен тыгыз байланышта болгондордун коомдук чөйрөдө ар кандай топторго кошулуу менен көңүлү куунак болуп, өзүн жогорку даражада бактылуу сезерин белгилешти. Кошуналар тааныштар менен да байланышта болууну унутпаңыз. Жалгыздык сиздин бактылуу, көңүлдүү маанайыңызды чөктүрөт.
3. Актуалдуу жана позитивдүү болуңуз: Көңүлдү куунак алып жүрүүнүн дагы бир жолу, активдүү болуу менен мээнин жакшы иштешине шарт түзүү. Ар дайым шайыр болуңуз. Жаман иштерге, ойлорго барбаңыз. Эгерде кандайдыр бир кырдаал болсо, аны чечүүдө көңүлүңүздү чөктүрбөгөнгө аракет кылыңыз. Кырдаалды туура кабыл алып, жаркын маанай менен тез арада чече аласыз. Маанайыңызды чөктүрсөңүз жашоодо сизден бактысыз киши жоктой сезилет. Күчтүү болуңуз.
4. Эң кичине нерсеге да кубаныңыз: Айланадагы бардык нерсеге маани берүү албетте кыйын. Бирок кичине гана нерселерден бактылуу болууга аракет кылсаңыз, көңүлүңүздүн ар дайым жогорку деңгээлде болушуна шарт түзгөн болосуз. Ал кыйын эмес, болгону "рахмат" айтуу сиз үчүн кандай жеңил болсо, ал да ошондой оңой гана нерсе. Көңүл чөктүрүү жөнөкөй нерселерди да байкабастыкка алып келет. Аны алдын алыңыз.
5. Көңүлүңүзгө жаккан нерселерди жасаңыз: Сиз эмнени жасоону каалап жатсаңыз тартынбаңыз. Болбосо мурда ушундай иштерди жасоо менен өзүңүздү чексиз бактылуу болгон учуруңузду эстеңиз. Же болбосо туулган күнүңүздө досторуңуз тарабынан тартууланган жагымдуу маанайды эскерүү менен сиз кыялыңызда асманга учасыз. Андан тышкары бош олтурбаңыз, зерикпегенге аракет жасаңыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 11:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Сулуулук
витаминдери
Ооба, каалаганча крем сүйкөнүүгө, тырмактарды атайын лактардын жардамы менен катырууга, чачыңыз үчүн тез-тез маска жасап турууга болот. Бирок, эгерде организмде витаминдер жетишсиздик кылса, сулуулукту сактоого жасаган бул аракеттериңиздин баары текке кетет. Андыктан, сулуулукту алгач ичтен сактоо зарыл. Ал үчүн бизге күнүмдүк эле колдонуп жүргөн жашылча-жемиштер жардамга келет.

А витамини - терини сыйда, серпилгич кылат жана чачтын түшүүсүнө каршы турат
В1 витамини - теридеги, чачтагы, тырмактагы зат алмашуунун калыптагыдай болушун жөнгө салып турат
В2 витамини - клеткаларга энергиянын келишин жөнгө салат
В5 витамини - бырыштын маалынан эрте түшүшүнүн алдын алат
В6 витамини - органдардагы зат алмашуу процессин жолго салат
В12 витамини - кан клеткаларынын пайда болуусуна жардам берет
Н витамини - теринин кургашынын, түлөшүнүн алдын алат
С витамини - иммундук системаны бекемдейт
Д витамини - сөөк ткандарын бекемдейт
Е витамини - клеткалардын картаюу процессин жайлатат, кан айлануу процессин жакшыртат, тромбдун пайда болуусунун алдын алат

Суу
Суу - теринин клеткалары үчүн эң негизги элементтердин бири. Суу клеткаларга азыктандыруучу заттардын, кычкылтектин барышын камсыздайт. Ошондой эле организмден токсиндердин бөлүнүп чыгышын шарттайт. Эгерде организмде суу жетишсиз болсо, беттин өңү бозоруп, тери кургайт. Андыктан, ар кандай кремдерди колдонуудан мурун терини сыртынан эле эмес, ичинен да "сугарып" туруу зарыл. Ал үчүн күнүнө эки литрден кем эмес суу ичип туруу керек.


Микроэлементтер
Цинк - чачтын, тырмактын калыптагыдай өсүүсүн жөнгө салат, какачтан арылтат
Калий - булчуңдарга күч берет
Кремний - чачтын түшүшүнүн жана тырмактын сынышынын алдын алат
Магний - сөөктөрдүн туура калыптанышына катышат, нерв ткандарынын ишин жөнгө салат
Кальций менен фосфор - тиштердин, тырмактын, чачтын бекем болушуна жооп берет

Cулуулукту сактоочу азыктар

Сулуулук - бир гана айымдын өзүнө кам көрүүсү эмес, туура тамактануусу да. Сулуулукту жана жаштыкты сактоочу азыктардын бир катар тобу бар.
Беттин нымдуулугу
үчүн - оливка майы
Грек менен түрк айымдарынын терисинде эч бир маселе жаралбайт экен. Алардын чачтары коюу, тырмактары катуу болот. Диетологдордун пикирине таянсак, мында кептин баары оливка майында жатат. Анткени, бул эки өлкөнүн элдери дээрлик бардык тамактарына оливка майын кошушат. Дал ушул майдын курамында эч нерсе менен алмаштыргыс Омега-3 жана Омега-6 майлуу кислоталары бар. Бул майлуу кислоталар болсо терини нымдап, чач менен тырмактын түзүлүшүндө чоң роль ойношот.
Түлөгөн териге - сабиз
Сабиздин курамында А витамининин көп өлчөмү бар. Эгер организмде бул витамин жетишсиз болсо тери кургап, түлөй баштайт. Ал эми ашыкча А витамини терини саргайтып жиберет. Андыктан, көп да эмес, аз да эмес - күнүнө орточо чоңдуктагы бирден сабиз жеп туруу нормага ылайык. Сабизди өсүмдүк майына аралаштырып салат түрүндө жеген да жакшы. Анткени, май А витамининин организмге сиңишин жакшыртат.
Бетиңизден нур чачырап туруусун кааласаңыз - грейпфрут жеңиз
Бул цитрус жемиши С витаминине бай. Бул витамин жетишсиз болгон шартта алсыроо келип чыгат, кандын териге келишинде бузулуу пайда болот. Грейпфрутта зат алмашууну жөнгө салып, тамак сиңирүүнү жакшыртып жана бетиңизге нур пайда кылуучу эфир майы бар.
Банан - какачтан арылтат
Банандын курамында көп өлчөмдөгү калий бар. Ал организмдеги углевод, туз жана суу-туз алмашууну жөнгө салат. Калийдин жетишсиздигинен чач бозоруп, жукарып, кайраты кетет, анда какачтар пайда болот. Мындай учурда күнүнө үчтөн банан жесеңиз,
бул чачыңыздын жибектей жалтырап, кайраттуу болушуна, какачтардын жоголушуна жардам берет. Эске алуучу нерсе, чоң, сапсары бананда эмес, кичине, сырты бир аз көгүш бананда калий көбүрөөк болот.
Бадам - тырмактарды сактайт
Бадамда жана башка сөөктүү жемиштерде цинк көп. Организмдеги цинктин жетишси здиги тырмактарда ак тактын пайда болушуна алып келет. Ошондой эле мындай учурда тырмактар катмар-катмар болуп сына берет, тегиздөө кыйын болгондуктан, анын үстүнө коюлган лак да жакшы көрүнбөйт. Мындай жагымсыздыктан арылуу үчүн күнүнө жарым стакандан бадам жеш керек. Бадам тырмактын өсүшүнө гана жооп бербестен, зат алмашууну да жөнгө салат, организмдин сезгенүүсүнө каршы касиетке ээ жана коллагенди иштеп чыгарат.
Бырышка каршы
эң жакшы каражат - шампиньон
Козу карындын бул түрү бырыштын алдын алуучу эң натыйжалуу каражат болуп эсептелинет. Анын курамында пантотен кислотасы жана селен деген күчтүү антиоксиданттар болгондуктан, бардык бырышка каршы кремдерден жакшы таасир берет.
Кычкыл сүт азыктары -
теринин саламаттыгы үчүн
Тери - биздин ичегилерибиздин иштешинин күзгүсү. Эгер алар жакшы иштебесе, ал дароо эле биздин терибизден чагылат - бетибиздин нуру өчүп, маалынан эрте бырыштар пайда боло баштайт. Түсү да бозоруп, кызыл-тазыл бүдүрлөр чыгат. Ичегинин талаптагыдай иштешине кефир, йогурт, айран сыяктуу кычкыл сүт азыктары жардам берет. Алар зат алмашууну жакшыртат, иммунитетти бекемдейт, ичегидеги талаптагыдай микрофлораны калыбына келтирет.
Киви - карылыкка каршы жемиш
60 жашка чыкканда да 40 жаштагыдай көрүнүүнү каалагандар үчүн окумуштуулар кивини көп колдонууну сунуш кылышат. Бул жемиш өзүнө С витамининин көп өлчөмүн камтыйт. Ал эми С витамини коллагендин иштелип чыгуусун калыпка салуу менен картаюу процессин жайлатат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 12:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Сулуулук үчүн 5 азык
Сулуулукту сактоого ичтен да, сырттан да кам көрүү зарыл. Бул үчүн баарынан мурун мөмө-жемиштер жардамга келет. Адистер сулуулуктун беш максатын белгилеп, айымдын терисин идеалдуу кылуучу 5 азыкты тандап алышкан.

1-максат: Терини серпилгич кылуу
Серпилгичтикке коллаген жооп берет. Организмге аны жеткирүүчү негизги витамин - С витамини. Бул организмде иштелип чыкпайт, бирок аны жетиштүү өлчөмдөгү азыктардын жардамы менен кабыл алууга болот.
Азыктар: апельсин, лимон, кулпунай, малина, киви бизге С витаминин берет. Бирок курамында бул витаминдин көптүгү жагынан ит мурун лидерликти эч кимге бербейт.
Сулуулук рецепти: Бир кочуш ит мурунду стаканга салып, үстүнө кайнак суу куясыз. 30 мүнөт демдеген соң тундуруп алып суусундук катары колдонсоңуз болот же болбосо таза марляга сиңирип, териңизге компресс кылып 10-15 мүнөттөн койсоңуз болот. Мындан тери жакшы нымдалышат жана пайдалуу заттарды өзүнө сиңирет.

2-максат: терини нурдантуу
Терини таза, нурдуу көрсөтүү үчүн антиоксиданттар, анын ичинен Е витамини керек. Ал теринин коргоочу катмарын калыбына келтирет, клеткалардын жаңыланышын жөнгө салат жана беттин түсүн жакшыртат.
Азыктар: бул витамин баарынан өсүмдүк майында көп, андан тышкары боордо, жумурткада, буурчак өсүмдүктөрүндө, брюссель капустасында, брокколиде, ит мурундун мөмөсүндө, чычырканакта, гиласта бар. Ошондой эле бул витамин менен организмди семичке чагып, жер жаңгак, бадам жеп камсыз кылууга болот.
Сулуулук рецепти: Чычырканактан маска жасаңыз. 1 орточо көлөмдүү пиаладагы чычырканакты эт майдалагычтан өткөрүп, ага 1 чай кашык йогурт жана ушунча эле көлөмдөгү бал кошосуз. Терини агартуу максатында бир нече тамчы лимон ширесин да кошуп койсоңуз болот. Даяр болгон аралашманы жарым саатка муздаткычка салып коёсуз. Андан кийин алып, бетиңизге жана моюнуңузга сүртөсүз. Бул маска терини сергитет, кан айланууну жакшыртат. Маскадан кийин териңиздин тептегиз болуп, бетиңизге нур жүгүрүп калганын байкайсыз.

3-максат: Эриндин жарылганынан арылуу
В2 витамини тери үчүн, тырмак, чачтын өсүшү, кыскасы, жалпы организмдин чың болушу үчүн зарыл. Бул витаминдин жетишсиздигинин алгачкы белгиси - эриндин кесилип кетүүсү.
Азыктар: боор жана бөйрөк, дрожж, жумуртка, бадам, козу карын, быштак, гречка, сүт, эт, күрүч, макарон азыктары, ак нан жана жашылча-жемиштер. Өзгөчө бул витаиндин негизги булагы болуп сүт жана сүт азыктары эсептелинет.
Сулуулук рецепти: 2 чоң кашык жаңы быштакка 1 чоң кашык балды тегиз аралаштырып, бул аралашманы бетиңизге сүйкөйсүз. Көзүңүздүн айланасына да коё бериңиз. 20 мүнөттөн кийин салкын сүт менен жууп саласыз. Мындай маска кургак терини азыктандырат, нымдаштырат жана жумшартат.

4-максат: Беттеги безеткилерден арылуу
Беттеги безеткилерден жана теринин сезгенүүсүнөн келип чыккан башка ооруларынан арылууга бизге ликопен деген зат жардамга келет.
Азыктар: безеткинин пайда болушунун бир себеби - картошканы, ак нанды, ак күрүчтү, макаронду жана момпосуйду ашыкча колдонуудан. Бул азыктарда кандагы инсулиндин деңгээлин көтөрүүчү жөнөкөй углеводдор бар. Ушундан улам бетте безеткилер пайда болот. Ага жол бербөө үчүн кызыл азыктарды - дарбыз, кызыл грейпфрут, помидорду көбүрөөк жеш керек.
Сулуулук рецепти: 1 помидорду жука-жука кылып тегерекче түрүндө туурайсыз. Аларды бетиңизге коюп, 10-15 мүнөт кармайсыз. Андан соң экинчи помидорду тең ортосунан бөлүп, ички бетин бетиңизге сүрткүлөйсүз. Акырында бетиңизди жылуу суу менен жууп саласыз.

5-максат: Бырыштардын санын азайтуу
Буга полифенол жардам берет. Ал карылык процессин жайлатат, терини бузулуудан сактайт. Мындан тышкары, кан айланууну жакшыртып, бактерияларга каршы натыйжа берет.
Азыктар: күнүнө бир бокал кызыл вино ичүү же кара, кызыл жүзүмдөрдүн данектери биздин организмибизди керектүү өлчөмдөгү полифенол менен камсыз кылат. Мындан тышкары, мейизден көбүрөөк жеңиз.
Сулуулук рецепти: Жүзүмдөн жашартуучу маска даярдаңыз. Ал үчүн жүзүмдүн ширесин сыгып аласыз. Ушунча эле өлчөмдөгү сүттү ширеге кошуп, аралаштырасыз. Бул аралашманы таза марляга сиңирип алып, бетиңизге 20 мүнөт коёсуз. Мындан соң бетиңизди жылуу суу менен жууп салып, крем коюп аласыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   alibekova94   22 Сентябрь 2014 - 19:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Автор только сладкий жей берсениз семиресиз мен обычно ошондоймун. ...

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Meka77   23 Сентябрь 2014 - 14:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 124
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучить 5 раз Азан

Таттуу менен ак нан аяяявай семиртет ко биир корунузчу мумкун жардамы тиер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   rumaika5544   23 Сентябрь 2014 - 15:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Мен, таттуу жей албайм, таттуу жей албагандар кантип семирет ыя, нан дагы көп жей албайм кээде эле жейм. Семирсе болобу жаза кеткилечи билгендер.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   AiNuR_777   24 Сентябрь 2014 - 03:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 24 Март 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2018 16:06
  • Жынысы:Аялзаты

Мен да семиралбай жатам. Кучту кучту тамактарды жейм. Билбей калдым же мен да оз убагында семиреттирмин. Азыр жашым 20да 47кл чыгам . Ошо дагы коп ойлонгондон стресс болгондон адам семирбейт дешет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   alibekova94   24 Сентябрь 2014 - 14:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Мен обычно сладкий жегенде реско семирип чыгам а так жирный тамактардан семирбейм анан стресске кабылганда реско арыктап кетем . Бир эле кун кечке сладкий жесем короверда белдер кетет беттер кетет тылтыйып коздорум кичинекей хуже кичиреип айлам кетип ойлонуп жатып калам кантип арыктайм деп ... Азыр да кичине толуп баратам(((

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Dadin1   24 Сентябрь 2014 - 17:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 262
  • Катталган: 30 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

Ойлонуп сразу стресске кирип кет да, сразу арыктап каласын...
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   alibekova94   24 Сентябрь 2014 - 18:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Ушул жерде да кенеш бергенге улгуруптурсун да

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Dadin1   24 Сентябрь 2014 - 18:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 262
  • Катталган: 30 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

Сага омур бою кенеш бергенге даярмынго если ыш-то
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   alibekova94   24 Сентябрь 2014 - 18:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Просмотр сообщения Dadin1 (24 Сентябрь 2014 - 18:33) жазган:

Сага омур бою кенеш бергенге даярмынго если ыш-то





Сүрөт Катуу кеттинго , мен эчкимден кенеш сурай элекмин да Сүрөт

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Dadin1   25 Сентябрь 2014 - 15:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 262
  • Катталган: 30 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

Жалган суйлоп койдунго бир болсо эч кимден кенеш сураган эмесмин деп ))))) Жакшылап ойлонуп корсон чын эле эч кимден кенеш сурабадын беле?
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   alibekova94   25 Сентябрь 2014 - 16:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Жок жаным эч кимден кенеш сурай элекмин коптон бери )))))))))))))))))

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Giza   26 Сентябрь 2014 - 01:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Семирүү аябай оңой го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   belosnejka1   04 Октябрь 2014 - 01:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 396
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Апр 2018 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Venera

Просмотр сообщения Elnuram090 (10 Апрель 2014 - 22:10) жазган:

мен турмушка чыканмын балам 1жарым жаш болду эмизбей койддум кичине семирейин деп менин апетитим такыр жок кандай кылып тамака табитин жакшыртат коп жесем оозума келип кусуп жиберейин деймин куйоом кечке урушат тамак же деп,жей албасам кантип жейм деп экобуз кечке урушабыз

Эч жериниз оорубай элеби? Аппетитти ачыш учун ачуу приправа жениз
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Июл 2025 22:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: