саламатсыздарбы суперстандыктар!
мага туура тушунуп калыс кенешиниздерди беруунуздорду суранам.Козумду жумсам тээ менин балалык кезим эске тушуп,ыйлагым келди.саксандап эч нерседен бейкапар ойноп жургон кундорум,ал мезгил бардар мезгил эле.колубузда бар эч нерседен кем кылбай чонойтушту.
Куйоого тийдим.озумчо уй булоо кутуп балалуу болдук.турмуштун ойдо ылдыйын куйоом экообуз женип жашап келе жатабыз.Андан бери канча жыл отту.ата энем иши артка кетти.карыздары кобойуп кетти.Колундагы бар байлыгы жок болду.эч нерсе калбады.кудайым ай же мен бир жардам бере алсамчы..Айтайын дегеним,журогумду мыкчып тынчтык бербеген суроо бир куну бир ажылдаган саксайган катын келди.апан мага 50000сом карыз.бербесенр шерменденерди чыгарам..дагы коп коп жаман создорду айтты.куйбогон жерим кул болду.журогум калтырап ыйладым.ал ага карабады.апанын тел номерин бер деди,бербедим,
ал байкушту аядым,себеби анча акча жок эле да баары бир.анан озумо калыныраак куртка алам деп топтоп аткан2000сомду карматтым Эже ушуну болсо да алып турунузчу.деп,
ал акчаны алып атып калганын тезирээк кутул деп кулжундап кетип калды.эми эмне кылам,куйоомо эмне дейм?!калганын кантип таап берем.Апама чалсам(алар башка шаарда турушат)ырас кылыпсын кызым ырахмат,мен олбосом кутулам,сен эптеп ошону кутулуша берчи,деди.колунда тыйынын болгондо аны ажылдатпай берип турчу,бизди издеп келип албасын деди.Мына ошодон бери менде тынч уйку жок.журогум сыгылат,куйоомду алдап атканыма.Азыр да эч нерседен кабары жок баласын кучактап уктап атат,мен болсо тикенектердин устундо отургандай тынчым жок.Апамдарды аяп турам.Суранам кенешиниздерге муктажмын.
Апамдын карызы же оз оокат тиричилигим...
#2 24 September 2014 - 21:05
Сабыр кылыныз автор... Менин ойумча жолдошунузга айтып корбойсузбу(эгер ал тушунуктуу адам болсо)кенешип ийри отуруп туз чечишсениздерчи кандай болот? Негизи ар адамдын оокаты озунчо дегендей балким жолдошунуз ката тушунуп жини келеер... Болбосо жакшы тааныштарыныздан жардам сурасанызчы?
Карыз алгандан колдон келсе алысыраак болунуз болбосо озунуз аран журсонуз дагы бир балееге кабылышыныз мумкун.
#3 24 September 2014 - 21:24
Ар нерсенин келмей кетмейи бар,дегеним жаманбы жакшыбы оз учурунда бирааз кыйнап койгону болосо,баардык адам сиз баскан изди басып отушкон ошондуктан коп ойлонбоого тырышыныз антпесе ден соолугунуза кебелге келтирип алышыныз мумкун. Мисалы биз уйбулодо баардык жагдайды чогуу чечкенге аракет кылабыз уйбулонун бекемдиги ошондон деп эсептейм ,жолдошунуз менен кенешиниз айтыныз ата эненизге жардам бергениниз жакшы кутулуунун айласын бирге издениздер.
Сиз аял затысыз озунузду караныз ойлонбой.
#4 24 September 2014 - 22:16
Акча табылат, ден-соолук табылбайт. 50000 миң карыз болсо кутулса болот. Өткөндө авариядан соң бир жумада эле 200000 миңдей акча кетип калды...
#5 24 September 2014 - 22:27
Куйоонуз мэнэн кенешиниз...
емне дэб жазыштыда билбей калдым коб ойлонбонуз буюрса баары жакшы болот.
#7 24 September 2014 - 23:28
Биринчиден, апаңдын позициясы жаккан жок. Сага шылтоолой салганы туура эмес, сен берип тур деп. Экинчиден, ал аял шантаж кылганга көнүп алат да шоруңду катырат, улам эле келе берип.
Апаң колу менен кылганды мойну менен тартсын. Апаңдын айынан сенин үй-бүлөңө доо кетип жатпайбы. Калпты ката албайсың, акыры бир күнү чыгат, анан күйөөң экөөңдүн ортосундагы ишеним кете баштайт. Кеңешип кескен бармак оорубайт, жара ырбай электе, түз отуруп чечишип алгыла. Баласы катары албетте жардам беришиң керек, бирок "партизандык жол" менен эмес. Аялдар ошондой кыла калабыз деп балээни башыбызга үйүп алабыз. Жамандыкты амандык жеңет. Үй-бүлөңө бакубат турмуш каалайм.
Апаң колу менен кылганды мойну менен тартсын. Апаңдын айынан сенин үй-бүлөңө доо кетип жатпайбы. Калпты ката албайсың, акыры бир күнү чыгат, анан күйөөң экөөңдүн ортосундагы ишеним кете баштайт. Кеңешип кескен бармак оорубайт, жара ырбай электе, түз отуруп чечишип алгыла. Баласы катары албетте жардам беришиң керек, бирок "партизандык жол" менен эмес. Аялдар ошондой кыла калабыз деп балээни башыбызга үйүп алабыз. Жамандыкты амандык жеңет. Үй-бүлөңө бакубат турмуш каалайм.
#8 24 September 2014 - 23:57
Кыйын абалда калыпсыз. Апаныз карызга алган акчаны неге жаратты экен? Канча моонотко алды эле? Неге качып журот?
Озунузду карызын доолаган аялдын ордуна коюп корунузчу? Мандай тери менен ичпей жебей тапкан акчасын бироого карызга карматып ала албай желмогуз корунуп жургонун. Алган адам бироонун эмгегин каалашынча жаратып туруп качыпХ жургонун. Колунда барды корот, жок болсо чыда деген экен бир эне алыста жургон уулуна.
Албетте апа баарыбызга кымбат, жана турмушта ар кандай кырдаалдар болуп турат. Уй булолук бюджетти куйоо менен кенешип кептешип чечиниз. Кыныр иш кырк жылда билинет дейт. Куйоо билсе аранарда жарака пайда болоорун унутпаныз.
Озунузду карызын доолаган аялдын ордуна коюп корунузчу? Мандай тери менен ичпей жебей тапкан акчасын бироого карызга карматып ала албай желмогуз корунуп жургонун. Алган адам бироонун эмгегин каалашынча жаратып туруп качыпХ жургонун. Колунда барды корот, жок болсо чыда деген экен бир эне алыста жургон уулуна.
Албетте апа баарыбызга кымбат, жана турмушта ар кандай кырдаалдар болуп турат. Уй булолук бюджетти куйоо менен кенешип кептешип чечиниз. Кыныр иш кырк жылда билинет дейт. Куйоо билсе аранарда жарака пайда болоорун унутпаныз.
#9 25 September 2014 - 00:14
Урматтуу автор мындай окуя менин башымдан былтыр эле откон ,менин да апам коп акча карыз болуп мени толошуп бер деди ,озум иштебейм уйдо балдарым менен ,мен да ойлонуп жинди болдум айлам кетип куйоомо айттым,кенештим.
Бир аз жардам берди апама тушунуп ,бирок мен да апама тушундуруп айттым болгонун бердик башка жок тушунунуз деп ,бирок апам нараазы болду жакшы жардам бербедин деп,ошентсе да мен куйоомдон сурабадым анткени тынч жашайын дедим ,кантсе да менин булом ,апамдын карызы деп ызы чуу уруш салгым келбеди .албетте апама боорум ооруйт ,жардам бергим келет бирок шартка да караш керек.сага советим куйоо менен алектешип кор,колундан келсе жардам бер болбосо тушундуруп айт апана.
#10 25 September 2014 - 07:23
кечээ кечке сыгыла берип бугун ооруп калыпмын.онбогур ангинам кармап калып.сай соогум сыздап дене табым которулуп бугун ишке барбай калдым.Куйоому ишке узатып коюп тошокто жатам чыйрыгып.баягы эженин элеси кетпейтат.андан коркуп атамбы,же озум куйоомдун тааныштардын алдында уят болгондон коркуп атамбы.,башыма бир ой келди.туулган кунумо куйоом белек кылган алтын чынжырым бар,салмагы оор эле.ошону ломбардга коюп,эженин оозун жапсамбы?куйоомо эмне дейм?!жоготуп алдым десемчи?!.
.куйоон менен кенешип чогуу чечкиле деген вариант жарабайт.биринчиден куйоом туура эмес тушунушу мумкун.экинчиден оздору эптеп жарым жартылай берип коюшпайбы?сени кыйнабай деши белгилуу.Достор,
агайын эжелер кенешиниздерге муктажмын.мени жалгыз калтырбагылачы!
#11 25 September 2014 - 08:40
Эмне дешимди дагы билбей калдым эч айла жок болсо эми браслетинди сатып бере тур калганын кантип бересин эми куйоондон жашырсан жашырбасан баарибир бир кун угулат!!
Уга берсин эми куйоом угуп калат экен деп намыстанбай эле кой баарынын башында болот мындай сени сыйласа жардам берет да эми )))
#12 25 September 2014 - 08:41
Ломбарддан эки эсе карызга батасында.аны кантип толойсун?андан коро чынжырынды сатып болушунча берип турда.апан тушунсо кайтараар кайра.башка бир туугандарын жокпу?
#13 25 September 2014 - 12:35
Ата-энебизге омур бою карызбыз. Куйооно айтпай эле жардамынды бере бер. Ал угуп калса, тескерисинче,
омур бою токон-наалат айтат (сенин апандын карызынан мен куттулткам деп),ал эле эмес, жон калбай куйоон оз апасына айтат, анан башталат кептин баары. Ата-энене берген тыйынынды санаба. Акча табылат, ата-эне табылбайт.
#14 25 September 2014 - 12:40
Ломбард болбойт куйоонузго айтып корун апанызга да тушундурун сиздин адрести кайдан билип алыптыр.мен жаны келин болуп келгенде кайн эжем москвада иштейт эле анан ата апасы акча сал дей берет эле ошондо айткан мен ажырашып эле силерди баксам окшойт деп ар кимдин сыртан билинбеген менен оздоруно ылайык кам корчу чыгып калат да сиз чынжырынызды сатып берип койсонуз айтпай анан куйонузго акча керек болуп калып ламбардка койуп турайын деп калса эмне кылас кээде биз керек эместа деген нерсени кычап сурап калышат
#15 25 September 2014 - 14:15
#16 25 September 2014 - 15:11
Саламатсызбы автор. Ооба ЭНЕГЕ жардам бериш керек. Себеби биз Ата -Энеге өмүр өтүчөктү карызбыз. Азыр апаңызга жардам бербегенде качан бермек элеңиз. Күйөөңүзгө коркпой эле ачык айтыңыз. Сиздин апаңыз анын да апасы. Эгер жашырсаңыз бир күнү болбосо билинип калат да,алдаганыңыз үчүн өмүр бою күйөөңүздүн алдында башыңызды шылкыйтып жүрүп өтөсүз. Андыктан шартылдап эле ачык айтыңыз.Бир үй бүлөө болгондон кийин кантип эле түшүнбөй койсун....
#17 25 September 2014 - 15:27
Жолдошунузга айтканыныздыле тууракоруп турам. Ал эмне башкаларга айтмак беле, мурунку бергенинизди айтпай эле коюнузда, мындан аркысын айтыныз. Маянамды алып, ушул аялга берип турайын, ата-энеме азыр жардам бербесем качан жардам берем, иштеп турганда бир карызынан кутултайын деп корунуз. Кантседа иштеп жатыпсыз, иштебей уйдо олтурганынызда кантмексиз,
берейин десениз жолдошунуздун акчасы, бербейин десениз 'энениз'
. Ошон учун ачык айтып маянаныздан эле бериниз, ичинизди курт жеп сарсанаа болбой. А пальтого деген акчаны акырындап ордуна коюп аласыз, иштеп турсаныз. Аны айтпай эле коюнуз.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#18 25 September 2014 - 16:22
Men da jogorudagy oilorgo koshulam.Joldoshunuzga achyk ele aitkanynyz jakshygo,ashykcha kep soz da bolboit kiiin
#19 25 September 2014 - 18:33
Мындай учурда дос тууган билинсе керек. Мага деле тааныш учур, апамдын карызын толоо эмес, негизи карыз болуп калгандагы айласыздык.
Бул кундор да отот. Жолдошунуз мн кенешиниз да жардам бериниздер чогуу. Апаныз туболук кары3 бойдон калбайт. Жакшылыкта жуз корушосуздор.
Кыйын кунду бирге женген да жакшы
#20 25 September 2014 - 18:46
Автор элден жашырсаныз да эрден жашырбаныз!
ал сизге ишенип жашайт да сиз менен ошондуктан ишеничинен чыгып албай баарын болгондой акырын тушундурунуз мумкун туура тушунуп жардам берет ... Эгер жинденип чыкса ага капа болуп уруш чыгарып конулун калырбаганга аракет кылыныз адам биринчи укканда шок болуп ар кандай создорду айтып жибериши мумкун ошондуктан сабырдуу болунуз. анча деле коп акча эмес экен... Ойлонбонуз баары отуп кетет ....
Жүрөгүмсүң

Супер-Инфо
super.kg
видео















