Ассаламу Алайкум урматтуу форумчулар!
Менин бул теманы ачуума себеп болгон "салам"
, "hi", "кандайсың"
ж.б.у.с саламдашуусу болду.
Ата Бабаларыбыз саламдашууга чоң көнүл бөлгөн, бул кичи пейилдиктин,
бири бирин сыйлоонун белгиси.
"Ассалааму Алайкум" - араб создору мааниси "сизге тынчтык болсун" "Ва Алайкум Ассалам" - "сизге дагы тынчтык болсун" дегенди билдирет. Копчулукко саламдашкан киши алардын ар бири менен саламдашпастан,
баардыгына бир жолу салам айтса жетиштуу.
Жашы кичуу киши жашы улууга, басып бараткан адам отурганга, атчан жоо адамга салам беруусу зарыл. Кемсинтип, шылдындагансып ылжайып саламдашуу адепсиздик.
Саламдашуу чын журоктон болуу керек. Саламга алик алган адам башын кыймылдатып гана койбостон, жообун урмат менен айтуу зарыл. Алыстан таанышын коруп жанына жете албаган учур болсо, алыстан баш ийкешип ишара кылса жетиштуу.
Кол менен саламдашканда кол учун гана узатып учурашуу адептуулукко жатпайт. Бул адамды кемсинтуу, аны козго илбегендик болот. Узакка корушпогондор кучакташып саламдашат.
Саламды угула турган деңгеелде катуурак айтуу да адептен.
Мени ойго салган дагы бир маселе бул "өбүшүп"
учурашканы.
Биринчи кыздар кыздар менен ушинтип учурашчу, кийин балдар менен кыздар. Универде 20-25 группалаш менен учурашып чыккандан кийин элестетип кое бергиле.
Саламдашуу адеби. Исламда, Кыргыздарда.
#2 13 August 2014 - 00:18
Biz kyzdar m.n obuwup u4urawabyz.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#3 13 August 2014 - 02:00
Ассаламу Алейкум (сизге тынчтык болсун) деп туруп, согуп бергендер деле бар.
Менимче саламдын маанисин билбей эле Ассаламу Алейкум дейт...
Менимче саламдын маанисин билбей эле Ассаламу Алейкум дейт...
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#4 13 August 2014 - 09:27
Бироого "Саламатсызбы?
" десем "Ооба, рахмат" деп жооп берди. Саламатчылык деген жоопту угуп конуп калыптырмын,
аябай таң калдым. Өзүм салам деп жооп берем. Мектепте кол алышып журчубуз. ЖОЖдо 4 кыз менен обушуп учурашар элек. Азыр жумушта "Кандайсыңар"
деп кирип, чыгып баражатканда "Жакшы калгыла" деп кетебиз. Обушуп учурашкан жакпайт, бирок бироого катуу тийгим келбейт, айрыкча курбуларыма.
#5 13 August 2014 - 09:32
А динде обушуп учурашуу кандай каралат? Жигит менен кызды чекеге суро туралы, кыз менен кыздын обушуп учурашканы,
себеби баарыбыз айымдар тууган-урук,
курбу-курдаш,
абысын-ажын,
эже-синди, айтоор корушпой жургон жакынын менен кол алышып учурашып гана тим болбойбуз, бул жанылык эмес!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#7 13 August 2014 - 13:05
Ар кайсы облуста ар кандай учурашат экен,саякатчы болуп журуп,коруп атам да.Баткенде эркек,аял баары кол берип учурашат экен,Жалал Абадда кол берип,ийнин кармап учурашат экен,Таласта эркек киши кол алышып,аялдар жакыныраак болсо обушуп,алысыраак болсо баш ийкешип коюшат да.Анан саламдашуу да диалектешип кеткенби,негизи кыргыздардын(аял,
эркек) саламдашуусу кандай?
#8 13 August 2014 - 13:10
Негизи кары болсо жугунуп(келин болсо,болбосо жон гана) Амансызбы деп,улууларга Саламатсызбы деп,жакын болсо бетинен ооп койгон туура эле го менимче..Эркек кишинин колун кармап,же обушуп учурашкан одоно корунот го..
#9 14 August 2014 - 00:12
А динде обушуп учурашуу кандай каралат? Жигит менен кызды чекеге суро туралы, кыз менен кыздын обушуп учурашканы,
себеби баарыбыз айымдар тууган-урук,
курбу-курдаш,
абысын-ажын,
эже-синди, айтоор корушпой жургон жакынын менен кол алышып учурашып гана тим болбойбуз, бул жанылык эмес!
Динде аялдардын учурашканда өбүшүшү тууралу эмне дейт кабарым жок экен. Бирок, чоң энелерибиз учурашканда оң колу кол алышып, сол колу чыканактан бири бирин сүйөгөн.
#10 14 August 2014 - 00:15
Бироого "Саламатсызбы?
" десем "Ооба, рахмат" деп жооп берди. Саламатчылык деген жоопту угуп конуп калыптырмын,
аябай таң калдым. Өзүм салам деп жооп берем. Мектепте кол алышып журчубуз. ЖОЖдо 4 кыз менен обушуп учурашар элек. Азыр жумушта "Кандайсыңар"
деп кирип, чыгып баражатканда "Жакшы калгыла" деп кетебиз. Обушуп учурашкан жакпайт, бирок бироого катуу тийгим келбейт, айрыкча курбуларыма.
Негизи "Саламатсызбы? " сөзү сурашканда айтылуучу "дениңиз сообу" (оорубай элесизби) дегенда. Орусча "Здраствуйте" . Ал эми биз мусулманчылыкта Ассаламу Алайкум деп учурашуу парз.
#11 15 August 2014 - 22:26
Мен соц сетте бирооно Ассалоому алейкум десем мырксынбы деген эле. Ошонун сынары эвропаны туурап азыркы кундо салам бергендида мырк деп эле озулорунон кетип калды мусулман эле адамдар. Аман бол дедим башка соз жазсам деле жетмек беле.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#12 21 September 2014 - 13:42
Динде аялдардын учурашканда өбүшүшү тууралу эмне дейт кабарым жок экен. Бирок, чоң энелерибиз учурашканда оң колу кол алышып, сол колу чыканактан бири бирин сүйөгөн.
Кээбир аймкатарда ошентип учурашат азыр деле.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#14 22 September 2014 - 01:00
Жигиттердин бири-бири менен, башын тийгизип сүзүшүп койгону ашыкча да...
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#15 23 September 2014 - 20:27
Арыбаныз десем бар бол деп алик алат . Кээ бири сен да арыба дегенде шашпай отуруп тушундуром
#17 26 September 2014 - 14:37
#18 26 September 2014 - 15:24
#19 26 September 2014 - 21:07
Ассалам алейкум! Саламдашуу бул суннот,а алик алуу бул важип деп уккам.
Ваалейкум ассалам ва рахматуллах ва баракятуху
Билгеними жазып койоюн:
Озу мусулман адам келгенде, кетээрде кандайсынар? жакшысынарбы? дегенден мурун (Алладан) тынчтык болсун (ассаламу алейкум) деп айтыш керек экен. Себеби ал акыбалды суроодон мурда тынчтык каалап келдик дегендей айтылып андан кийин гана ал акыбал суроо керек экен.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















