
Жолугушууну мен дагы күттүм эле, болбой калганын угуп пландарымды өзгөрттүм (өзгөрткум келген эмес). Жаңы жүздөрдү көрөм деген ойдо болчумун. Теманы барактап, "барат элем" дегендер көп экенин байкадым.
Анда жолугушууну 18-октябрга жылдыралы деген ой болуп жатат.
Уюштуруучуларга көңүлүңөрдү түшүрбөгүлө демекчимин. Колуман келген жардамымды мен дагы көрсөтүүгө даярмын.
Быйтык, өтүп кеткен туулган күнүң менен! (көп жаңылыктардан артта калыптырмын). Жолугушууга келесиң да. Сенин дагы жардамың керек

kara_kulzha, patma.mahmud-kyzy , KUMTOR1, купуяма телефон номерлериңерди берсеңер жакшы болмок эле.
Барика, сен кайдасың? Бишкекке келең, байланышып койчу.
Көрүшкүм келет деп эле жүрө бербей, чынында жолугушсак болот эле
