Артта калымыш болсом ал да жайлап басып калат, курбумдун ар жагына отсом ал да отуп алат. Айтор 10 минуттук жол узун сезилип, эч эле уйго жетпей жаткандай болдум. Бир убакта суйуктуу адамым артымдан келип эле колумдан катуу кармап бат бат кадам таштады. Колумдун ооруганын шылтоолоп колумду тартып алдым. Мени карап турду бир саамга. Артыбыздан келе жаткан курбум менен менин "поклоннигим"
кутуп туруп калышты. Анын уну каргылдана чыкты: "Журу, кеттик", менин журогум канчалык каалап турса да намысым :" Жок, сени кемсинтип , сенин сезимдерин менен ойногон адам менен кетууго акын жок",-деди.
Намысыма женилди бул ирет сезимдерим.
Башымды чайкадым. Бурулду да, бат баттан басып кетти. Карап тура бердим карааны карагыга сунгуп кеткенге дейре. Шолоктоп ыйлагым келип турду. Курбу кызым кеч болуп кетти деп уйуно кетти. Мен уйубуздун жанындагы скамейкага отура кеттим. Чачымды сыдырым жел сылаган сайын эрээркеп болгон бугумду чыгаргым келип турдум. Жаныма "поклоннигим"
келип отурду. Унсуз отура берди мени карап. Бир оокумда суйлобосом бул ааламга батпай кетчудой сезилип ага жаш балача арыз мунумду айтып баштадым. Ыйладым. Ал жуз аарчысын сунуп, унсуз колдоо корсотуп жатты. Угуучунун ролун мыкты аткарып жатты.
Мендик болбогон суйуктуум.... жон гана суйуу баяны.
#42 15 March 2014 - 17:39
Ошол ошол болду, бири бирибизге ботон адамга айландык. Кундо мени коруу учун келген суйуктуум сабактарды калтырчу болду. Келсе да арткы партага отуруп , телефону менен алек болуп кетип калат. Корунгон жерде коп кыз менен ойноого жетишти. Уккан сайын журогум мыкчылса да жайына койдум. Бутуруучу классты да аяктап,бутуруу кечеси боло турчу убак келди. Кыздар кызыктай жанбыз да, алыстатууну каалап туруп, жакындаса экен деп тиленебиз. Атайын издеп журуп кызыл койнок таптым. Анткени ал мага кызыл жарашаарын,
кызыл кийсем ага башкача суйкумдуу коруноорумду коп кайталачу. Ал жакшы коргон атырымды себиндим. Ал жактыргандай чачымды жайып, максималдуу жонокой корунуу учун болгон аракетимди жумшап жаттым. Мен ага бул кечеде башка кызга кароосуна уруксат бербейм деп жаттым ичимден. Кече конулдуу башталды. Ата-энелер, мугалимдер куттуктоолорун айтышып, ыр-бий менен коштолуп шандуу болуп турду атмосфера. Ал менден оолак отурса да кайра-кайра караган коз карашын байкап, жузум албырып чыкты. Жай музыка жанырганда жаныма келип колун сунду. Элдин арасында колун туртуп коюу адепсиздикке жатат деген шылтоо менен колумду бердим. Женил тартып жай кучактады. Жыты мас кылып турса да , сырымды алдырбоого тырышып, болушунча мерез болуп бийлеп жаттык. Мойнумдагы жытымды жыттап жатып шыбырады: " Сен мендиксин. Сени менден башка бироого ыраа коро албайм". Мен да какшык аралаш: " Аны озунду башка бироолорго ыраа коруп жатканда ойлонсон болмок",-дедим.
" Бир жолу суйлошууго шанс бер",-деди.
Ангыча шандуу музыка башталып кыздар чуркап келип эле бийге тартып калышты. Андан колумду алдым да, эч нерсе болбогондой бийлеп кеттик эл арасында.
#43 15 March 2014 - 17:50
Бирок, бир ой мээмди кемирип жатты. Балким, ал мен учун ушул жаман жолго баргандыр. Мен аны угуп,анын жанында болсом мындай жолго бармак эмес. Чын эле бир жолу суйлошуп короорбуз. Сыртымдан бийлеп, кулуп жургонум болбосо ичимден ойлоно бердим. Чечкиндуулук кылып жанына бардым: " Мен макулмун"
-дедим. "Уйлонуугобу?
",-деди адаттагыдай жылмайып жатып. "Койчу тамашанды"
,-дедим кабагымды туйуп, "Тушундум жаным" деп бетимден чоп эттире опту да колумдан кармап эл арасынан чыгып бара жаттык. Оюмда баары жакшы болушун, бул тун жаныдан башталуу туну болуусун каалап турдум. Машинасына отургузуп, зымырап жоноду. Мени карап жылмайып коет, мен да жылмайып коем жооп кылгандай. Суу жээгине келип токтодук. Машинанын эшигин ачып, шашылыш тушурду да катуу кучактады. " Мени жер менен жер кылып жок кыла турган да, башымды коколотуп бакыттын даамын таттыра турган да сенсин. Менин тагдырым сенин гана колунда жаным",-деди.
Ичимден бакытка балкып турдум. Кое беришин каалабадым.
" Сен мени капа кылдын го ",-дедим таарынгандай тур корсотуп, "Бирок сен очунду албадынбы?"
,-деди ачуулана. Мен тушунбогондой карадым. "Сен мени ошончо адамдын арасында таштап кеттин. Журогун да ооруган жок. Анысы ал келгенсип, аркамдан башка бир баланын ийнине башынды жолодун",
-деди.
#44 15 March 2014 - 18:01
Дагы куру намысым кармап кетти. "Мага ишенууну билбесен мени суйбо",-дедим.
"Ашыкча созду кийинкиге калтыралычы.
Мен сени менен бактылуу гана болгум келет",-деди кайрадан кучагына тартып. Омуру уруксат бербеген жаным мойнумдан ооп жатканда эч каршылык корсотподум.
Тескерисинче башкача ааламга киргенсип, таттуу жыргалдын даамын татып турдум. Чонойгонум балким ошол болсо керек. Белимден катуу кучактап, мойнумдан кийин эрдимден ооп баштады. Мен андайды корбосом , анын эркине баш ийип тура бердим. "Далай кыз менен журсо, бул иште тажрыйбалуу го",-деп ойлонсом да ,ошол муноттордо ойлонбостон бактылуу болгум келди. Ойлонбостон,
кызганбастан,
аны куноолобостон.
.. Койногумду которо баштаганда каршылык корсоттум. "Жок",-дедим так секирип. Мен суйсом да абийирсиз боло албайм дедим. Ал жылмая карады да:"Кечирип койчу, жаным. Сага тийе албайм. Сен каалагандай болсун" деди кучактап. Ошол куну танды чогуу аттырдык. Машинанын ичинде бакытымда жетине албай отурдум. Ал кыйшайып козу илинип кетиптир. Уюлдук телефонуна билдируу келди. Озумду канчалык кармайын деп турсам да окугум келди. Кызыгуум кучоду. Бир убактай ойлонуп туруп, ачып окудум. Эми эле мени чулгап турган бакыт аз убакта кайда кеткенин билбей калдым.
#46 15 March 2014 - 18:29
"Сени бир кун корбой калганга жашоо токтоп калгандай болду, жаным.Бугун бошоорун менен келчи",-деген жазууларды окуп жаттым. Озумду куноолодум.
Эн алгач копко ойлонуп кабыл алган чечимимдин туура эмес, ото туура эмес экендиги учун окундум. Башка жазышкандарын окугум да келген жок. Телефонду колума кармаган боюнча отура берипмин. Ал ойгонуп эле тушунду. Менин купкуу болгон онум баарын айтып турса керек. Телефонду акырын колумдан алды да, суйлобой отуруп калды. "Мени жеткирип койчу сураныч",
-дедим тынчтыкты бузуп. Эки ооз соз суйлосом жашым даяр турат. "Кечирип койчу",-деди башын шылкыйтып. "Сага айтып берейин дегем баарын.Кечээки бактылуу кунумду бузгум келген жок. Ал менен мамилемди жыйыштырам"
,-деди чечкиндуу. "Кечирип койчу. Сенин кечиришин учун каалаган нерсенди кылайын.Баары кечээкидей болсун."-деп улантып жатты. "Кечээкидей болбойт,мурункудай дагы. "-дедим жашымды аран кармап. " Сен бир вазаны сындырып, кайра жармаштыргандан кийин суу куя аласынбы ичине? " дедим откур тиктеп. Козуно жаш тегеренип карап турду. " Сен да менин суумду ошентип соолуттун. Мындан кийин мурункудай болбойт."
,-деп баса белгиледим.
Машинасын от алдырды. Созсуз бара жаттык. Коктугумду жакшы билчу. Суйлошо албасын сезди. Уйго жетип тушуп калдым да, чарчадым демиш болуп бир кун турбай жаттым.
#47 15 March 2014 - 18:53
Балалыктын аруу сезимдери менен оорчуткон суйуумдун жообу ушул болчу. Мен аруу бойдон сактайын деген сайын баткакка батып бараткандай.
Улантууну каалабадым.
Далай жигитти козго илбей , жалгызымды суйом деген сайын менин намысымды козго илбей, колунан эмне келет эле дегендей кылган мамилесине ыза болуп турдум. Мен ушундай мамилеге татыктуу белем? Бироо менен суйлошуп журуп мени кантип суйуп журдум деп айтат? Озу кызганычын ашкере кылып жатканда мени ошондой абалга калтыруусун эмне учун токтотпойт?
Туркун суроолор эзип жатты. Мен бул сезимдин туткуну болбойм дедим озумо. Озумду мындан дагы коп кыйнатпайм.
Мен баарын унутам. Мен суйбойм, мен жон эле конуп калгам деп алдап жаттым озумду. Ал менен менин келечегим жок.
#51 27 September 2014 - 23:43
"Кутуусуз бурулуш" темасы менен ушул теманын автору бир эле адамбы? Же бул жон эле чыгармабы? Же мектептеги балалык суйуусун чагылдырган темабы?
Кандай болгон кундо да, азаматсын автор!
Калемин курчуй берсин, ийгилик!
Кандай болгон кундо да, азаматсын автор!
Калемин курчуй берсин, ийгилик!
#52 28 September 2014 - 15:37
Ошондо " кутуусуз бурулуш" ту жазган эженин биринчи суйуубу болуп калабы?
#53 28 September 2014 - 15:40
#54 28 September 2014 - 16:24
#55 06 November 2014 - 12:59
Эх,чиркин!
Окуучулук кундорду эске салдынызгооо.
..бизде да отту эле ушундай кундор,аягы эмне менен бутот табышмак....азыр пауза .....бирок менда элестете албайм келечекти Ал менен.
Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо УНЧУКПА!
#56 12 November 2014 - 00:26
азаматсын автор улантабер. Урматуу форумчулар тагырагы суйуу туралуу болумго жажгандар окуу,улук кундор менен гана ,ектелбестен студенттик кундор суйуулор жонундо жажыныздарчы
#57 12 November 2014 - 01:02
суйуктуу эжемин чыгармаларын окуп отура берип суйууну жакшы билип калмай болдук
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .

Супер-Инфо
super.kg
видео
















