Эмнегедир жаш баладай коруп урушканынызды эстесем жиним келет ..... Ооба куноонун баары менде , сизге айтпай келе бердим , жанымда болсонуз кете алмак эмесмингоо ошол учун айталбадым . Кайда экенимди айтканда жининиз келип урушуп салдыныз , сиздин урушканызданбы же жоготуп алуудан корктумбу ыйлап жибердим ,сиз мени соорото албай убара болдунуз . Мендеги сизге болгон сагынуу минут сайын кучоодо!
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#5202 30 September 2014 - 00:32
Choooon waarlarda kichinekey konulsuzduktor bolup turat
Лучше быть счастливыми,
чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза
.
#5203 30 September 2014 - 12:08
Апа, апакем, жарыгым, берекем менин. Сиз көптөн бери түшүмө киресиз. Сизге эмне болду экен деп мен өзүмдү коерго жер таппай жатам. Же мага кабатыр болуп жатасызбы? Жаныңыз тынч албай жатабы деп тынчсызданам,
апа. Мен сизди сагындым. Кечээ дагы түшүмө кирдиңиз... Ооруп жатыптырсыз,
сизге жардам берели деп чуркап жүрөбүз. Сизди саналуу мүнөттөрдө жоготуп алышыбызды ошондо билгенимде акыркы сөзүмдү айтып, сизге өмүр бою ыраазы экенимди, сизди абдан жакшы көрүшүмдү айтпайт белем деп арман кылып калдым эле. Түшүмдө сиз ооруп төшөктө жатсаңыз мен сизге ыйлап, канчалык сизди жакшы көрөрүмдү айтып жатам. Айланайын апакем менин, алтындай адам элеңиз. Сиз балким сезгендирсиз,
бирок биз ойлобогон нерсе болуп кетти. Сизге акыркы сөзүбүздү да айта албай, жаныңыз көз алдыбызда үзүлүп кете берди... Ошол мүнөттөр, ошол көз жашыбыз, ошол переживаниебиз,
ошол жүрөгүбүздүн чачырап жарылып кетчүдөй ачышып сыздаганы, сиздин кыйналып турганыңызды көрүп туруп жардам бере албай жаткандагы биздин алсыз абалыбыз... Ушунун баарын кабыл алуу мага кыйынга турууда. Дагы деле эзилип кетем. Ар бир окуя, ар бир "апа" деген сөз менин жаратымды кайрадан ырбатып келет. Мен араң эле өзүм үчүн, үй-бүлөм үчүн, сиздин көрбөй калган, буюрса, сиздин эрке кызыңыздан небереңиздин келечеги үчүн аракет кылып жатам, апа. Сиз мени жакшы көрчүсүз, эрке кызым деп мени дайым мактап турат элесиз. Апа, апаке, жаным апам, мен сизди сагынып жатам. Сиздин жытыңызды сагындым... Сиздин мээримиңиз мага жетпей жатат, сиздин кайраттуулугуңуз мага жетишпей жатат. Мага түшүмө киргениңиздин себеби эмнеде, апаке? Кудай башыбызга жазган бир күнү биз да акем экөөңүздөргө барабыз, буюрса, ошол кезде сиздин жаныңызга баргым келет. Апа, сизди сагынып жатам. Балалык кездеги акем экөөңүздөр бизди эркелеткен күндөргө кайткым келет...
#5204 30 September 2014 - 12:34
дагы деле жанагы корунуш. кыйналдым, сагындым, кимдир бироодон кызгандым. сырдашчуу адамым коп, досторум, эжелерим, чогу иштегендер,
а бирок, эмнегедир жалгызмын.
журогум эч нерсеге багынбай сени кана деп алды. сыртымдан сыпайы корунгонум мн ички келбетимди кандайдыр бир жырткыч кемиргендей.
ээээк мейличи бул кошого канчага чейин тартылаары .
журогум эч нерсеге багынбай сени кана деп алды. сыртымдан сыпайы корунгонум мн ички келбетимди кандайдыр бир жырткыч кемиргендей.
ээээк мейличи бул кошого канчага чейин тартылаары .
#5205 30 September 2014 - 12:45
Төшөлүп сынык турса да
Сабырсыз жанга айла жок…
В каждой шутке есть доля правды...
#5206 30 September 2014 - 14:25
Менин жанымды темирден кылып койсон болмок экен.....
Баарын чыдап которуп журмок экенмин.....
Баарын чыдап которуп журмок экенмин.....
♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
#5208 30 September 2014 - 15:55
окууга бардым окуудан шашып келдим биро кутуп калчудай бирок дайын жок, алыстан кече келди менден анча деле алыста эмес жерде журот бирок жолугалы деп айтпады жада калса чалып койбоду. Whatsappта экенн мен кирсем чыгып кетти кийин озу жазып калды айтсам тан албай койду чынында мен ага капа элем капа экеними билдиби жокбу билбейм. Ойлосом калп эле озумду капа кыла берет окшойм озундой мамиле кылсам тушунор деп ойлодум
#5211 30 September 2014 - 19:09
insan 4ynygy suiuusuno jolukkanda, andan kozun aluu u4un 4on ku4 kerek bolot.
Anyn ku4agynda bolso saat emes kundor dagy u4up otup ketiwi mumkun eken.
Seni menen otkon ar bir kunum konulduu bolso,azyr sensiz otup jatkan ar bir kunumdo maani jok.
Emi bawkalardy karoo u4un 4oon ku4,
kimdir biroo m.n jawoomdu otkoruu u4un jurok kerek.
Al bolso sende kalyp ketken.
Uwul saptardy ukkanda jurogumdun ooruganyna 4ydabai ketem((((((((
Anyn ku4agynda bolso saat emes kundor dagy u4up otup ketiwi mumkun eken.
Seni menen otkon ar bir kunum konulduu bolso,azyr sensiz otup jatkan ar bir kunumdo maani jok.
Emi bawkalardy karoo u4un 4oon ku4,
kimdir biroo m.n jawoomdu otkoruu u4un jurok kerek.
Al bolso sende kalyp ketken.
Uwul saptardy ukkanda jurogumdun ooruganyna 4ydabai ketem((((((((
#5212 30 September 2014 - 19:16
Чириген болсоң, ичиңден куртта.
Башкалар сенин жамандыгыңдан жапа чекпесин.
Башкалар сенин жамандыгыңдан жапа чекпесин.
В каждой шутке есть доля правды...
#5213 30 September 2014 - 20:37
бир адам конулумду ооруткан. Мен ага капамын. Ал создорун эстеген сайын жиним келет. мен анын создорун унута алат болдум бекен? мен аны кечире алат болдум бекен...........
.
#5214 30 September 2014 - 20:52
Анын жашоосунун ушундай болуп калышына мен куноолуу эмесминго.Кучу жеткени эле мен,кылган ишинден да,суйлогон созундон да ката таап,ак жеринден эле каралай берсе зээнин кейибей койбойт экен.Бул кылгандары учун качандыр бир убакта жооп бериштен коркпойт бекен?
#5215 30 September 2014 - 22:39
Сен менин жашоом, бактымсын, суйуум, журогумсун.
Коптогон сулуулардын арасынан сени тандадым. Мен сени эч кимге бере албайм. Баарынан кызганам. Жалооруп жанып, турган коздорун, ширин создорун, деги койчу жан дуйнон меники болсо дейм. Мени таштап кетпе мен сага байланып калдым. Журогумдун жарымы болуп калчы Назигим мага турмушка чыкчы деп айтканынызда эмне дееримди билбей калдым. Чын эле форумдан тугойумду таптымбы билбейм. Менин макул деген созумду тынчсызданып кутуп журосуз. Конулунду ала алсам, сени суйдуро алсам, кана эми айтканындын баарын кылмакмын деп мени бир топ ойго салдыныз. Сен макул десен эле турмуш жолуна аттаналы мейли дечи Назик кыз деген смс келди форумчу жигиттен.
#5216 30 September 2014 - 23:03
Эмне эле болуп атабыз,бири бирибизди тушуно албай... Мен эмне каалап жатканымды тушунсомчу,
билсемда мойнума алгым келбейт негедир. . . Ушунчалык аз беле. . . Копту кутком. . . Окшободу. . . Окшото албай жатам. . .
I hope to meet again ..
#5217 30 September 2014 - 23:10
Жалгыз гана апама байланам. Болбосо келмек да эмесмин. Эч ким жакпай баратат. Адамдардан көңүлүм калды. Москвага да кетким келбей кетет. Бирок кетиш керек. Уффф, ушул бүтпөгөн проблемалардан тажадым. Ушундайда сырдашаар, ичиңдеги дартыңды айтып жеңилдеп алчу адамың болсо кана?! Жалгыз экеним ушундайда билинет. Канчалык унутууга аракет кылган менен көп учурда жалгыздыгым билине берет.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#5220 30 September 2014 - 23:47
Озун жургон тебелеп, Омур озу керемет. Адам асыл экенин. Адам озу сезе элек.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















