Суперстан: Күтүүсүз бурулуш... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (77 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Күтүүсүз бурулуш... виртуалдуу дуйнонун жашоомо болгон таасири..

#581 Пользователь офлайн   LaraKroff   28 Сентябрь 2014 - 17:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Убакытты откорбой сезимдеримди сиздер менен болушуп коюу учун кирдим. Сезимдерим демекчи же кубанышымды, же ыйлашымды билбей, томсоруп отурам азыр. Кечээ кечке дейре аны куттум. Чалып сурайын деп, кайра бул оюмдан кайттым. Анткени, чарчап келсе, уктап жаткан болсо чалып ойготкум келбеди. Бирок, мага чалып "мен келдим" деген эки ооз созун айтып койсо мынчалык кыйналмак эмесмин. "Неге аны мынчалык толкунданып кутуп жатам?",-деп ойлодум. Адара достору менен weekend учун 2 кунго бир жакка кеткен. Эшикте аба ырайы да бат бат озгоруп жатты, дал эле менин маанайым сыяктуу. "Бугун келсе, кантип тосуп алсам? Кантип кийинсем? Чачымды эмне кылсам?" Ушул суроолор менен уйдун ичинде адашпасам 2 саат ары-бери бастым окшойт. Туш ооп, кеч кире баштаганда умутум узулду. "Бугун келбейт", -дедим озумо. Ичимден ызаланып, ичимден аны жемелеп жаттым. "Таарынам ага. Конулумду алганча суйлобойм. Мени ойлонтуп, чалып айтып да койбойт", -деп суйлонуп алдым. Саат кечки 9.30 болгондо жаттым. Кочонун жарыктары комнатаны жарык кылып турду. Демейде терезени карангылатып жаап салчумун. Бирок бул жолкусунда эшикте себелеп баштаган жамгырды карап жаткым келди. Кулагыма наушникти салып Pharrell Willams Happy деген ырын эн чон унуно чейин чыгарып угуп жаттым. Бул ырды уккандар билсе керек, чын эле конул которчу, бийлегинди келтирчу ыр. Анткени, кайгылуу бир нерсе угуп баштасам, коз жашымды токтото алмак эмесмин. Кечке дейре апасын шоколад алып келет деп куткон балага алып келбей койгондо кандай акыбалда болсо, мен да дал ошондой акыбалда болчумун. Ойлорум ар тарапта. Ата-энемди сагындым. Досторумду. Балким бугун алар жанымда болсо, Алмазды ойлоп да коймок эмесмин. Балким, ойлонмокмун. Ар бир эле адам озу менен озу суйлошсо керек. Мен да озум менен озум суйлошуп жаттым. Ары оонап, бери оонап, канча убакуыт отконун билбейм, коздорум жумулуп баштады. Кулагымдагы наушникти алганга дараметим жетпей уйку соонун арасында жатканда, кроватым кыймылдагандай болдубу дегенче аркамдан бироо кучактады. Коркуп жетише электе Алмаздын жыты экендигин дароо билдим. Эки сезимди бир учурда баштан откоруу ушул болсо керек: Коркуу жана кубануу. Журогум ордунан чыгып кетчудой согуп баштады. Балким коркуп кеткендигим учундур же болбосо кубанганым учунбу. Ошол калыбымда озумо келуу учун 5 минуттай жаттым окшойт. Кулагымдагы наушниктерди алып ага бурулдум. "Кантип кирдин? Ключту Адарадан качан алып жетиштин? Эмнеге коркуттун? Эмнеге бугун чалбадын?" ,-деген суроолорумду беруу учун даярданып бурулдум. Бирок комнатага тушкон жарыктан анын коздорун коргондо алардын баары бир заматта унутулуп кетти. Коздорунон сагынганын, бактылуулугун, кубанганын коруу мумкун болчу.
-Мен сага таарындым,-деп шыбырадым тынчтыкты бузуп.
-Коркутканым учунбу?,-деди ал да мендей шыбырап.
-Бугун чалбаганын учун,-дедим. Экообуз комнатада бобок уктап жаткансып, шыбырашып суйлошуп жаттык.
-Сагындынбы? ,-деди.
Башымды ийкедим. Мага жакындаган сайын, анын жылуу демин, жытын сезип баштадым. Колдору менен байланган чачымды бошотуп сылап баштады. Эрди эрдиме жакындаган сайын озумду жоготуп, коздорум жумулуп бара жатты. Ар ким ар нерсе ойлонушу мумкун,"жаман кыз, тарбиясыз кыз" деген сыяктуу. Бирок ал учурда бул ойлордун баарын алыс кубалап, суйуктуу адамындын даамын татуу башкача бир сезим болсо керек. Мени ооп жатканда каршылык корсоткон жокмун. Тескерисинче, убакыт токтоп, экообуз туболукко ушул бойдон калсак экен деп тилеп жаттым. Ал акырын озун менден алыстатып, мени карады. Бул темада канчалык принципиалдуу экендигимди ал да билчу. Мен бир уй було болбой туруп мындай ишке бара албашымды ал баарынан жакшы билчу. Коздорумду ала качып, анын кокурогуно башымды коюп жата кеттим. Ал да мен качып кетчудой бекем кучактады. Бир топ убакыт бири бирибиздин журогубуздун кагышын тыншап жаттык. Ойлонуп жаттык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#582 Пользователь офлайн   LaraKroff   28 Сентябрь 2014 - 17:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

-Мен кетейин,-деди тынчтыкты бузуп.
Башымды которуп анын коздоруно карадым.
-Кетпе,-дедим бетинен ооп. Алгачкы жолу оюмду ачык айткан адам Алмаз болсо керек. Мен мурда сагынсам сагындым, кетиргим келбесе кетпе деп айтчу эмесмин. Алмаз мени сезимдеримди ачык айтууга уйротту окшойт.
Аны кучактап жатып уктап кетипмин. Бир убакта ойгонуп кетсем Алмаз мени карап жатыптыр. Дагы деле тан ата элек экен.
-Уктай элексинби?,- дедим уйкусурап.
Башын чайкап чачымды сылады. Артыма бурулуп Алмаздын колун кармадым. Ал да мени аркамдан катуу кучактады. Ойгонсом саат 8 экен. Алмаз уктап калыптыр. Ойготуп албаш учун жай туруп, аны карап жылмайып алдым. Кечинде кийип келген устундогу жука курткасын да чечпептир. Шашылыш завтрак даярдап баштадым. Колум эпке келбей, бутум чалынып, оюм бир жерде болбой толкунданып жаттым окшойт. Ойлосом анын эмнени жактырып жешин да билбейт экенмин. "Узун убакыт жанымда болгон адамды кантип тааныбайм?" ,-деп сурадым озумо. Демек ушунча жыл ага артымды салып, тааныганды каалабаган экенмин да. Озум жактырган панкейкти жасап бутоордо Алмаз мени кухнянын босогосунда жылмайып карап туруптур.
-Мен сенин эмне жакшы корушунду билбейт экенмин,-дедим ийнимди куушуруп.
-Мен аныста деле омурумдо завтрак жебесем керек,-деди кулуп.
-Уйкучу,-дедим столго коюп жатып.
-Карачы, бугун эрте турдум,-деди чон иш жасагандай отуруп жатып.
-Ынгайсыз уктасан анан эрте турасын да,-дедим чай сунуп.
-Менин кыялым ушундай,-деди чайды алып жатып. Сенин жанында уктап, сенин завтрагын учун эрте тургум келет омур бою. Ордумдан жылбай аны карап тура бердим. Бир убакта эсиме келгендей темадан алыстап:
-Кечинде неге коркуттун мени?,-дедим таарынгандай.
-Кеч келдим. Келейин десем, келбе демексин да. Андан коро айтпай эле келейин,-дедим.
-Адарадан качан алдын ключту?
-Аа,-деп кулду, коп болгон. На всякий случай,-деди да: Кел отур эми, мени суракка албай,-деп колумдан тартты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#583 Пользователь офлайн   LaraKroff   28 Сентябрь 2014 - 17:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Ал завтрактан сон уйдон чыгып бара жатып:
-Кечинде келем ээ, сен да эс ал. Мен сени жашы уктатпадым окшойт,-деди бетимден ооп.
-Жакшы эле уктадым мен. Сен уктай албадынбы?
-Уктагым келген жок менин,-деп ойлонуп тура калды да. Эн жакшы тун тойдун биринчи туну (брачнач ночь) дешет го, ал кандай болот билбейм. Бирок бул тун жашоомдун ушул кунуно чейин откоргон эн жакшы тунум,-деди. Балким, брачная ночь мындан да жакшы болсо керек ээ,-деди жылмайып.
-Извращенец, -дедим кабагымды туйуп. Бар кете кал жиниме тийбей.
- Ал кун да алыс эместир,-деди созун бутургусу келбей.
-Алмаз,-дедим чын эле жиним келип. Сенин оюн эле ошолбу?
-Оюм ошол эле эмес, бирок боло турчу нерсе да,-деди бут кийимин кийип. Мен суйлогончо ордунан туруп бетимден катуу опту да чыгып кетти.
Аргасыз жылмайып алдым. Ичим уйгу-туйгу сезимдер менен курчалып, идиштерди да жуугум келбеди. Мен ото бактылуу болушум керек болгон учурда, эмне учун мынчалык кыйналып жатам? Менин оюмда эмне бар? Озум да тушуно албай турам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#584 Пользователь офлайн   alibekova94   28 Сентябрь 2014 - 18:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

МашАллах бакыт каалайм!

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#585 Пользователь офлайн   ikitaidesu   28 Сентябрь 2014 - 20:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 107
  • Катталган: 27 Март 11
  • Соңку аракети: 03 Сен 2019 03:17
  • Жынысы:Аялзаты

Аллах туболуктуу бакыт насип кылсын!! ! Бирок никеге чейин жанагы иштерди башка кылбаныздар. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#586 Пользователь офлайн   cholpona90   28 Сентябрь 2014 - 21:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 156
  • Катталган: 23 Август 13
  • Соңку аракети: 05 Фев 2015 17:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Окуп алып журогум жарылып кете жаздады. Бактылуу бол.
Чолпона
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#587 Пользователь офлайн   belka-zaika   28 Сентябрь 2014 - 21:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 103
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 16:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан,Ош

чынында ото маданияттуу, ото тушунуктуу кыз экенсиз,ар бир жазганынызды узбой окуп келатам,чыдамсыздык менен кутом кийинкилерин, окуп алып озумчо эле мен бактылуумун силер учун,Алмаз менен эн бактылуу кундорду сурушунорго тилектешмин, ылайым эле ушул бактылуу кундорунор улана берсин,туболуктуу болсун,экоонорго каалорум БАКЫТ,БАКЫТ, .......башка соз жок.Сүрөт
саламдар! !!!!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#588 Пользователь офлайн   suyom_seni   29 Сентябрь 2014 - 10:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 330
  • Катталган: 20 Март 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2018 15:58
  • Жынысы:Аялзаты

Алмаз сизин бактыныз ! Андан адашпаныз :достор:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#589 Пользователь офлайн   jasi   29 Сентябрь 2014 - 11:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ушу сиздин качан Тойго камынып баштадым деген созунузду окуп каламкен деп эле кутуп калдым
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#590 Пользователь офлайн   bai.kymbat   29 Сентябрь 2014 - 11:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 356
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 18:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва-каракол

Просмотр сообщения LaraKroff (27 Сентябрь 2014 - 15:22) жазган:

Рахмат эже. Журогум абдан жылыды сонун создорунуз менен. Кызыныздын омуру узун, келечеги кен болсун. Сиз да аман-эсен коз жарып алыныз. Мен магистратурада окуганым учун кадимкидей иштейм, анан жумада уч кун кечинде окуйм. Макул, атымды купуянызга жазып коем СүрөтСүрөт


Купуямды карап атып чарчадым.... :unsure:
келечек алдыда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#591 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   29 Сентябрь 2014 - 23:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения alibekova94 (26 Сентябрь 2014 - 15:17) жазган:

Окуп жатып сиз учун бактылуу болуп кеттим))

Туура айтасыз бактылуу болгон жерде бактылуу, ыйлаган жеринде ыйлап мага деле кыйын болду. Жан талашып иштеп запарада дагы ушул телефонумду чукулап кетем жазып калдыбы, жазса мен окубай калбадымбы деги деп☺.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#592 Пользователь офлайн   MADAM-MADINA   30 Сентябрь 2014 - 13:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 30 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 22 Июл 2015 16:25

уландысын чыдамсыздык менен кутуп жатам..


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#593 Пользователь офлайн   kandaisyn   30 Сентябрь 2014 - 13:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Сен 2019 03:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сары адамдар жашаган жерде

эх бул суйууну озум кана эмес досторума дагы окуп бердимго. жаттап деле калдым окшойт бактылуу болун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#594 Пользователь офлайн   hihikayu   30 Сентябрь 2014 - 16:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Бир кундо кеми бар 100 жолу кирем
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#595 Пользователь офлайн   angel-dina   01 Октябрь 2014 - 00:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 24 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Апр 2023 21:36

Суперстанга ушул эжемин окуясы учун эле кирип калдымгооо чиркин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#596 Пользователь офлайн   lazygirl   01 Октябрь 2014 - 11:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Мен озумчо эле бактылуу болуп кеттим го , окуп алып)). Бизге качан ушундай суйуу келет :апчхи: Бактылуу болунуз эжеке :күн:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#597 Пользователь офлайн   infiniti   01 Октябрь 2014 - 11:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 390
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2014 17:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Карышкырлар мекени.

Не демекмин. Жакшы. Абдан сонун. :-)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#598 Пользователь офлайн   Meerim1807   01 Октябрь 2014 - 16:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 30 Авг 2017 02:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Таласым алтын бешигим

Эже эки дуйно бактылуу болунуз Алмаз менен .Сизди бактылуу кыларына ишенем!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#599 Пользователь офлайн   Maite   01 Октябрь 2014 - 20:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 15 Июнь 14
  • Соңку аракети: 04 Янв 2015 03:55

Эмне дейм.спн кубансан кубанып,кайгырсан кайгырып келе жаттым эле ,эми буйюрса суйунот окшойбуз.ылайым эле ушул ыйманындан кетпей,Алмаз менен бактылуу бол.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#600 Пользователь офлайн   Maite   01 Октябрь 2014 - 20:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 15 Июнь 14
  • Соңку аракети: 04 Янв 2015 03:55

Баардык эле жаштарга энелик насаатым,ушул кыздан улгу алчуу экен.таза ,Абиийрдуу кыз экенсин.Кайын журтунду да сыйлаган ыймандуу мисал болчуу келин бол.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (77 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 51 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 51, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Сен 2025 14:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: