Токсикоздон кантип арылам? ((( Кеңешиңерди күтөм
#41 02 October 2014 - 02:39
Эххх !!! 3,4 айга чейин токсикоз анан 6,7 айдан баштап изжога. кийинки айлар отуруп турушун кыйындап,шишик басып,алын кетип бир ысып бир муздап,айтоор кош бойлуу кездин жакшы жагы жоктой эле сезилет.
Айла жок чыдайт экенбиз да.Ээээптеп чыдап койгула кыздар баланарды колунарга алганда эле унутула тушот мунун баары.
Баса мен дагы аябай кыйналганда ЭЛЕВИТ ичкем витамин.
#42 05 October 2014 - 20:28
Менин эки кызым бар экоондо тен кусуп оор талгак болгом,азыр учунчусу боюмда дагы ошентип баштадым.Эгер уул болсо оор таксикоз болбойт дейтко чынбы дагы кыз окшойт деп кыжалат болтам.
#43 05 October 2014 - 22:48
#44 08 October 2014 - 22:46
#45 09 October 2014 - 03:28
#46 10 October 2014 - 15:21
Кудайдын бергениго дечи бирок ар бир адам уулу кызы да болушун каалайт экен да.
#47 10 October 2014 - 15:48
Менин эки кызым бар экоондо тен кусуп оор талгак болгом,азыр учунчусу боюмда дагы ошентип баштадым.Эгер уул болсо оор таксикоз болбойт дейтко чынбы дагы кыз окшойт деп кыжалат болтам.
Кызбы,уулбу омуру денсоолугу менен берсин деп тилейли.Адамдан адам жаралыш оной эмес.Уул менен кызда экоондо тен эле талгак болот.Анын женил отушу же оор болуусу аялдын организмине жараша.Эн башкысы биздин журогубуздун астында боор этибизден жаралган кымындай Адамзаты бар экенин акылыбыз менен туюп,жоопкечилигин сезе билсек баарын женебиз.
#48 10 October 2014 - 15:54
Таза абада кобуроок болушун керек,журок айланганга карабай чымырканып туруп тамакты кобуроок жегенге аракеттен.Организм озуно керектуу азыкты алып калып калганын кайтарат.Канчалык кобуроок тамактасан акырындап кусканын да азаят.
#49 31 October 2014 - 11:43
Менин эки кызым бар экоондо тен кусуп оор талгак болгом,азыр учунчусу боюмда дагы ошентип баштадым.Эгер уул болсо оор таксикоз болбойт дейтко чынбы дагы кыз окшойт деп кыжалат болтам.
Кыз болсо оор таксикоз болот жеген жалган эле окшойт мен да аябай кыйналвп жаткан учурум тамак ашты бир гана туздалган сузмо менен жейм жыт сезгичтигим Иттен ашып тушту кээде кан аралаш кузуп датам.Кече куну УЗИге бардым 14 жумалык эркек бала дети.
#50 02 November 2014 - 01:01
Менде эки уулумда кайындарым менен чогуу жашаган учунбу, айтор женил эле таксикоз болгон. Кечке эле жаным тынбай, ишиме да барып, уйдогу конокторду да тейлеп журо берчуумун. Анчалык кыйналганым эсимде жок.
Ал эми мында тузук эле , азабын тарттым окшойт. Же озубуз болгону учунбу же эркелеп жатамбы? Кыскасы билинбеген таксикоз кыйынчылык жаратууда.
Ал эми мында тузук эле , азабын тарттым окшойт. Же озубуз болгону учунбу же эркелеп жатамбы? Кыскасы билинбеген таксикоз кыйынчылык жаратууда.
#51 02 November 2014 - 01:04
Кыз болсо оор таксикоз болот жеген жалган эле окшойт мен да аябай кыйналвп жаткан учурум тамак ашты бир гана туздалган сузмо менен жейм жыт сезгичтигим Иттен ашып тушту кээде кан аралаш кузуп датам.Кече куну УЗИге бардым 14 жумалык эркек бала дети.
14- жумада билсе болот экен да ээ?
Анда меники 12- жума болоюн деп жатат. Биз дагы жакынкы кундордо узиге барабыз. Эх, ошол кунду кутуп жатам.
#53 05 November 2014 - 00:13
Менин ичим киндигимдин айланасы ар дайым таштай муздак, акыркы кундору тункусун ичим ооруй турган болду, кыжалат болуп жатам бул кандайдыр бир оорунун белгиси эмес болду бекен
#54 07 November 2014 - 18:29
Аба алмаштырып корунуз. Тагыраак айтканда Москвадан КРга, айылдан шаарга же тескерисинче.
Мен ошентип кутулгам
#55 09 June 2015 - 23:52
Талгак- бул кош бойлуулук менен байланыштуу жана ал бүткөндөн кийин токтоочу оорулуу абал. Кош бойлуу аялдын нерв, эндокрин жана жүрөк-кан тамыр системаларындагы кандайдыр бир өзгөрүүлөрдөн келип чыгат. Ошондуктан өз убактысында (2 айга чейин) аялдар консультациясына кайрылып дарылануунун мааниси абдан чоң. Кош бойлуулуктун 1-жарымындагы (эрте) жана кош бойлуулуктун 2-жарымындагы (кеч) талгак болуп бөлүнөт.
Эрте талгак кош бойлуулуктун алгачкы 3 айына чейин болуп, ал кетет, уйку келип, кээде шилекей агып, ал суткасына 1 лге чейин жетет. Күнүнө бир нече жолу кусат. Тынбай кусуудан боюнда бар аял арыктап, териси шалбырап, оозунан жагымсыз жыт чыгат, температурасы жогорулайт, кан басымы төмөндөйт. Кээ бир учурда боюнан түшүрүүгө аргасыз болот. Эрте талгакты аялдар консультациясында дарылайт. Тынбай кусканда боюнда бар аял ооруканага жаткырылат.
Кеч талгак кош бойлуунун жүрөк-кан тамыр, нерв системаларынын, боор, бөйрөк жана башкалар органдарынын иши бузулуудан болот. Ал көбүнчө ак шишик басып башталат. Шишик буттан башталып, андан кийин бүт денеге тарайт. Дененин салмагы 10 кгга жакын көбөйөт. Бул учурда системалуу түрдө дарылоо жүргүзүү зарыл. Боюнда бар аял дайыма айына 2 жолу аялдар консультациясына барып, врачтын сунуштарын аткарып, гигиена эрежелерин сактап, жумасына бир жолу салмагын текшертип туруу зарыл. Ак шишик болгондо суюктукту аз (күнүнө 3-4 стакан) ичүү, тузду аз пайдалануу керек. Тамакта витаминдер (жашылча- жемиш) көп болгону жакшы; эттин ордуна быштак, айран, кефир берүү сунуш кылынат. Режимди, врачтын сунушун бузганда ак шишик менен бирге кан басымы жогорулап, заарада белок болуп, нефропатия пайда болот. Түйүлдүктүн өсүп- өнүүсү бузулуп, кээде өлүү төрөлүүгө алып келет.
Нефропатия менен жабыркагандар ооруканада дарыланат. Режимди бузганда жана дарылоо жүргүзүлбөсө шишик басып, кан басымы жогорулап, заара менен белок чыгат, көзү тунарып, башы, ичи ооруйт. Баш ооруп, көз тунаргандыгы мээдеги кан айлануунун бузулушуна байланыштуу. Ал күчөп кеткенде аялдын булчуңдары тырышып эстен танат. Катуу кармаганда аял өпкө күпчөгүнөн же мээге кан куюлуудан өлүп да калышы мүмкүн. Бул абал көп учурда төрөт убагында, кээде төрөттөн кийин да болушу ыктымал. Анын алгачкы белгилери бет, көз жапкаларынын булчуңдары тартылып келе жатканда, тез жардамды чакырып, боюнда бар аялды караңгы үйгө тынч жаткыруу зарыл. Ал тилин чайнап албас үчүн ооздун ичине түпкү тиштердин ортосуна аш кашыктын башын дакиге ороп киргизүү керек. Мындай оору эне жана бала үчүн зыяндуу: энеде өпкө күпчөгү жана мээге кан куюлуу мүмкүн, бала болсо зат алмашуунун продуктулары менен ууланып, кычкылтектин жетишсиздигинен өлөт. Биздин өлкөдө алдын алуу жана дарылоо чаралары жолго коюлуп, аялдардын төрөттөн ' өлүмүн азайтууга мүмкүн болду.
Талгак учурунда туура тамактануу
Алгач, талгак учурунда кайсы азыктар кусууну жогорулата тургандыгын аныктап алыңыз. Ага сүт азыктары кирет. Албетте, сүт азыктарында сиздин организмиңизге керектүү витаминдер бар, бирок, ал сиздин кусууңузду жогорулатып кыйнайт. Андыктан башка витаминдерди дарыгердин көрсөтмөсү менен кабыл алгандыгыңыз дурус.
Кусууну басаңдата турган азыктарга жеңил шорполор, кычкыл ширелер, газдалбаган суусундук жана көк чай кирет. Бирок, суусундуктарды да өз өлчөмү менен ичүү керек. Ашыкча ичип алсаңыз кайрадан көп кусууга алып келет. Тамакты аз- аздан тынбай 2-3 саат аралыгында ичип туруу керек. Эртең менен ойгоноор замат тамакка чейин кургатылган жемиштерден бир даана жеп койсоңуз болот. Куурулган, ачуу жана майлуу тамактардан алыс болуңуз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#56 04 July 2015 - 22:00
Не кылышты билбей олтурам. Апетит жок. Кээде бар. Кызыктай эле абалдамын.
Мен бактылуумун.
!
#57 13 July 2015 - 02:47
Ии,мен жаман кыйналдым,ооруканага жатып чыктым,колумда дайым желим ботолко(ооо,
ыйладым го)азыр бир аз ото баштады,тынч аман эки болунуп,ден соолугу чын бала алып келейин деп тиленип жаткан кезимммммм
#59 26 July 2015 - 09:17
Дагы торогум келип атат.бирок,ушул токсикозум жаман да эч нерсе жебей оозуман сары суу куюлуп жатып калам 5айга чейин.Элге окшоп билинбей отуп кетсе,катар-
катар патыратмакмын.
#60 26 July 2015 - 10:53
Карын ача баштаганда кускум келе берчу. Анан кухняга тез тез каттап жаным калчу.
Бир жолу дордойго кийим алганы барып кийим карабай эле банан саткан тачканы артынан кубалап журуп уйго акчасыз да, кийимсиз даа бирок бананга тоюп жетип келгем. Охотага чыккан маймылдай болбой уйдо эле отурсам болмок экеен деп ойлонуп коюп, анан да узак жол журуп.
Токсикозунар женил отуп кетсин кыздар!
Бир жолу дордойго кийим алганы барып кийим карабай эле банан саткан тачканы артынан кубалап журуп уйго акчасыз да, кийимсиз даа бирок бананга тоюп жетип келгем. Охотага чыккан маймылдай болбой уйдо эле отурсам болмок экеен деп ойлонуп коюп, анан да узак жол журуп.
Токсикозунар женил отуп кетсин кыздар!

Супер-Инфо
super.kg
видео
















