Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 87
  • 88
  • 89
  • 90
  • 91
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1761 Пользователь офлайн   MACKA   28 Сентябрь 2014 - 02:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АЗИЯ ОЮНДАРЫ: Түштүк Кореяда өтүп жаткан Азия оюндарында дүйнөлүк рекорд коюлду.

Кытайлык Жоу Лулу 192 килограмм көтөрүп, оор атлетика боюнча аялдар арасында рекорд койду.
Жарыштан кийин Лулу өз жетишкендигин "эми, алынча" - деп гана койду.
Кытай оор атлетика боюнча 8 алтын медаль жеңди.


Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1762 Пользователь офлайн   MACKA   28 Сентябрь 2014 - 23:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Мыкты эркекти колунун бармактарынан байкоого болот.

Кореянын Сеул Улуттук Университетинин аалымдары адамдын колундагы бармактарына карап изилдөө жүргүзүштү. Бул туралуу Wiley Online Library журналы жазып чыкты.
Окумуштуулардын айтымына караганда, мыкты адамдардын оң колунун ортодогу бармагы менен аты жок бармагынын узундугу аркылуу аталык безинин көлөмүн аныктоого болот. Эгер кимдин төртүнчү бармагы ортоңку бармактан чоң болсо, анда анын аталык жумурткасы ошончолук чоң болот. Эгер тескерсинче ортоңку бармагы аты жок бармактан узун болсо, анда анын бездеринин көлөмү кичинекей болот.
Бул экспериментке Сеулдук илимпоздор 20 жаштан 69 жаш аралыгында 172 корей жарандарын изилдешкен. Алар урологиялык хирургия бөлүмүнө атайын жаткырылып, ар бир катышуучунун экинчи жана төртүнчү бармактарынын узундугун жана бездеринин көлөмдөрүн өлчөп чыгышкан. Жыйынтыгында төртүнчү бармак ортоңку бармактан чоң болсо анда ал аталык уругу мыкты деген жыйынтык чыгарган.
Эгерде аял затынын ортоңку колу төртүнчү бармагынан узун болсо, анда ал аялдын бет келбети сүйкүмдүү боло турганын аныктап, ал эми эр жигиттин тескерисинче төртүнчү бармагы ортоңкү бармактан үзүн болсо анын аялдар арасында аброюу жогору турат деп аныкташкан. Ал эми колдун бармактары адамдын боюнун узундугуна же көлөмү менен айрымаланбайт. Андыктан, айымдар мырзалардын колуна акырын көз чаптырса анализдин жыйынтыгы жакшы сыяктуу.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1763 Пользователь офлайн   MACKA   28 Сентябрь 2014 - 23:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ноокен районунун эң улуу жашоочусу Ырыс Делдешова 116 жашта чыкты.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айылынын эң улуу жашоочусу Ырыс Делдешова 116 жашта чыкты.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ы. Делдешованын 6 баласы, 20 небереси жана 34 чөбөрөсү бар.
Ы. Делдешова 1898-жылдын 10-ноябрында Ош облусунун Масы айылында туулган. Ал 1920-жылы Протбай Делдешовго турмушка чыгып, 6 балалуу болушкан. Алар өмүр бою колхоз талаасында эмгектенишкен. Ы. Делдешова айыл чарба эмгеги жана оорук эмгектин ардагери болуп эсептелинет.
Учурда эки уулу - тракторчу, улуу кызы - дарыгер, кичүү кызы - социалдык кызматкер болуп иштешет.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1764 Пользователь офлайн   MACKA   29 Сентябрь 2014 - 19:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу бийи менен немистердин оозун ачырды.

Немистердин Das supertalent теле долбоорунун 27-сентябрдагы чыгарылышында кыргызстандык Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" бий тобу өздөрүнүн таланты менен немистердин оозун ачырып, дароо финалга жолдомо алышты.
Алар бийлеп бүткөндөн кийин калыстар кыргызстандыктардын талантына жогору баа беришип, эмоцияларын жашыра албай, көздөрүнөн жаш тегеренди.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1765 Пользователь офлайн   MACKA   30 Сентябрь 2014 - 02:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

МИГРАНТ БАЯН ЖЕ КАРТАЙГАН КАТЫНДАР ЖАШ ЖИГИТТЕРДИ КАНТИП "ТУЗАККА" ИЛИШЕТ.

Бишкектин поезд вокзалы. Бышактаган кыз жигитин узак жолго узатып келген. Талант менен Аймира музыкалык окуу жайда 3-курстун студенттери. Шартка байланыштуу Талант окуусун таштап, Россияга барып иштеп тыйын-тыпыр таап келмекке аттанды. Анткени жакында карындашынын тою болмок, ата энеси жаш аялмет, колу жука адамдар. Атасы Абылкасым жыгач устасы, апасы Каным болсо жылда төрөп бала басты болуп үйдө. Эң улуусу эле ушул Талант, андан кийин жети карындашы бар. Таланттан кийинки карындашына сөйкө салып коюшкан, буюрса күзүндө той болот. Кыздын бараар жери бардар үй-бүлө. Алардын баласы алсам эле ушул кызды алам, башканын кереги жок деп туруп алгандыктан, айласы жоктон көнүшкөн эле. Тек, баланын ата энеси кыздын ата энесин анча теңине алышпагандай, ошентсе да баласынын көңүлүнөн өтө алышпай, Абылкасымдын кызына сөйкө салып кетишкен. Каным менен Абылкасым ушул нерселердин баарын кантип байкабай коюшмак эле, кызыбыз барган жеринде жер тиктеп сөзгө сөлпүк болуп калбасын деп жандарын карч ура сеп даярдашууда. Кезектеги үй-бүлөлүк кеңеште, Талант Россияга тагасынын жанына барып иштеп, карындашынын гарнитур мебелдерин алып бермек болду. Тагасы ага жумуш таап, сүйлөшүп койгондугун, эртерээк келип калышын кабарлады. Кыргызстандан сыртка чыгып көрбөгөн жигит, минтип Россияга жөнөп калды. Атасы жумушта, апасы кыздары менен үй тиргилигинен бошобой үйдө калды. Талантты сүйлөшкөн кызы Аймира узатмак болуп келип, эки жаш бөлүнө албай турушту.
- Аймир, күзгө чейин иштеп Гүлүштүн тоюн өткөзөлү, анан кезек экөөбүзгө келет, мен сага күндө чалып турам макулбу, - деген Талант Аймираны кучагынан бошото албай турду. Кыз болсо жигити алыска кетип атканына капа.
- Ооба жетип эле чалгын ээ, мен сени чыдамсыздык менен күтөм, - деди кыз жигитинин көкүрөгүнө башын жөлөй…
Кылкылдаган поезд Казакстандын кең талааларын аралап шакылдап баратты. Айнектен сыртты тиктей, барсам кандай тагдыр күтөт, эмне жумуш кылам, - деп ар кыл ойдун кучагында. Төртүнчү күн дегенде поезд Москвага жетип келди. Аны тагасы Кубаныч жана түнөргөн сур булуттуу, ар кыл улуттун конокторуна жык толгон эзелки Москва тосуп алды. Тагасы батирге алып келип жайгаштырып, документтерин убактынча учетко койгону алып кетти. Ошондо биринчи келген күнү, жашаган жерди, аял эркек аралаш жаткандарды көрүп таң калганын айтпа. Дегеле адамдар бири менен биринин иши деле жоктой, эки экиден отура беришет экен. Үч күн документи даяр болгончо үйдө отуруп бук болуп кетти. Сүйлөшөөргө адам жок, эрте менен шашып кетишет да, кечинде келип эле тамак ичип алышып, чарчаган адамдар уктап калышат. Тагасы Кубаныч Таланттын документтери бүтөөр менен магазинге жүк түшүргүч (грузчик) кылып орноштуруп койду. Эрте менен таңкы жетиде чыгып кетет да, кечке жүк түшүрүп, кечинде тырп эталбай уктайт. Анын үстүнө айлыкты жакшы төлөйт дешкендигинен берилип, жанын үрөп таза иштеди. Ишемби, жекшемби күндөрү үйдөн чыкпай, уйкунун акесин таанытып, дем алат. Бул жашоого көнүп деле калды, балдарга кошулуп пиво ичкени же тамеки чеккени көчөгө да чыкпайт, бир эле максат менен айлыгын чогултуп, карындашынын тоюн өткөзсөк деген ойдо иштеп жүрөт. Андан тышкары жакындан бери бир кафеде кошумча иштейт. Талант кичинесинен музыкага жакын өсүп, жакшы ырдачу, мектептеги кечелерди өзү алпарып, жакшы өткөзчү. Бир күнү жердеши үйлөнүп Москвада той өткөзөт, ал тойго тагасын ээрчип Талант да барган эле. Ошол тойдо алып баруучу тамаданы балдар сабап коюп, той жетимсирей түшөт. Ал эми тойдун башталганына бир сааттай эле болгон. Ошондо Талант чыгып тойду жогорку деңгээлде, такшалган тамадалардай алпарып элдин ыраазычылыгын алат. Анан ошол кафе менен келишим түзүп ишемби, жекшемби күндөрү тамада болуп иштөө укугун алат. Албетте бул да Талантка кошумча киреше табуучу булак болду. Сөз байлыгы бай, ыргактарын ырга салып жакшы алпаргандыктан, ага жакшы төлөп атышты. Кошумча иш тапканына кубанып берилүү менен иштеп жүргөн күндөрдүн биринде, телефону шыңгырайт. Ким болду экен деп алса, аял кишинин үнү.
- Салам кайда жүрөсүң ушул маалга чейин жоголуп? - дейт түз эле демитип бир кыз. Караса чоочун номер.
- Үйдө элемин, бүгүн дем алыш да, - деп таң кала жооп берди Талант.
- А мага качан келесиң? - дейт тигил үн.
- Каяка барышым керек, ким бул өзү? - деп кайра тигиге суроо берди Талант.
- Омеей ай, ушинтип эле тааныбай каласыңбы? - деп каткырат тигил кыз. Кыскасы экөө ошентип таанышышты. Таанышуунун заманбап жаңы усулубу же чын эле адашып түшүп калдыбы, айтор ким билсин ошол күндөн тартып Талантка да эрмек табылды, бошосо эле чалышып узакка сүйлөшүшөт. Аты Жыпар, он тогуздамын дейт, үнү да назик созулуп сүйлөйт. Талант болсо жыйырма экиде. Экөө эки айга жакын телефондо гана сүйлөшүп турушту, Талант бара-бара Жыпарга көнүп калды. Аны сүйүп калдым го деген ойдо жүрдү. Бири дем алган күнү бири жумушта болуп, бул күндөрү такыр жолугуунун жолу болбой жүрдү. Кызыгуусу күчөгөн Талант акыры бир күнү жолугалы деп сунуш киргизип атып, каерде жолугууну, саатын белгилешти. Жыпарды көрсөм дегенде эки көзү төрт болуп жүргөн жигит эрте келип аны күтүп турду. Жолдон үч тал роза гүлүн алып алган. Белгиленген убакыттан он беш мүнөттөй өтүп кетсе да, эмнегедир жигиттин күткөн кызы көрүнбөдү. Келип калаар деп өзүн улам жооткотуп коёт, бир маалда чалганынан шашып ала койсо Жыпар экен.
- Келдиңби? - деп сурады алып эле.
- Келди-им, - деди кыз наздана.
- Кайдасың Жыпар, көрбөй атам, - деп эки жагын элеңдей карады.
- Артыңды карасаң, - дегенде кылчайып артын караса, дөңгөчтөй семиз бир аял эле турат, башка кыз-пыз аттуу эч ким көрүнбөйт.
- Кайда жашынып алдың тентек кыз, же үйүңдө отуруп алып эле чалып атасыңбы? - деп коёт Талант.
- Мен сени көрдүм, сен да мени көрдүң, - дегенинен караса, жанагы аял колун көтөрүп булгалап койду. Жүрөгү түшүп кала жаздаган Талант, оозунан келмеси ыргып дабдаарып, эмне кылаарын билбей калды. Тыз коюп качып кеткиси да келип турду. Аңгыча тигил жанына келди.
- Таанышып алалы жигит, мен Жыпармын, - деди. Ачуусу келген Талант тилдеп жибергиси келип, өзүн араң кармады.
- Телефондо мени менен сүйлөшкөн кыз силерби? Ал он тогуздамын деген эле го, же атайын сизди жибердиби? - деп да сурап жиберди.
- Ооба менмин, мени кечир Талант, минтпесем сен мага жолобойт болчусуң, мен сени жактырып калып номериңди алгам бирөөдөн.
- Эже чоң эле аял экенсиз, менден эмне каалайсыз? Макул мына тааныштык, эми мен кетейин, - деп таң кала сүйлөдү жигит. Жыпар болсо көзүн сүзө чыйпылыктап жиберди.
- Талант менде баары бар, үй, акча кааласаң иштебей үйдө жат, өзүм багам, болгону мени менен жаша садага, эжеңе боор оору, - деп жалынып жиберди. Анан сумкасынан бир шише арак алып чыгып, аны скамейкага жая кетти.
- Кел эми экөөбүздүн чыныгы жашоодон таанышканыбыз үчүн алып коёлу, эркексиңби ал, - деп ой боюна койбой кыстады. Ийненин үстүндө отургансыган жигит кантип сыпайы гана кетип калыштын амалын издеди. Аял өлө ичет экен, кыстайт да экен, сүйлөйт да экен. Кыскасы, колунда бар акчалуу аял тура. Талантты май-көл, сүт-көл кылам эгер мени менен жашасаң, - деп кайра-кайра баса белгилеп айтты. Бир маалда Талантка бирөө чалып калды, караса Аймира экен. Ушул Жыпар менен телефондо сүйлөшүп алаксып жүрүп, аны да унута түшкөн эле. Башка чапкандай соолуга түштү Талант, кантсе да жүрөк сезет деген чын белем, алыстагы сүйгөнү минтип башка аял менен турганда үстүнөн түшүп текшергенсип чалып жатканын. Дароо өзүн колго алган жигит тиги аялга карап минтти.
- Эже айылдан апамдар чалып жатат, сүйлөшүп алайын ээ, - деп парктын четин көздөй басып кетти. Аймира менен сүйлөшкөнчө кыйла узап кетиптир аял турган жерден, караса Жыпар стаканга арак куюп атканбы, эңкейип ары карап турган экен. Шарт бурулду да, чуркаган бойдон качып жөнөдү. Неге анча күйүгө чуркап качты, өзү да түшүнбөйт, аялдамага келип калган экен, токтогон эле туш келген автобуска чыгып алды. Артынан тиги кууп жетип ала тургансып, артын бир карап үстүндөгү жүктү алып ыргыткандай шуу үшкүрүп алды. Жыпар кайра-кайра чалып атты, улам басып өчүрүп коёт. Үйгө кирээрде гана алды.
- Эмне качып кеттиң, кайра кел мен сени сүйүп калдым, эркексиңби өзү? - деп ыйлап алган, мас болуп калган окшойт. Албетте бир шише аракты өзү ичип атса. Телефонун такыр өчүрүп салды Талант. Тобоо, ушундай аялдардан өзүң сакта, деги заман эмне болуп баратат? - деп ичинен кейип алды. Жыпардын айтуусу боюнча, тойдо аны жактырып калып, телефонун таап, жогорудагыдай жол менен таанышып сүйлөшкөндөгү кербези экен. Андан кийин да күндө чалып, смстерди жазып өпкө-жүрөгүн тартуулай бергенинен жадаган Талант, симкартаны сындырып башка номер алып жаны тынды. Күзгө чейин дем албай дүкөндө жүк түшүрүп, кафеде ырдап талыкпай иштеп, күзүндө акчасын белине түйүп айылга ата энесине сапар алды. Келип мээнет менен тапкан акчасын ата энесинин колуна салды. Алар да кубанып, баласына ак батасын беришти. Карындашынын кем-кетигин алып той беришип, колдон узатышты. Азыр болсо окуусун улантып, Аймира экөө бат-баттан жолугушуп, сагынычтары таркабай жүргөн кези. Алты ай ичиндеги Москвада көргөн жашоосу, андагы окуяларды бир көргөн түштөй кез-кезде эскерип коёт, ага кошуп баягы Жыпар эжесин да эстейт. Аны эстегенде бир күлүп алмайы бар, "аялдын амалы кырк эшекке жүк" - деген ушул болсо керек ээ деп. Дагы кимдерди торуна түшүрүп жүрөт болду экен «бай катын» деп ойлоп коёт.

Самара НАСЫРОВА. Москва шаары.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 30 Сентябрь 2014 - 03:04

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1766 Пользователь офлайн   MACKA   30 Сентябрь 2014 - 17:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Британияда аялдардын дээрлик жарымы бир эркекти “запаска” кармайт.

Бул өнөктөш жолдошу менен ажырашып кеткен учурга керек болуп калышы мүмкүн. Сурамжылоо 1 миң англиялык айымдар арасында жүргүзүлдү. “Запастагы” эркектердин арасында экс-жолдоштор, машыгуу залындагы тааныштар, жада калса кесиптештер болот. Ал эми ар бир төртүнчү аял “запастагы” өнөктөшүн учурдагы жолдошуна караганда көбүрөөк жактырат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1767 Пользователь офлайн   MACKA   30 Сентябрь 2014 - 19:18

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Индияда мектеп окуучусун ит менен бир капаска салган мугалим камакка алынды.

Индиянын Керала аймагында бир мугалим башталгыч класстын окуучусун иттер жөнүндө туура эмес маалымат айтканы үчүн, аны 3 саат ит менен бир капаска кармаган.
Бул иш боюнча окуучунун ата-энеси билгенден соң полиция кызматкерлерине кайрылган. Натыйжада ошол мектеп өзү каалагандай окуучуларды жазалап жүрүшкөн. Бул көрүнүш карапайым калкты кыжырдантып, нааразылык акциясына да чыгышты.
Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп, окуучуну жазалаган мугалим камакка алынды.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1768 Пользователь офлайн   Jamalym   30 Сентябрь 2014 - 19:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Шумдугун кургур дунуйо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1769 Пользователь офлайн   MACKA   30 Сентябрь 2014 - 20:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

" Темир генералдын" депутаты Төрөбеков жасалма диплому үчүн соттолобу?

Парламенттеги «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Куловдун командасындагы адамдардын былыгы четинен чуурулуп чыгууда. Өткөн жумада маданият тармагын жөндөй албаганы үчүн Камила Талиева министрликтен шыпырылса, эми Нурлан Төрөбеков соттолуу алдында турат. Башкы прокуратуранын басма-сөз кызматынын 24-сентябрда тараткан маалыматына ылайык, башкы прокурор Аида Салянова Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) жана 350-беренесинин (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, мөөрлөрдү, бланкаларды жасоо, даярдоо, сатуу же пайдалануу) негизинде Нурлан Төрөбековго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөлдөөчү органдын ырасташынча, Н.Төрөбеков 2013-жылы президенттин аппаратына Жусуп Баласагын атындагы Улуттук Университетинин анын атына берилген жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн тапшырган. Ага ылайык жана башка документтердин негизинде Н.Төрөбековго "мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" чини берилген экен. "Аны менен катар, Н.Төрөбековдун наамына берилген жогоруда аталган диплом башка адамдарга берилген эмес жана каттоо китебинде диплом катталган эмес. Ушул эле каттоо номуру менен, бирок берилген башка дата жана башка сериядагы диплом КУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун Кыргыз-Европалык факультетинин бүтүрүүчүсүнө берилген. Мындай жол менен ЖК депутаты Н.Төрөбеков жасалма дипломду пайдаланып, тиешелүү укуктарды алып жүргөн" деп баса белгилейт Башкы прокуратуранын басма-сөз кызматы. Чин алыш үчүн жасалма диплом сатып алып, Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Нурлан мырзанын кыңыр иши 40 жылга жетпей ашкереленди. Эми аны жоопкерчиликке тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Эл өкүлдөрү адатынча кесиптешин коргоп калышабы же башына салганды көр деп башкы көзөмөлдөөчү органдын ченгелине салып беришеби? Ай, ишениш кыйын го…

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1770 Пользователь офлайн   Kg.lady   01 Октябрь 2014 - 00:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Просмотр сообщения DaRhaN. (28 Сентябрь 2014 - 23:45) жазган:

Э туугандар купуяа катты катты кантип ачып окуйт,жаны катталганыма байланыштуу билбей жатам

Тушунбогон суроолор учун атайын тема бар!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 01 Октябрь 2014 - 12:08


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1771 Пользователь офлайн   MACKA   01 Октябрь 2014 - 14:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бул адам 40 жыл бою уктай элек.

Өзүн-өзү алдап, эл сыяктуу кечинде жатканы менен уктай албай, ар кандай уктатуучу дары-дармектерди да колдонуп көргөн.
Эч ким ишене албайт. Бирок бул чындык. Вьетнамда жашаган 64 жаштагы Тай Нгок акыркы 40 жылдан бери уктай элек. Мындай уникалдуу адам тууралуу интернет булактары жазууда.


Маалыматка ылайык, Тай Нгок 1973-жылдан баштап катуу ооруган. Анын катуу ооруп калуусуна жөнөкөй эле сасык тумоо себепчи болгон. Акыры эти ысып, уйкудан кала баштаган. Ошентип уйкусуздук өнөкөт оорууга айланып, акыркы 40 жылдан бери уктай элек. Канчалык уктоого аракет кылганы менен уктай алган эмес.
Уйкусуздук эмне экендигин Тай Нгок жакшы түшүнөт. Ал уйку эмне экендигин унутса дагы саламаттыгы ордунда. Эч кандай оорусу жок, кадимки адамдардай эле сергек жашап келүүдө. Ал фермер болгондуктан күнүнө 50 килограммдан жер семиркичтерди 4 километр узактыктан ташып келет. Болгону чарчап уктап калайын дегени менен баары бир уйкусу жок. Акырында уйкусуздугу аны атактуу кылды. Окмуштуулар изилдөөгө жаңы тема табышты. Вьетнамдын атактуу Hoa Khanh Mental Hospital ооруканасынын дарыгерлери медициналык байкоо жүргүзүп, тест жасаганы менен анын саламаттыгы чың жана кайраттуулугу менен медицинада жок фонемен катары жашап келүүдө.

Сүрөт СүрөтСүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1772 Пользователь офлайн   MACKA   01 Октябрь 2014 - 16:16

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Америкалык аял кафеге начар тейлегендик үчүн 100 доллар чайлык таштап кетти.

Кардар өзүнүн минералдык суусун 20 мүнөт, ал эми жеңил тамагын 40 мүнөт күткөн. Аял мындай тейлөөгө арызданган эмес, анткени мурда өзү официант болуп иштеген. Айым таштаган чайлык акчасы менен чектин сүрөтү соц.тармакта бир кечте эле миллиондон ашык “лайк” чогултту.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1773 Пользователь офлайн   MACKA   01 Октябрь 2014 - 22:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнө боюнча жапайы жаныбарлардын саны 50% азайды.

Дүйнө боюнча жапайы жаныбарлардын саны соңку кырк жылда 50% азайганын Лондон зоологиялык коому билдирди. Иликтөөнүн жаңы ыкмалары колдонулуп, мындан эки жыл мурунку билдирүүгө салыштырмалуу быйылкы тыянактарда абал алда канча курч экени аныкталган.
Билдирүүдө айтылгандай, кургак жерде, сууда жашаган жаныбарлардын саны орто эсеп менен 52 пайызга азайып, аккан суудагы жандыктар 76 пайызга азайган. "Тирүү Планета Индексинде" 1970-жылдан тартып 2010-жылга чейинки омурткалуулардын он миң түрүнүн саны иликтенген. Лондон зоологиялык коому мындан эки жыл мурунку билдирүүсүндө айбанаттардын саны 30 пайызга азайган деп белгилеген, бирок жаңы ыкмада иликтөөнүн натыйжасында абал андан бир топ курч экени аныкталды.
Жаныбарлардын санынын азайышына биринчи кезекте кишилердин чарбалык ишмердиги таасир этүүдө. Кишилер бактарды байма-бай кыйып, дарактар өсүүгө жетишпей келет. Океанда балык уулоонун эбегейсиз өлчөмүнөн улам, балыктар көбөйүүгө жетишпей келет. Океандар менен токойлор сиңире алгандан кыйла көп өчөмдө көмүр-кычкыл газын чыгарат.
Билдирүүдө табиятка өзгөчө катуу сокку болгон аймактар да аталган. Мисалы, Ганада соңку 40 жылда арстандардын саны 90 пайызга азайган. Батыш африкада токойлор кыскарып, пилдердин санына таасир этүүдө. Дүйнөдө бир кылым мурун 100 миң жолборс бар болсо, эми 3 миңи гана калды. Адамдардын керектөөсү тыйылбаса, жапайы жандыктардын аймактары улам кыскара берип, өкүнүчтүү абалга кептелиши мүмкүн, деп эскертет окумуштуулар.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1774 Пользователь офлайн   MACKA   02 Октябрь 2014 - 01:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Булар Кончиталар эмес, булар Казакстандык “аксакал” апалар.

Казакстандын Түштүк-Казакстан облусунда 65 жашка чыккан Мухтабор Тораева деген апа бар. Соңку кезде анын атагы таш жарып баратат, анткени аял болсо да анын 20 сантиметрлик сакалы алыскы-жакынкы эл-журтка угулуп, атайы көрүү үчүн келип-кеткендер көбөйүүдө.
Турбат айылынын жашоочусу Мухтабор Тораева калың өскөн ээгиндеги сакалдан кысынып-тартынбайт деле, тескерисинче сыймыктанат. Алгач аны көрүп таанышкандар сакалдуу аялга бир кызыктай көз-караш менен тигилип, андан кийин гана бир аз көнүшүп кошо сүрөткө түшүүнү өтүнүшөт. "Биз Өзбекстанга туугандарыбызга бат-баттан каттап турабыз. Чек ара күзөткөн чек арачылар мени атайы сүрөткө түшүү үчүн эле токтотушат, мени менен түшкөн сүрөтүн апаларына, аялдарына көрсөтүшөт экен, сүрөткө түшүп бүтөөрүбүз менен мени коё беришет. Дегеле өмүрүмдө бу сакалым көп жардам берди" - дейт сакалдуу ардагер апа.
Мухтабор Тораева күйөөсү менен бактылуу жашап жатканына 42 жыл болду, бир уул, бир кыз төрөгөн, алты неберени тарбиялайт. Күйөөсү Мухтабордун сакалы эми-эми гана жаңыдан өсө баштаганда таанышкан эле, аялдын айтуусуна караганда, күйөөсү анын сулуулугу менен сыймыктанчу экен. Негизи бул апанын уругунда ушундай сакалдуулар көп болуптур, анын энесинин, апасынын, эжесинин ээгинде так эле ушундай жыш өскөн сакалы бар эле, бирок анын кызында негедир азырынча сакал жок. Мухтабор апанын сакалы 25 жашынан баштап өсө баштаптыр.
"Жаш кезде сакалымды кырып таштагым келген, бирок диний кишилер мунумду туура көрүшкөн жок. Бу сакалды да Аллах берген, кааласа ал өстүрбөй коёт. Айылда мени "сакалдуу чоң кемпир" - деп аташат, а коңшумду "сакалдуу кичине кемпир" - деп коюшат, анткени ал сакалын улам кырып турат" - деп күлөт Мухтабор апа.


Сүрөт СүрөтСүрөтСүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1775 Пользователь офлайн   MACKA   02 Октябрь 2014 - 01:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 02 Октябрь 2014 - 01:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1776 Пользователь офлайн   Kg.lady   02 Октябрь 2014 - 02:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Кудайга тообо, дуйно кызыкка бай ээ, карап отурсан!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1777 Пользователь офлайн   MACKA   02 Октябрь 2014 - 02:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Африкадан башталган эбола илдети кулачын жайып баратат.
Сүрөт

Батыш Африканы каптаган эбола илдети барган сайын жайылып ээ-жаа бербей баратканын АКШнын президенти Барак Обама 17-сентябрда моюнга алды. Ооруну алдын-алып, бул илдетти жуктуруп алгандарды туугандарынан обочо кармап дарылоо аракеттери натыйжа бербеди. Учурда дүйнөлүк коомчулук окумуштуу медиктер жаңы ойлоп тапкан биомедициналык каражаттар (моноклоналдуу антитела жана вакциналар) бул апаат илдеттен сакайтаар деп үмүт артышууда. Бирок анысына деле болбой дары ойлоп тапкычтар канчалык тездикте жаңы дарыларды ойлоп табышпасын, эбола кесепети аябай тездик менен арышын керүүдө. Батыш илимпоздорунун оюнча, эң башкы көйгөй - дары чыгаруу ишканалары дарыларды өз убагында жетиштүү көлөмдө чыгарып турууга кубаттуулугу өтө эле чектелүү.
Илимий көз-караш менен алганда, эбола илдетине каршы жасалчу вакцинаны жасоо жолу негизи анчалык деле кыйын эмес. Дары-дармек жасоочу компанияларда илдетке каршы башка дарыларды чыгарып жүргөн тажырба деле бар, ал дарыларды жан-жаныбарларга берип сынап көрүшкөндө вирусту оңой эле жеңүүгө боло турганы ачык билинген. Эбола бир караганда өтө коркунучтуудай, органимзди заматта бүлүндүрүп жиберчүүдөй көрүнгөнү менен вакциналардын анча көп эмес көлөмү менен эле айыктырса болоору билингенин айтат Profectus BioSciences компаниясынын илимий кызматкери Джон Элдридж.
Эболага каршы дары керек, бирок өтө көп көлөмдө. Дары-дармек чыгаруучу ишканаларды каржылоо жагы да бир топ аксап жаткандыктан, эбола илдетине чалдыккандарды дарылап бүткөнгө чейин эле, оору улам кулачын жайып кеңейип баратат.


Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 02 Октябрь 2014 - 02:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1778 Пользователь офлайн   MACKA   02 Октябрь 2014 - 14:33

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ким Чен Ын семиргенин токтотпосо ден соолугу солгундап өлүп калышы мүмкүн.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Швейцариянын быштагын аябай жакшы көргөндүгүнүн азабын тартып, анын кедергиси ден соолугуна тийип, жаш жол башчы каза болуп калышы ыктымал экендигин Түштүк Кореянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Соңку кезде Ким Чен Ын жаштыгына карабай өтө эле толуп кеткени, салмагына салмак кошулуп, а түгүл басканда бир аз аксап басаары, анан да беттери шишип кеткендей борсоюп калганы - анын ден соолугунун жакшы эмес экендигинен кабар берээрин жазат маалымат каражаттары.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1779 Пользователь офлайн   MACKA   02 Октябрь 2014 - 16:16

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Япониялык архитекторлор дүйнөдөгү эң ичке үй курушту.

Анын туурасы 3 метрден бир аз ашат. Үйдүн ичинде баардык керектүү оокаттар бар. Андан тышкары стандарттык бөлмөлөргө, эмеректерге ээ жана коммуникацияга толугу менен кошулган. Архтекторлордун айтымында, бул үй, япондуктарга аралда бош орундар аз экендигин эскертүү максатында курулган. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө Япония калктын жыш жайгашкандыгына байланыштуу кээ бир кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1780 Пользователь офлайн   MACKA   02 Октябрь 2014 - 16:33

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

" Кызымдан көрдүм кордукту..."

Алтымыш жаштагы эне Ольга Болгажанова вахабизм идеологиясына кирген кызы менен күйөө баласы "үй-мүлкүңдүн баарын сат, акчасын Ильяз шейхке беребиз" - деп опузалап жатканын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Жумгалбек Байбосов аттуу күйөө баласы мүлкүн тартып алуу максатында ур-токмокко алган.

- Булар мени коркутуп жатып, бардык алтындарымды алышты. Жакында эле 10 миң долларымды алып коюшту. "Үйдү, дүкөндү сатабыз, өзүң жалгыз чыгып кет," - деп жатышат. Кызым мындайга бармак эмес. Муну баарын күйөөсү кылып жатат. Кызым ушул агымга киргени аябай агрессивдүү болуп кетти. Күйөөсү мени сабап жатса да карап турат. Азыр эми кепке көнбөсөң ага-эжелерибиз келип эсептешет деп опузалап жатышат. Эмне кыларымды билбей калдым. Укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылдым. Жаңы эле тергөө башталганда токтоп калат.

Ольга айым андан ары 2012-жылдан бери кысым алдында жашап келе жатканын кошумчалады. Кызы аны менен макулдашпай туруп мектепти аяктап жаткан уулун Египетке 6 айга дааватка жөнөтүп жибериптир. Бул аралыкта Болгажанова небересин дайынсыз жоголду деп издеп жүрө берет, Эмилдин Египетте жүргөнүн келгенде гана билет. 8-класста окуган небереси да аталган агымга киргени окуусун таштап салган.

Биздин каарманыбыздын сөз кылып жаткан күйөө баласы Жумгалбек Байбосовдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Болгажанова шейх деп атап жаткан "Сүннөт" диний уюмунун башчысы Илияз Назарбеков менен байланыштык. Бул киши Кыргызстандагы вахаби же салафи агымынын лидерлеринин бири экени айтылып келет. Ал Ольга айымдын кыз-күйөөсү анын дарстарына катышаарын танбайт, бирок "акча талап кылат" - деген доомат жалаа экенин айтууда:

- Бул жалган нерсе. Биз эч качан бирөөлөрдөн мал-мүлк талап кылбайбыз. Анын кыз-күйөөсү биздин лекцияларга катышып, намаз окугандан кийин ушундай иштерди жасап, бизге өчөшүп жатат. Алар апасы иштеткен дүкөндө арак сатылбасын деп каршы чыгышкан экен. Ошондон кийин мага жалаа жаап келет. Вахаби же салафи деген уюм жок. Биз болгону Куранды, пайгамбардын сүннөттөрүн элге жеткиребиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул факт боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, бул маселе жакын арада сотто каралат.

- Болгажановадан бизге арыз түшкөн. Буга чейин тергөө тобу иш жүргүзгөн. Иш биринчи баскычтагы сотто каралып, далилдөөчү материалдар жетишсиз деген негизде артка кайтарылган. Бүгүнкү күндө тергөө иши кайрадан уланып жатат. Жакын арада сотко өтөт жана бул маселе боюнча сот өз чечимин кабыл алат.

Санааркаткан салафизм.

Биз сөз кылып жаткан вахабизм же салафизм ислам дининдеги агымдардын бири. Ага Борбор Азиянын да бир катар өлкөлөрүндө тыюу салынган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев да вахабизм идеологиясы радикалдык окууга кирээрин айтат:

- Вахабизм менен экстремизмдин арасы бир гана кадам. Бул радикалдык окуу. Бирок тыюу салынган эмес. Мажбурлоо фактысы боюнча тиешелүү органдарга кайрылса, алар жоопко тартылат. Бирок өз алдынча билген намазын окуса аларга эч ким тийишпейт. Анткен менен Орусиянын айрым аймактарында бул агымга тыюу салынган.

Кыргызстанда вахаби идеологиясын жайылтууга тыюу салынган эмес. Бирок алар өздөрүн салафи агымынын өкүлдөрү катары тааныштырып жүрөт. Бирок дин таануучулар салафи агымын тутунгандардын көз карашы көпчүлүк учурда Кыргызстанда салттуу эсептелген ханафи мазхабына туура келе бербесин айтып келишет.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 02 Октябрь 2014 - 16:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 87
  • 88
  • 89
  • 90
  • 91
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 03:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: