Бул ото татаал масале.Жаштарды жакшы жолго ундош учун биринчи кезекте интернет деген балээни,арак,
тамеки дегендерди да жок кылуу керек.Ошондо гана жаштар онолмок.Мисалы,
биз окуп жургондо интернеттин "и"тамгасын билчу эмеспиз.Китептердин баарын китепканадан алып,экзамендерге туну менен даярданчыбуз.
Порнографияны такыр билчу эмеспиз.Индия фильмдерин гана корчубуз.Азыр болсо,жаштар китепти инеттен окуп,порно фильмдерин да инеттен коруп,калышпадыбы.
Жаштарды дин жолуна тартуу давааттары беиш торуно кеткен жол
#23 25 September 2014 - 19:14
Жаштарды кантип ыйманга чакырабыз депсиңер. Бирок азыр жаштардын арасында динге аралашканы көп. Тескерисинче бизден улуу муун б.а. Совет доорунун адамдары динди жакшы билишпейт. Көбү атеисттик көз карашта. Мисалы айылга барганда улуу муундун өкүлдөрү топтолуп алып арак ичкенин көрүп жатабыз. Ошондой эле мамлекеттик ишканаларда чоң кызматтарда көбүнчө Совет доорунун адамдары иштейт. Баарыбыз билгендей алар корупцияга белчесинен баткан. Себеби алар динди билишпейт, арам акча менен кардын тойгозуп жатышканын билишпейт. Албетте баары эмес. Ошондой эле арам тамак жаштарыбыз да бар. Жаш муун динге берилип жатканын көрүп эле жатабыз. Ал эми динди жакшы билбеген улуу муундар каршы болгон учурлар көп эле. Хиджаб кийген кыздардан көп эле жолу ата-энем хиджаб кийишиме каршы болду деп айтышат. Алыс кетпей эле өзүмдүн туугандарымды мисал алсам жаш болгондон кийин жаштай эле кийин дешет. Ошондой акыркы жылдары дин Кыргызстанда аябай эле жайылды. Бул менин жеке оюм.
#24 27 September 2014 - 23:55
Бир сунуш супер форумдагы эротикалык талкууларды токтотсок.мындан эч пайда жок.оюнар кандай? кайра жаман жолго тушушуно себепчи болуп жатат.киминиздер колдой суздар.отунуч жооп кутом. Мен кош колдоп колдойм.
#25 03 October 2014 - 08:04
Бир сунуш супер форумдагы эротикалык талкууларды токтотсок.мындан эч пайда жок.оюнар кандай? кайра жаман жолго тушушуно себепчи болуп жатат.киминиздер колдой суздар.отунуч жооп кутом. Мен кош колдоп колдойм. Мен колдойт элем,ашыкча жазылгандары коп.
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#26 03 October 2014 - 08:05
Жаштардын бузулушу шаардан,шаардыктар кыздарын кочого чыгарат конул болбойт деген созго мен кошула албайм.Болсо болоттур бирок аз.Аалам айылдан башталат дейт туура.Бирок.
..Туну биздин чон атабыз келе атса домдун астында бир кыз менен жигит обушуп отурушуптур,
аксакл адам келе атат деш кыялында жок деп капа болуп отур кетиптир.Эки уч кун кийин келе атса баягы кыз менен жигит айбан кылбаган ишти кылып алчайып отурганын коруп.
-Эй уйалбайсынарбы бул жер силерге жата турган жер эмес,куттуу уйдун кире бериши десе,анда кыз уялбастан
-Эмне сага бул жер айыл беле дептир.Иши туну болгон учун дагы бир жолуу келе атса 2 кыз жол бербейт дейт,жол бергиле кыздарым отуп кетейин десе
-Эй чал эмне жарабай калып коркуп атасызбы дептир.Подьезден колунан тартып жарыка суйроп чыкса бей тааныш кыз,айылдык эле кыз деп жаны куйуп титиреп келди.Азыр ата энелер окутабыз деп квартирага чыгарып койот,жакшы жургонуу жакшы журот жакшы журбогону оз билгенин кылып кочо таптап журушот.Хиджап кийбейт деп капа болосунар.Кочо кыздары хиджапка жамынып кубулуп туну оз билгенин кылгандар андан коп дешет.Гостиницасы бар эжебиз дайыма отурган жерде айтып калат.Хиджап кийинген кыздарга ишенбегиле жакшысынан жаманы коп деп калат.
Эми жигиттерибизге келсек аракты ичип алып,оздорунон кетип ооздорунан энен.. деген соз тушпойт.Мурун озбектерден угат элек.Алардын оозуу бузук деп калаар элек.
Азыркы жаштар мас болуп алып ары бери откон кыздарды оозго алгыс создордуу агытып отурганын коп коробуз.Жетелеп бара аткан неберелерибизден уялабыз..
Кыз жигиттин ортосунда урмат сый деген жокко эсе десем болот.Жигиттер кызды тамашалап маданияттуу эле суйлосо,кызды коруп ал оозунан ак ит кирип кок ит чыгат тобба дейсин.Бир куну кыздарды токтотуп алып айтым.Кыздарым жаштыктын корку ушул жаш гулдой болуп турасынар,жигиттер коз артат,соз суйлойт сылык эле жооп берсенер.Жигиттер силерге тийишпегенде анан бизге окшогон кемпирге тийише беле,ойлонуп коргулочуу тен тени менен тезек кабы менен,силер жигитке сылык суйлосонор анан кыздар силер барктуу болосунар.Бул жаштыктын деми,жакшы жооп берсенер алардын да конулу которулмок дедим.Дагы коп соз айтайын дедим элем убактым тар болуп калды..

#27 03 October 2014 - 08:10
Жаштарды туура жолго тарбиялоо учун,улуу мун улгу болуш керек. Аганы коруп ини,Эжени коруп синди осот- дейтко. Ыйман жолунда туура жол мененк
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#28 03 October 2014 - 08:11
Ыйман жолунда туура жол корсотушубуз керек
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#29 03 October 2014 - 10:14
Тарбия, ыйман, адеп, этика адам баласъна уй булодо берилсе жугумдуу, тасирдуу болот. Семинар, закон, ыр, китеп, кино ыйманга чакырууда чабал
#30 03 October 2014 - 19:31
Аябай соонун тема экен менда ушундай тема ачайын деп жургом".Улууга урмат кичууго ызат" деп кыргыз элине тааандык нарктуу корунуштор азыр чанда гана кезигет.Батыштын таасириби же жон гана инсандык сапааттан арылып баратабызбы айтор билбейм,азыркы жаштарда басырдуулук,
ыймандуулук ,таалим тарбия жокко эсе.Теледен коруп газета журналдардан окуп эле келебиз мурунку мундардын ыймандуулугун.
Азырчы азыр мартшуткада уктамыш болушат уулууларга орун бербей,кочодо бир эле алар бараткансып бир бирине тамаша айтып каткырып кулуп катар басышып жол беришпейт.Алардын коргон уулуууулар айланып отушот.Кочодо кыздар балдар топтолуп алып кечээ коргон киносун жаны телефондорун интернет жаны кийим мода ушул сыяктууу создорду суйлошуп мактанышат.
Адеп ыйман бул туралуу соз жок ой да жок.Ушун айынан коп жаштарыбыз жаман жолдо журушот мисалы чылым чегуу, арак ичуу,бангизат.
"Куш уяда эмнени корсо учканда ошону алат"дегендей бул да болсо уйдогу ата- эненин тарбиясы.Ата-
эне баласына кандай тарбия берсе чонойгондо ал ошондой болот.Ошондуктан ар бир ата-эне балдарына туура тарбия берууго милдетуу.Азыр кооп жаштарыбыз ата-эне мееримине зар.Балдарыбызды багабыз деп чет жерде журушот акча табуу учун а балдар эмне жеп эмне кийип кандай жашаап журушот билишпейт.Ошондуктан ата-энене ойлонуш керек туура тарбия бериш керек аларга улгулуу болуш керек деп ойлойм.
#31 04 October 2014 - 01:36
Дин жана Философия бөлүмүнө жылдырылды.
В каждой шутке есть доля правды...
#32 04 October 2014 - 04:09
Бир сунуш супер форумдагы эротикалык талкууларды токтотсок.мындан эч пайда жок.оюнар кандай? кайра жаман жолго тушушуно себепчи болуп жатат.киминиздер колдой суздар.отунуч жооп кутом. Мен кош колдоп колдойм.
Оозунузга май менда колдойм!
Кана эми ошондой болгондо жакшы болот эле. Тилеке каршы арабызда андайларга жанын бергендер бар окунучтуусу.
#33 04 October 2014 - 14:14
Ооо бул нерсе ото чоон маселе. Биринчи тарбиялоо уйбулодон,анан бала бакча мектептерге ыйман сабактарын(милдетуу турдо) кошуу керек. Ошондо гана жаны осуп келе жаткан муун озгорушу мумкун. Азыркы орус чалыш „киргизбайларды„ он жолго буруу менимче ото коп нерсени талап кылат. Азыркы учурда кайсы жерге барба,кайсы жерде журбо,илим билим оркундоп турган учур. Мынакей биз озубуздон тартып интернет булактарында (соц.сеть) тигинтим минтим деп тема ачып жазып жатабыз. Ойлонуп корсон биздин ансезимибизге бирден бир себепкер ушул тармактар болуп жатат. Эми чындыгында коом кайда карай озгорсо, сен да ошол тарапка карай ан сезимин озгоротго дечи, ошентсе да бираз болсо да кийинки муунга жакшы таасир калтыруу учун жакшы суйлоп ыймандуу болууга аракет кылышыбыз керек. Биздин чыгаан атуулубуз Кыргызстан учун жанын аябаган,коп коп салымын кошкон маркум агабыз И.Разаков айткан „сен таза болсон мен таза болсом корм да таза болот„ деп айтып кеткен, ошол агабыз айтмакчы ар бирибиздин дилибиз тилибиз таза болсо ошондо гана азыркы коом ,жаны осуп келе жаткан муун ыймандуу, тарбиялуу болот демекчимин.
#34 04 October 2014 - 14:46
Шайтандан, "Пенделердин ичинен сен суйуп жакшы коргонун кимдер?", десе: "Жаштар!
"-деген экен.
Анткени каны суюк жаштарды азгырыш оной дейт.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#36 08 October 2014 - 22:47
Учурдун өтө орчундуу маселеси - жаштар маселеси. Жаштардын мындай абалга келишине өтө көп себептер бар. Эң маанилүүсү - аларга үлгү боло алчулардын жоктугу, улуу муундун кайдыгерлиги.
Ал эми улуу муун саясатчыларыбыз болсо, жаштарыбызды өздөрүнүн саясый максаты үчүн гана колдонуп келет. Ошондуктан,
жаштарды жаман көрүнүштөрдөн алыстатууга аракет кылган адам эң алгач өзү ошого татыктуу болуш керек. Андан кийин жеңди түрүп, белди бекем бууп, Жараткандан жардам сурап ишке киришүү керек.
Адебим менен адаммын!
#37 09 October 2014 - 16:05
Пайдубалы алсыз ж.а сапатсыз курулган уйдун, усту жагыны канча гулдоп жасасанда кулайт. Ошол сынгары, жаштарга улуу муунду улгу кылуудан мурда, хадиске бирааз болсода баш баксак адашпайбызго.
..
Дегеним, Расулаллаах сав куттуу хадисинде: "Баланы кичинесинен шарият мыйзамдары м.н тарбиялагыла, балагатка жеткенде Намаз окуткула" дейт эмеспи. Жашындагы таалим-тарбиясы акыйкат чойросундо тарбияланбаса, ал улуу муунга байлап койсода туура жолго тушуусу чындыктан алысыраак. Эне биринчи мугалим дейт, чыныгы мугалимдин тарбиясыны беруу учун, эне-атасы оздору ыйман чойрону тандоосу керек. Чарлес Ивер аттуу адам: "Бир эркекти тарбиласан, бир эле инсанды тарбиялаган болосун. Бир аялды же кызды тарбияласан толлук бир уй-булону тарбиялаган болосун" дептир. Демек, негизги себепти аркайсы чойродон издебей, озубуздон издесек, жаштар алебетте туура жолго тушушу оной. Картайып калып, динди жек коргон чон ата - чон энелерге караганда. Ошондо дагы эле биз, аталарга келип такалат иштин баары. Ата ыймандуу, мееримдуу ж.а сабаттуу болсо, уй-булосу ошончолук тарбиялуу боло алат. Дагы бир хадисте: "Эркектер койчуман сыяктуу, кечинде койчуман кожойунуга койдун эсебини берген сыяктуу, силерда АЛЛАХтын алдында, уй-булонор учун жооп - эсеп бересинер" деп, эркектердин эки кулагынада коргошундан бекем сырга тагып кеткен. Кандай эсеп беребиз...? - биринчи эле адал тамак- аш м.н багып, адал кийим-кече кийдире алдыкпы, же аларды уйго камап койуп, достор м.н, арзыбыган сулууларга азгырылып, тундоп-кундоп уйго келбей, куноосу жок наристелер м.н, сага аманат катары тапшырылган бироонун алтындай кызыны кордодукпу. ..? Же алар муктаж болгон жакшы создорубузду айтып, балага аталык, аялга куйоолук мееримибизди бере алдыкпы..? - Мына ушулар негизги маселелер. Хадисте: "Аял м.н куйоосу жылмайышып карашышы садака" дейт. Аялыны канча бапестеп, суйуп тарбия берсек, алда балдарга ошондой эле тарбия бере алат. Себепти алыстан издебей, озубуздон издеп, тарбияланалы биринчи. Дин бойунча соз козголсо эле кыйынсынып эчкимге соз бербей, бапылдап аалым сорой болуп, ошону аткарууга - амалга келкенде аркандай шылтоо м.н артка чегинген мусулман эркектен мындай сыфаттарды кутууго арзыбайт акыйкатта. Мусулман эркек, созуда-кылган жумушуда дал келип, чечкиндуу болгонуна эмне жетсин аттаганат. "Кыямат куну аалымдар жузу м.н дозоко ыргытылат, булар эмнеге дозоку деп сурашса, алган илимине амал кылбаган аалымдар. Т.а элкорсун же афторитет деп алган илимдуулор" дейт, дагы бир хадисте. Кудай сактасын. Ал илим биринчи кезекте уй-булону нурдантуусу фарз айн.

#38 11 October 2014 - 19:35
(Жети-сегиз жыл мурун Ак Башат деген журналга жазган элем. Темага тиешелүү болгону үчүн бул жакка да жарыялап койдум.)
Тарбия
Кыш. Өзөктөн өткөн суук. Жылуу кийинген адамдар шаардын көчөсүндө тынбастан ары бери өтүшүүдө. Тээ ары бурчта бир бала турат.Үстүндө жука кийим. Анысы кирдеген, жамалган. Сууктан тиши тишине тийиптитирейт. Ары-бери өткөндөрдүн сумкасына көз салат. Аңгыча сумка көтөргөн бир кары аялдын артынан ээрчип калды. Жанынан өтүп бара жатып жөөлөмүш болду да,акырын сумкага кол салды. Акча салынган капчыкты сууруп чыгып, эчтемени билбеген адамдай болуп ары басып кетти. Кийинчирээк баягы аял бирдеме сатып алмакчы болуп сумкасына кол салды, бирок эч нерсе таба албады. Акчасын чөнтөкчүлөргө алдырып жибергенин түшүнүп сүйлөнө баштады, көзү жашылданып : «Азыр гана пенсиямды алып келе жаттымэле» , - дейт каргылданып. Көңүл бурган эч ким жок. Тиги бала дагы эле көрүнгөн сумкага көз салып, дагы эле өз ишинде. Бул жакшы ишпи же жаманбы, айтор, оюнда эч нерсе жок...
Мына учурдун тарбиясы. Азыркы замандын, турмуштун жаштарга берген тарбиясы.Булардын мындай иштерге барып жатканына ким күнөөлү деген бүдөмүк суроо туулат.Буга, албетте, учурдагы жашоо шартына шылтообуз айдан ачык. Чын да. «Турмушуңбөрү болсо, бөрү бол» деген ушул эмеспи. Бирок,ушул жерде да бир суроо бар. Турмуш адамды башкарабы же адам турмуштубу? Адам турмушту башкарат дейин десең, эмнеге ушуга чейин жакшы нукка бурулбады. Анда тескерисинче эмеспи. Турмуш күнөлүү турбайбы. Кызык, күлөсүңбү же ыйлайсыңбы буга. А менин күлкүм келет. Себеби, адам баласы акылдуу жан эмеспи. Бардык нерсеге акылы жетет. Ошол акылы менен айга жана башка планеталарга чейин барып жатышпайбы. Анан эмне үчүн ошол акылы менен жашоону туура, жакшы, башкача айтканда кой үстүнө торгой жумурткалаган мезгилге алмаштыра албайт. Демек, бул жерде башка бир нерсе жетишпей жатат. Ал эмне? Ойлонуп көрсөк баары бар. Байлык, бийлик, жумуш жана башка толгон-токой адамдын көңүлүн көтөрүүчү нерселер. Булар деле жетишпей жатпайбы. ..
Тарбия – коомдун өзөгү. Анын негизинде жаш муундар, дегеле, адамзат жашоодо өзүн-өзү алып жүрүүсүн, адамдар менен болгон мамилени, жакшы менен жаманды, эң негизгиси бул бир келген жашоодо таза, туура, ыймандуу болуп өтүүнү үйрөнүшөт.Туура таалим-тарбия көрүп, ыймандуу болуп чоңойгон пенденин жаны анын руханий дүйнөсүнүн жан чырагына айланат. Тарбия жеке эле үй-бүлө жана мектепте гана үйрөтүлүүчү нерсе болбостон бардык жерде эч үзгүлтүксүз ишке ашып туруучу эң зарыл нерсе.
Биздин ата-абаларыбыз тээ илгертен бери эле Ислам динин тутунуп келишкен.Балдарына ушундай тарбия беришкен. Эч бир ата-эне баласын көчөгө таштап кеткен эмес. Тескерисинче, адашып өз үйбүлөсүн жоготкон балдар болсо, аларды асырап алган. Ошондой эле, балдар да ата-энелерине кайрымдуу болушкан. Эч качан кыздар намысын акчага сатышкан эмес. Себеби, бул жерде бир уруу элдин абийири, намысы жаткан.
Ислам дини – адеп-ахлактуулуктун, ыймандуулуктун, таза жашоонун жана тынчтыктын дини. Ушулардын негизинде өзүн тарбиялоо процесси бар. Азыркы кездеги көптөгөн илимпоз, педагогдор тарбия берүүдө диний тарбияга көп көңүл бурушпайт. Аны эски, цивилизациялык эместей көрүшөт. Ошонун натыйжасында азыркы мезгилде адамдар көптөгөн жаман, ыпылас жолдорго түшүүдө.
Ислам дининде баланы тарбиялоо ал төрөлө электен мурун эле башталууга тийиш.Баланын келечекте жакшы адам болуусун каалаган ата-эне мурунтан кам көрүүсү зарыл. Мисалы, спирттик ичимдиктерден алыс болуу. Ансыз деле медицинада спирттик ичимдиктердин болочок балага зыян келтире тургандыгы ачык-айкын аныкталган. Ислам дининде да мас кылуучу ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат.Кийинкиси, дайыма таза жүрүү. Бул дагы Ислам дининде талап кылынган нерсе.Тазалык албетте, келечектеги балага өзүнүн оң таасирин тийгизет.
Баланы адал азык, тактап айтканда, өз эмгек, маңдай тер менен багуу. Илгери жакшы эле бир үйбүлөнүн баласы ууру болуп чоңойгон экен. Атасы өз маңдай тери, адал жол менен акча таап үйбүлөсүн баккандыктан кантип эле менин балам мындай болсун деп ойлонот. Ары ойлонуп, бери ойлонуп акыры аялынан сурайт. Ошондо аялы ал боюнда бар кезинде коңшусунун алмасынан сурабай бирди жеп койгондугун айтат.Күйөөсү дароо коңшусуна барып, болгон окуяны айтып ал алманын карызынан кутулуу үчүн ага акча сунат. Коңшусу карызынан кечет. Ошондон кийин баягы бала уурулугун токтоткон экен. Мына, сурабай жеген бир гана алманын таасири. Ошондуктан адал азык, адал киреше адамдын келечеги үчүн зор мааниге ээ.
Исламдын эң иридеги парзы – бул ыйман. Жаштарды ыймандуу, адеп-ахлактуу болууга тарбиялоо келечекте алардын эң жакшы инсан болууга алып келери шексиз. Ыймандуулук жана адептүүлүк адамдын коом менен болгон карым-катнашында, жүрүш-турушунда дегеле, жашоонун бардык кырдаалдарында сөзсүз пайдасын тийгизет.
Исламдагы боорукерлик, кичи пейилдүүлүк жана мээрүмдүүлүк тарбиялары адамдарга эң керектүү сапаттардан болуп эсептелет. Мындай сапаттарга ээ болгон адам эч качан бирөөгө жамандык кылбайт. Тескерисинче, жеңилин жерден алып, оорун колдон көтөрүп дегендей ар дайым адамдардан өз жардамын аябайт. Азыркы мезгилде ата-энесин, баласын таштап кетүү сыяктуу терс көрүнүштөрдү ыймандуулуктун, боорукерликтин, мээримдүүлүктүн негизинде гана алдын алууга мүмкүн.
Булардан тышкары Исламда дагы көптөгөн асыл сапаттар бар. Ошондуктан , өз өлкөбүздүн, элибиздин,ата- мекенибиздин, балдарыбыздын келечегин ойлосок, ыймандуулуктун тарбиясынан эч качан коркпошубуз да, алыстабашыбыз керек. «Ата-энелер үчүн өз балдарына жакшы тарбия берүүдөн өткөн мурас жок», - деп айткан Мухамме д (с.а.в). Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткандай колубуздан келишинче балдарыбызга жакшы тарбия берип, алардын жашоодо өз ордун тапкан мыкты адам кылып чоңойтуу ар бир ата-эненин милдети. Балдар – мамлекетибиздин, элибиздин, ата-мекенибиздин келечеги. Демек, балдарыбызды ыймандуулукка тарбиялоо – келечегибиздин жарык болушу дегендик.
Себетов Жаркынбай

#39 11 October 2014 - 21:41
Акыркы учурда форумда эки нур пайда болду... алар Ханиф менен Адеп Аллах раазы болсун силерден дагы коп жакшы иштерди аткара бергиле!
#40 11 October 2014 - 21:40
Жакшы макала экен.
Жалганды коро туруп, кормоксон болгончо, чындыкты чыркырата айтып, олгон жакшы
Супер-Инфо
super.kg
видео