Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#101 25 Апрель 2009 - 15:43
#102 27 Апрель 2009 - 15:31
Муну эмнеге эскерип жатам. Билесиңби, менин жүрөгү мө баткан тунук сүйүү , карегимден чыккыс кылып элесиңди тартып калуунун улуу чеберчилиги тээ бала күнүмдө н эле улуу тоолордон кан жаныма сиңген экен. Сен ушуну билбейсиү ң? Мен өзүм да билчү эмесмин.
Ошентип сөлөкө түм жээксиз жел кайыксыз отурат. Ортодо мухит. Жан дүйнөм карегиңде камоодо. Мына ушуну түшүнү ш кыйын. Бир өмүр жетпей калат көрүнөт...
#103 27 Апрель 2009 - 22:32
Билдирүүнү түзөткөн: ХАНЗАДА: 27 Апрель 2009 - 22:32
#104 28 Апрель 2009 - 11:57
#105 30 Апрель 2009 - 16:35
н котрункусу дагы келдим мен сен тарап кунум жакшы аллага шугурлор жакшы отуп жатат,бул учун мен кудайыма ыраазымын.Азыр кобунчо бир нерсеге таянып жашоо керек болуп калды адамдардын жекече асыл сапатын,адебин ахлак-ыйманын, башкалардын алдында сындырбоо касиетин андап жашообуз керек,бул создорду принциптей кармоо зарылдыгын андап жатам.Чынында да турмуш ушунусу менен кызык ,ар ким ар кандай жаралган ар кимдин оз характери ар кандай жаралган.Мына ушундай ойлор жаралып жатат жан дуйномдо.Жан дуйнону жаныртып журуубуз керек рахмат.
#106 06 Май 2009 - 11:47
бейпилдик,тынчтык, ан
ан максаттарым эске келди унутка калтырган...
жашоонун кыскалыгын, омурду нуска жашоом керегин эстедим...
алсыз гул болгум келбейт менин...
а бирок кээде ыйлайм... айтышат бул кээде пайдалуу... чын окшойт...
ааламды койнума батыргым келет...
бийикке учкум келет...
ишенем...

А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#107 12 Май 2009 - 14:58
#108 14 Май 2009 - 01:13
#109 14 Май 2009 - 15:55
(Атамдай жакшы көргөн таятамдын жаркын элесине багышталат. ..)
Атаке, сени кайрадан сагындым. Көңү лүм айнып, не кыларымды өзүм да билбедим. Сени сагынганымдан күндөрү мдүн, айларымдын, жылдарымдын кандай өтүп жатканын элес албай келем. Мен төрөлгө ндөн баштап, энем да, атам да, жашоодогу туугандарымдын бардыгы өзүң болдуң. Мени кандай гана кыйынчылыктарга карабай бактың. Бир өмүр бердиң. Балаңдын эр жетип, бала-чакалуу болгонун көрүп, балаңдын колунан чай ичүүнү кыялданчусуң . Мен болсо бала болсом да, өз сезимдеримде туюп-билип, жашоодогу бардык жакшылыктарымды сага арнагым келчү. Ичимде эмне сыр болсо, сага айтар элем. Оор күндөрү мдө колумдан тартып, кеңеш берген жалгыз сен элең. Мени аздектеп чоңойткон жалгыз сен элең. Бул күндөрдө мен сенин тилегиңди актай албай жаткандаймын. Мени кечир. Сенин көзүң жумулгандан бери, мен үчүн эч бир нерсе, эч ким кызыксыз. Жакыным деп айта ала турган адамым да калган жок.
Азыр мен жалгыз калган бото болуп түнү менен жаздыкка аккан көз жашымды тыя албай, түшүмдө н чоочуп ойгонгондон башка айлам жок. Жок экениңди эстеген сайын каңырыгым түтөй берет. Сагындым, атаке, мен сени. Көз алдымда экөөбү з сүйлөшү п, тентек балаңа алма кесип берген күндөрү ңдү сагындым. Бирок, сен топуракка көмүлү п, кайдадыр бир жактарга сапар алдың. Жашоодогу каалоолорум да өзүнө н-өзү өчүп бараткансыйт. Жаз келсе да, жаратылыштын сулуулугу мен үчүн соолуган гүл сыяктуу сапсары көрүнө берет. Көзүмдө н аккан көз жашым жаагымдан ылдый тамчылайт. Жок, мен ыйлаган жокмун! Жөн гана бетиме түшкөн бырыштардын санын карап кейип жатат окшойм. Жүрөгү мдүн түпкүрү нөн белгисиз бир үн дайыма кыйкырат, кайра мени чакырат. «Сен кайдасың , атаке? Мен кайдамын? Сагындым сени...»
Сенин ар бир айткан сөзүң эсиме келе берет. Барган сайын мүрзө мени өзүнө тартып бараткансыйт. Жаткан жериңди, сени табытка салып, жерге берген күнүмдү эч качан унута албайм. Кээде өлүм жөнүндө көп ойлоном. Балким, мен деле сени көп күттүрбө стөн жаныңа барармын. Мен сенсиз бул ааламда басып жүрө бергенден тажадым. Ажалым жетип ичер суум түгөнгө н күндү чыдамсыздык менен күтөйү н. Экөөбү з кубанып, чыныгы жашоодо дагы бир жолу жолугуп түбөлү ккө жашарбыз. Мен сенин жаныңда болом, тилегим орундалат. Өлүм жөнүндө көп ойлойм. Караңгы бир жерде жаткандырсың . Сен да жалгызым деп караңгы түндөрдө жылдыз алдында мени эстеп, башымдан сылап жүргөндү рсүң. Кудай мени атакеме кайрадан жолуктурса экен деп тилек кыла берем. Мен сени сагындым, атаке. Жаткан жериң жаннат болсун!
Билдирүүнү түзөткөн: LIFE: 14 Май 2009 - 16:22
#110 15 Май 2009 - 08:47
Сүйгөнү м, экөөбү здүн айрылганыбыздан бери канча убакыт өттү? Канча күн өттү?.. . Канча жума өттү?.. . Санаган жокмун, анткени мен үчүн көп деле убакыт өткөн жок. Дайыма эсимде түбөлү ккө жашай бересиң. Ошондуктан, сени менен коштошкон күн мен үчүн жакындагы эле бир окуя сыяктуу кала берет.
Сүйгөнү м, экөөбү з кыска болсо да, жашоодогу бардык жыргалчылыкты бир көз ирмемде сезе алдык. Сени кучактап, чачыңдан сылап, жүзүң дөн өөп жатканда ким ойлоптур коштошуп каларыбызды… Сени кучактап, кулагыңа жагымдуу сөз айтып эркелетип, андан кийин мойнуңдан өөп жатканда, ким ойлоптур коштошуп каларыбызды… Жашоо ушундай экен. Эч кандай себеби жок эле сүйүү же жактыруу экени билинбеген бир абалдын курмандыгы болуп, ошол жагымдуу элестин өмүр бою эстеп жүргөнү ңдү келечекте сезсең, балким менден эмнеликтен улам сени жактырып же сүйүп калганымдын себебин сурап жаткан учурду эстеп кайра ошол түнгө кайткың келер сенин дагы. Болгону сенин көз карашың, жагымдуу үнүң , күлкүң калды менин каректеримде өлбөс- өчпөс ошол айлуу түндүн жылдызы болуп. Азыр болсо жан дүйнөмдү туман басып турган кез. Сен болсо азыр кайдадыр бир жерде менден биринчи жана акыркы жолу алган жалгыз тал розаны эстеп кыйналып жаткандырсың … Сен ал гүлдү куурады деп ойлобо, күн сайын менин көз жашым менен кайрадан гүлдөп өсүп турат, берекем.
Сүйгөнү м, сагынып жатам сени. Шагым сынды. Сен болсо шагыма балта чаап кеттиң. Көзүм караңгылап, жүрөгү мдөн чыккан кан кайра эле жалгыздыктын арманынан жаралган жашка айланып, сенин келечекте кайсы бир жерде жыттай турган гүлдөрү ңдүн түбөлү ктүүлү гү үчүн ага бере тургансыйт.
Сүйгөнү м, сагынычым булут болуп бардык тарабымды чулгады. Сени сүйүү жана андан өлүү мен үчүн түбөлү ктүү сыяктуу сезилип жатат. Жумадагы ар бир күндү, ар бир саатты кайрылып калар жан биргем деген акыркы үмүттө аларга сенин атыңды коюп алдым. Мезгилдеримдин аты да сен болосуң, жылдарымдын аты да!..
Сүйгөнү м, сагынычым жамгыр болуп үстүмө жаап жатат. Жамгырдын көз жашы менин жүрөгү мө барып, кайрадан менин көз жашыма айлануу үчүн мага күч берип жаткансыйт.
Сүйгөнү м, караңгы түндөрдү жалгыз өткөрү п жатам. Уйкум бөлүнү п, түшүмдө сен… Кирпиктер ирмелип ирмелбей, көзүм жумулуп баратканда, сенин элесиң мага жакындап келет күлө багып. Кармап калайын деген ой менен сага талпынам. Дароо эле сени бир шамал кайдадыр кайра менден алыс алып кетет. Менин карегим сени кайра көргүсү келет, керегим. Жүрөгү мө өзүң дүн атыңды жазып, мөөр басып койдуң окшойт.
Сен азыр жанымда жоксуң, жөн гана мен эңсеген жомоксуң . Кыйнасаң да, сыйласаң да, өзүң билесиң. Сенин бактылуу болушуңа тилектешмин. Өмүрдө сени чын жүрөктө н жактырган бир адам бар экенин унутпа!
Билдирүүнү түзөткөн: LIFE: 15 Май 2009 - 08:48
#111 15 Май 2009 - 09:02
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 15 Май 2009 - 09:03
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#112 15 Май 2009 - 11:11
Эч ким,эч нерсе менен ишим жок,озунчо мамлекеттей эле жашап калдым…Cени жоготуп алганыма дагы да ишенбегенсийм. ..
Ал кундон берки откон убакытты кайрадан шурудай тизип коз алдымдан откоруп чыктым окшойт… ошондо ушинтип айтпай, мындай кылбай, ошондой жасабай деп…эмнеге, эмнеге,эм
неге деп озумо 1000 жолу суроо берип…
Тушунуп турам ошол эле маалда азыр эмне кылбайын баары пайдасыз…
Сыртыман сыр бербегеним менен, журогум алигунчо ыйлап турат, жалгыз калсам эле коз жашым куюла берет…Кучтуу кыз эмес белен дейм озумо, кана ал кыз?
Жакын досум айтты: «Эмне эле болуп жатасын сен, это уже издевательство над собой», деп.Аныкы да туура. Бирок сенин шагынды сындырып, жок деп жатканда деле ушул журогум менен, ушул акылым менен жасабадым беле баарын…Андан сон бир нече убакыт сопсонун жашап журбодум беле... Анан азыр эмне эле болуп жатам…сени кое бере албай…
Озумду жооткотом:
«Сен дайыма эле туура чечим кабыл алчу эмес белен»,
башка оюм айтат:
«Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт, сен да адамсын»,
кайра мен:
«Ушул чечимим учун омур бою окуномбу?»
андан ары жооп жок…
Не болсо да убакыт корсотоор эми…
Откон мамилелерди тушуно албай койдум азыркыга чейин, суйуубу?,жактыруубу? сыйлообу?, же иллюзиябы? Балким тагдырдын белеги беле, мен же биз экообуз кармап кала албаган…Сага "Артка кылчактабай, алдыны карап жаша" дедим,сен сурадын: "А сенчи,сеники ошентип жашоого болуп жатабы?",мен "Ооба" дегем, бирок бул айтканымдай оной эмес...
Ушундай ойлордон башым адашып кетти…
Алсыз,кучсуз болуп кеткендей туюлуп жатам озумо… Барып дары да жаздырып алдым…
Телефонумду максималдуу унуно коюп алып кечке ушуну жаныртып уга берем:
«Жашоомо жаралган сен ардагым, Жалынга журогумду байладын Жанымда туболукко калбадын, Жазыксыз журогумду арбадын, Жанашып жарым болуп албадын, Жалгыздык кундорду арнадын….»
Билдирүүнү түзөткөн: ona: 15 Май 2009 - 13:39
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#113 15 Май 2009 - 14:13
йлагым да келип кетти....сабыр кыл Лайф....сени да кутуп бироо жургондур... ...
#114 15 Май 2009 - 14:21
Билдирүүнү түзөткөн: LIFE: 15 Май 2009 - 14:46
#115 15 Май 2009 - 15:05
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#116 15 Май 2009 - 15:10
Билдирүүнү түзөткөн: LIFE: 15 Май 2009 - 15:10
#117 15 Май 2009 - 15:47
#118 15 Май 2009 - 15:59
Сен жок жер менин кыямат тозогум. Бул шаарда сенделе басып, сезимдердин кулуна айланган бир бейпайда күн мага падыша болуп, буйрук берип жаткандай. Кыялдарым көккө күл болуп сапырылып, мен калдым шаардын боз чаңгыл көчөлө рүндө бот ала бозой өңдө нүп. Экөөбү з баскан жерлерди карап коём уурдана. Негедир ал жерлер мага жат кишиден бетер үңү рөйө карайт. Колдорум сыздап, эмнени кармап турганымды өзүм да сезбей, өткөн- кеткен кээ бир адамдарга күлкү боло баштадым. «Кайт!» десем эч пайда жоктой, башым айланат, Жер айланат өз огунда. Алдырба, бул да өтүп кетет... Ыйлаба, жан биргем. Ыйлаган жарашып калат кээде сүйүп калган адамга. Сыздаган жүрөктү н түпкүрү ндө сен барсың. Секунддар... Мүнөттө р... Сааттар... Күндөр. .. Айлар... Жылдар... Булардын бардыгы өтөт. Бир гана сенин акыркы күлгөндө гү элесиң өлбөйт жүрөгү мдөн. Сен азыр башканы сүйөсү ң. Ошентсе да, үчүнчү бирөө да мен сыяктуу кыйналып, мага караганда сезим жагынан күчтүү лүк кылып, сага ыр жазып жаткандыр...
#119 15 Май 2009 - 16:41
Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 15 Май 2009 - 16:43
#120 18 Май 2009 - 16:00
Жашоо ар дайым сага өз бактысын тартууласын. Жүзүң дөгү күлкүнү катпай, жүрөгү ңдөгү бакытты сени сүйгөн адамдар менен бөлүш. Колуңдан келген жакшылыгың ды аябай, жашоодон кыйналган жандарга рахат тартуула. Бакыттын бардыгы эле акчага сатыла бербейт. Бет маңдайдан чыккан адамга салам айт. Жакындарың менен баарлашып, ал-акыбалын сураганды унутпа. Жардамга муктаж адамдар менен байланыш. Жолдо ойноп жаткан балдар менен сүйлөш. Буларды окуп алып, күлкүң келип жатса, мага таң калба. Жөн гана жашоого күлүмсү рөй кара. Жакшылыктарың дын ичинен бирөөнү башкага арнай алсаң, анда сен маңдайың а жазылган тагдырың дагы ЖАКШЫЛЫКТЫН ПЕРИСИ катары өзүң дү жеңил сезесиң. Эртең башка адамдардын жакшылыгына күбө болуп, сен да бактылуу болосуң. Бирок, менсиз… Анткени, ал күндөр азыр жок жанымда, жаным. Элесимдеги бир сүртүм…