Суперстан: Монолог. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...

#101 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   25 Апрель 2009 - 15:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

мына убакытты артка таштап келип калдым. Уттурбадым, бутпогон иш барбы, бутту. Эми конул жайдары. Жай алып монолог жазайын деп белсенип турган учурум. жаз. жаз жонундо жазгым келди. Кадимки коктом жыттуу мезгил. Жазым менин жапжашыл коктомум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   sonni   27 Апрель 2009 - 15:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 12 Март 07
  • Соңку аракети: 17 Дек 2021 20:54
  • Жынысы:Белгисиз

Сен ушуну билесиңби. Жок. Билбейсиң . Эгер билсең таң экөөбү згө башкача атып, күн башкача чыгып, кеч башкача кирип, жашоо кумары бир башкача болмок. Сен билбейсиң же учурунда билбей калдың. Бүтүкү л арман мына ушунда... экөөбү здүн ортобузда агып турган булак дайрага, дайрадан көлгө, көлдөн деңизге, океанга, мухитке айланып экөөбү з эки жээгинде калганыбыз мына ушунда. Жээксиз, жел кайыксыз калдым. Ак шам астында ак баракка батпай отуруп ушуну ойлодум. Сен кантип отурасың элестетким келбеди. Карегимден кетпеген баягы бир элесиң келди. Сени эстеген сайын ушул элесиң келет.
Муну эмнеге эскерип жатам. Билесиңби, менин жүрөгү мө баткан тунук сүйүү , карегимден чыккыс кылып элесиңди тартып калуунун улуу чеберчилиги тээ бала күнүмдө н эле улуу тоолордон кан жаныма сиңген экен. Сен ушуну билбейсиү ң? Мен өзүм да билчү эмесмин.
Ошентип сөлөкө түм жээксиз жел кайыксыз отурат. Ортодо мухит. Жан дүйнөм карегиңде камоодо. Мына ушуну түшүнү ш кыйын. Бир өмүр жетпей калат көрүнөт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   27 Апрель 2009 - 22:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

Коркконго кош корунот болуп, коркуп отурган чагым. Саат да бир кыйла болуп калса керек. Кино коруп алаксыдым. Бирок бир баш багып бул жактан бир кабар алып коюуну чечтим. Наушникти кулакка кийип алайынчы...

Билдирүүнү түзөткөн: ХАНЗАДА: 27 Апрель 2009 - 22:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Альбина   28 Апрель 2009 - 11:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 644
  • Катталган: 27 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Авг 2014 01:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Турция. г. Мармарис

Жан дуйном жабыркап, айлам алтыга болунуп турат. Кирейин десем жер катуу, олойун десем жан таттуу. Же эр албай, же жер албай абдан кыйналдым.
Жашоо кызыксыз болуп бара жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   arhidey   30 Апрель 2009 - 16:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Салам Монолог жан дуйномун жардамчысы, конулумду
н котрункусу дагы келдим мен сен тарап кунум жакшы аллага шугурлор жакшы отуп жатат,бул учун мен кудайыма ыраазымын.Азыр кобунчо бир нерсеге таянып жашоо керек болуп калды адамдардын жекече асыл сапатын,адебин ахлак-ыйманын, башкалардын алдында сындырбоо касиетин андап жашообуз керек,бул создорду принциптей кармоо зарылдыгын андап жатам.Чынында да турмуш ушунусу менен кызык ,ар ким ар кандай жаралган ар кимдин оз характери ар кандай жаралган.Мына ушундай ойлор жаралып жатат жан дуйномдо.Жан дуйнону жаныртып журуубуз керек рахмат.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   ona   06 Май 2009 - 11:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

Жан дуйномо жаз жылуулугу эми келди...
бейпилдик,тынчтык, ан
ан максаттарым эске келди унутка калтырган...
жашоонун кыскалыгын, омурду нуска жашоом керегин эстедим...
алсыз гул болгум келбейт менин...
а бирок кээде ыйлайм... айтышат бул кээде пайдалуу... чын окшойт...
ааламды койнума батыргым келет...
бийикке учкум келет...
ишенем... :wub:
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   AeCHka   12 Май 2009 - 14:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Адамзатты гул менен салыштырганды окуп алып, мен озумо-озум жооп таба албай койдум. Жека айткандай роза гулундой жашагым келет деп ойлонуп жатсам, Барстын жазуусун окуп алып кайра ойлонуп калдым.Бираз ойлоном деп башым ооруп кетти. Ай, салыштырбай эле жашасам не болот, мени кудайым ушундай кылып жаратып койсо не кылам, жакшы болгонго аракет кылып эле жашап келип жатам. акыркы убакта эле мен жаман кыз болуп жатам,коптон бери эч ким менен суйлошбой да калдым, досторум менен баарлашканга да конулум жок. Менден звонок кутуп жатышат, качан биздин кыз чалып калат экен деп. Оздору чалгандарынан мен озум чалам деп койдум эле, не кылсам экен? Жумуштан чыгып алып алар менен чер жазылганча суйлошуп келсемби, же туз эле уйго кете берсемби... уйго кетип жаткан жол дагы абдан кооз, эртен менен дачадан келе жатып катар тизилген теректерди коруп алып абдан кубандым.Негедир мага Ыссык- Колго кетип жаткан жолдогу дарактарга окшоп кетти, буюрса жакында Колдун сезону башталат деп мен кичине да болсо кубанып алдым. Маанайым ачылып, жашоо керемет болуп калды. Аз кун калды жайга, акыркы кучту жумшап жумушумду аягына чыгарсам, балдар каникулга кетсе...июнь айында фестивальга барып келсем...июльда региондорго гастроль башталса...деп ойлонуп жатам. Эми,бир кудай озу чечет, менго пландаштырып койдум, пландар ишке ашып калса соооонун эле болот деп ойлойм.Убакыт корсотоор,ээ? Баарын убакыт чечет, оз ордуна коет, жаманын ылгап, жакшысын калтырат, буюрса, буюрса деп турайын.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   USSR   14 Май 2009 - 01:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жашоо кызык.....жан дуйнондун жанырыгына карабайт..... .кун чыгат...кечинде кайра батат....асманга жылдыз толуп....кайра эле тан атат....минуттар отуп зыпылдап....саат алмашып....убакыт отот...жер оз огунда айланат.....кечээ коргон бугун жок....эртенки кун жаны кубат,жанылык менен жар салат.....чынында жашоо кызык...мейли канчалык татаал болсун.....сыноолор болсун.....бул дуйного жаралып калганындын озу бакыт....бактын барбы...демек жашоон кызык.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   LIFE   14 Май 2009 - 15:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Ата, мен сени сагындым!

(Атамдай жакшы көргөн таятамдын жаркын элесине багышталат. ..)

Атаке, сени кайрадан сагындым. Көңү лүм айнып, не кыларымды өзүм да билбедим. Сени сагынганымдан күндөрү мдүн, айларымдын, жылдарымдын кандай өтүп жатканын элес албай келем. Мен төрөлгө ндөн баштап, энем да, атам да, жашоодогу туугандарымдын бардыгы өзүң болдуң. Мени кандай гана кыйынчылыктарга карабай бактың. Бир өмүр бердиң. Балаңдын эр жетип, бала-чакалуу болгонун көрүп, балаңдын колунан чай ичүүнү кыялданчусуң . Мен болсо бала болсом да, өз сезимдеримде туюп-билип, жашоодогу бардык жакшылыктарымды сага арнагым келчү. Ичимде эмне сыр болсо, сага айтар элем. Оор күндөрү мдө колумдан тартып, кеңеш берген жалгыз сен элең. Мени аздектеп чоңойткон жалгыз сен элең. Бул күндөрдө мен сенин тилегиңди актай албай жаткандаймын. Мени кечир. Сенин көзүң жумулгандан бери, мен үчүн эч бир нерсе, эч ким кызыксыз. Жакыным деп айта ала турган адамым да калган жок. 


Азыр мен жалгыз калган бото болуп түнү менен жаздыкка аккан көз жашымды тыя албай, түшүмдө н чоочуп ойгонгондон башка айлам жок. Жок экениңди эстеген сайын каңырыгым түтөй берет. Сагындым, атаке, мен сени. Көз алдымда экөөбү з сүйлөшү п, тентек балаңа алма кесип берген күндөрү ңдү сагындым. Бирок, сен топуракка көмүлү п, кайдадыр бир жактарга сапар алдың. Жашоодогу каалоолорум да өзүнө н-өзү өчүп бараткансыйт. Жаз келсе да, жаратылыштын сулуулугу мен үчүн соолуган гүл сыяктуу сапсары көрүнө берет. Көзүмдө н аккан көз жашым жаагымдан ылдый тамчылайт. Жок, мен ыйлаган жокмун! Жөн гана бетиме түшкөн бырыштардын санын карап кейип жатат окшойм. Жүрөгү мдүн түпкүрү нөн белгисиз бир үн дайыма кыйкырат, кайра мени чакырат. «Сен кайдасың , атаке? Мен кайдамын? Сагындым сени...» 

Сенин ар бир айткан сөзүң эсиме келе берет. Барган сайын мүрзө мени өзүнө тартып бараткансыйт. Жаткан жериңди, сени табытка салып, жерге берген күнүмдү эч качан унута албайм. Кээде өлүм жөнүндө көп ойлоном. Балким, мен деле сени көп күттүрбө стөн жаныңа барармын. Мен сенсиз бул ааламда басып жүрө бергенден тажадым. Ажалым жетип ичер суум түгөнгө н күндү чыдамсыздык менен күтөйү н. Экөөбү з кубанып, чыныгы жашоодо дагы бир жолу жолугуп түбөлү ккө жашарбыз. Мен сенин жаныңда болом, тилегим орундалат. Өлүм жөнүндө көп ойлойм. Караңгы бир жерде жаткандырсың . Сен да жалгызым деп караңгы түндөрдө жылдыз алдында мени эстеп, башымдан сылап жүргөндү рсүң. Кудай мени атакеме кайрадан жолуктурса экен деп тилек кыла берем. Мен сени сагындым, атаке. Жаткан жериң жаннат болсун!

Билдирүүнү түзөткөн: LIFE: 14 Май 2009 - 16:22

Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   LIFE   15 Май 2009 - 08:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Лейласы бар бир Мажнунбектин монологу

Сүйгөнү м, экөөбү здүн айрылганыбыздан бери канча убакыт өттү? Канча күн өттү?.. . Канча жума өттү?.. . Санаган жокмун, анткени мен үчүн көп деле убакыт өткөн жок. Дайыма эсимде түбөлү ккө жашай бересиң. Ошондуктан, сени менен коштошкон күн мен үчүн жакындагы эле бир окуя сыяктуу кала берет.

Сүйгөнү м, экөөбү з кыска болсо да, жашоодогу бардык жыргалчылыкты бир көз ирмемде сезе алдык. Сени кучактап, чачыңдан сылап, жүзүң дөн өөп жатканда ким ойлоптур коштошуп каларыбызды… Сени кучактап, кулагыңа жагымдуу сөз айтып эркелетип, андан кийин мойнуңдан өөп жатканда, ким ойлоптур коштошуп каларыбызды… Жашоо ушундай экен. Эч кандай себеби жок эле сүйүү же жактыруу экени билинбеген бир абалдын курмандыгы болуп, ошол жагымдуу элестин өмүр бою эстеп жүргөнү ңдү келечекте сезсең, балким менден эмнеликтен улам сени жактырып же сүйүп калганымдын себебин сурап жаткан учурду эстеп кайра ошол түнгө кайткың келер сенин дагы. Болгону сенин көз карашың, жагымдуу үнүң , күлкүң калды менин каректеримде өлбөс- өчпөс ошол айлуу түндүн жылдызы болуп. Азыр болсо жан дүйнөмдү туман басып турган кез. Сен болсо азыр кайдадыр бир жерде менден биринчи жана акыркы жолу алган жалгыз тал розаны эстеп кыйналып жаткандырсың … Сен ал гүлдү куурады деп ойлобо, күн сайын менин көз жашым менен кайрадан гүлдөп өсүп турат, берекем.


Сүйгөнү м, сагынып жатам сени. Шагым сынды. Сен болсо шагыма балта чаап кеттиң. Көзүм караңгылап, жүрөгү мдөн чыккан кан кайра эле жалгыздыктын арманынан жаралган жашка айланып, сенин келечекте кайсы бир жерде жыттай турган гүлдөрү ңдүн түбөлү ктүүлү гү үчүн ага бере тургансыйт.  

Сүйгөнү м, сагынычым булут болуп бардык тарабымды чулгады. Сени сүйүү жана андан өлүү мен үчүн түбөлү ктүү сыяктуу сезилип жатат. Жумадагы ар бир күндү, ар бир саатты кайрылып калар жан биргем деген акыркы үмүттө аларга сенин атыңды коюп алдым. Мезгилдеримдин аты да сен болосуң, жылдарымдын аты да!..

Сүйгөнү м, сагынычым жамгыр болуп үстүмө жаап жатат. Жамгырдын көз жашы менин жүрөгү мө барып, кайрадан менин көз жашыма айлануу үчүн мага күч берип жаткансыйт.

Сүйгөнү м, караңгы түндөрдү жалгыз өткөрү п жатам. Уйкум бөлүнү п, түшүмдө сен… Кирпиктер ирмелип ирмелбей, көзүм жумулуп баратканда, сенин элесиң мага жакындап келет күлө багып. Кармап калайын деген ой менен сага талпынам. Дароо эле сени бир шамал кайдадыр кайра менден алыс алып кетет. Менин карегим сени кайра көргүсү келет, керегим. Жүрөгү мө өзүң дүн атыңды жазып, мөөр басып койдуң окшойт.

Сен азыр жанымда жоксуң, жөн гана мен эңсеген жомоксуң . Кыйнасаң да, сыйласаң да, өзүң билесиң. Сенин бактылуу болушуңа тилектешмин. Өмүрдө сени чын жүрөктө н жактырган бир адам бар экенин унутпа!

Билдирүүнү түзөткөн: LIFE: 15 Май 2009 - 08:48

Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Барс   15 Май 2009 - 09:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Э, Лайф! Кандай " жаман" баласың! !! Эки монологуң менен жүрөктү эзип салдың го!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 15 Май 2009 - 09:03

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   ona   15 Май 2009 - 11:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

Тынч ала албай койдум такыр, сени кечке эле ойлой берем, ойлой берем… тунчундо ойгонуп кетсем деле дароо сен тушосун эсиме, эмне кылып жаттын экен, кайда экен дейм…Кузгуго корунсом да жанымда сен тургандайсын…

Эч ким,эч нерсе менен ишим жок,озунчо мамлекеттей эле жашап калдым…Cени жоготуп алганыма дагы да ишенбегенсийм. ..

Ал кундон берки откон убакытты кайрадан шурудай тизип коз алдымдан откоруп чыктым окшойт… ошондо ушинтип айтпай, мындай кылбай, ошондой жасабай деп…эмнеге, эмнеге,эм
неге деп озумо 1000 жолу суроо берип…


Тушунуп турам ошол эле маалда азыр эмне кылбайын баары пайдасыз…

Сыртыман сыр бербегеним менен, журогум алигунчо ыйлап турат, жалгыз калсам эле коз жашым куюла берет…Кучтуу кыз эмес белен дейм озумо, кана ал кыз?

Жакын досум айтты: «Эмне эле болуп жатасын сен, это уже издевательство над собой», деп.Аныкы да туура. Бирок сенин шагынды сындырып, жок деп жатканда деле ушул журогум менен, ушул акылым менен жасабадым беле баарын…Андан сон бир нече убакыт сопсонун жашап журбодум беле... Анан азыр эмне эле болуп жатам…сени кое бере албай…

Озумду жооткотом:
«Сен дайыма эле туура чечим кабыл алчу эмес белен»,

башка оюм айтат:
«Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт, сен да адамсын»,

кайра мен:
«Ушул чечимим учун омур бою окуномбу?»

андан ары жооп жок…

Не болсо да убакыт корсотоор эми…

Откон мамилелерди тушуно албай койдум азыркыга чейин, суйуубу?,жактыруубу? сыйлообу?, же иллюзиябы? Балким тагдырдын белеги беле, мен же биз экообуз кармап кала албаган…Сага "Артка кылчактабай, алдыны карап жаша" дедим,сен сурадын: "А сенчи,сеники ошентип жашоого болуп жатабы?",мен "Ооба" дегем, бирок бул айтканымдай оной эмес...
Ушундай ойлордон башым адашып кетти…
Алсыз,кучсуз болуп кеткендей туюлуп жатам озумо… Барып дары да жаздырып алдым…
Телефонумду максималдуу унуно коюп алып кечке ушуну жаныртып уга берем:
«Жашоомо жаралган сен ардагым, Жалынга журогумду байладын Жанымда туболукко калбадын, Жазыксыз журогумду арбадын, Жанашып жарым болуп албадын, Жалгыздык кундорду арнадын….»

Билдирүүнү түзөткөн: ona: 15 Май 2009 - 13:39

"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   USSR   15 Май 2009 - 14:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Монологду окуй коем деп,озумдун да маанайым чогуп кетти.....кайгыга алдырбагылачы достор...баары жакшы болот....умутунор узулбосун... .журокто жакшылыктын уроону олбосун....эххх. ...ы
йлагым да келип кетти....сабыр кыл Лайф....сени да кутуп бироо жургондур... ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   LIFE   15 Май 2009 - 14:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Кечиргиле, форумчу достор! Жашоодо кубануу, сүйүнү ү болгон сыяктуу эле кээде кайгыруу, жаңылуу, кайра табышуулар да боло берсе керек. Бул күндөр да өтүп кетет. Жазып койдум монолог окугусу келгендер үчүн деп. Кейибегиле. Бардыгы жайында болот, буюрса.

Билдирүүнү түзөткөн: LIFE: 15 Май 2009 - 14:46

Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Барс   15 Май 2009 - 15:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Жоок, Лайф, кечирим суроонун кереги жок. Сенин монологуң дагы сезимди берүү көркөм чеберчилигиң дин жогорулугун тамшана айтайын деп, өзүң айтмакчы, нонок жаным, ошентип алыпмын. Кечир!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   LIFE   15 Май 2009 - 15:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Рахмат, Барс аба! Сиз нонок эмессиз, көрбөсө м да жүрөгү мдүн ар дайым коногусуз. Дагы жүрөктү эзе берем монолог жазып аябай. (тамаша)

Билдирүүнү түзөткөн: LIFE: 15 Май 2009 - 15:10

Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   15 Май 2009 - 15:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

Кызык. Бир адам ар дайым жума куну ашык-кеми жок туптуура саат 10до смс жонотот. Жазганда да укмуш жазат. Эмнеси экенин билбейм. Кайра чалсан очук болот. Сыягы, смс жазары менен телефонун очуруп салат бейм. Акыркы кундору мага ушул нерсе кызык болуп жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   LIFE   15 Май 2009 - 15:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

«Кайт! » дешке аргам барбы?!

Сен жок жер менин кыямат тозогум. Бул шаарда сенделе басып, сезимдердин кулуна айланган бир бейпайда күн мага падыша болуп, буйрук берип жаткандай. Кыялдарым көккө күл болуп сапырылып, мен калдым шаардын боз чаңгыл көчөлө рүндө бот ала бозой өңдө нүп. Экөөбү з баскан жерлерди карап коём уурдана. Негедир ал жерлер мага жат кишиден бетер үңү рөйө карайт. Колдорум сыздап, эмнени кармап турганымды өзүм да сезбей, өткөн- кеткен кээ бир адамдарга күлкү боло баштадым. «Кайт!» десем эч пайда жоктой, башым айланат, Жер айланат өз огунда. Алдырба, бул да өтүп кетет... Ыйлаба, жан биргем. Ыйлаган жарашып калат кээде сүйүп калган адамга. Сыздаган жүрөктү н түпкүрү ндө сен барсың. Секунддар... Мүнөттө р... Сааттар... Күндөр. .. Айлар... Жылдар... Булардын бардыгы өтөт. Бир гана сенин акыркы күлгөндө гү элесиң өлбөйт жүрөгү мдөн. Сен азыр башканы сүйөсү ң. Ошентсе да, үчүнчү бирөө да мен сыяктуу кыйналып, мага караганда сезим жагынан күчтүү лүк кылып, сага ыр жазып жаткандыр... 
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   AeCHka   15 Май 2009 - 16:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Негедир монологдор акыркы убакта журок оорута тургандай болуп жазыла баштады. Ансыз да журок ооруп турат, баары эле ыйлашат, кулгон адам аздай сезиле баштады мага. Журок ооруп, сезим кыса баштаганда кана ак дептердин барагына жазып кана эс ала турган адат таап алдык. Адат десем да жанылышамго. .анткени канча убакыт баарыбыздын жашыруун дептерлерибиз бар, барактары саргайып калганы менен ишибиз жок, ал дептерди алмаштырбай, коздун карегиндей сактап келебиз. Канча коз жаш тамды ал дептерге, канча деген айтылбаган сырлар жатат,эч кимге айтылбас, эч жерге жазылбай турган создор жатат. "Комуско сезим", деп ат да коюп койгом ал дептерге. Ал менин комускомдогу сезимдерим, менин кана дептерим, менин суйунгондогу, кыйналгандагы жан дуйномдун жанырыгы...

Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 15 Май 2009 - 16:43

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   LIFE   18 Май 2009 - 16:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Кү лүмсүрө й жашоонун рахатына бат!

Жашоо ар дайым сага өз бактысын тартууласын. Жүзүң дөгү күлкүнү катпай, жүрөгү ңдөгү бакытты сени сүйгөн адамдар менен бөлүш. Колуңдан келген жакшылыгың ды аябай, жашоодон кыйналган жандарга рахат тартуула. Бакыттын бардыгы эле акчага сатыла бербейт. Бет маңдайдан чыккан адамга салам айт. Жакындарың менен баарлашып, ал-акыбалын сураганды унутпа. Жардамга муктаж адамдар менен байланыш. Жолдо ойноп жаткан балдар менен сүйлөш. Буларды окуп алып, күлкүң келип жатса, мага таң калба. Жөн гана жашоого күлүмсү рөй кара. Жакшылыктарың дын ичинен бирөөнү башкага арнай алсаң, анда сен маңдайың а жазылган тагдырың дагы ЖАКШЫЛЫКТЫН ПЕРИСИ катары өзүң дү жеңил сезесиң. Эртең башка адамдардын жакшылыгына күбө болуп, сен да бактылуу болосуң. Бирок, менсиз… Анткени, ал күндөр азыр жок жанымда, жаным. Элесимдеги бир сүртүм…
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 01:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: