Көптөгөн микроорганизмдерди чоң экрандарга туташтырылган микроскоп аркылуу көрсө болот. Пробиркалардагы бактериялардын көбөйүшү атайын үч өлчөмдүү микроскопто көрсөтүлөт. Мындан тышкары, учурда актуалдуу болуп жаткан эбола вирусунун зор модели тартууланат. Ал эми атайын сканер келген меймандын денесинин кайсыл бөлүгүндө канча микроб жүргөнүн айтып берет.
