Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#341 Пользователь офлайн   rumaika5544   21 Сентябрь 2014 - 18:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Бир куну бир киши мечиттен
чыгып баратса,бир кыз токтотуп -Суроо берсем
болобу дептир.
- Ооба,албетте болот.
- Ата-энеме айтпай куран жаттасам болобу
деди. Ал адам таныркай :
Ооба болот,бирок неге ата-энене айткын
келбейт деп сурады. Ал кичинекей кыздын
жообу ал кишини тан калтырды.
Аларга кыямат куну нурдан болгон таажыны
сюрприз кылайын дедим эле дептир.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#342 Пользователь офлайн   al-abu-kinesz   21 Сентябрь 2014 - 19:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 19 Апрель 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ala-Buka

Просмотр сообщения rumaika5544 (21 Сентябрь 2014 - 17:38) жазган:

Күндөрдүн биринде бир сахаба
пайгамбарыбызга (сав): “Ээ, Аллахтын элчиси!
Сени аябай жакшы көргөндүктөн, дайым сени
менен чогуу болгум келет. Үйүмө барганда сени
сагынгандыгыман кайра эле сага келип жатам.
Эртең эле сен дагы мен дагы өлөбүз, мен
бейишке кирсем деле экөөбүздүн ортобуз алыс
болот. Анткени, сен башка пайгамбарлар менен
жогорку жакта болосуң, ушуну ойлоп, санаа
тартып, убайым тартуудамын” дейт. Аллахтын
элчиси (сав) ал адамга эч нерсе дебейт. Бирок
кийин төмөндөгү аят келип түшкөн: “Ким
Аллахка жана Анын элчисине баш ийсе, анда
алар Аллах өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн
пайгамбарлар, чынчылдар, шейит болгондор
жана салих адамдар менен бирге болушат.
Алар эщ сонун шериктер”.
(Ниса сүрөсү, 69-аят).
Бул аят түшкөндөн кийин Аллахтын элчиси
(сав) ал сахабага “Пенде жакшы көргөн адамы
менен чогуу болот” деген сүйүнчү кабарды
айткан. Абу Хурайра да: “Сахабаларды бул
хадистей эч нерсе бактылуу кыла алган эмес”
деп айткан.
Башка күнү башка бир сахаба: “Ээ, Аллахтын
элчиси! Кыямат кайым качан болот?” деп
сурайт. Пайгамбарыбыз (сав) ага жооп
берүүнүн ордуна: “Сен кыяматка эмне
даярдадың?” деп сурайт. Ал адам: “Аллахкга
ант ичем, Аллахты жана Анын элчисин сүйүүдөн
башка эч нерсем деле жок” деп жооп бергенде
пайгамбарыбыз (САВ): “Анда сен сүйгөндөрүң
менен бирге (чогуу) болосуң” деп айткан.
Бул хадис адам баласы жалган дүйнөдө кимди
үлгү алып, жакшы көрсө, акыретте да өзү
жактырган адамдар менен жакын арада
болооруна ишарат кылган. Ошондуктан, бул
хадистин түпкүрүндө жактырган адамдарды
тандоодо жакшылап көңүл буруубузду
билдирген сунуш жатат. Анткени Аллахтын досу
болгон адамдар башка, же тескерисинче
Аллахтын душманы болгон адамдар таптакыр
эле айрымаланат эмеспи.
Окурманда мындай суроо туулушу мүмкүн:
“Пайгамбарыбызды жакшы көргөндөр көп
болгондуктан, кыяматта аны үйүлгөн топ (көп
эл) каптап калат го”. Ага жооп катары, “Күн
деле бирөө, бирок баарыбызга бирдей нурун
берет, мында эч кандай маселе жок”
демекчибиз. Бирок биз күндөн өтө эле
алыстабыз да” деши мүмкүн. Биз болсо, “Бирок
күн бизге жакын, карап көрчү баарыбызды өз-
өзүнчө жылытып, баарыбызга нурун чачып,
башыбызды сылоодо” деп жооп берээр элек.
Аллахын элчисин (сав) сүйүүнүн белгилери
кайсылар?
Аллахтын элчисин (сав) сүйүү ыймандан, биз
үчүн важиб болуп саналат. Пайгамбарыбыз
(сав) азирети Умардын: “Ээ, Аллахтын элчиси!
Мен сени напсимден башка бардык нерседен
артык көрүп, сүйөмүн” деген сөзүнө: “Ээ, Умар,
мени напсиңден да артык көрүп сүймөйүнчө,
ыйман келтирген адам болуп эсептелбейсиң”
деген. Муну уккан азирети Умар: “Азыр сени
өзүмөн да артык көрүп, жактырамын” деп
айткан.
Албетте кур эле жактыруу эч нерсеге татыбайт.
Жүрөк менен сүйүп, тил менен айтып, кылган
иш-аракеттер аркылуу сүйүүнү билдирүү керек.
Сүүйүнүн кээ бир жышандары (белгилери)
болот. Пайгамбарыбызды (САВ) сүйүүнүн
жышаандарына ээ болууну каалабайбызбы,
албетте каалайбыз. Дал ошол белгилердин бир
канчасы төмөнкүлөр:
1. Аны тез-тезден эстеп туруу
Баарыбызга белгилүү болгондой адам
жактырган адамынын атын кайра-кайра айтып,
аны эстөөдөн ырахат алат. Жакшы көргөн
адамдардын атын тоого, ташка, дубалга,
даракка, бактарга жазуу менен жүрөгүндөгү
ашыктык сезимин билдирет. Адам жактырбаган
адамдын атын дагы атагысы келбейт.
2. Ага салават айтуу
Бир хадисте Аллахтын элчиси (сав): “Аллахтын
ээн-эркин кыдырып жүрүүчү периштелери бар,
алар мага салават айткан адамдардын
саламдарын айтып келишет (жеткиришет), мен
болсо бир саламга он салам кылып жооп
берем” деп айткан. Албетте пайгамбарыбыз
(сав) биздин саламыбызга муктаж эмес,
тескерисинче, биз ага муктажбыз, ал саламдар
бизди кечирүүнүн башаты болуп саналат.
Ошондуктан, салават айткан адам ибадат
кылуу чөйрөсүнө кирген болот.
3. Анын сүннөтү менен жүрүү
Аллахтын элчисинин (сав) жолу менен жүрүү,
Аллахты сүйүүнүн жышааны экендиги Куранда
берилген. “Айт, ээ, Мухаммед, эгер силер
Аллахты сүйсөщөр, анда мени ээрчигиле.
Ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөщөрдү
кечирет. Аллах – Кечиримдүү, Боорукер” (Али
Имран сүрөсү, 31-аят).
Пайгамбарыбыздын (сав) бардык сүннөттөрүн
аткаруу мүмкүн эмес, бирок сөзсүз аткара
турган сүннөттөрү да бар. Ансыз деле коомдо
да ал кыймыл-аракеттерди аткаруубуз абзел.
Бул кыймыл-аракеттерди сүннөткө
айландыруунун жолу пайгамбарыбыз
Мухаммадды ойлоо менен ишке ашат. Мисалы,
“бисмиллах” деп айтуу менен ордунан туруу,
“бисмиллах” деп айтуу менен тамактанууга
киришүү, кийинип жатканда оң тараптан
баштоо жана уктаарда оң тарап менен жатуу
баарыбыз эле аткара ала турган амалдарга
кирет. “Аллахтын элчиси (сав) мындай кылат
эле” деп, ал кыймыл-аракеттерди көп кылуу
аркылуу сүннөткө айландыра алабыз.
4. Көп-көп хадис окуу
Диндин негизи жана Ислам дининин экинчи
булагы болгон хадистерди көп окуу, түшүнүү
жана иш жүзүнө колдонуу менен гана чыныгы
адам болуу мүмкүн. Хадистер адам баласынын
аң-сезимин өркүндөтүп, Аллахтын элчисин
(сав) жакшылап таануу мүмкүнчүлүгүн берет.
Аллахтын элчисин (сав) жакшылап таануу
менен гана Аны сүйүү мүмкүн болот. Вахийдин
(Алланын аяндарынын) көзөмөлүндө айтылган
хадистер ар бир учур жана ар бир
муктаждыкка жооп берүү менен бирге Куранды
туура түшүнүүгө өбөк болууда. Хадисти окуп
үйрөнүп башка адамдарга жеткизгендер үчүн
пайгамбарыбыздын (сав): “Менден бир хадисти
угуп, эстеп калгандан кийин, ал хадисти
укканындай кылып башка адамга жеткизген
адамдын бетин Аллах нурландырсын” (Абу
Дауд) деген дуба тилеги бар.
5. Анын адеп-ахлагы менен ахлактануу
Тактап айтканда, сабыр, жоомарттык, сөзгө
туруучулук, кечиримдүүлүк, ырайымдуулук,
боорукердик, жөнөкөйлүк жана адилеттүүлүк
менен адамдарга Аллахтын элчиси (САВ)
сыяктуу мамиле кылуу менен аны сүйүү.
Улуу Алла Таала бири-бирибизди сүйүүнү насип
кылсын, Элчисин (САВ) бизден ыраазы
кылсын! Аминь

Маашпллах, Аллах ыраазы болсун!! ! Кандай гана улуу создор.. акыркы мезгилде сунноттордон алыстап бараттым эле, бетиме суу чачкандай таасир калтырды.. рахмат жазып тур эч чарчабай!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#343 Пользователь офлайн   rumaika5544   22 Сентябрь 2014 - 11:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Аллахтын кудурети, дубанын кучу
Сауд Аравиялык шейхке Пакистандык
доктурдун айтып бергенинен.
Ихшам, Пакистандагы эн корунуктуу
доктурлардын бири, абдан жакшы, оз ишин
мыкты билген инсан. Ага жолугуу учун
адамдар алдын ала жазылып белгиленген
моонотто келуулору керек. Ар бир сааты
жана муноту куру эмес, Пакистандын ичинде
кээде сыртка да ишине байланыштуу
сапарларга коп чыгат. Бир куну дагы
кезектеги иш сапары менен жолго чыгат.
Самолетко эми отуруп учалы дегенде катуу
шамал болот, аба ырайынын мындай кескин
озгорушунон самолет кайра жерге конуп, бир
аз кутууго туура келет. Доктур белгиленген
убакытта бараар жерине жетпесине козу
жетет. Макул анда бир аз узагыраак болсо
да такси менен кете берейин дейт. Эми
такси таап отуруп бир аз жургондон кийин
аба ырайы мурдагыдан да катуу озгорот,
жамгыр, чагылган, шамал... Кыскасы журууго
эч мумкун эмес. Таксинин айдоочусу да баш
тартат, бир аз кутолу дейт. Макул деп
доктур сыртка чыгат, сырт карангы,
шаардан кыйла эле алыс, эми ынгайлуурак
жер болсо намаз окуп, аба ырайы
жакшырганча кутуп турайын дейт. Экоо
айланып жай издешет, ангыча бир обочодо
кичинекей уй корунот. Барып эшигин
такылдатышат, карыган аял ачат эшикти.
Экоо абалдарын тушундуруп, намаз окуп
алууга уруксат сурашат. Аял макул деп
киргизет да намаз окуганга жайды корсотот.
Доктур намазын окуп бутуп уйго коз
чаптырат, карыган аял дуба кылып отурат,
ары жакта кичинекей бала тынымсыз ыйлап
атат. Доктур туруп келип себебин сурайт.
Карыган аял айтат: бул неберем, ата-энеси
жок, коптон бери ооруп журот. Бул жактагы
доктурлар жардам бере алышкан жок, бир
гана адам бул боюнча жакшы адис деп
айтышты. Бирок ал адам абдан убактысы
тар экен, биз ал доктурга жолугуу учун
кеминде алты айдай керек экен. Кутуудон
башка арга жок деди. Доктур тан кала, ал
кайсы доктур экен, аты ким деди. Аты
Ихшам, борбордогу эн кучтуу дарыгерлердин
бири, ошол доктур гана небереме жардам
бере алчудай, бугун неберем озгочо
кыйналганынан Аллахтан суранып, дуба
кылып отургам деди. Ихшам доктур козуно
жаш айланып, Жараткандын кучуно, дубанын
кучуно дагы бир ирет тан берди. Мына Аллах
аны озу жетелеп келген турбайбы керектуу
жерге, СубханАллах! (Муфти Исмаил Менк)
Аллахка болгон ишенимдерибиз кучтуу
болсун!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#344 Пользователь офлайн   rumaika5544   22 Сентябрь 2014 - 13:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Ыйман казынасы
Алланын мээриминен куулуп, каарына
калган 10 аял...
Ас-салааму алейкум уа рахматуллаахи уа
баракаатуху
1) Денесине татуировка тарттырган аял.
Денесинин кайсы мүчөсүнө болбосун, чон же
кичине болбосун. Ал татуировканы тарткан
аялга да жазасы бирдей. Бул нерсе
эркектерге да тийешелүү. Эгер бул нерсени
кимде - ким тартырган болсо кандайдыр
бир жол менен болсо да өчүргөнгө аракет
кылсын. А эгер өчпөй турган болсо
түшүнбөстүктөн, билбестиктен кылган
катасы үчүн Аллахка тообо кылсын. Албетте
Ал тооболордү кабыл Кылуучу жана
Кечирүүчү.
2) Кашын терген аял.
Аллах берген табияттуу түсүн өзгөртүп
кашын терген аялга Аллахтын каргышы
болот. Ал сулуулук үчүн деп ойлоосу мүмкүн
бирок чындыгында ал андай эмес. Кашын
тердирген аялга да, кашын терген аялга да
Алланын каргышы болот. Анткени Аллах
Таала куранда чындыгында биз инсанды
сулуу келбетте жараттык дейт. Кээ бир
ислам аалымдары кашты тергенге уруксат
берген качан ал аялдын кашы ушунча кою
болуп, бир -бирине жетип барган кезде гана.
3) Маңдай тиштерин ачтырган аял.
Кээ бир аялдар маңдай же болбосо алдыңкы
тиштеринин аралыгын сулуулук учун бир аз
ачтырып алат. Бул нерсеге ислам
шариатында тыюу салынат. Бул нерсени
кылган аялга Алланын каргышы болот.
4) Чачына чач коштурган аял.
Сулуулук үчүн же болболсо кооздук үчүн
чачына чач коштурганга ислам уруксат
бербейт. Анткени бул нерсе коз боёомочулук
же болбосо өзүнүн чыныгы кейпин жашыруу
болот. Айрыкча кыздар турмушка чыгаар
алдында ушундай иштерге баруусу мүмкүн.
Ошондой эле жасалма чач (парик) кийүүгө
да болбойт дейт кээ бир ислам аалымдары.
Эскерте кете турган нерсе кээ бир чачы узун
кыздар чачын кыркып сатышат, бул нерсеге
да ислам уруксат бербейт. (Адам донордук
кылып канын сатууга болбой тургандай эле).
Чачын коштурганга да жана чачын кошуп
бергенге да Алланын каргышы болот.
5) Күйөөсү нараазы болгон аял.
Эгер күйөөсү аялын түндөсү төшөкө чакыра
турган болсо, аялы эч бир себепсиз баш
тартса анда ал аялга таң атканча
периштелер каргыш айтып чыгат. Эгер аялы
кандайдыр бир себептер менен баш тартса
күнөөкөр болбойт. Мисалы: ден соолугу
начар же болбосо этек кири келгендир ж.б.
ушул сыяктуу.
6) Эркектерге окшогон аял.
Бул жерде айтыла турган маселе чачтарын,
кийген кийимдерин, баскан тургандарын,
сүйлөгөн сөздөрүн эркеке окшоштурган аял
жөнүндө. Аялзаты аруу жана назик болуусу
керек. Ошондой эле Аллах аляга өзүнө
жараша сулуулугун, адеп -ахлагын берди.
Өзүнө жараша абийирин жаба турган кийим
тартуулады. Эгер кимде - ким бул
жакшылыкты көзгө албай өзүн эркеке
окшоштурса, анда ал аялга Алланын
каргышы тиет.
7) Мазарды көп зыярат кылган аял.
Негизинен аялзатына мазарга барууга жана
зыярат кылууга ислам уруксат берет. Бирок
анын да чеги бар. Эгер ким мазарга барууну
адат кылып алса жана ал жака көп каттай
турган болсо анда ал аялга пайгамбарыбыз
тыюу салды. Анткени аял затынын көңүлү
бош жана назик ал ар барган сайын көңүлү
ооруп калышы мүмкүн. Бул нерсе анын ден
соолугуна зыян берүүсү мүмкүн. Ошондой
эле жанындагы жакын адамдарына да
таасири тийүүсү ыктымал.
8) Үнүн катуу чыгарып (өкүрүп) ыйлаган аял.
Бир жакын адамы бул дүйнө менен кош
айтышып тиги дүйнөгө сапар алган кезде
аялзатына үстү - башын тытып, жерди
чапкылап, үнүн катуу чыгарып окуруп
ыйлаганга ислам тыюу салат. Үндү акырын
чыгарып ыйлаганга ислам дини каршылык
көрсөтпөйт. Анткени көз жаш бул
мээримдүүлүк адам жакын адамын
жоготкондо көңүл бошоп, көздөн жаш агат.
9) Атыр жыт (духи) себинген аял.
Эгер кандайдыр бир аял көчөгө чыгаардан
мурда, өз денесине атыр жыт себине турган
болсо жана ал аял көчөгө чыккан кезде
анын жыты көчөдөгү эркектерди өзүнө
тарта турган болсо ал аял зина
( прелюбодеяние) кылган аял сыяктуу деди.
(өз үйүндө каалага духисин, косметикасын
колдосун ал нерсеге ислам уруксат берет).
10) Жылаңачтанган аял.
Бул азыркы убактагы кээ бир эже
карындаштар кийинип жүргөн кийимдер
тууралуу. Денесине жармашкан тар кийимди
моода (саркеч) сымал кийишип никесинде
жок эркектерди өзүнө бурууда. Же болбосо
ушундай тор кийимдерди кийишет ички
денеси, тулку бою толук көрүнүп турат. Бул
аялдар жөнүндө пайгамбарыбыз (ага
Алланын салаваты жана саламы болсун)оо
аялдар, мага ишенгиле тозоктун көпчүлүк
бөлүгүн силер ээлейсиңер деди. ( Ошол
кийимдердин түрлөрүн кийсин өз үйүндо.
Күйөөсүнө өзүн жакшылап жасасын. Ал эми
кээ бир аялдар туура эмес кылат. Көчөгө
чыккан кезде ушундай тар жана кыска
кийим кийишет баардык эркектердин
көңүлүн өзүнө тартып. Үйүндө болсо 7 кабат
кийим кийет).
Эсинде болсун бир тууганым Алланын
каргышынан жана наалатынан корк. Анткени
Анын каргышы тийген адам Анын
мээриминен куру калат. Кимге Алланын
каргышы тийген болсо ал каргыш анын жети
урпагына жетет. Ошондуктан эже
карындаштарым бул кыска сыноо дүйнөдө
болбогон нерсеге азгырылбайлы. Жүзүндөгү
сулуулук эсептелүү убактан соң кетет. А
бирок Алланын азабы, Алланын тозогу
түбөлүк. Ойлон ыктыяр сеники. Тандоо жолу
сиздердин колуңуздарда билгенди жеткирүү
менин милдетим.
Оо Аллахым, баарыбыздын жүрөктөрүбүздү
өз диниңе бекем кыл. Баарыбызга ислам
жолу менен Алланын парзын жана
пайгамбарыбыздын сүннөтүн аткарып туура
жашашты насип кыл. О
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#345 Пользователь офлайн   rumaika5544   22 Сентябрь 2014 - 18:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

.. Жаш балдарга конул бургула, башканын
баласы болсо да жанына басып барып
жакшы соз айткыла, бул аларды оздорун
маанилуу, коомго керектуу адам катары
сезууcуно жардам берет.
Бир куну алдымдан кичинекей бала чыкты, -
Атын ким? дедим, -Юсуф-, -Билесинби,
Юсуф Пайгамбар Эн сулуу адам болгон, -
Билем!-. -Кел, экообуз орун алмашабыз, сен
мен бол, мен сен болоюн". Макул дегендей
баш ийкеди, мен чоголоп отуруп, озумду ал
баладан кичирээк кылып, анан унумду жаш
баланыкындай кылып "Ассаламу алайкум
Шейх, сиз менен таанышканыма
кубанычтамын, менин атым Юсуф" дедим.
Тигил бала кечке кулуп, анан мойнуман
кучактап, "Шейх, мен сизди жакшы кором"
деди......" (
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#346 Пользователь офлайн   rumaika5544   22 Сентябрь 2014 - 18:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Бул окуя да Франциянын бир шаарында
болуптур.Шаардагы дукондордун бирине
оронгон,жузу корунбогон козун гана ачып
калтырган бир аял кирип келиптир.Алчуусун
алган сон кассага келет. кассада олтурган
аял мусульман аял болчу Бирок
Европалашкан. .Жарым жыланач
кийинген..Тиги аялга карап суйлоно
кетет"Сендейлердин айынан бизде
тынчылык жок.Баарыбыз тиричилик деп
журобуз.Ушунчалык динге берилсен озундун
мекенине барып жаша"дейт кассир
аял.Ошондо жанагы оронгон аял жузун
ачат.Кассир аял тан калып созу оозунан
учуп калат.Анткени бет алдында ак
жуздуу,Франциялык француженка турган
эле."Мен оз мекенимдемин. Силер дининерди
саттынар,биз болгону кабыл кылдык"... Деп
чыгып кетиптир...
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#347 Пользователь офлайн   rumaika5544   22 Сентябрь 2014 - 22:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Каниет
Нух пайгамбардын заманында адамдар 1000
жылга жакын өмүр сүрчү экен. Бир күнү бир
аялдын баласы каза болот. Аял абдан
кайгырып, көз жашын төгөт. Анын көңүлүн
жубатуу үчүн келген бир акылман:
- Эмне мынча ыйлайсың, Алланын тагдыры
ушундай, - деп, көңүл көтөрмөкчү болот.
- Мен тагдырга нааразы болуп ыйлаган жокмун,
баламдын аз жашап кеткенине өкүнүп жатам, -
дейт тиги.
- Балаң канча жашта эле?
- Эки жүз жетимиш беш.
- Сен ушуга ыйлай турган болсоң, акыр заманда
келе турган адамдар эмне кылсын. Алар
болгону 60-70 жыл жашашат.
- Алар чын эле ошондой аз жашайбы?
- Ооба.
- Андай болсо алар үй салышпайбы?
- Алар бир эмес, бир канча үй салганга
жетишет.
- Мен алардын ордунда болсом, алачыгымдын
баканын да жаңылабайт элем.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#348 Пользователь офлайн   AZIK01   24 Сентябрь 2014 - 14:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Просмотр сообщения Armanymsyz (23 Сентябрь 2014 - 13:08) жазган:

Румайка эже, бар болунуз. Чынында журокко жетчу окуялар экенн. Окуп алып, козумо жаш келди. Озумду жек коруп кетитам: P. :cray:

Чын! Үлгү алса болот.

Жаза бериниз,Румайка айым! :гезит:

Билдирүүнү түзөткөн: AZIK01: 24 Сентябрь 2014 - 14:26

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#349 Пользователь офлайн   Abdullah16   25 Сентябрь 2014 - 12:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 383
  • Катталган: 03 Июнь 14
  • Соңку аракети: 20 Мар 2016 12:03

.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#350 Пользователь офлайн   rumaika5544   25 Сентябрь 2014 - 18:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Инжилде да, Библияда да эч өзгөрбөгөн Кураанда да бир аят бар өзгөрбөгөн. Ал аят "Ата -эне раазы,Аллах раазы"-деген. Ким болуштан назар,ата -энени нааразы кылган адам бейишке кирбейт.

Бир жолу, пайгамбарыбыз салалооху алайхи уа саллам,сахабалары менен олтурган кезде, эшиктен бир аял кирүүгө уруксат сурап кирип келди.

Эмне болду? -пайгамбарыбыз салалооху алайхи уа саллам.

Аял:Сахаба, Аль-Кама, катуу ооруп калды деди...

Расул Алла, Али,Умар, Билал разиалааху анхуларды, Барыңыздар Аль -Каманын акыбалынан кабар алгыла деди.

Сахабалар, Аль-Каманын үйүнө киришсе чындан, катуу кыйналып жаткан экен, аны көргөн Умар:Лаа иллаха илаллах,мухаммадур расул Аллах кимдин акыркы сөзү болсо ал жаннатга кирет, ошону айтыңыз ээй Ал-Кама деди. Аль-Кама баардык сөздөрдү айтып ушул келиманы айта албады. Беш, алты жолу кайталаганда айта албай койгондо, ошол жердегилер айттышты, пайгамбарга жеткирүүнү

Билал келип я Расул Алла Аль-Кама баардык сөздөрдү айтып жатат да, бир гана келмени айта албай жатат деди ..
Расул Аллах, я Аль-Кама я, кичинекейинен мусулман болгон, намазын калтырбай окуган, жихаддга катышкан, түнү намазды калтырбаган, орозо тынбай кармаган Аль-Кама я деп туруп, бир нерсени эстегендей, анын ата-энеси барбы ?! -деп Билалдан сурады Билал,
Атасы кичинекей чагында каза болгон, энеси бар, өзүнчө жашайт, деди.
Эй Билал барып, энесин алып кел болбосо мен барайын деди

Билал, Алкаманын энесине барып, Расул Аллахтан сизге салам,ал инсан сизди келсин деди, бара албасаңыз өздөрү келет!

Энеси: жоок, мен анчалык даражада эмесмин, өзүм барам деди

Энеси келип пайгамбарыбызга салам берди, пайгамбарыбыз төрдөн орун берип,
Энеке, уулуңуз кандай адам?

Я Аллахтын элчиси, уулум жакшы бала,
Намазын калтырбайт, жихаддарга катышкан, өзүнюңүз менден дагы жакшы билесиз?!

Жоок, Эне сиз үчүн кандай?

Мен, уулумдан нааразымын! Атасынан 7,8жашында калган, ушуга өгөй ата кандай карайт,жаман көз менен карайт деп күйөөгө тийбей, өзүм чоңойттум, чоңойду үйлөнттүм, уулум өзгөрдү, аялын мактайт, менин барым жогум белгисиз болуп калды, аны түшүндүм да башка жашоону чечтим, кетип баратканда жок, дегенде, көңулум үчүн да, апа каяка баратасыз, мен сизди багышым керек дештин ордуна, жүгүмдү көтөрүп жеткирип берди ..........

Ыраазы болбойсузбу эне?!

Жок! Катуу капа болгонмун!

Билал, Али-деди-пайгамбарыбыз, отун чогултуп, чоң жаккыла дагы Ал -Каманы алып чыккыла?! Өрттөйбүз!

Энеси: Кимди өрттөйсүңөр? .....

Ал-Каманы

Менин жалгыз уулумду жагасыңарбы? Жоок андан көрө мени жакпайсыңарбы, мага оңойураак болот!-деди эне.

Пайгамбарыбыз: акыры сиз ыраазы болбогондон кийин Аллах, намаз окуптур, жихадга чыгыптыр, орозо кармаган экен, сахаба болгон экен -деп бейишке киргизбейт го! Жахханнамдын отуна күйгүзөт -дегенде,Энеси ОО Аллах! Аллах күбө сиз күбөсүз, уулумду кечирдим, мен мынчалык болот деп ойлогон эмес элем, кечирдим уулумду деди байкуш эне.

Эй, Билал! Бар Ал -Камадан кабар ал!

Билал, Ал каманын жаткан үйүнө кирбей туруп, Ал-Каманын келмени айтып жатканын укту.....

Эненлерди сыйлоо керек!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#351 Пользователь офлайн   rumaika5544   01 Октябрь 2014 - 22:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Күйөөнүн дубасы
Рамазан айы. Ооз ачар убакыт болуп
күйөөсү менен аялы дасторкондун
айланасына олтурушту. Күйөөсү алакан
жайып дуба кылып, акырында жакын досу
үчүн да дуба кыла баштады:
- Оо, Жараткан Кудай, досума ыймандуу,
сулуу, таза, жакшы үй-бүлөөдөн тарбия
алган жубай бергин... Күйөөсү дагы
улантмакчы болду эле кокустан аялы тура
калып анын колун ылдый түшүрө койду да:
- Досуңа, узун өмүр, кенен ырыскы
тилебейсиңби андан көрө? - деп сөзүн
бөлдү. Таң калган күйөөсү жакшы түшүнбөй
жооп кайтарды:
- Ал азыр аялга гана муктаж болуп турат,
муктаждыгына дуба кылып жатпаймынбы?
- Жок, болду токтот дубаңды! - аялы эми
чындап эле кыйкырып жиберди. Күйөөсүнүн
оозу ачылган бойдон, таң калып сурады:
- Эмнеге досума дуба кылдыра койбойсуң?
- Бир мусулман экинчи мусулманга дуба
кылган кезде, периштелер "сага да ушундай
болсун" деп кошумчалап турарын
билбейсиңби? ! – деди аялы ачуусун баса
албай. Кептин төркүнү кайда жатканын эми
түшүнгөн күйөөсү каткырып күлүп жиберди.
Анын каткырыгы азыр эле ачуусу бетине
чыгып турган аялдын жүрөгүн жибитип ал да
каткыра баштады. Ооз ачаардагы
кубанычтын үстүнө кубаныч кошулуп,
жубайлар тамакка киришти. :tongue: Биздин амалдар го чамамда
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#352 Пользователь офлайн   dina   04 Октябрь 2014 - 04:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Кудай менен болгон маек<br>Бир жолу түш көрдүм, түшүмдө кудайдан интервью алып жатыпмын.< br>Кудай: " сен менден интервью алгын келдиби?" деп сурады.<br> Мен: Эгер убактын болсо?<br> Кудай жылмайып: "менин убактым бул Түбөлүктүүлүк" деди.<br>Кудай: "кандай сурооң бар?" деп сурады.<br> Мен: Адам баласында сени эмне көп таң калтырат? дедим<br>Кудай: "Алар бала кезинде чонойгонго шашышат, а чоңойгондо кайра&nbsp; балалыгын кыялданышат. <br>Алар жаштыгында& nbsp; акча табуу үчүн ден соолуктарынан ажырашат, каарыганда ден соолук таппай баардык акчасын коротушат. <br>Алар келечек жөнүнө кыялдануу менен көп убакытын өлтүрүшөт, ошол учурдагы жашоосун унутуп калып учурду да, келечекти да сезбей өткөрүшөт. <br>Алар эч качан өлбөчүдөй жашашат, а өлөрдө эч качан жашабагандай өлүшөт" деп айтты.<br> Ал колдору менен колумду кармап үнсүз турду...<br> Мен: Жаратуучу катары балдарына эмне айта аласың - деп сурадым.<br> Кудай: "Алар өздөрүн сүйдүрүш үчүн эч кимди мажбурлай албайт, алар өздөрүн жөн гана сүйкүмдүү көрсөтө аларын билишсин. <br>Өздөрүн башкага салыштырган жакшы эмес экенин унутушпасын. Кечиримүүлүктү үйрөнүп, кечиришсин. <br>Сүйүктүү адамдын жүрөгүн жаралоо бир канча секундда, ал эми жарадар жүрөктүү айыктырууга жылдар кетерин эстеринен чынарышпасын. <br>Кимде көп болсо ал бай эмес,&nbsp; аз нерсеге муктаж болгон адам бай. <br>Аларды абдан сүйгөн адамдар бар, болгону ал адамдар өз сезимдерин айтканды үйрөнө элек экенин эстеринен чыгарбасын. <br>Эки адам бир учурда бир эле нерсени карап, бирок эки башка нерсени көрүшү мүмкүн. <br>Бири бирин кечирүү жетишсиз, өзүн да кечире билсин" деп айтты.<br> Мен: убактынды бөлгөнүңө рахмат, дагы барбы айтчу сөзүң дедим.<br> Кудай: "Мен ар дайым алардын жанындамын, алар менен биргемин" деп жылмайды.< br><br><br> Интернеттен алып которуп койдум, автору белгисиз.

Билдирүүнү түзөткөн: dina: 04 Октябрь 2014 - 04:30

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#353 Пользователь офлайн   al-abu-kinesz   05 Октябрь 2014 - 23:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 19 Апрель 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ala-Buka

Просмотр сообщения dina (04 Октябрь 2014 - 04:29) жазган:

Ушундан коро жазбай эле койсонор болмок, хоть бироонун тушу болсо да. Кудай жонундо тушунук такыр эле биздин тушунугубуздон сырткары берилиптир, корунуп турат, христиан же буддалардын бироосу тушун жазып койгондугу. . сактануубуз керек, мындай создорду айтуудан - кудай тан калып сурады, колдору менен колумду кармап турду, ж.б.у.с. Философ же даанышмандардын берген совети катары кабыл алып койдум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#354 Пользователь офлайн   al-abu-kinesz   06 Октябрь 2014 - 00:00

#355 Пользователь офлайн   al-abu-kinesz   06 Октябрь 2014 - 00:02

#356 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   06 Октябрь 2014 - 02:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Hristiandar tuwundo, videnie bolgondo Kudai korso bolot degen iwenimde boluwat. Mumkun baary emes, birok bar ekeni anyk!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#357 Пользователь офлайн   dina   06 Октябрь 2014 - 04:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Просмотр сообщения al-abu-kinesz (05 Октябрь 2014 - 23:59) жазган:

<br>Ушундан коро жазбай эле койсонор болмок, хоть бироонун тушу болсо да. Кудай жонундо тушунук такыр эле биздин тушунугубуздон сырткары берилиптир, корунуп турат, христиан же буддалардын бироосу тушун жазып койгондугу. . сактануубуз керек, мындай создорду айтуудан - кудай тан калып сурады, колдору менен колумду кармап турду, ж.б.у.с. Философ же даанышмандардын берген совети катары кабыл алып койдум<br>
<br>< br><br>Эмнени жазышты сизден сурап жазыш керек деген эрежени таппадым. "Философ же даанышмандардын берген совети катары кабыл алып" коюп туура кыласыз. Эч ким түшүн контрольдобосо керек, же мусулмандар башкача, башка диндегилер башкача түш көрөрүн билбепмин. Арасындагы философиялык ойлору жаккан үчүн жазып койдум. Ушул ангемени окуп адашып кетсениз кечирип коюнуз. Өз оюбузду башкаларга таңуулабай таза дабат кылууга үйрөнсөк...
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#358 Пользователь офлайн   rumaika5544   07 Октябрь 2014 - 16:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Ойчул адамдардын бирине жаш жигит келип
кирди. Салам айтып чөк тизелеп олтурду да,
суроосун узатты:
- Таксырым, мен жөн жерден эле катуу сүйлөп
келинчегимдин жүрөгүн оорутуп алдым, эми
аны айыктыруунун жолу барбы? Жанатан көзүн
жумуп, башын жерге салып олтурган карыя
акырын башын көтөрүп, көзүн ачты да, жигитке
суроо салды:
- Гүлгө суу куйсаң эмне болот?
- Гүлгө суу куйсам ал гүлдөп өсөт.
- Гүлдү жулуп алсаң эмне болот?
- Гүлдү жулуп алсам, ал куурап калат.
- Куурап калган гүлүңдү кайра жерге сайып
койсоң эмне болот?
- Ал кайра өсүп чыкпайт, анткени ал куурап
калган да.
Анын акыркы жообунан кийин карыя бир аз
жылмайды да, жигитке акырын шыбырады:
- Уулум, жүрөктү эч качан куураган гүлдүн
абалына жеткирбе. Эгер жүрөктү оорутуп
кууратып алсаң, ага канча суу куйсаң да кайра
тирилбейт.

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#359 Пользователь офлайн   rumaika5544   07 Октябрь 2014 - 16:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Бир жолу Али (Алла андан ыраазы болсун)
намаздан чыгып бара жатса, жөөттөрдүн бири
ага суроо узатып калды. Сыноо максатындабы,
же шылдыңдоо үчүнбү, же чындап эле билүүгө
кызыкканбы, айтор эмнеси болсо да, суроо
абдан кызык болду.
- Сенин абдан билимдүү экениң белгилүү, -
деди жөөт Алиге, - мага айтып берчи, кандай
жаныбарлар жумуртка тууп, жумурткадан
чыгат, а кандай жаныбарлар тирүү туулат? Али
(Алла андан ыраазы болсун) эч ойлонбостон
шыдыр жооп берди:
- Кайсы жаныбардын эки кулагы дөмпөйүп, же
шалпайып билинип турса, алар тирүү туушат. Ал
эми кулагы билинбеген жаныбарлар жумуртка
тууйт.
Алинин (Алла андан ыраазы болсун) он үч
кылым илгери айткан бул жоромолун азыркы
илим да аныктап-тактады. Чындап эле эки
кулагы билинген жаныбарлар жумуртка туубайт
экен. Кит дагы жумурткадан чыкпай, тирүү
туулат. Көрсө анын да кадимкидей эле эки
кулагы бар экен.

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#360 Пользователь офлайн   rumaika5544   08 Октябрь 2014 - 18:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Ырыскыны Аллах берет.
Бир жолу бир падыша шаардын көчөсүндө
жан-жөкөрлөрү менен кетип барм жатып,кайыр
сурап жаткан эки адамга кезигип
калат,кайырчылардын бирөөсү ордунан тура
калып,падышаны тааныгандыгынан, "Оо улуу
урматтуу падыша,мага ырыскы берип,мени бай
кылуучу,мага ырайым кылып кичине
акчаңыздан таштай кетпейсизби" -деп
падышага кайрылып кыйкыра баштайт.Ар
жакта отурган кайырчы:" Кой антпе,ырыскыны
Аллах берет,бай кылып,кедей кылуучу да ошол
Зат Кудайдан корк"-деп тигини эсине
келтирүүгө аракет кыла баштайт.Ат үстүндө
кетип бара жаткан падыша алардын сөзүн
угуп,токтобостон өтүп кетет,кечинде сарайында
жатып,тиги ырыскыны Кудай берет,падыша
бербейт деген кайырчынын сөзүнө тырчый
түшүп,аны окутуш максатында бир нандын
ичине оор алтын куймасын салдырып
бышырууну буйруйт.Падыша эртеси ошол
нанды жанына алып,баягы кайырчылар отурган
көчө менен жөнөйт,анан тиги кайырчылардын
жанынан өтүп бара жатып,тиги ырыскыны сен
бересиң деген кайырчыга жанагы нанды
тыштап кетет.
Күн бою алтынды тапкан кайырчы,мына
көрдүңбү,ырыскыны падыша берет деп тиги
Кудай берет дегенге мактанып жатканын
элестетип,падыша күн бою жакшы маанай
менен жүрүп,эртеси тиги Кудайдан үмүт кылган
кайырчынын акыбалын байкаш үчүн алар
отурган көчөгө кайра жөнөйт.Ал көчөгө
жеткенде,көргөн көзүнө ишенбейт,кечээ алтын
катылган,нан берген кайырчы кайыр сурап
отурат да,беркиниси жок.Жанына жетип барган
хан,"Сен дагы эле отурасыңбы мен сага кечээ
толгон алтыны менен нан бербедим беле?"-
десе,тиги шордуу "Оо падыша,аны мага айтып
койсоңуз болмок да,наныңыз оор болгонунан
бышпаган нандын мага эмне кереги бар
деп,тиги келесоого бир динарга сатып
ийгем,мага дагы ошондой нан бербейсизби? "-
деп жалдырай баштайт.Анда падыша:"Сен
эмне уккан жоксуңбу,ырыскыны Кудай
берет,мындан кийин тиги шеригиңе окшоп
Кудайдан тиленип жүрчү"деп чаап кеткен экен.

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 02:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: