Тандалмалар Кириңиз, анан билиңиз!
#81 24 Январь 2012 - 07:23
Адамдын чыныгы жүзүн көрүүнү кааласаң,өзүнө эч кандай пайдасы тийбеген адамга кандай мамиле жасашын байка.( Paulo Coelho)
#82 05 Октябрь 2012 - 18:22
Мынчалык тайыз ой...

Ай, кагылайыным, кайдагы жаштар? Кайсы жаш? Окуу жайда дипломун сатып алган жаштарбы же мектепти бүтүп-бүтпөй чет элдин оокатын кылып жүргөн жаштарбы? Мамлекет силерге оюнчукпу эмне, кимдин башына таш түшсө эле башкарып жата калгандай?! Жаштар эле жаштар дейсиңер... Жаштар эмне кылып кыйратып жатабыз деги?
#83 08 Октябрь 2012 - 19:08
Жакында Библиянын сөзү бутуп мындай фразалар чыга баштайт: ...Сен таза болсон,мен таза болсом,коом да таза болот.
#84 16 Ноябрь 2012 - 11:42
kom (27 Январь 2010 - 10:49) жазган:
Тунгуюк...кайда барба тунгуюк...
Жан дуйном ачка калган иттей улуп....
Журогум жапжаш туруп карып барат
Кара таардай эскирген жуз жыртылып...
Ойлор...ойлор. ..баар
ы жаман,баары бузук...
Умуттун узулгону...багыттын бузулганы...
А балким ушул менен жашоо кызык?
Кызыгы ушул болсо турмушумдун
Анда мен бул турмуштун озун урдум....
Кол шилтеп баардыгына. ....алыск
а кетким келет
Кучактап жашыл чопту коз жашым токкум келет...
Туш кылган ушул кунго тагдырды соккум келет..........
Айла жок кете албайм...коп ишти башташ керек
Тагдырдын сыноосунан жуз буруп качпаш керек...
Сезимди даназалап..
Ырымдын саптарында туболук жашаш керек......
экинчи жолу тандап койдум.
#85 20 Ноябрь 2012 - 20:11
vais (14 Февраль 2010 - 17:39) жазган:
Бул дүйнө төгүн, төгүн.
Көрсөтүп коюп төрүн.
Бирөөсүн алып кетсе,
Бирөөсү казат көрүн..
Бул дүйнө жалган, жалган.
Аркасы болуп арман.
Жылаңач келип пенде,
Жылаңач кетеет андан,андан.
Жаралып жарты-бүртүк,
Турмуш деп алпуруштук.
Жалганын билип туруп,
Көңүлдү калтырыштык.
Дүйнө сага чокунабыз,
Мелтеңдеп олтурабыз.
Ойлосоң түбү бошоң
Бир күнү топуракпыз.
Ушуну тандадым мен.
#86 27 Ноябрь 2012 - 20:28
USSR (27 Ноябрь 2012 - 20:19) жазган:
Кыргыз деп түтөп күйөт,
Ардактап ак калпакты
Кийип алып көчөдө бара жатсам,
Сөөмөй менен мага кезеп
Бир "киргизбай" шылдыңдап "жыргап" күлөт!
Ойлоду го өз ичинде-
"Тоодон түшкөн кеңкелес! "
Күл, күлө түш маскарапоз көргөнсүп
Дилин саткан сен маңкуртсуң, жарым эс!
Өкүнүчтүү! !!
Кээде туруп ызаланам, сөгүнөм
Кездемедей жан дүнүйөм- сөгүлөм,
Ниети таза ак калпагын кыргыз уулу
Жамандыкка гана кийип
Калганына өкүнөм....
#87 27 Ноябрь 2012 - 23:10
#88 01 Декабрь 2012 - 01:14
Тигил дуйнону ким коруп келиптир дегендер бул жашоодо жашоо бар экенин коруп анан келиптирби? Аллах бир тамчы суудан жараткандан кийин сооктон жарата албайбы?
#89 27 Август 2013 - 09:54
Форумда чыгып турмушка,
Кетесин дайым жумушка.
Эр болуп бир да эркелеп
Жатпадым жаныңда Луичка

Эсиңде барбы эр деген?
Сырдашам күндө жер менен...
Жазтыкты жыттап уктаймын
Кандай сен катын келбеген?

...
Кубатым билсең бел менен,
Бойдоктой озом жел менен.
Бир жылдан бери түшүмдө,
Балалуу болом сен менен.
...
Lui, Мен кыргызмын, "Акындар айтышы" , 135-бет
...
Уй-бүлөө сырын сен ачып,
Анча эмнеге шоктондуң,
...
Бүлөөлүү адам деп коет,
Аярлап сөздү, токтолгун.
Lui, Мен кыргызмын, "Достук азилдер" , 2-бет
Тыпыйып түптүз отургун,
Бышырып ысык шорпоңду,
Бир аялды камсыз кыл,
Баштабай ар кыл шойкомду. ))
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 27 Август 2013 - 10:06
#90 22 Октябрь 2013 - 15:06
Айтыштан канбай кумарым,
Азыр күүлөнүп жургон убагым.
...
Ал кечте кармап соткамды,
Айтыпмын сага хохмамды.
Эх, кыздар жүрсө суйкайган,
Эжени сүйүп бок барвы.
#91 15 Июль 2014 - 06:49
vais (14 Февраль 2010 - 17:39) жазган:
Бул дүйнө төгүн, төгүн.
Көрсөтүп коюп төрүн.
Бирөөсүн алып кетсе,
Бирөөсү казат көрүн..
Бул дүйнө жалган, жалган.
Аркасы болуп арман.
Жылаңач келип пенде,
Жылаңач кетеет андан,андан.
Жаралып жарты-бүртүк,
Турмуш деп алпуруштук.
Жалганын билип туруп,
Көңүлдү калтырыштык.
Дүйнө сага чокунабыз,
Мелтеңдеп олтурабыз.
Ойлосоң түбү бошоң
Бир күнү топуракпыз.



Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#92 08 Октябрь 2014 - 14:51
Бар кезде барктай билгин жакындарын кылбай куса .
*****************
убакыт откон сайын жаштыгын жылып барат ,
артында эч унуткус бактылуу кунун калат .
#93 08 Октябрь 2014 - 15:02
#94 10 Октябрь 2014 - 19:17
«Турмуш - бул албуут дайра, терең деңиз, агымга каршы жана
терең сүз» деп бир досумдун айткан сөзү бар эле, мен бул
менен дайыма макул боло алчы эмесмин. Менин оюмда, туура
жашоо үчүн агымга каршы эмес, агым менен тең сүзүү эле.
Жашоо өзү чечип коет экен, кай тарапка сүзүш керек экенин.
Баары эле сен каалагандай боло бербейт - сен бирди ойлойсун,
бирок баары тескерисинче болуп калат. Жашоомду таразалап
көрсөм - туура эле жашап келипмин ушул убакытка чейин.
Анда эмнеге мен өзгөрүүнү каалап жатам баары жайында
болсо, эмне үчүн тынчсызданып жатам. Түшүнбөдүм мен
өзүмдү, же жөн эле түшүнгүм келбей жатат. Жан дүйнөмдү
алекке, жүрөгүмдү бүлүккө салган сезим-туюмдарымды
башкара албай жатам. Жалгыздык деген ушубу - ким айтат
мага? Ойлорум эскирип, ордуна жаңы ойлор пайда болуп -
кайсы мезгил болбосун табияттын, жашоонун жаңылануу,
өнүгүү деген түбөлүк өзгөрүлбөй турчу мыйзамына баш ийип,
жашоом уланып жатат.
Мен БАКТЫЛУУМУН, мен ар нерсе, ар ким жөнүндө кенен
ойлоно алам. Ойдун түбү жок, жашоо ушунусу менен кызык.
Ойгонгон ой, башка ойлорду ойготот деген ушубу дейм…
#95 17 Октябрь 2014 - 11:21
Борндан болсун бир үзүм.
28-март. 2013-ж
1-бет
Красавчик
Акын жактан арбыбасын каламым
Аны билем ал жагынан чаламын
Ар убакта айланайын деп турган
Апам учун алтын эле баламын
Эл журтумдун көруп туруп абалын
Эт журөгум эңшерилип аламын
Элим менден талап кылса кызматын
Эч кайтпаган эркек эле баламын!
Мен бир жаман акындардын чаласы
Махабатка жетпей жургөн чамасы
Мени дайым ай, жылдызга теңеген
Мен апамдын "красавчик" баласы!
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#96 01 Октябрь 2015 - 21:14
#97 01 Октябрь 2015 - 22:29
Арман деген арылбаган дарт экен.
Суйуп журуп суйгонуно жетпеген,
Арабызда ошондойлор бар бекен.
Кумуш деген жерден чыккан зат экен,
Куйут деген арылбаган дарт экен.
Куйуп журуп суйгонуно жетпеген,
Арабызда ошондойлор бар бекен.
#99 12 Январь 2016 - 16:02
Jeka (18 Июнь 2009 - 13:57) жазган:
Кечээ, 5.04.2009 (жекшемби), кечинде КТРдеги жаштар менен болгон жолугушууда "Бек байке, сиз Кыргызстандын патриоту катары Мамлекеттик гимнди билесизби" деген суроого "Мен сахнада гана ырдайм" деп ырдабай койдуңуз. Ал жерде сиз ордуңуздан туруп, оң алаканыңызды жүрөккө коюп туруп ырдап койсоңуз, же ырдабасаңыз да, текстин
айтып койсоңуз, залдагылардын баары ордунан туруп, сизге кошулмак. Бул теле-көрүүчүлөргө да сабак болуп, мекенчил сезимди ойготмок. Сиз кандай ойлойсуз?
Бек Борбиев:
Урматтуу замандаш, гимн - мамлекеттик символика. Ырда десе эле ордунан тура калып ырдай бере турган ыр эмес, өзүнүн убагы, орду мыйзамда так жазылган. Ошондой эле өзүмдүн ырларыма да ошондой мамиле. Баардык нерсе өз жолу, орду менен болгону оң, бирөөгө жагабы- жакпайбы.
PS: Бек Борбиевден кийин ошол эле сынакка катышкан ырчы Мирбек Атабеков сопсонун эле ырдап берди сахна-пахнасы жок эле.
Бек байке, саламатсызбы! Кечээ КТРден "Балдардын суроосуна сынбайсынбы" деген көрсөтүүдөн сизди көрдүм...чын эле балдардын суроосуна сындыңызбы ...?
Бек Борбиев:
Салам, балдардын сынагынан мен эң жакшы баа болбосо да, дурус эле өттүм окшойт. Анткени көп суроолорду, темаларды алдын ала кеңешкенбиз. Ырлар боюнча менин көз карашым башынан эле ушундай. Ырчы - сахнада, спортсмен - рингде, циркач - аренада ж.б. болушу керек. Мага буга чейин да көп капа болушкан - ырчы болгондон кийин ырдай бербейсинби деп. Билбейм, балким ошентип жүргөн ырчылардыкы да туура болушу мүмкүн, бирок - мен андай боло албайм, менин жаратылыш- табиятым башка, бирөөгө жагышым керек деп жасалма болуп, өзүмдүн принциптерими өзгөртө албайм...
...Жогоруда айткан принциптериңизди улантсак ("Ырчы - сахнада ..." деген), анда врач бейтапканада же ооруканада гана адамга жардам бериш керек экен да!
А эгер сиз, мисалы, көчөдө, же самолетто, же автобуста кыйналып калдыңыз дейли. Жаныңызда врач баратат. Анан ал айтты, Берадор, мен да сизге окшоп "Бейтапканада же ооруканада гана жардам берем, а азыр кечиресиз, жардам бере албайм" деп.
Буга сиздин оюңуз?
Бек Борбиев
1. Врачтар Гиппократтын антын беришкен алардын милдет, өнөрпоздордуку андай эмес
2. Гимнди биз да жумушта күн сайын ырдайбыз милдеттүү түрдө, бирок обончу, ыр жазып жүргөн адам катары гимндин кайрыктары, тексти мага жакпашы мүмкүн, бул башка маселе.
3. Ал теле берүүдө алгач менин өзүмдүн ырымды, анан гимн, реп ж.б суранышты. Мен ал жерден баары бир ырдамак эмесмин, себебин жогорто айтып кеткем.
4. Акча боюнча: Биз өнөр адамдары эмгегибиз ошол сахнадан кызмат кылуу болгондон кийин, кызмат акыбызды төлөп берген жерден уялбай эле алабыз. Бирок мен эч убакта ат башындай алтын берсе да, ар намысымды ылдый коюп, принцип-мыйзамдарымды бузуп арзымат- ырчы боло албайм. Ырчы десе эле ары жок, намысы жок, билими-интеллекти, кругозору жок, алга деп суранган жерден маскарапоз болуп кеткендирдин катарында эмесмин..
Гимн - сахнада ырдалчу ыр эмес, б.а. чогулуштарга, салтанаттарга чогулган элдин мекенчил сезимин ойготуп, алга сүрөөчү ыр. Демек, Гимнди ар кандай эл чогулган жерлерде ырдай берсе болот. Мисалы, футбол оюну деле гимнди ырдоодон башталып жатпайбы. Эмнеге? Анткени, оюнчулардын мекенчил сезимин ойготуп, атаандаш команданы утуп алуу үчүн оюнчуларды алга сүрөп, дем берсин деген максат менен.
Ал эми, врачты мен мисал үчүн айткан элем. А силер тим эле Гиппократтын антын эстеп жибердиңер. Эч кандай ант-манты жок эле жөпжөнөкөй сантехник, электрикти алалычы. Эмне алар жумуштан башка жерде сантехника бузулса, же электр боюнча проблема болсо - тиктеп турушабы "Мен жумушта гана сантехникмин, электрикмин" - деп!
Бек Борбиев
"Кээ бир адамдар белгилүү же бай, бактылуу, олжолуу ж.у.с. адамдарды көрүп, ошодон өзүнчө азап чегип, оорулуу болгонго чейин барышат экен” деп жакында бир чыгармадан окудум эле...
Бек брат облом болгон го

#100 19 Январь 2016 - 11:35
Бродяга (25 Сентябрь 2011 - 02:52) жазган:
m_b_t (25 Сентябрь 2011 - 13:00) жазган:

Бродяга (25 Сентябрь 2011 - 13:32) жазган:
m_b_t (25 Сентябрь 2011 - 13:36) жазган:

Бродяга (26 Сентябрь 2011 - 09:30) жазган:

